Кадырбек Керимбаев (Саяковский), 2014. Бардык укуктар корголгон



бет2/8
Дата12.07.2016
өлшемі0.59 Mb.
#195744
1   2   3   4   5   6   7   8

Мелис Турганбаевге
Беш киши чыкса пикетке,

Беш жүз мент турат күзѳттѳ.

Аарчып да балким жиберет,

Ак үйдѳгүлѳрдүн ичи ѳтсѳ.


Ок ѳтпѳс чопкут кийгендер,

Оолугуп элге тийгендер.

Аракка абдан тойгузуп,

Айдактап силер ийгендер.


Менттердин генералдары,

Мээсинде барбы залдары?

Бечара элди коргобой,

Бейпайга неге салганы?


Эл сөзү” гезитинин (26 сентябрь 2012-жыл) бетине менин “Оо...даа”! деген макалам жарык көргөн. Каада сөзүн калтырып жалаң ырынан үзүндү келтирейин:

Жантөрөгө жаңы Оо...даа...!”


Таштаган шашпай жай кадам,

Ташты да майдай чайнаган.

Бетине шыбап мазутту,

Бетонду нандай аймаган.


Көлөкө кууп жашаган,

Көмүскөдө ишин жасаган.

Колуна тийген каржынын,

Онунан бирин атаган.


Чайнабай темир лом жуткан,

Чакырымдаган жол жуткан.

Олчойгон сомду жалмаган,

Ош эли көргөн кордуктан.


Чыкпаган ачык оюнга,

Чыгарбай сыртка оюн да.

Устукан деле талашпай,

Ыраазы болгон “моюнга”.


Акаев менен ток жеген,

Бакиев менен “пок” жеген.

Кызматкерлерин кыйнаган,

Кызматы чоңго “хоп” деген.


Жылкыча кетпей даң салып,

Адамча көппөй чаң салып.

Жантөрө билет жегенди,

Жегенде дагы тамшанып.


Жеткени менен жогору,

Жеп көнгөн адам болобу?

Ажоого турса чиренип,

Ачылат эми обору.


Темир жол салса темир жейт,

“Датка-Кеминдин” теңин жейт.

Ызы-чуу кылбай башкадай,

Радиоактивдүү көмүр жейт.


Орустар берсе эгин жейт,

Кытайдан келсе желим жейт.

Кудайым анык берди деп,

Кумтордун алтын кенин жейт.


Өлүмүш болгон калп эле,

Өнөрү күчтүү Жантөрө.

Кыйратканын да көрөбүз,

Кыйналаар кыргыз калкы эле.


Узун сөздүн кыскасы, Жантөрө жаңы келгенде жазган “Оо..даам” үчүн таз катындардан таяк жеп, таза катындардан тил уккам. Өзүмдүн эле токтогулдук жердештерим “заказ менен эле падышага ылайык кишини булгай бересиңби?” – дешип мага туш-тушумдан асылышкан. Жантөрө эмне кылып берди кыргызга? – деп, мен эми сурасам окшойт. Эмне кылып бергенин көрдүк го. Жантөрө президенттин аппарат жетекчиси болуп турганда эле анын ким экенин жазчулар жазып чыккан. Президентке да Жокеге да ушул киши өтө ылайык болгон. Билип туруп шайлашты. Аргасы жоктон жайлашты. Азыр болсо: “Анжыянда бир эжем бар, ал менден өткөн Шуркуя” – деп мактанган сарттын кызы жөнүндөгү анекдоттой болуп турат. Акаевдин Академиясын бүтүргөн. Лондондон барып массондук клубдан таалим алган Оторбаев кыянатчылыкты кыргызга Жантөрөдөн беш эсе ашык кылбаса мага кел. Ошондуктан Оторбаев дагы “Оо..даага” татыктуу. Кийин айтасыңар “ушу байкуш Саяковскиймин деп жүргөн сандалган чалдын айтканы туура келди” деп.
Жантөрө мырза жактырган,

Жан билбес сырды тапшырган.


Орунбасары болгон соң,

Оңой иш ордун бастырган.


“Опуту” ашат он жылдан,

Ишин ким көргөн оң кылган.

Акыры “жыты” чыгат ко,

“Окорочкадай” тоңдурган.


Эрте азыр чыгыш кубанып,

Эскертип элге туралык.

Кеңештин “генийлерине”,

Келди окшойт бирок ылайык.


Тагышып “ярлык” седети,

Салчулар салар серепти.

Оторбай Кайып баласы,

Ойнотор ошол Кеңешти.


Ажоону пешка көрөт да,

Айтканын кылат Кеңеш да.

Текебаев тандаган,

Тегин жигит эмес да.

Бийлердин качты кунары,

Бийликтин кандай кумары...


Бейпешене мансапкор,

Беш партлидердин куралы.

Айрыкча Текебаевге,

Сүзүшкөндө мүйүзү,

Тебишкенде туягы!

Коррупция... Ууру ...Ураа!
Кадырбек акын ой айтсын,

Калыстыгын Камчы “вор” айтсын.

Карышкырды ууру сенсиң деп,

Кантип эле байкуш кой айтсын.


Уурунун бийлик колунда,

Уурулук мыйзам жолунда.

Мындайды айтчу кыргыздар,

“Мышыкка чычкан оюн да”.


Коррупция ... деп эле наалыйбыз,

Кор башыларын деле тааныйбыз.

Түшүнүп көрүп турабыз,

Түбүнөн качан таарыйбыз?!


Шайы ооган кезде карысы,

Шайланат эртең жаңысы.


Ууруларга алы жетпеген,

Улуттун барбы намысы?!


Уурудан коркпой коёндой,

Учурса болот бороондой.

Дегеле кыргыз оңолбойт,

Тескери мыйзам, Парламент,

Текеси менен жоголбой.

Басмачы бийлик турганда

(Декларация – дегени жарыялангандан кийин “жашылбайлары” миллиондон ашкандар үчүн.)
Батынбай келдик жазгандан,

Байлык жок түшкөн асмандан.

“Бай” дегендердин баары – ууру,

Башында,

азыр да, элди башкарган.
Мингендери Джип - танкадай,

Салгандары бүт – Хансарай.

Алгандары бир Чойоке,

Дээри, деми Ханшадай.


Эсепте жалаң айлыгы,

Эсепсиз каткан байлыгы.

Ачкадан өлчү немелер,

Акча деп тарткан кайгыны.


Ээн эркин баспайт алчактап,

Эл-журтту карайт жалтактап.

Жашоосу бир иттин жашоосу,

Жан сакчы күтүп, жан сактап.


Бастырып ишке келгени,

Байлардын кылган эрмеги.

Кызматты сатып алгандар,

Кыйратат эле эмнени?


Кыргыз эл жетпейт жыргалга,

Кыйындайт жашоо мындан да.

“Партия” деген ат менен,

Басмачы бийлик турганда.



Малдай көрүп калганбы?
Душман чыкты өз элине бийлигиң,

Туйбасаң туй, билбегениң билгиниң.

Тез козголуп, текши журтум чыкпасаң,

Тегеренип түшөт эртең түндүгүң.


Көрүнө алып, көмүскө алып акчаны,

Ажо өзү элдин башын аттады.

Темир жолун кытайлардын киргизип,

Теңир тоскон чепти турат ачканы.


Алыс карап, терең ойлоп үйрөнбөй,

Атамбаев “запойдо” эле жүргөндөй.

Темир жолдун кереги не кыргызга,

Тепсеп кытай Ала-Тоосун киргендей.


Карыз алса тең көрүшөт жыргалга,

Капкан ошол, бекер берчү пул кайда?

Өлүп талып эртең кирип келишет,

Өз жерине калкы батпай турганда.


Элди ажообуз малдай көрүп калганбы,

Эч болбосо макулдугун албайбы?

Же Пекинде “пахмель” бербей коюшуп,

Аргасыздан колун коё салганбы?



Өкүрүк
Ак калпак элди теңсинбей,

Ак үйгө жакын келтирбей.

Басмачы болгон парламент,

Башкарып калды эркиндей.


Топтошо калса жактырбай,

Тойго да эркин бастырбай.

Оротуп элди менттерге,

Оозду да калды ачтырбай.


Кыйналып келсе элибиз,

“Кыйындар” болуп өлүмүш.

Керсейип көңүл бурбаган,

Келатат болуп көнүмүш.


Тил бүткөн кезде тешилип,

Дил бүткөн кезде эзилип.

Атасы журттун өлгөнсүп,

Ак үйгө келдик өкүрүп.


Түркөйлөр мүмкүн күлүшү,

Түшүнөр экен кимиси?

Өлгөндөрү ошол эмеспи,

Өчкөндө элдин үмүтү.


Көк жөтөл мыйзам чыгарган,

Көздөрү майдан тунарган.


Беттерин кылып табактай,

“Беш каман” жоктур уялган.



Каргышка калгандардын тизмеси
Эркиндик деп, эл деп башын сайгандар,

Эч жалтанбай ажалга түз баргандар.

Өлбөс кылды келечегин кыргыздын,

Өлкө үчүн өмүр берген кайрандар.

(Эстелик бетиндеги жазуу)
Ыйлап жазган, сыйлап жазган саптарга,

Ыйламсырайт ыр чегилген таштар да.

Арбактарын салды бийлик соодага,

Азаматтар көр түбүндө жатканда.


Эркиндик деп, эл деп эрлер өлүштү,

Эл кучактап кала берди бейитти.

Тебелешип өлүүсүн да, тирүүсүн,

Текебайлар ээлеп алды жеңишти.


Арыла элек башка түшкөн азабыз,

Жазыла элек жанды жеген капабыз.

Каргышка анык калгандардын аттарын,

Кара таштын бетин оюп жазабыз.


Соо бүткөн жок соттор чечкен иш деле,

Сооп үчүн иш кылалы биз деле.

“Кандидаттар” толо Ак үй, Көк үйдө,

Кара ташка жазылуучу тизмеге.



Эл түшүнө албады
Жүздөй эле деп коёлу санабай,

Жүздөрүн да тек коёлу карабай.

Жан кыйнаган оору сымал жармашып,

Алдашты алар элди-журтту аябай.


Жүздөй шылуун талап алды байлыкты,

Жүздөй зулум басып алды бийликти.

Кылбаганын душмандардын кылышты,

Кыргызча айтсак “кыргызды итке мингизди”.


Жолубуз жок карыш деле узаган,

Жолтоо кылган баягы эле жүз адам.

Жөргөмүштөй кыргыздарга тор жайып,

Жөөттөрдүн мыйзамына тушаган.


Заман куруп кулу болгон акчанын,

“Адам” дешип, арам акча чачканын.

Бөлүп элди, ээрчитишип жүз бөлөк,

Бириктиргис кылып салды баштарын.


“Жыргатат” деп кытай келсе иш берип,

Жылмыңдашат сөздү туюк бүткөрүп.

Энөө кыргыз эмнегедир байкабайт,

Элди, журтту салышканын жүз бөлүп.


Малай кылып, малдай айдап алганын,

Маң болгон эл эч түшүнө албадың.

Кутулбасаң жүз шүмшүктөн эртерээк,

Кул болушат балдарына балдарың.


Ак калпактуу кыргыз туруп улутуң,

Акчалуунун неге малай, кулусуң?

Өлгөнү ошол Ардын дагы Намыстын,

Өчкөнү ошо Рухтагы угутуң.



Алтымыштан ашкандарга
“Кыргызмын” деп бүгүн тирүү баскандар,

Турмуштун бул балын, уусун таткандар.

Адам атын, ар намысын булгабай,

Арууланып алтымыштан ашкандар.


Өлкө болуп көтөрүлсө түндүгүң,

Өз колуңа тийип турса бийлигиң.

Көз арткандар уусун чачат тымызын,

Көпкөн балдар тебелешет бир-бирин.


Жыйырма жылдай жылбай турат көчүбүз,

Жыккан, чалган, бастырбаган өзүбүз.

Улут, Өлкө чачылабы чаңга окшоп,

Ушу биздин тирүү туруп көзүбүз?!


Курактабыз ажалга тик караган,

Уятты биз өлүмгө тең санаган.

Эгер мезгил талап кылса берели,

Эл, жер үчүн жаныбыз жок аяган!


Эки жолу жасагандан төңкөрүш,

Элиң жыргап, оңолгон жок өлкөбүз.

Алып-сатар, басмачылар башкарып,

Анык шорго түшүптүрбүз көрсө биз.


Кыргыз жатса самсып, тентип чачылып,

Кытайларды улам жатат чакырып.

Жоголбосо басмачылар бийликтен,

Жок болобуз Үркөргө окшош аз улут.

Кыйналгандын болот чеги, ченеми,

Кайнап турат жанар тоодой эл эми.

Адашпастан кылым, доордо кыргыздар,

Агып келген нукка салып көрөлү.


Ар намысты туудай келген көтөрүп,

Ата салтын өрнөк кылып өтөлүк.

Кыл үстүндө турган Мекен тагдырын,

Кыргыз эли, акыл менен чечелик.


Элдин, журттун бар чыгар деп убалы,

Эстүүлөрү бул бийликтен чыгабы?

Автоматты дүрмөттөшүп турушса,

Аксакалдар, окту тосуп чыгалы!

Сонун да”
“Сонун да” деген ыр ырдап,

Соңунда койдун кыңылдап.

Солдойгон кыргызбайларды,

Бүгүн, сооротсо жашы тыйылбайт.


Сонун күн калды жыргаган,

“Сонун да” калды ырдаган.

Сомкесин сүйрөп кытайдын,

Сооданы кылды кылбаган.


Бапырап акча колунда,

Бай болуп жүрдү оюнда.

Базардын билбей оюнун,

Банкрот болду соңунда.


Аязда туруп какшады,

Кактады күндүн аптабы.

Соодасы бүтүп өзүнүн,

Соодадан пайда таппады.


Сооротот үмүт адамды,

“Сонун да” кайра жаралды.

Жазайын, эгер жактырсаң,

Жаттап ал дегин балаңды.


Милдет жок жоопту моюнда,

Миллион деген колуңда.

“Деп” коюп анан жеп койгон,

Депутат болсоң сонун да.


Керимбайдын келди кайра заманы...
Улуу акын Токтогул атабыздын 150 жылдык юбилейи бүткүл тектеш элдер үчүн майрам болуп жатат. Кыргыз эли сыймыктануу менен өзгөчө белгилөөгө аракет кылууда. Алды Түркияга чейин барып салтанаттуу иш-чараларды өткөрүп, концерттерди тартуулап келишсе, жергебиздин маданий очокторунда мындай иштер арбын. Акын-жазуучулар ушул мааракенин алкагында колунан келген чыгармаларды жазуунун үстүндө. Тарыхчылар Токомдун өмүр жолун ийне-жибине чейин изилдеп, эл оозундагы чыгармаларынын жаралышынын жагдайларына чейин иликтеп чыгышыптыр. Ага далил катары Омор Соороновдун эки томдук китебин көрсөтсөк болот. Калемгерлер эле эмес, улуу сөздү урматтагандар калк ичинде көп экен, гезит беттеринде Токомо арналган ыр, макала жазгандар арбын.
Өмүрү өрнөк болгон улуу инсандын өнөрү көп түрдүү экен. Кай тарабынан карабаңыз адамды ойго салат. Ырларында улуттун салт-санаасы, нарк-насили, үрп-адаты ушунчалык чебер сөз менен берилген, окуган адамдын дилине кыттай уюп калат. Азыркылар «философия» деп Батыш акылмандары айтканды Током Кетмен-Төбөдө кой кайтарып жүрүп эле акылына калчап, көңүлү менен элеп коюптур. «Санат», «Насыят «, «Терме» – мээси барларга мектеп, акылы барга ачылган жол...
Акын атабыз тили жетпеген жерде адамзаттын кубаныч-кайгысын, муң-зарын, үмүт-тилегин комуз күүсүнө салып чыгаргандай. Толгон-токой күүлөрүн санабай бир эле «Миң кыялын» алалычы. Таш мерез адам дагы бир толгонуп алаары бышык.

Кат сабаты жок туруп акындардын өзүнчө эле мектебин, университет, Академиясын түзгөнүн караңыз. Бул Улуттук Улуу акылмандыктын алмустактан келаткан салты тура. Өзүнө Теңирдин тапшырганын аманат катары кабыл алып, кийинки муунду өстүрүп кетиптир. Бүгүнкү төкмөлөр деле, жазмалар деле биринин ырын улам бири улап ырдап, жазып кудайга шүгүр кыргыз көчү менен баратат. Эми атабыздын атын «Акын-де­мократ» деп Компартия өз идеологиясына туура эле пайдаланды. Андан акын деле, эл деле зыян тарткан жок. Ортодо эле «тарыхты тактоочулар» ар кандай сөз чыгарып жүрүшөт. «Тактай албай арман­да жүрсөңөр, Омор акенин китебин окуп тактап алгыла» деп эле коюш керек.


«Беш каман» деген ырды ырдаганы чындык. Ошол «каман» деген атка арданган Рыскулбектин укум-тукуму бар. Раматылык Асанкалый да Керимбай болуштун небереси эле да. Анын да нааразы болуп өткөнүн билем. Бирок бир нерсени туура түшүнүш керек. Эгер Токомдун «Беш каман» ырында аты аталбай калса Керимбай, Атакан, Миңбай... совет доору келгенде унутулуп калган миңдеген болуш-бийлер сыяктуу түбөлүк унутулуп калмак. Токомдун ыры аркылуу, Токомду эскерген сайын «каман» аты болсо да Керимбай кошо эскериле берет. А көрөкчө Керимбай болуштун эли-журтуна кылган зор эмгектерин даңазалап жазып, элдин калың катмарына жеткириш керек. Керимбай болуш болбосо 1916-жылдагы Үркүндө Кетмен-Төбө эли падышанын жазалоочу отряды тарабынан кандай кордук көрүшөт эле, кийин басмачылар келгенде дагы кандай балээнин ичинен чыгышат эле, ким билет?
Жашоо, турмуш күрөш экен. Ошол убакта деле дал бүгүнкүдөй бак талаш, так талаш болуп, шайлоо деген нерсе мындан да шайтандуураак өтсө керек. Токомдун эрдиги жакыр эл тарапта болгондугунда. Ата-бабасынан бери бий-болуш болуп азуусун айга жанып тургандарга каршы ырдап, өлүмгө даяр болуп ачык чыкканында болуп жатат. Ошол убакта ата-жотосун «каман» деп атап койгонуна бүгүнкү урпактары намыстанып тургандыгы үчүн рахмат гана айтууга болот. Сүргүнгө айдалып Током деле көрбөгөн кордукту көрүптүр. Совет доорунда Токомдун өзүн анчалык барк алып эркелеткен эмес. Сүргүнгө барып келгендиги үчүн атын саясатка пайдаланышкан. Ал убакта кылт эткен нерсени Москва чечип турган.
Тагдырдын тамашасыбы же кудайдын сыноосубу бүгүнкү кырдаал менин чоркок тилим менен айтканда мындайча болуп турат:
Керимбайдын келип кайра заманы,

«Беш камандын» жүрүп турат арааны.

Арзыматтар ашта, тойдо күпүлдөп,

Токтогулдун көрүнбөйт ко карааны?
Бул талашсыз чындык. Беш партияга элди, жерди, кызматтарды бөлүп алган «камандар» чейрек кылымдан бери кыргызга кайсы жакшылыкты кылып коюптур. Качып кеткен эки жүзү карадан башкасы бүт эле бийликте отурат. Партиялар басмачы болуп баратканын көрүп эле турабыз. Эл бөлөк, бийлик асмандан түшкөн ак сөөк... кармагандары эсепсиз мүлк, миллиондогон доллар. Карапайым калк шаарда жалданма жумушчу, айылда мал баккан малай. Шайлоодо добуш бир. Бийлик ордосунда ар кандай оюндарды элди алаксытыш үчүн радио, теле, гезиттер аркылуу «Шоу» көрсөтө беришет. Ошого эл деле бара-бара ишене баштады. Кыргыз деген өзгөчө бир эл экенине карабай, батыштын чен-өлчөмүнө, тартип-мыйзамына зордоп тыгып, ошол эле убакта кытайды алдап, орус менен ойногулары келишет. Дин атын жамынып кирген диверсанттарга алдары жетпей калды. Бир ууч шылуундардын кызыкчылыгын коргогон баш мыйзам өлкөнүн ичине башаламандыкты пайда кылып, жалпы журтту ошол шылуундар каалагандай калчай турган акыбалга алып келди. Эл ичинен баш көтөргөндөрдү бийлик талашкан оппозиционер катары радио, теле, гезит аркылуу жамандап же дайын-дарегин билгизбей камап жатышат. Мына ушундай жагдайда бул бийликтин анык жүзүн ачып бере турган бийликти, байлыкты самабаган акын-жазуучулар эле го дейм. Жакында Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Зайырбек Ажыматов, Мирлан Самыйкожо болушуп радиодон Талиева Камила айым Маданият министри болуп дайындалса нааразы болуп чыгышты. Талиеваны тайраңдаткандарды билишпейт бекен? Өз ишин билбеген Ибрагим Жунусов менен Султан Раевди улам бирин коюп шылдың кылгандар Камиланы да ошол «маданиятка» эп көрүштү.
Балээнин баары кыргыз элин тукулжуратып улут катары жок кылуу программасын азыркы бийлик аткарып жатканын он класс билими бар мен түшүнөм, жогорку билимдери бар таланттуу акындар, чыгаан журналисттер түшүнбөй калышыптырбы?

Улуу Токомдун юбилейинде ошол акындар ырдап чыгышат. Бирок эмне жөнүндө ырдаарын билбейм. Токомдун эли кыйналып жатат. Балдары зордукка көнүп, ашта-тойдо ырдап жан бакканына курсант болуп отурса жыргаган экенбиз.


Мени Токтогул атанын тоюна акаарат келтирди, каршы чыкты дешкендер деле четтен чыгат. Андайлар «партия» деген аты бар басмачылардын акчасын алып, оозуна келгенди оттой беришет. Уялбай ушул мааракеде өзүнө саясий упай топтойм дегендер да бар. Элди алдаганга булар аябай машыкты. Эми булардын анык жүзүн элге таанытып «каманын» камап, торопойлорун торопойдой чекеге чертип көрсөтүп ырдап чыкчу төкмө акындардан чыгаар бекен? Менин чама-чаркым чак, көрөңгөм бөксө. Бирок, өзүмдөн коркпойм, колумдан келишинче жаза берем.
Беш партлидерге «Оо...даа» жазып, сыясы кургай электе эле Жогорку Кеңештин сессиясы болуп өттү. Анда Оторбаев баш бакан болуп, жаңы өкүмөттүн курамы бекитилди. Далай депутаттардын каршылыгына карабай биринчи вицеликке Тайырбек Сарпашов, Маданият министри болуп Камила дайындалып калды. Басма сөз бака-шака эле түшүп калгандай болду. Сарпашовдун менчик фирмасы «Градиенттин» прокуратурадагы иши «жоголуп» кеткен имиш. Ошого карабай өкүмөттүн экинчи даражадагы кызматына отуруп калды. Ал эми Талиева Камила айым мурдагы кызма- тында деле жыргатаарлык иштеген эмес. Эт менен челдин ортосунда дегендей болуп эле жүргөн. Анан калса маданият тармагына өлкө түптөлгөндөн баштап эле көңүл бөлүнгөн эмес да. Буга маданият кызматкерлери башынан эле нааразы болуп келишкен.
Талиеванын министр болуп дайындалышы «шишикти жаргандай» эле болду. Жазбаган гезит, сайрабаган радио, теле калган жок. Эки тараптуу баа берилип жатканы менен жактырбагандары басымдуулук кылды. «Азаттыктан» азыркы замандын мыкты төкмө акындары Аалы Туткучев, Азамат Болгонбеков жана акын журналист Зайырбек Ажыматов менен теле журналист акын Мирлан Самыйкожо нааразылык билдирип чыгышты. Анча чыккандан кийин мүмкүнчүлүктөн пайдаланып азыркы бийликтин анык жүзүн көрсөтүшсө болмок. Тайсалдашат. Маданият, маданият – деген сөздөн башканы ооздоруна алган жок. Нааразы болуп келдик дегени менен күйүп жанып бирөө сүйлөй албады. Угуп отурган мен өрттөнүп кеттим. Дароо эле макала жазгам. Аны басканга гезит жок. Окурмандар мени толук түшүнүш үчүн ал макаланы да ылайыктап жарыяга алып чыгармын. Азыр сөздү нугунан бурбай нааразы болуп келишип ойлорун так даана элге жеткире алышпай кайра элди нааразы кылгандар жөнүндө болсун:
«Талиевага деле каршы эмеспиз, маданиятка көңүл бурулбай калды» - деген сөздөн башканы төртөө тең айта алышкан жок. Кызматтарынан алып, камап коё тургансып сактанып, актанып сүйлөштү. Кыргызды маданиятту эл эмес мал кыла турган идеология азыркы бийлик башындагылардын мээсине орноп калганын, ошону өздөрү да түшүнө албагандарын, эсеп жеткис байлыкты элден уурдап алышып аны коргош үчүн бийликти басып алышканын, Ак үй, көк үйгө алып-сатар, чайкоочу кызыл кулактар толуп алганын, өндүрүш, айыл-чарба дегенден түшүнүгү жоктор министирдин мамык орунунда отурганын... койчу дегеле саясат дегенди эң жок дегенде элүү жыл алдын көрө билгендер жүргүзөөрүн, булар болсо президенти баш болуп кызматтан кетээр мөөнөтүнө канча күн калганын эсептеп жүргөн көр пенделер экенин айтат деп күткөм. Эл күткөндү айта алышкан жок. Айта турган тилдери, дүрмөттөрү деле бар жигиттер эле. Балким министр мен болом деген тилектери барбы? Ошентип макала да жаздым, анан бугумду ыр менен чыгарып, «Акындарга ачык кат» жолдодум.

АКЫНДАРГА АЧЫК КАТ
Керимбайдын заманы,

Келгенин кантип таналы.

Кемитээр, кошоор жери жок,

Келишти бардык тарабы.


Эптеп күн көрүп чабалы,

Элинин окшош абалы.

Беттеген Током кезинде,

Беш эмес, беш жүз «каманы».


Келгени менен заманы,

Челгени менен каманы.

Томояктарды коргогон,

Токомду кайдан табалы.


Толгонсок кудай бербейт ко,

Токобуз туруп келбейт ко?

Көчмөн эл эми акындын,

Көлөкөсүн да көрбөйт ко.


Эгемин болуп белеги,

Элинин болуп желеги!

Тогошуп турса замана,

Токомдой бирөөн береби?


Акын көп бүгүн элдеги,

Алар, аш менен тойдун эрмеги.

Тобунан азыр көрүнбөйт,

Токомо башы теңдери.


Алым жок төгүп, чачканга,

Арбытпайм деле жазганда.

Карынын сөзүн сыйлаар деп,

Кат жаздым ачык жаштарга.


Төбөсү бийик төрт жигит,

Төккөн да, жазган өрт жигит!

Көбүктөй сөздү айттыңар,

Көңүлдө турса өрт күйүп.


Наалыса наалыйт катындар,

Наалыбайт кыргыз акындар.

Кобурап котур сөз айтып,

Кор тутпайт өзүн асылдар.


Ажоолор такка бир келет,

Ала салган да күн келет.

Ар дайым калчу эл менен,

Акынга Теңир тил берет.


Ургулап турган төш жаман,

Унутпайт катуу сөздү адам.

Таанытып элге Токтогул

Тарыхта калды «Беш каман».


Айтарымды айтам мен эми,

Аны элээр элдин элеги.

Танакеге окшош таркылдак,

Тагдырды чечкен немеби?


Көзүбүз көрүп турганды,

Көпчүлүк менен ылгайлы.

Тайраңдап жүрсө андайлар,

Так минген күлүп турбайбы.

Жүз жыйырма кызыл кулакта,

Жүзүндө жоктур уят да.

Парламент үчүн баары бир,

Бар жогу Маданият да.


«Арылган» кылган күнөөсү,

Ажыналардын бирөөсү.

Тебенээк кара байталдай,

Текебер дешет мүнөзү.


Намыска туулган мыктылар,

Нараазы болуп чыктыңар.

«Жолборстор» толгон ордодон,

Жоопту кандай уктуңар?!


Чаң жукпас баскан килемди,

Чарчаткан укпай бир элди.

Чытырап көпкөн немелер,

Чымындай көрбөс силерди.


Көйгөйлүү шаарды, элетти,

Көзүңөр көргөн эмеспи?

Мадырайган төртөөңө,

Маданият эле керекпи?


Маданият да керектир,

Майдалаш керек эместир.

«Бардакты» ушул курганга,

Басмачы бийлик себептир.


«Колхозго» башын ийбеген,

Коммунистерин да тилдеген.

Бир чалмын жүргөн Корголдой,

Бийликтегилер сүйбөгөн.


Төртөөң тең акын чеченсиң,

Төркүнүн сөздүн сезээрсиң.

Учугун улап кебимдин,

Чучуктарына жетээрсиң.


Акынча салып кеңешти,

Айталы сөздү керектүү.

Үмүткө улам алданып,

Үзүрүн көрбөй эл өттү.


Эгемен заман келгени,

Эл байкуш көрдү эмнени.

Камандар талап өлкөнү,

Заңын да ыраа көрбөдү.


Балээнин баары башталган,

Баштасам сөздү Аскардан.

Жан тура келген Батыштан,

Жашыруун ишин аткарган.


Көр дүйнө колдун кириндей,

Колдон колго өтөт билинбей.

Рухка балта чапкан го,

Утуру берчү ириңдей.


Бай болуп шумдар «жапжаңы»,

Баш бербей калды жаштары.

«Дем.оору» каптап кыргызды, (демократия)

Делбетап кылып таштады.


Уул, кыз чыгып тыйуудан,

Улуулар калып сыйынан.

Улут, эл чыга баштады,

Уңгулуу жолдун нугунан.


Ар-намыс туусу жыгылып,

Акчага калдык сыйынып.

Теңгени теңдеп келем деп,

Тентиди самсып бир улут.


Сөөгүн жыйнап бел-белден,

«Соодурбай» баштап эл көмгөн.

Ошол «Эр» бирин апкелбейт,

Оруска барып өлгөндөн.


Кири жок Кыргыз дилинде,

Кирдеди сасып бу күндө.

Аша чаап ата салтынан,

Ар элдин жүрөт дининде.


Муюбай туруп өзүбүз,

«Мусулманбыз го» дечүбүз.

Аныбыз тура саясат,

Агымы тура жетимиш.


Адашкан момун эл экен,

Азгырган желдей кеп экен.

Мусулман болуш өз эрки,

Бузулган андан көп экен.


Азгырат араб жомогу,

Ак калпак кыргыз оңобу?

Мекенден, Ала-Тоодон да,

Меккени койсо жогору?!


Шүкүрлөр жүрөт арбаган,

Шүмшүк көп аны жандаган.

Тозокту айтып коркутуп,

Бейишке жүр деп алдаган.


Эгемен элге күн тийип...

Эси жокторго дин тийип...

Ак уруп калса кантели?

Ак үйдөгүлөргө жин тийип.


«Оолукса согот аракты,

Соолукса окуйт намазды».

Айтылган имиш чыккан жер,

Ажобузга экен караштуу.


Жараткан өзү жапжалгыз,

Жамынып динди жакпайбыз.

Жүргөн соң анын эркинде,

Жүрөккө гана сактайбыз.


Ачык кат болсо жазганым,

Ачып эле баарын таштайын.

Дилимде күйүп турганды,

Тил жеткенинче какшайын.


Элимди бузса дин деген,

Эмне үчүн аны тилдебейм.

Током да «Эшен-Калпаны»,

Токмоктоп жүргөн тил менен.


«Эшегин эптеп токуйм деп,

Намазын кантип окуйм деп».

Буйлаштын уулу Арстанбек,

Бул динди айткан кокуй деп.


Байкаган Баткен тарапты,

Баш барбы мээси жарактуу.

Чети эмес бекен согуштун,

Чектеги жер суу талашпы?


Чечпесек чектен талашты,

Чектебей койсок даватты.

Бери жактан карайт молдолор,

Бен-Ладен келчү тарапты.


Батектей болгон сакалы,

«Бахалар» жөн-жай жатабы?

Пакистан, Афган тараптан,

Башталбас бекен чатагы?


Алласы анык берчүдөй,

Айланып алар келчүдөй.

Турсунбай Бакир уулу да,

Турат го күтүп элчидей.

Үркөрдөй бир ууч элибиз,

Үзүктөй чакан жерибиз.

Кыйкырсак чыгып аянтка,

Кытайды басат демибиз.


Орустар менен ойнойбуз,

Ойлонуп чиркин койбойбуз.

Омскидей шаарына,

«Оптом» барсак толбойбуз.


Чегибиз турат ачылып,

Чарбабыз бүткөн чачылып.

Кениңе ээ болуп келгендер,

Жерибиз жатат сатылып.


Казактар менен катышпай,

Калабыз чекти ачышпай.

Кантсе да бизден тыңыраак...

Калган сөз... мында ашыктай.


Кыш чилдедеги маселе,

Кыргыздар үчүн газ эле.

«Газпромду» эми көрөбүз...

Ташкендин боору таш эле.


Тажик-кыргыз чектери,

Талашта. Эч ким чечпеди.

Эрмектеп айлык алат ко,

Эки жактын тең бектери.


Өздөрү чекте турбайт да,

Өлгөнүн элдин урбайт да.

Ажоолор болгон көрмөксөн,

«Ажыдаар» жатат бул жакта...


Кытайдын саткан товарын,

Кыйындыр балким аялың?

Кызыкдар буга бийлик да,

Кыпкызыл алган «Наварын».


Бийлериң көнөт шартына,

Бирөө да кетпейт артына.

Кодойгон кытай жээндер,

Кошулуп жатат калкыңа.


Акчасын төшөп келишти,

Арт жагы болоор кейиштүү...

Кылкылдап батпай турбайбы,

Кытайга тарып жер үстү.


Жел менен кирсе тумандай,

Жетпей күч калсак тыя албай.

Үйүңө болсо кожоюн,

Үрөбүзбү анан уялбай.


Кытайга бүгүн» базарбыз»,

Кыйратсак алып-сатарбыз.

Оолукса кытай бир күнү,

Оруска кире качарбыз.


Кытайдын уусу канында,

Кыз берсең толот айылга.

Орус менен дос болсоң,

Окчонтой болсун жаныңда.


Кеп деген болсо табылат,

Гезиттин бети тарыраак...

Орустарды эми «отдельно»,

Ойлонуп жазам жайыраак.


Жазма акын жазат жалданып,

Төкмө акын ашка алданып.

Өнөрүн берген кудайдын,

Өзүбүз баалай албадык.


Кыргызым эле ыр жандуу,

Кыйнаса турмуш кыйналды.

Ындыны өчкөн элге биз,

Ырдайлы кайсы жыргалды?


Акылдан, салттан адашып,

Акчаны кудай санашып.

Ичи таар, мерез болдук да,

Итке окшоп калдык талашып.


«Камандар» жыйды байлыкты,

Калемгер албай айлыкты...

Жашоонун болгон күзгүсү,

Жазуучу журтун айнытты.


Жумшаса «иштеп» бир «мыкты»,

Журналист жазбайт чындыкты.

Көп гезит чайкап акылын,

Көк мээдей кылды кыргызды.


«Заказды» жазып, акча алат,

Жазбаса балдар ач калат.

Акындар, журналисттерге,

Азап жок мындан башкараак.


Жазылбай чыны дилинен,

Жалган сөз чууруйт тилинен.

Таланттар өлөт көрүнөө,

Дарактай туруп чириген.


Акындар мени кечиргин,

Андайдын бири өзүммүн.

Шайманы болгом бир кезде,

«Шайланам» деген көзүрдүн.


Акынмын дештен алысмын,

Акылга салган калысмын.

Малчылар минип кор болгон,

Майдараак жорго чалышмын.


Акынды Союз чектеген,

Чектен ал эч ким өтпөгөн.

Ачылды бүгүн мейкиндик,

Акындын тили жетпеген.


Улуттун жүгүн көтөргөн,

Уучубуз курбу көсөмдөн.

Акылына уюуур жалпы журт,

Айтпаптыр кудай чеченден.


Көргөндү кылат башкадан,

Көсөм жок көчтү баштаган.

Акынбыз деген толтура,

Аш менен тойдо какшаган.


Кеңешти кенен салчу экен,

Келечек жолун чалчу экен.

Кылымдап сактап келаткан,

Кыргыздын Улуу салты экен.


Тамырың терең катмардан,

Табылды тарых казгандан.

Улуу журт тура кыргызым,

Улутпуз бүгүн аз калган.


Ааламдын сырын чечкен эл,

Ак булут болуп көчкөн эл.

Калчаптыр жердин бир бетин,

Каганат курган көчмөн эл.


Күн чыккан жерден аттанып,

Күн баткан жерди жазданып.

Кылымдап далай тайпаны,

Кыргыздар келген башкарып.


Өкүмдар баштап Теңирдей,

Тартиби болгон темирдей.

Салт жолу менен келишкен,

Салаалап жикке бөлүнбөй.

Көз арткан сырткы душманга,

К…ү ачкан ичтен чыккан да.

Ичинен туруп иритип,

Итке окшоп анан тыткан да.


Ойлоноор ар бир акылдуу,

Ой басар айрым акынды.

Европалыктар неге биригип,

СССР неден чачылды?


Он алтынчы жылдагы...

Окуя, бүтпөс «ырлары».

Ок атса солдат аткандыр,

Орус эли келип кырбады.


«Репрессия» дешет эстешип,

Ичте бар дале кек дешип.

От чыккан күндү самашат,

Океңе кыкең беттешип.


Эгемен заман келгени,

Эсине бийлик келбеди.

Окутуп жатат жөөттөр,

Орусту жаман көргөнү.


«Дем.оору» келип жармашты,

Дерейген бийлер чардашты.

Орустан үрккөн «Кайран эл»,

Оруска кирип жан бакты.


Күндү тең көрдүк ок учкан,

Өлсөк бир өлдүк согуштан.

Жапаны качан тартты элек,

Жамандык көрүп орустан?


Ильичтин жолун чанышып,

Илимди жөөтөн алышып.

Партия чачты Союзду,

Басмачы боло калышып.


Акчаны сезип кубатын,

АКШнын угуп «дубасын».

Басмачы кыргыз жамынды,

Батыштын демократиясын.


Курамды түзүп топтолгон,

Куралды кармап октолгон.

Оолугуп чыккан далай күч,

Орусту карап токтолгон.


Айта эле берсе арман көп,

Айтылбаганы да андан көп.

Белгилүүлөргө кат жаздым,

Берет го чалга жардам деп.


Он класс бүткөн пендемин,

Оюма жаздым келгенин.

Заманды жүргөн салмактап,

ЗАЙЫРБЕК кошоор кем жерин.


Алжыган бир чал көргөндү,

ААЛЫДАЙ залкар көрбөйбү?

«Пачагын» кандай чыгарбайт,

Партияга элди бөлгөндү.


Дем кошуп чалдын демине,

Теминип чыкса элине.

АЗАМАТТАЙ жез таңдай,

Айтаар сөз бардыр элине.


Министр болуп тургандар,

Мидикем жазчу «кумгандар».

Алжыган чалда дарман жок,

Азабын берчү МИРЛАН бар.


Токомдун сыйлап арбагын,

Толгонуп калем кармадым.

«Беш каман» менен беттешсем,

Берет ко балдар жардамын.


Көйгөйдү тарткан киши көп,

Көбүнүн чачтан иши көп.

Акындын жыргал, азабын,

Акындар гана түшүнөт.


Ойдо жок кезде жазылып,

Ойлорум кетти чачылып.

Кызыккан адам окуса,

Кызылын алар сапырып.


Каптады ойлор тумандай...

Калыптыр катым уланбай.

Ак үйгө силер өкүрүп...

Акылды калдым жыя албай.


Саат сайын болуп жаңылык,

Саясат жатса жаңырып.

Шайтандар ачык кеңешип,

Шайлоого жатса камынып...


Имишти уккан ар кандай,

Ит болуп адам калгандай.

Чычалай берсе далилсиз,

Чындык да болот жалгандай.


Башкага болот санак дейт,

Бармактын тагын алат дейт.

Сөлкөбай келсе «западдан»,

Сөйкөнү дагы тагат дейт.


Болот дейт паспорт башкача,

Болжол го... балдар тактаса.

«Уялаш» болоор бекенбиз,

Улуттун атын жазбаса.


Адамды мендей карыткан,

Айтаар сөзүм бар тарыхтан.

Кечээки күндүн жомогу,

Кеп салбайм анча алыстан.


Күн келди дедик, ЭГЕМЕН!

Күндөбүз бүгүн не деген?

Бактыбыз тоодой деп жүрдүк,

Башка элге башты теңеген.


Жетекте жүрүп көнүппүз,

Желкеге койсо өлүппүз.

Ойлонбой улуу салт жолун,

Орусту эле ээрчип келиппиз.


Ээрчиген сокур, кор экен,

Эл бийлеш татаал жол экен.

Көтөрөөр туусун Улуттун,

Көсөмдөр бизде жок экен.


Эгемен күнгө мас болуп,

Ээрчидик кимди баш коюп.

Отурду бирөө... өлкөгө,

«Общий дом» деген ат коюп.


Өтсө да жылдар ондогон,

Өлкө, элди ойлоп койбогон.

Куу, шумдар жандап, байышып,

Кубалап салды ордодон.


Жандагандарды Аскарды,

Жаратпай, кылбай таштанды.

Кактап «саап» токол эчкидей,

«Кан Курманбек» акча алды.


Жанышы жанды койгон жок,

Жан алгыч Максим тойгон жок.

Кыргыз эл чыкты Ордодон,

Кыңк деген бирөө болгон жок.

Кыжырлуу эл чыкты Таласта,

Кырылды... борбор... аянтта...

Курманбек кудай беле деп,

Кубалап салды заматта.


Эки ажо качып, эл калды,

Эл байкуш бирок, эмне алды?

Талаган шумдар бүт калды,

Табагы толо жем калды.


Ойлонсок боло эми биз,

Ордону карайт элибиз.

Талаган ошол шумдарга,

Табакта калган жеми - Биз!


Аксатып туруп өзгөнү,

Ажоону шайлайт өздөрү.

Парламент атын жамынган,

Басмачы болгон кездери.


Мыйзамды жазат өздөрү,

Мыйзамга жашайт тескери.

Ээлешип байлык, бийликти,

Элди алар Эл деп сезбеди.


Мыйзамга кыргыз чайналды,

Мыйзамга малдай байланды.

Шайланам десе укуксуз,

Шайлоочуга эле айланды.


Серепти салса көрүнөөр,

Себепти талдап көрүңөр.

Аргасыз кылат баш мыйзам,

Айылыңды алты бөлүнөөр.


«Сырттандар» жеңип, жеңилип,

Сыртынан карап кейидик.

Токтогулдук бир ууч эл,

Топ-топко калды бөлүнүп.


«Пилотный» кылып биздейди,

Бир үйдүн ичин үч бөлдү.

Жүз партия жүз болсо,

Жүз көрүшүп Эл иштейби?


Бетке айткан балким кеп жаман,

Беш партия - азыр «беш каман».

Ыдырап турса эл ичи,

Ынтымак өлдү деп калам.


Эл - дешет баары уялбай,

Эл - бүгүн кооз ураандай.

Эл - бүгүн добуш шайлоодо,

Эл - бүгүн шайман куралдай.


Эл келип жарга кептелди,

Эми, кетет го басып бет келди.

Мерездер жашоо бербесе,

Мекендеп калат чет жерди.


Кемпир-чал багып балдарын,

Кеткендер... келбей калганын...

Жашоо деп деле айта албайм,

Жазганга жетпейт дарманым.


Тирүүлөй жетим түмөндөй...

Түбөлүк суроо... күмөндөй.

Балдардан бардыр кошумча,

Баратат сөзүм түгөнбөй...?




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет