Кыргыз республикасынын саламаттык сактоо министрлиги



бет3/3
Дата21.06.2016
өлшемі5.12 Mb.
#152160
1   2   3

Д витаминдин эритмелери:

  • Суу эритмеси “Аквадетрим” 1тамчы эритмеде 500МЕ витамин “Д” бар.

  • Спирт эритмеси - 0,5%, 1тамчы эритме 500МЕ витамин “Д” камтыйт.

  • Май эритмеси -0,125% 1 тамчы эритмеде-1400МЕ, ал эми 0,625%-600МЕ “Д” витамини бар.

ГИПЕРВИТАМИНОЗ Д.

Оорунун негизги себеби болуп Д витаминдин дозасын ашырып жиберүү (контролсуз колдонуу, баланын даарыны көтөрүшүн эске албай же жаз-жай мезгилдеринде дайындоо), ошондой эле, Д витамини менен УФН бир мезгилде өткөргөн учурларда жана итийдин спецификалык профилактикасын кайталап өткөрүүдө чон дозадагы Д витаминин колдонгон учурларда байкалат. Д витиминдин таасирине ара-төрөлгөн, гипотрафия менен ооруган, жасалма жана аралаш азыктануудагы балдардын ашыкча сезгичтиги белгилүү. Идеопатиялык гиперкальциемияда Д витаминдин аз өлчөмдөгү дозасын кабыл алуу, Д гипервитаминозуна алып келет. Д витаминдин организмде көбөйүп кетүүсү, көптөгөн органдардын ууланусуна алып келет. Гиперкальциемия жана Д витаминдин уу касиети биригип организмдин жабыркалануусуна жана кальций туздарынын топтолуусуна жол берет. Мындай кальций туздарына акиташтанган жерлер бөйрөктүн түтүкчөлөрүндө, миокардда, аортада, жүрөк кан-тамырларында, бронхтордун артерияларында, өпкө ткандарында жана кан-тамырларында, боордо, бөйрөк үстүндөгү бездерде, булчуң ткандарында, тээриде, мээде жана көздүн каректеринде орун алат.

Гипервитаминоз Д нын клиникасы жалпы интоксикациядан башталат: алы куруйт, алсызданат, апатия тынчы кетүү менен алмашып турат, уйкусу качат, ичтейи тартпайт, тынбай окшуу же кусуу полидипцияга (чаңкоого) алып келет, о.э. ич катуу, арыктоо, тээринин ийилчек- чоюлчактыгы жоголуп, кургак болуп калат да, гер-сары тартып бозоруп турат.

Жүрөк жана кан-тамырлар системасы жактан болсо: жүрөк тондору бүдөмүк болуп так угулбайт, тахикардия, систолиялык чуу, QRS-комплексинин кеңейиши, Т-тишчесинин жапыздыгы, артериялык кан басымынын көтөрүлүшү сыяктуу өзгөрүүлөр байкалат. Андан тышкары- бөйрөк синдромун байкоого болот, ал: полиурия, олигоурия, анурия жана пиелонефрит белгилери менен берилет. Өтө оор түрлөрүндө бөйрөк иштебей бөйрөктүк жетишпестик (ХПН) өнүгүп кетет. Сөөк системасында-рентгендик изилдөөлөрдөн: түтүкчө сөөктүн эпифизардык зонасында акиташтын ашыкча жыйналуусун жана диафиздин ашыкча боштугун (тунуктугун) байкоого болот. Баш сөөктөрү катып, эмгеги эрте жабып калат.

Гипервитаминоз Д «курч» жана «көнүмүш» интоксикация түрүндө өтүшү мүмкүн. Кальцийдин кандагы көрсөткүчү көбөйүп 3,6-5,6ммоль/л, ал эми кан суюктугунда болсо, оорунун көнүмүш түрүндө нормада өтүшү мүмкүн. Медицина кызматкерлерине Д витаминдин чоң дозасынын уу касиетке ээ экендиги жөнүндө кеңири маалымат берүү. Профилактика максатында Д витаминдин жөнөкөй кичине дозаларын колдонуу жана ар дайым Д витамин алып жаткан баланы такай көзөмөлдөө - сыяктуу иш-чараларын жүргүзүүлөр Д гипервитаминоздун алдын ала алат.

Гипервитаминоз Д ны даарылону сөзсүз стационарда жүргүзүү зарыл, биринчиден Д витамин менен кальций даарыларын жана курамында кальцийи бар тамак-аш продуктуларын берүүнү токтотуу керек. Суюктук көп өлчөмдө дайындалат (чай, 5% глюкоза эритмеси) глюкоза-инсулин даарылары (венага, кандагы кант көрсөткүчүнүн контролу астында) Стероиддик гормондор (1-1,5мг/кг/күн. 8-12 күн ичинде). С, А, Е жана В тобундагы витаминдер, никотин кислотасы ж.б. өз даарылоо дозасында дайындалат. Анан да ички органдарды симтоматикалык даарылоо жүргүзүлөт .

Гипервтиаминоз Д менен ооруган балдар диспанцердик көзөмөлдө поликлиника шарттарында 2-3 жыл болот.

ДИСПАНЦЕРДИК КӨЗӨМӨЛ

Итий менен жабыркаланган баардык балдар диспанцердик көзөмөлгө алынуусу шарт. Диспанцердик көзөмөл планы №112 формасында катталат. Баланы бөлүмдүк педиатр, хирург, ортопед жана башка специалистер көрсөткүчү боюнча көзөмөлдөйт.



Мөөнөтү: I-II даражадагы итий менен ооруган балдар 2 жашка чейин, I - даражадагы итий менен жабыркаланган балдар 1 жыл боюу көзөмөлдөнөт.

Көзөмөлдөө саны: педиатр оорунун аптап мезгилинде айына 2 жолу көрөт, анан айына 1 жолудан бир жашка чейин көрөт, экинчи жашында – кварталына -1, үчүнчү жашында- жылына 2 жолу көрөт. Хирург, ортопед жана башка специалистер педиатрдын жолдомосу менен көрөт.

Изилдөөлөрдүн жалпы көлөмү: оорунун аптап мезгилинде –жалпы кан жана сийдик анализдери , айына 1 жолу, андан кийин кварталына 1 жолу текщерилип турат

Диспанцердик көзөмөлдөө төмөндөгүлөрдү чагылдырат: антропометриялык көрсөткүчтөрүн (массасы, бою ж.б.), оорунун жалпы абалын, нервно - психикалык жана мотордук өнүгүүсүн, вегетативдик өзгөрүүлөрүн, ички органдардын жана муун-кыймыл аппараттарынын абалын.

Денени чыңалтуу жана даарылоо иш-аракеттери: үй-бүлөөгө жүргүзгөн санитардык-үйрөтүү жумуштары, күн-тартибин туура уюштуруу, баланы туура тамактандыруу, укало, дене-тарбия көнүгүүлөрү, ден-соолукту чыңдоо иш- аракеттери.

Эмдөө: эмдөөгө карама- каршылык жок.

Диспанцердик көзөмөлдөн чыгаруу: I-II даражадагы итийде бир жыл даарылангандан кийин, «риск» тобуна өтөт да, андан кийин дагы 2 жыл көзөмөлдө болот. Ал эми I даражадагы итийде баланын абалы жакшыргандан кийин дагы бир жыл көзөмөлдө болот.

СПАЗМОФИЛИЯ

Спазмофилия (тетония) – бул эрте жаштагы (6-18 айлык) балдардын алкалоз жана гипокальциемиянын аркасынан - талма тутууга же болбосо булчуң системасынын спастикалык түйүлүүсүнө алып келүүчү, итий менен патогенетикалык жактан тыгыз байланышы бар илдет.

Итийдин алдын алуу жана туура даарылоо спазмофилиянын өнүгүүсүн азайтат. Илдет көбүнчө эрте жазда же күн нуру жакшы тийген мезгилдерде кездешет.



Оорунун себеби жана келип чыгышы: Спазмофилия көбүнчө өтө курч өнүккөн гипокальциемия жана электролиттик дизбаланс менен чогуу өнүккөн алкалоздун аркасында келип чыгат. Анын негизги себептеринин бири болуп, Д витаминдин активдүү метоболиттери күтүүсүз көбөйүп кетүүсү эсептелет. Мындай абал Д витаминдин чоң дозасын эрте жазда (күн нуруна кошо) алганда келип чыгат, себеби эрте жаздагы күн нурлары УФНге бай, эгер дененин көп жерлери күнгө күйсө, териде Д витамини көп синтезделип кальцийдин сөөккө топтолуусуна алып келет да, кальцийдин көрсөткүчү канда азайып кетет. Андан сыркары гипокальциемияга алып келүүчү башка факторлор да кездешет, алардын бири калкан жанындагы бездердин функциялары бузулганда, кальцийдин ичегиде сиңирилүүсү начарлаганда, же ал сийдик менен көп бөлүнүп чыга баштаганда пайда болот. Спазмофилия орто же оор итийдин реконволеценция мезгилине өзүнүн келип чыгуу механизмдери боюнча тыгыз байланыштуу. Д витаминдин (1,25-Д 3) активдүү метоболитинин кескин түрдө көп бөлүнүп чыгарылуусу, парат гормондун синтезин азайтат да, кальций менен фосфордун ичегиде сиңирилүүсүн, ошондой эле, аминокислоталардын бөйрөк түтүкчөлөрүнөн кайрадан канга сорулуп алынуусун күчөтөт. Ушунун негизинде щелочтук резерв күчөп, алкалоз келип чыгат да, кескин гиперфосфатемия өнүгөт. Кальций сөөктөргө жогорку ылдамдыкта топтоло баштайт да, анын кандагы көрсөткүчү өтө коркунучтуу абалга (1,7ммоль/л) төмөндөп кетет. Кандагы калийдин көрсөткүчү өсөт, алкалоздун үстүнө гипокальциемия, гиперкалиемия жана парат гармондун активдүүлүгүнүн төмөндөшү, ушулардын баары биригип, баланын организмин талмалык титирөөгө даярдайт. Бала коркуп, ыйлап, чочуп, денеси ысып, кусуп, анан ал спастикалык булчуң түйүлүүлөрү менен коштолуп, клоника - тоникалык титирөөлөргө, башкача айтканда талмага алып келет.

Клиника

Спазмофилиянын 2 түрү кездешет: анык (манифесттик) жана жашыруун (латенттик).



Анык түрү: ларингоспазм, карпопедалдуу спазм жана экламцияны камтыйт.

Ларингоспазм-бул баланын үн чыгаруучу тешигинин кескин түрдө буулушу. Баланын дем алуусу кысылып, кыйылдап калат да, анан дем алуусу токтоп, көгөрүп , эс-учун жоготуп коёт. Бир нече убакыттан кийин дем-алуу өз оордуна келет. Эгер бала көпкө дем албай калса, мээ зака жеп, бала балдардын шал оорусуна (ДЦП) чалдыгып калуусу мүмкүн. Дем – алуу көпкө чейин калыбына келбесе баланы жоготуп кою коркунучу да туулат.

Карпопедалдуу спазм – оорунун бул түрү кол манжалары менен буттун кетменинин булчундарынын тонустук түйүлүүсү менен мүнөздөлөт. Колу-буту бүгүлгөн, манжасы муштумга түйүлгөн же болбосо «акушерканын колуна» окшоп, биринчи үч манжасы жазык да акыркы экөө жабык, буттун кетмени болсо артка кайрылып, асылып турат “балеринанын позасындай”. Көпчүлүк учурларда карпопедалдуу спазм баланы чечинтип же кийинтип жаткан кезде байкалат да, бир-нече секундка чоюлат. Башка органдардын спазмы да байкалышы мүмкүн. Айрыкча, дем-алуу системасынын жылмакый булчундарын же жүрөк булчуңунун спазмы өтө коркунучтуу жүрөктүн согуусун токтотуп коюшу мүмкүн.

Экламция – бул ооруун өтө сейрек кездешүүчү жана өтө оор өтүүчү түрү, жалпы клонико-тониялык титирөөлөр ички органдардын жылмакай булчуңдарын жана жалпы скелет булчуңдарын жыйрылуусун камтыйт, ал бир нече минутадан, бир нече саатка чейин созулушу мүмкүн. Бул мезгилде дем-алуу же жүрөк токтоп калып, көбүнчө баланын өлүмү менен аяктайт.

Латенттик (жашыруун) спазмофилия- оруунун бул түрү анык түрүнөн көбүрөөк кездешет же аны менен кошо өтөт. Мында бала ашыкча дүйлүгүп, тынчы кетип, ээгинин жана буту-колунун титирөөсү, кээ бир булчуң топторунун карышып калуусу, ошондой эле баланын дем алуусу каршы-терши болуп, бузулушу байкалат.

Хвостек симптому :жаак сөөгүнүн, жаак нерви чыккан жерди кол менен же балкача менен урса, көзүнүн жана оозунун мимикалык булчундары тартат, ошондо бул симптом - оң болот.

Труссо симптому (кар жиликтин нерв жана кан тамырлар түйүнү өткөн эки баштуу булчуңун кол менен же «жгут» менен кысса, «акушер колу» симптому пайда болот), Люста симптому (шыйрак кичи сөөгүнүн башын балкача менен каккыласа, буттун кетмени секирип артты карап кайрылып калат ”балерина позасы” же болбосо “аттын туягы” сыяктуу болуп. Маслова симптому гальвоникалык ток менен дүүлүктүрүлгөн булчундар тобу жыйрылат. Эрбо симптому баланын тээрисин учтуу нерсе менен сайса дем алуунун эң тереңинде бала ээрип, дем алуусу токтоп калат. Канда жалпы жана иондуу кальцийдин көрсөткүчү төмөндөйт (‹1,7 ммоль/литр), ЭКГда гипокальциемия белгилери (QT сегменти – 0,3с. узарат) байкалат.

Даарылоо.

Ларингоспазмда үрстөмдүк кылган башка дүйлүктүрүү “очогун” түзөбүз, мурундун чел кабыгын дүйлүктөрөбүз: (мурунга үйлөйт, кытыгылайт), тээрини (чапкылайт, муздак суу менен чачып жиберет, чымчыйт), вестибулярдык анализаторду (баланы силкийт). Жалпы клонико-тониялык титирөөлөрдө дем-алуу токтоп калып, акыл-эсин жоготкон ларингоспазмда токтоосуз реанимациялык иш аракеттерди өткөрөбүз -жасалма дем алдыруу, кычкылтек берүү, талмага каршы 0,5% седуксенди ( 3 айга чейинки балдарга- 0,3-0,5мл; 1 жашка чейинки балдарга - 0,5-1,0мл; 5 жашка чейинки балдарга – 1,0-1,5мл.) дайындоо. Даары дароо эле таасир берет, бирок таасири кыска, убактысы - 30 мүнөткө чейин эле.

Ушул эле максатта 20% ГОМК (гамма-окси-масленная-кислотасы) эритмесин- ооз, түз ичеги, вена же жамбаш булчуңу аркылуу беребиз, анын орто дозасы – 100мг/кг же 0,5мл/кг күнүнө. Дарынын таасири 3-10 мүнөттөн кийин башталып 1,5-2 саатка созулат. Көпкө созулган талмада инъекциянын саны күнүнө 4-6 жолу байкалат. Кандагы кальцийдин көрсөткүчүн текшергенден кийин, венага 10% кальцийдин хлорун же глюконатын (6 айга чейинки балдарга 0,5мл; 1 жашка чейинки балдарга 0,5-1мл , 3 жашка чейинки балдарга 1-2мл ден) куябыз. Андан соң, 1% же 2% кальцийдин хлорун же глюконатын 1 чай кашыктан күнүнө 3 жолу тамактан кийин же сүт менен, 7-10 күн берүү зарыл. Талманын титирөөсүн токтоткондон соң, анын баардык белгилери өтүп кеткиче фенобарбитал берүү керек.



Глоссария (сөздүк талкуу).

1. Акцеларация-баланын акыл-эсинин өз курагынан тез өсүүсү.

2. Алкалоз- кандын кычкылдыгынын щелочтук чөйрөгө карата жылышы (pH >7,5).

3. Анамнез-таржымалы.

4. Антенаталдык-эненин төрөгөнгө же баланын төрөлүүгө чейинки кези.

5. Анурия- күнүнкү зааранын өтө аз өлчөмдө (150мл ден аз) бөлүнүшү.

6. Апатия-нез болуу же нез басуу.

7. Ассиметрия– баардык жактары тегиз же бирдей эмес көрүнүш.

8. Аорта – чоң кан айлануу системаынын эң негизги сол карынчадан чыккан кан тамыры.

9. Ацидоз–кандагы кычкылдыктын өсүшү (РH <7) .

10. Бульен-кайнатма сорпо.

11. Вегетативдик нерв системасы-ички органдардын кызматын жөнгө салуучу нерв системасы.

12. Гемморагия диатези-кан кетүү же куюлуу менен мүнөздөлгөн оорунун түрү.

13. Гипокалциемия–кандагы кальцийдин деңгээлинин төмөн түшүшү.

14. Гипотония-булчуң тонусунун төмөндөшү.

15.Гипотрофия-баланын салмагынын өз курагынан анын боюна салыштырмалуу төмөндүгү.

16. Гипотиреоз-калкан безинин функциясынын начарлашы.

17. Гиперплазия-органдын же ткандын чоңоюп кетүүсү.

18. Гиперфосфатемия -кандагы фосфордун көбөйүшү.

19. Гиперфосфатурия -заарадагы фосфордун көбөйүшү.

20. Гомеостаз–кандын курамынын туруктуулугу, же бир калыпта сакталышы.

21. Диафиз-жилик сөөктүн башынын аягы.

22. Дисфункция- мүчөнүн кызматынын бузулушу.

23 Дискинетика–ички органдардын жылмакай булчуңдарынын жыйрылуу функциясынын бузулушу.

24. Идеопатиялык- кандайдыр бир бизге белгисиз себеп.

25. Интеркуренттик оорулар-эрте жаштагы балдардын: итий, аз кандуулук, гипотрофия жана эксудативдүү кызыл диатези ж.б. кошумча оорулары.

26.Каллорий-энергия бирдиги.

27. Компенсация–кандайдыр бир кемчиликтин ордун толтуруу.

28. Кифоз–омуртка тутумунун артка чыккан бүкүрүсү.

29. Лактация- эненин эмчегине сүт келүүсү.

30. Лордоз– омуртка тутумунун астыга чыккан бүкүрүсү.

31.Мальабсорбция – ичеги–карындагы тамак сиңирүүнүн бузулушу.

32.Метоболиттер–заттын көптөгөн реакциялардын аркасында келип чыккан туундусу.

33. Метафиз-.жилик сөөктүн башынын ортосу.

34. Мембрана – бир нерсенин сыртынан каптаган чел кабык.

35.Мотордук-кыймыл -аракеттик

36. Паратрофия-баланын оор салмактуулугу.

37.Процедура-бир ишти аткаруу тартиби.

38. Полидипция-чаңкоо, көп суу ичүү.

39. Полиурия-зааранын көп көлөмдө бөлүнүшү (3л<).

40. Прогрецияланат–бир нерсенин өнүп – өсүп отурушу.

41. Рецидивдүү–кайталанып туруучу.

42. Рацион- тамак аштын жөндүү тизмеси.

43.Рационалдуу-бир нерсенин жөндүү жумшалышы.

44. Реконвалиценция–оорунун курчтугунун артка кайтышы.

45. Реабцорбция–бөйрөк түтүкчөлөрүндө заттын кайрадан канга сорулуп алынышы.

46. Реактив-бир реакцияны же анализди жүргүзүү үчүн колдонулган атайын даярдалган кошулма суюктук.

47. Стерна-төш сөөк.

48. Стероид- гормон.

49. Тахикардия-жүрөктүн бат согуусу.

50. Синдром–оорунун сүрөтөө белгилеринин тобу.

51. Синтезделет– белгилүү бир заттын, кандайдыр бир реакциянын негизинде пайда болушу.

52. Спецификалык–ошол гана нерсеге мүнөздүү белги же даарылоо ыкмасы

53. Скалиоз– омуртка тутумунун капталга (оңго же солго) кыйшаюусу.

54. Систоликалык чуу–жүрөктүн жыйрылуу мезгилинде угулган чуу.

55. Остеопатия-сөөктүн бузулушу.

56. Отосклероз-кулагы оор же болбосо начар угат (угуу нервтери катып калган).

57. Остеокластар–жетиле элек сөөк клеткалары.

58. Экстагениталдык патология - жыныс органдарынан башка системалардын оорусу.

59. Экзогендик факторлор – сырткы факторлор

60. Эндогендик факторлор – ички факторлор.

61. Эпифиз- жилик сөөктүн башынын башталышы.

62. Эритропоез– кан жасоо системасындагы эритоциттердин жетилүү жолу

63. Хондродистрофия- сөөк кемирчектеринин өсүшүнүн токтоосу







Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет