Токтогулов Айылчы Мезгил ызасы



бет3/7
Дата14.06.2016
өлшемі0.91 Mb.
#135429
1   2   3   4   5   6   7

ЖАБАГЫ БАЛБАН
Саратан айынын этеги. Күн өтө ысып чыкты. Толукта таа-руу отоо, арпа суугаруу кычап турган кез.

Чыгынып тааруу отоого чыга албай жаткан Жабагы Тайноопазга эки чаначтын бирине айран, бирине кымыз куйдуруп теңдеп артып, жайлоодон – Төөкарындан акырын келатты. Күшүлдөп баскан ноопас ыргалып келе берди.

Ал Аюубулакка барып тааруу отомок. Анын далдайган кебетеси элик алып жаңы эле таштап жиберип, жанына барып конгон кара бүркүттөй алдын тиктеп мелтейет.

Күн Тержайлактын башынан кылтайып чыкканда жөнөгөн Жабагы Аюубулакка кеч бешимге жакын жете келди.

Чытырман өскөн алманы аралап өтүш өзүнчө эле бир тозок. Жалгыз аяк жол менен ошол калың токойду аралап, о тай чабым жол жүрүп анан четке чыгат. Анан да бу алмалуу бактын сүрдүүсүн кантесиң, электин торунан күндүн шооласы түшкөнсүп, күндүн нурун да жалбырактар тосуп, арасынан сызылып чыгып жолду зорго жарык кылат.

Бул чөлкөмдө бардык жапайы жырткычтардын түрү боло турган. Канаттуу парандалардын сайрагандары өзүнчө эле базар. Анда куштардын базары сымал элес калтырат. Ошонусу да жакшы экен алардын чурулдагы менен береги калың токойдон өтүп аласың. Өзгөчө «куш базарында» Байлуунун «үгү»–«үгү» – деп коркунучтуу сайраганы, аны коштоп сагызгандын бир нерседен кабар бергендей шакылыктап ээрчип алганы, Жабагыны чоочутту. Алдындагы тайноопаз эки серке чаначты чайпалта көтөрүп буттары тайтактап зорго басат. Жолдон четке чыгайын дейт чытырман токой ага жол берер эмес. Анын үстүнө чаначты алманын бутактары жырып кетеби деген Жабагы алдындагы айбан малды эки жакка кетире койбоду. Күшүлдөп баса албай бараткан тай ноопас өзүнө күч кошулгандай ылдамдап басып калды. Оң капталдан коркулдаган жапайы камандын үйүрү жакындап келатты. Жабагы анын үнүнөн эле таанып, жапан жаныбардын өзүнүн артынан келатканын даана сезди.

Капысынан кирген буурадай качырып келаткан камандан буйтай берип, көз ирмемчелик аралыкта шап секирип жонуна минип, эки кулактан толгой кармап, колтук жагына эки бутун сундуруп ийген буттары жабыша, камандын алдыңкы буттары туруштук бере албай эки жакка кериле түштү, анан басууга алы келбей тайтайып туруп калды.

Камандын кышылдаган үнүнөн чоочуган тай ноопаз лепилдей басып, эми эле чайпала басып келатканын унуткандай үстүндөгү жүгү менен иши болбогондой карааны алыстап барат.

Кош кулагын толгой кармаган Жабагы жапан камандын башын жерге ныгыра бергенде күчтөн тайыган каман, кылым карыткан алманын дүмбүрүн сүзүп, оңкосунан тийди.

Жабагы өтө тездик менен камандын колтугунан бутун тартып алып, алдыга жүткүнө чуркап кетти. Жапан айбанатын эрмектегиси келдиби, анын жанына басып келип, бутунун башы менен капталга тепти. Каман эсине келе ордунан туруп келатканда аны буйдамга келтирбей колтукка муштап, муштап кайра жыкты. Жүрөк тушу ичине кабырылып муштуму кире түшүп, жапан жаныбардын түрсүл кагып жаткан жүрөгү кагуудан калды.

Ээн жерде күчүн сынагысы келген жаш балбан камандын арткы шыйрагынан кош колдой кармап, өйдө көтөрө, тизилип бараткан торойлорун карай ыргытты. Куйруктарын чимирик кылып торойлор энесинин артында дүмүрөңдөп чуркап качып баратышты.

Жабагы ноопазына токойдун четине жете бергенде жетти.

– Жаның ширин э, байкуш?! Эми эле тайтактап баса албай келаттың эле каманды көргөндө дикилдеп чуркап бердиң го?!

Жабагы маңдайына бүткөн жалгыз тайноопазды акырын түртүп койду. Ушуну эле күткөндөй теңселип келаткан тай ноопаз тайтайып төрт аягы чалыштап, жыгылып калды.

Куйруктан тартып өйдө тургузууга аракет жасап көрдү. Тайноопаз козголбоду. Ансыз да шайы кетип коркконунан жанын үрөп басып келаткан ал турайын дебеди.

Жолдун сол тарабындагы чоң түп алманын шагына конгон сагызган куйругун селкилдетип Жабагыны шылдыңдап жаткансыды. Жабагы үтүрөйө түштү.

Сагызганды «чүш» деп тебетейи менен уруп жиберди. Ансыз да калдайган тебетей терге чыпталып салмак басып, алманын бутагына илинип, Жабагы бир туруп өзүнүн кылганына күлкүсү келсе, бир туруп ызаасы келип, учуп кеткен сагызганды аңкая карап ал көрүнбөй калганда ноопазды көрө кыялы тескерисине айланды.

Ноопаздын алдыңкы буттарынын ортосуна сол бутун сундуруп жиберип өйдө боло тизесин бүгүп, көтөрүлө түшкөн колтугуна сол колун салып жиберип бутун тартып алды. Оң колу менен өгүздүн мойнун кучактай кармап өйдө обдулду. Араң тайтайып ноопаз тайтактап жыгылчудай теңселип барып туруп калды. Чокоюнун кайыш тизгилери чорт-чорт үзүлүп баскан сайын чокойдун кончу согончогуна чейин шыпырылып, Жабагыны жүдөттү. Ал эки чокойду ыңырчактын алдына сөөмөйү менен түртүп кийрип ийди да, өзү жылаңайлак өгүздү айдап жөнөдү.

«Гүү-гүү», «гүү-гүү». Баягы байлуунун сүрдүү үнү дагы жакын жерден угулду. Шакылыктаган сагызган Жабагыны ээрчий, бактан бакка коно калып, артынан калбай ээрчип келет.

Шакка илинген тебетейи эсинен чыгып, качан гана башы аптапта күндүн ысыгына ысып чыкканда, башын сыйпалап тебетейин эстеди. Тебетейин алып келүүгө мойну жар бербей өгүздү айдап барат.

Алдында теңселе чайпалып бараткан тайноопаз шайы кетип, аптапта тилин салаңдата сунуп шилекейи чууруп келет. Анан такыр шайы кеттиби тиги ноопаз жолго жата кетти.

Эки чаначты чечип ала койгон Жабагы экөөнү эки колу менен кармап, тунжурап көпкө турду.

Башынан күн өтүп, кабагы карыш түйүлгөн балбан таңдайы кургап эмне кылар айласын билбегендей серке чаначтагы кымызды чаначтын бучкагын оозуна келтирип кылкылдата жутту. Шалбырап чанач бош калды. Серке чаначты бүрүштүрө кармап тигиндей таштады да, экинчи чаначтагы айранды кымыздын аркасынан жай олтуруп жутту.

Тайноопаз эч нерсе менен иши жоктой жаткан жеринен турбады.

Ачууга ууккан Жабагы балбан, тайноопаздын төрт бутун текенин мойногунан жасалган басмайылы менен бууп, куду мылтык асынгансып, ноопастын башын жогору каратып, чыйылдаган ысыкта Аюубулакка тааруу отогону кетип баратты.

Кеминге жыйынга бараткан Рыскулбек бешим намаз болгондо Аюубулакты беттеп жүрүш жасады.

– Туш-туштан пыр-пыр этип бөдөнө учат. Тиги апай беттен баулап элик бакырат.

– Кара тайганды ээрчитип алганда болчу экен? Атчандардан кимдир - бирөө күңкүлдөп калды. Аны жанында баратканы тыйып койду.

– Эй, айбан, дөөдүрөбөй бастырчы.

– Мен эмне деп дөөдүрөп жатам?

– Өзүңкү өзүңө билинбейт э, жыйынга баратканда тайган ээрчиткен кимди көрдүң эле?

– Бу сөз алдыда бараткан Рыскулбектин кулагына шак дей түштү.

Ал сур жоргонун тизгинин жыя тарта:

– Өй, окшошкон иттер! Сөз талашпай тек баскыла. Ит ээрчитип эмне аң уулоого чыктыңар беле?

Рыскулбек суусар бөркүн камчысынын алаканы менен өйдө көтөрө: Тез-тез бастыргыла. Береги көрүнгөн жыбытты ашканча күүгүм да кирет».

– Ой, тээтиги ким?

– Ой, тетигинде, тоңкочук атып жүргөн караанды көрдүңөрбү деп, Рыскулбек карап калды.

– Назар, барып байкачы, бу кандай пенде. Пенде дейин десең мойнуна зоолу салынгансып мөкчөңдөйт.

Чаап кеткен Назар бат эле артына кайтып келди да:

– Бек тири укмуштуу мындай жан көргөн эмесмин өзүңүз барып көрбөсөңүз айта албай турам. Тааруу отоп жаткан адам көрдүм. Жонуна уйбу же билбейм, качып кете тургансып көтөрүп алыптыр. Эки колу чөп отоодон бошобойт. Салам айтсам алик албай сен кимсиң дебеди. Тоңкочук атып тааруу отогону эле болбосо, киши экенинде таңым бар, баатыр.

Жанына келип калган атчандарды Жабагы байкабады. Маңдай терин шыпырып, бүтө жаздап калган отоо чөбүн отоо менен алек.

Рыскулбек көпкө нестейе карап:

– А, иш илгери болсун жигит?!

– Ошондо гана баш көтөргөн Жабагы, андай болсун деп тике тура калды.

Тегеректеп турган атчандар менен кол берип учурашты.

– Ой бала жонуңдагы эмне?

– Апей, атасынын көрү, баягы ноопас дагы эле жүргөн тура. Бүткөн боюм эмне салмактанат дейм да. Ал мылтыгын мойнунан алып жаткан мергенчидей ноопазды коомай алып жерге таштады. Кечке күнгө какталып, ичи көөп чыккан тай ноопаз бутун чечсе да, ордунан тура койбоду. Биротоло денеси маталып калган жаныбар төрт аягын тарта албай жата берди. – Атаат, пайдасы тийчү жан экен. Ушу жонуңдагы тайноопазды көтөргөн бойдон тааруу отоп... Сени жараткан аллага-кудаага шүгүр. Рыскулбек бир аз таң кала карап жигиттерине:

– Көргөн кызыкчылыгыңар үчүн да жардам берип ийгиле. Аз эле калыптыр. Туз насип буйруса ушул жигиттикине конобуз.

Буйрук аткарылбай калмакпы, атты отко коё беришип сырт чепкендерин чечип беркилер да отоого киришишти.

– Иним, атың ким?

– Жабагы.

– А, уккам, угуп жүрөм. Анда эмесе отоо бүтүп бүгүн сеникине конок болобуз.

Рыскулбек дегенди уккандырсың, иним?

– Уккам, баатыр. Уккам.

Жабагы карбаластап калды.

– Мен алдына барайын, баатыр.

Даярдык көрөйүн.

Рыскулбек Жабагынын чогоол сүйлөгөнүнө арданган жок. Тескерисинче: – Балбандардын бардыгы алакөөдөк, эч нерсени аңдай беришпейт.

– Өлтүртөм десең, – Э, мейли, кайсы күнөөм үчүн? – деп өзүңдү уятка калтырат.

– Рыскулбекти жигиттери менен ээрчитип келаткан Жабагы, түз эле өзүнүн «сайма алачыгынын» жанына келип токтоду.

– Ушул үй биздики, баатыр.

– Үйдөн кары адамдын үнүн уга Рыскулбек:

– Атсаламу-алейкум, – деп бек унчукту.

– Алейкум атсалам, кел балам, кел, – деген сары чийкил жүздүү сыйда жээрде сакалы бар карыя алдын утурлай басты.

– Кел, Бек, – карбаластап шашкан кары бүлүнүп эмне кылар айласын таппай, эми эле үргүлөп олтурган жүзүнөн уйку качып Рыскулбекти көргөндө дилдиректей дирилдеп, жигин билгизбей коңшу айылына согум издеп чапты.

– Рыскулбек келиптир. Жыйынга баратып Жабагыга жолугуп, Жоокачтыныкына конок болобуз деп жигит жалаңдары менен ошол жерде олтурат дейт деген байлар биринен уга бири күнгө күйгөн «Саймалуу алачыкка» түшүп келип жатышты. Бат эле боз үй көтөрүлүп, союштар туш тараптан келе баштады.

Кызыр эмди тайлар союлуп кырк найзалуу үйдү тегеректете тигилген боз үйлөрдөн түтүн булайт.

– Баатыр, биздикине конолук, жайлуу олтуралык деп имерчиктеп кеп таштаган кудасы Таранчыга да болбоду.

– Тек, ушул үйдө болом, таң таштаганда аттанабыз, – деп кесе айтты.

– Карыя, Жабагы биз менен кошо барып келсин.

– Каякка, уулум?

– Кеминге чейин барабыз.Чаарташтын белин ашып андан ары узак жол жүрөбүз.

Жанынан оолак чыгарбаган баласын Рыскулбек сурап жатканда карыянын жүрөгү дүк-дүк согуп, Рыскулбектин жүзүнөн жамандыктын белгисин байкай албады. Тек гана: – мейли, сиздер менен барса барып келсин.

– Улук, бу алакөөдөк жан эле – «бар» деген жакка кылыч болуп чабылып, сырты сизге тийбесе экен. Эч нерсени тааный элек күрөшкөнү аюу, кармашканы каман, жапан жаныбарлар болбосо эки аяктуу менен беттешип көргөн жан эмес. Кокустук болуп, элге сөз тийип калбагай эле, ошо жагына сак боло көргөйсүз.

– Ата-айее, жарыктык! Алам десем үйүңүзгө жолотпой жолдон алып кетсем мени ким кой дейт эле. Элдин намысы үчүн, ариети үчүн, деп сизге кайрылып олтурам, болбосо кырк найзалуу үйүңө таңсык болгон ким бар экен. Сактанат десе эле... Рыскулбектин ачуусу келе денеси түктөйүп чыкты.

– Илгертеден жан кудайдыкы, мал улуктуку, баатыр. Ошентсе да ичтен чыккан ийри жылан... түтпөй кетет экенсиң. Кечирип коюңуз. Бала сиздики. Ишиңизге жарап берсе болду.

Карыя ортодогу жымжырттыкты бузду да, «ишке жарап берсе сиздики уул» деп макул болду.

– Рыскулбек жүзүнө кызыл жүгүрүп ачуусу тарап баратты.

Таң супа салганда жалпы тоо эли Рыскулбекти аттантты.

Үзөңгүгө бутун салып жатып, ал:

– Эй, үй биздики эле, мал биздики эле деп, талап кетчү болбогула. Эгер ошентип талап кетсеңер, кабар тигил жакка жетсе...!

Рыскулбек сездүү камчысын серепчилей өзү келген багытын көрсөттү. Айып тарттырып, абакка айдатам деп кекээр сүйлөдү.

Ал аттанып кеткенден үч күндөн кийин боз үйлөрдү өз ээлерине таратып берип, үйүндө тынч жатууну жүйөлүү деп ойлоду карыя.

Рыскулбек суратса:

– Өзүм бердим, мага тартууга калган үй өзүмдүкү деп койбой жаным жокпу. Тууган арасында кек калбасын. Үйү жыртылбас болуппу, сынбасты уста жаратпайт, өлбөстү кудай жаратпайт. Көрөр күнүмдөн көрүм жуук, турганда балдарды сөзгө сындырбайын деген карыя кой союп элин чакырып, келгениңерге да, бергениңерге да ыраазымын. Силер бербесеңер ким берет. Бирөө талап кетем десе да сактап калчу силерсиңер, боз үйүңөрдү бүгүп жүктөтүп кеткиле деп, башка сөз айтпай артына бурулуп басып баратты.
***

Рыскулбек бий жыйындан кайтып, Кызарттын ашуусун беттеп келаткан калың жылкыны көрө чындап пейили бузулду. Жанындагы Жабагыны карап койду: оюнда тийип кетсем Жабагынын алы жетер бекен? Бек аларга карап өрөпкүп кетти. Анан жигиттерине үйүрү менен жылкыны айдаттырып баса берди. Артынан куугун бу күнү чыкпады.

Чалгынчылардын алдын торотуп, колунан келсе жыгып кайтар Жабагыны жолго таштап кетсем кантет деп өзүнө-өзү кеңешти.

– Иним, сен ашуунун түбүндө кал. Кокус куугун чыкса таңгамаал чыгат. Ага чейин биз Тарсууну ашып кетебиз.

Жабагыны сырдуу караган бий ак куржундагы чокморду алып, «Ме, сага тартуум ушул, жеңиш менен кайтсаң дагыңкысы дагы болоор» деп атка камчы басты.

Топ менен келаткан Жабагы Рыскулбектин буйругун аткарбаса эмне болорун билет.

Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт. Көрө жатарбыз. Жабагы чокмор баштын бүлдүргөсүнөн билегин өткөрүп өйдө-ылдый силкип, жолочуну күтүп жаткансып куугунчуларды көпкө күттү. Күн чыгып айлана мемиреп тынчтыктын кучагында, сол жагында бир калыпта шылдырап агып жаткан суунун добушу угулат.

Артынан түтүндөй чаң ызгыгытып куугунчулар бат эле жете келишти.

– Эй, жубарымбек! Сен каяктан келатасың?

– Кеминден, агалар? Эч нерседен шек бербей Жабагы жай унчукту.

– Жылкы айдап адам өттүбү ушу жакка?

– Оба, түндө өтүп кеткен. Мен кошо айдашып келгем.

– Эмне дейт... Бизге бүлүк салган сенсиңби?

– Чабдар атчан кер муруту жаңы жетилген шыңга бойлуу, атка олтурушу бек, көзүнөн заар чачкан жигит жооп күтпөй камчы менен Жабагыны жон талаштыра шыбап-шыбап алды.

Жаны ачынган Жабагы колундагы чокмор менен тиги тыңсынган жигитти тизеге чаап, аны ат үстүнөн тебетейдей учуруп түшүрдү.

– Карма! Канын ич! Колун бурап толгоо сал, – деген үндөр угулуп жатты. Жабагы шашпады. Тегеректей келген жигиттерди:

– Эй, өзүңөр алдыга түшүп бересиңерби же, тигиниңердин кейпин кийгизейинби?!

Долдураган Жабагынын үнү жигиттердин безине тийгендей. Жооп күтпөгөн жигиттер аттарынан түшө, кимдир бирөөсү:

– Курун чечип, колун артына кайрып байлагыла, итке итче мамиле жарашат! Атына таңып жылкы артынан куугунга түшөбүз, - деп беркилерине акыл үйрөттү.

Жабагы да:

– Мына мен да түшөйүн байлап алгыла, эй андан көрү тиги байкушту булактын көзүнө жеткирип койсоңор боло, сууга башын бир эки матырсаңар, эс ала түшөт дегени куугунчуларга какшыктай угулду.

– Апей аюуну кара, өлө албай жатып өлөң айтат болуп акыл үйрөтүп коёт дагы. Аны эмне кылат экенсиң – Мына сага, жанагы тыңсынган курун чечкен жигит камчысы менен бет талаштыра чаап жиберди.

Жаагы ылдый сызылып аккан кан Жабагынын жаалын кайнатты.

Сөзгө келбеген жигиттерди чочмор менен тизеге уруп туш тарапка сулатты. Анан ал ар биринин курларын чечип, кошоктоп колун артына кайрып кармап бекем байлады.

Аттарынын жүгөнүн шыпырып жиберип Жабагы мингичтерди Тарсуудан өткөрүп айдады. Он эки жигитти алдына салып мал айдагансып, каяша айтканын майкуйрукка камчы менен өз энчисин берип келатты. Логулап жүгүргөн жигиттер жаны ачынып кармаша кетсек дейт. Кармашып болуптур. Колдору соо, байлана электе кармашпай эми баатырды кармаган ким экен ал, Олуя болсо да бошоно албас. Логулап он экиси он эки бөрүдөй алдын кектүү мисирейе тиктеп барат.

Алар Тарсуунун капчыгайынан Рыскулбекке жете келишти.

Үч атчан киши менен Рыскулбек жай илээлеп бастырып барат.

– Ботом, булар кыркка чамалуу эмес беле? Калганы каякта. Мал айдап келаткан жылкычыларын жер соруп кеттиби? Шумдугуң курган, Рыскулбектин бул эмне кылганы. Рыскулбекти табышмактуу карады. Ал акырын ээгин кымтып, айтпа дегендей Жабагыга белги берди. Аны кайдан билсин лөк.

– Ой, айдап келаткан жылкы кайда?

– Кайсы жылкы? Рыскулбек үтүрөйө кабагын чытыды. Менин жылкы айдап келатканымды кайдан көрдүң эле? Оозуңа карап сүйлөсөңчү, иним? Мен сени көргөн жан эмесмин. Бетин кан тээп кызарып, ызаасын жашыра албаган Рыскулбек Жабагыга бакырды.

– Сен кандай машаяксың?! Кудайдын анык баласы болсоң да, атаганаңды...

Ачууга ууккан бек баланы май куйрукка чаап жиберди.

– Тигини, дагы сүйлөп коёт! Алдагы тикенектин уусундай заар чачкан тилиңди көмөкөйүңдөн сууруп алып жүрбөйүн. Деги өзүң кимдер менен келаттың эле?

Балээ басты, чогуу келаткан бегим Рыскулбек ушуну кылып олтурса, мен каякка барам. Ишенген кожом сен болсоң, так атаңдын оозун урайын кылды го.

Жабагы Рыскулбекти тикирейе карады. Рыскулбек көзүн кысты. Анын бул белгисинен, «көргөн жокмун алар башка болчу деп айт» деген жазууну окуду.

– Кечирип коюңуз, сиз ким болосуз?

– Жана эле саламга келбейсиңби? Тим эле кадырың өтүп кеткенсип таркылдайсың да, бөлтүрүк. Рыскулбектин кыжабасы жазылып карс-карс күлдү.

– Тигилериң ким, өзүңө окшоп шоңшоюп тарпка конгон жоорудай канат күүлөп түрү башкача го?

– Жабагы дагы да бийди карады. Ал көзүн кысты. Анысы эптеп бирдеме таап мени ууру туттурбай, колуна салып бербе дегенсип жүзүндө анын мурунку каары күбүлүп башка Рыскулбек болгон сыяктуу.

– Кечээ Кеминден келаткан адамдарга кошулгам. Алар жылкы айдап алышыптыр.

– Рыскулбек эмне деп дөөдүрөйт деп сестенип ачуу бүркө көз тикти.

– И анан, айта бер? Күрүчбектер өткөндөй болду эле. Биз: – береги жаман ноокастап жай келатабыз – деп жер тиктеп үлүрөйүп аттын баш кулагын мелтейе тиктеген жигитти жаңдай көрсөттү.

– Ошондой, ошондой, жылкынын изин чалып көрдүңөрбү. Ушул биз жакка келиппи?

– Жок, баатыр.

– Анда эмне мени менен жаакташып, бутун тиштеткен күчүкчө кыңшылайсың?

Жабагы сөз таба албай соксоюп олтурган жигиттерди карап койду.

– Ой, тигилериң ким, айтпайсыңбы, төөнүн жарты этиндей болбой.

– Бек, төөнүн жарты этинен көптүк кылам го дейм.

– Хо-хо-хо! Туура айтасың, кебиңде муруч, дениңде кубат, чыйраак жигит экенсиң. Көрүп турам, көзүңдөн көрүп турам иним.

– Кызарттын ашуусунун түбүндө уктап калыпмын бейтааныш шериктерим ойготуп коёбуз деген. Кейпи айдап бараткан жылкыларын кызганган го. Мени ойготуунун ордуна басмайылымды кесип кетишиптир, дагы жакшы ички басмайылын байкабаган окшойт.

Жабагы сүйлөгөн сайын Рыскулбек жанданып үнү ишенимдүү.

– Эми эмне кылайын дейсиң?

Бий Жабагыга суроо сала шоңшоюп олтурган жигиттерге боор ооруган түр көрсөтө карады.

– Береги чөөлөр мени ууру тутушканынан кошоктоп байлап алдыма салып, «ким көрдү кылайын» деп, өңүттү жерди издеп бараткам.

– Эй дөө! Рыскулбек чоочуп кетти.

– Булардын айыбын мен тартайын. Кебиңе карап билдим иним. Жаагың катуу окшойт. Жыландын кепшегинин билген Рыскулбек:

– Жаалыңан кайт баатыр, жаш да болсоң бир элчелик кайратың бар экен. Күчтү да кудайым ченебей бериптир. Мындай пенде забынга көп кабылат. Жаныңда кой дээр кожосу, ай дээр ажосу болбосо, ал оюна келгенин жасайт. Анте көрбө иним. Булар да адам баласы.

– Эмне жөө келиштиби?

– Жок, аттарынын жүгөнүн шыпырып тиги жапсарга айдап жибердим, аттар сууну кечип өйүзгө чыгып, жайылып жүрүшөт.

Адашкан чынын айтса айбын кече билгенге үйрөн. Сени берген кудайым, ырыскыңды да бирөөдөн буйругандыр.

– Атым ким дедиң, иним?

– Жабагы. – Ал күнгүрөнө долдурап Рыскулбекти карады.

– А жакшы ысымың бар экен. Жабагы жетилип тулпар болот. Жакшы чыкса элдин ырысы, дурус иним экенсиң. Тигилердин колдорун чечип кой. Атаң бардыр, аксакал кишинин сөзүн тыңшай жүргөн жакшы болот. Күн кечтеп кетелекте булар да жетер жерине жетип алышсын, жолунан калтырба, мен да жолуман калбайын, көрүп турасың, көзү киртийип кыртышы кеп сүйбөгөн ноокас адамыбыз бар.

– Булардын кашык канын забын кыла көрбө, дөө.

– Өмүрү «дөө» деген сөздү укпаган Жабагы Рыскулбекти бир карап алды да, тиги жигиттердин кошоктошкон колдорун чечип, андан сөз болмоюнча үйдү жөөлөгөн нарча жигиттердин колдорун капшыра кармап, кокуйлатып, бар, бара бергиле, – деп ичинен күңгүрөнүп, өз алапайын таппагандай жүзү албырып бир бозоруп сыр бербеди.

– Ар бирин сындан өткөргөн бий: – бар, бара бергиле, жылкыларды бизден көрбөгүлө, изин чалып Күрүчбектерден издеп алгыла, бу жакка келип пайда таппайсыңар. Кашык каныңарды кечкен кудайдын кулу да, алланын сүйгөн пендеси. Өлтүрөбүз – деп кек сактабагыла. Бу бала ак экен өзү айтып берди. Жаны кашайганынан күчкө салган да силерди, куткарып калган мен. Мен убададан тайбадым. Силер да алдырган апасынын койнун ачат болбогула. Элиңерге ошентип айтып баргыла, балдарым. Рыскулбек жээрде сакалын сылап, өмүрүңөр узун болсун деп баарысына бата тиледи.

***

Бир ишке жарап бердиң, иним, сени өзүмө жакын көчүрүп алам.



Баса жылкыдан кам санаба, барганда арасынан тандап, каа-лаган кыл куйругуңду аласың.

– Бастыр, иним.

– Үлүрөйүп жер тиктеп ооруп бараткан жигит Кулакерине камчы берип алдыга түштү.

– Опей, оору эмес эле соо го. Маскарапоз го бу? Жабагы жигиттин амалкөйлүгүнө чындап таң калып көзүн андан албайт.

– Жолду баштап, атты бастырышы деле чыйраак. Жада калса чабышка чакырса ат ойнотуп чыкчудай.

Кулакер ат минген жигит Жабагыны карап ырсайып күлүп койду. Анын күлгөнү, Жабагыга терисин сыйрыган түлкүнүн денесиндей көрүндү. Жабагынын итиркейи келип кетти.

Атаң көрүү, бу Рыскулбектин кандай кылыгын билесиң. Сакалын желге тарап сур жоргонун үстүндө чайпалып, эки өңүрүн кымтыланып эч нерсе көрбөгөндөй, жада калса жанындагы төрт атчан менен да сүйлөшүп койбой үргүлөп барат. Үстүнө тайпак кесеге суу койсо чайпалып төгүлгүс сур жорго жоргосунан жанбай ак булут болуп сызып баратты.

– Бул эмне кылганы. Жылкыларды каякка айдатты. Канча ылдам жүрүш кылдык. Жетпейбиз го жылкыга. Ичинен айкапта болуп бараткан Жабагы суроо берейин дейт, бекке батына албайт.

Кантсе да Жабагынын оюн ичинен билип келаткан Рыскулбек:

Жабагы иним, Карагул үкөмдөй чогоол экенсиң. Жылкы жөнүндө ойлонуп келатасың э. Көзүң кыйды тиктейт мени. Ичиңдеги сырыңды жүзүңдөн байкап келатам. А Жабагы?!

Угу – деп бош унчукту.

Шераалы, Дуулат инисине караганда өкүм Карагулду, Рыскулбек анча жактырбайт.

Эр жигиттин ичине ээр токулгалуу ат батат. Баатырдын ичине бүтүн бир эл жайыты менен батып кетерин укпагандырсың.

Колуңдан келсе кең, пейил, элге төгүл-чачыл бол. Жыйнап алар учур өзү эле келет. Тизгинин тартпаган, бейадеп кесепети болсо, анын мойнуна жылан болуп орол, бирок чакпа. Акырын кысып, жаны кайсы жерде болорун көрсөтүп кой. Түшүнгөн кишиге ошол деле жетиштүү болот. Мен муну жөн айткан жерим жок. Анан да бой экенсиң. Аял алганда жубан, кызына карабай кабак кашына карап, ички сырын тартып көр. Жаман кыз өзү эле тил кайрып, же ырсалактап жосунсуз тамашалап билдирип коёт. Андайдан жаа бою кач. Карагым ушу сенден бир нерсе чыкчудай, бирок таалим көрө элексиң, кармашканың жапан жаныбар болуп, эки аяктуу менен беттешпегениң, аралашпаганың кадик билинип турат. Мен бул сөздү айтпас элем. Сени кереке жарап берет, туу түбүнө жүрүп берет деп ишенгенимен айтып жатам.

Кошо келаткан жигиттер жапырт карашты. Ичтеринен кызганыч аралап, Жабагыны тике атып тиктешет.

Берки жигиттердин сырын Рыскулбек мурунтан биле турган. Ошондуктан ушу Жабагыга айтылган кеп силерге да тиешелүү деп эскертип өттү.

– «Жакшы аял жарым ырыс» Рыскулбек сур жоргонун тизгинин тарта аяр кебинин учугун улады.

Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар. Ушуну дилинде сактаган улан кор болбойт. Жубан алсаң, баягы баланчанын тул катынын алыптыр, болбосо эрден чыгып келген кызын алыптыр деген кеби болот. Бу да туура. Бирок иним жакшы туяк туулса жогорку, кеп бат эле эл арасынан оолак качат. Жакшы катын чыгар кыздын аягы жуушаң аяк болбойт. Басканда арышын тең таштап, эки жагын кылчактап каранбайт. Жүзүнөн белгисиз нур чачырап кепке алсаң ыйба кылып, сурооңо үкүнүн желпүүрүндөй назик жооп берет. Сенден жооп күтпөй акырын басып кетет. Мына ушундай кыздан адам туулат.

Адам менен кишинин айырмасы болот, иним. Адам жамы журт менен алака түзөт жол баштайт. Туңгуюкка такалган элин жол таап чыгып кетет. Киши дегеним, эки аяктуу ургаачынын баары эле төрөйт. Элдин караанын көбөйтөт, топураган журт болуп берет. Баланчанын баласы дегени эле болбосо андайдын адам менен иши болбойт. Көр тирлиги менен өмүр кечирип, бир күнү ичер суусу түгөнгөндө жылып кете берет. Андайдын артында туягы эле калбаса көбү өзү менен кошо кетет. Баса ошондойлордон да адам төрөлөт. Чыгаан аял жаман эринин тукумун тазалайт. Аны билип жаткандырсың, карагым– Тукуму таза бирөөдөн урук алып жигин билгизбей, ичинен кудайга жалынып жүрө берет. Эркек төрөлсө тилегинин орундалганы. Кыз болсо чыгаан чыкса Кызсайкалча болор, болбосо төшөктүн катыны. Начар жубан ата тукумун булгайт, кутум бирөөбү менен жүрүп боюна бүтүрүп начар уул төрөлөт. Өзү жакшы болсо да жатыны бузук делет.

Рыскулбек көп сүйлөгөндүктөнбү боз жоргонун тизгинин жыя тартып бир аз турду да:

– Жардам берчи иним, жаш өйдөлөгөндөн кийин отуруп турмак кыйын болуп калат экен, – деди.

Атынан леп түшө калган Жабагы Рыскулбекти колтуктап коомай кармап, үзөнгүнү тептирбей жаш баланы аттан түшүргөнсүп секин гана боз жоргодон алып жерге таканчыктатты.

Чарчап келаткан бек, сыңар тизелей көпкө заара ушатты. Акырын өйдө болуп боз жоргону суулуктап турган Жабагынын ийинин баса бир колу менен аттын жалын бекем тутуп күмүш үзөңгүгө бутун салып, аттын үстүнө коомай олтуруп эки жагын кымтылана Жабагыны карап алды да, сур жоргого камчы басты. Сур жорго лепилдеп, үстүндөгү адамдын суусар бөркү шамалга сеңселип келет. О, кыйлага чейин Рыскулбек үн дебеди. Жок дегенде жигиттери менен тааныштырбады. Башынан көк Жабагы сен кимсиң? – деп алар менен өзү да таанышпады. Кеминге барып кайра тартып мына бир ай чамалап барат. Бирөөнүн да ысымын билбейт. Тек гана эй жээрде атчан аке, сизди чакырып жатат деп койгону болбосо Жабагы таанышууга таңсыгы жоктой Рыскулбек эмнени айтса ошону аткарып, дулдуюп келатты.

Тынчтыкты дагы да Рыскулбек бузду.

– Жабагы, кайдасың?! Ойго туна түшкөн бек жанындагы Жабагы менен иши жоктой, ал эми эсине келе калгансып «Жаныма кел, жандай бастыр» деп катуу унчукту.

Ал берки жигиттерден ыйбаа кылып жашы боюнча улуу экендигин эске алып алардан жол талашпайт. Качан гана Рыскулбек чакырганда анын жанында даяр болду. Аны жандап, бараткан кара кер атчан москоол кара жигит жол бошото атынын мойнун кейкейте тартып Жабагыны алдыга өткөрүп жиберди.

– Келдиңби балбан?

Бийдин бул балбан дегени Жабагыга өөн угулду.

– Мен эмне балбандык көрсөттүм. Жабагы дагы да чогоол сүйлөп, өз күнөөсүн сезгендей тымпыйды. Рыскулбек анысын сезип ичинен «и тирикарак экенсиң, өз айыбын билген киши адамды кор кылбайт» деп бирок мунусун билгизбей Жабагыны уурдана карады. Сайкалдай жанга туш болсо кор болбос, лөк.

– Мен эмне деп келатат элем, иним? Рыскулбек атайын сынап үн катты.

– Нуска сөзгө жибий баштаган Жабагы адам, жөнүндө айтып келаткансыз, – деди Кайсы адам жөнүндө?

Артта калар туякты. Жабагы унчукпады. Эсине айтып келаткан, кебинин уландысы түшө калган Рыскулбек кайра улады.

– И, балам, ошентип, тулпар бээден туулат. Айгыры ала болсо кулуну кула болот деген кеп бар, ал жөнүндө айтып бердим.

Эми бу тул катын жөнүндө.

Тул деп эри өлгөн келинди айтат. Тууду бийке деп, кыз кезинде боозуганды айтат.

Өзүнүн кебине маашырланган бек кыт-кыт күлдү.

Ошол тул катындан да адам туулат. Эрден чыккан жубандан да адам туулат. Аны баары эле биле бербейт. Төрөп берсе болду деп нике кыйдырып алганы көп болот. Кызык мына ошондо башталат. Кош жаздыкка төрт баш бир жатасың. Түшүндүңбү ушуга, иним.

– Жок, түшүнсөм буйрубасын.

Баралыңа келе элексиң дебедимби, же жалганбы?

– Жабагы унчукпады.

– Таарынып калдыңбы, таарыныч сөз айтканым жок го. Чынын айтып жатам.

– Таарынганым жок. Анда эмесе токтогон сөздү кайра улайлык.

– Ошентип кош жаздыкка төрт баш бир жатат дегеним, аялың начар чыкса тилинен заар чачып көңүлүң кайт болуп, алапайыңды таппай, муштумуң өзүнөн өзү түйүлүп турса, атаат – деп өлгөн катыныңдын кылык жоругун ойлойсуң. Ачууга жеңдирип муштап жиберсең аялың өз күйөөсүн ойлойт. Анан өз өзүңөрчө үшкүрүп тескери карап таңды атырасыңар.

Жакшы аял антпейт. Олдоксон кеп сүйлөгөн эркекти жемге туз кошуп аста көндүргөн жылкыдай акырын үйрөтүп жанына тартат. Өлгөн аялынын жаман жоруктарын элден угуп, аны жасабайт. Анын жакшы жактарын өөрчүтүп, акырындап аны эсиңден чыгарат. Эркек да ошондой. Бирок андай катынды үндөкө чакырганы чанда чыгат. Көбү баш ийип берет же талак кылып тынат.

Жана айтпадымбы жубан да болсо, жакшы аял чыгарын билсең тартынбай ала бер дебедимби? Анын сыры мындай: – Кыз бир түндүк. Анан эле тигиге барып кошулат. Жакшы чыкпас ургаачы аз иш жасап көп уктайт.

Жакшы чыгаар жубандын бир белгиси болот. Ал күндүзү эмес ай жарыгында да сага жан жерин көрсөтпөйт Канчалык кыраа ылдам болсоң да эркек жасаар ишти өзү жасап күйөөсүн да, өзүн да таза тутат.

Анын артыкчылыгы ошондо. Андай аялды баш аял деп коёт. Жакшы чыгар жубандын көзү ыйба, сөзү тик, чынын айтат. Бирок, ачуу чындыкты жумшактап мамыкка денеңди бөлөп сүйлөйт. Анын кеби канчалык жумшак чыкпасын түшүнгөн адамга өлүмгө тете. Түшүнбөгөн эркек сазга жаңылыш конуп учкан жорудай далысын күйшөп туруп кете берет.

– Атаат сөз эмес бекен, Бек бул кебиңизди биз укпадык эле го.

Каракер атчан атына камчы берип, Рыскулбекке жете Жабагыны жандай бастырды.

– Э, иним, сенин аялың бар. Үйбүлөө күткөн эркек турмуштун өзүнөн үйрөнөт. Мен, бойдок буга айтып жатам. Катын алганча кайын ал деген, анын да жөнү башка, муну силер билесиңер мына бу боз бала кайдан билсин аны. Билегине күчүн чыгарып, күрөшкөнү аю ташка чапканы жапан жаныбар болсо, мурдуна бок сүртсөң да билбейт. Силер таарынбагыла.

Рыскулбек тигилерди сөз менен жайкады. Бөрү басык менен келаткан аттардын мойну терге чөмүлүп анысы аз келгенсип боз топурак «бурт-бурт» этет.
***

Рыскулбек бу дүйнөдөн оолак кеткенден кийин Жабагы Дыйканды жандап конуш жайлап, көбүнчө Дыйканды ээрчип ошо менен болуп калды. Жетимишти таянганча эки аяктуу менен чапчышып көрбөдү. Тек гана далдайып эл аралап басып жүргөнү болбосо, казактын Акбалбаны менен беттешип күч сынашпай айкапта келет.

Чын куран айынын башында өзүнө энчилеп ирегелеш алып жүргөн Жабагыны Дыйкан:

– Эртең көчөбүз, көчүү конушту ойлон.Такай көчтү байкай жүр. Мен казактардан мурун барып конушум керек. Алар келсе Суусамырдын кенен түзүнө жылкысын жайып тебелетип коёт.

– Чычкан ичи жол береби баатыр?!

– Жол бербегенде каякка барат дейсиң, көп болсо Көчкүлүүбулактагы мөңгүгө такаларбыз. Ал жердин айласын да эптеп табабыз. Көчтү эртеңкиге табыштадым. Азыр өзүм жүрүш жасайм алдыга. Сиз көч артынан ээрчип келе бериңиз.

Таң супа салганда көч камы башталып, төөлөр боздоп, буйласынан кармаган эр азаматтарга моюн бербегендери бурк-бурк эте шалпайган ээгинен көбүк чачат.

Чөк, чөк деп атып зорго чөгөлөтүп боз үйдү артып биринин артынан бири чубап көч кетип барат. Кызыл-тазыл кийинген кыз-келиндер жорго байталдын же жорго быштынын оозун тарткылап, этектери шамалга дирилдеп барат.

Көчкүгө туш келбесек экен?

Жабагы өзүнчө күнгүрөнөт.

Көчтүн арты Көчкүлүүбулакка келгенде көчтүн алды көчкүнү тегеректеп мөңгүгө жыгылган атанды тегеректеп буура бурк-бурк эте жин чачып, ичине чейин буту тереңге сайылып, үстүндөгү күмүш менен чаптырылып кадоо салынган, чоң түндүк төөнү басып калгандай көрүнөт. Төө адеп жүткүнө берип ансайын мөңгүгө батып, анын жылуулугунан ээриген нык кар коё берер эмес.

Үстүндөгү жүгүн албаса болбойт. Аркандын бекиткен учу тээ керегенин алдында калып кереге мөңгүгө батып, уук гана тиреп калыптыр.

Жабагыны жарданып карап турган көчмөндөр, ага жол бошото беришти. Ал төөнүн жанына келди да, эки жагын карап, жардана тиктеген жигиттерге:

– Арттагы көчтөн бир төөнүн жүгүн түшүргүлө да мага таманыма кабаттап экиден төрт кереге коюң бергиле. Эптеп чыгарып аларбыз. Аркы көчтөн кимдир бирөө чырылдап калды. – Бербейм, айланайын, бербейм. Болгон үйүбүз ушу керегебиз да ишпалдасы чыгып көгү үзүлүп ага туруштук бере албайт. Кемпирдин чырылдаган үнүнө кошулуп, тестиер баланын үнү:

– Койгула, тийбегиле, биз дагы силерчилеп тоого чыгабыз деген үмүтүбүз бар эле, - деди.

Бөрк ал десе баш кесер эки жигит ага болбоду. Төөнү чөгөрүп аркандын учун бат эле таап жүктү түшүрүп жиберишти.

– Атаат, болбостур. Кой деймби. Анда эле жылан болуп менин мойнума оролот да деген Жабагы кыжабасы кайнап, улам мөңгүгө батып бараткан буурага жинденди.

Кирсең балээдей киресиң а алдыңан эмне жолукса көзүң, бозоруп эч нерсени көрбөй калат. Эми ал курагың өтүп кетти го. Жол менен баспай четтеп басканын мунун.

Жабагы аба мына керегелер даяр.

Балбан керегени көпкө карап, кармалап көрдү да. Мейли эми болор иш болуптур, бирок керегелери бышык экен, сай талдан жасалыптыр, эй анан кечирим сурап жүгүн кайра артып берип койгула, бечаранын. Соопчулук деген болот. А эгер андай болбойт экен. Дыйканга өзүм айтам. Аянар жерим деле калган жок, – деди.

– Алып келгиле бери, экөөнү төөнүн сол тарабына экөөнү оң жагына койгула, чалкасынан таштабай көмкөрөсүнөн таштагыла. Карга өзүм ныктап алам да эки бутумду үстүнө коюп төөнү көтөрөм.

– Эмне дейт, адамга жагар иш кылса боло. Ушу төөнү жүгү менен кантип көтөрөсүң.

Жанагы үйдү чечип керегелерди алып келишкен эки жигит бири-бирине суроо сала Жабагыны ормоюп карап коюшат.

– Кана, палбан, биз да жардам берелик, деди бирөөсү.

Ары тур, тоскоолдук кылба, кокус төө так туралбай калса үстүндөгү ууктардын уугу бүт кыйрайт.

Жабагы төөгө мине тургансып эки бутун тайтайтып керегеге бутун таканчыктып коюп, а дегенде кабаттай таңылган бышык кыл арканга колун өткөрүп, жиберип өйдө копшоп көрдү. Төө жарым кес өйдө көтөрүлүп Жабагынын буттарындагы керегелер карга батып ныктала түштү.

Эми жакшы болду. Бечаранын керегеси сынбайт. Биротоло ныкталып калды деген Жабагы эки колун төөнүн эки капталындагы арканга өткөрүп өйдө көтөрө өзү артка боло, суурулуп чыгып келаткан буураны алдыга түртүп жиберди. Өзү ошо кабилесинде тизелей калып, төөнү жыгылып кетпес үчүн таңылган уукту кучактап көпкө турду. Качан гана төө өзүн токтотуп, бурк-бурк этип алганда төөнү жетелеп келаткан атчанга:

– Эй этияттап жолду тиктеп көзүңдү карап бастырбайсыңбы. Ат менен төөнүн жолу эки башка. Ат өткөн жерден төө өтө албайт, тайтайып жыгылып калат.

Жарым кес бата түшкөн бут алдындагы керегелердин көздөрүнө салааларын салып акырындан копшоп, төртөөнү тең сындырбай чыгарып берди.

– Ой боой. Бул эмне шумдугуң, – жаш Керимбай Жабагыны карап, чын эле төө балбан турбайсыңбы деп, төө түшүп кеткен мөңгүнү көпкө карады.Ошондон баштап төө балбан аталды Жабагы. Жаш чакта аюу менен күрөшүп, жапан жаныбарды аңдоостон шыйрактан кармап өзүнө жолотпой ташка чаап көнгөн Жабагы эми төө балбан аталып, бир кездеги жатаган көтөрүп келатып, Момутайга жолукканын эстеп көпкө ойго батып, тунжурады.

Эки аяктуу менен беттештирет Рыскулбек бек деп ээрчип келдим эле, эми минтип жашым өтүп баратат. Бир арманым күрөшпөгөнүм ат ойнотуп эңишке чыкпаганым. Бу Кетментөбө чөлкөмүндө айры баштуу, сизге бердик деп күрөшпөдү. Мейли элге ынтымак берсин. Күрөшсө болмок... чыкпады.

Жабагы жетимишке чыкканда эң биринчи жолу балбандар менен күрөшүү бактысына туш келгенине сүйүндү. Ал да тиги Таласта боло турган болду.

Жанкороз аш берип Дыйканга: күлүгүн таптасын, эр оодарыш, күрөш оюндардын бардык түрү болот деп кабар айттырды.

Аш, той дайыма кеч күздө же жыйым терим аяктап эл жайлоодон түшкөндө болот. Болбосо Сумбула чыгып, чөп текши жетилип эгин бышканда деле баштай беришет. Аштын бир жери чоң аш өткөрсө, тиги жагы Алайга бул жагы көлгө чыгышы Атбашы, батышы казактарга чейин кабар айттырылат. Жок эле дегенде жүз жылкы миңдей кой союлат ал чыгымды ариет үчүн деп бир болуштун эли бүт көтөрөт. Эгер элден чыксаң, эшигиңен ат ойнотуп болуштардын жигити кетпейт. Төлөбөй көр машаяк болсоң. А дегенде кеңеши болуп, үй ээсин ийе тартып: – аш бардыгыбыздыкы, намыс жалпы журттуку, асты-астыбыздан басып кетсек эртең эле тигилер басып албайбы кокуй, сулуу кыз, күлүк жылкыны алып, керек болсо койнуңдагы жаңы алган колуктуңа көзү түшсө тартып кетпейби. Ошондуктан бир жакадан баш эки жеңден кол чыгарып муштум болуп түйүлүп туралы, – деп жалпы элди, үндөкө чакырган кыргыйектей жоошутат. Анан, булоолоп ысык шорпо, жылкынын же койдун эти каңылжаарды жарып, табак тартылат. Сөз ошол бата кылаарга чейин эле сүйлөнүп, чаласы тамактан кийин айтылат. Кээ бир чычкак улагы жок жел өпкөлөр, эки жагын ойлонбой: – Ой болуш туура айтат, антип ариетине тике турбасак туугандыгыбыз кайсы, деп жээлигип чыгат. Ошону менен ыгым-чыгым эсептелип бүтөөрдө, баягы жел өпкө жигиттердин дымагы сууп, башы шылкыйып, акыры атасынын көрү, болуш мен үчүн бир ай туяк каттап, карызга берип туруңуз. Ариет жалпыбыздыкы. Он жыл жылкыңызды баксам да акысынан кутулам деп күүлөнөт. Мына аштын кеңешинин да ушундай балекети бар. Анда оюндун түрлөрү, байгенин кайсы оюнга канчадан кетери, бүт катталат да ашка бер жагы беш ай мурун камданат.


***

Дыйканбай Суусамырдан келип, чоң оолунун бет маңдайына барып желбегей, чапанын жамынып, көпкө отурду. Жанына Жабагыны чакыртты. Арыта басып келаткан жетимишти таяп калган Жабагы карыса да, балбандык сынын бузбай көкүрөгүнө түшкөн сакалын салаасы менен сылап, Дыйкандын жаңдоосу менен тайтая кырданып олтура кетти.

– Таластагы ашка чамабыз жетеби, аба? Дыйкан алыстан чалма салды.

– Э ал эмне деген аш?

– Э жарыктык, күйгөндө эле Атакан абам экөөңөн күйдүм! Сени балбан деп ээрчитип тоо арасынан алып келген атабыз да кызык киши экен. Болбосо айтып жаткан сөздү ооздон илгиртпей түшүнсө... аш кандай болчу эле?

– Киши өлсө аш берет да, э? Ага эле эмне мынча кызаңдайсың?! Атакан экөөбүздүн жашыбызга барганда сени да көрчүлөр көрөр!

Ызаага жеңдирген Жабагы жер таяна тура баштады.

– Дыйкан тамашага сала Жабагыны жеңден тартып күлдү: Э, төө балбан, кантет деп койсом кызыраңдайсың да. Ошол ашка сизди кереке жарап береби, намыс алып береби деп чакырттым. Андай катуу кетсем, чогоолдугумдур. Жаш иниңди кечирип койбой, ушу төөнү мөңгүдөн сүйрөп чыккан, анан болор-болбос кепке да теригеби, ха-ха-ха... Ал өзүнчө солкулдап көпкө күлдү.

Дыйкан туруп бараткан Жабагыны кайра олтургузуп, төө балбандын жакасында жөрмөлөп бараткан чегирткени балбанга көрсөтө кармап алыс ыргытты.

Кой балбан үйгө кирип кымыз ичелик. Ачууңду төөчө бүркө бербе, анте берсең ким да болсо жини келбейби?!

– Дыйкан Жабагыны сүйөй тургузуп жандай басып баратты.

Жабагынын түктөйүп чыккан кебетеси Дыйкандын сүйөй тургузуп, жүрү кеңешелик дегенине ичи жылып өзүнөн-өзү маңдайы жазылып күлдү.

– Шыпылдаган жигит эшик ачты. Эң биринчи Төө балбан анын артынан Дыйкан кирип баратып жигитке зекий карап: – Үстүбүзгө киши кирчү болбосун кымызды мына өзүм куюп ичем. Сен сыртта бол деген кеби Жабагыны чындап эрдемсинтти. Чын эле мени кеңешчи кылып алайын дегениби. Андай болсо кызматына жарап берем. Керек болсо Жаркынбай, Боку, Чоту Коюбактыны да кызматын кылдырып беркилери али жаш, ошо алты, балам мен үчүн кызмат кылып койсо эч нерсе болбос.

Жабагы ичинен жылып Дыйканды жакшы көрүп турду. Атасынын көрү Толуктан балдарды чогултпай жаным жокпу тиги жерде катуу кетип койдум окшойт.

Дыйкан ал кепти оюңан чыгарып кой. Өзүң айтчу элең го: – «Рыскулбек датка балбандын ичине бир элдүү журт жайыты менен батат» – дечү эмес белеңиз жарыктык?!

Жабагы чындап жибиди.

– Дыйкан бу ашка мен керек бекенмин.

– Ооба, балбан.

– Күрөш болот бекен?

Дыйкан тигинин болор-болбос кепти сүйлөп жатканына кыжабасы кайнап аны, ичине калтырды. Сыртынан билдирбей:

– Күрөш болот экен, казактардан Акбалбан келет деп уктум. Ошону менен бир беттешип көрбөйсүңбү?

– Атаат жашымдын өтүп кеткени да, болбосо... – аш качан башталат дейт.

– Дагы үч ай бар.

– Анда иштин жөнү башка, сага намыс алып беришке жарайм.

– Дыйкан а дегенде Жабагыны чоочулай тиктеди. Бу меңдубана жеп алганбы, же... Отуздан жаңы ашкан балбанга жетимиштеги Жабагынын алы жетмекпи. Дыйкан дагы да Жабагыны сынай карады. Жок, чын айтып жатыптыр.

– Кошой абам деле сексен бешинде кан жыттанган эр Жолойдун талпагын ташка жайбады беле.

– Намысты кантип алабыз, Акбалбан кан жыттанып коён сымал ыргыштап турган убагы. Анын кабарын жакшы билесиң. Көрбөсөңүз да, угуп жүрөсүз.

– Э күч атасын тааныбайт. Менин айтканымы орундатсаң Кетментөбөлүктөргө бир жолу намыс алып беришке жарайм.

Дыйкан сүйүнүп кетти. Күлүктөр болсо бар. Баш байгеси болбосо да экинчи, үчүнчүнү ээлеп берет. Күрөштүн да адамын таптым. Ортодогу сөздү Жабагы бузду.

– Дыйкан эми сөз мындай, мени 70 күнү багасың. Ары жакта жыйырмага жетпеген күнү калат. Анда Акбалбан экөөбүз тоорушуп көрөбүз. Күнүнө бирден козу союп бересиң анын артынан серке чаначка кымыз алдырып эки жигитти тебиштирип чайкама жасатып, суусундук ичиресиң. Артынан жарым чекседен чөктүрмөнү майга куурутуп берип турасың. Ушуга чыдап берсең мөөрөй сеники, Дыйкан.

Өз табын өзү билген Жабагыга Дыйкан:

– Айтканыңыздай болот, бир аз жеринен кыйшык кетсе эле мага айт.

– Куп болот, Дыйканым.

Биринчи күнү эки жигитке чайкама жасатып Дыйкан башында болду. Бир жеринде бир тал агы жок куйруктуу кара козунун этин эзилте бышырып, чоң кара табакка алып келип беришти.

Этин кыра туурап, бир жигит Жабагынын жанынан кетпеди. Артынан чөктүрмөсү да даяр турду.

Дыйкандын көзүнчө бир козунун этин бүт жеп, артынан серке чаначтагы чайкалган кымызды кылкылдата жутту. Жатарда жарым чексе майга жумшак куурулган чөктүрмөнү жеп, жылуу жамынып жатып алды.

– Айтканын аткардым өз оюна койсо Кошой абамдай күчүнө кирет деп ишенген Дыйканбай:

– Эт туурап берген, кымыз чайкаган жигиттерге жетимиш күн жанында болосуңар, кыйшыгыңар билинсе балбан өзү айтат, анда соо калбайсыңар, – деп катуу эскертти да, ашка баруунун башка камын жеп жүрдү.

Жабагы кырк күнгө чейин бирден козу эки чанач чайкама жана да жарым чексе буудайдын жасалган чөктүрмөнү майга жумшак куурутуп жеп, кырк биринчи күнү козунун бир жилиги артып кырк экинчи күнү эки жилиги калып элүү эки күн болду дегенде козунун этин жей албай чайкамага күчүн чыгарып калды.

Мына эми табыма келдим.

Табына келген Жабагы ордунан жаш баладай шайдоот туруп, ары-бери басып, Дыйкан келсе текенин терисинен жасалган шым сурайын. Бу тери шым бир кармаганда дал далынан айрылып, уят болуп сынбайын. Жабагы эски кандагайын кармалап койду.

Эки күн өтүп Суусамырдан Таласты карай, Бешташка ашып өтөбүз. Ошол жак жакын деп, кетип баратышты.

Аш болордон он күн мурун барган Дыйкан, кыжылдап жүргөн элди катар-катар тигилген сан жетпеген боз үйлөрдү көрө:

– О, бизге чейин эле келчүүлөр келип калган го. Кой биз да өз энчибизге тиешелүү жагына өтүп өз ташпишибизди жасайлык.

Жанкорозго жолугуп бардык шартты угуп түшүнгөн Дыйканбай келатып. Акбалбанды көрө сонуркай жаш балача бир тик карап, анан уурданып тиктеп өтүп кетти.

– Балбан болбосоң коё кал. Муну кандай эне тууду экен. Он эки мүчөсү тегиз мура. Жаштыгына салабы, жерде өчү бардай ныгыра басып чоң төө чепкенди желбегей салынып каадалуу басат. Ушуга ким чыксын. Биздин чалды буйдамга келтирбей, сөөгүн өзүбүзгө жүктөтүп шерменде кылбаса болду. Жаа-гы катуу экен мунун. Колдору барбайып манжаларынын ар бири ат мамыдай го, кызталактыкы.

Ойго түшүп, намыс жөнүндө катуу ойлонгон Дыйканбай Жабагыга барып кеңеш салды.

– Бу Акбалбанды көрдүңбү, аба.

– Көрдүм, кысыр эмди тайдай ойнойт го.

– Ойногону курусун, Кетментөлүктөр каяктагы көксө чалын күрөшкө салып, өлүгүн жерине жүктөп кетти дедире көрбө.

– Ок! Эмне дейт! Ишенбесең, Акбалбанды ээрчитип кел, ушул жерде сары сарт өтүктүн наалысынан кармашып, сынашып көрөлүк.

Дыйкан көп эле кейикчел боло бербе, мен да ишенгенимен келип олтурам. Бир жолу мөөрөй алып берем, анан андан аркысын билбейм.

– Кана качан тоорушалык?! Жабагы ордунан тура калды. Кошо келген көпчүлүк карап калды.

– Кой төө балбан, азырынча чыдап тур оюндун башталышына дагы үч күн бар, эртең тоорушуп көргүлө, ал жагын мага кой. Намыс жагын өзүң ал балбан?!

Дыйкан жүрөк заада эшикке бет алды.

Жылдыз тарап таң супа салып, таңкы сыдырым согот. Жабагы эшикке чыгып, атайын Акбалбанды көргөнү бийигирээк дөңсөөгө барып олтуруп алды.

Ал жерден туш тараптын бардыгы көрүнөт. Өзгөчө кече күндүз Акбалбан эшикке чыккан үй даана көрүнүп, Жабагынын жүрөгү түрсүл согуп жатты.

– Бу балбан көпкө жатат го. Жатак жылкыдай көп жуушайт окшойт. Аял алганына бир жылча болду деп уктум эле. Эшикке чыкса байкап көрөт элем деп тынчы кеткен Жабагы, Акбалбан жаткан үйдү карап, кырданып жата берди. Айлана аппак жарыкка чулганып, элдин алды эбак ойгонуп тиричилигине кирген кезде Акбалбан заара ушатканы эшикке чыкты. Жабагы чыканагын жерден ала обдулуп олтура калып, эшик алдында карап турган казак балбанды аңкая карады.

Телегейи тегиз, он эки мүчөсү кынтыксыз өскөн Акбалбан Жабагыга а дегенде дөөдөй көрүндү. Акбалбан үйдөн окчунураак барып заара ушата кетти. Жабагы тикирейе карады.

– А кызталак токсон күн катынына жолобогон экен. Сийдигин карабайсыңбы, атып чыгат. Бойдок күчүнө кайра толуп, денеси чымыр тартыптыр. Иле менен жыкпасам болбойт экен деген Жабагы ойго бата түштү. Көпкө заара ушаткан Акбалбан, Жабагыны байкоос албай боз үйгө кирип кетти.

Ушу күнү Жабагы менен Акбалбан тоорушмай болду. Казганактап ансыз да көптөн бери аштын камылгасы үчүн чуркап жүргөн эл, Жабагы менен Акбалбанды тегеректеп калышты.

Акбалбан Жабагыны шылдыңдай карап, көзүнүн тереңинен күлүп, «арсыз чал», жашыңар жокпу? - дегендей:

– Ой бай оу, осы атамдай киси мен кантип күрөсем. Жыксам уят болотын гой. Бу не кылганы Жанкорастың.

Ак балбан Жабагыдан жооп күтпөй ары басты.

Ызаалана түшкөн Жабагы:

– Акбалбан, күч атасын тааныбайт. Алың жетсе мени көтөрүп барып ташка чап. Күрөшкө түшкөн баарына кайыл болуп түшөт. Мени аяба балам. Сенин колуңан өлсөм бейишке чыгам. Андан көрө тоорушалык. Сен меймансың кезек сеники.

Дыйкан, наалысын бышыктап эки сары сарт өтүк алдыр деди.

Дыйканды жумшап жаткан Жабагыга Керимбайдын жини келе:

– Тоорушсаң жөн тоорушпайсыңбы, киши жумшабай... Бок жесең күрөгүңдү ала жүр, наспайчы болсоң чагалдырыңды ала келбейсиңби?!

Керимбай жаштыкка сала кага сүйлөдү. Дыйкандын ачуусу келе инисин зекиди.

– Жумшаса мени жумшап жатат, сени жумшап жаткан жери жок, Жабагы абам!

Ал эмне десе, кызматына баарыбыз жүгүрөбүз.

Керимбайдын кебине түктүйө түшкөн Жабагы Дыйкандын сөзүнө ийе тартып сүйлөгөнүнө жумшарып, айтаар кебин ичине жутуп нестейе туруп калды.

– Жабагы аба, көпчүлүлүк ар кайсыны айта берет. Анын ар бирин уга берсең жинди болуп кетпейсиңби, андан көрү, өтүк алдыралык ушундай болорун мурун билген Дыйкан эки жуп сары сарт өтүктү бир жигитке карматып даяр турду.

– Мына наалыса бийик сарт өтүк.

Сөзгө чоркок Доорон талп эттире кош өтүктү ортого таштады. Ичинен кейип, Дыйкан Дооронду сүрдүү карады. Ал сениби, адебиңен ашкан экенсиң, бир жолу кердирсем, кабилеңе кайра түшөсүң дегени.

Ортого эки балбанды чыгарып тегеректеген эл казганактап улам алдыга жүткүнө «Кантээр экен, эмне болор экен, – чалдын абийирин кетирип кетпегей эле» - деп бири-бирине сүйөнө улам моюндарын алдыга созушуп алды жагын карашат.

– Ой байау осы кантип болсын. Мен балбан мен бу жерде күч сынашпайм, кантип болсун. Үйгө кирейлик, калай дейсиң? Сога көнөсүңдөрбү?» – деген балбан, жарданып турган элди аралай өзү түнөп чыккан чоң өргөөгө кирип кетти.

– Бу не кылганы, күрөшсө жөн күрөшпөйбү деген Жабагы Дыйканды ээрчип Акбалбандын артынан кошо кирди.

Үйдө мен деген билермандар орундарынан козголо беришти.

Тынчтыкты үй ээси болуп калган Акбалбан өзү бузду: – Агаиндар шарт осы мен Жабагы балбандын алдынан бир өтөм кыйын болсо наалыман кармап токтотуп калсын, экинчи Жабагынын такасынан кармап токтотом. Шарт ошо, - деп Акбалбан кыргызча так сүйлөдү. Кең өргөөдө Акбалбан жерди. өчү бардай оё басып Жабагынын алдынан кыйын болсоң токтотуп кал дегенсип текеберлене бирок, күч жыйып басып келатты. Шап наалыдан кармай калган Жабагы жерге ныктай кармады. Мүдүрүлө түшкөн Акбалбан Жабагынын ат тиштей кармаган колунан наалысын сууруп кете албай, Жүткүнө түшкөндө өтүктүн такасы беркинин колунда калды.

– Эмки кезекти мага бер балам? Мен алдыңан өтөйүн деген Жабагы бек олтурган Акбалбандын астынан жай басты. Акбалбан Жабагынын наалысынан бекем кармап коё бербеди. Бир калыпта басып бараткан Жабагы мүдүрүлбөй, өтүктүн таманы Акбалбандын колунда калып, ак бөз бут ороосу булайып көрүнө түшүп, анысы менен иши жоктой төө балбан босогону аттап эшикке чыгып кетти.

Артынан кошо чыккан Дыйканбай Жабагыны эч кимге жолуктурбай ошол тейде өз энчисинедеги өргөөгө киргизди.

– Жабагы аба, баланы куп уят кылдыңыз да, күлгө чапкан көтөндөй кылдыңыз да, жанагы көпчүлүктүн ортосунда сүйлөгөн сөзү жүлүнүмө ийне болуп сайылды эле.

– Эми чыныгы балбан күрөш эртең болот. Бүгүнкүсү сыноо экенин өзүң билесиң. Балбандын чаркы канча экен аба?!

– Э Дыйканым, мөөрөй сеники, эртең кудай колдосо жыгып берем. Чаркын байкап калдым. Башка балбандар да барбы, бу жерде?

– Ооба, солтолордан сарыбагыштардан келген балбандар көп. А ошондой Акбалбан заара ушатып жатканда жакшы эле байкагандай болгом.

– Аялынан бөлүнүп күч топтогонуна үч ай болгондой баам-дадым эле. Амалкөйлөр бар тура. Белин суутуптур. Эми билип олтурам. Акбалбандын күчүн алмакка, түндө койнуна күндүзү көзү түшкөн сулуу кызды салып беришкен тура. Белин сууткан жаш жигит, уйкусу да толук канган эмес. Муну мен эле эмес, амалдуу болсо башкасы да жыгып коёт.

– Аны кантип байкадыңыз, аба? Дыйкан Жабагыга кызыга карады.

– Жана, – деп баштады Жабагы балбан, – көпчүлүктүн ортосунда текеберсинип ары-бери басып, элдин арасынан көзү бирөөнү издеп жүрдү. Сүйүп калса керек.

Дыйкан санын чапкылап тим эле жан алы калбай көпкө күлдү.

– Мунун катынпозун. Үч күн коё турса анан деле тилеген оюна жетет эле го.

Ырас болуптур.

– Жабагы: – Оңой балбан эмес, намыс кыйын болот. Бел суут-кан ургаачысын ойлосо намыстанып эки эсе күч кошулат. Киргенсуу болуп күрпүлдөйт көпкө кармашкан балбанын сөзсүз жыгат. Намыс, ар бардык жерде бирдей. Күчсүзгө күч, тилсизге тил бүтүрөт. Буйдамга келтирбей чалкасынан салбасаң, оңой жоо эмес ал жагы да бар.

– Сени ээрчитип Анжиян тараптагы балбандарга салбаган атабызга нааразымын.

– Жок андай дебе, анда күнөө жок, күнөөсү карылыгы, менин ыкшоолугум. Ат бастырып алыска жүрө албайт болчу датка. Мен жалгыз эл аралай албайт болчумун.

Кошойдой болгон Жабагы ак аралаган жээрде сакалын сылап дагдайып тери кандагайы менен эл ортосуна чыгып, аны коштоп шапылдаган кызыл жүздүү куш тумшук, тик көз нооча жигит кошо басты.

– Жабагыны күтүп турган кечээ ызаага уугуп калган Акбалбан, бат эле ортого чыгып эки жагын карап бата сурады.

Кирген буурадай эки дөө, эки жактан басып, келди да, салт боюнча саламдашып, анан коюн колтук алышып тартыша кетти. Жабагы Акбалбандын бу кылыгына ызаалана түштү. Акбалбан эки жагын карап кебелбей Жабагыны букача тооруду, экөө беттеше көз ирмемчелик тирелише калып Жабагы артка сүрүлүп баратты. Ал Акбалбанды тооруп келип билгизбей эки далынын ортосуна колунун кыры менен уруп койду. Тигинин көздөрү ымыр-чымыр боло колдору шалдая түшкөндө буйдамга кетирбей Жабагы Акбалбанды тик өйдө көтөрүп, чалкасынан таштап ичинен ныгыра басты. Акбалбанга угуза:

– Балам, башыңдан аттабайын, сен эр жигит экенсиң бир айыбың көйрөңдүгүң деп, табышмактата жооп айтып, ордунан ыкчам тура калып Дыйканбайдын тобун карай басты.

Жабагыны кызыл жүздүү, куш тумшук олбурлуу кең далылуу жигит жетелеп бат эле алар көрүнбөй калышты.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет