«Теориялык философия» - бул окуу, илим, белгилүү бир принциптердин, закондордун, категориялардын, концепциялардын, теориялардын тутуму, системасы. Ал китеп, трактат, макала түрүндө элге жайылат. Адамзаттын баскан жолуна назар бурсак, мындай философия байыркы гректер тарабынан энчилүү атын алып, билим чөйрөсүндө өз ордун таап, кийин мектеп, академия, университеттерде окутулуп, илим - теория жолу менен өнүгүп, өркүндөй баштаган. Ага берилген, аны кесип тутуп, атайлап ага кызмат кылган, ушул тармакка «адистешкен» кишилер чыккан. Белгилүү бир калыпка түшүп, белгилүү бир үрп-адат күткөн, салт түзүлгөн. «Теориялык философия» бардык элде өрүш алган эмес жана бардык жерде бир кылка өнүккөн эмес.
Ал эми «табигый философиянын» жөнү башка. Ар бир элдин, ар адамдын философиясы болот. Дүйнө эмне үчүн ушу турпатында түзүлгөн? Башкача болушу мүмкүнбү? Ким курган да, ким башкарат? Качан жаралган да, качан бүтөт? Бул дүйнөдө адам баласы кантип жашап жатат? Эмне үчүн ушундай, башкача эмес? Өмүр деген эмне, өлүм деген эмне? Ак менен караны, жакшы менен жаманды кантип ажыратабыз? Бул өңдүү суроолорду эч ким буйтап, айланып өтө албайт. Ар адамдын жолунда жолборстой комдонуп күтүп жатат. Эртеби, кечпи кезигет, көппү же азбы, санаага салат. Бирок бул суроолорго кезикмейин, алардын «тегирменинен» өтмөйүн адам адам болбойт. Ушул мааниде ар элдин өз философиясы бар. Ал макал-лакап, ыр-жомок, санжыра, аңыз-кеп, уламыш түрүндө жашайт. «Табигый философия» ар жердин, ар мезгилдин өзгөчөлүгүнө жараша түр алып, ар кандай формада өнүгөт. Атадан балага өтүп, улуудан кичүүгө жугат. «Философия» деген сөз тилинде болбошу толук ыктымал, бирок философиялык маселелер, ой-түшүнүктөр дилинде сөзсүз болот. Себеби, философия (аты эмес, заты тууралуу кеп жүрүп жатат) адамдын өзүн жана курчаган дүйнөнү аңдап, талдап, таанып-биле турган негизги куралы. Ар элдин тарыхы, тагдыры, маданияты мындай философия кандай бааланат, кастарланат, колдонулат - ошого жараша болот.
Бирок экөөнү - «теориялык философияны» жана «табигый философияны» - таптакыр эки башка нерсе катары түшүнүш натуура. Анткени экөөнүн өзөгү бир, мааниси окшош. Тек, билимдин жайылышына, илимдин өркүндөшүнө жараша, социалдык жана интеллектуалдык прогресстин чоң жолуна жакынбы же ыраакпы - ушуга ылайык бир элде «теориялык философия» өрүш алып, гүлдөп өнүксө, экинчи жерде анчалык бийик көтөрүлө албай, «табигый» түрдө кызматын өтөй берген.
Арийне, тигил же бул элдин (айталы, немецтердин же француздардын) философияга өзгөчө шыгы, жөндөмү, дарамети жөнүндө кеп козголушу мүмкүн. Мунун өз жүйөөсү бар. Бирок, бул маселени атайлап, кең-кесири талкуулаган максатка ылайыктуу.
Токтоло кетчү жагдай: «кыргыз философиясы» жөнүндөгү ой. «Байыркы грек философиясы» бар. «Классикалык немец философиясы» бар. Мен философ дегендердин баары алардын эмгегин, трактатын окумайын, алардын көз карашын, теорияларын билмейин сынактан өтө албайт. Ал эми «кыргыз философиясычы»? Бар деп айтабыз. «Изм» түрүнө жеткен окуулар, том-том трактаттар жок. Деген менен, элдин, коомдун турмушунда дүйнөнү, ай-ааламды, адам жашоосун талдап-баалап түшүнүшкө негиз, өбөлгө болгон ой-түшүнүктөр, көз караштар макал-лакап, таамай сөз, ыр- жомок, аңыз-уламыш, кеп-кеңеш, каада-салт, үлгү-өрнөк аркылуу жашап келе жатат.
Бул кыргыз элинин тарыхына, маданиятына, тилине камыр-жумур жуурулушкан. Биздин милдет-мындай: философиялык ой-түшүнүктөрдүн «чаңын аарчып», «датын кетирип», көркүн чыгарып, иретке келтириш, бүтүндөй система калыбында ордуна коюш, тиешелүү мазмунун такташ.
* * *
Ушул маселеге кызыккандар Асылбек Алтымышбаев, Баатырбек Аманалиев, Азиз Салиев, Аскар Какеев, Рахат Ачылова, Кусеин Исаев, Азиз Нарынбаев, Шайлоо Акмолдоева, Өскөн Козубаев, Аскар Бекбоев ж. б. бир катар илимпоздордун эмгектерине, журналист - жазуучу Чоюн Өмүралиевдин «Теңирчилик» аталган китебине кайрылса, көптөгөн кызыктуу материал табат.
* * *
Философиянын маани-маңызын тактоодон улам «философия бирөөбү же көппү»? деген суроо туулушу ыктымал. Албетте, философия көп түрлүү. Ар мезгилдин, ар жердин өзгөчөлүгүнө ылайык, угут алган булагына, азыктанган аңызына жараша көз караштар, ой-санаалар ар кыл формада, ар кандай жол менен туюнтулуп, айтылып келген. Ошонун аркасында түркүн «измдер» (пантеизм, солипсизм, позитивизм өңдүү) пайда болгон. Муну менен катар «Сократтын философиясы», «Декарттын философиясы», «Гегельдин философиясы» деп ажыратабыз. Алар козгогон маселелери, көздөгөн максаттары, урунган «тили» (улуттук тил эмес, түшүнүктөр, категориялар тизмеги деген мааниде) боюнча айырмаланышат. XX кылымдын философиялык теориялары Орто кылымдардагы окууларга окшош эмес. Демек, философия көп.
Ошол эле мезгилде философия бир. Анткени, кандай гана философиялык окуу, көз караш, теория болбосун, алардын башын бириктирип, бүтүндөй тармакка тартып турган орток касиет, белги бар. Философия тарыхтан, физикадан, искусстводон айырмаланып, өзү иликтеп, изилдей турган предметке ээ, башкалар кийлигише албай турган «менчик» маселелери бар, аларды талдап-түшүндүрө турган өз жолун - ыгын, методдорун тапкан, адам жашоосунда, коом турмушунда белгилүү бир кызматтарды аткарат. Ошондуктан, анын табияты, маңызы бир. Поэзия (Алыкул Осмонов), проза (Чыңгыз Айтматов), илимий изилдөө (Эйнштейн), саясий сөз (Махатма Г анди) же башка бир чыгарманы окусак, уксак, көрсөк, анын мазмунунан философияны «тааный» алабыз, сезебиз, туябыз. Тигил же бул ой-түшүнүктүн, көз караштын философияга тиешелүү экенин баамдайбыз.
Кыскасы, Маяковский айтмакчы («Акындар көп болсун, бирок түркүн болсун») философия көп болсун, философия болсо болгону.
Философиянын предмети кайсы? Ал эмнени изилдейт? Бул жөнөкөй, оңой суроо эмес. Жогоруда белгиленгендей аны «бардык илимдердин, өнөрлөрдүн атасы» деп ашыра баалагандар да, «башка илимдер өнүккөн соң, изилдей турган предмети жок, талаада калды» деп өкүм чыгаргандар да болгон. Бул маселени териштирип, талдаганда мындай жагдайларды эске алганыбыз оң.
Достарыңызбен бөлісу: |