Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет30/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   26   27   28   29   30   31   32   33   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Калкан алдындагы бездер. Бул бездер төрткө бөлүнүп, кал-
кан сымал бездин арка бетине жабышып турат. Алардын салма-
гы 10 — 12 мг ды түзөт.
Калкан алды бездеринен паратиреоидин же паратгормон иш-
телип чыгат. Бул гормон киши организминде кальций-фосфор 
алмашуусун жөнгө салып турат..
Гормон аз иштелип чыкса, нерв-булчуң системасынын сез-
генгендиги жогорулап, кишинин кабактары, ээрини кыймыл-
дап, колдору калтырайт. Гормон абдан азайып кетсе, чач түшөт, 
сөөктөр жумшап, ийилгич жана морт болуп калат, нерв-булчуң 
системасынын сезгенүүсү жогорулап, киши денесинин жалпы 
титирөөсү б.а. киши туталануу (татения) абалы пайда болот. 
Калкан алды бездеринин функциясы жогорулап, паратгормон 
иштеп чыгаруу көбөйсө, нерв булчуң системасынын сезгичтиги 
кемейип, дене булчундары бошошуп калат, киши алсызданып 
бат чарчайт.
Ача сымал без. Бул без төш сөөгүнүн арка бөлүгүндө орун 
алган. Анын салмагы бөбөктөрдө 12 г болуп, чоңоюп бойго жет-
кенче 14 – 15 жашка чейин чоңоюп, 30 — 40г жетет. Анан без-
дин салмагы акырындык менен кичирейип, ал майга айланат, 25 
жашта бездин салмагы 25 граммга чейин азайып, 60 жашта 15 
ггамм, 70 жашта 6 грамм болот.
Ача сымал безде тимозин гормону иштелип чыгат. Ал бал-
дардын өсүшүне оң таасир көрсөтөт, жыныс бездеринин функ-
циясын төмөндөтүп, балдардын бойго жетүүсүн акырындатат. 


- 69 -
Мындан башка, тимозин лимфоциттердин пайда болушун күчө-
түп, организмдин иммунитеттик өзгөчөлүгүн жогорулатат.
Бойго жетүү доорунан (14 — 15 жаш) баштап, жыныс без-
деринин функциясы жогорулайт, ача сымал бездин функциясы 
төмөндөй баштайт. Кээ бир себептерге байланыштуу, ача сымал 
бездин функциясы бойго жетуүдөн мурда акырындаша турган 
болсо, жыныс бездеринин функциясы күчөйт жана бойго же-
тилүү тиешелүү жашына жетпеген балада, убактысынан мур-
да бойго жетүүнүн белгилери пайда боло баштайт., б.а. 8 — 10 
жаштагы баланын сакалы чыгат, кыздардын көкүрөк бездери 
чоңоёт ж.б. Мындай учурларда, убагында эндокринолог врачка 
кайрылуу керек.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   26   27   28   29   30   31   32   33   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет