Философиянын маңызы (же метафилософия)



бет8/11
Дата02.01.2022
өлшемі157 Kb.
#453225
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   11
ФИЛОСОФИЯНЫН МАҢЫЗЫ

Дүйнө тааным - курчап турган дүйнөнүн маани - маңызы, турум-турпаты жана адам баласынын ошол дүйнөдөгү орду, аны менен карым-катышы туурасындагы ой - түшүнүктөрдүн, идеялардын, көз караштардын тутуму, системасы. Ал адамдын иш-аракетин, ой-санаасын, максат-ниетин багыттап, жөнгө салып, аныктап турат. Буга диний (мусулманчылык же христианчылык), коммунисттик, фашисттик ж. б. дүйнө караштарды мисал кылсак болот. Ал эми философия ар кандай дүйнө караштын негизделишинде, калыптанышында, өсүп-өзгөрүшүндө өзгөчө орун ээлейт.

Философиянын дүйнө караш жаатындагы функцияларынын чордонунда адамдын өзүн өзү таанып-билиш (самопознание) вазийпасы турат. Илгери эле Сократ «Өзүңдү өзүң аңдап бил» («Познай самого себя») деп ураан көтөргөн. Ар дайым философия адам баласына бул дүйнөгө эмнеге жаралганын, эмне кылышы керектигин, өзүнүн күн көрүшүнүн, жашоо-тиричилигинин маани-маңызы кандай экендигин талдап-түшүнүшкө, таразалап-баалашка жардам этет. Ушул жагынан ал искусствого, көркөм адабиятка жакын турат. Адам өз жашоо-турмушун маанилеп түшүнмөйүн, аныктап билмейин, анын тиричилиги баш аламан (хаос), иретсиз, максатсыз болот, дайрада калкыган чамындыдай ага берет. Ал ой калчап, акыл тегеретип, өз жашоосунун өйдө-ылдыйын, ак-карасын териштирип, маани-маңызын сүрүштүрө баштаган соң көргөн-билгени кеңейип, горизонт, перспективасы ачылып, иш-окуялар белгилүү бир иретке келип, максат-ниети нукка түшө баштайт. Адам өзүн өзү тапкандай болот. Буга философия көмөк көргөзөт. Бирок, бул - сөзсүз философиялык трактаттарды окуп, философтордун лекциясын угуш зарыл, ансыз адам өзүн аңдап биле албайт, турмушту түшүнбңйт деген кеп эмес. Тамга тааныбаса да, сабаты төмөн болсо да, көптү көргөн, көптү түшүнгөн, ою кенен, акылы терең карыяларды көбүбүз эле угуп жүрөбүз, билебиз. Демек, адам баласы атайлап окуп-үйрөнбөсө деле өз бетинче «философчулук» кылууга (философствовать), турмуш-тиргиликтин тереңдеги, түпкү маани - маңызы туурасында ой жүгүртүүгө аргасыз. Деген менен, мындай «менчик философия» чектелүү, бир жактуу, фрагмент түрүндө болот. Ошондуктан билимдүү, окууал кишилер атактуу философтордун эмгектерине кайрылат, айтылуу акылмандардын айткан-дегенин талдап-түшүнүшкө аракет кылышат. Натыйжада, өз турмушун дааналап, кенен алкакта, терең мааниде карашка - баалашка мүмкүнчүлүк алат. Анткени, өзүн таанып-билиш - бул өзүнүн аты-жөнүн, кулк-мүнөзүн же кабак- кашын билиш эле эмес. Бул - биринчи кезекте өзүнүн адамдык касиет-сапатын, нарк-насилин аныктап түшүнүш. Муну - философиянын гуманисттик функциясы деп атасак болот.

* * *

Диоген (б. з. ч. 412-323 жж.) күндүзү колуна чырак алып, Афинынын базарында жүрсө «бул эмнең» - деп сурашат. Ал «адамды издеп жүрөм» - деген экен. Ал эми атактуу Иммануил Кант эки нерсенин - жылдыздуу көктүн, адамдын ой-санаасынын сыры терең деп эсептеген. Канттын пикиринде философия үч суроого жооп бериш керек.

Эмнени биле алам?

Эмне кылышым зарыл?

Эмнеден үмүт кылам?



Иш жүзүндө бул үч суроо «адам деген ким?» - деген суроого биригип, анын маанисин ачат деп баса көрсөткөн.

* * *


Адамды адам кылып турган касиет-сапатты айкын түшүнүш оңой эмес. Ошондуктан өмүр бою адам өз тажрыйбасынан, башкалардын (өткөн, бүгүнкү кишилердин) башынан өткөргөнүн, турмуш жашоосун иликтеп, кыялында ар кыл кырдаал-жагдайларды элестетип, жогорудагы суроолорго жооп издейт. Муну кенен да, терең да аңдап билиш үчүн философияга кайрылат. Анткени философия жалпы адам аттууга тиешелүү жорук-жоосун, иш-аракеттерди сыдыра карап, ар түркүн шартта, ар кыл убакта адам эмнеге муктаж, колунан эмне келет, эмне жасайт да, эмнеге барат - ушуларды категориялардын, түшүнүк-идеялардын элегине салып, талдоого алат. Демек, өзүн таанып-билүү өзгөлөрдү таанып - билүү менен эриш-аркак жүрөт.

Адамдын адамдыгын аңдап-түшүнүү - бул аны курчап турган дүйнөнү аңдап-түшүнүү десек болот. Бул жаатта философиянын дүйнө таанууга байланышкан функциялары мындай көрүнөт.





Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   11




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет