Ишеничте окурмандардын калыс тараза баасына татып, жылуу пикирине арзыйт деп ойлойбуз Акималиев Алик. Ханда жок байлык Манассия: Тандалма: 1-том. Б.: «Айат», 2008. 232 б



бет6/9
Дата15.06.2016
өлшемі1.14 Mb.
#136908
1   2   3   4   5   6   7   8   9

Таштанды бала жөнүндө баллада
Тапкан эмес, Апа деп айт бакканды,

Уккан «дир» деп, ыйлап ийбей аз калды,

Эзели этек канатпаган бир аял,

Бала таап алган экен таштанды...

Эмизсем дейт. Же эмчектен сүт чыкпайт,

Кандай аял бала ыйласа тынч уктайт?!

Коңшу келин ымыркайлуу, ийиди,

Эч убакта эне сүтү тынчытпайт.

Ал серт келин, бойлуу, толмоч, сепкилдүү,

Наристени оозантайын деп кирди...

Бактысыз бул чүрпө, балким, көз ирмем,

Аны тууган Апам экен деп билди.

Чоп-чоп эмди чормойгончо чочогу,

Көргөндөрдүн муун-жүүнү бошоду.

Бир азгырык кумардан ал жаралган

Жер жүзүндө баштады Улуу жашоону.

Туубас аял алгач жүргөн кыигачтап,

(Чоочун белек бир шайкелең кыз-таштап.)

Буту менен тили чыкса мээр ийип,

Бул эки аял ыйлашчу эле көз жаштап.

Туубас аял бала көрдү жыл өтпөй,

Куттуу үйүндө калды ырыскы, кут өчпөй,

Эне сүтүң, алтын-дан да кымбат-ов,

Эне сүтүң, мөлтүр ыйык мүрөктөй.

Таңзаарда да берген үчүн оозантып,

Акташ кыйын, алалбайсың же сатып,

Шек келтирсең андан катуу каргыш жок,

Эки көзүң салат бир күн кашайтып.



Жалгыздыктын бир ыры
Үйү жок, аялы жок, баласы жок,

Үшкүрүп дүйнө кезген шамалга окшоп.

Мен бул кез жалгыздыктай бир дос күттүм,

Арманын дирилдеген аван козгоп.

Жүрөгүм кусага жык толуп турат,

Бир аван көз жаралбай тыбырчылайт,

Дүйнөнү кезип кетким келет менин, .

Бир ырын жалгыздыктын жалгыз ырдап,

Аваным муңканса да таңшыдыбы,

Кайгыңдын ачуу жашын аарчыдыбы.

Асылзат, шүл дүйнөдө окшош экен,

Азаптын, атактын да жалгыздыгы.

Билип жүр, сен да менин жалгыз эркем,

Алыска сапар тартам балким эртең.

Турмушта бүт жолдорду жарык кылган,

Тутантып жалгыз сүйүүн өчүрбө сен?!



Ыр - сапар
Жөнөкөй көрүнсө да катаал бул өнөр,

Жөнөйүн, ыр -сапарга! Батаңды бер,

Көйгөйгө айгай салып жан ачынып,

Көкүрөк ажатыңды ачамбы эл?!

Убайым жеген ойдон тумчукпагын,

Ураткын санаа, түйшүк.кулдуктарын.

Жүрөктүн буйругуна баш ийип да,

Күрөшкүн, албарс болуп курчуп жаным!

Алып уч. Кентаврым! Шилтейм ыр сап,

Териңден терс илдетим шарт шылый чаап,

Күрөшсүз жеңилгим жок! Күдөр үзбө,

Күжүлдөп жаш аргымак чуркайт, чуркайт..

Акыл-эс багынт ойдун сепилдерин,

Баш көтөр, жан калкалап бекинбегин.

Кыл жылба чындыгынлан кыйын чакта,

Кылмыш бу - чегингениң, чегингениң...

Опоңой көнө койбос мага турмуш,

Сан-миң, жоо, тосмолор бар уратылгыс.

Аттанам белгисиз жан-дүйнөлөргө,

Көз көргүс, ойчендегис, кулак уккус.

Ыйман, жан таза болгун ылайланба,

Ырайым, кудурет бер Кудай жанга.

Калкыма кайрыйм сүйүү, жакшылыкты,

Кагаздын үстүндөгү бу майданда.

А бирок мунжу, чатак өксө кылбайм,

Силерди кумар деген өрткө чулгайм.

Жаныңа жебе саптар кадалса деп,

Жаа таркан Кентаврдай чуркайм, чуркайм.



Жат киши
Чын дилден колдоп мен аны,

Кошоюн дегем тизмеге.

Жактырбас жалгыз чырагы,

Жылдызы, бирок, башка эле.


Жүргөн жан болчу далдаада,

Баш ийкеп аста коючу.

Дос эмес эле ал мага,

Душманым эмес болуучу.


Эскирип жаны жыртылды,

Күүгүмдө калган күндөрдөн.

Досу да болгон чыккынчы,

Аялы саткан бир жерден.


Ыза, кор ичтен тирелип,

Кыжыры кайнайт гүлдөргө.

Биз эми таанып билелик ,

Чоочун, кырс, чалкан ал дүйнө.


Муңайм, түнт, серт, күлчү эмес,

Талашпай укчу кеп келсе.

Эх, өмүр анын энчи эмес,

Өлүм да ага жок нерсе...


Болбогон чактай киши өлбөс,

Калбайт шымың, даңк дагы.

Биз аяп, балким, түшүнбөс,

Бар чыгар жарык жактары...



Эки бүркүт
Турмуш мени баладай этектеди,

Адам болуш керек дейм. Жетет эми!

Эки жактан эки улуу бороон урат,

Эки бүркүт талашып жатат мени.

Эзелки кек, кумарга бой ташташып,

Эки бүркүт талашат, тытат мени...

Эки бүркүт оңго да, солго тартат,

Тебеленип тагдырым жолдо жатат.

Эки жактан эки улуу шамал улуп,

Эки бүркүт талашат, мени тытат.

Асман-жерди сапырган кыялдары,

Алик деген бир акын ойго батат.


Кайда барсам?

Не болсом?

Кандай кылсам?..

Кабак түйөм газ, түтүн, жолдордо чаң.

Как сүзсөмбү кайрадан камокторду,

Капкара түн, көңүл кир, ойлор туман.

Үшкүрүнүп таймашат жазмышына

Үч жүрөктүк сүйүүдөн онтойм, чыдайм.


Эки бүркүт эки улуу сүйүү чачат,

Эки бүркүт көк мелжип, бет чапчышат.

Эки бүркүт өлөрчө кызганышат,

Эки бүркүт аччеңгел тырмакташат.

Эки бүркүт айласыз өткөндү ойлоп,

Эки бүркүт мен менен лаззатташат.


Эки ургаачы кош бүркүт, колдогула!

Көгүчкөндөй консоңор колдорума.

Түшүнттүңөр турмуштун эмне экенинин,

Бар болгула, бүркүттөр,

бар болгула!!!

Вазыйпа
Бир заман келет мени жомок кылар,

Ар бир үй китептерим конок кылар.

Бейитим бейиттерде жатып калып,

Аяган көз жаш агар булак сыңар...

Көралбас «Чала болду, жол ачык...» деп,

Пенде деп куран окуйт уяттуулар.

Бир жылдар келет мени казал кылар, .

Каткырып жоруктарым базар кылар.

Турмуштун дал өзүндөй кайнасам дейм,

Тунжурап тургум келбейт мазар сыңар.

Көк асман көмкөрүлгөн деңиз болуп,

Ырларым - уч, ак куулар, уч, ак куулар!

Уч,ак куулар...

Бир күндөр келет мени кубат кылар,

Зилди кет жууп, черин жазып жазат кумар.

Кыяматтан алый өтчү сөз тапсам дейм,

Кыргызым өз балам деп ызаат кылар.

Сүйүнүп сүйүшкөндөр жолугушуп,

Бутума көз жаш төгөт азаптуулар.

Бир доор келет мени канат кылар,

Сөздөрүм көңүлдөрдү абад кылар.

Алтынды кумдан чайкап, отко эриткем,

Кайнаган поэзиям шарап сыңар.

Жылмайып мен силерди карайм көктөн.

Жылдызы жерге түшкөн атактуулар!..

Не тыным келет ысмым дастан кылар,

Элесим кызыл мармар таштан турар.

Белгисиз келерки муун урпактарга,

Чачырайм жылдыздуу зор асман сыңар.

Даанышман дайынсызга ой жүгүртүп,

А балдар периштедей канат кылар.

Беш манжам беш канжардай курчуп жазган,

Ырымда миллион жүрөк канап турар.
* * *
Чуркаса тулпар эле,

Учурса шумкар эле.

Ал өзү карапайм,

Алпейим бир жан эле.

Анан да акын болчу,

Аракка жакын болчу.

От сүйүп жүрөктөргө,

Мээ толо акыл болчу.

Анан да адам эле,

Өзүнчө аалам эле.

Досторго, бүт эл-журтка.

Ак кардай жааган эле.

От өчтү. кар жаап бүттү.

Аялың, досуң күттү,

Зарлантып келишкен жок.

Келди өмүр түбөлүктүү!

«Дүрт» этип анын жаны

Жалбырттайт акылдары.

А өлдү, жоголду дет,

Издешкен жок эчким аны.

Тулпарды баалашкан жок,

Шумкарды карашкан жок.

Калды артта даңкың гана,

Сөөктөй талашкан топ...



Үчүнчү жол
Поэзия - чалчык эмес ар ким кечкен,

Же саз эмес бирөөлөр чөгүп кеткен.

Поэзия - жети катар жер түбүндө

Көз жаштай мөлт-мөлт эткен.

Мөл булактай кайнап чыккан күүгүмдө.

Замзам суудай тереңде.

Шордон бөлүп Кудай койгон зор калкканыч.

Акын болом деген талант,

Болот Пушкин, Уитмен же Беранже.

А бирок, таймашкан талант менен бар кара күч,

Тагдырдан таяк жейсиң, мейли, арак ич.

Алдыңда эки жол бар: Болосуң Байдылдадай

Же Рамис, Маяковский же Есенин

Алыкул же Мидин.

Айбыкпай жылдыздар.картасына бас көзүрүң,

Бар бирок үчүнчү жол - ал өзүңсүң...

Нак калемгер болгуң келсе.

Сен, андыктан, мени сындап койгуң келсе.

Коркпой шундай кеменгерге,

Кичик талант дегендерге, Теңеп сүйлө.

Аздыр-көптүр жазганым бар мен силерге.

Жок! Мактанчаак, шылуун, зөөкүр,

Наадан дагы эмесмин мен.

Болгум келбейт анекдот оозуңда, эй.

Эгер ушул дүйнөнү чер чытырман токой десек,

Тикенектүү бадалдагы мен-үлбүрөк байчечекей.

Мага жетиш үзүш кыйын уйпалап,

Азрейил колу дагы тытык, кан.

Жаны маркум чөптөр ыйлап жол жээгинде муңданат.

Мүрөк суудай ойго суусап кудуктан.

Ыйык пенде ал ойго жык кол тийгис,

Мен даңктанам тебелеп Падышалык так-таажың.

Жашагым бар үзүрлүү, узак күн көрүп,

Болгум келет реалист жакшы акын.




ГЕРНИКА
(Поэма Аколапсис)
Сен ким гана болбогун,

Мейли Президент, мейли БОМЖ,

Мейли министр, мейли мент,

Аким, же шеф "крутой",

Депутат, же бизнесмен,

Коммерсант, же рекет,

Ууру-кески, кылмышкер, авторитет,

Бай, көпөс же желдет,

Желип жорткон шпана, же студент...
Сен ким гана болбогун,

Ар кимдин бар Герникасы -

Бешенеге чийип койгон тагдыры.

Теңир Кудай түзөй албай шай оогон,

(Телегейи тегиз эмес баардыгы).

Адамзатты, Кыргызханияны,

Жаханды бүт көрөм мен:

«Герника» аркылуу!


«Герника» - Испанияда,

Мадриддин эң,ири музейинде,

Азыр турган илинүү,

Куну жок зор картина,

Аалам сыйган портрет,

42 миллион доллар,

болгон менен анын баасы,

Ченде жок сүрөт,

Сүрөт -

«Герника!»



20-жүз жылдыктын шедеври -
Герника -Тарых күйгөн өрттөгү,

Герника -

Тагдыр тарткан көкбөрү.

Почта маркасындай шаар|"

Кудай карап турган калаа көктөгү.

Герника -

Жалбырттаган сүйүү жана,

Жанга баткан жек көрүү...


Герника - бул

Испанияда,

Мадридден эмес чыны анча алыс

чакан калаа.

Анда болгон согуш бүлгүн,

Кыямат кайым, зор драма.

Герника!

Германиялык фашиеттер,

Антиарийлер, нарцисттер,

Тыптыйпыл кылышкан шаар...


Герника!

1936-жыл эле.

Дал шол чакта

Кадимкидей, дал эле күн бүгүнкүдөй,

Көпөлөктөр ойноп чыгып учушкан

балдар менен короолордон

Гүлдөгөн баар...

Түнү менен үргүлөгөн

Түнкү гүлдөр

Чанактары баш көтөрүп

Жылмайган шаар!

Герника ал кезде сен,

Ордолуу байтакты элең гүлдөп турган,

Тагын айтсак

Чоң жашыл гүлзар элең.

Кыштак элең,

Куштардын тили менен сүйлөп турган,

Тармал, уяң ак кайындар сеңселишип,

Балырлуу көлдө

Аккуулар бийлеп турган.

Бир гана шамал, желге,

Жамгыр сүйүү кат жазыд «ыйлап»

турган.

Каткырып учурашчу коңшулар да,



Көп болчу ойго баткан кызгылт кечтер,

Түндү жара шапар тепчү

Үлпөт майрам.

Караны көзү күйгөн бозойлорду,

Калкалашьш токоч бетин кыздар уяң.

Эл унчукпай тирлик кылчу,

Аман болчу баардыгы,

Мойтоңдогон, томпоңдогон

ыйлаактардан,

Герника - рух, салт да, урмат, кадыр,

Адеп, тартип, сый сактаган.
Анан, анан,

Герника - бир күндө эле,

бйр түндө эле,

Нагасаки,

Хиросима өңдөндү кыйрап калган1

Герника - Хиросима!

Герника - Нагасаки!

АКШлык учкуч пилот, калтаарыбай

Таштаган атом бомба.

Күйөт,күйөт Японияда,

Жалбырттап эки зор от.

Көрүнүктүү жазуучу

Ажыдар жылы туулган,

Ажыдар жылы өлгөн

Акутагава Рьюнеске жазгандай

Жабышкан зор даракка

Маймыл менен таңылган

Өз кызы карачечекей

Өрттөлгөнүн тарткан натурасынан

Сүрөтчүдөй өңү суук, иреңи серт.

Жылмаят бука мүйүз император

«Мына сен тартам деген

тозок, тозок» -

Герника -

Тозок оту...

Казаныңда кимдер гана

Кайнаган жок?!

Кеткен учуп кебелбей

Кайдыгердей аткарган тапшырмасын

АКШлык «эшек пилот».

Дал шондой

Берлинден сур булуттуу асманда учкан,

Букалардай көтөрүлгөн авианосецтер

бомбалашып,

кыйсыпыр түштүң анан,

Бир паста эле айландьң урандыга,

Күлү көккө сапырылган.-

Герника,


Урду Кудай, кыямат, каар,

Не күнөөңө?!

(Герника бейкүнөө эле.)

Фюрерлик же

АКШлык учкучтун шол

Ордунда болсом эгер

Мен мисалы

Эч зыянсыз океанга

Таштайт элем ал бомбаны...

А бул Жер планетте,

Эки душман саясат салгылашкан,

Эки дөө жоолашып шайтан баскан.

Герника чымын элең.

Эки өрттүн ортосунда күйүп жаткан.

Герника сен сүрөткө айландың,

Казал, кошок, арман, дастан.

Шыркырап кызыл жаян каның аккан.

Али деле айыга элек жараатынан...


«Герника» -

Эки минден ашык ар кыл сүрөт тарткан,

92 жашка чыккан.

Авангардист

Пабло Пикассонун

Кистисинен, кирпигинен,

Жүрөгүнөн, карегинен,

Не деген шык чалкып жаткан.

Атып чыккан,

Кандуу көз жаш...


Аны дале адамзаты,

Толук билип же түшүнүп андай элек.

Луврдагы Жокондадай,

Ал - жылмаюу,

Бул - чыңырык!

Сырлар каткан - «Герника».

Автор бул чыгарманын,

Үстүндө иштегенде.

(Кудай өзү авторлош кыл калемге).

Жинди болуп кете жаздап,

Леонардо да Винчидей,

Моно Лиза сулууну тартып бүтүп

Тарс этип түшкөн кулап,

Тарткан экен.

Кан менен

Жаш тамчылап кеткенинен,

Сыйкыр чебер кистисинен...

Герника - сен дүйнөсүң

Жер дүйнөдө не деген наадандыктар,

бар экенин чагылдырган.

Жана дагы заман, доорсун аңтарылган.

Кыргыз шырдак,

Түркмөн килем-кечелердин

Реалдуу ар жак бети сыяктанган.


«Герника»

Америкадан каитарылган оригиналы.

8 жаш сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп,

Үч аскердик учма менен кайтарылган.

Кайтарылган мекенине, - Мадридге.

Сен ырчысың таңшып турган Прадодон,

Музейге коюлган соң,

Бир сааттан кийин элге,

Кабарланган радиодон.
«Герника!»

Биздин көргөн

13 жылдан берки,

Бейиш, тозоктор.

Ыза, кордук, азап-шор.

Өзүнчө бир

«Герника» болду окшойт.

Жардылык да, ачкалык,

Жалган баюу.

Убадакей кашкалык,

Нан жеймин деп,

Бармактай миң наристе,

Сүт оозунан кете элек.

Канаты бар периште,

Ыйлап жатса - Герника.
Же бир бейгам үй-бүлөдө,

Кокусунан.

Кызганычтан, булганычтан,

Жетишпестик, муктаждыктан,

Чатак чыкса - Герника.

Тукум улаар

Эки баштуу кудайлардын,

Аял-эркек жубайлардын,

Ыркы кетип ажырашса -

Герника!


Күнөөсүз бала-чака,

Тирүүлөй жетим калса - Герника!

Адамдардын бузулган жан-руху,

Абийир, пейили - Герника!

Талкаланган, тонолгон үй,

Чарбалар бүт - Герника!

Герника –

Кыйраган бүт зоот, ишкана, фабрика.


Ченемсиз муң көрдүк,

Шол-Герника!


Эбегейсиз азап тарттык,

Шол - Герника!


Коммунизмден кулап түшүп,

Кораблден ташкын, үйөр, сел алган.

Жакырчылык даамын таттык,

Шол - Герника!


II
Бүт дүйнө - Герника,

Шекспирлер чыкчу заман.

Мына эми,

Бул Жахан - Герника.

Бүт дүйнө - театр, муң

Мен анын оозунан кан эмес

Ырлар аккан жараатымын.
Ар бир - Күн,

Курчап турган нур менен

Кудай Үйүн

Зор жылдыздар арасында

Галактика эрасында,

Биздин Жер планета -

Границалар тикенектүү

Тор зым менен курчалган,

Түрмөкана,

Азапкана,

Жана тубоорукана.
Садагага чабылган он миллион кой-

Демократия –

Жылаңач, жылаңайлак,

Шымы жамаачы тентек бала,

Демократия.

Өлбөс Кощей

Халтура,

«Живучий».

Көпөс дале партократия,

Ботко коом.

Мен сенин жүлүнүңө, жүрөгүңө,

От коём!..

Аман калган айылдарда,

Балык жон, сокмо жолдор

Жаман кепе, ылай там, котур көчө,

Кулак төшөйт не болот деп,

Убайымдуу кепшейт, кепшейт

Акырда - салтузу жок

Сөңгөк кашек

Уй да, бука...

Огинскийдей

Акыркы ирет мекенге көз жибергендей,

Одур-будур, орой да, мае Родинам!

Ойлуу, муңдуу карап турам,

Муза - оор улутунткан куса.

Герника - Поэзия,

Сыбызгыган муң музыка.
Бүт дүйнө - «Герника». –
Чыңырат,

Айгыр ат! -

Адабият, искусство, маданият.

Академия жана жакыр итке минген

Интеллигенция.

Чиновник же көпөс,

Букалардын бүт алдына

Эмчегинен сүт чыкпаган,

Жаш эмчекте баласы бар,

Аял менен жиниккен

Камбар жылкы жыгылат.

Чыңырат


Айгыр ат.
Бул өзү

800 жылдан бери,

Наадандыктан,

Сараңчылыктан күйүп кеткен.

Тамерлан үйүп кескен

Пирамида


Адамдардын баш сөөгүнөн

Учат, учат.

Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн

Барпырашып, желбирешип,.

«Тынчтык» дешип,

Көз жаштардай, жааган кардай,

Ак тилектен.

Ак көгүчкөн.

Көк бетинен периштедей канаты бар,

Жерге түшкөн.


Чыңырат

Айгыр ат, -

Куликов талаасында,

Бородино битвасында,

Гитлердин концлагер «жертвасында».

Бухенвальд коңгуроосу,

Кагылат - Герника.

Курскийде,

Смоленскийде,

Күйгөн орус хатасында.

Рейхстагда,

Жүрөгү өрт жалбырттаган

Солдаттар - да.

Үрөй учкан бала-чака,

Үркүп качкан кыргыздар да,

Немис, орус солдаттар да -

Герника.
Келдик анан дүйнө капар,

Бир беймарал жашап анан.

45-жыл майынан,

91-жылдын августуна...

Дүйнө экиге чарт бөлүндү Москвада!
Кремль, Кызыл аянт - Герникадай.

СССР - Герника!

Москва - Герника!

Чечня - Герника!

Спитак - Герника!

Карабах - Герника!

Биздин да жүрөктөрдө,

Баткен, Ош - Герника!

Жылабыз ХХIге «Титаниктей»

Кош, Герника!...


Махабатым

15-жалжылдаган республика,

15- советтик темир катуу режимден,

Желелерден бошонгон колония,

51де келген такка,

Кашка башта калы бар.

Тайгаланган миллиондор

Мандайында.

Жашасын биздин улуу бошотуучу,

Көрпөчөнүн уулу Миша!


Аламан топ, улак тартыш,

Ызы-чуу саясат да...

Айылымда Акчий, эски «Ленин» деген,

Ажыдаардай оп тарткан,

Суу сактагыч.

Ал - Герника!

Каршы чыгып бүтүндөй,

Макоопес системага.

Бекеринен «борзеть» эткен жок

Ельцин да.

Же мисалга,

Эске алган жокпус

Эски макалды да.

«Кыш койгон - кышын алат,

Таш койгон - ташын алат».

Дөөлөт, оомат, ырыс, кут,

Же конгон бак, «атак-даңк КПССке»

Сокур тыйын болбосо,

Зор ынтымак.
Келкел келет,

«Кул бийлеген заман чыгат!»

Анан да жаңы ылакап,

XXI кылымдагы,

Айтылган жүз жыл мурун.

«Токтогулду көл басат,

Анжиянды сел басат», деп.

Ким эске алат?

Тике аккан селден бир күн,

Ташкенттин үстүнөн

Алтымыш метр бийик,

Үйөр агат...

Ал Герника кыямат!

Герника-мен.

Айрылдым ага-эжемден,

Атамдан да.

Ич сыйрылып эжемкиндей,

Лама пальто кийген аял көрсөм эле,

Көздү жаштайм.

Ыр чырактын кармоочунан мыкчып

таштай,

Манжаларым калем сапты,



Куш кармаган бутактай,

Түнү бою мен уктабайм.

Өндөнөм дүкөн эмес,

Дүйнөнүн кароолчусу.

Тагдырын ойлоном беш миллиарддын,

Беш миллиондун.

Кирпик какпайм.

Поэзияда Пикассодой жинди болуп,

Кете жаздайм.

Ван Гогдой

Адамзаттык толо сезим.

Тартам күнкарамаларды бажырайган,

Күн моделин караңгыда.

Жүрөктөргө, акыл-эске,

Жарык чачкан.

«Ай-ааламга күйүп чыккан Ыр Чырак»

Китебимдин үстүнөн,

Жаалданып иштей баштайм.

Рубцовдой шарф оронуп мойнума,

Кар чүмкөгөн ак гүл тунган,

Келем бактан...

Герниканы издейм, издейм,

Байыркы бир карт тарыхтан.

Карль Брюллавдун

"Помпейдин акыркы күнү" сыңар,

Сулуулар акжубардай,

Жыланач жыгылышкан.

Эрди-катын эси чыгып,

Балдарын калкалашкан.

Жашка тойбос чал менен,

Сараң байлар дүйнөсү сокур тыйын,

Чакчайышкан.

Оозун ачса жүрөгү көрүнгөн,

Шахановдон,

Окугам;

Боржигиндин керейит уруусунан



Түбү кыргыз

Кыйгач көз, сары чачтуу

Полковедец хан Чынгызхан.

Сапырган күлүн көккө

Багынбаган үчүн алты ай

Түбү кыпчак хан Кайырхан

Сапырган күлүн көккө

Отрар-Герника.

60 миң нуска китеп өрттөлгөн,

Баласагын (Токмоктогу ) - Герника.

Манастын аты кечкен шар дайрасын,

Үргөнч - Герника.

Хорезм, Бухар, Балх - Герника.

Цыгандар самсып качкан,

Дүйнөгө төлгө тартып,

Мунданып үндөп кайрык

Цига дайра жээги - Герника.

Дал шол жерде,

Аксак-Темир,

Жыйып кескен Пирамида,

Жоокерлердин баш сөөгүнөн,

Учат, учат 800 жылдан бери,

Тынчтык деп ак көгүчкөн.

Ак көгүчкөн,

Ак көгүчкөн,

Ак көгүчкөн.

Миллиондоп нускада, миллиардаган

инсанатка

Пикассонун кистисинен.

Аңтарылган кир тамчы жаш карегинен

«Герника»:

Жатат профессор клиникада,

Курсагы чарт кесилген.

Качып чыккан Иркутск, Красноярскиден,

Зектин бычагы сынган.

Булчуңу буркуят,

Кекиртеги куркуят.

Төгүлгөн чашкасы мүрөктүн,

Эстеликтер, тирандар,

Культтар кулайт.

Жаратканга антарылган көз менен,

Жалбарат молдо, монах,

«О, Кудай!»деп.

Жер-көктүн ортосунда

Жүрөк кабынан чыгып кете жаздайт,

Зилзаладай,


Адам! +

Аалам! +


Кудай калат.

О, Теңир Эгем өзү кабыл алган,

Жапжаңы кыпкызыл розаларга,

Көмүлгөн өлүм-парад.

Кудай көзү прибордой,

Бизди карайт.

Артта калган планета Жер алдастайт,

Абышкадай токсондогу калчылдайт.

Адашат чыңырган айгыр ат,

Кишенейт, жыгылат,

Бут алдына.

Эмчегинен сүт чыкпаган,

Төшүндө бала ыйлаган Аялга -

Мыкчыят – көпөс миллиард.

Жамандыктар бүт тосулат.

Ыйман деген плотинадан баары тунат.

Ыргытам Ыр Чыракты,

Мен да мээмен, жүрөгүмөн.

А болбосо

Герника - Жер шарынын,

Планеттин баардык булуң-бурчтарына,

Жебеленген!

Маңдурттар Найман-эне жүрөгүнүн

толтосуна аткан жаадай.

Кебелбей мыкчыят,

Зөөкүрчүлүк бийлик бука.

Катылган мамлекеттик сыр менен,

Империялык көксөөлөр,

Сейф, пломба.

Ташталбасын ядер бомба -

Ирак, араб согушу керек эмес.

Керек жүрөк согушу.

Бука, бука -

Буштар, муштар

Учат, учат темир куштар,

Кабулга, Багдадга, Иракка,

Канжардай сайылган жүрөккө.

Кыямат- кайым,

Өрттөсөң кумурсканын уясын да.
Дагы кайсы жерде өрт алоолонот,

Нобель сыйлыгынын лауреаты

Грантюре Грасс айткандай,

«Бул шумдук согуштун,

Башы да, аягы жок».

Артта калган планета катары,

Бизди транс көзөмөлдөйт,

Кудай - зор от!!!


О, улуу Жахан,

Күзгүдөй быркыраба,

Кел, эсиңе, кел, акылга.

Жана бүткүл дүйнөлүк,

Биримдикке, ынтымакка!

Эч качан болбосо экен,

Нагасаки, Хиросима.

Мен - Анти Герника,

Планетам Жер, Кыргызхания —

Буруттардын өлкөсү,

Жапайы арстандарың –Моголистан,

Сүйөм сенин байыркың да,азыркың

Өзүң үчүн, Өзүң үчүн, Өзүң үчүн,-

Кыйратуучу эмесмин,

Түзүүчүмүн!

Жыттаймын шыбагыңды,

Жашыл куу арчаң өрттөп,

Түтүнүң искейм, өз эл-жерим

Кыргызхания,

Чыккынчы болбош үчүн,

Ичем мөл булагыңды, кымызыңды,

Арамдык кылбаш үчүн.


Кухнянын кудайы аял,

Мекени ашкана,

А меники - республика!

Мекеним айнегинде гүл өскөн үй.

Арчабешиктеги жер кепем ,

Горизонтко ыр учурган комната.

Ата-Журт гана ыйык, кымбат,

Жана табылгыс, кайталангыс, -

Эркек үчүн!
Келечекке кемелерин жөнөтөт,

Алтын тармал кой терисин

Алып келиш үчүн, Эллада!..

ХХIчи кылымдын көзү менен карасаңар

Бул эскертүү баллада.
Ар кимдин бар «Герникасы».

Үйүбү, же сүйүүбү,

Ишиби, же тишиби,

Адам-къшса болот-ар бир кишини!

Керек болсо, атүгүл

Этаж. Көчө. Мусордон

Азык-түлүк калдыктарын,

Бүтүн бөтөлкөлөр дагын

Издеп жүргөн же каучук канистр.

БОМЖду да

Кылса болот министр.

Маймыл тээп велосипед,

Аюу бийлеп жатпайбы?!

А маселен

Алабарман ач көздүк,

Ар-намыссыз көпкөндүк.

Же обу жок сараңдык,

Же тымызын ич тардык,

Билип туруп уу жуткандык,

Жана диний душмандык.

Кошунаны бутка тебүү,

Жең-ичинен жеп-ичип

Бир кудайды кечирет деп,

Миң арам иш кылгандык.

Адалсынып кылмыш кылуу,

Айыпсызды аёосуз,

Сот жообуна тарткандык.

Адамзатка нак кайгы -

Герника.

Ал оор кайгы - Герника.

Тазалоого суу жетишсиз - өрт керек;

Өзүн өйдө саноочулук баарынан,

Өтө жаман пастыктарга апкелет.

Же кутуруп көпкөндүк,

Бийик туруп чөккөндүк.

Макоолордун бийликти ээлеп турганы,

Акылдардан жинди болупкеткендик.

Сыйбайт эч бир эрежеге,

Мыйзамына турмуштун.

Сен өзүңө шуну туура кылдымбы деп,

Эсеп берип турганың - Герника.

Герникадан Фудзиямага бара турган,

Жалгыз гана бир жолу бар Чындыктын,

Ал ички Рух, Ыйманың...


Атилланын Европаны чаап алганы -

Герника!


Отеллонун Дездемонаны муунтканы –

Герника!


Герника!

Манастан, Чыңгызхандан, Бабурдан,

Тамерландан,

Өткөн далай тагдырлардан,

Кор болгон, ызаланган, бет кумсарган.

Каныңды ичке тарткан,

Байыртан бери жашайт каныбызда.

Өлтүрүп келе жатат уу жебелүү жаадай

тарткан,

Ал бир баштан, көрө албастык,

наадандык, кызганычтан.

Герника - ырайымсыздык.

Келип жетти күчүнө 1937-жыл 7-ноябрда

Сталиндин репрессиясы,

А түгүл өлүмү да Есениндин

Горькийдин жан кыйышы.

Касым Тыныстанов,

Төрөкул Айтматов,

Абдыкадыр Орозобеков,

Жданов, Кировдордун,

Лорка,

Муса Жалилдин атылышы –



Герника!
Герника боло келген, боло берет.

Жок ага чек...

(Чекитти коёт акыр зор келечек,)

Улуу тумоо кара чечек.

А мисалга Бишкектеги,

«Турбазанын» өрттөлүшү,

«Дордойдун» жарылышы.

Аксыдагы бейкүнөө,

Жигиттердин атылышы -

Герника!
Герника -

Сен бараткан поездсиң.

Чөгө турган кемесиң.

Эч күнөөсүз элесиң,

Ширеңкени чаккандай,

Рак менен ооруп жаткан денесиң.

Улуу дарыгер убакыт,

Токтотпойт эч жебесин.

Айтам, мезгил сага даңк!

Жүрөт катуу тегирмени турмуштун,

Жүрөк кагышын улантат...

Пикассо –

Кудайдан эрке бала сүрөтчүсү,

Бир гений шайкелең,

Тарта элек болчу сени -

«Герника»

Мадридде, Прадодо.

Түбөлүктүүлүккө -

Кол койгон чагылгандан!..


Бардагы «Герникалар»:

Арактар - ал,

Адамдарга ыргытылган гранаталар!

Ойрон болгон үй-бүлө ордолуу шаар -


Герника бар.

О, үнсүз жарылуулар!..

Тундурат кулактарын,

Түтүн «бурк» деп тамекиден.

Никотин, алкоголдон

Бет карартып урат жалын,

Үрөйү учуп, кулак түрөт кошуналар,

Өң алеттен кеткен купкуу

«Четоктой», «нөл сегиздей» кишилер

карачы,

анда-дөңдө сулашканын.



Мүрт кеткен гитлердик желдеттердей

Брестте, Испанияда, Киевде,

же Москванын алдында

Калганы качырышат бирин-бири,

Калжактаган таарынычтан жоголот

Пенделердин досчулугу, биримдиги.

Болбогон нерселерге, макоолуктан,

Калчылдайт муун-жүүнү.

Түшкөндөй башына кыйраган Рим күнү!

Акырындап ойгонот кан-жанынан

Уурулук доордогу жапайы кызганычтар,

Кулчулук доордогу айбандыктар,

Капйталисттик жырткычтар -

Империялык жез тумшуктуулар -

Көрүнөт адамдыктан айрылгандан.

Айыл-шаардагы

Танкадай ар кай жерде

Токтоп турган комокторду,

Арак-шарап дүкөндөрүн, жоготкула!

Көк мээ койдой тегеренип,

Кайра кетип таш дооруна

Айланбасын маймылга адам!

Бүт Жаханды, Кыргызстандан

Арак-шарап зотторун-

Курак-жарак чыгаруучу кампалардай,

Спирттик ичимдиктер - ок, бомбалар,

миналардай

Жардырып ээн жерге таштагын бүт.


Антпегенде,

бактысына балта чаап зөөкүрчүлүк,

Алкаштардын көрчү, үйдө чачканын жүк,

Аял турат валенкалуу, шарф оронуп,

1941 -жылдагыдай

(Сакта, Кудай!)

Эне турат баласын боорго кысып,

Үрөйүм учуп,

турат төбө чачтарым тик!
Апыртып салыштырып айттым бир аз,

А болбосо ким күнөөлөйт

Тынч маекте бир аз ууртап, аш ичкенди?

Токтотуш керек, достор, масчылыкты,

Токтоткондой биздикилер

Сталинграддын алдында фашисттерди!

Токтотулсун, Арак - Согуш!

Керек эмес

Террордук АКШлык геоИрак согуш!

Кайнап-түтөп, бүт Жаханга, өзүмө,

Аялыма, сулууларга

Жарыялайм сүйүү деген

Жүрөк-Согуш!

Мүрөк-Согуш,

Ажалды биротоло жок кылуучу

Адамзаты


Өлбөстүккө кадам таштайт XXI.
Кеткендер бул дүйнөдөн чын кетти алар.

Аларда Реквием Герника бар

Кеткендер бул дүйнөдөн о, маркумдар.

Жок силерде:

Зарыгып күтүү жана

Маңдай жарган жолугуулар,

Таштадыңар бизге кымкуут

Көртирликти

Жымжырт тоону ойго баткан,

Ак булуттай

Көйнөгүнөр, жоолугуңар...

Учуп жүрөт

Окшоп көктө

Ак кийимчен арбагыңар.

Жымжырт бейит,

Оор үшкүрүк, кусалык бар.

А бирок гармониямда

Космосумда

Барсыңар - каралдылар.

Тынч уйкуңар

Тынч уйкуңар.

Миллион жыл түш көрөт

Кыялыңар.
(Эл эсинде балким бир аз

Жашайсыңар.

Унутулгандар.)

105 жашта Асел апам,

Шайбү, Шааркүл чоң апамдар,

Арстаналы, Бараталы

Тоялы, Жамыйла

Мен 3-класста сүйүп калган

Күйүп-жанган классташ кыз.

Жибек чачтуу алтын уяң...

Тургунбек дос,

Дамиш жеңем,

Жумабек Тукай теңтуш

Турсуналы Бостонкулов

Жана Мелис Макенбайлар,

Агам Тариэл,

Акималы

Нострадамус өндөнгөн чал,



Ыраматылык

Бекмамат Осмонов -

Берен көк жал.

Чырайлуу калемгер Төлөн Насирдинов

Асангалый Керимбаев,

Кудайберген Жуманазаров,

Бүгүлбөгөн шапкечендер,

Кара шляпачандар,

Ак көйнөк жакачандар,

Бийге түшкөн чакачандар,

Кубандырган татыналар,

Ак жоолукчан жаш жубайлар.

Мен-

Ысык ысымдардын көрүстөнү



Сыяктанам.

Мага да убал.


Чолпонбек Базарбаев

Амантур Акматалиев,

Мени менен ызааттуу,

Мен жолуккан жакшы адамдар

Жашы улуулар.

Кайдасыңар, кайдасыңар?

Гундар кийген кош мүйүз

Хандык титул калпакчаңдар!

Хакасияда, Орол тоодо, Индияда

Калгансыңар

Алакандай сүрөт, элес

Китеп, ыр, музыка же портрет

Түштөй болуп...

Жан кейитет.

Жаз келе элек.
Кеч эмес, кайт артыңа?!

Жолго түш абдан туура!

Аял-КГБ,

Агентура.

Дос, абайла.

Эргиткен ырымды оку,

Эм болот бүт дартыңа.

Айкөл, март, шайырлангын,

Алсызга асылбагын,

Арсыздан майтарылба?!

Сакта өзүндү, үй-бүлөндү, Ата-журтуң

Айланба, Герникага.

А мен акын эч нерсе эмес,

Мага чала!!!

Эй, жигит!..

Көргүнүң өз күнүндү,

Карачы мезгилиңди,

Так төбөңө жылан боор камчы чаап,

Булуттай ат ойноткон.

Бар береке, тобокел деп

Бакыт тап чоң жолдордон.

Аялдан көңүлүң калса,

Ал сүйүп Айчолпондон.
Эмнең кем, намыс менен, -

Алтынды күкүмдөрдөн термелеген,

Бир сомун миң сом кылып,

Кыл чайнап тик күрөш

Депутат же чоңдордон?!

Ушуну ойлонгон оң.

Фермерден жада аскербашчылыктан

Китеп басып чыгарып,

Президедт болгон бир кез

Жанагы жүз доллардагы

Франклин,

Вашингтон!

Эй, жигит!..

Кеп эмес бактысыздык,

Эрки жоктук, бул алсыздык,

Турмушту кайра башта,

Өмүрдү текке чачпа,

Оңдогун турмушунду

Жыйынтыктуу

Тырмышып алга умтул!!!

Эй, жигит!..

Намыска кел,

Не деген Ата журт бар кыргыз өлкөң,

Өткөн нечен олуялар,

Утурлаган келечегин жаш генийлер.

Бүгүнкүлөр өрт чулганган көпүрөлөр,

Аркы жээкте күтөт гүлдүү арал укмуш,

оазис жер.

Алыш үчүн триумф менен

Даңк-бакытты,

Дөөлөт, ырыс, жакшылыкты.

Агыз, көз жаш,

Агызгын тер!

Адам болуп туулган сүттөй ак

Ар бир пенде.

Демек киши болгун да - өл!

"Сенин жакшы өлүшүңдү

Каалайм деген бир кеменгер".

Карайт сени 100 доллардан

Курч кестиктей

Уитмендин көзү менен,

Улуу лидер...


Кечээги эле

Самбрерро калпагы бар

Макеннадай алтын казып

Келаткандай.

Ойчул, ири саясатчы

Аскер башчы, фермер.


Эй, жигит!..

Болбогун ууру-кески же кеңкелес,

БОМЖ болуп Ош базарда

Кийбегин ылай көлөч...

Бекерге калың үчүн,

Кан Манас буудай айдап,

Каныкей апаңарды

Капшырып алган эмес?!.

Кайра кур, Герниканды - үй-бүлөндү

Эч кеч эмес.


* * *
«Ата-Журтту

халтурщиктер, мансапкорлор,

чилистендер

Сүйүшөт имиш.

Жыгылып калсаң тургузушпайт

Көрсөтүшөт тиштерин

Алтын-күмүш...»

деп айткандай

Бекбоосун Байтоков

Авангардист акын агам.

Жерде бир мас жатса тургуз,

Бейтаптарга жылуу сөз айт,

Жылмайып көңүлүн көтөр,

Троллейбуста карыларга

Орун бошот,

Жардам бер кыйналганга,

Нан бер, ун бер ачкаларга.

Өзүңө кылган жакшылык,

Нур чачсаң башкаларга!...

«Үмүттө түн эч болбойт»,

Жолугасың жүрөк жылып

Жакшы адамга.

Кыргыз журт,

Чымырайт бой

Эски күүлөр, аваныңдан

Чылк нукура музыкаңан,

Кеменгер келечегиң

Гениалдуу эпохаң

Күтүп барам.

Бар мыкты уул-кыздарың

Эмилбек Узакбаев,

Аскербек Тукешович Алиев.,

Адахан Мадумаров, Текебаев,

Тайырбек Сарпашев,

Темирбек Сариевдей,

Темирбек Акматалиевдей.

Тик беттешип,

Бийлик менен

Жалгыз көкжал сыңары

Кармашып келе жаткан

Эшимканов Мелис да.

Кыз Сайкалдай

Замира Сыдыковаң

Мен таш жолдо, чаң жолдо

Башын салган кайыңдарга

Ойго баткан мажүрүм талың,

Муң, кыялга баткан

Шаар, айылдарың.

«Ак Бакайың», «Полонез»

Күүлөрдү угуп

Өткөндү эстеп ыйлап турам.

Чексиз көгүш кыйырың карап,

Кыргыз өлкөм,

Байкуш менин Ата-Журтум,

Герникам!..

Кечир, кечир,алакандай

Ата-Журтта бир ууч элим,

Керегиңе жарай албай

Сыньш барам,

Иши кылып,

Мейли, кулуң чыгарып,

Коломтоңо от жага алсам,

Келесоо да, тентек мен

Акын Балаң?!

Бересемин мен да

Бир чыгарма кайталангыс

«Алтын чынжыр», «Чырак» деген.

Чолпонбек Абыкеев дос жазгандай

Сенин Дюмаң -

«Бриллиант жыдан».

Байтак Бишкек - Герника.

Кыргызга ченемсиз жакшылык

Кылган бир кез.

Гений Ленин эстелиги жылдырылды

Чаччан жаштар чалат

Гитараларын

Подземныйдын тепкичинде

Эл үрккөн шумдук ырды.


Жер төлөдө - видеолор

Ужас, секс, эротикаң,

Жырткычтыктар даңазаланган.

Эмки муунга көрсөтүлөт,

Башаттарга уу ташталган.
Алды жакта!

Мафия,


Коррупция,

Проституция!

Алар деле мамлекеттердин

Көмүскө жерлерин толтурушат.

Карапайым эл жашоосун жакырлантат

Коом өтө оор жолдон

Араң өттү

Кьшматтын кыл көпүрөсүндөй

Калды артта саясат

Куу ыпыластык.

Криминалдашкан чөйрө менен

Барат алар

Алдыда дагы далай «герникалар»...

А менде мындай өксүк чыңырык бар:





Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет