Токтому “2012-жылы 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган



Дата04.07.2016
өлшемі61.36 Kb.
#176355
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Токтому
2012-жылы 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган

Кесиптик-техникалык билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү”



долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Финансылык экинчи келишимди ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жактыруу долбоору
 

Мамлекеттик ички процедураларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79 беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Эл аралык келишимдер жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “2012-жылы 21-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Кесиптик-техникалык билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Финансылык экинчи келишимди ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлү болуп дайындалсын.


Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри Ж. Сатыбалдиев

.

Долбоор



2012-жылы 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган

Кесиптик-техникалык билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү”



долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Финансылык экинчи келишимди ратификациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын

 

Мыйзамы

 

1-берене. 2012-жылы 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Кесиптик-техникалык билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Финансылык экинчи келишими ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Азия Өнүктүрүү Банкына белгиленген тартипте мамлекет ичиндеги процедуралардын аткарылышы жана жогоруда аталган келишимдин күчүнө киргендиги тууралуу билдирсин.

3-берене. Бул Мыйзам официалдуу түрдө жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

 
Кыргыз Республикасынын



Президент А. Атамбаев

2012-жылы 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган

Кесиптик-техникалык билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Финансылык экинчи келишимди ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын долбоорун жактыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтом долбооруна

Маалым кат-негиздеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун даярдоонун максаты 2012-жылы 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы (кредит № 2902-KGZ (SF) жана грант № 0307-KGZ) Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү” Финансылык экинчи келишимдин долбоорун ратификациялоо болуп саналат.

Азия Өнүктүрүү Банкынын Кесиптик билим берүү жана Көндүмдөрдү өнүктүрүү” Финансылык экинчи долбоору башталгыч кесиптик-техникалык билим берүү системасынын 2008-жылдан 2012-жылдын декабрына чейин реформалоосун колдоп келген, мындан ары бул долбоордун максаттарына жетүү негизделген.

Экинчи долбоордун максаты кесиптик билим берүү системасынын инклюзивдүү өсүшүн жогорулатуу, бүтүрүүчүлөр үчүн жакшыртылган киреше киргизүүчү мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аркылуу болот.

Күтүлүүчү натыйжалар - бул сапатын жакшыртуу, талапка жооп берүү, эффективдүү жана кесиптик билим берүү системасынын баарына бирдей кирип окуу (БКБ жана ОКБ) болуп саналат.

Экинчи долбоордун өзгөчөлүгү, аны орто кесиптик билим берүү системасына жайылтуу болуп саналат.

Долбоор 4 компоненттен турат:



  1. Башталгыч кесиптик билим берүү системасын жакшыртуу, БКБ жана ОКБ берүү системасын азыркы талапка ылайыктоо.

Бул долбоордун колдоосу менен окуу жайларды картографиялоонун негизинде башталгыч кесиптик билим берүү системасын стратегиялык жакшыртуунун аягына чыгарат. Стратегиялык жакшыртуу бул долбоордун ишмердүүлүгүнүн мезгилинде ишке ашат.

  1. БКБ жана ОКБ берүү системасында окутууну жана окутуунун шартын жакшыртат. Бул долбоордун алкагында өзүнүн компетенциясынын негизинде устаканаларды жатаканаларды, окуу корпустарын ремонттоо жана окуу куралдар, көргөзмө куралдар, окуу жабдуулар жана мебелдер менен камсыз кылуу, компьютердик класстарды, устаканаларды реабилитациялоо, окутуунун методологиясын жакшыртуу максатында иштелип чыккан материалдарды жайылтуу иштери жүргүзүлдү.

  2. БКБ жана ОКБ берүү системасы үчүн окуу программаларын, окуу материалдарын иштеп чыгуу. Бардык БКБ жана ОКБ берүү системасына өзүнүн компетенциясынын негизинде окуу жайлардын санына жана кесиптердин санына жараша окутуу методологиясын жайылтууну колдойт.

4. БКБ жана ОКБ берүү системасында окутуунун сапатын жакшыртуу. Бул компоненттин алкагында КББ системасынын мугалимдери үчүн квалификациялык структура иштелип чыккан, мында мугалимдер үчүн минималдык талаптар коюлган.

Ратификациялоо документтерин даярдоодо Финансылык келишимди жактыруу жана кол коюу иштери жүргүзүлдү. Көпчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча комитетинде, Билим, илим, маданият жана спорт ошондой эле, эл аралык иштер боюнча комитеттеринде угулду. Угуудагы алынган сын пикирлер эске алынып, документтин долбоору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилди.

Финансылык келишим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилип, 2012 жылы 17 декабрда жактырылды. 2012 жылы 20 декабрда Бишкек шаарында кол коюлду.

2012-жылы 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Кесиптик-техникалык билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Финансылык экинчи келишимди ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын долбоорун жактыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому кызыккан бардык министрликтер менен макулдашылды.

Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын адилет министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы (кредит № 2902-KGZ (SF) жана грант № 0307-KGZ) Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү” Финансылык экинчи келишимдин долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын нормаларына жооп берет жана белгиленген эл аралык келишимдердин мыйзамына ошондой эле, жалпы таанылган эл аралык укуктардын нормаларына жана принциптерге карама каршы келбейт.

Бул программанын негизинде БКБ жана ОКБ берүү системасындагы мугалимдер окутуудан өтүшөт.

Финансылык келишимди жактыруу жана кол коюну жүргүзүү иштери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинде угулду.

Жогоруда белгиленгендерге байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2012-жылы 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган

“Кесиптик-техникалык билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Финансылык экинчи келишимди ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын долбоорун жактыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтом долбоорун макулдашууга жиберет.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин м.а. аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлү кылып дайындоо сунушталат.



Министр А. Алымкулов

Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет