5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет21/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Акыл эмне үчүн дос? 
Акыл – бул адамдын маалымат кабыл алуу, түшүнүү, ой-жүгүртүү, үйрөнүү, 
үйрөтүү, тыянак чыгаруу, маселе чечүү жөндөмү. 
Акыл адамдын аң-сезими, кабылдоосу аркылуу толукталып турат. Билим 
аркылуу байыйт. Эс – туура ой жүгүртүү, ойдо көпкө тутуу жөндөмү. 
Адам акылына карап бааланат. Акылдуу адам ар дайым «жакшы» деген сыймык 
алып жүрөт. «Акыл айга жеткирет», - деп бекер айтылбайт.
Акыл адамга жакшы ийгиликтерди алып келет. Акыл ачууланган адамдын 
демин басат. Жакшы ойго салат. «Оң колунун ачуусун, сол колу менен токтотот». 
Мына балдар, «Ачуу – душман, акыл - дос» макалынын чечмелениши. 
Айткылачы кандай сапаттар ачууланууга жол берет? 
4-окуучу: Сөздү көтөрө албастык. 
5-окуучу: Болбогон эле нерсеге чычалоо. 
6-окуучу: Чыртыюу. 
7-окуучу: Карама-каршы пикирлердин курчушу. 
8-окуучу: Жалгандан жала жабуу. 
9-окуучу: Ушакчылык. 
10-окуучу: Чагымчылык. 
11-окуучу: Кыжырдануу. 
Мугалим доскага «Ачууну келтирет» деген сөз жазылган флипчартты (ватман) 
илет. Окуучулар өз ойлорун айтышат. Жыйынтыгында кластер түзүлөт.


31 
 
 
 
 
 
 
 
 
Тарбиялык саатты жыйынтыктоо: 
 
Мугалим: Демек каарың келип ачууланганда үн чыгарбас балыктай болууну 
үйрөнүшүбүз керек экен. Ачуусу келген адамдын ачуусун төмөндөгүлөрдүн жардамы 
менен басууга болот: 
• жагымдуу сөз менен; 
• жакшы мамиле менен; 
• пикирин угуп, калыс балоо менен
• жан тарта сүйлөп, адилеттик кылып, жоошутууга аракеттенүү менен; 
• түшүндүрүү, ынандыруу аркылуу; 
• берилген убаданы аткаруу менен.
Каарың келсе капилет иш болуптур, 
Карманбасаң жоболоңдуу жоруктур. 
Шайтан өңдүү азгырган бул ачууну, 
Эл окшотуп жин деп атап коюптур. 
Ачуулануу шайтанга дос, ишке кас
Каардуу адам пил болсо да, итче пас. 
Кыргыз айтат көңүлгө түй жаш жигит
Жиниң келсе, кызыл тилди тишке бас.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет