Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Моизм. Бул окуунун негиздөөчүсү Мо Ди



Pdf көрінісі
бет23/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   19   20   21   22   23   24   25   26   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

МоизмБул окуунун негиздөөчүсү Мо Ди (болжол менен б.з.ч. 475-395-
жж.) Лу падышачылыгындагы майда менчик ээсинин үй бүлөсүндө туулган. Ал 
көп саякаттаган жана башкаруучуларга өз идеясын сунуш кылуу менен басып 
алуу согуштарынан баш тартууга чакырган. Ал Кунфуцычылыкты окуп 
үйрөнүү менен кээ бир позициялар боюнча ага каршы турган. Анын көптөгөн 
окуучулары жана улантуучулары болгон. Асмандын ролу жөнүндөгү ой 
жүгүртүүлөрү көңүл бурууну талап кылат. Анын оюнда Асман төрт жыл 
мезгилин башкарат: жаз, күз, кыш, жай; алардын алмашуу тартибин жөнгө 
салуу үчүн кар жаадырат, жамгыр, өсүмдүк ж.б. Ал «асмандын эрки» 
принцибин четке кагып, «асмандын каалоосу» принцибин киргизкен. Бул 


28 
принциптин маңызы эмнеде? «Асман адилеттүүлүктү сүйөт жана 
адилетсиздикти жек көрөт.
Моизмдин улантуучулары – Сяньян, Сяньфу, Дэн Лин гносеология
логика маселелерине кайрылышкан жана алардын диалектикалык ой 
жүгүртүүлөрү байкалат. Алардын эмгегинде билим төмөндөгүдөй бөлүнөт: 
жеке билимдер, угулган билимдер, ойломдун негизинде алынган билимдер 
жана ой жүгүртүүнүн натыйжасында пайда болгон билимдер. Алар буюм, 
болмуш жана болмуш-эмес, билим, акыл, себеп, зарылдык, мейкиндик жана 
убакыт, жалпы, жеке, бүтүн, окшоштук, айырмачылык, мамиле, аракет жана 
башка түшүнүктөргө аныктама беришкен. 
Минцзы, «Талаш-тартыштын мектеби». Бул чындыкты издеген 
номиналисттер деп аталган мектеп б.з.ч. IV-III кк. пайда болгон. Анын 
философиялык негизги идеясы төмөндөгүдөн көрүнөт: коомдо өзгөрүү жүрөт, 
эски ысымдар жаңы мазмунга жооп бербей калат, натыйжада буюмдардын 
ысымы менен маңызынын ортосунда карама-каршы күрөш пайда болот. Инь 
Вэнь мындай дейт: «Ысымдар туура болгон учурда дүйнөдө тартип өкүм сүрөт; 
ысымдар маңызынан ажыраганда дүйнөдө баш аламандык пайда болот». 
Буюмдар жана анын ысымдарынын дал келбегендиги – тартипсиздиктин жана 
социалдык башаламандыктын булагы. Ар кандай тартипсиздиктин себеби 
болуп форма менен айтылып жаткан аттардын дал келбестиги эсептелет. 
«Качандыр бир убакта тура болгон – маңызы боюнча туура эмес, жакшылык 
деп аталган өзүнүн жаратылышы боюнча – жамандык». 
Ошентип Байыркы Кытай философиясы философия тарыхында өзгөчө 
оригиналдуу ойлорду айтуу менен азыркы учурда да популярдуулугун сактап 
келүүдө. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   19   20   21   22   23   24   25   26   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет