Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет20/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   16   17   18   19   20   21   22   23   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Вайшешика. Вайшешика мектебинин негиздөөчүсү – Канада (б.з.ч. III 
кылымда жашаган). Ал дербиштик турмуш өткөргөн жана жыйналып 
бүткөндөн кийин талаада калган жүгөрүнүн даны менен тамактанган. Өзүнүн 
ысмы – Улукта болгон. «Вайшешика» деген сөз кыргызча которгондо 
«өзгөчөлүк», «айырмачылык», «жекелик», «бөлүк», «башбашталма» дегенди 
билдирет. Вайшешика адамдын алдына төмөндөгүдөй максат коет – 
индивидуалдуу Менди бошотуу. Мектептин өкүлдөрүнүн оюу боюнча ар 
кандай кайгы-муңдун жана оорунун себеби болуп билбегендик эсептелет. 
Бошонуу азаптын абсолюттук жактан токтотулушу, буга реалдуулукту туура 
түшүнүү аркылуу жетүүгө болот. Таанымдын эки булагы бар: кабылдоо жана 
логикалык жыйынтык. Вайшешика системасында падартха деп аталган 
түшүнүк колдонулат. Бул байыркы грек философиясындагы «категория» 
терминине мааниси боюнча жакын.
Вайшешикада субстанциянын тогуз түрү көрсөтүлөт: жер, суу, жарык, 
аба, эфир, убакыт, мейкиндик, жан, акыл. Жер, суу, жарык жана аба 
субстанциясы атомдордон турат, алар дүйнөнүн акыркы элементтери. Атомдор 
түбөлүк, эч ким тарабынан жаратылган эмес, жок болуп кетпейт. Атомдордун 
өзгөчө касиеттери бар, ар кандай даамга, түскө, жытка, температурага ээ, бирок 
формасы жана чоңдугу боюнча бирдей. Атомдордун башка кошулмаларга 
аралашуусу жансыз предметтерди жана жандуу жандыктарды пайда кылат. 
Вайшешика окуусу циклдүүлүк идеясын айтат. 
 
Байыркы Кытай философиясы 
Кытай цивилизациясы дүйнөдөгү эң байыркылардан болуп саналат. 
Мифологиялык дүйнөкараш боюнча байыркы мезгилден баштап эле дүйнө 
туңгуюк, формасыз, хаос катары кабылданат. Андан кийин гана эки рух – Инь 
жана Ян пайда болуп асман менен жерди жараткан. Инь – аялзаттык башталыш, 
ал эми Янь болсо эркектик башталыш деп билинген. 


26 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   16   17   18   19   20   21   22   23   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет