Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Таблица 4.2.8.- Каталарды оңдоо боюнча иш-аракеттер



Pdf көрінісі
бет55/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   51   52   53   54   55   56   57   58   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 4.2.8.- Каталарды оңдоо боюнча иш-аракеттер 
№ Билгичтик Тапшыр
ма 
Мен 
тапшырма
ны кантип 
аткардым 
Тапшырма
ны кантип 
аткарыш 
керек эле 
Мен кайсы 
каталарды 
кетирдим 
Мугалимд
ин оңдоп –
түзөө 
боюнча 
берген 
тапшырма
сы 
1. Зат 
атоочтун 
жөндөмөс
үн 
аныктоо 
“жол” 
деген 
сөздү 
жөндөп 
берүү 
А.жол 
И.жолдун 
Б. жолго 
Т.жолдо 
Ж.жолдо 
Ч.жолдон 
А.жол 
И.жолдун 
Б. жолго 
Т.жолду 
Ж.жолдо 
Ч.жолдон 
Мен сөздү 
табыш 
жөндөмөсүн
дө 
туура 
эмес 
жөндөдүм 
Окуу 
китебинин 
82-
бетиндеги 
зат 
атоочтор 
дун 
жөндөлүш
ү боюнча 
эрежени 
окуп чык. 
Калыптандыруучу баалоонун “Эки жылдыз, бир каалоо” техникасын 


225 
(бири-бирин баалоо жана кайтарым байланыш берүү) окуучулардын 
чыгармачыл иштерин, дил баяндарын, эсселерин балоодо колдонсо болот. 
Мугалим окуучуга классташынын ишин текшерүүнү сунуштайт. 
Окуучулар бири-биринин ишине комментарий бергенде, ишке баа 
беришпейт, жөн гана ийгиликтүү эки жерин көрсөтөт (“эки жылдыз”) 
жана толуктап иштөө керек болгон бир жерин белгилейт (“каалоо”). 
Окуучулардын кайтарым байланышы оозеки же жазуу түрүндө берилиши 
мүмкүн. Текшерүүдөн кийин жумуш окуучуга жакшыртуу үчүн 
кайтарылып берилет. Мугалим бул ишти аткаруунун мөөнөтүн белгилейт 
(мисалы, 2-3 күн). Окуучу ишин кайра карап чыккандан кийин мугалим 
окуучунун ишин текшерип, баа коѐт. 
Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо критерийлерин 
иштеп чыгууда окуу максаттары негиз катары каралат. Критерийлерди 
мугалим өзү же окуучулар менен биргеликте иштеп чыкса болот. 
Критерийлерди биргелешип иштеп чыгуу (мугалим-окуучу)- окуучуларда 
баалоого карата позитивдүү мамиленин түзүлүшүнө жана натыйжага 
жетүүдө өз жоопкерчиликтеринин жогорулашына шарт түзөт. Баалоо 
критерийлерин иштеп чыгууда дайыма сабактын максаттарын жана 
мазмунун эстен чыгарбоо абдан маанилүү. 
Кыргыз тилин текстке байланыштуу окутуу боюнча балоодо төмөнкүдөй 
критерийлер колдонулат: 
эреженин тууралыгы (теориялык материалды текшерүү учурунда); 
тексттин түрлөрүн салыштыра билүү; 
текстти баяндоонун аргументтүүлүгү; 
тексттеги сүйлөмдөрдүн өз ара байланыштуулугу
тексттин планын түзө билүү; 
тексттеги сүйлөмдүн түрлөрүн аныктай билүү; 
тыныш белгилерин туура коюу. 
Критерийлердин мазмуну окуучуларга түшүнүктүү болушу керек, 
башкача айтканда, алар жөнөкөй, жеткиликтүү тил менен берилиши 


226 
зарыл. 
Натыйжалуу иштелип чыккан конкреттүү баалоонун критерийлери жана 
алардын градациялары окуучуларга эмнелер жана кантип баалана
тургандыгын так билүүгө мүмкүнчүлүк берет да, тапшырманы аткаруу 
учурунда алар үчүн жакшы колдонмо катары кызмат кылат. 
Окуучуларды баалоо критерийлери менен тапшырманы аткаруунун 
алдында тааныштыруу зарыл жана тапшырманы аткаруу процессинде 
критерийлер окуучуларга дайыма көрүнөө жерде болгонун да камсыздоо 
маанилүү (аларды дубалдарга, доскага илип, же алар окуучулардын 
дептерлерине жазылышы керек). 
Мисал. 4-класс. Тема: Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү 
Сабактын максаты (фрагмент): Окуучулар бир өңчөй мүчөлөр эмне 
экенинбилишет. Алар төмөнкүлөрдү аткара алышат: 
бир өңчөй мүчөлөрдү аныктай алышат; 
бир өңчөй мүчөлөр менен сүйлөмдөрдү түзө алышат; 
тексттен бир өңчөй мүчөлөрдү таба алышат. 
Мугалим сабактын темасын жана максаттарын айтат. Сабактын 
бышыктоо баскычында окуучулар бир өңчөй мүчөлөр менен 
сүйлөмдөрдү түзүшөт. Андан кийин мугалим сүйлөмдөрдү бир өңчөй 
мүчөлөр менен толуктоону талап кылган өз алдынча ишти уюштурат. 
Ишти аткаруунун алдында мугалим окуучуларды доскага илинип турган 
өз алдынча ишти баалоонун критерийлерине көңүл бурууну суранат: 
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн туура колдонуу; 
Бир өңчөй мүчөлөрдүн өз ара байланышын аныктоо; 
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүнүн синтаксистик кызматын билүү. 
Бул темага карата Ж.Бөкөнбаевдин “Кыргыздын Ала-Тоосу” ыры 
пайдаланылат. 
Кыргыздын Ала-Тоосу 
Алтын, күмүш эшилген 
Ала-Тоонун арасын 
Кендериң бар, Ала- Тоо. 
Айбандары жойлогон. 


227 
Көздөгөнүн койбогон
Аюу, жолборс, сүлөөсүн 
Мергениң бар, Ала- Тоо. 
Аралашып ойногон. 
(Ж.Бөкөнбаев) 
4-класс. Тема: Тактооч. 
Максат: 
Тактоочко аныктама бере алышат. 
Тактоочтун кыймыл-аракеттин түрдүү кырдаалын билдирерин 
аныкташат. 
Сүйлөмдүн синтаксистик кызматын талдашат. 
Критерийлер: 
Тексттен тактоочторду таба алуу. 
Сүйлөмдө тактоочтордун түрлөрүн аныктай алуу. 
Сүйлөм түзүүдө тактоочторду колдоно алуу. 
“Карусель качан пайда болгон?” текстинен тактоочторду табышат. 
Карусель качан пайда болгон? 
Балдар, биз сейил бактарга барганда каруселге дайыма түшөт 
эмеспизби. Кызыгы, ал мурда балдардын оюну эмес, жоокерлердин таймашы 
болгон экен. Илгери XII кылымда испан тилинде бул оюнду “carosella” деп 
атап коюшкан. Өйдө жагына алтын шакектерди тизип, аны кылыч менен чаап 
түшүрүү үчүн аттарды айланта жүгүртүп таймаш өткөрүшкөн. Акыркы 
айлампада эң күчтүү ат жана жоокер калгыча катуу тегерене беришкен. 
Чыныгы каруселдин туулган күнү 1871- жыл, 25- июль болуп 
эсептелинет. Ушул күнү еврей бизнесмени Уильям Шнайдер каруселге 
өзүнүн патентин алган. Тегерек айлампанын үстүнө жасалма аттарды коюп, 
андан жагымдуу музыка чыгарып, акча табууну биринчи ушул адам ойлоп 
тапкан. Азыр болсо сейил бактарды каруселсиз элестете албайбыз. Баса, 
каруселди мурда аттар гана тегеретсе, азыр ар түрдүү жаныбарлар 
тегеретишет. 
4-класс. Тема: Жөнөкөй жана татаал сүйлөм 
Максаты: 


228 
Сүйлөмгө аныктама берип, анын түрлөрүн аныктай алышат; 
Сүйлөм менен сөз айкаштарынын синтаксистик кызматын 
салыштырышат. 
Тексттеги жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөргө талдоо жүргүзүшөт. 
Критерийлер: 
Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдү аныктай алуу. 
Жөнөкөй сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүзө алуу. 
Текст түзүүдө жөнөкөй сүйлөмдөрдү колдоно алуу. 
Тексттен жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү таба алуу.
Баалоонун критерийлерин иштеп чыгууда төмөнкүлөргө көңүл буруу 
керек: 
1. Конкреттүү ишти баалоону пландаштырууда ар бир критерий боюнча 
күтүлүүчү натыйжаларды алдын ала болжоо зарыл. 
2. Окуучуларды баалоо критерийлери менен теманы өтүүнүн алдында 
тааныштыруу керек, ал эми кээ бир темаларды өтүүдө критерийлердин 
мазмунун окуучулар менен биргеликте иштеп чыгуу пайдалуу. 
3. Критерийлердин мазмуну окуучуларга түшүнүктүү болушу керек, 
демек, татаал илимий-педагогикалык терминдерди камтылбаган 
жеткиликтүү тилде берилиши зарыл. 
4. Критерийлердин мазмуну жөнүндөгү негизги маалымат доскада, 
окуу кабинеттеринде, окуучулардын күндөлүктөрүндө, дептерлеринде 
жазылышы керек. 
Баалоонун обьективдүүлүгү бул – критерийлердин негизинде баалоо 
дегенди 
туюндурат. 
Баалоонун 
бардык 
түрлөрүндө 
айрыкча 
калыптандыруучу баалоодо окуучулардын иштерин баалоону уюштуруу 
үчүн атайын иштелип чыккан критерийлер колдонулат. Критерий – бул баа 
берүүгө, бир нерсени аныктоого, жана классификациялоого негиз болуучу 
белги, баанын ченеми. Критерийлерди пайдалануу менен баалоо бул жалпыга 
ачык-айкын болуусуна шарт түзөт. 


229 
Критерийлер 
баалоонун 
калыс 
жүрүшүнө 
өбөлгө 
түзөт. 
Окуучулдардын жетишкендиктерин баалоонун критерийлерин иштеп 
чыгуунун негизи бул окуу максаттары болуп саналат. 
Критерийлерди мугалим же окуучулар менен биргеликте иштеп 
чыгышат. Окуучулар менен бирге иштеп чыкканда ийгиликтерге жетишүүгө 
карай окуучулардын жоопкерчилиги артыпөз алдынчалуулукка көнүгүшөт.
Баалоонун критерийлеринде сабактарын максаттары гана эмес 
мазмундук түзүлүшү да эске алынууга тийиш.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   51   52   53   54   55   56   57   58   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет