органикалык табиятта заттардын түзүлүшүнүн жана кыйрашынын кубулуштарынан ибарат.
4. биологиялык кыймыл – ( фото синтез,
зат алмашуу, өсүмдүк жана жаныбарлардагы
кыймыл кирет).
Бул жашоонун ар түрдүү көрүнүштөрү, тирүү организмдердин ортосундагы өз ара
катнаштары жана алардын органикалык эмес табият менен болгон катнаштары.
5. Социалдык кыймыл – коомдогу жана адамдардагы болгон кыймыл ( процесс). Коомдо
болуп жаткан көп түрдүү кубулуштарды, алардын ичинде өндүрүш тармагындагы
өзгөрүүлөрдү, таптык
жана улуттук мамилелерди, материалдык жана рухий маданияттын
өнүгүшүнүн кубулуштарын, коом менен табияттын өз ара катнаштарын өзүнө камтыйт.
Илимдин өнүгүшү менен бирге материянын формалары дагы ачылып,
ошону менен бирге
кыймылдын формалар дагы ачылууда. М: геологиялык, космологиялык, ядро, атомдук
кыймыл бирок канча кыймылдын жаңы формасы ачылбасын бардыгынын негизинде
жогорку белгилүү 5 формасы жатат.
“
Энергетизм” деген агым кыймылды энергияда материядан
ажыратып карайт, анын
негизинде Отвальт анын ою боюча энергия материянын баардык түрүнө эле таандык боло
бербейт. Энергиясыз жашаган материя дагы бар ошондой эле материядан тышкары өз
алдынча жашаган дагы энергия дагы бар. б.а. энергия материалдык алып баруусуз жашайт.
Убакыт жана мейкиндик.
Ар кандай процесстер кандайдыр бир жерде болуп өтүп белгилүү
орунга жана жашоонун
созулмалуулугуна ээ. Бул эки бөлүк мейкиндик жана убакыт менен мүнөздөлөт. Мында
мейкиндик коомду ал эми убакыт кыймылды бөлүп өтүшүнүн узактыгын белгилейт.
Мейкиндик–философиялык категория ал материалдык обьект аралыгын өз ара
жайгашкандыгын жана өз ара аракеттенүүнү мүнөздөйт. б.а. мейкиндик бул – материянын
жашоо орду болуп саналат. ал эми убакыт - философиялык
категория ал ар кандай
обьектилердин жашоосунун узактыгын алардын абалын алмашуусун билгизет (
узактуулугун).
Достарыңызбен бөлісу: