Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет95/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   91   92   93   94   95   96   97   98   ...   183
аткарылышына (//) …………………………. жоопкерчиликте болот.
4.4. Ведомстволук архивдин иш-аракеттери мамлекеттик () …………………. 
архив мекемеси менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт.
4.5. Мекеменин жетекчилиги менен бирдикте ведомстволук архивдеги доку-
менттердин сакталышы үчүн жоопкерчиликте болот.
6. Жобонун маалым даректерин аныктаңыз.
 Сүйлөшөлү
1. Жетекчи жана кызматкерлердин маеги. Ролдорду өз ара бөлүштүрүп алыңыздар.
Мекеме же ишканага келип түшкөн каттарга жооптун кыргыз тилинде 
жөнөтүлүшүн камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөрдү сунуштаңыздар. 
2. Макалдардын маанисин чечмелеңиз.
Саны менен бирге даны болсун.
Атты арыганда көр, жигитти карыганда көр.
 Угалы
1-кѳнүгүү. Жобонун алгачкы үч пунктун угуп, эмнелер тууралуу сѳз болгонун айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Жобонун кийинки пункттарын ѳзүӊүз жазыңыз.
 
1. Ѳткѳрүүнүн тартиби жана шарттары.
 
2. Уюштуруу комитети.
 
3. Кароо-сынактын жыйынтыгы жана жеӊүүчүлѳрдү сыйлоо.


107
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Жазалы
1. Сүйлөшүүнүн негизинде көрсөтмө жазыңыз. Иш кагазынын бардык маалым даректерин 
көрсөтүңүз. 
2. Санаттын маанисин чечмелеңиз:
Азыраак чыккан чыгымга,
Азамат болсоң күйүнбө.
Бекер олжо табылса,
Пенделик кылып сүйүнбө.
Эмгексиз бекер тапкандын,
Эсеби болот түбүндө. 
(Элдики)


108
Калия Кулалиева
ТОКТОМ
Токтом мамлекеттик маанидеги буйрук, көрсөтмөнү аткаруу боюнча кабыл 
алынган нормативдик документ. Ал республиканын Өкмөтү, министрликтер жана 
ведомстволор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийликтери жана башка аткаруу 
түзүмдөрүнүн башкаруу органдары тарабынан пландык иш-чараларды, көрсөт-
мөлөрдү ишке ашыруу үчүн чыгарылат.
Токтом жазуу формасына, түзүмүнө жана аткаруу мөөнөтүнө карай 2 түргө 
бөлүнөт:
1. Кыска мөөнөттүү токтом (маданий иш-чара, белгилүү күнгө, кампанияларга 
арналган тапшырмаларды аткарууга багытталат); 
2. Узак мөөнөттө аткарылуучу токтом (узак мөөнөттө аткарылуучу, мамлекеттик 
маанидеги чоң көлөмдөгү иш-чараны аткарууга багытталат).


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   91   92   93   94   95   96   97   98   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет