30
борборунда от турат дешет. Өзүнө апейронду тартып боштукту жаратат.
Борбордук отту Филолай «Гастия» деп атаган. Анын тегерегинде улуу он тело
жайгашкан. Космос телолору борбордук телодон пайда болот.
Пифагорчулар жер өз огунда айланып тура тургандыгын божомолдойт.
Филолайга чейинки пифагорчулар жердин тоголок формада экендигин
айтышат. Күндүн тутулушун айдын күн менен жердин ортосунан өтүшү деп
түшүндүрүшкөн. Жыл мезгилдеринин алмашышын жердин күнгө
карата
эңкейип турган абалы катары кабылдашкан. Пифагорчулардын философиясы
дуалисттик. Ал гармониянын жашоосун карама каршылык менен
айкалыштырат. «Космос» жашагандан кийин гармония да жашайт.
Гераклит. Б.з.ч. VI кылымдагы дагы бир ойчул Гераклит. Ал Иониянын
саясий жактан алсырай баштаган доорунда Эфесте жашаган. Гераклит көпчүлүк
учурун жалгыз өткөргөн.
Гераклиттин философиясынын биринчи абалы болуп жалпы өзгөрүү же
кыймыл мыйзамы эсептелет: «баары агат» («панта рей»), «все движется и ничто
не пребывает» - бул бардык бар нерселердин жалпы мыйзамы. Баары убакытта
өзгөрөт. Асман кыймылда, стихия да кыймылда, жандуу жандыктардын мууну
бирин
экинчисине
алмаштырат.
Ааламдын
кыймылында
өзгөрбөс,
кыймылдабас, эч нерсе жок. Анын оюу төмөндөгүдөн көрүнөт: «Нельзя войти
дважды в одну и ту же струю, нельзя дважды коснуться одного и того же тела:
наши
тела текут, как ручьи». Биз дем алган аба сыяктуу буюмдар алмашып
турат. Өзгөрүү, пайда болуу, жок болуу болмуш эместен болмушка өтүүнүн
табышмактуу жолу. Мурда болбогон нерсе (эч нерсе эмес) пайда болот. Мында
болмуш эместен болмушка өтүүдө парадокс келип чыгат: ал адам акылы менен
жете албаган карама каршылык. Гераклит боюнча өзгөрүү, кыймыл болмуштун
чыныгы формасы.
Шартсыз өзгөрбөгөн, кыймылсыз эч нерсе жок. Бирөөнүн
өлүмү – экинчинин төрөлүшү дегенди билдирет. Күн жана түн, кыш жана жай,
ачкачылык жана токчулук, оору жана саламаттык биринен экинчисине өтүп
турат. Баары пайда болот, кыймылдайт, өзгөрөт. Аны Гераклит «түбөлүк
кыймылдуу» от деп түшүндүрөт. От – кыймылдуу,
жогорку стихия деп билсе
болот. «Бардык буюмдар отко өзгөрөт, айланат жана от бардык буюмдарга
айланат». От ченеми менен күйүп, ченеми менен өчүп турат.
Достарыңызбен бөлісу: