Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет76/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   72   73   74   75   76   77   78   79   ...   183
кер кашка, кара тору ж.б. (татаал сын атоочтор); бир кезде, ар дайым, ар күнү, 
түн ичинде, бир паста ж.б. (татаал тактоочтор).
2. Тууранды, сырдык, модаль сөздөр, байламта, жандооч, бөлүкчөлөр толук 
маанилүү сөздөр менен тизмектешип айтылганда бөлөк-бөлөк жазылат: өтө кооз, 
ого бетер, бар эле, сен го, бах чиркин, чогулуштан кийин, ага сөрөй, ар ким, эч 
нерсе, эч жерде, ар качан ж.б.
Эскертүү!
Эчтеке, эчтеме, бирдеке, эчтемке, бирдемке сыяктуу сөздөр бирге жазылат.
 Көнүгүүлөр
1. Татаал сөздөрдү катыштырып алты сүйлөм түзүңүз.
2. Төмөнкү суроолорго жооп жазыңыз.
Сиз кандай адамдарды жактырасыз?
Сиздин досуңуз кайсы жерде, кандай шартта жашайт? 
Эмне үчүн кыргыз тилин үйрөнүп жатасыз? 
Кандай өлкөдө жашагыңыз келет?
3. Асты сызылган сөздөргө суроо бериңиз?
Бак-дарактардын кооздугуна суктанып ушул көчө менен жайбаракат бас- 
каныбызды эч качан унутпайм.
Биринчи байлык – ден соолук.
Ооба, эртең менен бир кара тору бала баш баккан, маани бербептирмин.
Арсен Жумабекович бул компьютерди 2 жылдан бери колдонуп жатат.
Сиздин ашказаныңыз ооруп турат окшойт?


86
Калия Кулалиева
 Сүйлөшөлү
Сиздин бир кызматкериңиз жумуштан чыгып жатат. Ал акты аркылуу өткөрүп 
берчү материалдык мүлк бар. Бирок ал акты түзүп, жумушту өткөрүп отурууну 
каалабайт. Анткени анын колунда чет өлкөгө учуп кетиш үчүн учакка билети бар.
1. Акты түзүү аркылуу ишти өткөрүп берүүсү зарыл экендигин түшүндүрүңүз. 
2. «Ырыс алды – ынтымак» деген макалдын маанисин чечмелеп бериңиз.
 Угалы
1-кѳнүгүү. Актынын мазмуну эмнеге байланыштуу жазылганын аныктаңыз. Айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Актынын текстин кагазга түшүрүӊүз.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   72   73   74   75   76   77   78   79   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет