Чынтемир Аскаров Атаман уурулардын тагдыры



бет4/10
Дата17.06.2016
өлшемі1.02 Mb.
#143314
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

– Өтө каардуу, катаал дейтко сизди? Чынбы?..

– Жалган айтып алдаган жалганчыларга, ичи бузук эки жүздүүлөр үчүн катаалмын. Эмесе мен деле сага окшогон кишимин да. Туура эмес иш кылып койсом жүрөгүм ооруйт. Капа болом, кайгырам. Ызаланганда буркурап ыйлайм. Кудайга жалынам». Экөө ушуларды сүйлөшүп кыя жол менен үйлөрүнө келишти.

Зыябү эже өз бөлмөсүндө экен. Көңүлдүү кирип келишкен экөөн көрөр менен жаркылдап жайнап ордунан тура калды.

– Тамак апкелейинби?

– Апкел бардыгын,– деп Акмолдо чечекейи чеч отургучка чалкалай отурду.

– Эмне, арактанданбы?..

– Жерге кирсин арак дегениң. Өлүп тирилбедимби,– деп Акмолдо куса таштап барып оңолду.

Бир бөлмөдө үчөө гана отурушту. Зыябү Кубандыкты өз баласындай көрүп, күн өткөн сайын энелик мээрими төгүлүп баратканын сезет. Анткен менен оюн айтууга эрки жетпей жүргөн. Эми оңтою келип турганда Кубандыктын каш кабагына көз кырын сала коюп анан сөз баштады.

– Бул үйдүн босогосун аттап келгениңден бери эки жылдан ашуун убакыт болду. Сен өз балабыз болуп калдың. Эми эч жакка кетпе. Бизге эле бала бол. Чын эле ата-энең жокпу?..

– Жок да. Болсо ушинтип жүрмөк белем. Аракеч агам бар болчу. Ал мени издеген жок. Мен да кайрылып барган жокмун.

– Баргың келеби?

– Алардан көңүлүм калган. Ошондой болсо да көрүп коюу керек эле. Деги аман-эсен жүрсө болду го.

Акмолдо ордунан ыргып турду да сейфти ача кет­ти. – Мына Кубандык акча десең мына. Эгерде алам десең баары сеники. Бир гана суранарым мага бала болчу. Өмүрүм баласыз өтүп, мураскорум жок болуп калабы деп корком. Өгөй дебейин сен мага бала бол.

Кубандык капысынан берилген бул суроого эмне деп жооп берерин билбей калды. Үн сөзсүз турган жигитти аскага камагандай болбоюн дедиби сөздүн учугун башкага бурду:

– Мен сага ишенем Кубандык, сейфдин бир ачкычы сенде болот. Керек болуп калса тартынба. Ала бер. Болгону Зыябүгө алган акчаңды жаздырып кой. Эсепсиз да дүнүйө болобу. Кайда чыгаша болгонун так билип жүргөн жакшы.

Кат-кат болуп, сейфте толуп турган акчаны көрүп Кубандыктын көзү чакчайып кетти. Бала болуп башына жүн чыккандан бери мынчалык көп акчаны көргөнү ушу.

– Ушунча акча туруп эски «Москвичти» айдаганыңыз кандай? Кыргыздар «Бир күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин» дешет. Колдо дүйнө болгондон кийин аны аяштын эмне кереги бар? Суудай жаңы иномарканы айдасаңыз жарашпайбы?..

– Жарашат дечи. Анда элдин көзүнө бат эле түшүп каласың. Менттер да шексинип калат. Кези келер. Экөөбүздүн жаныбыз аман болсо аны да минербиз.

Акмолдо сейфти жабары менен эки ачкычтын бирөөн Кубандыкка ыргытты.

– Атаман аке ачкычыңызды жөн эле коюңузчу. Керек учурунда акчаны сизден сурап алармын.

– Мен ишенип берип жаткандан кийин мыңкылдабагын. Алгын да, ачкычты бекем сакта. Бирөөнүн колуна түшсө кашыктап чогулткан дүйнөнү заматта шыпырып кетип жүрбөсүн. Акмолдонун кең пейилдүү­лүгүнө, Зыябүнүн боорукер экенине ушул убакка че­йин ишенбей келсе, эми күмөнү жок ишенди. Ушундай адамдардан да наадандык чыгат экен ээ деп ойлоп койду ичинен. Кайра турмуш өзү ушундай жолго алып келди да. Мен да жети атам иштебеген ишти иштеп жүрбөймүнбү деп Акмолдону күнөөлөбөй койду оюнда.

Ошентип Кубандык Акмолдонун үйүндө өз баласындай жашап калды. Зыябү энелик мээримин төксө, Акмолдонун мамилеси да андан кем эмес. Ошондонбу Кубандыкты уурулук ишке көп жумшабайт. Болгону Кубандык бир жумада бир жолу «Москвичке» эт жүк­төйт да, аны базарга сатып келет. Бир тыйынын калтырбай өгөй апасына өткөрөт. Зыябү ичинен кымылдап «кудай ай, балам болуп калса экен деп тилене берет». Эненин мээримин, атанын камкордугун көрбөгөн Кубандык үчүн чексиз бакыттай сезилет. Ошон үчүн алар кайсы гана жумушка жумшабасын даяр эле...

Машина айдап келатып кайрадан Нурду ойлоду. Эгер аялым болуп калса тууптуура Зыябүдөй мага күйүмдүү да, жароокер да болмок. Али да кеч эмес чыгар. Бишкекке барып, издеп таап сүйлөшсөмбү. Акча чөнтөктө толо эмеспи. Айтканын аткарсам, сый көрсөтсөм, жүрөгү муз эмес чыгар». Ушул ойго алаксып келатып кол көтөргөн эки кызды байкабай өтө берди. Бири Нурга түспөлдөшүп кетти. Машинаны лып токтотуп кайра артка айдады. Жок Нур эмес. Мурда көрүп-билбеген кыздар.

– Чоңташка барасызбы? – деди бирөөсү.

– Ооба.


– Ала кетесизби?

– Сиздердей чүрөктөрдү алып кетпегенде кимдерди алып кетмек элем. Түшкүлө айымдар,– деп сылык сыпаа сүйлөп кабинанын эшигин ачты.

Күзгүдөн эки кызды карап келатты. Бирин ичинен жактырып: «Өтө сулуу экен. Канткенде жүрөгүнө чок салар экем» деп ойлоп койду. Бирок алар эч нерседен бейкапар келатты.

– Айымдар таанышып алалы. Атым Кубандык. А силердикичи?.. Экөө тең ооз ачып сүйлөгөн жок. Машина жапжай жылып кабинада тынчтык өкүм сүрөт. Айыл болсо жакындап келатат. Кубандыктын болсо ансайын чый-пыйы чыгып ушул бойдон буларга жолукпай каламынбы деп тынчы кетет.

– Чоңташ айылынан болосуңарбы, же башка жерденсиңерби?

– Анын сизге эмне кереги бар. Ылдамыраак айдасаңыз.

– Машина бузулуп баратат. Ылдам айдоого болбойт,– деди жөн эле кыздардын эрте түшүп кетишерин каалабай.

– Анда бизди ушул жерге эле түшүрүп коюңуз. Мындан ары жөө деле барып калабыз,– деди сулуу кыз кабагын бүркөп.

– Менден ката кетип жатса кечиргиле айымдар. Деги ачык айрым отургулачы. Керек болсо силерди жердин түбүндө болсо да жеткирем. Эч бирөөгө чекеңерди черттирбей аман-эсен жеткирсем болобу. Мына сурооңор боюнча ылдам айдадым.

Кыздар көчөнүн ортосуна келгенде түшүүгө камынды. Кубандык машинадан түшө калып кабинанын эшигин ачты.

– Атыңарды да айтпай койдуңар го. Бирөөңөргө жигит болоюн десе...

Кыздар Кубандыкты теңсинбегендей түр көрсөтүп басып кетишти. «Ка-ап ушуларды ай, ушул айылда жашасаңар бир күнү колго түшөрсүңөр» деп тим болду.

Үйгө келгенде Акмолдо өзү тосуп алды.

– Кандай соода? Эт кымбаттап калыптырбы же?..

– Эт баягыдай эле киласы жүз элүү сом. Бирок бир койго банкрот болуп келдим.

– Эмне?!». Акмолдонун үнү катуу чыкты.

– Эмне болду дейсиз аке. Бир шүмшүк байкатпай алып кетиптир. Бардык туштарды сатып бүткөндөн кийин билип калдым. Акмолдо «аке» деген сөздү эми гана угуп отурат. Болгондо да Кубандыктын оозунан. Буга ичинен сүйүнүп жаңы эле келген ачуусу кайда тарап кеткенин билбей калды.

Үйгө киргенде төрдө отурган погондуу кишини көрүп жүрөгү селт дей түштү. «Бул адам бекер келген жок. Бир кылмыштын изи менен келген. Чаңыбызды асманга чыгарбаса болду» деп ойлоп койду ичинен. Бирок негедир жайдары. Астыга алып келген тамактан жеп, кээде гана кичинекей стакандагы аракты алкымына бир таштап коет.

– Баягы берген акчама ыраазы болбой калган экенсиң го. Мен сени кайра кайрылбайт экен дедим эле.

– Ал бергениң бир аттын эле куну. А сен канча атты курутуп жатасың?.. Экөөнүн ортосунда чымын учса угулчудай тынчтык өкүм сүрүп калды.

– Баягы Алапарды саттыңбы? – деди майор.

– Саттым ага сенин тиешең кайсы? Аларыңды алдың го, эми эмне келип отурганыңды билбейм. Ач көз экенсиң Бекмат.

– Оозуңа карап сүйлө. Эмесе дал ушул жерден кармап кетем!..

– Сен да оозуңа карап сүйлө. Кимдин үйүндө, кандай киши менен отурганыңды түшүнүп отурсуңбу! Азыр эле жаагыңды жап кылам!

Майор заматтын ортосунда ачуусу келип кыпкызыл болуп кетти. Тура калып муштап жиберерде Акмолдо шап колунан кармай калып артына сындыра бурады. Коргонуунун ыкмаларын силер гана эмес биз да үйрөнгөнбүз. Керек болсо силерден да күчтүү үйрөнүп алганбыз майор жолдош».

Кое бер эми колум ооруп кетти,– деп Бекмат бир колу менен жерди чапкылап жиберди.

Экөө кайра өз-өз орундарына отурушту.

– Баары бир Алапардын жарым акчасын бермейинче бул үйдөн кетпеймин,– деп Бекмат өжөрлөнө баштады. Экөө ушинтип чатакташып жаткан менен Кубандыкты чыгып кет дешкен жок.

– Тажаал экенсиң Бекмат, элүү миң сомго ыраазы болосуңбу?.. Мындан башка акча жок.

– Сенде акча жок болсо сууда балык жок. Экөөбүз кажылдашпайлы. Жүз миң сом бер. Болду, мен кеттим. Анан калса менин пайдам тийбей коебу.

Акмолдо аска зоолорго камалгандай айласы кетип турду. Анын айтканын кылбайын дейт эртең эле өз башына коркунуч келет. Бир жагы бир нерсе болсо кереги тиерин ойлойт. Ушинтип экөө бири-бирин алдыртан карашып бир саамга чейин үн-сөзсүз отурушту.

– Мейли майор аке, сенин чиниңди сыйлайын. Алапардын анча мынча акчасы сага буйрусун. Эми эр чекишпей бекишпейт» дегендей кенен отуруп чер жазалы. Зыябү, бол, бар тамагыңды досум экөөбүзгө жайнат. Мындайда Зыябүнүн колу колуна, бутуна тийбей кетет. Бат эле түркүн-түркүн тамакка дасторконду жайнатып, чайын куюп, столдун бир чекесине отура кетти. Бир оокумга чейин экөө чардашып, анан мурундаша өбүшүп, эс акылдарын билбей жатып калышты.

Эрте менен эрте турары менен Зыябү төшөнчүлөрдү жыйнай салып столго тамактарды жайнатып койду. Экөө баш жазышкандан кийин көпкө мамыр-жумур сүйлөшүп отурушту да, сыртта жүргөн Кубандыкты чакырып алышты.

– Жакшылап таанып ал Бекмат, бул менин балам, орунбасарым. Кокусунан бирөөлөрдүн «торуна» түшүп калса куткарууга жардамдашарсың дейм.

– Кадырыңыз жан болсун аке, ал турган иш. Сиз менен ушинтип тиричилик кылып жаткандан кийин аны кантип унута коеюн. Анын үстүнө сизге окшошураак экен. Оң бетиңде калы бар тура. Муну көрөрүм менен тааныйм да.

– Ооба, ооба таза болбосо калынан тааны. Экөө орунсуз эле каткырып күлүп калышты.

– Чай ичкиле, жаңы чай демдеп апкелдим,– деп Зыябү Бекматка пиаланы суна калды. Бекмат чардайган курсагын сылап отурган бойдон бир колуна пиаланы кармады. Чайды чайпалта аз-аздан уурттады да, анан чөнтөгүнөн акча сууруп чыкты.

– Зыябү кечетен бери чайыңды ичип жатам. Өтө ыраазымын сага. Эми муногу акча, чай пулуң болсун. Элүү сомдон бир пачке.

– Кыргызда мындай салт жок. Бул акча өзүңүзгө буйрусун. Албайм, алат деп ойлонбоңуз деп Зыябү ордунан ыргып турду. Акчаны столдун үстүнө ыргыта салып чыгып бараткан Зыябүнү Акмолдо токтотуп калды.

– Салтты эмне кылат экенсиң, келесоо катын. Бекматтын бергени кудайдын бергени деп ала бер. Ме-е.

Зыябү Акмолдонун алдында кың дей албайт. Акчаны кармаган бойдон сыртка умтулду.

Бекмат менен Акмолдо бир туугандардай коштошкону менен Акмолдонун жүрөгүн бир ой өйүгөндөн өйүп турду: «Каяктан таап алды биерде экенимди?» Түптөн Чоңташка келет деп ким ойлоптур. Мунун түбү жакшылык болбойт. Бекмат аркалуу башкалар келет. Шорумду Бекмат эмес, ошолор катырат. Койчу башымды азыртан катыра бербейинчи. Убакыт көрсөтөр»...

Бекмат кетери менен Маймыл жоодон качып келаткандай шашыла үйгө кирип келди.

– Эмне болду? Тынччылыкпы? – деди Акмолдо ал кирери менен.

– Үч жигитбиз тең кармалды. Бардыгыбыздын тамырыбызды кыюу үчүн катуу кысымга алып жатышат. Акча сунуш кылдык. Болор эмес. тигилер кыйноого чыдай албай коюп, баарыбызды айтып койбосо эле болду.

– Алар ким-кимдер?

– Казак Жүнбай, өзүбек – Топу, анан өзүбүздүн Өгүзбегибиз.

– Коркпо Маймыл алар өлсө өлөт. Биз жөнүндө ооз ачпайт. Бирок бул иштин түбү жакшы болбой отурат. Жанагы Бекмат бекер бизди таап келген жок. Изибизге түшө баштаган го алар. Эмне кылсак?.. Орун алмаштырсакпы? Акмолдо ойлуу Маймылга карады.

– Орун алмаштыруу жагын өзүңүз билесиз да. Бирок баягы биз сайрандап жүрчү 1992-жылдар жок. Улам кармалуулар көбөйүп, саныбыз азайгандан азайып баратат. Жолубуз кууш тартып, жайытыбыз азайып бара жатканын сезесизби Атаман аке?.. Акмолдонун бет териси дирт-дирт эте түштү.

– Эмне дейсиң Маймыл?! Бардыгын таратып жибер дегени келдиңби. Ошого баары макул боло алат бекен? Камалганы камалып, бирок башка колунда жок балдар ордун толуктап жатпайбы. Же алар ач жылаңач жүрүп кырылсын дейсиңби. Сен экөөбүздү ууру кылып энебиз төрөгөн. Ууру бойдон өлөбүз. Ал эми тигил үчөө үчүн сен күйүп бышпай эле кой. Алар өз казанында өздөрү кайнашат. Тирүү жүрсө акыры сен баскан босогону аттайт. Өлсө өздөрүнүн шору. Андан көрө айткын эмне апкелдиң?

– Апкелмек турсун көлөкөмдөн коркуп жүрөм. Менттер катуу көзөмөлдөн калышты. Эл да түшүнө башташты. Малдарын катуу карашып калыптыр.

– Суу жүрө-өк! Корко-ок! Тирүү өлү-үк! Акмолдонун ачуусу бетине чыгып, түрү суук болуп кетти.

– Чудейди чакыр деди Кубандыкка. Бир аздан кийин Маймылдын чыркыраган үнү угулду.

– Аке, эмне өлтүргөнү жатабы? – деди Кубандык.

– Жок балам. Өтө майышчаак болуп калыптыр. Балдар курчутуп коюшат,– деди Акмолдо.

Жашоо турмуш ойдогудай болгон менен кайсы күнү эмне болуп кетет болду экен деп кээде коркунучтуу ойлорго кабылып, жүрөгү титиреп кетет Кубандыктын. Бирок эми кайда барат? Качып, же кайсы бир себептер менен кутулуп кетүүгө болобу? Жок. Демек этиң да, бетиң да калың болуп, оорчулукту чым этип сезбей, эртеңки күндү ойлонбой, бүгүнкү күндүн эсеби менен гана жашоо керек.

Жаш жигиттин баралына келип, сүйүү кумарына тартыла баштаганын алда качан сезе баштаган Ак­молдо.

– Келин алам десең ушу жерге эле алып келе бер. Канча айткан менен өз баламдай болуп калбадыңбы,– деген. Кубандык Чоңташтык эки кызды көргөндөн бери көңүлү ачылбай, жабалактаган ойлорго кабылды да калды. Баарынан өзүнүн көңүлүнө жаккан кызды айтпайсыңбы. Чачтарын эринбей тал-тал кылып өрүп коюптур. Анан калса эки бетинин оттугун айт. Кыпкызыл алма. Кучагына кулап түшүп ошол алмадай беттен сорсоң ээ чиркин!..

Кубандык Чоңташ айлынан өтүп баратканда да, кайра кайтканда да машинасын жай айдап карап жүрдү. Бирок көрүнсөчү алар. Анткен менен эртеби кечпи ушул аймактардан кездешерине ишенип жүрдү. Тилегени эле турмушка чыкпай күйөөлөрү жок, бой болгой эле.

Райондун борборуна жакын жайгашкан базарга кирип баратып чоң кагазга жазылган жарыя кагазга көңүл бөлүп карап калды. 25-май. Райондун маданий үйүндө «жаштык» тобунун чоң концерти» – деп жазылып ылдыйраагында катышуучулардын сүрөттөрү турат. Жакшылап карап чыгып өзү сүйгөн кыздын сүрөтүн көрө калды. Экинчи кыздын да сүрөтү бар. Карачы мен издеген кыздар биякта турбайбы. Куда кааласа 25-майда жолугат экенмин деди ичинен. Соодасы бүтүп кайрылышка келгенде баягы эки кыз жол тосуп турганын көрдү. Алар кол көтөрбөсө деле машинаны так жанына айдап келип токтотту.

– Саламатсыңарбы, айымдар? – деп күлө кабинадан баш бакты Кубандык. Алар баш ийкеген болуп анан жигитти карап калышты. Көздөрүн балбылдаткан, жүзү жылдыздуу экенин кыздар эми гана баамдашты. Кубандык кичи пейилдик кылып кабинадан түшүп келди да, кыздардын тушундагы эшикти ачты.

– Кана кыздар отургула, Чоңташка баратам,– деди.

– Дагы баягы шалдыраган машинага түшө турган болдук ээ,– деди аты-жөнү белгисиз сулуу кыз.

– Шалдыраган менен жүрөгү таза, жүрөгү соо.

– Жүрөгү соо дейсиз, баягыда арабадай кылдырап калбады беле?

– Анда атайы кыбыратып айдагам. Силерди карап суктанып отургум келген.

– А-а ошондой дечи. Демек дагы суктанып... Кыбыратып айдап барат экенсиң да.

– Жок айымдар силер кандай айтсаңар ошондой болот. Кеттикпи?..

– Эмне кылалы Назик? Түшөлүбү? – деп суроолуу карады сулуу кыз курдашына.

– Ушул жерде тура бермек белек, жыла берели, алга жылгандын аты озот дегендей,– деди жанындагысы. Ошентип экөө тең машинага түшүшүп, Кубандыктын издегени табылып, көңүлү куунак машинаны айдап келатты. Сөздү эмнеден баштоом керек деп ойлонуп коет ичинен. Тым-тым ойногон балдардай болуп, үн-сөзсүз бир топ убакыт өткөрүп жибергенине кейиди.

– Назикти го таанып алдым. Ал эми сиздин атыңыз Акшоола турбайбы?..

– Аны кайдан билип алдыңыз?..

– Оюмда эч нерсе жок, базарга кире бериште эле афиша илинип, «Жаштар» тобунун концерти деп жазылып туруптур. Карасам бир топ балдардын ичинде экөөңөр эле экенсиңер. Экөөңөрдү ошол замат эле тааныдым. Ылдыйда аттарыңар турат. Ошондон Назик ким, Акшооласы кайсынысы деп ойлоп койдум эле. Мына эми ким-кимиңерди толук таанып алдым. Жакшы болбодубу. Тартынбай учурашып жүрөбүз.

Кыздар эч нерсе деген жок. Кайрадан тынчтык өкүм сүрдү. Айыл жакындаган сайын Кубандыктын кабагы бүркөлүп баратты. Жарым сааттай жол жүргөн менен али жарытылуу сөз айта элек. А кыздар болсо теңсинбегендей түр көрсөтүшөт. Анын үстүнө Нурдан бери кыздар менен сүйлөшкөнү ушу гана. Кыздардагы сүр мында да билинди. Антпесе баятан бери аны-мунуну айтып өзүңө тартып алат эле го. Чын-чынына келгенде бир аз сүйлөшө коюп кыздын жүрөгүн арбап алгандар канча. Чиркин ошондой талант Кубандыкта болсочу азыр.

– Кечириңиздер. сиздер районубуздун ырга шыктуу таланттууларынан болот турбайсыздарбы?..

– Таланттуу деген атка жетүү бизге кайда. Эптеп районубуздун мыкты артистерине кошулуп коюп жүрөбүз. Аларга кошулбай калууга акыбыз да жок. Акшоола болсо маданий үйүнүн бухгалтери, мен кызыл үйдө китепканачымын. Анча мынча ырдай коюп элге таанылып калыптырбыз. Айтоор «жаштар» бий-ыр ансамблинин артистери болуп жүрөбүз. Колуңуз бош болсо биздин концертке келиңиз,– деп Назик чечилип кетти. Акшоола оозуна талкан куюп алгансып дагы эле сүйлөбөйт. Мындан бөлөк сөз да болгон жок. Машина айылга кирип келип, кыздар түшүүгө камынды. Кубандык машинаны токтотуп, кабинадан ыргып түштү да, кыздар отурган эшикти ачты.

– Жакшы калгыла жолугушканча.

– Сизге рахмат!

Экөө башка сөз айтпастан колтукташып басып кетти. Кайда, ким менен сүйлөшпөсүн Кубандык эр көкүрөк. Ал эми соода сатык иштерине келгенде аларманды сөз менен байлап алат. Эми кыздардын алдында сөзгө чоркок, бүжүрөп калганына өзү да таң.

Машинаны ордуна коюп үйгө киргенде Зыябүдөн башка эч ким жок экен.

– Акем каякта? – деди кирери менен.

– Ал камалгандарды аракет кылып бошотсомбу деп кетти.

– Мага жумуш дайындаган жокпу?..

– Шаршембиде Пил келип акча таштап кетет. Жөн жайды сурасын. Муногу чиймени унутпай берип койсун деди. Кезектеги иш аракеттеринин багыттары болсо керек го.

Кубандык кур дегенде бир жума бош жүрөрүн ойлонуп сүйүндү ичинен. Болгону базар күнү койлорду союп сатып келет. А күнү тиги кыздар жолугуп калса канча кубаныч...

Кубандык ал күнү жарытылуу деле иш кылбады. Бир гана мал багылган сарайга барды да малчылар менен сүйлөшүп, иштерин текшерип анан тапшырма берип кайтты. Келери менен жумшак диванга кулап, алды менен Нурду, анан бүгүн жолуккан Акшооланы элестей кетти. Экөөн сулуулук жактан салыштырып көрдү. Акшоола караңгы түндү жарык, аппак нурун чачыраткан ай сыяктуу болсо, Нур чолпон жылдыздай сезилди кыялында. Кээде жакшы элестер менен жашаган да жакшы. Дал ошондонбу Кубандык уурутунан жылмайып, көзүн күлмүңдөтүп көпкө-көпкө шыпты карап жата берди. Таттуу кыялдарга батып, ар бир кадамында ээрчиген жүрөк үшүткөн коркунучтарды алыска-алыска айдап салгандай болду. Жашоосуна Акшоола гана кубаныч менен сүйүүнү, чөйчөгүнөн чайпалбаган бакытты алып келе тургансыйт. Жүрөгү алып учуп эртең эле жетип барып баарын-баарын айткысы келди. Бирок Акшооланын жактырбагандай мамилеси көңүлдү суутуп жатканына өкүнүп, үшкүрүнүп алды.

Ойлор түгөнбөй улам бир ойдон бир ойго чөмүлүп жатканда эшикти ачып Зыябү кирип келди.

– Жүр Кубандык чай демдеп койдум. Иче кой.

– Бир аз кое туруңузчу.

– Ботом чай муздап калбайбы. Куурдак да бышыра салдым эле. Кубандыктын таттуу ойлору таруудай чачылып ордунан ыңгыранып турду. Анткен менен Зыябүнүн өз апасындай чебелектегенине жүрөгү элжиреп кетти. Ошондо Алыкул Осмоновдун «Грунья Савельевнага» арнаган ыры эсине түштү.


Далай таттуу даам жедим колуңдан,

Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан.

«Начар экен бат оңолсун бала» деп,

Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан.


Ооба бул үйдүн босогосун аттаганда кандай эле. Илмийген узун бойлуу териси сөөгүнө жармашкан жан болчу. Эми мына боюна өңү келишкен сымбаттуу жигит болуп чыга келди. Мунун баарын Зыябү бакма апасынын жанында отуруп ойлоп жатты. Жакшылыкты, жакшылык менен кайтарармын. Бирок кантип?.. Уурулук жол мененби? Жок, тагдыр буйруп оң жолго салар мүмкүн мени. Ушинтип акчанын кулу болуп жүрө бербесмин...

– Эртеңкиге акча керек эле,– деди Кубандык.

– Сейфтин ачкычы өзүндө го. Ала бер каалашыңча. Канча алганыңды айтып кой мага.

– Анчалык деле көптүн кереги жок. Тааныш кыздарды сыйлап коеюн дедим эле.

– Аның жакшы экен. Кудай буйруп анын бирөө бизге келин болуп калса кана... Чай ичип бүткөндөн кийин Кубандык өз бөлмөсүнө кирди да кайтадан ойго чырмалып калды. Махабаттын илазатын өңүндө да, түшүндө да көргөн эмес. Эми Акшоолага жолуккандан бери эмне болуп баратканын билбейт. Аны көргүсү келип, жүрөгүнө чок салган карагаттай көздөрүн эстей берди диванда ооналактап. Бүгүнкү күн бат эле өтүп, эртеңки күн жаркырап тийсе экен деп самады. Анткен менен Акшоола жолугуп калабы, сүйлөшөбү ким билет. Мүмкүн сүйлөшүп жүргөн жигити болсо Кубандыктын сүйөмүн деп артынан түшкөнү бир тыйынга арзыбайт. Ушундай түпөйүл ойлор мээни чаккандан чагат. Башы ооруп чыккандан айласы кетип эшикке чыкты. Капырай бүгүнкү күндүн узарып кеткенин айт. Минтип ойлой берсе түн да узарат. Эрте менен арак ичкен кишидей болуп көздөрүн шишитип Акшоолага барабы? Алкаш экен деп ойлоп калсачы...

Ушул арада Пил келип калды. Маанайы көтөрүңкү. Казахстандын Чөлдаласына барып жолу болуп кайткандыгын, он миң доллар таап келгендигин айтып бежиреп кирди.

– Ошентип тигил үчөө кармалып Атаман ошол жакка кетти дечи. Бирок ай ким билет бошото койбос. Улам мамлекетибиз бекемделип бизге окшогондорду катуу кыса баштабадыбы. Чиркин СССР дегениң кулаган мезгилде бизге окшогондорго кандай жыргал эле. Рекеттер күчөгөн учурду көзгө элестетсең. Элдин колунан көрүнөө тартып алган менен эч ким эч нерсе дечү эмес эле го. Ошону мына мен өз көзүм менен көрдүм. Эми абайлабасак бизге өтө кыйын.

– Пил, канча жыл болду бул ишке аралашканыңа?

– Он эки жыл.

– Кармалган жоксуңбу?

– Кармалгам. Беш жылга кесилдим. Бир жылдан кийин Атаман аке бошотуп алды. Эмне кылып, кантип бошотконун ушул убакка чейин сураган жокмун, ал да айткан жок.

Кубандык Пил экөө үйгө киришти. Сумкадагы акчаны санабай туруп столдун үстүнө таштады. «Он миң доллар». Кубандык да санаган жок. Сейфти ачты да, салып таштады.

– Муну белгилебесек болбойт,– деп Пил сумкасынан алып бир бөтөлкө кыргыз коньягын койду.

– Менин ичпесимди билесиңго. Билбейм муну эмнеге эле көтөрө чаап жатасың.

– Экөөбүз дагы ушинтип бет маңдайлаша отурарыбызды бир кудайдын өзү билет. Эч болбосо бир стакан алып коесуң. Анан ичпесең мейли. Пил жанын койбосун билип:

– Ач анда коньягыңды деди. Ушул учурда Зыябү баш бакты.

– Балдар эмне жейсиңер? Заказ бергиле.

– Бизге эч кандай тамактын кереги жок. Бир тарелкага колбаса апкелсеңиз эле болду. Пил өз үйүндө отургансып жүктөгү жаздыкты чыканагына коюп камырабай сүйлөдү.

Экөө бир стакандан ичкенден кийин баягы мушташ­кан­дары жөнүндө дагы сөз кылышып отурушту. Күч жагынан мен күчтүү болчумун, жеңүүгө толук мүмкүн­чүлүгүм бар эле деп Пил мактанса, Кубандык да андан калышкан жок. Сенин күчүңдүн бир тыйын да пайдасы жок. Иле керек. Мен сени үйрөнгөн илем менен жыктым. Экинчи мага чыгам деп ойлонбой эле кой деп мактана кетти. Экөө эмнени айтышса да чатакка айландырышкан жок.

– Келечектеги келинчеги үчүн дагы бир стакан. Эми муну албасаң болбойт деп Пил кайрадан кыйнай баштады.

– Айтканың келсин алайын, анан кыйнабайсың,– деди Кубандык.

– Ооба, ооба кыйнабайм,– деген менен бөтөлкөнүн түбүндө али көп арак бар болчу. Кийин жагында Кубандык чечилди.

– Эми ташы калдыбы түбүнө чейин ичем деди. Ал күнкү ичкен коньягы мүрөк суудай эле болду. Эч кандай ой санаасыз уктап калып эрте менен бир ойгонду.

«Арак дегениң да дары болот турбайбы» деп Кубандык эрте менен сергек ойгонду. Үстү башын ыраатка келтирип эч кандай иши жок болсо деле райондун борборуна көздөй жол тартты. Машинасын маданий үйүнүн жанына токтотуп, имаратка кире бергенде Назик жолугуп калды.

– Акшоола кайда? – деди учурашкандан кийин.

– Репитицияда. Он күндөн кийин концерт берет эмесписпи. – Жолуктура аласыңбы?

– Анда проблема жок. Залда болуш керек. Мен деле сенин алдыңда келдим.

Экөө залга киргенде Акшоола бир жигит менен бийлеп жатыптыр. Музыканы бийик чыгарып алышкан. Жигит белинен сыга кучактап алса Акшоола жигиттин көкүрөгүнө башын коюп рахатка балкыгандай мемирейт. Булардын кирип келгенин сезишсечи. Кубандыктын ичи өрттөнүп чыгып, эмне дээрин билбей нес кишидей болуп туруп калды. Бир убактан кийин гана:

– Бул жигит ким Назик? – деди.

– Биздин режиссер.

– Эмне Акшоола ушуга турмушка чыкканбы?

– Жок. Тиги киши үй-бүлөлүү.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет