Үчүнчүдөн, философиянын предмети көп кырлуу, көп катмарлуу. Ал адамдын болмушуна, турмушуна тиешеси бар көптөгөн маселелерди камтыйт. Айрым философиялык системалар энциклопедия мүнөзүндө болуп (мисалы, Гегелдин окуусу), предметти ар тараптан, кең алкакта караса, көптөгөн маселелердин мазмунун туташ, бирдиктүү көз караш аркылуу аныктаса, айрым теориялар, окуулар философиянын предметин тигил же бул чекте, тигил же бул капталынан иликтейт. Экзистенциализм адамдын демейки тиричилигин, сүйүнүч - күйүнүчүн, үмүт - тилегин көңүлдүн борборунда кармап, жеке инсандын жан-дүйнөсүнө кызыгын артса, прагматизм маселелерди «пайда», «утуш» категорияларынын элегинен өткөрүп чечмелейт. А. Шопенгауэр болсо философиянын маңызын «эрк» (воля) түшүнүгү аркылуу айкындоого күчүн жумшаган.
Демек, философиянын предмети туурасында кеп козгогондо, анын биримдигин, бүтүндүгүн эске алыш зарыл. Тигил же бул философиялык системаны, тигил же бул ойчулдун окуусун үлгү тутуп, «философия ушундай гана болот», «философия ушуну гана иликтейт» деп тыянак жасап, анын предметин чектеш, тар алкакка камаш натуура.
Философия билимдердин тутуму (системасы), илим, рухий тажрыйба (духовный опыт) катары кайсы маселелелерди көздөгөнүнө, предметтин кайсы жагына кызыкканына ылайык тарам-тарамга жиктелип, алардын байланышы, өз ара карым катышы аркасында өзүнчө түзүлүшкө ээ болуп турат. Жогоруда айтылгандай, «философия деген эмне», «анын өзгөчөлүгү эмнеде» деген суроо ойчулдарды көлөкөсүндөй ээрчип, такай алдында турат. Адегенде ушул суроодон баштап, чекит коймок болсо ушул суроо менен бүтүш - философиянын маңдайына жазылган. Ага жооп издөө аракети метафилософияны түзөт. Ар кандай толук кандуу, бышып жетилген философиялык окуунун, көз караштын негизинде «болмуш (бытие) деген эмне»?, «дүйнө, адам кантип болот, жашайт»? деген маселени өзүнчө түшүнүш, чечмелеш турат. Бул - онтология - бытие жөнүндөгү окуу. Философиянын алкагында кандай проблема каралбасын, анын талданышы жана чечилиши философтун онтология жаатындагы позициясына, көз карашына ылайык жүзөгө ашат. Демек, онтология - философиянын фундаменти, пайдубалы. Буга улаш, илгертен философиянын чордонун түзгөн маселе - бул аң- сезимдин сыры, табияты. Биз аң-сезимдин философиялык теориясын шарттуу түрдө когитология1 деп атоону сунуштайбыз. Ал эми «Адам дүйнөнү кантип таанып-билет? Билим кандайча куралат да, кандайча өзгөрүп-өнүгөт? Дүйнөнү таанып-билиштин жол, ык, каражат, чеги кандай?» деген сыяктуу суроолорго гносеология жооп издейт. Адам айлана-чөйрөнү иликтеп, таанып-билип, түшүнүп гана тим болбойт, ал баалайт, өлчөйт, таразалайт. Дүйнөдө ага жаккан жана жакпаган нерселер, оң же тескери көрүнгөн кубулуштар, ак же кара деп жиктелген окуялар бар. Башкача айтканда, айлана-чөйрө, курчаган дүйнө адамга керек, пайдалуу, ал баалаган, урматтаган, сыйлаган, жактырган нерселерден жана тескерисинче мамиле жасаган же «ысык-суугу бирдей» нерселерден турат. Булар баалуулуктар (ценности) деп аталат.2 Ал эми ушул маселеге назар бурган философиялык окуу аксиология болуп эсептелет. Философиялык ой-санаанын очогун адам проблемасы түзүп турат. Ошондуктан, анын структурасында антропология (философиялык) өзгөчө орунду ээлейт. Адам коомдо жашайт. Дүйнө - бул табият, материалдык нерселер гана эмес, ири алдыда башка адамдар, алар менен карым-катыш, маданият, цивилизация, коом турмушун түзүп турган уюм, мекеме, институттар, рухий байлык, иш- аракет, кубулуштар. Философиянын коом турмушун иликтеген бөлүгү - социология (теориялык). Мындан тышкары өзүнчө статус алып, өз бетинче өрүш алган философиялык окуулар бар. Булар - этика (мораль, адеп-абийир, ар-намыс, ыйман-ынсап жөнүндөгү окуу) жана эстетика (көрк, сулуулук, искусствонун маани-маңызы жөнүндөгү окуу).
Ошондой эле философиянын составына илимдин, маданияттын, коом турмушунун башка тараптары менен тыгыз байланышкан, бир кылка, бир деңгээлде болбосо да өз алдынча мазмун күткөн айрым концепция, теориялар кирет. Мисал иретинде «тарыхтын философиясын», «укуктун философиясын», «тилдин философиясын», «бийликтин философиясын» ж. б. көрсөтсөк болот. Бирок, белгилей турган нерсе, философиянын структурасын аныктоодо, анын курулушуна зарыл, маанилүү болгон негизги бөлүктөрүн жана аларга таянган, байланышкан, кошумча, толуктоо катарында турган тармактарын ажырата билиш изилдөө багытында да, окутуу багытында да максатка ылайык.
«Философия» деген сөз өзгөчө маани менен айтылат. Философияга кызыккандар көп, ага тиешелүү эмгектерди кесибине, адистигине карабай көптөгөн адамдар атайлап издеп окушат. Жогорку окуу жайларында философия курсу программага киргизилген. Бардык жерде, ар убакта ушундай болуп келген. Эмне үчүн? Философияны үйрөнүштүн пайдасы не? Ал адам турмушунда, коом өнүгүшүндө кандай кызмат аткарат? Анын кандай функциялары бар?
Албетте, философиянын өз тажрыйбасы жана традициясы бар: кийинкилер мурункулардын жолун улап, алар калтырган мурасты илектеп, белгилүү бир маселелер-проблемалар чөйрөсүн изилдеп, бул илимди, бул өнөрдү өз мезгилинин талап-шартына ылайык өнүктүрүшөт. Башкача айтканда, бул тармакка тиешелүү теориялык милдеттерди аткарышат. Укук илимине (юриспруденцияга салыштырсак, юристтер өз адистигине караштуу маселелерди чечип, укук нормаларын тактап, бекемдеп, мыйзам чөйрөсүн тартипке салып, өз илимин өркүндөтүшөт. Бирок, мунун кереги не? Себеби, ал коомго, элге кызмат кылат, алардын укугун коргоп, бузулса оңдоп, коомдук мамилелерде калыстыкты, теңчиликти сактайт. Ошол сыяктуу эле философиянын да таза теориялык кызматтары менен катар адам, коом турмушунда аткара турган өз вазийпалары бар. Демек, философтор өзү менен өзү болуп, өз проблемаларынын тегерегинде түйшүк тартып, талашып-тартышып, сөз үстүнө сөз үйүп, трактат үстүнө трактат жазып отура бербейт, коом турмушун жакшыртууга, адам жашоосун оңдошко, мыктылашка кызмат өтөйт, алардын талап - мүдөөсүн канааттандырат.
Философиянын кызматы, функциясы көп, ар түркүн. Аларды иретке келтирип, топтоштурсак экиге бөлгөнүбүз оң: дүйнө таануу (мировоззрение) жана методология жаатындагы функциялар.
Достарыңызбен бөлісу: |