Ишеничте окурмандардын калыс тараза баасына татып, жылуу пикирине арзыйт деп ойлойбуз Акималиев Алик. Ханда жок байлык Манассия: Тандалма: 1-том. Б.: «Айат», 2008. 232 б



бет7/9
Дата15.06.2016
өлшемі1.14 Mb.
#136908
1   2   3   4   5   6   7   8   9

Адам кайда?
Ааламдын чырагы — Күн,

Аны билем, кичинемден,

А бирок кырк жетиге келгенде мен

Тажадым шайтан, ажыдаар кишилерден,

Күндүз эле чырак жагып,

Чырак кармап,

Кирип бардым шаарга мен...

Мен адамды издейм, издейм.


«Адамзаада көрдүңөрбү?» деп сураймын

Ары өткөндөн,

Бери өткөндөн.

«Жок» - дешет

Чыйт түкүрөт бир шпана,

«Күндүз эле-чырак жагып,

Келесоо окшойсуң, братан сен?!»
Ага болбой карады элем,

Адамзаада бар бекен - деп

Издедим не ажайып китептерден,

Укмуш эле

Идеальный кишилер сүрөттөлгөн.

Жок экен адам деген,

Жомокторго айланьш кеткен дешет,

Адам деген адамдардын ичинде эчак

өлгөн,

Адамды эми



Эсил кайран, тапсакпы көрүстөндөн.

Дешти мага; «Адам деген адамдардын

Ичинде

Эчак өлгөн!»


Адам кайда?

Адам кайда?

Кеткенби же арыз айтып Кудайларга

Кеткенби же храм, мечит сарайларга,

Таппайсыңбы дешти аны мобу турган,

«Царское селадон» да.

Же чоң таш жол Арчабешик,

Төкөлдөштөн ылай кечкен,

Же зыңгырап Көк үйдөн

Зыңгырап көктү челген!..

Адам кайда?

Адам кайда?

Табыш кыйын болуп калган

Жусубалиев жуурат жуткан Алайдан да.

Ал жөө качып кетиптир Кудайдан да,

Периштенин маскасын кийип алып

Кошулган шайтандарга...

Кайдан экенин мен билбейм

Айта албайм да.
Адам кайда?

Адам кайда?

Жооп жок Кудайдан да.

Кудай өзү бекинип жашырынып,

Миллиард жыл жүргөн болсо,

Мен кимден сурайм анда.

Кайрылып көрдүм

Теңир пайгамбарга

Исус Христос,

Буддага,


Мухамбетке,

Жана жооп бере албады

Аюп,

Муса,


Даанышман

Азрети, Сулайман да...

Замандан шапке кийген,

Коом баратат үч жол менен:

Куу саясат, кылмышкерлик,

проституция,

Чочко оонаган өндөнүп ылайларда

Эркектер ичип кеткен күйүтүнөн

Бактысыздар,

Бактысыздар

Таштанды зирек балдар- чүрөк кыздар,

Бузулган булганыч көз жубайлар да,

Жүгөнү жок ооздуксуз

Ойдологон,ойноп кеткен

Не демексиз жубандарга.
Адам кайда?

Адам кайда?

Ушуларды көрүп туруп,

Чыңырып чындык

Чырак сөз жакпаган

Акын эмес,

Гений эмес,

Адам эмес экемин мына мен да.


Же мен чыны айткым келбейт жаман

кепти,


Каалайбызбы?

Каалабайбызбы? Баары бир бу алтын

баштан,

Герникадай заман өттү.



Сыздатты канча бир сай-сөөктү.

Ичибизде адам барбы, - тири өлүкпү,

Сыртыбыздан адам кейиптүү,

Жаныбарбыз, -

Эки аяктуу...

Унусканбыз нарк-насил,сый, уятты.


Жүрөккө жаадай тиет, уудай тытат,

"Бетиң барбы?

Сен деген адам эмес"

Деген бир сөз.

Андан көрө дубалга такап туруп

Атып ийсе жакшы эле деп,

Каткырат таре этип,

Жаны жыргап ок менен,

Күлөт эле бир пистолет.

Кана эми, не кылабыз, кыргыздарым,

Самогонго карандай башты салып

Нык тоюп эртеси кызарган көз,

Намыс кайда, ар кетти

О, мекендеш?!

Күндүз эле жүргөн караңгыларым

Качан жарык, адал болот,

Рух, дене, ич, акыл-эс?!

Жүрбөйлү,-

Кийим, оокат, арак таңдап,

Күлбөйлү, -

Арсыздыкта ырсалаңдап,

Күндүз эле кирип барам

Шаарга да, элетке,

Тээ алыскы айылдарга,

Кылычтай Диогендин сөзү менен

Баратам Румидей чырак кармап!


Азыр баары эсеителген,

Абийирин, да, уятың да, ыйманың, да,

Жасаган иш, мамиле, сыйларың да,

Ашыкча эч нерсе жок,

Сүйлөшөбүз:

Акча, рубль, евро, доллар менен.

Аянычтуу карап турам

Париждик гамендердей

Гавроштой ата-энесиз

Уясыз балапандарга

Нан сураган балдарга мен

Кантсем экем? Кантет элем?


"Канткенде адам уулу адам болот

Жүргөн улуу улуу талаш эзелтеден"

Деген Айтматовдун өзү да

Адам бекен деп селт этем.

Кыргызстанда адам калган жок

турбайбы


Деп шектенем...
Карачы, базарларда, карала-торала

Эл кыжылдайт жүнүн жеген,

Урганы жок Ажонду да, Кожоңду да,

Өкмөтүндү.

Баары эле өзөм деген.

Аңдышат карышкырдай, рекеттердей

Каракчы мент зөөкүрлөр.

Катындын ишин кылат самсы, сагыз

Китеп сатып

Эр жигиттер күжүлдөгөн.

"Деги адам көрдүңөрбү?"

Деп сураймын

Ары өткөндөн,

Бери өткөндөн,

Зилзаладай жүрөгүм

Опкоолжуган титиреген,

Булганычтуу фильм көрүп,

Көрүп чыгышат

Кара чаар жылан кирген

"Видео" - жер төлөдөн.

чыккандай сасык муун

туалеттерден...

Өз элинин тагдырын ойлобогон,

Ыр, Поэзия, бизди уруп ойнобогон,

Тажадым заар тилдүү аялдардан

Тажадым курсагы ток

Былжыйышкан эшектерден!!!

Жер – Түрмө сыяктанат,

Жок заманда

Баары эле турат жайнап,

Кулагы бар кереңдерге,

Тили бар дудуктарга,

Көзү бар сокурларга,

Жүрөгү бар өлүктөргө,

Жарыгы бар караңгыга,

Карап туруп жан кыжаалат:

Бет чыдабайт,

Ошондуктан акыркы күчтү жыйнап,

Кылычтай Диогендин сөзү менен,

Мен силерге, -

Баратам

Улуу Иран акыны



Румидей чырак кармап!..

Кызым Чолпонайымга
Сени берген Кудайдан

Сегиз тогуз жыл айдан

Жибек жоолук алып келем

Сага Улуу өлкө Кытайдан.


Аркардайым, периштем,

Акылдуу бол келишкен.

Акак мончок алып берем,

Ажайьш шаар Парижден.


Айланайын эрмегим,

Аркар көздүү жейреним,

Кулпуңдуруп кийгизем,

Түрктүн түрлүү көйнөгүн.


Кызыкпа пул, кийимге,

Жакшы окуп жет билимге.

Жакут жайнап үйүңдө,

Бакыт болсун Сүйүүңдө!




Алик Акималиев

Ханда жок байлык Манассия. – Бишкек, 2008

Мекен сага жаны ат бердим
«Мекеним - Кыргызстан» кыймылынын лидери Урмат Барыктабасовго
Алтын шилеп зоокаң тешкен булагы,

Тамырда агат, таштан бышкан суулары.

Тулку боюм сен окшойсуң, Мекеним,

Туптунук ыр жалгыз өзуң тууралуу.


Ачуулансам, бурганактуу кар окшойм,

Жаш төккөн кек нөшөрүндөй шолоктойм.

Турпагындан өйдө туруп бөлүнүп,

Туулган жер, басып кеткен Сен окшойм.


Шондуктанбы, жашым ачуу эрмендей,

Көңүлүм назик адырыңда гүлдөрдөй.

Турпагыңа кайра кетсем, Мекеним,

Урпактарың туулушат дал мендей.


Санааң туман,

Сагыныч талааң, чөлдөрдөй,

Албууттансам ала-буурул көлдөрдөй,

Бөтөн жактан көрүп калсам бир кыргыз.

Сүйүнгөнмүн Кыргызстанга келгендей.
Эки кыргыз башы качан биригет?..

Дал ошондо "өлгөн улут " тирилет!

Курсак үчүн мекенсиздер Мекенде,

Мени тепсеп жүрүшкөндөй сезилет.


Алар үчүн: биз ыпылас, белен үй,

Кызык эмес, чоочун өлкө, бөлөк үй.

Башкаларга не кылабыз тыңсынып,

Сен биринчи бала-чакаң, мага күй!


Кыйын чакта кыйкырык бар, кылыч жок,

Өз жеринде эл мусапыр, конок шок.

Кыйындарың, кана, кыргыз арданган?!

Мекен деген мени менен сага окшош...


Менин эмес, сенин керек атагың,

Мээрим көрбөй, көөрүм төгүп жатамын.

Уу жуткансыйм ойлоп кыйын тагдырың!

Убайымдуу кыргыз Мекен - ватаным.


Жең, Ынкылап 24үм намыстуу,

Желбиретсек кызыл, көгүш, жашыл туу.

"Манассия" деп аталган биз түзгөн

Көрөм : Рух Державамды алыскы...

Жетет эми! Мен ушунча чыдадым,

Кана, ээрчиген патриоттор, чыгааның?!

Сайдым башты Поэзия, Рух деп,

Эч аёосуз салгылашка чыгамын...



Кичи Мекенге
Кетментөбөм, сага жетпей жүрөк зар,

Барбайм сага, барбаганга себеп барг

Эжем өлүп, кабар мага айтылбай,

Таарыныч ыза, азада бар, мазак бар.

Азыр болсо Каракүнгөй айылында,

Бадырактай гүлдөгөндүр өрүк зар...

А барбасам боз дөңдөрдө "бурр" деген

Шыбакка ороп, жүрөгүмдү көөмп сал.


Ай аруулап, шоола төккөн айдыңда,

Тыңшайт элим, термеп эски авандар.

Кыргыз журтка кереметтүү өрөөнсүң,

Кызгалдактуу жазың көрсөм эреркейм.

Түтүнүндөн кагылайын, Атажурт,

Түнү менен басып жүрө берем мен.

Тоо кыяндан токтоп калып "дүрр" эткен,

Токоч беттүү кызың көрсөм ыйлармын.


Тагдыр сындуу таканчы жок муң кечкен,

Шамшыкалдын тузун көрсөм ыйлармын,

Арманымдай кечте кызыл Күн чөккөн,

Акбайталдын тоосун көрсөм ыйлаармын.

Ыраак жакта доошуң турат угулуп,

Чычкан дайраң жаш кулундай чыңырып,

Көпүрөңдү көөмп кирип, бурулуп,

Аккан жазгы ташкын көрсөм,-ыйлармын.

Ууздай сары булуттарга урунуп,

Учкан жылып казды көрсөм ыйлармын.


Кетментөбөм, сен деп жүрөк кусадар,

Кишеңдеген бу көр тирдик, ызааларг

Үч бейитиң Атам, агам, эжекем,

Үшкүртүп шуу, тээ, боз.дөңдө жатат ал...

Шунтип менин салбыраттың башымды,

Шүүдүрүмдүү ачуу жаштай шыбактар.

Кайда калды бакыракай кара көз,

Кара каштуу, кара чачтуу курактар?!


Бакыт өрөөн, жакут өзөн кут мекен,

Бу Жаханда сенче мага бар бекен?!

Түнү менен моокум канбайт кумарлуу,

Түйгө оролгон жыддыздарың тиктесем.

Кандай гана, кандаи сенде зор бакты,

Жөн эле бу, басып жүрүш бут менен!


Карып калган калчылдаган Атакем,

Кара кемпир жашын көрсөм, - ыйлармын.

Караниет кишилерден таза экен,

Жолдо жаткан ташың көрсөм ыйлармын.

Эшек минген даанышмандай,

Эми, боппоз бейитиң көрсөм,- ыйлармын.


Көргүм келет көрк чырайлуу,

Көрсөм укмуш, Кетментөбөм кут мекен.

Эртең сага жолго чыгып кетемби,

Ушунча зор куса менен жетемби?!

Көөдөн керип, көпчүлүк деп сүйлөбөй,

Көз жаш менен сүйүш керек Мекенди!



Күз падышасы
Шаарды аралап чабагандайт саратчан,

Күз каалгып, түшүп жатат дарактан...

Миң түр сүрөт, миң музыка жуурулуп,

Кулпуруп күз, кубулжуйт ар тараптан.


Сүрөттө күү, а күүлөрдө боек бар,

Качанкы бир муң эзгилейт жараттар.

Коңур мезгил коңгуроосу шыңгырайт,

Алтын жалын силкет жашыл дарактар.


Жаап ийнин күздүн шайы түспөлү ,

Коюу түтөйт орус чалдын мүштөгү.

Сүйкүм пейзаж,обондорго жык толгон,

Сүйөм, Бишкек, алоолонгон Күз сени!


Карнавалдай калаа бийлеп, ырдаса

Көкүрөктө көрк, сүйүү, шык толтура.

Менден өткөн кембагал да, бай да жок,

Миллион доллар чачьш жатат Күз мага!


Кайда барам мынча пулду тебелеп,

Падышадай күздү жалгыз мен ээлеп.

Сары жалын чач көрк көз өрттөйт,

Сапсары кыз, -Күз не деген бир керемет!



Аргасыз чыңырык
Кимге керек аңкоо, мажес ырларым?

Кимге керек беймаал кыйкырыктарым?

Уу саясат, уу-дуу тирлик, ушак кеп,

Жалаң заар тил болду менин укканым:


Кимге жеке таарынычы керт баштын,

Ызааларым, кыжыр,куса,көз жаш, муң.

Кыргызмын деп жерде дурус жашабай,

Жылдыз болуп асманга учуп чъпспадым.


Кыжаалат чак. Көз ирмебейм не түндө,

Кыжы-кужу... күйөм көйгөй өртүндө.

Бүт Мекенди бекер сүйөм дептирмин,

Бүдүрдөй да керегим жок эч кимге.


Эч ким күтпөйт. Эч ким мени сагынбайт.

Ич сыйрылат. Ичим дүр-дүр жалындайт.

Өлүк деген толо моргдо Хагенске,

Саган Алик көк мээ гений табылбайт.


Өлдү менин Гейне сындуу максатым,

Өлдү менде- Есениндей мыкты акын.

Кырандардан келе жаткам кыйкырып,

Кырдан учуп өлүп кала жаздадым...


Таңуу кылбайм тагдыр, мейли, жашты төк,

Тазалайм деп ыпыр-сыпыр тутант өрт.

Поэзиям, сен алданган жан-дүйнөм,

Апендидей, жаш баладай ишенчээк.


Ченеми жок илхам ирмем, минутаң,

Чебердиктен атаар шыктуу улуу таң.

Кетиргенге кек,өч ыплас ойлорду,

Керек, балким, баёо кирсиз Лирикам!?


Ардануу
Дүйнө бизди бүт билет деп дүнгүрөп,

Керемет деп жей беребиз келжиреп.

Кыйын чыкмаң эшек тушоо чечеби,

Болор-болбос ийгиликтер кечээги,

Макоолорду мас кылчудай эргитет.

Кысталак - ов, мыжып Бийлик отурат,

Кыкеңдердин тагдырынан чоочулап,

Кылым кыйрын шектүү тиктейм титиреп...


Биз да мүргүп, башка салдык жүгөндү,

Качкан хандан кийин арга түгөндү.

Жаштар наадан болушту Вий, тебенек,

Акыл-эске, жүрөктөргө себелеп,

Жакшы ой менен чачкан элек үрөндү,

Чырак чындык тирек болор стимул,

Чырылдаган Атажуртка жакыр күл.

Чыккан менен мыйзам зеки, жаңы пул

Чыгат качан жаны миң-миң Алыкул!!!

Айткан сыңар олуябыз Калыгул:

"Азыр дайын! Ар эртеңиң күмөндүү..."
Тил-Президент!

Сынган өлкө тиштери,

Уч муун өлдү болду асылып, ичкени.

Канча чыгаан ажал окко чарпылып,

Чыпалактай, кылдай бүдүр жакшылык,

Кылдык бекен кыргыз үчүн биз деги?!


Шылдың болдук, Мазакталдык көп ирет,

Чочко, эшектер башка чыгып, түкүрөт.

Баатыр элек, биз хан көргөн журт элек,

Байкуш болдук кулдай, күңдөй бүжүрөп.

Пил мүнөздүү, арстан сындуу кабелтең

Кыргызстанды кыла турган Гүлмекен,

Качан болот үчүнчү алп Президент?

Кыргыз журтуң жазмышыңан чоочулап,

Кылым кыйрын тиктейм шектүү, титиреп...

Кыжынуу же өнөр менен бийликтин

мамилеси туурасында
"Тираны поэтов не понимают,

когда понимают - убивают"

А. Вознесенский
Атак наамга биз алаксып кеткенде,

Сойкулардай таштай качкан баласын,-

Жүрөгүндө курч чындыктар өчкөндө

Бийликке да оңой жагып аласың-

Эсиңе кел, дээрим, намыс ар барбы,

Кылчайнашсаң, Өкмөт менен өрт жиреп.

"Тирандар" эч түшүнүшпөйт аздарды,

Тушунгенде - генийлерди елтурет!

Сергек, сейрек сүрөткерлер ойготкон,

Сен эргежээл жолду тоспо кыйтыйып,

Чаар жылаандай чап моюнга оролгон,

Мафиядан чыгууң абзел булкунуп.


Көкүрөк пас, көзүң өтөт пайдадан,

Сен көөдөк дос, Хлестаковчо ийилген.

Эчки сындуу кашаа гүлүн аймаган,

Эптейм дейсиң бир нерсеге илинсем.

Бука бийлик мүйүзүн карма чап, бурап,

Жерди тытып эл багышта аракет.

Арак ичип, сен жүрөсүң тантырап,

Тапмак турсун бир ширеңке, сигарет.


Сарсанааң кимге керек деги айтчы,

Саясаттын соодасына сатылба.

Акыйкаттап жан сырыңды ырга айтчы,

Бар, тобокел! Бийик сапат Акында.

Мен да жазгам өкүмдарды зор даңктап

А бирок да жок барганым, алганым!

Каар, мээр, ыр да көздө жалбырттап,

Ыйлап айткам элдин кулдук зардалын.


Эл - журт үчүн өрттөн чыгат чыгаандар,

Кылчайнашып тизгинде кол карышат.

"Шкурасын" сакташ үчүн наадандар,

Кыйындарды курмандыкка чалышат,

Кыкеңбайлар кепинин да сатышат.

«16 жебе» түрмөгүнөн
Кыргыздан кыз таппадым колуктулук,

Тагдырым тажаал, заарга жолуктуруп,

Мен неге аялыма алым жетпейт,

Ушунча күчтүү акын болуп туруп?


Бирөөгө же сынтагып күлгөн бекем.

Аңдабай акмак болуп жүргөн нечен,

Же эмне балдарыма тилим өтпөйт,

Ушунча көп нерсени билген менен?


Турмушка аткан жогун док урунуп,

Кыйынсыйт мансап, көпөс опурулуп.

А неге тууган-доско эч баркым жок,

Кол созсом, тээ, Акүйгө жетип туруп?

Нээликтен кор болду бу алтын башым,

Ыйладым, ызааландым, калчылдадым.

Жалгыз сен таштабадың, күчүк Пончик,

Жазмышым, Поэзиям, о, көз жашым.

Тике суроо?!
(1996-жыяы филармоиияда "А саба " гезити

өткөргөн А. Омуркановдун мааракесинде

берилген жооп).
Куттуктап жатсак акын Анатайды,

Кудай ур!!! Т. Казаков тике сайды

«Акындар Президентке же чоңдорго

Тийишпей жен эле оокат кылышпабы?»

5 мүнөт... Кана, эр болсоң жооп ыр жазгын,

Убакыт кетти...

Эл жык зал күтүп калды...

Атууга кетип бара жаткан өндүү,

Эстеймин мен андагы минуттарды.

Уч акын Шаке, Доке, Омокең* бар,

Аликең бул саптарды уруп калды;

«Ак үйүң а мен үчүн кызык эмес,

Бийлигин бака чардар кудук эмес,

Жан багат кыкендериң өлүп-тирилип, ,

Көпөстөр көрүнө өлүк байлык жыйып.

Убайран болгон журтту көрүп туруп,

Унчукпай коёр акын дудук эмес.

Сөздөрдүн сөөктөрүн чагыш керек,

Чындыктын чырактарын жагыш керек.

Тийишпей тим жүргөн калп акындардын,

Чынында тилин кесип салыш керек!»

Түгөнгүр Түгөлбайга мынака жооп:

Заманаң деги кайда баратат ооп.

Тытылып акыйкаттык талпак болуп,

Сүйрөлүп жолдо чындык баратат – ов.

Байлыгын каткан байпак, көчүгүнө.

Майдан да көмүскөдө эр атылган,

Бийлигиң түлкүдөй куу, сак- сагызган,

Мансапка кара башыл, жан сатылган,

Саясат - маясатың - урганым жок!!!

______________________________

* Уч акын Шаке, Доке, Омокең – Шайлообек Дүйшеев, Дооронбек Садырбаев, Омор Султанов

Жалгыздык романстары
Жалгыздык жылып келип этегиме,

Ойлордун кабылтасың нөшөрүнө.

Аптыгып, кайда качам, билбей турам,

Жылаандай сойлоп кирсең төшөгүмө.


Карасур иреңиң суук, ичиркенем,

Басасың зылдай оор күчүң менен.

Үмүтсүз эң акыркы, сүйүү окшоп,

Жансооң бар жарыгыңды өчүр деген.


Жалгыздык,- жанга баттың, жанга баттың.

Жалгыздык,-жабыркаттың, жабыркаттың.

Өңүмө кусалыктын туманы жаап,

Бозоруп, мен бей-таалай ойлор чачкын.


Өкүнүч жүрөгүмдү айра баскан,

Билбеймин кимге урунам, кайда качсам,

Өксүймбү же жетемби зор бакытка,

Кулпуруп кучак толбой Махабатка,

Өмүргө келсемчи дейм кайра баштан...

* * *
Жан мыкчылып турган чакта,

Сен келдиң да, сен келдиң.

Сен келдиң да, жүрөктүн

бешигинде термелдиң.

Күн тоолордун артында,

Жашынганда - сен келдиң.

Кыялдарым кыранга,

Ачылганда - сен келдиң.

Санааларым шамалга,

Чачылганда,- сен келдиң.

Сени менен дүбүрттөрү кербендин,

Сени менен духу келди Шерлердин...

Баары мага чакчарылып

Душман кезде - сен келдиң.

Бут кайгылар муунтуп,

Чырмаганда,- сен келдиң.

Мезгил мени, мээни тоноп,

Уурдаганда,-сен келдиң...

О, сен Кудай эргүүсү,

Же намыспы, ыр-күүбү.

Сенден искейм жытын жалбыз, эрмендин.


О, жароокер келеби деп

Канча жылдар мен күттүм,

Карачачта жыты "бурр" дейт,

Алоо алтабы түштүктүн,

Жымыраган тереземден,

Жылдыздарды үркүттүң.

О, өзүңсүз, өзүңсүз,

Дүйнө мага тируу өлүк,

Бүт күндөрүм көңүлсүз.

Сен келдиң -ов

Жоодураган Шайыр кыз.

Теребелге жан киргиздиң,

Теңселгенде өңүм суз.
О, жараткан Кудай экөөң

Сала көргүн оң жалго,

Бүт сыйрылган жараттарга эм болбо.

Мен сыздаймын,

Ууздайым, а балким

Учу - кыйырсыз Поэзиям сен болбо?!



Неберем Элнар-Чыныбайга
Мыжыкпай жеке күйүт, армандарым,

Бутуңа жүрөгүмдүн таштайм баарын.

Ээритип Егем берген эрке күчүк,

Эргитет алтын чочо Элнартайым!


Талпынып жылмайганың жыргаткансыйт,

Көрүнбөс көз жаш ыйым кургаткансыйт,

Берекем, нур шоола жаайт айланама

Бешикте Элнардеген Күн жаткансыйт.


Көйгөйгө, көрдөйлөргө мен чыдадым,

Балтегим, бар-бар ыйлап баркырагын.

Күлмүңдөп там-түң бассаң эркетайым,

Күүгүмдө күйө берчү сен, чырагым!..


Оо, Улуу Кудай!

Куткул жыргал бейиш мага.

Унуттум ызаа, кордук кейиш санаа,

Кыз кабык, уул данек, а шипширин .

Бал татып небере ичте мейиз тура.

Баштооч гениалга
Чыккан болсоң генийдин атын алып,

Кыйынсынба, үйүндө жатып алып.

Орното бил адамзат жүрөгүнө,

Эбегейсиз Сөз деген падышалык!


Сен каткырсаң, бул турмуш төгөт заарын,

Жогол, кылжың-мылжың кеп, ушак, чагым.

Кара кылды канжардай как жарбасаң,

Кагаз деген көтөрө берет баарын.


Күтөт бизди казаттуу чыгарма шык,

Күтөт турмуш чытырыман караңгылык.

Бузуп кирср чеп эмес, чсбер ачкын,

Бул Жахандын күткөнү катаал чыңдык


Түбөлүктүүлүк!

Таңыркап карайт. Асман,

Бар не сүрөт, музыка, тасма, дастан.

Жарык кылар жан дүйнөң, шоолалары,

Жарк-журк эткен

Фаэтон планет ачсаң.

* * *
О, Аллатоом Кыргыз деген Атажурт,

Кайрылдык элим башаттарга бабалык.

Жеп ийчүдөй характеры кишини,

Желмогуздай сулуу кыздар жаралып.


Жатат азыр. Жалт-жалт этип калтардай,

Тармал чачтуу, баскандары аркардай.

Көздөрүмдү сокур кылып ийчүдөй,

Кирпигимди калчу болдум тарталбай.


Бу кыздардан кайра жарал тирүү эл,

Күңүрт ойлор күлкүңөргө кириңер.

Айчүрөктөр, эй, чүрөктөр арбаган

Келген өндүү тээ, байыркы перилер!


Жар болушсун мырзаларга, мага эмес,

Сүйөмүн деп сүйрөлүшпөйм мага кеч.

Бүркүт тумшук, шумкар сындуу кыздарды,

Коркуп караим коен болуп алаң көз.



Айчырактай Жумагүлгө
Акылгөй тараз жалжал, ай,

Акжубар сының мармардай.

Каадалуу баскан Мадонна

Кадимки сени, секетжан.

Зайып заттын Паашасы,

Каныкей төрөп салгандай.

Карама сокур кылчудай,

Карааньщ жинди кылчудай.

Кагылайын Жумагүл,

Семетейге тийсең да,

Сенден чыгар нак жубай?! .

Суктанып моокум канчудай,

Сүрөтүн сүзгөн аккуудай.

Каухар сулуу болсоң да,

Кан Манас тургай, эркектин,

Каалаганы ак жубай,

Эс оой жаздап термелген,

Эселек бозой болсом дейм,

Элик буттуу, аркар төш,

Балакет кыз төрөлбө,

Барпы акын сүйгөн Мөлмөлдөн.

Жасай алгыс колдон сен,

Жараткан Эгем зергер бейм.

Атайлап кумар артышка,

Ак сүткө жууруп, анар сээп,

Сени, - Айчүрөк төрөп койгон бейм?!



Кекиртегине жебе сайылган каган, капилет чечим,

Жебе - Ноён же Мен туурасында икая
В мире борются уже не человеческие,

а вселенские силы.

Ф.Г.Лорка

Гениальный испанский поэт XX века
Болсо дагын жапайы кез караңгы,

Талдабаган арамды да, адалды

Кыргын жүргөн сайда калың бадалдуу..

Дал шол чакта жаш жоокердин жебеси

Чыңгызхандан кокосуна кадалды!

Көктү чапчып, тыбырчылап айгыры,

«Карма, ошону» заарланды хан- буйругу

Аткарылып дал бетмандай ал жоокер,

Моңголдорго колго түшүп турду бу,

Ажал торуп калганго шул шордууну

Тизгин мыкчып,тикенек кеө заар чачкан:

«Сенин жебең билесиңби кимди аткан?!»

Деп кекээр, курч суроо узатты Чыңгызхан

«Билбейм» десе көз ирмебей, тил тартпай,

Каган моюнун мыкчый калды сыздаткан.

«Сен мени аттың? Мен Чыңгызхан

өкүмдар,

Бул макоонун кана, желдет өтүн ал!»

Дейт дүйнөнү оп тарткан өрт Ажыдаар.

«А Чыңгызхан экенмди билгенде,

Атпас белең?!» Кыйдыланды зекип ал.

Десе ичтен кээри менен ачуунун,

«О желмогуз кайдан гана жаралдың?!

Өтүм эмес, өлүмүңө даярмын!

Бешик менен ымыркайды бөлө чаап,

Курсагын жарган үчүн кошкат аялдын.

Колкоң эмес, көзүң, жара саярмын»...

«Атынды айт, - дейт,- сүйлөшөлүк ачыгын»,

«Атым - Тезек, мен бир кыргыз малчымын.

Сага, моңгол, айта турган далчыным:

Мен Чыңгызхан экениңди билгенде

Жүрөгүндү дал жара атат болчумун!»

Деген кезде ызалуу хан сестейди,

«Далай согуш... көрбөптүрмүн сендейди,

Теги мыкты Шер экен», деп сабырдуу,

«Тезек, - дешет, чыны тезек тергенди»

Эмне кылсак а бул кыргыз «мергенди»?!

Каган айтты: «Тезек атың жок болсун,

Жебе Ноён деп түмөнүм ат койсун.

Жебем болуп сайыласың Жаханга,

Жара аткының тогуз шаар толтосун.

Сага өлүм жок! Бар периштең колдоочуң...»


Мейли, болсун киши өлтүргүч куралы,

Кейпи болсун же жалаңкыч сыягы.

Ар адамда кылдай актык, уят бар,

Карды түткөн байчечекей сыңары.

Падыщаң, кул, айым, күн да - баары Адам,

Адилеттик, нарктуулук жол чырагы...

Хорезмде жашашса да мусулман,

Анда жашайт ыймансыздар бузулган

Молдосу калп, хан, бектери кутурган

Ачуусунан жанбай ойлуу Чыңгызхан

Ажал гана тазалайт бүт көздөрүн

Албарс бол! - дейт, - Акыйкатка чабылган!»


Эпилог
Ал кылымдан тамырда агып азоо кан,

Бир максатты мен да беттеп баратам.

Зыкым, ачкөз наадан жандардын

Мен ыр менен дал жүрөгүн жара атам.

Майып, кылбайм өксө кылбайм, а бирок,

Жандүйнөңө жакшылык ой жаратам...

Адамзада, шар, чечкиндүү март болсун!

Бу Жаханга пейил-ниетин ак болсун!

Адамдагы адам тирик ойгонсун!

Чыңгызхандар канча жырткыч болсо да

Аёо, мээр адилеттиги бар доордун.
Жебе Ноён, чындыгыңа ишенем,

Эрдигине баш урамын, тизелейм.

Буудан сындуу бүйткалардан буулугуп,

Жаш кулундай тагдыр менен кишенейм.

Адамдарга Рух чепти орнотсом,

Наадандарды намыс менен тебелейм.

Азоо каның тынчыбайт эч денемен...



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет