Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет3/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

ишинин актуалдуулугун аныктайт. 
Диссертациялык иштин темасы И.Арабаев атындагы Кыргыз 
Мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин башталгыч 
мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын 
негизги илимий изилдөө иштери менен байланышта аткарылды. 
Изилдөөнүн максаты: Башталгыч класстарда кыргыз тилин эне тили 
катары окутуу теориясын жана тажрыйбасын жалпылоо жана аны тексттин 
жардамы менен окутуп- үйрөтүүнүн илимий- педагогикалык негиздерин 
иштеп чыгуу аркылуу башталгыч класстарда билим жана тарбия берүүнүн 
деңгээлин 
көтөрүү, 
окуучулардын 
жалпы 
лингвистикалык 
жана 
коммуникативдик компетенцияларын калыптандыруу жана өнүктүрүүнүн 
алгылыктуу жолдорун аныктоо. 
 
Изилдөөнүн милдеттери: 
1. Башталгыч класстарда кыргыз тилин эне тили катары окутуудагы 
педагогикалык, методикалык проблемаларды жана аларды чечүүнүн 
теориялык жана практикалык мүмкүнчүлүктөрүн белгилөө. 
2. Башталгыч класстарда кыргыз тилин эне тили катары окутуу абалын жана 
тажрыйбасын изилдөө. 
3. Башталгыч класстарда кыргыз тилин эне тили катары окутуу методикасы 
менен лигвистика, лингводидактика, тексттин лингвистикасы, психология, 
ж.б. илимдеринин өз ара байланышына таянуу менен кыргыз тилин текстке 
байланыштуу окутуунун илимий- методикалык негиздерин иштеп чыгуу. 



4. Башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке байланыштуу окутуунун 
мазмунун, теориялык негиздерин, прициптерин, методун, окутуу 
каражаттарын иштеп чыгуу. 
5. Иштелип чыккан илимий- методикалык материалдардын ылайыктуулугун 
текшерүү жана өркүндөтүү максатында педагогикалык эксперимент 
жүргүзүү. 
 
Изилдөөнүн илимий жаңылыгы жана теориялык баалуулугу: 
башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу методикасы түшүнүгүнүн 
маани- маңызы ачылып, анын мазмунуна тактоолор киргизилди; 
башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун жалпы абалы, 
педагогикалык, методикалык проблемалары, тажрыйбасы ырааттуу 
жана комплекстүү талдоого алынды; 
кыргыз тилин эне тили катары окутуу процессинин педагогикалык 
маани- маңызы ачылды; 
башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке байланыштуу окутуунун 
мазмуну, теориялык негиздери, окуу каражаттары, окутуу процессин 
көзөмөлдөөгө алуу ыкмалары иштелип чыкты;
кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууга карата иштелип чыккан 
илимий- методикалык сунуштардын ылайыктуулугу педагогикалык 
эксперимент өткөрүү аркылуу далилденди. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет