107
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Жазалы
1. Сүйлөшүүнүн негизинде көрсөтмө жазыңыз. Иш кагазынын бардык маалым даректерин
көрсөтүңүз.
2. Санаттын маанисин чечмелеңиз:
Азыраак чыккан чыгымга,
Азамат болсоң күйүнбө.
Бекер
олжо табылса,
Пенделик кылып сүйүнбө.
Эмгексиз бекер тапкандын,
Эсеби болот түбүндө.
(Элдики)
108
Калия Кулалиева
ТОКТОМ
Токтом
мамлекеттик маанидеги буйрук, көрсөтмөнү аткаруу боюнча кабыл
алынган нормативдик документ. Ал республиканын Өкмөтү, министрликтер жана
ведомстволор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийликтери
жана башка аткаруу
түзүмдөрүнүн башкаруу органдары тарабынан пландык иш-чараларды, көрсөт-
мөлөрдү ишке ашыруу үчүн чыгарылат.
Токтом
жазуу формасына, түзүмүнө жана аткаруу мөөнөтүнө карай 2 түргө
бөлүнөт:
1. Кыска мөөнөттүү токтом (маданий иш-чара, белгилүү күнгө, кампанияларга
арналган тапшырмаларды аткарууга багытталат);
2. Узак мөөнөттө аткарылуучу токтом (узак мөөнөттө аткарылуучу, мамлекеттик
маанидеги чоң көлөмдөгү иш-чараны аткарууга багытталат).
Достарыңызбен бөлісу: