Сабактын план-конспектиси


Мурунку сабакта фразеологизм тууралуу түшунук алып бир нече түрлөрү менен таанышкансыңар



бет4/6
Дата06.12.2023
өлшемі71.5 Kb.
#485606
түріПлан-конспект
1   2   3   4   5   6
фразеологизмдердин муноздуу белгилери

Мурунку сабакта фразеологизм тууралуу түшунук алып бир нече түрлөрү менен таанышкансыңар.
Анда эмесе, фразеологизмдерди мазмунуна жараша талдап , тарамдарга бөлүштүруп,кептеги кызматына жана мүнөзүнө жараша өз алдыбызча дагы да классификациялап көрөлү. Ал бир канча багытта көрүнөт. Мына ошол багыттар, андагы айтылган ойлор, миң түркүн маанилер, көз караштар,сыпаттамалар, туюнтмалар, салыштыруулар, кайманалар-фразеологизмдердин философиясы.
Анда эмесе ,мына ошол тууралуу кеп кылалы.

  1. Адамдын, нерсенин ким же эмне экендигин,алардын сапаттык белгилерин мунөздөп туюндурган фразеологизмдер;

  2. Адамдын же нерсенин учурдагы абалын, көңүл маанайын туюндурган фраз-р;

  3. Адамдын, анын кыймыл-аракетинин түрдүү абалын туюнткан фраз-р;

  4. Ар кандай нерсенин турган ордун, аралыкты билдирүүчү фраз-р;

  5. Адамдардын өз ара оң-терс мамиле -карым-катышын, мамиле маданиятын билдирген фразеологизмдер;

6.Салыштыруу мүнөзүндөгү фразеологизмдер;
7.Тергөө,каймана мүнөздө айтылган фраз-р;
Азаматсыңар , балдар. Мурунку сабакта өтүлгөн “фразеология тууралуу түшунук” деген теманы эң жакшы өздөштүргөнүңөр көрүнуп турат.



Класстагы окуучулар 5 топко бөлүнүшөт.

Ар бир топ мүчөлөрү менен фразеологизмдерди классификациялашат.



  1. жез таңдай, тилинде мөөрү бар,жүрөгүндө жалы бар,кой оодунан чөп албаган, куурай башын сындырбаган, жүргөн жерине чөп чыкпаган,жумурткадан кыр издеген,ж.б

  2. Эки көзү төрт болуу,кабагына кар жаап туруу, эки тизгин,бир чылбырды колуна алуу,бармагын тиштеп отуруп калуу,ж.б.

  3. От менен ойноо,беш колун оозуна салуу,мээсине чай кайнатуу,бешигин терметуу, тишинин кирин соруп калуу,ж.б.

  4. Ит өлгөн жерге жумшоо,кулак угуп, көз көрбөгөн жакка кетүү, жылуу ордуңду муздатпа,ж.б.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет