Алик Акималиев. Күнөстүү элет (1974-1988)
Фрунзе, “Адабият”, 1990
Күнөстүү элет
Жүрөктө ташыйт дайра-сагынычтарым,
Кусадар балаң кантет жан ачыбай.
Мээрман агайын журт, тоо кыштагым,
Мен келдим мазар баскан жолоочудай.
Көчөсү балалыктын — салам сага!
Куйгандай боло түштүң ичиме туз.
Тайраңдап велосипед тепкен бала,
Жайдандап суу көтөргөн кичине кыз.
Чаң баскан кийим кагып, бети-кол жууйм,
Сеңселет тээ жоор ташка тармал кайьң.
Көпүрө... топ бейит... дөң... машине жол...
Көк сырдуу жыгач дүкөн... чакан мектеп...
Көзүмө дары элестеп сүрткөн айыл!
Бапырап жаткан айылым — Күнөстүү элет,
Бар күз маал берекелүү бардаш жөнү.
Үлбүрөйт бал аарылуу гүлдөгөн чөп,
Дүңгүрөйт жемиш чарбак картөшкөлүү.
Жашооңду жазган жерге кантип окуйм,
Чаң, таш жол... баскан издер кыйма-чийме.
Туулган журт түк жазыгып бүткүс китеп,
Турмушуң сан барактуу кыйла дүйнө.
Көрктүү шаар көп китепке көзүм ачкан,
Көз жеткис күр өзөнүм күрпүлдөгөн.
Бийикте кербез сүйүү, кербен дастан,
Өлкөсү жомоктордун илгертеден.
Караймын жат адамдай чоочун мен бир
Атамдын короо жайы. Көгүш иңир.
Шуулдайт ак там бою тез өскөн тал.
Арбаңыз, Баатыр Энем — кара кемпир,
Аманбы, эски маалим — эшекчен чал?!
1982-жыл
Кара Күнгөйүм
Таш кучактап аккан Каракүнгөйүм,
Ташкынында таңшык доошу дүйнөнүн,
Күкүктөгөн, кирген дарыяң жээктеп,
Күүгө келген ырлар издеп үндөйүн!
Жемиш токой түтөп өскөн бул сууңан,
Суу чымчыгың балык илип чумкуган.
Сары өрүгүң сарымайдай эзилип,
Тамшандырат ширеси агып ууртумдан,
Өрүгүңдөн Током комуз чапкан жер,
Күүлөргө жык сырдуу кылын каккан жер.
Күлкү, күйүт, күрөш, сүйүү, тарых бар,
Күнөстүү элет - уюп жаткан дастан Жер!
Курч чалгыны кере шилтеп жан балаң,
Дүйүм чөптү чаап түшөм жылгаңан,
Чөптүн жыты буттан чалып жыкчудай,
Чаңкаганда кана жутам жармаңан.
Акимаалы, Болдукыздын үйүндө,
Бизди шаардан келиптир деп сүйүнсө,
Сагын, Мики, Чопой ойноп тойпоңдоп,
Бүлдүркөндөн букет сунсам Гүлүйгө.
Шапатаңда жай чырм этип уктасам,
Жарп жазылат мөлтүрүңдөн уурттасам.
Күнгө күйүп алтын болуп жылтылдап,
Жыргайт балдар кумуңда оонап турсачан.
Жээгинде ойго чумуйм мен ушу,
Жаным тунуйт, мундуу суунун дабышы.
Акын кылып ийчүүдөйсүң көргөндү,
Жер бүткөндүн алакандай бейиши!
Акын Токоң, Жоомарт, Коргоол жүргөн жер,
Ак Бакайдай чырайлууну сүйгөн жер,
Баш тийчүдей асманына көкмөккөк,
Бал-бал жанып жылдыздары күйгөн жер!
Жыттай бердим,
Туулган журттун чөп гүлүн ...
Тыңшап эргийм дыбырттаган өткөнүң,
Уктап сергийм Улуу Суунун боюнда,
Убайым, муң, тартпагандай эч мурун...
Түнкү сейил
Жалгыз сыртта басып эргийм,
Жаш сулуудай Ай да жаркын!
Жагымдуу бул жайкы кечтин,
Кара чачын аймалаймын.
Боз куш бактан аван созуп,
Там артынан көзүм өтөт.
Шыңга караан улам тосуп,
Жибек көйнөк «булак» этет.
Күзөр багы берекелүү,
Күндүзгүдөй жарык тийип.
Нур шимирип мөмөлөрү,
Мөлтүрөшөт шагын ийип.
Үйдөн чыгып кире качат,
Майда балдар кээде-кээде.
Чокто сары сүт дүмбүлдөр,
Тамак бышат кемегеде.
Терезеде жаш келиндер,
Сыналышкан, сыйпанышкан, —
Мажүрүм талдай чачын жайып,
Сууну тиктеп суйсалышкан...
Балдар
Ураалашып дуулдап, бир аз токтоп,
Биргелешип кайтадан күчтү топтоп,
Жетишкендей жеңишке
Балдар түртөт
Жер Шарындай
Ак карды томолоктоп.
Бар бол, тынчтык!
Ядер, ок дүрмөттөлбөй...
Ором кагаз ак кебез түрмөктөрдөй,
Олпок карды сан китеп, кийим кылып,
Кийин балдар
Салмакты түртөт Жердей!
Акыл, өнөр жаңыртып, майрам кылып,
Жер үстүндөй чыр-чатак, майдан тынып,
Алып барышат келечек, жакшылыкка.
Планетти
Бул балдар айландырып...
Өлчөп болбойт наристе акылдарын.
Башы жетпес айраң-таң акылманың.
Ак Кар Баба жасашты.
«Бул ким» десем,
«Жомокчу чоң ата» дейт айылдагы.
Нан жана сүйүү
Күйгөн нандын жыты келет кыштактан
«аа-ап» чүчкүртүп мурунумду уучтаткан.
Ашыктыктын катын шашып окуган,
даңдырдагы набай бейм кыз жапкан.
Бул айылдын куту сезим каңдырган,
«Бур-ур» дегендей озон жыты жамгырдан.
Эгер сага мен кат жазсам, уян кыз,
Күйүп түшсүн нандын баары даңдырдан.
Даңдырыңда дайым турсун нан бышып,
Эгер катка жооп бербесең чаргытып.
Тептегерек токочторуң бетиндей,
тентек балдар уурдай качсын андышып,
Арнап сага жазгым келет нандай ыр,
айылында керемет бар кандайдыр.
Келген сайын кейип кетем жообуң жок,
келинчегим болсоң эмне, жарыбагыр?!
Ак теректүү жашыл элет тартылар,
каректе сен, жүрөктө сен, жан кумар,
Сүйүү деген сен кайнаткан сүттөй ак,
Сүйүү деген көңүл таңгыс нан сыңар.
Чоң апаларым Шайбү, Аселге
Арыба, арыбаңыз бөйпөндөгөн чоң апам,
Аманчылык. Шаарга дагы келди күз.
Ушул күздөй кылым жашты жашаган,
Убайымчыл, бапыраган пейилиңиз.
Жарыктык, сиз тирлик кумар кылчу эле,
Шырдак шырып, же сүт саап, жип ийрип.
Корооң толгон жемиш багың бышчу эле.
Коңур күз. Түн. Алма «топ» деп, ат үркүп.
Бах, жыпар жыт мурун жарып бурулдап,
Бастырма там, салкын, жарык кечинден!
Уйкашы көп бешик ырлар сиз ырдап,
Бөбөгүмдү, мени уктатып көөшүлгөн.
Жоомарт күздөй күүлүү-күчтүү куракта,
Жомогуңуз дале кооз, ширелүү.
Кымбат өмүр, кызык жашоо бирок да,
Кызыл жоолук салынбайсыз сиз эми?!
Сүйүү барбы
Мен женпедде окуп жатсам оттуу ырдан,
«Сүйүү барбы, агай?» деп кыз кат сунган.
Сүйүү бар дейм, жан күйгүзүп жалын сөз,
«Дүрт» эткендей дуу түшкөн зал жактырган.
Махабатты жок дебейин жан онтоп,
жатса дагы чындык издеп басам чок.
Муң, күйүү бар, чын сүйүү бар, чынында,
Чын сүйүү бар, чындап сүйгөн адам жок!
Өрт, жалыны жүрөктөгү отуңдун,
Эрк, намысы ал адамдык атыңдын,
Буң ырлар бар, шаң ырлар бар, чынында,
Чын ырлар бар, чындап жазган Акын ким?
Жогол, көйгөй — эр жигитти аздырган,
Жогол көйрөн — жаш бийкечти азгырган!
Сүйүү бизди адам кылып жаратып,
Акын туңгуч ырлар жаздырган.
Ак дилгир кыз, айтсам жазмыш чынымы,
Сырдаш болор мундаш жандын тунугу! —
Сүйүү издейм, ырлар издейм турмушта,
Акын издейм, адам издейм чыныгы.
Бар бол, адам! Бар бол, акын! Бар бол сен!
Сүйүү жок деп сүргөн өмүр жалган дейм.
Колдон келсе жакшылык иш жасаймын,
Колдон келет наадандыкка барбайм мен.
Россиянын кыздары
О, орустун сары мончок кыздары,
Алтын пери элестерде суйкайып.
Көздөрүнө көлдүн сүртүп толкунуң,
Күздүн түсүн чачтарына сыйпанып.
Мекеним деп күрөшкө жан аябай,
Мээримге жык, кайраттуу, бек шертиңер.
Жигит эрктүү партизан кыз Зоядай,
Жибек көрктүү сулуу Анна Кернилер!
Махабаттуу кусалансаң жүзүңөн,
Мажнун талдай саамай, жашың чачырайт.
Азык алып Орус жергең күчүнөн,
Ак кайыңдай бой-балтырлар чытырайт.
Ачык айрым ак перилер шыңкылдап,
Мейли, сүйсөм күйүп-өчсөм мен эгер.
Эх, Пушкинге ыр жаздыртып жалбырттап,
Есенинди өрткө салган элеңер...
1976-жыл
Жанна д’Арктай кыз Ырлар
Аван салып шаттыктан же кайгыдан,
Күлкү, күйүт, күү чал, сүйүү айылынан.
Тун ашыгым ыр перилер туйлатып,
Тура качам жаш колуктум коюнунан.
Карегинен муз эрийт, от сөзү өктөм,
Жаз чакырып ой бүчүр жар өзөктөн.
Түн күзөтүп олтургансыйм ордуна
Бир акындын качандыр бир көзү өткөн
Сейрек мындай шык даарыган учурлар,
Сестент, тагдыр... беттейм кармаш, кыш ызгаар,
Ырчы жигит жалынын чачып саптарга,
Ысып күйөт Жанна д Арктай кыз-ырлар!
Алоо таптуу ЫР! Мээр бер, жолдо суук,
Ырыс очок, ысыт кан-жан, козго шык.
Эне сындуу экен акын жүрөгү,
Канча ырлар көз жарышкан ойго жок.
Ыр наристем! Сулуу, эр бол келишкен,
Үзүр бер деп, жемиштен деп мен иштейм,
Ак кагазга багып-көрүп чоңойтом.
Аңаалаган ууз, таза периштем!
Каркыралар майрамы
Куштардын асман балериналары,
Чоорчу жапан куш боз каркыралар.
Айтылуу жер соорусу Каркырада
«Турна-Көл» тушта бийлеп,
каалгыйт алар...
Карачы — эй!..
Каркыралар майрамын кооз,
Дүйнөлүк кереметпи дал ушул жер;
О кызык кумар жазган кубанычтар,
О, ысык лаззат алган сүйүшүүлөр!
Мекенге кайтып келүү бактысыбы,
Туулган журт кулачына конуп-учуп,
турмуштун ысык-суугун бөтөн жакта,
көрүшкөн айрылгандар жолугушуп.
А балким сапарында ок жаңылып,
канатың канга чылап карап турдуң;
түтөгөн кыйрап жаткан Ливан жерин,
түңүлүп куугун жеген Араб журтун.
Бейпилдик жарчысындай асыл куштар,
тынчтыктап айыктыңар жараат танбай.
учтуңар континеттен континетке,
кыргыздын жерин эңсеп канат талбай.
Каламдай канат шилтеп акын куштар,
жазгандай асман толо сап-сап ырдан.
Кайрыктуу түрмөктөрдөн тартуулачы,
карыткан доорлорду дастанындан.
Көктөмдөй журт жаңырса кербей, аттиң,
көк мелжип дүйнө кезип сызгансыңар —
Кыргында набыт болгон эр жигиттер,
Үркүндө шейит болгон кыздарсыңар.
Кейишти унуткула, кечиргиле!
Келгиле, жакышылктын өлкөсүн көр.
Жаныңар жараланса, Ата Журтум,
Элесин дары кылып көзгө сүртөр.
Талас менен учурашуу
О, Ала-Тоом! Бир ажайып бурчуңа.
Биринчи ирет келүүм ушул Таласка.
Салам айтам, тээ бабалар журтуна.
Салам айтам, Улуу Ата Манаска!
Бакай бабам,
Кырк чоро шер абалар,
Чоң казатың, азап, ар-намыс.
Умай энем Каныкейдей апалар,
Чыйырдыдай байбичелер, арбаңыз!
Адырмак төө
Ай талаалар — ыйык жер.
Уюткубуз анын аруу турпагы.
Айчүрөк кыз, Семетейдей жигиттер,
Бүгүнкү муун — байыркы элдин урпагы.
Шаңшыйт.
Таңшыйт ырлар шаттык — кайгыдан,
Таң ашырдык жылдыздуу ыр кечени.
Токтогулдук акындардын айылынан,
Салам сага, Чыңгыздардын мекени!
1981-жыл
Таласстык кыз - Чолпонайга
Айттың жылдыз атынды - Чолпонай деп,
Көңүлүмө нур чачып шоолаланган.
«Бир таанышкан жигиттен корком аи» - деп,
Ишенбейсиң көзүмө умут жаңган.
Сулуу Талас гүлүндөй күлгүн элең,
Жоогазындай жүрөктү жылыттыңыз.
Сүйүмбайдын ырындай сүйкүм бийкеч,
Байдылданын ырындай кылыктуу кыз.
Ашык кылдың негедир сулуу чырай,
Арзуу сырын ачык айт сен уялбай.
Жүзүң мага тааныштай жылуу учурайт,
Жүр ээрчитип кетейин Даииярдай.
Таң атканча мен күтөм шам терезең,
Өчпөй турду калың кар жаап үстүмө.
Оо, Чолпонай, кара каш буудай ирең,
Жамыйланын сиңдиси болуп жүрбө.
Мени ойлобо жүргөн бир жеңил бозой,
Мээр сөзүң максатташ сүйүүм козгойт.
Көктө күйгөн жылдызга жетиш оңой,
Сага, Чолпон, -
Жетишим кыйын окшойт.
Ысык-Көлгө
Жомоктой, түштөй жоорудум канча баянын,
Барам ден далай баралбай жүрүп Көлгө мен.
Кылымдар туткан кыргыз журт кымыз аягын,
Кыялкеч таазим этем дейм кетип: өлбөсөм.
Каалгып чыкса казына, пери, буурул ат,
Шааниңди жутсам шараптай кечки өртүңөн.
Көңүлдө ызам, көөдөндө кусам буулугат,
Көрөм деп журуп, көрө албай жүрөм Көлдү мен.
Көз жашын сыгып, сөз жашын сыгып тамчылап,
Түтөткөн жанын түн өткөн сайын Алыкул.
Сары жарык айнек сагынычтуу күйөт шам чырак,
Салам ыр жазган садагаң да бир Алик кул!
Үч адам
(Жомок)
Тээ, илгери...
Шамал боздоп, кум учуп.
Чөөлөр кишиң жеп кетчүүдөй улушуп,
Каракталып эрме чөлдө үч адам
Калган экен кербенден кол жуушуп.
Айла куруп, чөч түшүшөт тынып тим.
Чаар жылан, кара курттар кыжыйт миң.
Уранды шаар...
Ууртам суу жок кудукта.
Жумуртканы бышырчудай ысыйт Күн.
«Кайдан гана шайтан айдап мен келгем,
Кантип чыгам калдайган бу кең чөлдөн.
Өлүш керек көп кыйналбай! — деп бири,
өңгөч катьш өкүнүчтүү жан берген.
Экинчиси терең батып убайга:
«Эл жашаган жер бардыр деп бу жайда».
Жан далбастан ары бери жол издеп,
Мурт өлүптүр жетпей кудайга.
Үчүнчүсү кийми тытык, ач арып,
Үмүтү күч!..
Чымырканып бут талып...
Жетти акыры гүл жемиштүү өлкөгө,
Жалаң бир түз багыт менен бет алып!
Бир ууртам суу — бир көз ирмем өмүрдөй,
Бир ой кайрат, бир сөз чыдам темирдей.
Кыйналыштан, ишеничтен иле таап,
Адам, жаша — сен өзүңдөн жеңилбей.
Каникулдагы жатаконок № 5 туурасында баллада
Чыкпайт неге бозой күлүп, кыз жаркып?
Босогондон төргө чейин суз тартып,
Ээн, кууш далис бойлойм көңүлсүз.
Көтөргөндөй жонго бир пуд тузду артып!
Кубанам го десем эрте мен келип,
Кусалуу бой үшкүрүктүү дем керип,
Эстейм жылуу уядай кооз бөлмөнү,
Учуп кирчү чабалекей өндөнүп!
Сайрачу элек «Кызгалдактуу көктөмдү»,
Сгынтчу эле «Сүйүү жазын» черткен күү,
Курсташ кыздар баары чыгып турмушка,
Курдаш балдар үут үйлөнүп кеткенби?
Сонун эле бу «Адабий ыр кечең.»,
Шаттуу,таттуу «Бий», «Дискотека», «Ыр кесең»,
Тыз эттирет ичти сырдаш курбулар,
Жаш акчудай кирпигимди ирмесем...
Бар өзүнүн, «генийлери», «акыны».
Барат көздөн көз талыткан окууну,
Түндү түрүп, айлап тайгак жол басып,
Беттегенбиз Маркс айткан чокуну!
Илиньбестен айнекке эт баштыктар,
Ичти сыйрыйт аңылдаган боштуктар:
Сыздап турат классиктер дубалда,
Муздап турат кыз жыттанган жаздыктар.
Ичиркенип, бүткөн боюм кетти ушуп,
Шыпты тиктейм, ооналактайм, бүк түшүп,
Ыр сурабайт, оку дешпейт сүйүүдөн,
Буркурабайт ашканада эт бышып.
Жатаконок — жылдыз кемем уядай,
Жан-дүйнөмө жарык чачкан чырак ай,
Түнү олтурсак сабак окуп, ыр жазып,
Күйүп кетчү электр шам чыдабай!
Шахматчынын монологу
Шахмат-турмуш,
Татаал сыры мага анын,
Жүрүшкөндөй жашоодогу кадамын,
Ким шахматты ойной алса эң мыкты,
Ошол менин бир кадырлуу адамым.
Ар беттеште мен жеңишке жетем дейм,
Анык утса ызаланбайм, кекенбейм.
Атаандашым, алсыз болсоң ойнобойм,
Атаандашым, күчтүү болсоң, экен дейм.
Жүрүшүндө сак бол, ар бир сызыкты,
Алдырбагын шашылып каның кызып бу.
Таңкаларлык Шахмат деген Улуу оюн,
Табышмактуу, тамашалуу, кызыктуу?
Каршы таштар кара, ак ниет кишилер,
Күйөрмандар тартипти так түшүнүшөр.
Ак ойнойлу намыс бербей бетме-бет,
Айтпагыла бышып турса ичиңер.
Жылдырбагын тымызын кеп унчугуп,
Жый оозуңду — ал чыккынчы тыңчылык.
Ушунчалык жоготууга барган соң,
Утуум керек, калуум уят тең чыгып.
Ата Журтум, ар намысым жеңилбес,
Кыйын жолдо кызмат кылган гений-Ферзь!
Чыдам керек, акыл, кубат, шык керек,
Чыныгы зор күрөш жүрөт көрүнбөс.
Он төрт жоокер, кыйышпас дос, бир тууган,
Ордого чап, күлүк атчан жүр чыгаан.
Марам көздөп күтүлбөстөн мат койгон.
Майдандабыз жарланган, курчуган.
Университет
Университет -
Кыргыз журтка туңгуч Лицей;
Жаштыкты сезем сенде таштагандай,
Көрөгөч көкүл түшкөн көздөр жайнап.
Дарс окуйт Мамбетсариев кашка маңдай
Дүйнөнү түрө тиктеп...
Кызуу талаш.
курчаган, курсак ачса аган кайыл.
Карашкан генийлердин көзү менен,
калк болот студенттер ачык, шайыр.
Маңыздуу чаалыктырган семинарлар.
Саысызбай... калбаат декан кабак түйгөн.
Эргиткен а бизди шаар, сергиткен баар,
Жандырган жылдыздарын көгүш дүйнөң!
Залдарың титиретип ыр окугам,
Сулууңа сук артканмын эстен танып.
Биз оттуу ырчы Пушкин, Белинскийдей
Жаалдуу сынчы элек биз өрттөй жанып.
Университет -
Оо, илимдин Ак Храмы.
Энедей аяп баккан арзууң күчтүү,
Кемедей кеттик сени жээкке таштап.
Аңтарып шкафтарың китеп жүктүү.
Поэзия
Ыр дүйнөң — сыр дүйнөмдүн Лаззаты, эх!
Сүйүүдөн айыгалгыс жаратым эч.
Акындык кыйын чакта кишичилик
Бир гана жакшы саптар жаратуу эмес.
Жүрөктөн кайнап-бышкан чың ырлар, чык!
Көз жарып, ой баладай чыңыргансып
Дүйнөнү карт акылы, наристе үнү
Жанымды жарып чыгат чынымды айтып.
Чыркырап чындык үчүн «өлүп кетүү»
Акыл — чеп, сезим — сепил, жеңил жетүү.
Поэзия — бирден миңге жарык чачып,
Турмуштун кыйын жолун жеңилдетүү.
Тикеңден тур, калемгер, казатың сөз,
типтирүү, өлбөс-өчпөс жарат элес,
Акындык мүлдө дарттан айыктыруу,
тек гана өзгө жанын канатуу эмес.
Кыйын жол
Жашоо ачуу-таттууң кумар кандырган,
Турмуш катуу соккуң эстен тандырган.
Бир узак жол көз ирмемге татыбай,
Бир кыска жол карегимди талдырган.
Ак кусалуу сүйүү ырахат, батырды ал,
Ах, ызалуу тагдыр башты катырды ал.
Кыйры чексиз кызык, кымбат, кымбат ай-
жылы,
Кыска жолду басыш кыйын, опуртал...
Жеңилүүдөн намыска кел чыйралып,
Берилүүдөн жүрөктөн чык ый жарып.
Шаттуу болот күйүттөн соң күлгөнүң,
Таттуу болот тапкан бактың, кыйналып.
Жаш курагың ал кыска жол кыйыны,
Жазмыш сынайт ичте ыйыңы.
Күйүп жүрсө, күрөш беттеп кар-бороон.
Сүйүп, жүрсөң, баш айлантат куюуну.
Баскан сайын милдет жүгүң оордогон,
Ата-Журтуң зор максатка жолдогон.
Көксөп өткүн көз өлчөгүс сапарды,
Тепсеп кеткин мажестикти болбогон.
Мейли, узак жол, убай, түйшүк, мартаба,
Жапырт катыш, дүйнөлүк жер картада:
Мелжийт багыт тынчтык жүрүш-кыйын жол,
Биздин муун, эрте карып, чарчаба?
Тагдырым бол, эмгегим бол, сүйүүм бол.
Күрөшүм бол, күлкүм да бол, ыйым бол.
Келечексиз жеңил жолго түшпөймүн,
Келечектүү ак жол деген кыйын жол!
***
Ээрчитип кыз куумайдай алдңы учуп,
Элесиң сиңип кетип жашыл шаарга.
Калдымбы караанындан кайгы жутуп,
Кайдасың, кайдасың дейм Асылзаада!?
Көчөмө-көчөлөрдү өтөм кесип
Көзүмдө сени эңсөөм күч учкундады.
Сага окшоп кыздар мага өчөшкөнсүп,
Сага окшоп кийинишкен бүгүн баары.
Улутунам, уйпалап жел таарынычтан,
Умсунам сагынычтан кусам артып.
Сага окшоп жазгы жоолук салынышкан,
Сага окшоп кыздар мени ызалантып.
Төшүңө көз жаш муңум төгүлбөстөн
Жашынып жүрөк ыйын төгө турар.
Издетчи, ирмем дагы көрүнбөстөн,
Чын эле каалаганың ошол чыгар?
Бактылуу жан кашайтып, оолугармын,
Өзүң деп өзөгүмдөн күйүп-жанып.
Басынбай, жакшы кызга жолугармын,
Байкабай сага окшош деп сүйүп калып.
Таарыныч жазасы
Арман тагдыр, мейли, айласыз кордоп кет,
Айыңдардан жүрөгүм жырп токко урар.
Мени сүйгөн сендей жубай болбойт эч,
Сени сүйгөн мендей түгөй жок чыгар?
Мээ жеп ушак менден үздү колуңду
Калп айтышат сени чанып кеткен деп.
Жаңылыштуу, кызганычтуу жолумду,
Баштан аяк салгым келет кетмендеп.
Арзуумдун ак акталбастан күнөөсү,
Ак булуттай айрып кетсе чагылган.
Мен татына кыздын болуп күйөөсү
Сен башкага туш болорсуң багыңдан.
Бир таарыныч жазаң тарттым жан теңим,
Айрылышсак биз таанышкан бу жайда,
Чоочун жакта жашап чоочун ак келин.
Балам муну билбес кошо ыйларда.
Жаал кайнап, жалын сезим, күйөт муң.
Жалбар, жокто, ыйла, кыйнал, кекенгин,
Көкүрөктө алоолонгон сүйүү өртүн.
Көз жаш менен өчүралбайт экенмин!
Сүйүү ырлары сүйгөнүндү чакырат.
Очор-бачар үйгө толсун бала-шаң.
Айрылышуу — уудан дагы ачуураак,
Айрылышуу — ал эки өлүм, кааласаң.
Нээтиң түздөп, бактыңды күт, кеч келбе,
Не жетсин дейм эң бир тунгуч жубайга,
Алмаштыра албайт аны эч пенде,
Алмаштыра албайт аны Кудай да!
***
Жалбырактуу тал чырпык,
Чапкылап көгүш айнекти.
Чаң баскан сынык Терезе
Көзүнөн киргил жаш кетти.
Чагылган атып сур булут,
Чачырайт арча от бутак!
Жазыдкка башын каттырып,
Жаш баламды коркутат.
Чалчык суу жууп тепкичти,
Чаба жаап ак жаан төгүлөт.
Чарчап суу болуп олтургам,
Чакылдайт саат мээни жеп.
Баш ыргайт кече талдары,
Беш чарчы айнек бети жаш
Ак көйнөк, кара күрмө-шым
Каткырып чуркайт эки жаш.
Айнекте сымап тамчылар,
Жыландардай ийриңдеп.
А бир кез жаным чыйрыккан,
Ачуу сөз уудай сиңген көп.
Үмүтүм үйөр сел алып,
Үшкүргөн анда кейиштүү.
Кеткен жаз азап-тозокпу,
Келген жаз жыргал бейишпи?
Терезе жөндөн ыйлабайт,
Телмирсе кимдин айбы бар?
Шатырап жааган нөшөрдө,
Шаттык бар, бакыт, кайгы бар.
Наристеме
Көчүрөм — уулум Мухтарсагын — тайым!
Бек койсун жалгыз мөөрүн турмуш сага.
Бал балам — экинчи өмүр, ыр китебим,
Дүйнөгө жарык көргөн бир нускада.
Ыр-чыр жаш бала чагым ачып,
Ата-энем мээнет баркын туйсам кыйын.
Сен окшойм — 27 жыл мурдагы,
Сен менсиң — 27 жылдан кийин.
Куйкумдуу тамсилчи ысмын, мамалагым,
Бердим мен сүйкүм лирик атын саган.
Апандай күлүп жайнап кир жок ичте,
Ыңаалап мени тартып ачууң жаман.
Периштем: аллей, аллей! Жакшылыкты
Чакырсын дүйнөлүк тил «ыңаа» дайым.
Балык ооз, балапан чач, быйпык мурун,
Жыттоочум, жыпар мончок, айланайын!
Тагдырың — актай китеп. Мен кол жазма,
Жаңылыштык, катам тытып, өчүргөм көп.
Журт үчун сен бир мыкты чыгармам бол,
Айтышсын сулуу, таза көчүрмөн, деп.
Ымыркай ыйың жаным ооруйт кошо,
Жыргатат клоундай куудулдугуң.
Кайталап чоң атандын жаштык кезин,
Жаткансыйм өзүмдү-өзүм багып уулум.
1985-жыл, Твквлдвш айылы
Күздөгү кадыр түн
Ай тийген жарык бөлмө...
Арман-баян...
жаагансып сары барик, тушубузда:
Күйөөдөн бакты ачылбай калган аял.
карт бойдок жетпей калган сулуу кызга.
Турмуш эт жүрөгүмдү туздайт менин
туугандай бөтөн жанга муңдаштырып.
Күйүттүү күүнү тыңшап сыздайт келин,
түтөтүп... күйүт чегет бир карт жигит.
Будуң-чаң жаштык эми кагылган кез,
Токтолдук. Бирок жүрөк оту менен:
Ааңгемелеп акылман сөз,
Гейненин учкул ырын окуп берем.
Талаа стан...
каптайт обон коңгуроолуу,
не деген сезимдер бар кайгы ырында.
черткендей алда кайдан домбураны,
эгин жай толкуп турду ай нурунда.
О, менин болчу жубай сырдаштарым,
түшүм той, шаттык үйүп, шайыр күлүп.
Багын көр, дан сапырган бир жаш айым,
арзууң тап, кызыл тарткан шофер жигит.
Махабат бар, эч кимге ал энчи эмес,
татыктуу болбосо ким келекелейт.
Сүйлөшөт ал эки жаш.
Кырмандакеч...
бийлешет сары бариктер, көлөкө, чөп...
Жарыктык, Коргоол ата!
Достарыңызбен бөлісу: |