8
4. Башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке
байланыштуу окутуунун
мазмунун,
теориялык негиздерин, прициптерин, методун, окутуу
каражаттарын иштеп чыгуу.
5. Иштелип чыккан илимий- методикалык материалдардын ылайыктуулугун
текшерүү жана өркүндөтүү максатында
педагогикалык эксперимент
жүргүзүү.
Изилдөөнүн илимий жаңылыгы жана теориялык баалуулугу:
башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу методикасы түшүнүгүнүн
маани- маңызы ачылып, анын мазмунуна тактоолор киргизилди;
башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун жалпы абалы,
педагогикалык,
методикалык проблемалары, тажрыйбасы ырааттуу
жана комплекстүү талдоого алынды;
кыргыз тилин эне тили катары окутуу процессинин педагогикалык
маани- маңызы ачылды;
башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке байланыштуу окутуунун
мазмуну, теориялык негиздери, окуу каражаттары,
окутуу процессин
көзөмөлдөөгө алуу ыкмалары иштелип чыкты;
кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууга карата иштелип чыккан
илимий- методикалык сунуштардын ылайыктуулугу педагогикалык
эксперимент өткөрүү аркылуу далилденди.
Достарыңызбен бөлісу: