Дипломдук иш башталгыч мектепте М. Алыбаевдин поэзиясын окутуунун методикасы Илимий жетекчи: Абдраева Н. Э



бет2/3
Дата15.06.2016
өлшемі0.54 Mb.
#136907
түріДиплом
1   2   3
§1.2. Мидин Алыбаев-сатирик акын.

Кџлкџнџн чыгышына турмуштагы окуялар, кљрџнџштљр таасир берет. Ошону менен бирге ар бир доордун, ар бир учурдун кџлкџсџ башка. Себеби элдин оозунан чыккан кџлкџ да, сатириктин кџлкџсџ да коомдун тарыхый эрежелеринен келип чыгат. Замандын љзгљрџшџ менен анын каармандарынын мџнљздљрџ да љзгљрљт. Жањы талап, жањы максаттарга умтулат. Кџлкџ кээде жењил азилди, тамашаны билдирсе, кээде жек кљрџџчџ сезим туудурат. Кыргыз элинин башынан љткљн тарыхы сыяктуу анын кџлкџсџнџн да узак жана дањктуу жолу бар. «Эркин-Тоонун» бетинде алгач уюшулган «Чалкан» аттуу чакан бурч кулачын жайып олтуруп «Чалкан» аттуу сатиралык журналга айланды. Ошол кезде бул журнал партиябыздын идеологиялык жана чарбалык иштери боюнча жџргџзџп жаткан чаралары менен эриш-аркак жџрџп, кедерги болгондордун кыйыр-кыйшык иштерин эл ортосуна салып мыскылдап келди. Кайсы жерде коммунисттик моралга жат кљрџнџштљр болсо, «Чалкан» ошо жерде жџрдџ. Мына ошол жерде М.Алыбаев да журналдын коомчулугубуз алдында милдетин айтып, программалык ыр жазды:

Элињ кубанат чыкканыња,

Кол чабышат ураалап.

Калемињ курч,

Калемпирлџџ тилињди,

Калдыктарды карып љт деп суранат.

Дагы эле бар,

Бир карын майдын арасында «кумалак»

Мына ошолорду айдап чыгалы кубалап.1

Ыр журналдын келечектеги максатын ачык айткан, социалисттик турмушубуздун таза жана бай болуусуна кедерги болгон љзџмчџлдљрдџ, жалкоолорду, кошоматчыларды, моралдык жагынан туруксуздарды, аракечтерди дагы ушул сыяктуу тџрлџџ-тџмљн илдеттерди арабыздан тазалап таштоолорун кљздљгљн. 50-жылдары партиялык документтерде багыт берилгендей совет адабиятында сатира жанрын љнџктџрџџгљ айрыкча кљњџл бљлџнгљн. Мына ушул шартта сатира жанрына М.Алыбаевдин поэзиясында кескин бурулуш болду да, анын чыгармачылыгында сатира жанры кџчтџџ љнџгџп кыргыз поэзиясында чоњ салым катары кошулду. 1957-жылы жарык кљргљн акындын «Ак чџч» аттуу сатиралык, лирикалык ырлар жыйнагы љз учурунда адабий коомчулукка чоњ окуя катары кабыл алынган.

Сатирик акын болуш чыгармачылыктын белгилџџ бир мезгилинде эле пайда боло калчу кокустук кљрџнџш эмес. Андай касиет баштатан эле акындын табиятынан орун алып, терењде бугуп жатканда гана љзџнџн табигый кџчџн кљрсљтљ алмак. Мидин Алыбаевдин талантында тубаса сатиралык, юмордук касиеттердин болгондугун анын замандаштары бир ооздон белгилешет. Мидиндин канында кайнап турган сатиралык кљрљњгљ анын «Чалкан» журналында иштеп жана чыгармаларын ошол журналга жарыялап турган жылдары аябай љрчџгљн.

Журналга чыккан «Осмоналы лљкџй», «Дџжџр бука» љњдџџ кара сљз тџрџндљгџ фельетондору, «Ак чџч», «Бюрократ» љњдџџ сатиралык ырлары турмуш - тиричиликте кљп колдонуучу тамаша сљздљргљ айланып кеткен.

«Ак чџч» деген ырда акын кџжџрмљн, эмгекчил, коомдук иштерге активдџџ катышкан советтик аялдардын арасында кездеше калчу кээ бир терс кљрџнџштљрдџ ашкерелеп, аябай катуу сынга алат. Ырынын башында акын аялдардын коомубузду гџлдљтџџдљгџ ролун, чарбабыздын кайсы гана тармагын албайлы аялдар эркектер менен тењ укукта кызмат кылып жатышкандыктарын айтып љтљт. Социалисттик тџзџлџштљ аялдар талантын, билимин ого бетер љљрчџтџп, коомго пайдалуу кишилерден болуп калганын кљрсљтљт. Бирок ушундай бакытты пайдаланбай, жљнџ жок эркелеп, эсирип кеткен аялдар бир экенин айтат.

«Рас,

Аялдар – биздин коомдо чоњ кџч.



Бирок,

Арасында (анда-санда) бар,

Ак кол,

Ак чџч…


Аккол дейбиз,

Ал анткени –

Колу тийбейт,

Оор же кара жумушка.

Эзелтеден эби келбейт,

Кечирээк жатып, эрте турушка.

Чоочунча коомай карашат,

Коомдук жана џй - турмушка».1

Ырда айтылгандар жалпы эле аялдарга эмес, кээ бир гана «чоњдордун» аялдарынын кылык-жоруктарына мџнљздџџ экенин эскертет. Љздљрџ иштебесе да, кџйљљлљрџнџн акчасына санап бџткџс кийимдерди кийгендигин, алардын кайдан келип жаткандыгына кљњџл бурушпагандыгын баяндайт.

«Бийик така,

Жапыс така,

Венский така,

Жыйырмадай жыйылып жатат –

«Басоножка»,

«Танкетка».

Кайырма жака,

Ачык жака,

Туюк жака,

Мџчљсџ,

же љзџ


жарашпай калса,

Анда портной ката.

Кџзгџгљ да капа,

Љзџнљ да капа.

Кљзџнљ жаман кљрџнљт,

Эки эле жума

Мурда алган шляпа…

Ак чџч жење менен

Аккол жење –

Жолугаар замат эле,

Сџйлљшкљнџ соода,

Же болбосо мода!

Бирљљнџ ушактайт,

Биринин сљзџн бири мактайт,

«Ушундай», «ооба…»


  • Баланчанын аялы –

Алыптыр жибек килем.

  • Ооба кокуй,

Ошонун баркына жетип урунабы,

  • Баланча кечээ кызматтан тџшџптџр…

-Тџкџнчљ,

тџндљ мас болуп, теректи сџзџптџр».1

Ырас, «ак чџчтљр» албетте, жалгыз эмес, анын жанында љзџнљ окшогон билер-жарым аялдар бар. Муну Мидин каармандардын сџйлљшкљндљрџ аркылуу ашкерелейт.

«Евгений Онегинди» жазыптыр,

Чехов деген акын.

Пьеса жазуу жагынан

Лермонтов –

Тургеневге жакын.



  • Сизге кайсы жагат? – деп сурасањ

Дароо жооп берет:

-Эњ жакшы экен,

Маяковский жазган роман!

Мына «Ак чџчтџн» билиминин дењгээли.

«Ак чџчтџн» ушул сџйлљп олтурганын окуучуга баяндоо менен барып турган сабатсыз, ушактан колу бошобой, кџндџн кандай љткљнџн билбей калган аялды мыскылдап отурат. Мидин булардын жанын ачытуу џчџн атайын апыртма ыкмасын да колдонот. Антпесе, куру сљз менен кылык-жоруктарын айтып койгон болсо, «дџйнљнџ сел алса кызыл ашыгынан келбейт» деген «ак чџчтљргљ» сљз љтљт беле! Так ушул атайын апыртманы орду менен колдонгону џчџн аялдар Мидинди кљрсљ жыландай жыйрылышты. Мидин љзџнџн атынан, бџт окурмандын атынан, аны менен сырдаш болгон «кџзгџгљ» сџйлљштџрџџ менен анын ким экендигин ашкерелейт:

«Аай, – деп айтар эле - Айнек,

Сен жатып ичер жан бакты.

Жеке эле мени тиктебей,

Карасањ боло элди, жерди.

Тљмљн тџшџрбљ,

«советтик аял» деген ардакты

- деп анын айыбын бетке такылдатып адилет кењеш айтуу менен жакшы жолго тџшџџгљ чакырат. «Ак чџч» ыры эринин «жоргосун» минип алып Нарында коон сатып жатат десе, ошол жакка минип барган «Акчџчтљрдџ» машинадан алып тџшџп, катардагы мээнеткеч аялдардын катарына кошту. Адатта «ак чџч» аттуу сљз кыргызда чџчкџргљндљн кийин жооп кайтарып, же жакшы ниетин билдирџџ џчџн айтылган сљз болуучу. Мына ушул сљздџн экинчи маанисин тапты. Мидиндин ак чџчџнљн кийин эле эл оозунда кадимки жџргљн бир маанилџџ «ак чџч» эмес, эми эмгектен качып, жатып ичер жалкоо, эрке, жљнџ жок жан бакты деген тџшџнџк пайда болду. Кыскасы, Мидиндин сатиралык чыгармалары жаман салт-санаалуу кошоматчыларга, дљгџрсџгљн бюрократтарга, жатып ичер жанбактыларга, љзџ айткан «хамелеондорго» таамай тийген ок болду.

«Мидиндин сатириктик љзгљчљлџгџ – ал жазган ањгеме, ыр, же кабарына тема койбосун, сљзсџз экинчи бир жањы маани туйгузат».1 Ошондой эле бџгџнкџ кџндљ да жат кљрџнџштљргљ каршы кџрљш жџргџзџџдљ зор мааниге ээ болгон, љзџнџн актуалдуулугун алигиче жоготпогон чыгармаларга «Бюрократ», «Саадат кандидат», «Кошоматчы» жана башкалар кирет. Сатиранын аты эле айтып тургандай, алардагы терс каармандар да ар тџрдџџ, бири-бирине окшобойт. Алардын ар кимисинин љзџнчљ психологиясы, кебетеси, љзгљчљлџгџ бар. Мына ушул типтердин ар бири акындын сљздљрџнљн кынапталып љз орундарына коюлуу, жаанын жебесиндей курчтугу жана бутагы дал тийиши менен кљз алдыга даана тартыла тџшљт. Жогоруда белгилегендей, љзџнџн кљркљмдџк кудурети менен далай ак чџчтљрдџ кџйљљсџнџн кызмат машинасына экинчи тџшпљс кылган. «Ак чџчтљн» башка мурдатан бери эле сатиранын кароолунан тџшпљй келаткан бюрократтар менен кошоматчылардын, жалган илимпоздордун коомго жат кылык-жоруктарынын, максат-аракеттеринин бетин ачып, элди алар менен аеосуз кџрљшкљ чыгууга шыктандырган «Кошоматчы», «Бюрократ», «Саадат – кандидат» сатиралары жеке гана Мидиндин эмес, жалпы эле кыргыз сатирасынын айдыњында кљрџнџктџџ орунда турушат. Мидиндин љзџнљ гана таандык ачуу калемпир менен кара мурчка чыланган жогорудагы сатиралары учурубузда да актуалдуу чыгармалардын сабында, анткени командалык-административдик, сенектик мезгилде љзџлљрџнџн бийик чегине жетип, айыкпас ооруга айланган кошоматчылар, бюрократтар, жалган илимпоздор бџгџнкџ кџндљ да кайра курууга кедерги болуп, коомдун алга жылышына бут тосуп жаткандыгын танууга болбойт. Ошондуктан алардын тамырын кљркљм сљздџн – сатиранын кџчџ менен жулуп салууда Мидиндин љйдљдљ аталган чыгармалары азыр да љтљ зарыл болуп турат.

Кошоматчылар алмустактан бери эле бюрократ начальниктердин кљзџнџн агы менен тењ айланып, акты кара, караны ак дешип, кљпчџлџктџн ишин бџлџндџрџп келишкен. Кайра куруунун доорунда алар бир караганда анын кџйљрмандары сыяктанып, тоскоол кылгандарды сындагандай болуп, ал эми иш жџзџнљ сенектик мезгилди жан-дили менен колдоп жаткандыгын байкоо кыйын эмес эле. Булар бџгџнкџ кџндџн кошоматчылары. Мидиндин «Кошоматчысын» окуган адамга мындан отуздай ашык жыл мурун Мидин кџрљш жџргџзгљн кошоматчы љзџнџн эстафетасын азыркы кошоматчыларга љткљрџп бергендей сезилет. Анан аларга каршы кџрљштџн сабында акын љзџнџн сатирасы аркылуу биз менен бирге келе жатканын дапдаана баамдайбыз. Мына, Мидиндин кошоматчысы:

Жыйналышта,

Эчак


Жазылат жарышка.

Сљз алат,

Трибунага барат.

Адегенде,

Астыртадан мактай турганын карап,

Анан


Элге сљз салат.

Колунда кагазы,

Барак-барак.

«Аксакалдын» ишин,

Сынга алган болот азыраак.

Фактыларды,

Процентти

Бармак менен санап.

Кээ бирљљнџ мойнуна алат,

Кээ бирљљнџ кашкая эле танат.

Суудан жутат,

Тањдайын тактап,

Баштай «Аксакалын» мактап».

Албетте, мындай кошоматчылар дагы эле арабызда бар. Акын буларды ушинтип сындап, бет пардасын сыйырып эле тим болбостон, акырында аларга кайрылып:

Биздин заманда

Сага


Эмне жетпейт,

Кошоматыњ койбосоњ,

Коом сени жектейт…

- деп эскертип, калыс бџтџм чыгарат.

Кайра куруунун кљп кырлуу проблемаларын чечџџдљ маалымдуулук менен демократиялуулук зор мааниге ээ болуп жаткан учурда кошоматчылар да, бюрократтар да љз кедергисин тийгизип жатат. Буларга каршы кџрљш жџргџзџп, алардын зыяндуу тамырын тџбџнљн омкоруп ыргытуу оњой-олтоњ иш эмес экендиги кџндљлџк практикадан кљрџнџџдљ. Ошондуктан бюрократтардын ким экендигин, алардын тџр љзгљртџп жашоого жљндљмдџџлџгџн, чџмбљттљлгљн жџзџн жыйындарда пропагандалык жол менен ашкерелљљгљ караганда, сатиралык образдардын эстен кеткис эмоцияга толгон куйкумдуу курч сљздљрдџн кџчџн пайдалануу алда канча жемиштџџ. Ушул жагдайдан алып караганда, Мидин «Бюрократ» аттуу сатирасы учурубуз џчџн бардык жагынан актуалдуу. Ырда бџгџнкџ кџндџн атка минерлеринин салам айтсањ арањ башын ийкеп, сљзџњљ кљњџл бљлбљгљндџгџ, иш менен барсањ џч-тљрт кџн убара кылып жатып арањ кабыл алгандыгы, бир жумушту бир ай сџйрљп, аны чечџџнџн ордуна сџрсџтџп сейфине салып салгандыгы сыяктуу дагы башка ар кандай жийиркеничтџџ табияты Мидиндин куйкум сљздљрџ аркылуу берилип тљрљпейилдерге карата кимдин болбосун жек кљрџџ сезимин пайда кылат:

Бюрократ


Мына ушундай чунак,

Бир жумушту

Бир ай сџйрљйт эњ Кеми.

Бирок


Чыдайсыњ,

Улам тырмайсыњ желкењди.

Ал џчџн

Суук да эмес,



Ысык да эмес.

Ошондуктан тџгљнбљйт –

Бюрократтын эртењи.

- деп акын анын ким экендигин ашкерелљљ менен чектелип калбайт, андан ары:

Булардын мџнљзџ

Эскиден калган.

Мындайды

Жек кљрљт биздин заман.

Таза денеде

Болсун таза кан.

Ал учураса да,

Жоюлсун,


Коомубузга кереги жок!

Бюрократ адам!

- деп аларга биздин коомубуздан орун жок экендигин айтып, бизди андайлар менен тџбљлџккљ кош айтышууга чакырат.

Илимди элдин пайдасына иштетџџ џчџн эмгектенбестен, љзџнџн жеке кызыкчылыгы џчџн, баюунун булагы катары санап, эптеп илимий наам џчџн далбастаган жалган илимпоздордун жџзџн Мидин «Саадат – кандидат» аттуу сатирасында тљмљндљгџдљй ашкерелейт:

Кээ бирљљнџн алган темасы:

«Чегирткенин џнџ»,

же «Жарганаттын тџнџ».

Ушуларды

Изилдеген имиш кџнџ-тџнџ.

Кээ бирљљнџкџ

Жљн эле эчак белгилџџ

Иштердин бир тџрџ.

Андайлардын максаты:

Эптеп эле кандидаттыкка илинсе,

Темасынын байланышы

Болсо дагы, болбосо да илимге.

Илимдеги дал мына ушундай «илимпоздордун» тамырына балта чаап, илимдин интенсивдџџ љнџгџџсџнљ, маданиятыбыздын гџлдљн љсџшџнљ багыт алдыруу деп белгилеп жаткан учурда, «Саадат-кандидат» да бул учурда тике љз џлџшџн кошот.

Ал эми М.Алыбаевдин «Сизге айтам» деген сатирасында љткљн мезгилдеги эмес, бџгџнкџ кџндљ дагы деле болсо калбай, адатка айланып калган кемчиликтердин бири «тууганчылык», «жердешчиликти» ашкере мына мындай деп сџрљттљп бере алган:

Жакыныњызды берирээк,

Башкаларды нарыраак

Деги кетпейт.

Жакындарыњыз жакыныњыздан тарап,

Тим эле «кукулуктайсыз»,

Балапан баскан тоокчо карап.

Алар џчџн эњ эле жылуу,

Сиздин колтук – эки канат.

Љзџм дегенде,

Љбљктљп љлљсџз,

Љзгљнџ љгљй баладай кљрљсџз.

Жогоруда айтылгандай М.Алыбаев чоњ кызматтагы адамдын љзџнџн тегерегине љз тууган-уруктарын топтоп, алар џчџн «баскан тоокчо» мамиле жасагандыгын ачык, таамай, курч сљздљрџ менен ачып берген. «Љзџм дегенде љгџздљй кара кџчџм бар» дегендей, тээ атам-замандан бери эле келе жаткан «тууганчылык» мына ушул кџнгљ чейин кала элек.

Жыйынтыктап айтканда, М.Алыбаев кыргыз совет адабиятында љзџнџн сыйкырдуу тили бар, сљзџндљ калемпир мурчу бар, љткџр калем саптуу акын. Мидин - тубаса «суу кошулбаган» сатирик.

Биринчи бљлџм боюнча жыйынтык.
Кыргыз сатириктеринин ичинен М.Алыбаевдин индивидуалдуу жџзџ, карааны алыстан эле бадырайып дапдаана кљрџнџп турат. Анын сатиралык таланты кайталангыс мџнљзгљ, касиет-сапатка ээ экендигин атайылап айтып отурбасак да љткџр калеминен жаралаган карикатуралык образдардын љздљрџ кџбљ љтџп беришет. Ошол чеберчилиги, кайталанбастыгы џчџн акын кљзџнџн тирџџсџндљ эле калк, журт, калайыгынын сџймљнчџлџгџнљ айланып калган. Ал жашаган љмџрдљ мындай бакыт чыныгы гана таланттын џлџшџнљ тийиштџџ болот. Андай адамдардын айырмалуу љзгљчљлџгџ – эл турмушунун љткљндљгџсџнљ, азыркы учуруна кыраакы даанышман кљз менен карап, бџт љмџрџн, талантын эл журтуна арнап койгондугунда. Мидин да мына ошондой оргуштаган орошон талант болгондугу менен мезгил љткљн сайын даанараак сезилип жатат. Кљрсљ чыныгы таланттын зарылдыгы адабият канчалык љчџп, бийиктеп бара берсе да, баары бир сезилбей койбойт экен.

Мидин Алыбаев – сатириктин калеминен жаралган чыгармалардын ичинен «Ак чџч», «Чалкан дос», «Кошоматчы», «Бюрократ», «Сизге айтам» ырлары, «Владимир Маяковскийге акындык отчет» поэмасы бљтљнчљ айырмаланат. Аларда сатиранын жанрдык табияты љзгљчљ бир кџч менен кљркџнљ чыгып, социалдык џнџ, жањырыгы таасирдџџ угулат. Ушул кџнгљ чейин сахнадан тџшпљй аткарылып келе жатышы да ал шедеврлердин баарыдан мурда кљркљмдџк кџчџнљ, образ тџзџџдљ кљркљм сљз кџчџн кылдат пайдалана билген акындын чеберчилигине байланышкан. Ошол образдардын боектору бџгџнкџгљ чейин љчпљй, тескерисинче, азыркы мезгилдин проблемаларына кол кабыш этип, кайра кџчџнљ келип жатканы да акынды алдыњкы кџрљшчџл адамдардын катарына коюп келе берет.

Мидин Алыбаевдин сатиралык образ жаратуудагы чеберчилиги – адамдын мџнљзџндљгџ башкы белгилер, бийиктик, сџйџџ, жек кљрџџ сыяктуу турмуштук туруктуу категориялар коштоп жџрљт эмеспи. Андай учурда ар кимибиз туш болгон психологиялык абалдар, кљњџл толкундары ар башкача, «дээрибизге» жараша жџрљт. Анткени ал турмуштук тажрыйба, кљз-караш, кулк - мџнљз бул дџйнљдљ адам канча болсо, ошончолук ар тџркџндџк искусство чыгармаларынын бийик џлгџлљрџндљ жалпылаштырылган дењгээлде кљтљрџлџп, тењ орток нерсеге айланып калат.

Кыргыз адабиятынын тарыхында М.Алыбаевдин чыгармалары жалпы окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынышы бекеринен эместир. Дипломдук иштин бул бљлџмџндљ акындын љмџрџ жана чыгармачылыгына токтолуп, айрым чыгармаларын идеялык тематикалык жана идеялык-кљркљмдџк жактан изилдљљ максатын кљздљдџк. Лирикаларын, сатираларын жана эпикалык чыгармаларын талдоого алып, љзгљчљлџгџн ачып берџџгљ аракет жасадык.



Экинчи бљлџм

Башталгыч мектепте М.Алыбаевдин поэзиясын окутуу.

§2.1. М.Алыбаевдин лирикаларынын идеялык-тематикалык, кљркљмдџк љзгљчљлџктљрџ жана алардын кенже мектеп окуучуларына тийгизген таасири.

Акын мейли граждандык лирикаларында болсун, мейли сџйџџ лирикаларында болсун адам тагдыры менен турмуш, мезгил менен љзџ жљнџндљ темпераменттџџ эргџџ, терењ ойлуу обон менен созолонто алат.

Акындын Алатоого арнаган ырында анын Алатоого аздектеп жџргљн мамилесин, аруу тилегин кљрљбџз. Ар бир адамдын мекенге болгон сџйџџсџн бергендей туюлат:

Кереметтџџ сен атасыњ-энесињ,

Салыштырып сага ким жер тењесин.

Кљњџл толкуйт, кљркљмџњдџ кљргљндљ,

Кандайдыр бир жџрљккљ дем бересињ.

Ырым менин сенин демињ эмеспи,

Шыктанамын минип кыял кемесин.

Карааныњдан кагылайын Алатоо,

Калкып жаткан кандай укмуш немесињ?

Качан жџрљк кагышынан калганда,

Бир тартылып љтџп кетер элесињ…(54-бет)

Бул саптар не деген керемет саптар! Миллиондогон адамдардын жџрљгџнџн тџнљгџнљн орун алган саптар. Акын љзџнџн санаасына, сезимине Алатоонун ички дџйнљсџн чагылдырып љткљнсџйт, акын љзџнџн сџйџџсџ менен тоону жандандырып, жџрљгџн тоого, тоону жџрљгџнљ сџртџп љтљт.

«Алатоо» сыяктуу окурмандын бийик эстетикалык талабына жооп бере турган мыкты ырларына «Шаркыратма», «Соњкљл», «Жайкы жамгыр» ж.б. кошууга болот.

Береке!


Байлыкка мол Ата-Мекен,

Жџрљккљ бардыгынан жакын экен

Тяньшань!

Деген бир сљз ойго тџшсљ,

Мээ сергип, медер кылып толкуп кетем.(65-бет.)

Бул жерде акынды толкутуп отруган Тяньшандын ителги имерилген кљк асманы, «кышта жылуу, жайда салкын климаты, тентек желге термелген арча кайыњы, суусу дары, таштары алтын» жер байлыгы гана эмес, барыдан мурун ушул укмуштай табияты, жер байлыгы бар Тянь-шанга ээлик кылып, аны гџлдљтџп, дары суусун, алтынын адам кызыкчылыгына иштетип жаткан бактылуу эли. Мына ушул ажайып эки кљрџнџш айкалышып кљз алдыдан љткљндљ, акын кљњџлџ кљккљ сермелип толкунданат.

«Соњкљлдљ» кыргыз жеринин ажайып кооздугун керемет саптар менен кыналыштыра сџрљттљп берген:

Шарпылдап, шањы чыгып, толкуп ташкан,

Жээгине жайкай тџшџп кљбџк чачкан.

Ай Соњкљл! Кызыгыњды унутамбы?

Калдайган колхоз малы баш адашкан.

Тамшанткан тамашањдан чыккым келбей,

Тарыхта тагы калган тулпар таштан.(54-бет)

Акын љзџ жанындай кљрџп сџйгљн Алатоосу, Соњкљлџ, Тяншаны жљнџндљ жазганда алардын ажайып кооздугуна гана суктанууну максат кылып койбойт, ал баарыдан мурда ошол кооздуктун койнунда жаткан сан жеткис байлыкты, дџркџрљп љскљн чарбаны, гџлдљгљн тармактанган маданиятты, ошонун бардыгынын ээси болуп аны љстџрџп, жыргалына куунап жаткан элди кљрљт, кооздукту элдин турмушу менен, албан аракет иши менен шайкеш келтире сџрљттљп, аны ошол не бир кљркљм ажайып кљрџнџшкљ, жыты жыпардай ањкыган Алатоо, Соњкљлџнљ, сан тџркџн жыргалдын кучагында куунап жаткан элине болгон чексиз сџйџџсџн билдирет.

Мидин Алыбаевдин чыгармачылыгында љткљн љмџр барактарын ањтарып, љзгљчљлџџ кџндљрџнљ кайрылып далай эле ырларды жараткан. Ошолордун ичинде мљлтџр кџндљр – балалыгын элестетип жазган «Элестетем» аттуу мыкты ыры бар. Балалык, жаштык туурасында кыргыз акындарынын калеминен ар кандай сапатта, кљркљмдџктљ ондогон ырлар жаралды. Мидиндин бул ыры мындай темадагы ырлардын ичинен нукура поэтикалык тил менен жазылып, љздџк ыкмасы менен саал юмор менен башталып жагымдуу:

Турмуш жыргал, кантип жашка канамын,

Улуу жашты улам келет самагым.

Бирок дагы жылып жылдар љтџптџр,

Ээн олтуруп эми артымды карадым.

Љмџрџњ љр таянып, канчалык кылчактасањ да, аттињ:

Љзгљрџлгљн љлчљп болбойт аралык,

Санап кљрсљм санаам алыс таралып.

Бейкапарсыз, коштоп кетип далайга,

Колун шилтеп кеткен экен балалык.(73-бет)

Ушул жерден акын љзџнљ «деги эмнеге жеттим?» деген олуттуу соболду коёт да, кљп нерселердин љтљсџнљ чыга албай калган љксџктџџ кџндљрџ, текке кеткен кџндљрџ џчџн «карагаттай сыгылып», окурмандан кечирим сурайт.

Талаша албай тагдырыма жыгылам,

Оодарылып отуз жаштын кырынан.

Бошко кеткен эчен кџндџ эстесем,

Капа болом карагаттай сыгылам.(68-бет)

Ыр ар убак кылчактаган балалыгын эстеп, чындап кусалануу, чоњ эргџџ, бир дем менен жазылгандыктан баштан аяк жакшы чыккан. Анткен менен ушул ырдын ажарын ачып, сџйкџмдџџлџгџн арттырып турган мына бул куплет:

Койгун, џмџт, эми он бешке тењелбе,

Кетти жаштык кайра келбес терењге.

Жаным кџйљт жашпы десем бирљљнџ.

Жок жаш эмес, сиз курактуу дегенде. (73-бет)

Ушул куплеттин эки сабын кайсы бир акын деле жазышы мџмкџн эле, бирок кийинки эки сапты љзгљчљлљнтџп жазыш, Мидиндей тубаса таланттын гана колунан келмек. Бул жерде акын «улгайдым», «картайып баратам» деп жењил уйкаштыкка качырбастан « - Жок, жаш эмес! «сиз курактуу» дегенде» деп улгайганды убакыт менен љлчљгљн, оњойлук менен оозго келе калбаган, кџтџлбљгљн табышмактуу уйкаштык менен бџтџрџп, ырдын кљркљмдџк кудуретин арттырган. Ырдын соњу да мыкты бџтљт: Кош, жашчылык бир коштошуп калалык,

Картаюу парз бир дџйнљгљ жаралып.

Кош айтууга оозум барбай турса да,

Кош бол эми касиеттџџ балалык!

Качан гана кыз кљз кырын салганда,

Кап дегизет кара чачым агарып.(73-бет)

Ошентип бул ыры менен анын балалыктын баарыбыз џчџн ар качан жыргап эскере жџрчџ – жашыл арал экендигин кљљнљрбљс боектор менен поэзиянын улуу кџчџ менен далилдеп, ар бирибизге балалыгыбызды эске салат. Бул анын ийгилиги.

Мидиндин «Китеп жана Эркинбек» деген сатиралык ырында, китепти кљп сатып алып же аларды окубай жљн гана шкафтын ичин толтуруп коюу гана максаты менен чањ бастырып чогултуп койгонун айтат:

Алаарын алат,

Мына ушинтип

Жыйып салат.

Кээ бирљљбџздџ коет,

Жљн эле шкафка камап,

Эњ жок дегенде,

Жакшы эле го,

Анда-санда жџрсљ карап.

Айласыздан турабыз да,

Биз андан,

Сурамак белек тамак!

- деген китептердин диалогу аркылуу берет. Мында китептер Эркинбекке нааразы болуп, жањы келген китепке, алар сакталган шкафтын ичиндеги боло турган «тарых» жљнџндљ айтып жатышат. Жањы китеп да, эми ушулардай болуп, окулбай, каралбай калаарын ар бир китеп љзџнчљ баян кылат. Акын китептердин диалогунан эле Эркинбектин китепке кылган мамилесин ачык кљрсљтџп:

Жџрљлџчџ,

Бирибизди-бирибиз сындай.

Ар дайым сыйлайлы,

Билимдин кенин

Китепти

Капа кылбай!



Кайсы бир жолдоштор,

Китепти жыярын жыят,

Бирок

Окубагандыгы чоњ уят!



- деп окурмандарга љзџнџн кењешин айтат.
Ошондой эле акындын «Тилекмат» деген ырын алсак:

«Байсалов Тилекмат,

жакшы жазат.

Жакшы билет кат,

Анда,

Билим десењ билим,



Орто мектептен кийин

Чалараак бџткљн,

Институттардын бирин.

Ошондой болсо да,

Тилекмат иним:

Ал љзџ жамандык кылбайт кишиге,

Чын берилет аткарган ишине.

Жогоруда Тилекматтын жакшы сапатттарын айтып келип:

Бирок

Биздин Тилекмат,



Џйрљнџп алаган бир адат:

Ал жыйналышка

Бараарын барат.

Кандай маселе болсо да,

Сљз салат.

Трибунаны кучактап,

Сџйлљй баштайт бат-бат.

Деги бирљљн

Санаса боло так.

Тим эле


Уккан киши уялат.

Келтирилгендей, Тилекматтын бир жаман адаты чогулушта бир айткан сљзџн улам кайталап, план жџзџндљ айтат, анын баарын љзџ жалгыз аткарып жаткансып. Мына ушундай адамдар да бар экендигин айтат Мидин.

Мидинди Мидин кылып, аны башка акындардан айырмалап турган љзгљчљлџгџ – анын чукугандай сљз тапкычтыгы, ыр саптарынын кыскалыгы. Ошол кыска саптардын нары жагында ташкындаган ойлорду ташка-тамга баскандай таамай айткан анын усталыгы, юмордуугун айтабыз. Бардык жакшы акындар сыяктуу эле Мидин да бардык кљргљн жыргалы, тарткан азабы эли, доор менен терењ байланышкан. Ал ырында куру бекер «ураалай» берген эмес. Бирок анын ырларынын пафосу кабыргасынын эки эли болуп калгандай элдџџлџк менен партиялуулук болчу.

Мидин эмгегин бардык џнџ менен жар салып ырдап, аларда чыккан айрым ачкљз, ак чџч, арамзаларды соолто сындап, абийрин аштай тљккљн кџжџрмљн сатирик. Анын «Ак чџч», «Бюрократ», «Кошоматчы» жана башка ырлары аккол, ак чџчтљрдџн «апакай» алаканын ак бырсылдак кылып, ачыштырган чок болду да, тљрљ пейил арамзалар џчџн атылган ок болду. Акын андай арамза, бюрократ, ак колдорду «Мурду булутка тийип турган жеринен кармап келип, аларды бирде мыскылдап, бирде катуу жемеге алып, кџлкџнџн фонунда кџйдџргџ сљздљр менен кџлала, суук тумшук кылып сџрљттљп берди».

Акындын кљзџ љткљндљн кийин адабий мурас катары чыккан прозалык, драмалык чыгармаларынын жыйнактарынын дењгээли кџнџ бџгџнкџдљй салмактуу. Акынга мџнљздџџ сљз кадырын кылдат тџшџнџџ, сљздљрдџ бири-бирине оттук таштардай урунуштуруп, жањы маани чыгарып алуу, башкысы – адабияттагы эњ негизги курулуш материалы болгон ошол сљздљрдџн асыл баасын таасын сезип, нукура таланттардай аяр уруна билџџ сыяктуу чыгармачылыктагы зарыл сапаттар дапдаана кљрџнџп турат. Акын дџйнљдљн кайтыш болгондон бери ага арнап атактуу акындар Р.Шџкџрбеков, Б.Сарногоев, шакирти Ш.Садыбакасов чын дилдеринен чыккан ырларын жазып чыгышкан.

Бџгџнкџ кџндљ дањазалуу акыныбыздын бири С.Эралиев «Мидин Алыбаев» аттуу атайын ырында:

Ойлоп кљрсљм сен бир эрте жаздагы,

Жарк-журк ойноп, љтџп кеткен чагылган.

Добушуњдан бийик кыргыз асманы,

Алатоонун аяк башы жањырган, – дейт.

Мында Мидин Алыбаевдин адабияттан алган орду ага берилген калыс пикир чагылдырылган. Андан ашыра баалай турган сљздџн кудурети жок.

М.Алыбаев љзџнџн «Владимир Маяковскийге акындык отчет» поэмасында «Мен тањ калам, биздеги калам кармаган Ала-Тоону алды миь, арты жџз кайталанбаганы калбаган» деген кљз карашынан чыгып, ошондой љьџ тџзсџз, акындык индивидуалдуу мамилесин билдирбеген кайталанма ырларга полемикалуу жазылган чыгарма.

Мидиндин «Владимир Маяковскийге акындык отчёту» эпикалык жанрда жазылган этаптык чыгармалардын бири. Акындын кадыресе бийик акындык тџшџнџгџнџн, кредосунун, чыгармачылык принцибинин, жањычылдык багыттагы кљз карашынын, поэзиядагы тамтыракайы чыккан ыкмалар менен эскирген каражаттарга каршы кџрљшџп, жањы мазмунга, тематикага умтулганын дал ушул поэмасы абдан ишенимдџџ жана далилдџџ тастыктап берет.

«Владимир Маяковскийге акындык отчётун» жакшылап џйрљнбљй туруп, акындын кљркљм сљз љнљрџнљ кандай мамиле жасагандыгын, ал тууралуу кандай ойлор менен жашап љткљндџгџн таанып билџџгљ мџмкџн эмес.

1957-жылы «Ала-Тоо» журналынын 5-санына жарыяланган бул атактуу поэмасында:

Рифмачтардын

жазгандары

эњ эле узун.

Бирок

кем кылып



коюшат экен тузун,1 -

деп чыгараманын санына, кљп болушуна кызыккандарды љтљ катуу сынга алган. Бул поэма М.Алыбаевдин эпикалык поэзиясындагы чоњ жењиши болуп эсептелет. Поэма лирикалык каармандын ой толгоосу, болгондо да публицистикалык ой толгоосу тџрџндљ жазылган. Чыгармада традициялуу болуп калган, буга чейинки жазылган эпикалык поэмалардай сюжет жок да, эпикалык масштабдагы кљркљм ой жџгџртџџ бар. К.Артыкбаев чыгарманын мазмунуна карап талдоо жџргџзџп келип, аны эки бљлџктљн турат дейт. «Биринчи бљлџктљ автор поэзия, акын жана алардын коомдогу ээлеген орду жљнџндљ, ал эми экинчи бљлџктљ коомдук турмушубуздагы эбегейсиз зор љзгљрџџлљр, социалисттик курулуштун ар бир тарыхый кырдаалдагы зор жењиштери жљнџндљ љзџнџн жџрљгџн толкунданткан ойлорду ортого салат».2

Адабиятчы белгилегендей эки бљлџктљн турган публицистикалык пландагы бул поэмада сюжет жок болгон менен ой жџгџртџџнџн кџчтџџ динамикасы жана мезгилдин кљйгљйлџџ проблемаларын козгоп чыккан. Ошондой эле автордун интеллектуалдуу «Менинин» образы бар. Булардын ажары акын тарабынан тандалып алынган учкул, таамай, курч сљздљр менен, элестџџ салыштыруулар, метафоралар аркылуу ачылып берилет. Бул окуган окурманды љзџнљ тартпай койбойт.

Мисалы:


«Оймок ооз»,

«Кыр мурун»,

«Кара кљз» деп берет.

Сулуулардын элесин

Анда-санда кошо коет,

«Кыпча бел» деген эмесин.

Кыйшык моюнбу,

Ийри бутпу,

Айтпайт башка денесин.

Анан бир ойго келесињ:

Сулууларда

Карадан башка

Кљз жокпу?

Акындарда

Мындан башка

Сљз жокпу?!1

Бул саптары аркылуу акын чабал, даяр штамптан чыга албаган, реалдуу турмушту џстџртљн кљрџп ой жџгџрткљн акындарды сынга алып жатат. Поэманын дээрлик бардык саптары мына ушундай элестџџ, љткџр, курч жана таамай саптар менен жазылган. Љз мезгилинин патриот акыны катары революциядан кийин жаралган улуу жењиштерди кџчтџџ публицистикалык стиль менен баяндайт. Кыргыз турмушунда ишке ашкан маданий революциянын ийгиликтерин акындык чеберчилик менен чакан эпизоддордо эле ачып кљрсљтљ алган. Назар салсак:

Мен


бир пахтачы

абышканы

билемин,

бир кџнџ


адатымча

џйџнљ киремин.

Ал китеп

окуп отурат.

Карасам –

Љзџњ жазган

«Владимир Ильич Ленин!».

Кубангандан

Тамылжый тџштџ ирењим.

Жетине албай,

Толкуп кетти жџрљгџм.

Бул акындын табылгасы да, тапкычтыгы да. Адабиятчы Качкынбай Артыкбаев: «Автор XX кылымдын улуу новатор акыны В.В.Маяковскийдин образын бул поэмада кандайдыр бир дењгээлде элестетип, аны љзџнџн пири катары кљргљндџгџн ачык билдирген. Ошон џчџн ал љзџнџн поэмасын ага берген отчет катары аныктайт да, башынан аягына чейин љзџнџн айтайын деген ойлорун улуу акындын ысымы менен, чыгармачылык позициясы менен байланыштырып, турмушта поэзияда болуп жаткан љзгљрџџлљргљ анын кљњџлџн буруп жџрџп»,1 отурат деп белгилейт.

Мидиндин чыгармачылыгын талдоого алган дагы бир адабиятчы К.Даутов поэманын жазылышы тууралуу, дегеле акындын чыгармачылыгы тууралуу мындай кљз карашын билдирет: «Мидин Алыбаевдин ыр китептеринен кљрџнгљн дагы бир жакшы сапат – алар автордун фольклор менен профессионал поэзиянын салттарын айкаштыра билџџгљ жетишип, дџйнљлџк жана классикалык орус поэзиясынын, айрыкча Пушкин менен Маяковскийден жакшы жана туура сабактар алып жатканын ачык айкын сездиришти. М.Алыбаев бекеринен бул эки акынга ушунчалык урмат-сый менен карап, алардын атын нагыз поэзиянын символу, нукура поэтикалык чыгармачылыктын чындыгы катары санап, идеал тутуп љткљн эмес чыгар (болгондо да љз табиятына, поэтикалык стихиясына жакындатып, Пушкиндин сџйџџ лирикасын, Маяковскийдин сатирасын гана которгон). Жок жеринен «Биздин Пушкин» аттуу ырын, кийинчерээк айтылуу «Владимир Маяковскийге акындык отчётун» жазган эместир».1

Мидин Алыбаевдин бул поэмасынын формасы, мазмуну, стилдик манерасы боюнча элџџнчџ жылдардагы кыргыз поэмаларынан башкачараак нукта жазылган.

Адабиятчы, сынчылардын белгилљљсџ боюнча ошол мезгилге чейин кыргыз поэмалары кљбџнчљ сюжеттџџ, же болбосо сюжеттин элементтерин колдонуу менен жазылып келген. «Владимир Маяковскийге акындык отчёт» сюжет жок сыяктуу жазылган да, ал бџт бойдон ой жџгџртџџ аркылуу курулуп, поэзиянын коомдогу орду, ролу тууралуу терењ публицистика бар. Андыктан поэмада «эркин ыр» формасынын љзџнчљ бир бџткљн џлгџсџн кљрљ алабыз. Алсак,

Жолдош Маяковский!

«Менин

бардык


акындык кџчџм,

атака


коючу тап,

сен џчџн», - деп

Маяковскийдин ырынан мисалга алып келип:

Эл џчџн да,

Мен џчџн да курал –

Љзџњ калтырган

Мурас.

Жџрљккљ шык,



Талантка ык бердињ.

Ошондуктан

Сџйлљшљйџнчџ бир аз.» –

дейт да революциядан кийинки љлкљдљ болгон экономикалык, чарбалык, маданий жетишкендиктерди, элдин кџрљшџн кљркљм жалпылоодон љткљрљт да, масштабдуу ой жџгџртџџ менен кљтљрџњкџ публицистикалык стиль менен таасирдџџ дењгээлге жеткире алган. Дегинкиси, бул поэма Мидиндин эпикалык поэзиясындагы ийгилиги дагы, чоњ жемиши дагы болуп саналат.

Мидиндин эпикалык поэзиясы жљнџндљ кеп кылганда кљпчџлџк адабиятчылар жогоруда биз сљз кылган «Маяковскийге акындык отчётуна» гана кайрылышат. Мидиндин чыгармачылыгын изилдеген И.Султаналиев: «Дегинкиси ал љзџнџн чыгармачылыгында адабияттын бардык теги боюнча каламын сынаган. Ага «Ачылбаган кат» ањгемеси баш болуп, элге кењири фельетон, ањгеме, макалалары, «Жантектин керээзи», «Зоотехник Буйлашев», «Курорттогу окуя» љњдџџ пьесалары, «Керим», «Негр жљнџндљ ыр», «В.Маяковскийге акындык отчёт», «Эки бџркџт» ж.б. эпикалык поэмалары далил болот»,1 – деп жазат. Ал эми К.Артыкбаев: «М.Алыбаев поэма жанрында кљп иштеген эмес. «Кыргыз 40 жылда», «Балдак жљнџндљ баллада» поэмаларын баштап жазып келатып бџтпљй калган. Ал эми айрым бир поэма жанрына ылайыктуу жазылган поэтикалык чыгармаларын, жупунулуктан болуу керек, поэма деп атабаган. Чындыгында «Керим» аттуу чыгармасы поэма деп атоого арзыйт»,1 – деп белгилейт.

«Керим» аттуу кљлљмдџџ ыры 1949-жылкы жыйныгына киргизилген. Автор љзџ чыгарманы поэма деп белгилебесе да, ага поэманын мазмуну сыйдырылган жана сюжеттџџ келет. Поэмада кыргыз жигити Керимдин согуштагы эрдиги баяндалат. Акын сюжетти кызыктуу курууга аракеттенген. Баш каарман Керим чалгынчылар отрядында карањгы кар учурган тџндљ:

«Чубашып бара жатат чалгынчылар,

так ушул он кишинин аркасында

макталган,

дањкы чыккан –

Керим да бар», - деп

акын жазганына караганда Керимдин дањкы мурда эле чыккан. Автор окурмандарга анын мурунку эрдиктерин бирден санап отурбастан «макталган, дањкы чыккандыгын» айтуу менен кљп сљздџџлџктљн кайкып љткљн. Сюжеттин андан аркы љнџгџшџндљ Керим душмандарга бет келет, душманга сыр айтпай баатырларча курман болгон жолдошу џчџн љч алат, љзџ да баатырларча курман болот. Биринчи бљлџм ушинтип аяктайт.

Ал эми экинчи бљлџмдљ советтик жоокерлер Керимдер чалгынга барган аралды ээлешет. Керимдин љлџгџн табууга комиссар буйрук берет. Керимдин сљљгџн табышат. Чљнтљгџнљн комсомолдук белетин жана ок кадап тешип кеткен кыздын сџрљтџ менен каты чыгат. Автор бул жерде ошол мезгилдердеги эпикалык чыгармаларга мџнљздџџ келген советтик жаштардын тунук сџйџџсџн дањазалагысы келгендиги кљрџнџп турат.

Чыгарманын финалы:

Ачышат эрди жоктоп жџрљк тыз-тыз,

Бирок да эр љлџмџ џлгџ берет.

Из болуп љмџрлџккљ эстен чыккыс,

Ар качан эр љлџмџ туу карматат.

Таптакыр, тарых бою эч ким жыккыс,–

деп аяктоо менен эрдикке таазым кылып, дал ошондой эрдик жасоого чакырат. Майданды сџрљттљљ бир кыйла ишенимдџџ жана чыйрак чыккан. Себеби акындын 1938-40-жылдары армияда кызмат љтљп, ак финдерге каршы согушка катышкандыгы менен байланыштырсак болот. Жыйынтыктап айтсак, чыгармада Улуу Ата Мекендик согуштун эр жџрљк жоокери Керимдин образы тџзџлгљн.

Элџџнчџ жылдары тынчтык џчџн кџрљш бџткџл дџйнљлџк масштабда жџргџзџлџп, тынчтыктын чакырыгына бџткџл дџйнљ эли кол коюп, бул жалпы элдик, мамлекеттик ишке айланган. Айрыкча тынчтыктын символу болгон ак кептер жљнџндљгџ ырлар кљбљйгљн. Акын дагы жалпы элдик кџрљшкљ џн кошкон публицистикалык жана граждандык пафосу кџчтџџ чыгармаларды жараткан. Ушундай мџнљздљгџ чыгырмалардын бири – «Негр жљнџндљ ыр» поэмасы.

Капиталисттик љлкљдљгџ тењсиздик жашоо, адамдардын рассалык эзџџдљн мџњкџрљгљндљгџсџ, бийликтегилердин жана байлардын байлыкты жыйып, улам эзџџнџн жањы тџрлљрџн ойлоп таап жатышы, ал эми эзџџчџлљрдџн алардын кол алдында кџндљлџк тамактары џчџн љлбљстџн кџнџн кљрџп, укуктарынын тебеленип кљз каранды абалда болушу акындын чакан «Негр жљнџндљ ыр» поэмасынын жазылышына себепкер болгон.

Мына ушундай мазмунга негизделген поэма љз мезгилинде кыргыз поэзиясындагы жањылык катары жылуу кабыл алынган. Саясий эки системанын курч тирешџџсџ жџрџп жаткан мезгилде жазылган бул чыгарма чу деген жерде эле:

Кимдер билбейт

США деген љлкљнџ?

Сырты жылтырак,

Ичи калтырак,

Ярлык – реклама болот кљркљмџ.

Долларга толбойт

(толтурууга да болбойт)

Тџпсџз кудук,

Бул љлкљнџ –

Башкаруучулардын чљнтљгџ.

Так ошол љлкљдљ

Каралар,

Актар деп,

Адам баласын экиге бљлљт–

деп башталат. Америка Кошмо Штаттары жљнџндљ автор мына ушундай мџнљздљмљ берип, анын империалисттик жџзџн, ал жердеги рассалык эзџџ жљнџндљ баян этет. Ыр андан ары конкреттештирилип Роберт Жонс жљнџндљ баяндалат. Аны кожоюну заводдон кууп салган.

Себеби Жон:


  • Окту кљп жасагандан кљрљ –

Балдарга конфет чыгарсак,

Болот деген оњ.

Ошентип, кара негр Жон алты жашаар баласын ээрчитип, жумуш издеп, кљптљгљн шаарларды кыдырууга мажбур болот. Эркиндикти, тењдикти, адилеттикти издеп жџрџп чарчаган Жон отуруп уктап кетет. Тџшџнљ Пол Робсон кирет:

Элдин ортосунда

Пол Робсон турат.


  • Кењ кљљдљнџнљн

Эркиндиктин жагымдуу ыры созулат.

Бардык эл, жер дџњгџрљтџп,

Робсонго кошулат.

Агарып келаткан тањды колу менен узакка кљрсљтџп ырдаган атактуу негр ырчысы Пол Робсондун элесинен кийин тањдын артынан кџн чыгарын кџттџ, ањгыча эле:

Кџндџ кџттџ эле,

Бирок кџн ордуна –

Кџлџмсџрљгљн –

Ленинди кљзџ чалды.

Чыгармада мындан ары тџштџн уландысы сџрљттљлџп, акырында автор:

Жолдош негр!

Ниетибиз бир!

Жабыркаба,

Кљмџлбљ!

Ленинди тџштљ кљрдџњ.

Ал анткени

Кљп ойлойсуњ кљњџлдљ,

Аларды мен да кљрљм,

Мен да кљрљм,

Тџшџмдљ да љњџмдљ.

Портрети кџлџмсџрљп

Дайым илинип турат тљрџмдљ.

Сенде џй жок,

Ала жџргџн

Лениндин сџрљтџн.

Карап койсоњ кайрат берет љмџргљ! –

деп Жонго тилектеш экендигин ачык билдирет.

«Негр жљнџндљ ыр» 50-жылдарда тынчтык џчџн кџрљш жџрџп жаткан мезгилде, айрыкча адабиятта негизинен тематикалык џч проблема: согуш темасы, тынчтык џчџн кџрљш жана учурдун турмуш чындыгын чагылдыруу кџч алып жаткан мезгилге жазылган. Социалисттик системага карама-каршы турган империализмдин саясатын ашкерелљљгљ арналгандыгы менен мезгилинде љтљ актуалдуу проблеманы кљтљрџп чыккан. Учурдун акындан кџткљн талабы ошондой болгон. Таланттуу акын дал ошол талапка поэзиянын тили менен сезимге жеткире айткан чыгармасы менен жооп берген.

Жыйынтыктап айтсак, «Поэма жанрында кљп иштебесе да» (К.Артыкбаев) «Маяковскийге акындык отчёт» аттуу атактуу поэмасын эпикалык жанрда жарата алган. Адабият тарыхында бул поэма жогорку идеялуу, кљркљм чеберчилиги менен айырмаланган чыгармалардын катарына кирет. Адабиятчылар кљлљмдџџ ыр, же поэма деп бири-биринен айырмаланган пикирлерди айтып белгилеп жџрџшкљн, жогоруда биз сљз кылууга аракет жасаган «Керим», «Негр жљнџндљ ыр» чыгармаларын поэма деп атасак туура болчудай. Себеби, аларда поэмалык кљлљм сыйдырылуу менен чакан сюжет бар.

Бирок, ошентсе да акындын пешене тагдырына сатира менен лирикалык ырлардан љзгљчљ шыбага айтыптыр. Ошондойбу, «ал драма менен лиро-эпикалык чыгармаларынан тигилердей чоњ ийгиликке жетишкен эмес»1 деген пикирге кошулбай коюга болбос. Чынында эле Б.Алымов белгилегендей, «… акын дал ушул ашыгылык ырлары менен сатирасы аркылуу кыргыз поэзиясында љзгљчљ бљлџнџп, чолпон жылдыздай жаркырап кљрџнљ калды».



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет