Маалымат иштеп чыгуу авто системасы, 140212 Электр менен камсыдоо (тармактар боюнча) философия



Pdf көрінісі
бет4/36
Дата16.12.2022
өлшемі0.65 Mb.
#467341
түріПротокол
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   36
Enezarova-S.T.-Filosofiya-UMK

 
МАКСАТЫ 
Адамзат байыртадан эле курчап турган айлана-чөйрө, сырдуу космос жана алардын 
арасында өзүнүн ээлеген орду тууралуу ой жүгүртүп, байкоо жүргүзгөн. Бул процесс 
дүйнөгө көз караштын мифологиялык, диний жана башка формаларын жараткан. Убакыттын 
өтүшү менен адамдардын изденүүлөрүнүн натыйжасында, топтолгон тажрыйба - 
билимдердин негизинде дүйнөгө карата көз караштын жаңы формасы – философия илими 
пайда болгон. Философия Байыркы Индия, Кытай, Египетте пайда болуп, Байыркы Грецияда 
өзүнүн классикалык формасына жеткен. Философия социалдык турмуш м-н шартталып, 
коомдук болмушка активдүү таасир берет, жаңы идеал м-н маданий баалуулуктардын 
калыптанышына өбөлгө түзөт. Философия өзүнүн принциптерин рационалдуу түрдө 
негиздеген аң- сезимдин теориялык формасы катары куру ишенимдерге ж-а турмушту 
фантастикалык формада чагылдырган көз караштын мифологиялык ж-а диний формалардан 
айырмалайт. Философиялык илимдин, коомдук тажрыйбанын жетишкендиктери сын көз м-н 
кайрадан иштелип, таанымдын тарыхында биринчи болуп, философия социалдык 
прогресстин илимий куралына айланды ж-а илим катары калыптанды. Кыргызстандын 


философ-окумуштуулары дүйнөлүк акылман ойчулдардын баа жеткис, бай мурастарын окуп 
үйрөнүү менен өзүлөрү да кыргыз элинин байыртадан берки коомдук-саясий жана 
философиялык ойломдун өнүгүү тарыхын изилдөө боюнча эмгектенишүүдө. Алар ойломдун 
теориялык проблемаларын анализдөө м-н көчмөн калктын аң- сезиминин калыптаныш 
жолдорун, патриархалдык-феодалдык тиричилигин, ислам дининин таралышын ж. б. 
изилдешкен. 
Бул окуу усулдук комплекс анда философиянын маңызы, анын негизги түшүнүктөрү ж-а 
маселелери терең баяндалып, студентер үчүн жана окутуучуларга түшүнүктүү берилген.
Студентке коюлган талаптар: 
- Филасофия тилин колдонуу аркылуу өз оюн эркин, так, таамай жана таасирдүү сүйлѳй 
жана жаза билүүсүнѳ жетишүү;
-Филасофия окуу жана тереңдетип билүү менен студенттерди эли-жерин таануу, тарыхты 
билүүгө, каада-салтты жана маданиятты үйрөнүүгө, адептүү-маданияттуу болууга чакыруу;
- сабакка сиздин активдүү катышууөуз, иш-аракетиөиз бааланат; 
- үйгө берилген тапшырманы туура, толук, убагында аткаруу; 
- өз алдынча тапшырылган жазуу жана оозеки жумуштарын тыкан, убагында аткаруу; 
- тапшырма кечиктирилсе, аткарылбасабаа төмөндөйт, кайра алынбайт; 
- сабакка себепсиз кечиккендер жана кечигип киргенди адат кылгандар сабакка 
киргизилбейт.
- Сабак убагында себепсиз кирип-чыкпоо керек. 
- сабакты таптакыр калтырбай, бирок сабакта музыка угуп же башка сабактарга даярданып 
отурса, ал сабакка катышты деп эсептелбейт; 
- ар биржазуу ишинин жыйынтыгы экзамендеги баага таасирин тийгизет; 
- жогоруда көрсөтүлгөн курстук жана студентке коюлган талаптар, ошондой эле окутуучу 
тарабынан коюлган шарттар аткарылбаса, окуудагы акыйкаттык сакталбаса, студент окуудан 
четтетилет.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   36




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет