Чынтемир Аскаров Атаман уурулардын тагдыры



бет1/10
Дата17.06.2016
өлшемі1.02 Mb.
#143314
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   10


© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес

Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 22-октябры



Чынтемир Аскаров
Атаман уурулардын тагдыры

Жазуучу, акын Аскаров Чынтемирдин «Сүйүү баяны», «Белгисиз кыздын махабаты» аттуу прозалык китептери окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынган.

«Атаман уурулардын тагдыры» повестинде ата-эненин тарбиясын көрбөгөн жаш баланын уурулук жолуна кандайча түшүп, аягы оор трагедия менен бүткөнүн автор ишенимдүү берген. Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар.

Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: – 2008. – 188-б. китебинен алынды


УДК 821.51

ББК 84Ки 7–5

А 92

ISBN 978–9967–24–816–2



А 4702300200– 8
Нускасы 200 даана

------------------------------------------------------------------------------------------------------



Мазмуну


  • Атаман уурулардын тагдыры (повесть)

  • Жибибес жүрөк (пьеса)

  • Чаар тоок (юмореска)

  • Бала кудурети (аңгеме)

  • Тору айгыр (аңгеме)


Атаман уурулардын тагдыры

(повесть)
Кубандык үйдүн астындагы секичеде куш жаздыкты чыка­нагына коюп, тээ бир убакта үйрөнгөн «Алмашым» деген ыр­дын обонун сызылта ышкырып, эч нерседен капарсыз, көңүлү бир башкача кушубак болуп отурду. Аялы арыраакта эле казанга эт салып бүл­күлдөтө бышырып отурат. Чиркин, бул дүйнө кээде оттон алып чокко салса, кээде жылдызыңды жаркыратып рахатка балкытып коет. Кубандык дал ошол жан дүйнөсүн балкытып рахатка кабылып отурганы бекеринен эмес. Көптөн бери коркунуч коштолгон уурулук иштерден алыстай түштү. Анын үстүнө «бөрү» достору «Ден соолугуңузду чыңдап алыңыз. Карачы Карасай жайлоосу жердин бейиши турбайбы. Биз деле азырынча иш жүргүзүп, кезек-кезек келип кол берип турабыз»,– деген. Айрыкча тынч жашоо сергектентип жибердиби айтоор жүрөк оорусу да кармабай шайдооттоно түштү. Ошондо кайнатасы Алыкенин сөзү кулагына жаңырып жаткандай болду: «Адам келечегин карап жа­шайт. Ал эми ууруда келечек жок. Эгер буга чейин уурулук кылсаң, мындан ары таштасаң да жаман эмес. Тынч жашоонун өзү чоң дөөлөт» деген. Анан өзүнүн айткандарын эстеди: «Эгер тигилерден аман-эсен кутулуп кетсем, эл катарына кошулуп, ак мээнет менен жашоого аракеттенем». Бирок кайнатасынын астында берген убадасын аткарбай келет. Канчалык «бөрүлөр» уюмунан чыккысы келген менен аларга чечкиндүү эч нерсе айталбады. Атаман катары сыйлап, бөжөңдөп кулдук уруп турушканына жүрөгү жумшара түшүп, дагы иштеп турайынчы, убакыт өзү көрсөтөр деп тим болот.

Кечээ жакында эле Казакстандан Желмаян келип он миң доллар акча таштап кетти. Алар апкелген акчаларды Кубандык сейфге салат да, каякка жумшаарын ойлоно баштайт. Кадыр баркы алыска кетип түндүгүнөн акча куюлуп турган убакта секичеде отуруп «Алмашым» ды сызылта ышкырынып отурганы ушундан.

Мына Төөкуш да машинасын айдап келип калды. Ал чалкалап жаткан Кубандыкка келип салам берип, салынган төшөктүн үстүнө отурду.

– Кандай Төөм? Эми келдиңби? Эмнеге кечиктиң?!. Кубандыктын ачуусу келгенин көрүп, Төө бозоро түштү. Мындайда андан жакшылык күтүүгө болбойт. Каяша кылдың дегенче жарык дүйнө менен кош айтыша бер. Бычагын кынынан сууруйт да атып калат. Ошол жерде эле жан бересиң. Бирок көңүлү куунак отурган Кубандык анчалык катуу ишке кете албады.

– Кечириңиз,– деди Төөкуш,– Он беш топозду саткандан кийин сиздин кайда экениңизди билбей калдык. Акча деген акча. Суудай агылып кете берет экен. Чөнтөгүбүз жукарганда гана кайрадан чогултканыбыз ушу болду,– деп акча салган сумканы Кубандыкка жылдырды.

– Бул канча?

– Үч жүз миң.

– Бали, түгөл апкелген турбайсыңбы! Мына жүз миңин силер, үчөөңөр бөлүп алгыла, – деп бир таңгак акчаны Төөкушка ыргытты. Төөкуш жүз миңин кайрып берет деп ойлонгон эмес. Акчаны кеч апкелгенине күнөөлүүдөй болуп башын шылкыйтып отурган. Эми бозоргон жүзүнө кызыл кирип, Кубандык менен чер жазыша сүйлөшүп отурду.

Алардын күлкүлөрү калың чыгып, көңүлдүү отурушкандыктарына Зейне да курсант. Ошондонбу оттун башында күйпөлөктөп жүргөнү менен ал да бир нерселерди болор болбос үн чыгарып ырдап коет.

Төөкуш тамакка аярлабай, чай ичери менен кетип калды. Кубандык баятан бери жанында ойноп жаткан эки жашар баласына эми гана көңүл буруп, колтугунан көтөрө сала алдына отургузду. Аталык мээрими агылып «Менин балапаным, менин орунбасарым, менин алтын туягым» деп элжиреп эзилип кетти. Зейне муну көрүп жылмайып күлдү да:

– Көбүрөөк эркелете бербесеңчи акеси. Кийин эрке болуп, гулиган болуп чыкпасын. Анда шорубуз шорподой кайнаганы ошол. Өзүбүзгө атылып балээ болот.

– Эй жаман катын, сен эмнени билесиң. Балаң шок болсун, шок болбосо жок болсун дээр эле агам. Ошол сыңарындай шок болгону жакшы. Эч кимге жемин жегизбей, кайра бирөөнүн жемин тартып алат!

– Сөзүмдү жактырбай кызарып-татарып алыпсың да, койдум эми, койдум,– деди Зейне.

Тамак жеп бүткөндөн кийин Зейне идиш аягын жууп жатканы менен улам көз кырын салып күйөөсүн карап коет. Бат эле баласын эсинен чыгарып ойлуу отурду Кубандык. Ооба, ойлуу эле. Кудай таалам бул жаркылдаган, кайгы капага кабагым кашым дебеген жарына качан жана кайдан жолукканын бир баштан ойлоп жатты...

...Мындан мурдараак жылдары ээн жайылып жүргөн аттардын төртөөн кармап, он беш топозду айдап кетишкен. Анын жиги билинбей акчага карк болушкан эле. Азыр жакшылап санап көрүшсө андан бери беш жылдай убакыт өтүптүр. Кынуу алган топ кайрадан баягы жерге келишти. Аттар да, топоздор да жер ооштурган менен Жайыктөрдүн беткейинде мурдагыдан аз эмес малдар ээсиз жайылып жүрүптүр. Такшалган уурулар бат эле төрт атты кармап, жыйырма баш топоздорду айдап жөнөштү. Артынан кууган куугунчулар жок ыраса оңтойлуу болду бейм, шашылбай айдашып ире-ширеде Суусамыр жайлоосуна жете келишти. Бийик тоонун аркы белине малдарды таштап коюп, кылда чокудан өздөрү жай алышты.

Жайдын түнү айтса айтпаса да укмуш! Тоо гүлдө­рүнүн жыты айдарым соккон жел менен келип мурдуңдан өрдөп жан сергитет. Жол жүрүп чарчанып калган төртөө күн көтөрүлө бергенде гана уйкудан турушту. Тура калып аттарды карашты. Аттар тушалуу эле. Алыс кетпей ордунан козголо элек топоздордун жанында оттоп жүрүшүптүр. Көңүлдөрү куунак бар тамактарын ортого коюп жеп, ичип отурушту. Чындыгында мындан ары бара турган жери эки сааттык эле жол. Аерге жетсе эле малдар союлат да, машинага жүктөлүп Ош базарына кирип барышат. Бирок үч уктаса түшкө кирбеген иш. Жылга менен өткөн жолдо милициянын машинасы токтоп турат.

– Изибизге түшкөн экен шүмшүктөр! – деп Кубандык ызырынып алды. Машинадан пагондору бар алтоо түшүп эки жакты карап турушат.

– Эмне кылабыз Атаман? Кармала турган жерибиз ушер экен го,– деп Төөкуш алаңдады.

– Акмаксың Төөкуш! Төрт тарабың тең куула болуп турса кармалган жерибиз ушу дейсиң!

– Машинадан алты адам түшпөдүбү. Баардыгында тең курал бар. Бизди аяп коебу. Көрүп калса эле баарыбызды чымчык аткандай торойтот.

– Жүрөгү жок айба-ан! Мындай иштерди башыңдан өткөргөн жок белең? Былжырабай малдарды айда. Жылгадагы карагандын түбүнө барып мени күткүлө. Мен буларды алаксытып турайын.

– Сиздин мында калганыңыз кооптуу. Ошондуктан биз сизди жаңгыз таштап кете албайбыз. Андан көрө куруп кеткир бул топоздорду таштап атты минип качалы. Тиги менттер өздөрү жейби, ээсине айдап береби алардын иши. Кетели Атаман?..

Кубандыктын өңү өзгөрүлүп, жини кайнап чыкты.

– Силерге эмне деп жатам! Айттымбы болду! Жөнө­гүлө!..

Менттер шашылган жок. Жылгадагы сууга барышып, бел курчоосуна чейин чечинишип жуунушту. Дасторконду жайышып тамактанышты. Каткырып сүйлөшүп отурушту. Бул арада тиги уурулар жылгадагы топоздорду айдап бийик чокулуу тоодон ашып кетишти. Буга ичинен сүйүнүп, Кубандык чөптүн арасынан тигилердин кыймыл аракетин карап отурду.

Менттер дасторконун жыйнашып, топтолуп калышты. Сөөмөйлөрү менен жаңсашып бир демелерди айтып жаткансыйт. Бирөөнүн кабинадан дүрбү ала чыкканын көрдү. Дүрбүнү дароо Кубандык жакка түздөдү. Кубандыктын караанын байкап калдыбы өз ара дүрбөлөңгө түшүп калышты. Кубандыктын жүрөгү оозуна каптала түшүп «кудайым, эми жаратканың чын болсо, жар боло көр» деп колун көктү созо жалынып жалбарынып жиберди.

Кубандык «эми эмне кылуум керек?» деп катуу ойлоно баштады. Болгону канжыгасында эки учтуу бычактар бар. Аны жакын аралыкта гана пайдаланса болот. Ок менн теңештирүү кайда. Кокус бирме бирге келип калса бычактын зор мүмкүнчүлүгү бар.

Ошентип менттер дүрбөлөңгө түшүшүп, кээде ок атышып, Кубандыкты көздөй жөнөп калышты. Кубандык эми бардык акыл, ою менен иштөө керек. Канткен менен өмүр же түрмө башка келип турбайбы.

Менттер жол тандабай түз эле өйдөгө бет алышып келатат. «Жакындай бергиле, эми көргүлүктү көрөсү­ңөр» деди ичинен. Чоң-чоң таштарды жыйнап кулатып кирди эле тоо ичи дүңгүрөп кетти. Шагыл таштар сел сыяктуу агылып бешөө тең таш бараңга туш болушту. Тоонун бети чаңып кетип, бир аздан кийин тигилердин карааны көрүнө баштады. Бешөө тең этеке түшүп калыптыр. Бири-бирин сүйөп-жөлөп машинанын далдаасына жеткендей болду. Машинанын капотуна бир чоң таш тийген окшойт, мыйрыйгандан мыйрыйып калыптыр. «Чала силерге» деп күбүрөнүп алды да көзүн албай карап отурду.

Тиги тоонун кыры менен келаткан жигитти жакшы тааныды. Жамбай Жапалаков. Ички иштер бөлү­мүндө кылмыштуулук боюнча тергөөчү. Келгенине бир аз гана жылдар болгон менен ички иштер бөлү­мүндө чоң кадыр баркка ээ. Анын жетекчилиги менен кылмышкерлердин эки чоң тобу кармалган. Ошондонбу, же өзүнүн жүрүш турушунанбы кесиптештери Куюн деп коюшат.

Баятан бери эч нерсеге көңүл бурбай өйдөгө далбасалаган Жамбай тигилердин кыйкырган үнүн угуп тып токтоду. Бурула бергенде кол булгалап жаткан жолдошторун көрдү. Бир аз кылчая карап турду да, жини келгендей колун шилтей артка чегинди. «Кудайым мында да бир колдодуң» деди ичинен Кубандык. Эми шашылыш жок эле. Тоонун кырынан алардын эмне болуп жатканын кызыгуу менен карап отурду. Үчөөнүн бирөө аксаңдап келип машинанын ичине кирип кетти. Экөө оор жаракат алса керек. Аларды сүйрөп келишип төшөктүн үстүнө жаткырышты. Жаракат алган жерлерин таңышып үчөө ташка көчүк баса отурушту. Кыясы бир гана Жамбай соо болсо керек. Ал чаканы алып өзөндөгү суудан апкелди да, тигилерге суу берип, машинанын капотун ачты. Айнектери да талкаланган окшойт чакага бирдемелерди салып, ары жакка апарып төктү. Жамбай нес болгон кишидей көпкө чейин карап турду да, анан тигилердин жанына келип бирдемелерди айткандай болду. Кыясы машинанын мотору да «соо» эмес болсо керек. Кубандык алардын жакында бул жерден кете койбосун түшүнүп, ууру-кески жигиттерин көздөй бет алды...

...Кубандыкты тааныган соң мал айдап келген үчөө бадалдын арасынан чыга калды.

– Кандайсыз атаман аке? Баары жайындабы? – дешип экөө тең жарыша сүйлөдү.

– Баары жайында. Силер отура бербей малды ай­дагыла. КАМАЗдын шоферу Жарташта күтүп отур­гандыр.

– Сизчи?

– Мен ушерде калам. Тигилер сөзсүз бул жерге келбей койбойт. Жолун тоспосом силерге жетип алышы мүмкүн.

Мен эле калайынчы,– деди Түлкү. Чынында ар бир уурунун өз атын менен атабай ар бирөөнө кличка коюп алган. Мунун себеби да бар. Баягы бир жылы түнкү уурулукта Сабиркан деген жигиттин атын атап коюп, шоруна калышкан. Менттер ар кимден сураштырып жүрүп таап, кылтакка түшүрүшкөн. Кийин камап коюшуптур. Анын аты жыты ушул күнгө чейин жок. Ошондон бери Кубандык өз атыңарды атабай жүргүлө деп катуу эскертип келет.

– Айдагыла дегенде айдабайсыңарбы. Айттым го бул жерде мен калам деп!

Түлкү Кубандыктын кабагы түнөрө түшкөнүн көрө коюп:

– Мейли, мейли атаман аке. Мен сизди аяп жатпаймынбы,– деп тим болду.

Бир нанды тең бөлүшүп жеген достору малды айдап кеткенден кийин өзү кийимчен чөптүн үстүнө жата кетти. Уурунун жашоосу иттин турмушунан да жаман экенин эми сезди. Анткени бир айдан бери дал ушундай турмушту башынан өткөрүп келет. Жегени каткан нан менен, ичкени муздак суу. Төшөнчөсү какырап калган кара жер. Күндө ар нерседен кооптонуп корко бергениңди айт. Өзүнөн өзү нерв чыңалып, жаныңды жеген ойлор башыңдан кетпей калат. Кан тамырыңдын басымы күчөп, муштумдай жүрөккө күч келген күндөр аз эмес. Бирок арам тамактар алкымдан өт­көн­дөн кийин рахатка малынбай кое албайсың. Капчыгың акчага толуп кандай сайрандайм десең ошончо сайрандоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бир жаман жери элге окшоп мал күтөм, байлыкты топтойм дебейсиң. Бүгүнкү тапканыңды жеп ичип бүтүрсөң, эртең дагы бир жерден кудай жеткирер деп жашай бересиң. Мунун аягы ка­пастагы чымчыктай торго түшүп, же өлүм менен бүтөт.

Деги өлүм менен ойногон бул балээ жолго кайдан түштү?.. Бул суроо башына келе бергенде таштай муздак сууну ичкендей ичиркене түшөт. Жок, эгер эл катары жашаган үйбүлөдөн болсом, мындай ишке барбайт белем. Турмуш мени ушуга алып келди деп күң­гүрөнүп алды да, анан байыр алган карагандын түбүндө азыркыга чейинки турмушун эстей баштады...

...Кубандык ата-энесинен эрте ажырап агасынын колунда өстү. Агасы ичкиликке берилип, атасынын заңгыраган чоң тамын сатып, акыры жепирейген жер тамда жашап калды. Анысы аз келгенсип, күндө арак издеп тентип кетет. Кечке аялы экөөнүн чатагын кое кал. Жаман тамды башына көтөрүп түнү бою урушуп, чарчаганда барып укташат. Табылса аялы да кошо ичип, а күнү Кубандыкта тынчтык жок. Тамак ашы да жыргаган эмес. Чай, наны жок күндөр өтөт. Таптаза сыйпаланып акчасыз отуруп калганда ушул айылда фермер болгон тайкесине барып калат. Тайкеси жакшы көрмөк беле. Окшото тилдеп:

– Аракты таштап адам бол. Эл катары тирлик кыл. Экинчи келбе,– деп унун берип убадасын алып жөнөтөт. Бирок алкымы куурап арак ичкиси келип турганда, тайкесинин айтканына көнмөк беле. Кайра эле баягы көйгөй. Кубандык бул турмушка мектептен 7-классты бүтүргөнчө зорго чыдады. Анан Бишкек шаарына келип тентип жүрдү. Өзүндөй балдар аз эмес экен. Алардын бири: «бут кийим тазалап акча таппайсыңбы. Мына мен күнүнө жетимиш, жүз сомго чейин табам. Базардан каалаганымды алам деп мактана кетти. Эртеси эле Кубандык отургуч, щеткаларды таап жолдун чекесинде отуруп калды. Тааныш адамдар көрсө эмне дейм деп уялганын айтпа. Бирок өзүн өзү бакпаса ага ким жардам бермек эле. Масканы беттен шыпырып алган адамдай уят-сыйытты коюп бат эле ишке көнүп кетти. Биринчи күнү тапканына май нан алып, автовокзалдын бир бурчуна отуруп алып жеди. Эртеси акча тапкан жакшы турбайбы деген ойго келип, күн чыга электе Ош базарынын жанынан орун таап отуруп калды.

Арадан бир канча айлар өтүп, Кубандык эми өзүн ээн эркин сезе түштү. Өзүнчө достор күтүп, иштен кийин арактан кылт эткизип коюп чылым чеккенди да үйрөндү. Мушташса мушташып, оозу башы канжалаган күндөрдү башынан өткөрдү. Өзү да далайды ыйлатып жанын көзүнө көрсөткөн убактар болду. Мындайда күчтүүлөр күчсүздү басынта берет тура. Кээ бир күндөрү өзүнөн кичүүлөрдүн акчасын тартып алып, щеткалаганды коюп тим эле көөдөнүн көтөрүп басып калат.

Кубандык бара-бара аз акчага алымсынбай калды. Бир күнү тачка сүйрөгөн баладан:

– Бир күндө канча акча табасың? – деп сурай калды.

– Үч жүз, беш жүзгө чейин таап алууга болот,– де­ди ал.

– Жакшы турбайбы. Мындай болсо щеткалаганды урганым жок. Андан көрө тачка алып берүүгө жардамдашчы, иштейин.

– Жашсың го Кубандык. Тачканы сүйрөш үчүн өгүздөй күч керек. Ал сенде жок.

– Азыраак кыйналармын. Анан үйрөнүп кетем. Буга ишенип кой.

Тачкачан жигит ошол күнү эле тачканы Кубандыкка алып берип сүйүнтүп койду. Ал жигит туура айтыптыр. Беш жүзгө чейин акча таап, кутула тургандыгына ишенип бирөөдүн квартирасына орношту. Үйдө бети колун жууп, ак шейшепке жатып жыргап калды. Тамак жасоо деген ойго келбейт. Базардан аны мунуну шам-шуң этип тоюп алат. Кечинде кеч барып, таң заардан жумушуна жөнөйт. Акчасы эки миң сомго жеткенде негедир иштегиси келбей көңүлү ачылып бош жүрүүнү самап калды. Кечке маал кафеге кире берип, бурчта отурган кызды көрдү. Тамагын алып түз эле ошонун жанына отурду. Кыздын сулуулугу Кубандыкты таң калтырганы менен андан ийменген жок.

– Карындаш таанышып алалы. Кайсы бир жерлерде жолугушуп каларбыз. Ошондо саламдашканыбызга да жакшы. Менин атым Кубандык. Куба деп коюшат жолдош балдарым.

Кыз өзү курактуу жаш баланын эмнеге таанышкысы келгенине түшүнбөй оюна эч нерсе кирип чыкпай өң түспөлүнө карап тим болду. Чынында эле Кубандык келишимдүү бала эле. Коюу каштарынын астында кирпиктери төгүлүп, көздөрү балбылдап жанып турчу. Ак саргыл иреңине эки бетиндеги кызылы атайылап боек сүрткөндөй көрүнүп, жылдызы жанып сүйгүнчүк көрүн­чү. Айрыкча тачка сүйрөп табыштуу болгондон бери өз боюна карап бетинен нур төгүлүп, өңдөнө түшкөн. Ошондонбу кыз чыны менен эле таанышкысы келип:

– Атым Нур. Эч кандай кошумчасы жок эле Нур,– деди.

– Жакшы. А сен окуйсуңбу?

– Кызыксың. Окубай коймок белем. 168-мектептин 10-классында окуймун. Сен эмне окубайсыңбы?

– Менин багар кагар кишилерим жок Бишкекке келгем. Келгеним жакшы болуптур. Өзүмө ылайыктуу жумуш таап алдым. Эч кимге кор эмесмин. Өзүм менен өзүммүн.

– Окугуң келеби? Менин атамдын агартуу Министерствосунда досу бар. Ал сага жардам берет.

– Кантип окуйм. Мен быйыл он биринчи класста окушум керек эле. Зоңкоюп 7-класска барып отуруп калсам балдардын баары күлөт ко. Эми тагдырымдан көрдүм. Ага баш ийбеске арга жок.

– Аның да туура. Бирок окусаң жакшы болот эле го,– деп тим болду кыз.

Экөө тамак ичип бүтөр менен орундарынан турушуп сыртка чыгышты. Кыздан «үйүң шаарда туруп кафеден эмнеге тамактанып жатасың?» деп сурайын деп сурай алган жок. Акчасы көп бай адамдын кызы го деп койду ичинен.

Жайдын ыссык күнүнөнбү кыз төшү ачык, жеңи жок кыска көйнөк кийип алыптыр. Жаңыдан толо баштаган «эки алмасынын» чети Кубандыктын көзүнө илине калып, кызыктыра коет. Андан да эки бутунун сан жагын айтпайсыңбы. Сүттөй аппак. Адам баласы сулуулукка ушунчалык куштар боло тургандыгын эми сезди. Кубандык кыздын өңүнө жараша мүчөсү төп келип турганынанбы айтоор өзүнөн өзү ага тартылып баратты. Кыз болсо эч нерседен капарсыз катарлаша басып Кубандыктын суроолоруна жооп берип тим болот.

Экөө аялдамага келишти. Арыраакта эле бал муздак сатылып жатыптыр.

– Нур, жүрчү бирден бал муздак жейли,– деп Кубандык Нурдун колтугунан кармай калды.

– Койчу. Жөн эле койчу. Башка күнү жээрбиз,– деп Нур кетенчиктеди. Ага Кубандык болбоду. Камоктогу аялдан бирден эмес экиден балмуздак алып столдо отурган Нурга алып келип берди.

– Сүйлөшүп отурайынчы деп атайы экиден алдым. Анткени бүгүн сени көрүп отурсам, эртең таппай ка­лам да.

– Эмнеге? мектебимди айттым го. Аерде адашып жүрсөң мен өзүм эле таап алам.

Кыздын тамашөкөй сөзүнө Кубандык каткырып күлүп калды. Ага кошулуп кыз да күлдү. Деги ачык да, шайыр да экен. Кубандык бала болуп чоңойгону мындай жагымдуу мүнөз кызды биринчи ирет жолуктурушу. Анын үстүнө кыз жандап ага кызыгуусун артканы эми гана болуп отурбайбы. Бакытты издеп тапсам экен. Бакытка жетсем экен дечүмүн. Бакытың жакшы адам менен сүйлөшүп кумардан чыкканың турбайбы. Карачы бул кыз мага канча кубанычты тартуулап отурат деп ичинен ойлонуп отурду. Кыз мындай ойлордон алыс болчу. Окуган классташтарындай көрүп, жылуу мамиледе болуп отурду.

– Кетели,– деди кыз ордунан козголуп. Кубан­дык да ордунан туруп, экөө аялдаманы көздөй бет алышты.

– Үйүңө чейин узатып коеюн.

– Жо-ок. Атам маршрутка айдайт. Тамагың ичип ушул жерде туруп тур деген. Баятан бери эки айланып койгон болуш керек. Азыр мени ойлоп үкү-түкү болуп келаткандыр. Мени урушса сени көрсөтөм, ушу күнөө­лүү деп. Макулсуңбу?..

– Макулмун. Урсаңыз мени уруңуз. Нурга тийбеңиз деп башымды тосуп берем. Экөө тегерегиндеги элдерге карабай күлүп калышты. Анан ак түстүү маршрутка келип дал кыз турган жерге келип токтоду.

– Кайда жүрөсүң! – деген атасынын ачуулуу үнү чыкты.

– Кайда болмок элем. Классташым жолугуп калды. Бал муздак жеп отуруп калдык. Классташым титиги турган бала.

Атасы башын шылкыйтып турган Кубандыкты көрдү. Сениби дегендей сөөмөйүн кеседи. Бирок Кубандык аны оюна да алган жок. Машина жүрүп баратканда кыздын кол булгалап айнек жакта турганын көрүп, жооп кылгандай чөнтөгүндөгү бет арчысын алып булгалап калганга үлгүрдү.

Кубандык үчүн бул күн укмуштуудай сонун күн болду. Аны түнү менен элестеткен менен бүтпөстөй. Эртең жолугар бекем. Табар бекем. Мен таба албай калсам издээр бекен. Адашып кетсең өзүм таап алам дебеди беле. Мектебине барсам танапис убагындабы, тарарыңдабы мени таап алар деген ойлор менен төшөгүндө бат эле уктап кетти.

Эртеси таң атып ата электе жумушка жөнөдү. Дал ушул маалда эт базарында кыймыл күчөйт. Бирөөлөр машинасы менен кире албай жатканда тачкачан балдарды жалдай салат. Кээлери өзүн бай көрсөткүсү келип элүү сом же жүз сомун суна калып «Ушу жетеби?» деп калат. Мындай эки-үч киши болсо эле жетишет. Бир эки сааттын ичинде эле жарым күндүк акчаны таап алганың.

Эрте келгени жакшы болгон. Сырттан базардын ичине үч кишинин этин ташып бир заматтын ортосунда үч жүз сом акча таап алды. Автовокзалдан Ош базарына чейин эки кишинин жүгүн ташыды. Анын бирөө майда акча калбаганын айтып 200 сомун бере койду. Арадан бир саат өтүп өтпөй дагы жүз сом таап, эрте эле үйүн көздөй жөнөдү. Жуунуп-тазаланып, чекчээ кийинип эми жолугар бекем деген ой менен көчөгө чыкты. Тандап жүрүп кымбаттыгына карабай бир букет гүл сатып алып, кыз айткан мектептин астында турду. Гүл кармап корооздонуп турган баланы көрө калышкан кыздар, шыңк этип күлүшүп жанынан басып өтүшөт. Карачы эрте келип алганын.

Балдар мектептен чуулдап чыга баштады, Топураган балдар, кыздар дал түбүнөн өтүп, адам көрбөй калгансып таңдана карап калышат.

Жарым сааттай убакыт өттү. Эми мектептин алдынан бирин серин гана окуучулар чыгып калды. Кыз дале жок. Кубандыктын кабагы карыш түшүп, катуу ызаланып турду. «Эмнеге аны күтөм? Анчалык ал ким экен? деген ой башына келип кетүүгө камынды. Ошол учурда экинчи этаждагы ачык айнектен:

– Кубандык-ык! Токтой тур. Мен баратам,– деген кыздын үнүн укту. Негедир жүрөгү жарыла жаздап сүйүнүп кетти.

– Мени көпкө күттүңбү? – деди кыз. Кубандыкка жакындай бергенде.

– Ооба. Эч нерсе эмес. Кечке чейин болсо да күт­мөкмүн. Келгениң жакшы болду. Эмесе бул гүлдү ыргытууга аргасыз болот элем да. Сага арнагам. Ме, алагой. – Ой-и-и-й укмуш гүл го. Мындай белекке арналган гүлдү биринчи алышым. Чо-оң рахмат! Барарым менен вазага салып коем. Көргөн сайын сени эстеп жүрөм.

– Ошо эстей, элестей жүрсүн деп алып келдим да. Экөө катарлаша басып аялдамага келишти. Кубандыктын түк жанынан чыккысы келбей турганын кыз түшүндү. Бирок кыз ачка эле. Аны кантип айтат. Кыз намысы бардык нерседен кымбат эмеспи.

– Макул десең жакын жерде ашкана бар. Тамагы да даамдуу,– деди Кубандык Нурдун колтугунан кармап.

– Кетейинчи, үйдөгүлөр күтүп калат,– деди Нур кетенчиктеп. Ага Кубандык болбой, акыры ашкана жакка алып жөнөдү.

Экөө андан ары сейилдеп Алатоо аянтынын тегерегиндеги фонтандардын бирин да койбой кыдырышты. Кыздын сулуулугу, адамга өтө ынак мамилеси Кубандыкты мында да таң калтырды. Жүзүнө, жакасы ачык көйнөгүнүн чекесинен баш багып турган «эки алмасына», сүттөй аппак балтырларына азыр да кызыга карап келатты. Айтоор кароодон тоер эмес. Кечке чейин болсо алып жүргүсү келди Нурду. Бирок Нурдун ата-энеси урушаарын сезип ичинен аяды.

– Кетесиңби Нур?

– Бая эле кетким келген. Сен таарынып калабы деп жүрүм. Атамдын жини кайнап жаткандыр. Анын үстүнө кечээ сени классташым деп көрсөтө салганымды кара.

– Айтпай эле койсоң болмок. Азыртан жигит жандаса кийин эмне деген адам болот деп ойлошу мүмкүн.

– Ооба да. Эми руксат бер, кетейин. Экөө кол алышып коштошушту.

Бул күн да укмуштуудай сонун күн болду. Чалдар бейишти укмуштуудай жыргал жашоо деп тигил дүйнөдөгү жашоо жөнүндө сөз кылышат. Тирүүңдө көрбөгөн бейишти өлгөндөн кийин эмне кереги бар? Мына менин бүгүнкү күнүм бейиш эмей эмне? Төбөмдөн акча куюлуп, чалкалап жатып жеп ичкен эле бейишпи? Жок, ой максаттарым орундалып, көңүлүм куунак, кайгы капасыз, эл катары жашаганым бейиш. Мен ошондой турмушту куруп алышым керек деп ойлонду Кубандык.

Эртеси баягы эле көйгөй башталды. Кыжы-кыйма базардан бир жеринен экинчи жерине жүк ташып, түшкө маал чарчап, тачкасынын жанына отура кетти. Чылымын тартып, үч, төрт күндөн бери Нурду тосуп чыкпаганына капалана түштү. Бирок бүгүн көбүрөөк акча таап алсам, эртең сөзсүз барам деп ойлонду.



Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет