Тақырыбындағы халықаралық ғылыми-практикалық конференция материалдары


Экинчиден, мамлекеттин ар бир жараны, асыресе, мектеп окуучусу тилди үйрөнүүгө жана сүйлөөгө



Pdf көрінісі
бет14/181
Дата27.05.2023
өлшемі4.33 Mb.
#474356
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   181
1 2019

Экинчиден, мамлекеттин ар бир жараны, асыресе, мектеп окуучусу тилди үйрөнүүгө жана сүйлөөгө 
болгон ички зарылдыкты сезүүсү, каалоо сезиминин ойгонуусу, оң ниеттин түптөлүшү, ички 
керектөөнүн (мотивация) жаралуусу. Тилди колдонуу аркылуу инсандык алакаларга, жазуу жана оозеки 
байланыштарга (коммуникация) карата ички даярдыгынын (интенция) ойгонуусу. 
Үчүнчүдөн, тилди үйрөнүүгө киришкен башка улуттун баласы «Мен келечекте ушул мамлекетте 
жашайм жана иштейм. Бул тил менин жашоо куралым болот, андан ийгилик табам, чоңоюп кызматтарда 
иштейм, ошон үчүн билим алам» - деген келечектүү кызыкчылыктын, оң мотивдин болуусу; 
Төртүнчүдөн, күндө ал тилде сүйлөөгө болгон турмуштук күндөлүк жандуу практиканын 
болушу, класстагы ар бир сабакта мугалим менен окуучу ошол тилде гана баарлашуусу, сабакттын 
түздөн-түз ошол тилде гана жүрүүсү. 
Булардын натыйжасы- мектепте көп тилдүү окуучуну даярдап чыгарууга бармакчы.Бирок бүгүн 
биздин коомго көп тилдүү эле окуучу керекпи? Жок, көп маданияттуу да окуучу керек. Анткени бири-
биринин улуттук тилин гана эмес, улуттук нарктарын, салттарын, ыйык түшүнүктөрүн да билген жана 
сыйлаган инсан керек. Ошондо гана- көп тилдүү баладан-көп тилдүү инсанга, көп маданияттуу 
окуучудан-көп маданияттуу инсанды өстүрүп чыгарабыз-деген багыт карманылмакчы. Бул 
айтылгандарды жыйынтыктап келсек, ойлордун чордонунда тилге үйрөнүүгө болгон эки нерсе: тил 
үйрөнүүгө болгон талап жана үйрөтүүнүн зарыл технологиясы, анын теориялык-методикалык 
негиздери бекем болуусу зарыл.
Учурда тилди үйрөтүүнүн педагогикалык-методикалык жол-жоболору туурасындагы эмгектер көп 
эле, айрыкча англис жана орус тилдерин окутуу, үйрөтүү маселелерин чечүү жагдайындагы теориялык-
методикалык пландагы эмгектерди эске алганда, айрыкча, Е.Пассовдун чет тилдерди коммуникативдик 
негизде үйрөтүү боюнча көз караштары жалпынын энчисине айланып калган десек болот. Аны кыргыз 
тилин үйрөтүүдө да, казак тилин үйрөтүүдө да, коммуникативдик багыт катары кабыл алып, термин өз 
тилибиздин термининдей эчак сиӊип кеткен. Ошентсе дагы, профессор Ф.Ш.Оразбаева бул терминди 
казакча сүйлөтүп, казак тилин үйрөтүү методикасы илиминде өз ордун казакча тапкан «Тілдік қатынас», - 
деп аталган терминди сунуш кылгындыгы маанилүү көрүнүш. Ал эмгек сонку жылдардагы жазылган 
эмгектерден бир катар теориялык-методологиялык, методикалык жактан айырмачылыктары жана 
жаӊылыктары бар. 
Негизинен, «Тілдік қатынас» аттуу бул эмгек - бараандуу жана да баалуу эмгек. Ал төрт бөлүктөн 
турат. Биринчи бөлүгү: Тілдік қатынастын теориялык негизи - деп аталуу менен, анда: тілдік қатынас, 
анын анықтамасы, ерекшеликтери, тілдік қатынастын құрамы, бирдиктери, тілдік қатынастың басты 
бірлігі болгон сөз тууралу кеӊири кеп кылган.Эмгектин экінші бөлүмүндө: тілдік қатынастын ғылыми 
негіздері, тил менен ойлау, тіл мен сөйлешүү (сөйлесім), тіл мен таңба, тілдік қатынас және тааным 


20 
тууралуу да кеңири сөз жүрөт. Үшінші тараусунда тілдік қатынастагы сөйлесім әрекеті және оның 
түрлөрү, анын ичинен, окулум, жазылым, тыңдалым, айтылым жана тилдесим - маселелери каралат.
Мен буларды атайын айтып отурганымдын жөн-жайы бар. Анткени, автор бул терминдерди казакча 
алгач ирет термин катары тил илимине сунуштап отурат жана аны теориялык-методикалык жактан да 
негиздеп берет. Ал аталган терминдер буга чейин кыргыз –казак тилдеринде бирдей: угуу, айтуу, окуу, 
жазуу деген формада калыптанып келгенин эске алсак, бул терминдер өзүнчө угулумга ээ, толук бир 
мааниге да ээ. 
Төртінші бөлүгүндө тілдік қатынастын адістемелік теориясы, тилди оқыту принциптері, терминдерді 
классификациялоо, катысым әдісінин анықтамасы, өзгөчөлүктөрү, катысым әдісі: колданылу жолдары 
жана жеделдете оқыту, ж.б. маселелер ачылган. Бесінші тараусу тілдік қатынас: катысым әдісі арқылуу 
қазақ тілін оқытуу бөлүмүндө: казақша сөйлеу дағдыларын қалыптастыруунун өзгөчөлүктөрү, 
фонетикалық, лексикалық жана грамматикалық бірліктерин қытуу тууралуу айтылган. Албетте, бул 
жерде тилдин фонетикалык өзгөчөлүктөрү, алардын артикуляциялык жактан жасалышы, лексикалык 
бирдиктердин өлчөмү жана функционалдык грамматика тууралуу маселелерге басым коюлган.
Ушул жерден мен өзүмдүн көз карашымды айта кетейин: окутуу жана үйрөтүү-деген жагдайда. 
Окутуу дегенде, биз көбүнесе, тилдин өзүнө тиешелүү илимий билимдерди окутуу-үйрөтүү жагы көӊүлгө 
келет. Ал эми башка улуттун өкүлдөрүнө тил үйрөтө турган болсок, аны окутуу эмес, үйрөтүү-дегенибиз 
туура болот-деп ишенем да, бардык аракетти тилди үйрөтүү- жагдайына буруубуз туура болот. 
Чындыгында, мына ушул маанилүү илимий-методикалык ойлор профессор Ф.Ш.Оразбаеванын 
китебинде илимий жактан туура жана жеткиликтүү негизделген. Мисалы, алсак, китепте автор мындай 
деп жазат: «Қазіргі кезеңде халықаралық байланыс күшті, барлық елдерде тілдік қатынас мәселесіне 
ерекше мән беріліп отыр. Тілдік қатынастың бүкіләлемдік маңызы ел мен елдің, ұлт пен ұлттың саяси 
байланысына жан-жақты жол ашудан көрінеді. Сондықтан тілдік қатынас бүгінгі күннің ең өзекті 
мәселесі ретінде әлемдік лингвистикада жаңа ғылыми еңбектердің шығуына әсер етті»(3-б). Туура 
айтылган. Ошондуктан, орто мектеп болобу, ЖОЖдордо болобу, тилди үйрөтүү маселеси ‒ жаш адамды 
турмушка тил аркылуу даярдоо, аларды тилдин каражаттары аркылуу өнүктүрүү маселелери жаңыча 
жолдор менен чечилүүсү шарт.Тил үйрөтүү учурга ылайык деңгээлдик приниптер менен ишке 
ашырылышы керек. Антпесек, мектепте он бир жыл тил үйрөнүп ЖОЖго барса да, ЖОЖдо кайрадан 
саламдашуу менен таанышуудан баштаган көрүнүштөр али да болсо орун алууда. Профессор 
Ф.Ш.Орусбаева бул маселеге да кайрылып, «Деӊгейдик казак тили» аттуу эмгегинде анын теориялык-
практикалык маселелерин кеӊири талдаган. Ал эмгек тууралуу өзүнчө сөз кылууга арзыйт. 
Ушул жерден «Тілдік қатынас»-деген терминге атайын көңүл буралы. Анткени бул термин автор 
тарабынан алгач ирет колдонулуп отурат. Автордун сөзү менен айтсак: «Тілдік қатынас /ТҚ/ – адамның 
ойлау, пайымдау, сөйлеу, тыңдау, түсіну, айту, пікірлесу т.б. әрекеттеріне тікелей қатысты құбылыс. 
Сондықтан тілдік қатынасқа байланысты құбылыстардың теориялық негіздерін анықтау-дал ушул 
процесс аркылуу жүзөгө ашмакчы. Андан ары: Тілдік қатынас – тіл арқылы байланыс, сөйлеу тілі арқылы 
адамдардың бір-бірімен қарым-қатынас жасауы; қоғамдо ұлттық тіл арқылы түсінісу; деги эле
адамзаттың тіл арқылы сөйлесім әрекетін меңгеруі тілдік қатынас дегенді білдіреді»(4-б). 
Андан ары автор жалпы адамдардын қарым-қатынасына байланыштуу арекеттер екі үлкен тармақтан 
тұрарын белгилеп,-буларды айтат-. Оның бірі – тілдік қатынас, екіншісі – тілсіз қатынас.Тілдік қатынас 
пен тілсіз қатынастың ұқсастык жақтары да, айырмашылықтары да бар. Андай болсо, тилдик катнаштын 
мазмунун эмне аныктайт? Аны кимдер ишке ашырат? Бул маселелер да китепте унутта калган эмес. 
Тилдик катнастын структурасы, сүйлөшүүгө катышкандардын ар биринин кызматы так белгиленген. 
Тилдик жана тилсиз катнаштын табиятын аныктап, ар бирин өз термини менен атаган. Анын ичинде, 
сөздүн эки касиетин, формасы менен мазмунун, анын катысымдык процесстеги ордун, тилдеги сөздүн, 
тамганын жана дабыштын ар биринин ролун да так жана илимий жактан жетиштүү чечмелеген. 
Педагогика адам тәрбиясына тікелей қатысты болғандықтан, оның адамдар арасындағы қарым-
қатынасқа да әсері чоӊ. Тілдік коммуникация адамдардың тіл арқылы түсінусін камсыз кылып гана 
чектелбейт, сонымен қатар жалпы адамдарға оӊ қасиеттерді меңгеруге көмектеседі. Олар /адамдар/ бір-
бірімен сөйлесумен, пікірлесумен эле шектелмейді, тілдесудің нәтижесінде бірінің жан дүйнөсүн бірі 
ұғады, бірінің сезіміне, мінезіне екінші адам тил аркылуу етеді. Тил аркылуу элди таанытабыз, тил 
аркылуу элдин жан дүйнөсүн, салт-санаасын, улуттук нарктарын үйрөтөбүз -деп жазат автор. 
Эми китептеги дагы бир жаӊыча көз карашка токтололу. Жогоруда айтылгандай, кеп ишмердигинин 
салттуу төрт түрү. Профессор Ф.Ш.Оразбаева аларды өзүнүн автордук көз карашы менен толуктап, 
мындай деп жазат: «Біз жан-жақты тәжірибелерге сүйене келіп, сөйлесім әрекетін бес түрге бөліп 
қарастырамыз. Олар: оқылым, жазылым, тыңдалым, айтылым, тілдесім. Бұлардың барлығы – әдістемелік 
ізденіс жолындағы жаңаша терминдер. Қазақ тілінде бұл мәселе бұрын-соңды арнайы сөз 


21 
болмағандықтан, сөйлесім әрекетінің түрлері де бір жүйемен аталып, өзіндік терминдер әлі 
қалыптаспаған. Шетел және орыс тілдерінде қолданылған жоғарыда атап өтілген терминдер: «говорение» 
– 
«сөйлеу», «аудирование» –«аудиолық», «чтение» – «оқу», «письмо» – «жазу» деген сияқты әр түрлі 
сөздермен айтылып жүр. Біз бұл ғылыми ұғымдарды қазақша бірыңғай оқылым, жазылым, тыңдалым, 
айтылым, тілдесім деп атауды жөн деп санаймыз. Өйткені олар, біріншіден, тілдік қатынастың басты 
ерекшеліктеріне сәйкес келеді; екіншіден, олар – қазақ тілінің сөздік қорына тән, қолданыста өзіндік 
орындары бар түбір сөздер. Үшіншіден, олар зерттеу мәселемізге сай теориялық және әдістемелік 
ғылыми ұғымдарды білдіреді; төртіншіден, әрқайсысы әр түрлі емес, қазақ тілінің сөзжасам жүйесіне 
сәйкес бірізбен жасала келіп, біртұтас қатысымдық қызмет атқарады. (52-б.) Сонымен, тілдік қатынасқа 
байланысты іске асатын сөйлесім әрекеті бес түрге бөлінеді.Автордун бул жаӊы илимий сунушун 
тилдерди окутуу, үйрөтүү чөйрөсү, тилдерди үйрөтүү методикасы илими боюнча эмгек кылган 
окумуштуулар эсептешпей коюуга болбойт -деп ойлойм. Анткени «тилдесим» деген термин тилди 
үйрөтүүнүн практикалык жагын көӊүлгө алуу менен, тилди компетенттүүлүктүн негизинде үйрөтүүнү 
эске салып отурбайбы. 
Демек, профессордун аталган эмгеги өзүнүн маанилүү жаӊылыктары менен тилди үйрөтүү илимине өз 
салымын кошпой койбойт жана тил үйрөнүүчү окуучулардын тилдик жана кептин компетенцияларын 
калыптандырууда өз ордун табары шексиз-деп эсептейм. Анткени, А.В.Хуторскийдин көз карашына 
жараша, «компетенттүүлүк» деген– бул, адамдын инсандык жана предметтик, кесиптик 
ишмердүүлүктөрүн камтыган тиешелүү компетенцияларга ээ болууну билдирет. «Компетенция» менен 
«компетенттүүлүк» билим-билгичтик жана машыккандыктан (ЗУН) кыйла айырмаланып турат, ал 
үйрөнгөнүн турмуштук түрдүү чөйрөдө жана кырдаалдарда колдоно билүүсү, ал аркылуу тилдик 
аракеттерин практикалык негизде жүзөгө ашыруу ишмердигинин жыйындысы болмокчу. 
Сөзүмдү корутундулап жатып, буларды айткым келет: албетте, биз бүгүнкү коомдо тил үйрөтүү 
менен, жаштарга көп тилдүүлүккө жол ачууга, көп тил билүү менен турмуштук проблемаларын 
чечүүсүнө багыт берүүдөбүз. Ошону менен бирге, биз жаштарды тил үйрөтүү аркылуу көп 
маданияттулукка да тарбиялообуз керек. Бул көп тилдүүлүк маданияты менен көп маданияттуулук 
компетенциясы тууралуу ойлонууга алып келет. Байкабаган адамга-бул экөө бир проблема катары 
сезилет, көп тил билсе, көп маданияттуулук маселеси өзүнөн өзү чечилет-деп ойлошот. Жок, бул экөө эки 
башка проблема болуп саналат. Анткени көп тилдүүлүк меселеси тилди окутуу жана үйрөтүү 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   181




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет