Вольтер: «Угуп жаткан киши сүйлөп жаткан кишини түшүнбөсө, ал эми сүйлөп жаткан өзү эмнени айтып жатканын түшүнбөсө - бул философия».
А. Жид: «Сенин сурооңо философ жооп берсе, өз сурооңду өзүң түшүнбөй каласың».
Б. Нушич: «Сен мени түшүнө албасаң, мен сени түшүнө албасам - бул философия».
* * *
Муну кандайча бааласа болот? Кантип эле эч нерсени түшүнбөгөн учурда, адам өзүн да, өзгөнү да түшүнбөсө философия чыга калсын? Айныгыс акыйкатты айткан адам акылман, философ эсептелчү эмес беле?
Кептин жөн-жайы мында: философия дүйнөнүн, андагы адамдын болмушунун (бытиесинин) түпкү негиздерин иликтейт. Ал өтө жалпыланган түшүнүктөргө, мазмуну кең абстракцияларга таянат. Ошондуктан демейки аң-сезимдин (обыденное сознание) чегинде айкын-таасын, өзүнөн өзү түшүнүктүү көрүнгөн нерселер философиялык ой жүгүртүүнүн мейкининде өзгөчө маани-мазмун алып, түшүнүксүз, табышмактуу, сырлуу болуп чыга келет. М. Аврелийдин «убакыт» туурасында айтканын эстеңиз. Же адам аттууга дапдайын туюлган «өмүр», «өлүм», «аң-сезим», «акыл-эс», «эрдик», «жакшылык жана жамандык» өңдүү түшүнүктөрдү алсак, байыркы даанышмандардан тарта азыркы илимпоздорго чейин теориялык талаш-тартыштарга себеп, далай изилдөөлөргө предмет болуп келе жатат.
* * *
Сократ (даңазалуу байыркы грек ойчулу, б. з. ч. V к): «Мен эч нерсе билбесимди өзүм билем, башкалар ушуну да билбейт» - деп кейиген экен... Анын философиялык методу: маектешип жаткан кишиден, маселен, «сулуулук деген эмне?» деп сурайт. Тиги жооп берет. Сократ бул жооптун кемтигин табат. Өнөгү кайрадан тактап, толуктап жооп кайтарат. Сократ дагы кемтигин көргөзөт. Тигини өз жообун дагы оңдоп - түзөөгө мажбур кылат. Ушинтип отуруп акыры «сулуулуктун» такталган, толукталган аныктамасын табышат. Өнөгү: «мен муну билбей жүргөн экенмин» - деп мойнуна алышка аргасыз болот.
* * *
Дегеле терең ой тайыз ойдон эмнеси менен айрымаланат? Тайыз ой «баарын билем, баары түшүнүктүү» деп эсептейт же көптөгөн нерселерге көңүл бурушка арзыбаган, атайлап талдашка татыбаган кубулуш катары мамиле кылат. Ал эм терең ой ар нерсени кеңири алкакта, өтмө-катар байланышта, бийик мааниде карайт, анын өзгөлөр баамдабаган, элес албаган жактарын табат. Ошондуктан ойчул-философ башкаларга көнүмүш, ашмалтай кубулуштун түпкү, тереңде катылган маани-мазмунун чубап чыгат, ойго келбеген касиеттерин баамдайт, натыйжада, демейки эле нерсе «түшүнүксүз», «табышмактуу» маселенин кейпин киет. Бул болсо-табышмак, сыр, түшүнбөй калыш - адамды чындап ой тегеретүүгө, акыл калчоого түртөт. «Философия - бул түшүнбөстүк» деген аныктама ушундан улам.
Ошентип, жогоруда белгиленгендей философиянын ар түркүн аныктамасы бар. Кыскартып, жалпылап, ток этер жерин айтсак «философияны» мындай аныктаганыбыз туура: «Философия - бул адам менен дүйнөнүн өз ара карым- катышынын түпкү негиздерин туюнткан ой-түшүнүктөрдүн, аны мазмунуна камтыган билимдердин тутуму».
Арийне, бул телегейи текши, төрт тарабы төп келген аныктама эмес. Эки ооз сөз менен элдин баары макул тапчу, бардык учурга, бардык жерге ылайык келчү аныктама бериш кыйын. Өзгөчө, философияга. Анткени, философия ар мезгилде ар кыл түр күтүп, тарых өнүгүшүндө өзгөрүп, жаңыланып келген. Анын үстүнө бир эле убакта жашаган, бир эле маданияттан азыктанган ойчулдар философиянын табиятын ар башка түшүндүрүшкөн. Ошондуктан, бир караганда өөн учураганы менен «философия - философ бул философиянын тарыхы» же «философия - эмне кылса (жазса, ойлосо) ошол» деген аныктамалар тереңдете талдай келсек белгилүү бир жүйөөгө ээ экенин көрөбүз.
Демек, сөздүн кайсы бир маанисинде философиянын тегерегинде жүрүп жаткан кептин баары анын маани-маңызын таамай-таасын аныкташты көздөгөн аракет болуп саналат. Философияны үйрөнүү ишинде муну эсиңизден чыгарбашыңыз абзел.
«Философ» (ойчул, акылман, даанышман) деген ким?
* * *
Философиянын тарыхында өзүн «философ» атаган биринчи адам Пифагор болгон. Замандаштары андан «философ деп кимди атаса болот?» деп сураганда ал минтип жооп берген экен: Базарга үч түрлүү адам келет, ошолордун ичинде сатуучуга да, аларманга да кошулбаган бирөө бар. Ал тек гана базарда болуп жаткан ишти баамдап-байкап турат (созерцает). Ошону философ дейбиз.
* * *
Философтун иш-аракетине, ой-санаасына эмне мүнөздүү? Эгер тавтологияны (кайталама) ылайык тапсак, адегенде «философту» «бул-философия менен алектенген, философиялык маселелерди иликтеген, философиялык ой калчай билген адам» деп аныктасак болот. Башкача айтканда, философ белгилүү бир түшүнүктөргө, идеяларга, жол-жоболорго таянып, бүтүндөй дүйнөнүн жана адам баласынын болушундагы түпкү, өзөктүү маселелердин маани-маңызын аңдап- түшүнүшкө далалат жасайт.
Философтор абстракцияга, жалпылама түшүнүктөргө жакын, таамай-таасын аныктамаларга куштар, ар кандай аныктамага (дефиниция) өч, жабышып жатып калат, ар кандай нерсенин түпкү тегине, маанисине кызыгат. Ошондуктан, кээде философ турмуштан алыс, тажрыйбадан оолак, карандай ой-санаага курчалган, буту жерде турса да, ою көктө жүргөн, пайдасы жок түйшүк тарткан адам эсептелет. Ушундан улам философия турмушка түздөн-түз кийлигишпеген, окуяга тикеме-тике аралашпаган, сырттан гана баамдап-байкаган (созерцание) иш-аракет катары каралат. Бир нерсеге сүйүнбөй да, күйүнбөй сабыр менен караганды «философиялык мамиле» (философское отношение) дейбиз. Же жагдай- кырдаалдан алыс көрүнгөн сөз жүрө баштаса «философияны коюп, ишке өтөлү» деп тыңсынабыз. Ал эми чындай келгенде, философ дал ошол турмуштун, иштин камын көрүп жатканын баалай албайбыз.
Философия кесип, адистик менен чектелген нерсе эмес. Акын-жазуучулардын, саясатчы-ишмерлердин, илимпоз- окумуштуулардын арасынан нукура философтор чыгат. Чынгыз Айтматовду же Альберт Эйнштейнди ким философ эмес деп айта алат? Ошол эле учурда философия факультетин бүтүргөндөрдүн же философия кафедрасында иштегендердин баары эле сөздүн накта маанисинде философ эмес.
Философтун ой жүгүртүү, акыл тегеретүү ыгы, манерасы өзгөчө. Ал дүйнөнү, адам турмушун башкача бир көз менен карайт. Анын айткандарынан, жазгандарынан айрыкча бир касиет - маани көрүнүп турат.
Бирөө «математикмин» же «физикмин» десе, кадыресе, жөнөкөй угулат. Ал эми «философмун» десе, буга айрыкча маани берип, башкача реакция жасайбыз. Түкшүмөл болсо да, бул сөздүн артында өзгөчө милдет, жоопкерчилик, жөндөм турганын туюп - билебиз. Бир акын жазгандай:
Кудай болуш оңой эмес.
Акын болуш оңой эмес.
Ойчул болуш оңой эмес.
Философ деген ким? Бул «өзүнүн билбегенин билген», маекти өнөргө айландырып, сүйлөшкөн кишисинин ой- түшүнүгүн суроолору аркылуу курчуткан, байыткан, жаштарга бийик таалим-тарбия берген, акылдын азабын тартып, уу ичип жан кыйышка аргасыз болгон Сократ. Бул башкалардын оюна да келбеген нерселерден улам санаа чегип, «Кулан байкуш кантти экен» деп, жан-жаныбарлардын көргөн күнүн ойлоп, азап тарткан Асан кайгы. Бул жарыкта эки нерсени- алыстагы жылдыз толгон асманды, жакындагы адамдын жан дүйнөсүн табышмак эсептеген И. Кант. Бул «мени бир киши түшүнгөндөй көрүндү эле, тактай келсем, ал дагы түшүнбөптүр» - деп кейиген Г егель.
Жайдары тил менен айтканда, философ деген алысты көрө билген, тереңди баамга алган, акылга уста, кепке чебер, утурумдук эмес түбөлүгүн ойлогон, пайданы эмес маанини көздөгөн, барга көппөгөн, жокко чөкпөгөн адам.
* * *
«Философ» деген сөздөн улам эске алчу дагы бир жагдай бар. Эмне үчүн «философ» - «акылмандыкты сүйгөн, акылмандыкка умтулган адам»? Имишке караганда бул суроого Платон (байыркы грек ойчулу, Сократтын шакирти, б. з. ч. V к.) минтип жооп берген экен: «Сөздүн накта маанисинде кудай гана акылман (мудрый), ал баарын билет, ал баарын көрөт. Ал эми адам баласынын акыл-эси, кубат-дарамети чектелүү. Ошондуктан, ал акылмандыкка жетиш үчүн аракет кылат, умтулат, бирок толук жетпейт».
* * *
Асыл-аруу максаттарга чакырган,
Ар сөзүнө терең маани батырган,
Ачыла элек сандыгында-табышмак,
Бычыла элек кундуздары катылган,
Ойго чаңкап, кепке канбай турганда Орток болоор, шерик болоор акылман.
Жакшы ниет, илгери ишке кол сунган,
Жан дүйнөңдү бермет сөзгө толтурган,
Роден куп ташка чеккен кейипте Башын салып, санаа тартып олтурган,
Айлаң кетип, аргаң куруп турганда Акыл чыгар, кеңеш чыгар ойчулдан.
Ак-караны ажыратып тааныткан,
Ар бир сөзү акыл-ойго каныккан,
Эсепке алып чексиз-түпсүз мейкинди,
Ээ-жаа бербес мезгил менен жарышкан,
Караңгыда кайсалактап турганда Караан болоор, кабар болоор даанышман.
Акылмандар, даанышмандар ар элде, ар убакта болгон. Ал эми философиячы? Байыркы грек маданиятынан тамырлаган, анан өзгөчө тарыхый-коомдук шарттардан улам айрым бир элдер гана жеткен, тутунган нерсеби же адам, коом турмушунан такай орун алган, баарында болгон, универсал кубулушпу? Бул суроого даана, так жооп табыш үчүн философияны экиге ажыратып караган жөн: «теориялык философия» жана «табигый философия».
Достарыңызбен бөлісу: |