Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


-кѳнүгүү. Баяндама каттын текстин жазыңыз



Pdf көрінісі
бет84/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   80   81   82   83   84   85   86   87   ...   183
2-кѳнүгүү. Баяндама каттын текстин жазыңыз.
 Сүйлөшөлү
1. Кайсы бир иш-чараны өткөрүүгө бөлүнгөн каражат жетпей калды. Иш-чараны өткөрүш үчүн 
дагы каражат бөлдүрүш керек. Жетекчиңизге абалды түшүндүрүңүз.
2. Сиздин жетекчиңиз ар бир ишти жасагандан кийин баяндама кат жазышыңызды талап кы-
лат. Сиз абдан тажадыңыз. Абалдан кантип чыгасыз?
 Жазалы
1. Ишиңизге байланыштуу баяндама кат жазыңыз.
2. Эпостон алынган үзүндүнү окуп, кайсы эпизод экенин болжолдоңуз. Бул саптардын 
маанисин чечмелеп жазыңыз.
Хан боломун калкка деп,
Кандай да болсо чыдаймын.
Калк башкарган наркка деп,
Айтар адам жок болуп,
Акылдашып токтолуп
Кара журт карап калганы.
(«Манас». С. Орозбаков. 1-к., 284-б.)


94
Калия Кулалиева
БИЛДИРМЕ
Милдеттендирилген ар кандай тапшырманын аткарылгандыгы, эмгек өргүү, чет 
өлкөгө жасалган иш сапарынын бүткөндүгү, иш-чаралардын жыйынтыкталганы 
ж.б. тууралуу жетекчиликке, уюм, мекемелерге жиберилген расмий иш кагазы 
билдирме болот. Кээ бир мекеме, уюмдарда билдирме кызматтык кат деген аталышта
колдонулуп жүрѳт.
Билдирме арналышы жана түзүлүшү боюнча баяндама катка окшош болот. 
Ал колдо же компьютерде эки нускада даярдалат. Бир нускасы тиешелүү уюмга 
жиберилсе, экинчиси жазылган уюмда калат.
Окуйлу
1. Билдирменин маалым даректерин жазыңыз.
Токмок шаарындагы 
Медициналык колледждин
директору
Ж. Калыевага
биолабораториянын башчысы
Динара Рыскуловадан
Б И Л Д И Р М Е
Чет өлкөдө өткөрүлгөн эл аралык симпозиумга биздин окуу жайдан үч окутуучу 
барды. Алар ѳздѳрүнүн докладдарын окушту, катышуучулардын суроолоруна жооп 
берип, кызыктуу сунуш-пикирлерди алып келишти. 2012-жылдын 26-январынан 
тартып конференцияга катышкандар өз кызматына киришкендигин билдиремин. 
25.01.2012 
Колу/.....................
Д. Рыскулова


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   80   81   82   83   84   85   86   87   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет