Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


 Төмөнкү сөз айкаштарынын маанисин түшүндүрүңүз



Pdf көрінісі
бет70/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   66   67   68   69   70   71   72   73   ...   183
2. Төмөнкү сөз айкаштарынын маанисин түшүндүрүңүз. 
Ички дүң продукту:
Тышкы инвестиция:
3. Өмүр баяныңыздын сан атооч сөздөр катышкан сүйлөмдөрүн терип жазыңыз. Сан атоочтун 
жазылыш эрежелерин түшүндүрүп бериңиз.
4. Протоколдун башкы бөлүгү берилди. Аягын толуктап жазыңыз. Сан атооч сөздөрдүн 
жазылыш өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруңуз.
Кыргыз-Түрк «Манас» университети
Чет тилдер жогорку мектеби
Тил үйрөтүү бөлүмү


79
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Кыргыз тили координаторлугунун кеңешмесинин
 № 22 П Р О Т О К О Л У
25.02.2011
Бишкек шаары
Төрага: Э. Төлөкова – Кыргыз тилин үйрөтүү координатору
Катчы: Н. Мырзакматова 
окутуучу
Катышкандар: 22 окутуучу.
Күн тартиби:
1. «Тилден дилге» кыргыз тили окуу китебинин көркөм чыгармалар боюнча 
окуп түшүнүү жана угуп түшүнүү жыйнагын (улантуучу топтор үчүн) басмага 
сунуштоо.
2. Ар түрдүү маселелер.
Угулду:
 Угалы
1-кѳнүгүү. Протоколду угуңуз. Мазмунун айтып бериңиз. 
2-кѳнүгүү. Протоколдун мазмунун кагазага түшүрүӊүз.
 Сүйлөшөлү
 Сары-Коо айыл өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн Федоровка айылына маданият үйүн куруу жөнүндө 
чогулушун өткөрүңүздөр.
Ролдорду бөлүштүрүп алыңыздар.
 Жазалы
1. Жогорудагы темага байланыштуу өткөн чогулуштун протоколун жазыңыз. 
2. Макалдын маанисин чечмелеп жазыңыз. 
Укпайт деп, ушак айтпа, 
Көрбөйт деп, ууру кылба.


80
Калия Кулалиева
АКТ
Акт – бир нече киши тарабынан түзүлүп (үчтөн кем эмес), кырдаалды, фактыны, 
окуяны тастыктоочу документ. Акт мекеме, уюм, ишкананын материалдык, 
чарбалык, менчиктик, финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эсептеп, зарыл учурда алар-
дын пайдаланышын, бар/жоктугун тастыктоочу иш кагазы.
Актты түзүү себептери ар кандай болушу мүмкүн, ошондуктан актынын түр-
лөрү да абдан көп болот. Мисалы: мекеме, уюм, ишкананы жоюу актылары; тапшы-
руу-кабыл алуу (жетекчи алмашкан учурда) актылары; объекттерди кабыл алуу 
актылары; тажрыйба өткөрүү актылары, кызмат кылуу мөөнөтү бүткөн документ-
терди жок кылуу ж.б. боюнча актылар. Акт факты материалдарга гана таянат, ан-
дан юридикалык баа берүү зарылдыгы келип чыкпайт. 
Акт уюмдун жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн атайын комиссия же тек-
шерүүгө юридикалык укугу бар адамдар тарабынан жазылат. Анын ишине текше-
рилип жаткан объектинин жөн-жайын билген, аны менен тааныш болгон адамдар-
дын катышуусу ылайык деп эсептелет.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   66   67   68   69   70   71   72   73   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет