5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Мугалим: Балдар, бул жомокто кандай идея бар?  1-окуучу



Pdf көрінісі
бет18/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   14   15   16   17   18   19   20   21   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Мугалим: Балдар, бул жомокто кандай идея бар? 
1-окуучу: Адам баласынын сабырсыздыгы жөнүндөгү идея. 
2-окуучу: Чыдамкайлык жөнүндө айтылып жатат. 
3-окуучу: Адам баласынын ойлонбой иш жасагандыгы. 
4-окуучу: Акылсыздык жөнүндөгү идея. 
Мугалим: Кандай деп ойлойсуңар, уста анын айтканын жасай берсе болот беле? 
5-окуучу: Ооруга чыдабаса ойлонуп анан келиши керек эле да. 
6-окуучу: Жолборстун бардык жерин тартса ооруй берсе анан кайсы жерин 
тартат? 
7-окуучу: Чыдамы жок адамга устанын ачуусу келди да. Мен деле устанын 
ордунда болгондо ошентмекмин.
Мугалим: Балдар, жомоктун негизги идеясына силердин берген жоопторуңар 
туура келип жатат. Негизги идея адамдын чыдамкайлыгы. Бул киши өзү суранган 
нерсеге чыдаган жок. Ал эми бул турмушта адамдын башына ар кандай сыноолор
тагдырлар туш келет. Ошол учурда мөгдөп калбай, баш учуп жеңилип бербей жер 
сыяктуу көтөрүмдүү болуш керек. Айткылачы чыдамдуулук эмнеге алып келет? 
Мугалим доскадагы флипчартка (ватман) «Чыдамдуулук» деп жазат. 
Окуучулардын айткан жоопторун да жазып турат. 
Чыдамдуулук: 
- бакытка жеткирет; 
- ден соолугуна зыян келтирбейт; 
- ачуусу азаят; 
- сабырдуулукту үйрөнөт; 
- ынтымак алып келет
- достук бекемделет; 
- душмандар күйүгөт ж.б. 


27 
Мугалим: Кыргыздын даанышман инсандары чыдамдуулук жөнүндө албан 
акылдарды айтып, өз башынан өткөргөн окуяларын үлгү катары сунуштап келишкен. 
Кандай оор кыйынчылык болсо да чыдамдуулук менен жеңүү керек экендигин 
Жээренче чеченге аялынын өлгөнүн угузуу жөнүндө айтылып жүргөн эл оозундагы 
айтылманы байкап көрөлү: 
Аттан түшүп, жай сурап отурганда, бир карыя чеченге кайрылат: 
- Ээ, чеченим, бул дүйнөдө үчөө: агып жаткан суу, асман тиреген тоо, ааламды 
жаркын нурга бөлөгөн күн өлбөйт дейт, чынбы? 
- Жок, алар да өлөт. Кычырап кыш келип, борошолоп кар жааса, тоонун башын 
ак басат – өлбөгөндө не болду. Арылдап аккан дайра жок, булактын көзүн муз басса, 
суу өлбөгөндө не болду. Асманда булут ойноктоп, нурду жерге жеткирбейт – күн 
өлбөгөндө не болду.
- Ээ, чеченим, анда адамзатка келелик – атасы өлгөн не болот? 
- Атасы өлгөн аскар-зоосу ураган менен тең болот. Куудай сакалын агартып, 
төрдө отурса атакең – аскар-зоо болбогондо не. 
- Энеси өлгөн не болот? 
- Энеси өлгөн – элин жоо чапкан менен тең болот. 
- Баласы өлгөн не болот? 
- Өзөгүн өрт алган менен тең болот. Өрттөнсө өзөк-тукум жок, өчкөнү болот 
отуңдун. 
- Ээ, чеченим, эң акыркы бир собол: катыны өлгөн не болот? 
Ошондо Жейренче чечен ыргып кеткен экен: 
- Атаңдын көрү, катыным өлгөн турбайбы? –деп кайгырган экен. Бирок мөгдөп 
калбаптыр. Чыдамдуулук менен жеңиптир. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   14   15   16   17   18   19   20   21   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет