Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет79/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   75   76   77   78   79   80   81   82   ...   183
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Министрликтин карамагындагы 5 лагердин …………………………. жайкы эс 
алууга толук даяр, ал эми экөө оңдоп-түзөө, ……………, сырдоо жумуштарын жүр-
гүзүүнү …………………. кылат.
Көрсөтүлгөн кемчиликтерди тез арада оңдоо жагын лагердин 
директорлоруна………………. сураймын. № 5 жана № 2 лагерлердин абалы дагы бир 
текшерүүдөн өткөндөн кийин окуучуларды кабыл алуусу ………………………….. 
билдиремин. 
03.05.2010 Ж. Тыныбекова
4. Баяндама каттын башкы бөлүгү берилди, аягын толуктап жазыңыз.
«Даназык» агрофирмасынын
президенти Р. Даникеевге
соода-сатык бөлүмүнүн
башчысы Ж. Аскаровдон
БАЯНДАМА КАТ
 Грамматика 
Кыймыл атоочтор
Кыймыл-аракеттин атын билдирип, жөндөмө, таандык, көптүк -лар мүчөлөрү 
менен өзгөргөн этиштин өзгөчө формасы. Төмөнкүдөй мүчөлөр аркылуу жасалат: 
-оо, -өө – ойлоо, сүйлөө.  Жашоо – күрөш.
-уу, үү – баруу, күлүү. Билим алуу – ийне менен кудук казгандай.
-ыш (-ш) – кармаш, жатташ, келиш. Адам болуш кыйын.
-мак – алмак, бармак, бермек. Алмактын бермеги бар.
-май – коймой, турмай, отурмай. Тынбай иштемей анын адаты.
…-уу үчүн, …-ыш керек, …-ыш үчүн, …-уу керек аналитикалык формасы 
кепте абдан көп колдонулат.
Мисалы: Кардарлардын суроо-талабын канааттандыруу, сапаттуу продукция 
менен камсыздоо үчүн күнү-түнү иштешибиз керек
Оору-сыркоо, бөөдө кырсыктын санын азайтыш үчүн калктын социалдык 
абалын көтөрүү керек.
Кыргыз тилин үйрөнүш үчүн кыргызча китеп, гезит, журнал окуу керек.
Түркияга барыш үчүн виза ачуунун кереги жок
Ийгиликке жетиш үчүн эмгектенүү керек.
Эскертиш үчүн телефон чалуунун кереги жок.
Балыкчыга баруу үчүн кемеге отуруштун кереги жок.
Учакка билет алыш үчүн аэропортко баруунун кереги жок.


90


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   75   76   77   78   79   80   81   82   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет