Чуркаган оттор
Жубайым Күлүмканга
Көрсөтмөгө манекенче койгондой,
Күлүп турсам эч нерсени ойлонбой,
Жагат сага.
Бирок, сүйүүм денемде,
От айланып чуркап жаткан жолдордой.
Же тийишип кыз-келинге шоктонбой,
Бейгам жүрсөм жүрөктөргө от койбой,
Жагат сага.
Бирок, сүйүүм каректе
Жолду айланып чуркап жаткан оттордой.
Шаар.
Жарык.
Кеч.
Көчө бойлоп келемин.
Бийкечтерге чап жабышат карегим.
Ашыктыктан махабатты чогултуп,
Арнайм сага бул кумардын белегин.
Коймаарегим, бактылуусуң эх, кандай!
Эркек туруп, мен көзүңө чөп салбай.
Алыс кетсем, ичиң бышып күтөрсүң,
Айжарыкта бирөө менен баскандай.
Антпей жүрчү, сабырың суз ойлонбой,
Санаа менен кызганычка кор болбой.
Бул калаадан сүйүүм жөнөйт айылга,
Жарык чуркап бара жаткан жолдордой,
Жарык чуркап бара жаткан жолдордой...
Элегия
Алтын баштан бак кетип,
Азап-зарым ташка өтүп,
Ээн жерде олтурам,
Эки көздөн жаш кетип...
Эстен мени таңдырган,
Эх, аянычтуу тагдырдан,
Нени көрдүм?...Эң. туңгуч
бактыяардан айрылгам.
Эми,
Айдап тагдыр камгактай,
Арып-ачкан арбактай,
Бейит болуп олтурам,
Беттен агып көз жаш жай.
Эч жан мунум билбестей,
Эч ким менен сүйлөшпөйм
Эңгиреймин ичимден,
Эрме чөлдө күмбөздөй.
Көр дүйнө мени көрбөйт-ов!
Көздөй дос салам бербейт-ов!
Жылуу сөз айтып жаныма,
Жылан да жылып келбейт-ов?!
Агамдан да кол жуугам,
Алкымымды жаш жууган,
Эки көздөн жаш төгүп,
Ээн жерде олтурам...
Бакатайлар
Жаз Жаны наз...
Уккулуктуу чурулдап,
Жаш балдардай күлүп-ыйлап эчкирген,
Кымбат, кызык жолугуумду утурлап,
Кыздарга эмес, бакаларга кеттим мен.
Табият бу табышмактуу үн салган,
Коюу түнгө чылангандай коңур күз.
Эс-мас эргип баар жытынан гүлзардай,
Шайыр кыз ай, күтпө мени көңүлсүз .
Көлчүктөрдү күзгү кылып ким чачкан,
Коомай басып көрдүм жээктен тээ терең:
Сыйкырлаган шоола оронгон түнкү асман,
Ай каалгып, будут көчүп ээрчиген.
Өлтүрбөгөм тосток көздү, чымчыкты,
Балалыкта жакшы көрчүм жандай мен,
Балкып, калкып тынч чайпалтып көлчүктү,
Чалчактаган чаар бакалар, чардай бер!
Кубулжуган обонго чын шаттуубуз,
Айып көрбө буга жүрөк эришин.
Эгер ичтен сүйчү болсоң жакшы кыз,
Бакаларды тыңшап жатчы мен үчүн.
Анан аппак төшөгүндөн жай туруп,
Күзгүгө кел, ойунду бөл мага да,
Жылмайыңкы жамалыңа Ай тунуп,
Булут болуп бултуюп кой, садага.
Ыр - казат
Турмуштун тапсак маңызын,
Жашоонун жазсак нагызын.
Тулпардай жирейм турмушту,
Туйлаткан байге - намысын.
Шилтенсем калем кылычтуу,
Жазмыш бер, өмүр жол узун,
Сан миң кол бүткүс жумуш бу, -
Узанам жалгыз, тымызын ...
Жакыр жашоо оңдосом,
Батаңды берип бакты аччы?
Кайгыңды беттеп жол тосом,
Миң колдуу болуп миң баштуу,
Эгер акын болбосом,
Болмок окшойм колбашчы.
Азат кыл, ырым, кулбашты,
Ажат ач, чырмайт кимди азап?!
Жарк десем тыйып көз жашты,
Полк менен баштайм ыр - казат.
Кырына чыгып кырк жаштын,
Азынап чуркайт бир боз ат.
Керилген жаадан ким атат,
Саадакта калган жебемин?!
Тагдырга жарык таң атат,
Таарынба, журтум, эгерим,
Миңдеген Алик келатат,
Сен мени, -
Бир Алик экен дебегин.
Күзгүдөгү сүрөт
Жасанып күзгү алдында күткөнү үчүн,
Жаш жеңем сулууланып жаткан чагы,
Буудай жүз, уурту аста жылмаят да,
Буландайт толкун өрүм калтар чачы.
Ийилген ичке, назик эриңдери,
Деңиздин кечки кызыл ак чардагы.
Кашычы? Көктө канат керген турна,
Ашыгып күн мандайдан өткөн тура.
Балкылдайт тору бети албыргансып:
«Бала дейт тилегим чын берген куда...»,
Дегеним агаң «учма кабар»* салган,
Аскерден кызмат өтөп келген мына...
(*учма кабар - телеграмма)
Көл сыңар көркү таза жай күндөгү,
Жан көңүлү баар сезип көлкүлдөдү.
Чымырап көк көйнөгү боюна чак.
Этегинде эрте жаздын өрт гүлдөрү.
Кубантып ал жээктин кылаасына,
Кумардын алып учат келгиндери!
Эрке айым жубайынан бакты күтүп ,
Экөө жай черин жазар сагынычы.
Ээлигип, эңсеп уза-ак таттуу сүйүп,
Эриндин ысык желдей жалынычы.
Болкулдап эргип, тамыр жүрөк түтпөйт,
Болчу, болчу, бул түн лаззат жолугушуу!
* * *
Эки бетиң, ак алмадай барсайып,
Эми бышып аз-аз кызыл жүгүргөн.
Алсаң өөп, даамы чыгат ансайын,
А эртең кеч, тат дегенсийт бүгүн сен.
Кочкул жүзүм кош карегиң моймолжуп,
Койсоң карап мөлт дейт түшкөн эки дан.
Тамшан такыр эстен танып, опкоолжуп,
Тандайына тамбаса да эрийт жан.
Эрдиң кызыл анар ширең сыгылган,
Жамалынан аймап келип таткының,
Сүттөй ууз денесинен жыйылган,
Алкымынан бал каймагын калпыгын.
Дегенчелик. Ак жай жыты буруксуган,
Айылдык кыз, сен ийниме баш коюп.
Аста энилип сүйүп койсом ууртунданг
Ширең чыкты көздөрүмдөн жаш болуп.
* * *
Эргибей эч ыр чыкпайт кур чамынба,
Кудурет жыйна бойго курч чагында.
Жер шарын жалгыз ээлеп падышадай,
Олтурам мен кул болуп бир сап ырга.
Бир сап ыр - ханга бергис дастан башы.
Бийкечтин түндө кел деп каккан кашы.
Акындык же күлкүдөн же күйүттөн,
Сызылып беттен ылдый аккан жашы...
Бир сап ыр - ый аралаш күлкүм, бактым,
Алмашпайм чачсаң дагы башыма алтын.
Акындык эски үстөлгө бербес элем,
Ал дешсе падышалар алтын тактын.
Тагдырдан тикенектүү кийгем таажы.
Пас андан Президенттин орду дагы.
Алмашпайм мен акындык жер кепеге,
Берсең да Өкмөт үйү, дачаңарды.
Бир сап ыр - Жанказынам ачкычы чын,
Темасы повесть, эссе, романындын.
Шамчырак карегимден, жүрөгүмдөн,
Өтөт бүт пендем жаман, жакшылыгың.
Адамды адам көрүп сүйгөн үчүн,
Кыргыз деп силкинтсек бүт дүйнө жүзүн.
Багынбайт Бушка, темир кушка дагы,
Чөгөлөйт бир сап ырга дүйнө бүтүн.
Кургандай ырдан Рим мамлекетин,
Кул - уста чебер зерттейт ар бир сөзүн.
Бир сап ыр - илхам, күч да, үшкүрүк да,
Сүйүүм да, жылмаюум да, эркелетүүм...
Тынч музыка
Сыздап тыңшап, сыртта олтурсам кечке жуук,
Тынч музыка жай сыбызгыйт муңга жык.
Эске түштү качанкы бир шорлуу кез,
Ээсиз сүйүү эчак кеткен ыйлатып..
Тынч музыкаң - жынч ойлордун байлыгы,
Сүйүнүүлөр... таарынуулар... айрылуу...
Чылк кумардан бүткөн чыгыш күүлөрү...
Индиянын сүйүү аваны кайгылуу..
Тынч музыка - жан делөөртүп нес кылган,
Огинский! Көздү талаа жаш кылган.
Бетим жууп ысык муңдуу тамчылар,
Белгисизге бет алгандай тагдырдан.
Кайран Коргоол, эски авандар элдеги,
Кандай мукам кайрыктар бар сендеги.
Муң жыргатып кечки элет жер жымыңдап,
Тунжуратып туман баскан жергеми.
Күйүт шаңын күүгүмдө уксам сейилдеп,
Чырактар, аи, жанган күүдөн жел үйлөп .
Айыл-шаарлар ойго батып кыялкеч,
Жандүйнөмдү магдыратып мээрим төк.
Ата Журтту каптап бакыт балы даам,
Жүрөктү эзип көз жаштарың чайыган.
Жай музыка «кайф» кармайм мен сенден,
Чөп тамырын жибитчүүдөй музыкаң.
Ай жарыгын төккөн өндүү гүлдөргө,
Ачылгандай көңүлү гүл бир пенде.
Себеленген күү жаанына жан тосуп,
Сени тыңшап келаткандыр бир жерде…
Рок-н-ролл
Көрдүм, турмуш, көзгө сайчу чындыгың,
Көзөл көйрөң куруп кетсин шумдугуң,
Эстрада күчүктөрү чаң салып,
Бийлеп жатат жинди болгон бул кылым!
Уятсыздык!.. Ууну бал деп жашты алдап,
Ууга чыккан машкелердей шалпаңдап,
Жоболоңдуу жорук баштап ийчүүдөй,
Жоон сандуу ойсокелер шайтандап.
Чачты силкип, сетерлерин таре коюл,
Чаңырышып, тилин сунуп, тостоюп,
Айкырышат үзүлгөнчө өңгөчү
Акылынан айныгандай мас болуп.
Ай, кулак- мээ кужурун жеп, даңылдап,
Олжолошот бекер акча, жеңил даңк.
Качан биздин жүрөк, акыл-эсибиз,
Бахтын мукам залкар күүсүн кабылдайт?!
Нервге тийген ачуу үндөй таңылдап!
Рок-н-ролл мээни жарат заңылдап!
Качан биздин ак мармар таш залдарды
Улуу Моцарт музыкасы жаңыртат!?
Урпак болсун татыктуу чоң инсак бу,
Уюткандай жүрөгүңө куйсамбы?
Качан эргийт, оргуйт канда ташкындар,
Улуу кыргыз руханы - миң сан күү.
Баам табит, өнөр кирдеп, бөксөрүп,
Батышка кул, баш айланган тепселип.
Ыймансыздык берч жан дүйнөбүз кыйратып,
Ыйык Чыгыш өрттөлчүдөй жаш төгүп.
Жоготкула ыпыластык кулдугун
Токтоткула, Үн Согуштун шумдугун.
Эстрада фашисттери даң салып,
Ыйлап жатат жинди болгон бул кылым.
Аяздагы от
Не деген жол!
Көз өлчөмүм жетпеген.
Не деген шык, -
Көкүрөктү өрттөгөн?
Халтурщиктер чыгып жатат астыга,
Классиктер менен келем артта мен.
О, миң жылдык Лириктери Чыгыштын,
Отуз жаштар, кенч мурастар уюткум.
Ок мизинде ойлоп элдин тагдырын,
Эрк талашкаи мизинде албарс кылычтың!
Ата Журтум, бул максатка жолдогон,
Баскан сайын батман жүгүң оорлогон.
Көксөп келем көз өлчөгүс сапарды
Өрттөп келем мажестикти болбогон,
Түркөйлүктөр жан оорутуп, өң, азды.
Түшүнбөстүк, мерездиктен аяздуу,
Чыйрыккандын ичи-койнун жылытып,
Оттуу саптар жирейт кардай кагазды..
Эл-жерде бар турмуштук ыр миң санат,
Эргип изден, тагдыры бар чылк талант!
Калем менен капкалуу шаар багынтсаң,
Кандуу кылыч, ок жаңжалы тынч алат.
Кызык акын кылым каткан сырды ачат,
Кыргызына кызыл жалын ыр чачат!
Борс-борс күлөт жылуу жерден жазгычтар,
Бороон боздоп, беттеп жүрсөм бурганак.
Жармач ырлар жайнайт журнал, гсзитте,
Жазмакерлер жалаңдашып кезиксе,
Келжирек сөз, чагым кептен арданып,
Эх! Асынып өлгүң келет эшикте.
Кайдыгерлик калчылдатып жүрөгүм,
Карөзгөйгө түкүрдүм да, түтөдүм.
Көп кечикти, качан чыгат билбеймин,
Көктөмдөгү кызгалдактай китебим?!
Кар чачсаң да, жалыным бар өчпөгөн,
Каржалсам да кайратым бел чечпеген,
Таланттуулар атып чыксын астыга,
Жамакчылар калсын самсып артта жөн.
Мейли, талант тагдыр деген чок басат,
Саади сындуу сан кенч ачсам көп жашап.
Белгисизде, -
Аяздагы от күйөт!
Бет алдымда, -
Көз өлчөгүс жол жатат!
Шок кыз
обону: Исрадин Аманбаевдики
Ай, шок кезиң, шок сезим,
Алоо төгөт өрт көзүң.
Жалт карашың, түшүрөт-оф,
Жаш бойдоктун шапкесин.
Билбес кайгы шат кезиң,
Бир жигитке бап кезиң,
Карап койсоң, түшүрөт-ов,
Карт бойдоктун панкесин.
Ала-Тоомдун ак кызы,
Айдың-Көлдүн аккуусу,
Оргуп турма шаттыгың,
Олдо кургур, жакты ушу.
Сен бир үйдүн бактысы
Сезимдердин оттуусу,
Тынчымды алат, негедир
Тынч күндөрдүн шок кызы.
Поэзия
Ыр чок шилеп, жүрөк «чарт» деп жанса да,
Же жан түтөп көңүл кирдеп калса да,
Поэзия, таза сүйүп өзүндү,
Чыңдык менен күйүп келем мен сага!
Адалдыктан тарттым далай муң, санаа,
Арамдыктар алдап шагым сынса да,
Поэзия, тепсеп өтүп пастыкты,
Улуу жолдор менен келем мен сага.
Талкалайм деп тагдыр кылыч сунса да,
Кыйратам деп кырсык, мушкул турса да,
Поэзия, кыйсыпырдан сак өтүп,
Кыйын жолдор менен келем мен сага.
Байлык, бийлик, атак, мейли, чанса да,
Көкүрөккө же бүт Жахан сыйса да,
Поэзия, жеңил, кыска жол баспай,
Уза-ак жолдор менен келем мен сага.
Акыл, изден !.. Кирсем турмуш чалгынга,
Акыр шыгым табат сөздү алтын баа.
Гений сындуу керек тура кудурет,
Бир сап ырды жаратуунун алдында...
Аял Жана алтын
Алтын көрсө –
Аялдын жүрөгү эрийт.
Аял көрсө –
Эркектин жүрөгү өйүйт.
Эркек жеткен,
Мансапка күйүп-түтөп,
Эрке айымдар,
Опоңой күлүп жетет!..
Алтын деген
Бул бир сөз - «ал» дагы «тын».
Кырк эркекти
Алдап кетет бир катын.
Алтын жаткан жерде, -
Жыландын уюгу бар.
Шоңдуктан, -
Аял тили бал дагы заар.
Бир күнү
Калалекте катыгың жеп,
Эркелетип сыйлай жүр,
«Алтыным» деп.
Кечиресиз?!
Азил
Көз салсам – көз нурумду өчүрөсүз,
Сөз салсам - сиз каршы алып өчүрөсүз,
Бир сулуу кыз экен деп мен ойлосом,
Ах, келин турбайсызбы?
Кечиресиз?!
Бозойго түгөйлүү жан карабастыр,
Боздотуп селки жанды аябастыр.
Болпойгон жоош неме, «жеңе»- оо десем,
Кызмык дейт дагы бирөө.
Балээ баскыр!
Сыйрылган жараат
О, мезгил мерес, а турмуш катаал,
Шакардай кайнап илхам-шык, от ал!
Көрүнбөс тажаал казаттар үчүн,
Көөнөрбөс эски таланттар үчүн,
Көкүрөк күйгөн сүйүүлөр үчүн,
Жыргалдар үчүн, азаптар үчүн,
Көтөргөн баардык жакшылык үчүн,
Жүрөгүм окшойт кан толгон бокал.
Мас кылып жаным,
Шараптай каным,
А дале денем от менен жалын.
Сыздатса дагын
Сыйрылган жараат,
Сызууга болбойт өмүрдөн баарын.
Жашагын, жашчак, быкшыбай түтөп.
Аятымыш эки тамырдан «дүрт» деп,
Жыйылып келип, капылет эргип,
Калем көөр төгүп, оргуштап жүрөк.
Аза, бой «дүр» деп, чымырап башым:
Кайдасың эми төгүлгөн жалын,
Төгүлгөн жалын,
Төгүлгөн жалын!?.
Мээриң сал, мезгил, жылмая карап,
Турмуштун каарын жумшартып шарап.
Арзуусун таппай, ааламга батпай,
Армандуу Алик жалбырттап барат.
Жазмыштан, мейлиц, жаралан, курчу,
Жаш курбал жайнап, сен кайнап турчу.
Оодарып ийбей бүткүл жер үстүн,
Жакшылык, эрдик, тагдырлар үчүн,
Жараткан Кудай, ырайым кылчы?!
Сыйрылган Жараат сыздатса дагын,
Сызууга болбойт өмүрдөн баарын.
Карагат кызга мен ашык чактай,
Кайдасың эми, төгүлгөн жалын,
Төгүлгөн жалын,төгүлгөн жалын...
Куюн өрт, бороон, жамгыр, кар сабап,
Кусалуу дүйнөң алдыртан карап.
Арзуусун таппай, ааламга батпай,
Алкымдан аккан ачуу көз жаштай,
Армандуу Алик жалбырттап барат...
АкБууранын ырлары
Ак-Буурам ай,
Жаш буурадай чамынтып,
Миң булактын кайнар күчү оргуган.
Ыр окушкан акындай зал жаңыртып,
Толкундарың тура калып ордунан!
Сергектенип шоокумданып күн-түндөп,
Сен Алп Дайрам,
Кылымдарды багынтып,
Безеленген шаң учурган күлкүңдөн.
Бетке тамат карегиңден жаш ыргып.
Сыбызгыйт күүң, жер тамырын бошоткон,
Сырын тыңшайм тээ байыркы элимин.
Тайлак кезде чөлдөп өткөн бу Оштон,
Инген тоолор ийип сыздап желиниң...
Ал кайгы күн, Кайрат алды жаңы ырдан,
Сал, кайрыгын, кубаттуу доош, обондун.
Ыйлап келип казал чийген Бабурдан,
Туйлап чыктың, ырларынан Жолондун.
Мажүрүм талдай, чайың ичтим кылгырып,
Махабаттуу жан ысыткан аптабың.
Акын дарыям, өрөөндөрдү гул кылып,
Ага берсин, кашка мөлтүр саптарың!..
О, Лира!
Жаш сулуу сиздей көп көргөн,
Жаш чакты байкең өткөргөн,
Турна моюн, бото көз,
Тумар бой бийкеч о, Лира,
Туулсаң керек Ак Мөөрдөн?!
О, Лира! О, Лира...
Атың да, затың да
Шык берген акылга
Сен - муза, сен - лира...
Ар-ира, ай-ира,
Каалгып бийлейли,
Ары да, бери да.
Айчырай, асылзаат,
Арууда, пери да.
О, Лира...!
Алыстап жаштык сүйүүмдөн,
Арманга баттым бу күндөн.
Агатай болуп жүрөйүн,
Төгөрөк беттүү бал-бал көз,
Төгүлгөн сулуум о, Лира,
Төрөлбө Таттыбүбүдөн?!
Жарылгым келип кусаман,
Жабыркайм жазмыш ызаадан.
Келиним да болсоң, мейли элең,
Кебинен наздуу нес болсом,
Керемет кызсың, о, Лира,
Кем эмес Мона Лизадан.
Таптуусуң, оттой тутанам,
Танчудай эстен бүт аалам.
Татына болсун кыз сиздей,
Бейиштен «жарк» деп түшкөндөй,
Жаралсаң керек сулуулук –
Кудайы Афродитадан?!
Артюр Рембо
Париж Коммунасынын Гимнин чалган,
Ырларын окуп чыктым Рембонун,
Кыштактан шаарга жаш акын келип,
Адашкан беттеп күрөш бороондорун.
Чыкканда империянын чаңы асманга,
Көнбөдүң жазмыш тажаал кордогонго,
Сезимтал, сергек, курч да, сүрөткөр да,
Сен бир жаш гений элең, о Рембо!
Күткөнсүң өткүр мүнөз, өжор тагдыр,
Өрт кыял, тикенек тил, акылың жетик.
Дүйнөлүк адабияттын дарбазасын
ачтың шарт!...
Жаптың замат үч жыл өтүп...
Жазганда кандай укмуш эргүүдө элең,
«Жан-Мари колу» менен «Мае Кемени».
Көр, ыплас, тар чөйрөдөн тажап качып,
Койдуң сен ыр жазганды таштап эми.
Жер кездиң... Туулган журтка кайттың сыркоо,
Кайыш күрмөңө тигип кырк миң доллар.
Элетте тынч ыр жазбай жашамаксың,
Жар кылып бир француз айымын жалжал.
Поэзия - өлчөөсүз ой, силкинүүлөр,
Жоготуу - алыш эмес атактарды.
Арзыбай нечен жылкы селсаяктык,
Үч жылың үч миң жылга татып калды.
Не эле сырын каткан машаяктык,
Не эле жеткен чеги акылыцдын?..
Тоомундай тогуз жолдун Поэзияң,
Тогоошуп турат мына эки кылым.
Анна Кернге
Пушкинден
Жадымда шол кереметтүү кез ирмем,
Жарк эткиздиң көздөн кайып перини.
Беталдыман бүт ажарың төгүлгөн,
Чылк нукура сулуулуктун Генийи.
Үмүтсүз бу санаа жанды мыжыкса,
Үрөй учкан дүрбөлөндүү убакта.
Түшкө кирчү бойкеябетиң, асыл баа,
Тыңшагансыйм найын үнүң узак-ка...
Жылдар өттү, алай-дүлөй чак да өттү,
Кыялдар да сапырылып мурдагың.
Унуттум мен айчырайлуу шол көрктү,
Унуттум мен найын үнүң, дилбарым.
Ээн элет жер, күүгүмдөрдө ың-жыңсыз,
Күндөр өттү, күңүрт суз да маталган.
Кудуретсиз, Мухабатсыз, Көз жашсыз,
Кунары жок, жашоо шыксыз жок илхам.
Жан делөөртүп чукуранган акылдээр,
Жарк эткиздиң, кайра кайып перини.
Так бет маңдай көзгө кеттиң төгүп көөр,
Таза чырай сулуулуктун Генийи.
Кагат жүрөк кайра мына опкоолжуп,
Касиретим кабыл кылып муңдаш жар.
Кумарлантып, кан дүргүтүп илхам-шык,
Кудайым бар, сүйүүм да бар, көз жаш бар.
Контрасту сезим
Мен тууралуу ушак айтып куруган,
Шылдың кылып жыргап күлсөң каткырып.
Мен ал чакта элесиңе жалынам.
Ыр жазармын көз сурмамдан жаш сыгып.
Сен тууралуу ырларды окуп, Асылым,
Сейил курсам достор менен шарактап.
Мага деген сүйүүң кыйнап жашыруун,
Сен ал кезде ыйлап жатпа шолоктоп...
Ажырашуу элегиясы
Айрылдык, жаным, окшоп кош аккууга,
Уябыз чаар жылан бошотту да:
Сүйүүмдү жыргал десем - тозок экен,
Сүйүүмдү ырлар десем - кошок тура.
Мен жалгыэ куштай үндөп чакырган муң,
Уугуп бүткөн боюм ачууркандым.
Махабат - жаш кайрыктуу качаңкы күү,
Эски бир аван созгон жаңы ырларым.
Кызганыч, ыза менен жаралангам,
Бир жылда мен жүз жашка карып калгам.
Чертемин миң кыл тамыр жүрөк комуз,
Жан теңим - кыска таалай, алыскы арман.
Кат жаздың: «Мен сен үчүн өлгөн жан де»,
Бакыт тап! Ырас, жашайм өлбөйм жерде.
Торгойдой тик атылдым безеленип,
Жыландай заар чачса курган пенде.
Жаныма баткан эле таркап уусу,
Кылдардай дирилдеген калтааруусу,
Эркекти бака баштуу жутуп коёт,
Башы чылк алтын болсун эрке кызы.
Кечирчи, кейиш кылбай кел алганым,
Кечирбей, энең каргап, сен алдадың.
Ийнинде көрө албады калың үчүн,
Бүт дуйнө меники эле-бере албадым.
Асылкеч, элес, мээриң сырда нечен,
Ырларды ыйлап жазып, сыздап өтөм.
Сүйүүмдү тозок десем - жыргал тура,
Сүйүүмдү кошек десем - ырлар экен.
Жай музыка
Жай музыка!.. Кайгыларга мас кылган,
Не бир күндөр чубап өтөт астыңдан.
Жай сыбызгыйт.. Жалгыз тыңшап отурам:
Бошойт муун...
Жүрөк тыңшайт...
ташкындайм!..
Угат жаным күү сыйкырлап койгондой,
Уюп сүттөй уктайт дүйнө ойгонбой,
Аза бойду жымыратып кайрыктар,
Агат арман...
сагынычтай...
ойлордой...
Жай музыка мемиретип көңүлдү,
Бүткөн бойду жымыратып төгүлдү.
Адам жанын ыр-күү гана дарылайт,
Тартуу кылат бейгам, узак өмүрдү.
Козголбогон ойду козгоп түпкүрдөн,
Жай музыка жанар тоодой үшкүргөн,
Айдап салат кусалыкты ичимден,
Оор жүктү силкип салат үстүмдөн.
Же таткандай женьшен чайырын эс-масмын,
Нервиң жыргап, жасагандай массажды.
Каалгып, каалгып кар жаап, нур жаап
жаткандай,
Кайрыйт күүлөр жаш сүйүүмдү качанкы.
Мукам күүдөн помидорлор барсайып,
Өсөт экен картөшкө, коон тарсайып.
Ай нурунда гүл үргүлөп уккан күү,
Тирилтчүүдөй маркумга да жан салып.
Жай музыка арылтчуудай баш муңдан,
Арманды жууп, көздү тунук жаш кылган.
Жай сыбызгыйт. Жалгыз турсам ой басып,
Бошойт муун…
Жүрөк тыңшайт...
ташкындайм!..
* * *
Түнү бою гүлдөп чыкты дарактар,
Май айынын алчасына окшошуп.
Кар желбирлүү букет сунуп бутактар,
Мен баратсам турушуптур жол тосуп.
Беттеп бастым жумшак карды мен кечип,
Бет алдымда карасам жөн айыпсыз.
Жел терметкен, көк көлчүктө, жер көшүп,
Күн - ымыркай күлмүң этет, жарыктык!
Жер-эненин ак мамагы ийиген,
Кучагында кумар эч бир таркабай.
Таң атканча гүлдөп чыктык сүйүүдөн,
Жаштыгыбыз жайнап аппак алчадай.
Чынар терек көктү челген буурулбаш.
Чыдай түшүп көралсам дейт көктөмдү.
Бул дүйнөгө жалт бурулуп карап кал,
Жатсаң чыны жарык менен коштошуп.
Түнү бою гүлдөйт кышкы дарактар,
Жаз айыньш алчасына окшошул.
Кержорго
Ай жарык түн. Боз чаң эски көпүрө.
Айылым жактан чыктым узак мен жолго.
Дүбүрттөгөн ат урунду көзүмө,
Кайдан качып келатты экен Кержорго?!
Түшкөн сыңар көктөн жомок аргымак,
Түнкү суулар, күмүш агып алыстан...
Куш уйкулуу кароолчу чал ат тушап,
Каман чыга калса керек камыштан.
Байлап-матап салса корчул айбан бир,
Быт-чыт үзүп кишенди бутка салдырган
Балким мендей үркүп, жалкып калгандыр,
Бактысыз, шум бейжай, бейпай тагдырдан.
Иттер кууп, артынан чаң бурады,
Жел үйлөгөн шамдай кулак жапырат.
Жаныбарым ай, күйүп-жанып чурады,
Туяк кагат, туяк чагат тапырап!
Уй ээсин же үйрүн эңсеп алыскы,
Шыбак жыттуу аткананы пааналап.
Эрктүү жигит алсын деп туу намысты,
Эркиндикке качса керек талаалап.
Ойдой күлүк сүрөөн салып жүгүрөм,
Пенделерден чыккан далай ит үрөт.
Тээ, теректер, терезелер түбүнөн,
Коңшу үйлөрдөн өткөн чыгар дүпүрөп.
Жок! Токтоду. Басаң, таштап аягын,
Ат чапчылап, окуранды мамыда.
А жаш күйөө кучактап жаш аялын,
Уктап жатат батып кумар балына.
Айыл чети. Жылгалуу дөң. Жапыс там,
Айланасы сүттөй жарык күндүзгү...
Чакмак чакса чагылгандар батыштан,
О, Аргымак жалт-жалт этет түн түстүү!
Ушул кезде айтсаң сөздү өнөккө,
Уйку баскан көздү ач умачтай ач, жаман!?
Кыргыз бекен бейпил жаткан төшөктө,
Жигит бекен атка камчы баспаган!
Жалгыздыкта болбо досум ич күптү,
Жазмышына жазуу күтсөң буйруктан.
Ала-Тоолоп салгын алгыр бүркүттү,
Арстан ойду алсын баштан, куйруктан.
Канаттуу Ат!
Күлүк кыял дубалап,
Кайындуу өзөн уруп турат күзгү дем,
Далдаңдаган көлөкөмдү кубалап.
Чуркап өттүм көпүрөнүн үстүнөн...
Дүкүлдөгөн жүрөк туурап таскагын,
Жандүйнөмө сал дүрбөлөң, сал дүбүрт.
Төрт туяктай шилтейм ырдын төрт сабын,
Качкан аттай карматпаган жаш күлүк.
Максат - атты кармайм бир күн мен жетип,
Тагдыр, мейли, тушамыштап так чидер.
Чалма ыргытсам, укуруктап сүйрөлтүп,
Кол кыйылып, денем сыйрып таш тилер...
Үзөнгүгө чирене тээп бутуму,
Үй-үй топко айтып түшсөм сармерден.
О,колдой көр, Камбар-Ата тукуму !
О, колдой көр, жигит ггари Шаймерден!
1986-ж.
Достарыңызбен бөлісу: |