Методология - методдор жөнүндөгү окуу.
Ар иштин (мейли илимде, мейли искусстводо, мейли инженерликте же башка кесип-өнөрдө болсун) өз жолу, ыгы, эби болот. Алдыга койгон максатка белгилүү бир методдор аркылуу жетебиз. Ал эми жалпы методдор түпкүлүгүндө айрым бир идея, концепция, теория, принцип (башкы жол-жобо), талаптардын негизинде калыптанып, мазмуну жагынан ошолор менен байланышта турат. Ушундан улам «метод - бул иштеп жаткан теория» деген сөз чыккан.
Адам баласынын иш - аракетинин түркүн чөйрөсүндө философия методологиялык кызмат өтөйт. Чукулап казсак, ар кандай методдун түбүндө кайсы бир философиялык ой-түшүнүк, көз караш, идея, принцип турганын көрөбүз. Бул илим, техника жаатында даана байкалат.
Философиянын методологиялык функцияларын төмөндөгүдөй жиктегенибиз, бөлгөнүбүз эп. Жогоруда айтылгандай философия «дүйнөнүн жалпы сүрөтүн» тартууда, өзүнүн таанытыш - түшүндүрүш кызматын (познавательно - обьяснительные функции) аткарууда башка (конкрет) илимдердин, дух-рух тажрыйбасынын бөлөк түрлөрүнүн натыйжа - жемиштерине таянат. Өз кезегинде философия аларга азык берет. Бул - философиянын эвристикалык (табуу, ачуу маанисинде) кызматы. Жеке илимдер же дух маданиятынын башка түрлөрү өз маселелерин чечүүдө, болмуштун тигил же бул жаатын иликтеп - түшүнүүдө, өздөштүрүүдө атайлап же таасын туюп - билбесе да кайсы бир философиялык идея, көз караш, принциптерге таянат, ошолордон түрткү алат, аларды ориентация (багыт) тутат. Дүйнөнү таанып - билүүнүн тарыхына кайрылсак көптөгөн мисалдарды табабыз. Физик же химик философиянын тигил же бул идеясын колдонуп, өз тармагында ачылыш жасайт, чиеленишкен проблемасын чечет, жаңы көз караш, түшүнүккө угут алат.
Мындан тышкары философия илимдер арасында, маданият мейкининде координация кызматын аткарат. Ар ким өз ороосун казып, улам тереңдеп отуруп, катарындагылар эмне кылып жатканын көрбөй калгандай, дүйнөнү таанып- билүүдө, өздөштүрүүдө да ар кыл илимдердин, рух тажрыйбасынын түркүн тармактарынын өз жолу бар. Аларды байланыштырып, өз ара карым-катышын жөнгө салып, алардын орток маселелерин, белги, касиеттерин жалпылап, максатка ылайык талдап туруш зарыл. Бул милдет философиянын мойнунда.
Ушуга улай философия регуляция кызматын (регулятивные функции) өтөйт. Жеке илимдердин, айрым концепция, теориялардын өнүгүш-өрчүшүнө таасир этип, жолго салып, издеген табышмактарын, беттеген багыттарын, көздөгөн максаттарын тактап-аныкташта философиялык идеялар, принциптер көп учурда олуттуу кызмат аткарат. Илим изилдөө - адам рухунун эң бийик, эң татаал формасы. Акыйкатка жетиш сандаган кыйма-чийме жолдор, изденүүлөр, адашуулар, божомолдор, талаш-тартыштар аркылуу өтөт. Дүйнөнү таанып-билүүнүн «оор түйшүгүн» моюбай тартышка философия жөлөк-таяк, өбөлгө болот, жол көргөзүп, оңдоп-түзөп турат.
Көп нерсеге көнүп калабыз. Көнүмүш, адаттагы нерсе туурасында адам демейде ойлонбойт. Ойлонушка, акыл тегеретишке проблема, суроо, бөтөнчө кырдаал себеп болот. Күндө жүргөн жолуң менен үйүңө кантип жеткениңди баамдабайсың. Ал эми бир нерсе өзгөрсө же жолтоого урунсаң назар буруп, аңдап, ойлонушка туура келет. Илимде болсун, рух-интеллектуалдык башкача чөйрөдө болсун философия ушундай «проблема кырдаалын» түзүшкө түрткү болот. Муну философиянын сынчыл (критические функции) кызматы десек эп. Ал жасаган жумушуңду, кылган ишиңди, жүрүм-турумуңду, айлана-чөйрөңдү демейки, көнүмүш контексттен сууруп чыгып, башка, бөтөнчө жагдайда карашка, сын көз менен баамдашка үйрөтөт. Ошондо предметтин мурда ойго келбеген, көзгө урунбаган касиет- сапаттарын ачабыз.
Философия сынчыл ойломду (критическое мышление) тарбиялайт. Ар бир нерсени акыл таразасына коюп, терең талдоого, тиешелүү чен-өлчөмдөрдүн, талап-критерийлердин сынагынан өткөрүүгө үйрөтөт. Бул оңой-олтоң эле жүзөгө ашчу нерсе эмес. Адамдын акыл-ою көбүнесе көнүмүш жолго, шаблон-стереотиптерге качырып туруп алат. Бул оңой дагы, «тааныш» дагы. Ал эми адаттан баш тартыш, курчаган дүйнөгө жаңыча көз менен караш, демейки нерсени сындын элегинен өткөрүш интеллектуалдык кайратты, рух маданиятын, ой жүгүртүүнүн белгилүү бир деңгээлин талап этет. Ошондуктан сынчыл ойду кайрап-курчутуш философиянын маанилүү функциясы болуп эсептелет.
* * *
Ар нерсенин түпкү маани-маңызын табышка, ой-пикирдин так-таасын, түшүнүктөрдүн даана болушуна умтулуу - бул философиянын табиятына тиешелүү касиет. Бирок ушундан улам кээде философия артык баш, ашка жүк - башка жүк иш катары бааланат. Айталы, «достук-кастык» кадимки эле турмушубузда күндө кездешип жүргөн нерселер. Ал эми айрымучурда адам «достук деген эмне?», «кастык деген эмне?», алардын жөн-жайы кандай, маани-маңызы кайда, эмне үчүн ушундай болот кыязында ойлонушка мажбур. Ошондо биз «философиянын кереги не» дейбиз же «философчулук кылбай эле кой» - деп тыябыз. Башкача айтканда, философияны демейки турмуштан алыс, реалдуу жашоо-тиричиликке өгөй иш катары баалайбыз. Иш жүзүндө бул маанилүү нерсе. «Достук деген эмне?» - деп мен ойлонбосом, сен ойлонбосоң, баары бир дагы бирөө ойлонушу зарыл. Ошондо тарых уланат, коом жашайт, маданият өркүндөйт, адам адамдыгын сактап калат.
* * *
Албетте, адам жана коом турмушундагы философиянын ордун, кызмат-вазийпасын дагы тактап-дааналап карасак болот. Ал көп түрлүү, көп багыттуу. Эң башкысы - бу жерде «эртеңки куйруктан - бүгүнкү өпкө» принциби натуура экенин түшүнүш. Философия тикеден-тике, дароо эле пайда келтирбеши мүмкүн, колго кармап, таразага тарта турган жемиш бербеши ыктымал. Бирок, анын пайдасы, кызматы шексиз, өзү гана тарткан жүгү, каткан кени бар. Кеп ага жол табышта.
Дагы бир эске алчу жагдай: илимпоз же адис өз ишиндеги философиянын пайда-жемишин, кызматын билбеши ыктымал. Атүгүл, танышы, жокко чыгарышы мүмкүн. Бирок ушундан улам аларды философиядан «таза» кутулган экен, көз каранды эмес экен деп тыянак жасаш туура эмес. Каалайбы, каалабайбы - кайсы бир философиянын таасиринде болот. Кеп, кандай философия экендигинде. Демек, атайын аракет, аң-сезимдүү мамиле зарыл.
* * *
XX кылымдын 60-жылдары африкалык айрым университеттер пайдасы жок, ашыкча жүк эсептеп, философияны окуу программасынан алып ташташкан. Он жыл өтүп-өтпөй кайра кошушкан. Себеби, алар даярдап чыгарган адистердин конкуренцияга туруштук бере албай, башкаларга уттура баштаганын иликтешип, муну философияны окубай калгандык менен байланыштырышкан.
* * *
Бир акылгөй: «Математикада падышалар үчүн атайын салынган жол жок» - деген экен. Ал эми философиядачы?
Адам акылдуу болом деп ниет кылса эле акылдуу болуп кетпейт. Муну баарыбыз эле билебиз. Албетте, акыл тубасабы же тарбияданбы деген маселе илгертен талашка түшүп келе жатат. Бирок, бул суроону атайлап талдаган оң. Философияга келсек, ага болгон шык, жөндөм табияттан, ар ким эле философ боло албайт деген ой-пикир да сейрек эмес.
Менимче, философия ар бир адамдын көкүрөгүндө бар. Бирөөлөр башкалардын тажрыйбасына кайрылып, атактуу акылмандардын мурасын талдап, адистер жазган эмгектерден өзүнүн тынчын алган суроолорго жооп издеп, философиялык сабатын арттырат, ой жүгүртүүнүн чебери, устасы болушка умтулат. Экинчилери философияны кесип тутуп, атайлап өздөштүрүп, изилдөө жүргүзүп, башкаларга үйрөтүш менен алек болот. Үчүнчүлөрү, балким, өзүлөрү таасын аңдап-билбесе да, атайлап жасабаса да, мааниси терең философиялык тыянакка жетип, башкалар баамдабаган, маани бербеген бир олутту, омоктуу жаңылыкты жаратышы ыктымал.
Кандай болбосун, философия кадыр-сыйга, баалап-баркташка арзыйт. Арийне, студент программада көргөзүлгөн суроолорго жооп камдашка, стандартта аныкталган түшүнүк - билимге жетишке мажбур. Буга тиешелүү китептер- окууалар, маалымдамалар, хрестоматиялар, энциклопедиялар бар. Ал эми философияга чындап кызыккандар, кастарын тиккендер өзүнүн көңүлүнө жаккан, табитине ылайык келген теориясын, концепциясын же авторун-философун табышы абзел. Баарын окуп, баарын өздөштүрүш мүмкүн эмес. Бирок өз жолун, өз философиясын табыш парз. Платон болбосо Спиноза жагар, Гегель болбосо Ницше көңүлгө ынар. Же көңүлдөгү философиясын тигил же бул жазуучудан же акындан табар. Кеп, барып-келип, философиялык сабаттын зарылдыгында. Кеп, ой-пикириң баш аламан, оң-тетириси аралаш жүрө береби же бир ыраатка келип, баш-аягы аныкталып, белгилүү бир багытта өнүгүп-өөрчүйбү - ушунда.
* * *
Устат айткан:
Достарыңызбен бөлісу: |