5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет67/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Н.Шамырканова 
«Кырчын» журналы, 1996-ж. №2 
 
 
Баарынан кымбат 
Бала үчүн эне кылат далалат
Жанын кечип отко сууга сала алат. 
Перзент үчүн жабыркаса жүрѳгү, 
Кандай пенде ага дары таба алат. 
Ата болот бала үчүн аска тоо
Бала ѳсѳт аска тоону мекендеп. 
Акыл айтат алтын сѳзүн чуурутуп,
Уул ѳстүрѳт түп тамырын бекемдеп. 
К.Акматов 
 
 
 
 
 «Айыл таңы» китеби, 2003-ж. 
 
«Бейиштин эшиги эненин таманынын астында» 
 
 
 
 
 
 
Хадис 
 
Нуска сѳздѳр 
Улуң жаман болсо урматың кетет,


88 
Келиниң жаман болсо уятың кетет.
Уул урматтабаса ата-энени 
Келин зыйнаттабайт. 
Эненин тогуз уулу болсо дагы кѳп кѳрбѳйт. 
Эне кѳргѳн тон бычат, 
Ата кѳргѳн жол бычат. 
Атаны сыйлаган абийир табат, 
Энени сыйлаган элге жагат. 
Үйгө тапшырмалар: 
1. Эне жѳнүндѳ жазылган ырларды таап жаттагыла. 
2. Эне жѳнүндѳ эссе жазгыла. 
3. Нуска сѳздѳрдү окуп, класста талкуулагыла. 
4. Эненин улуулугун даңазалаган хадистерди, элдик уламыштарды таап, класста 
талкуу жүргүзгүлѳ. 


89 
№29 сабак 
ҮЙ-БҮЛѲДѲГҮ БИР ТУУГАНДАРДЫН 
 МАМИЛЕСИ 
Сабактын максаты:
• Үй-бүлѳдѳгү бир туугандардын тарбияларынын маанисин түшүнүшѳт; 
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; 
• Тексттеги каармандар жѳнүндѳ айтып бере алышат
• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), 
темага байланыштуу таркатмалар ж.б. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет