Ошентсе да ,кепте “даяр материал” катары адам жан дүйнөсүндө дамаамат жашаган дагы бир керемет сөз каражаты бар. Ал-албетте,”фразеологизмдер” деп аталган сөз берметтери.
Окуучу: Фразеологизмдер сүйлөгөн кебибизде өз ордун таба алган болсо ,айткан сөзүбүз көркүнө чыгып,маани-мазмуну артып,айтылган ой “жарк” эте түшуп,кепке көрк берип, сөздун маанисин тереңдетип, дагы да тактап, көрктөнтүп, нурдантып, уккандын көңүлүн чүйгун даам тарттырбай туруп тойгузаары талашсыз.
Окуучу:Анткени карапайым сөз-гүлдүн жалбырагы болсо, фразеологизмдер ошол гүлдүн кооз бариктери сыяктанып, сөзгө жалгана калса, ой гүлүнун бариги барпайып ачыла тушөнсүйт! Ошон үчун адамдар кунарсыз миң сөз айткан бабырдан-чебер бир сөз айткан сөзмөрдүн кебин тыңшайт эмеспи.
Мына ушундай. Сөз -көңүлдүн да дарысы, сөз жан дүйнөнүн да дарысы.Бул чын болсо, анда дарынын дарысы -ошол сөз. Элибиз дарыны чөптөн гана эмес, адегенде сөздөн жасашкан. Булганган дүйнөнүсөз менен тазалашкан, кирдеген көңүлдү сөз менен жубатышкан, ноокастаган адамды да сөз менен дарылашкан.
Сөздөн жасалган дарылар-дал ошол жылуу-жумшак айтылган накыл кептер ,канаттуу сөздөр, макалдар, фразеологизмдер, ырлар, дастандар, уламыштар, жомоктор болгон. Ошолор менен элибиз улуттун уул-кызын оорутпай дарылап, ноокастатпай таза өстүрүп келишкен.
|
Өзүн- өзү баалоо
|
2
|
Үй тапшырмасын текшерүү
10мин.
|
Мына балдар сөз тууралуу бир нече философиялык ойлорду айтып, далилдерди келтирдиңер. Сөздүн керемети кандай күчтүү. Жогоруда эң сонун курч маанилүү сөздөр айтылды. Мына ошондой кепке жан киргизген туруктуу сөз айкаштары -фразеологизмдер болуп эсептелет. Сөз берметтери болгон фразеологизм сөздөрүнун маани -маңызы жана айтылыш максаты бир болгону менен, анын мазмуну түркун, майда-майда ички классификацияга ээ.
|
Достарыңызбен бөлісу: |