Журнал 2009-жылдан чыга баштады. Эки айда бир жолу жарык кєрєт. Тарыхый-даректїї илимий-популярдуу журнал



бет2/7
Дата27.06.2016
өлшемі6.12 Mb.
#159908
1   2   3   4   5   6   7

2008-жыл, декабрь

Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу мамлекеттик архив агенттигинин жетекчилигиин демилгеси менен Кыргыз тарыхынын он беш томдугун тїзїї маселесин кучагына алган "Улуттук тарыхтын учурундагы проблемалары" деген темада илимий-практикалык конференция болуп єттї.Илимий-практикалык конференциянын ишине философия илиминин доктору К.Исаев, КРнын Эл депутаты, тарых илиминин доктору Б.Бешимов, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун биринчи проректору, тарых илиминин доктору О.Каратаев, КУИАнын тарых институтунун директорунун орун басары, тарых илиминин доктору А.Жуманалиев, Мамлекеттик архив агенттигинин директору, жазуучу Ч.Абыкеев, жазуучу, окумуштуу, жазуучу тарых изилдєєчїлєр Байас Турал, О.Сооронов, Т.Мїлкїбатов, Н.Абдрахманов, К.Сыдыкова, Т.Чаргынов жана башкалар катышып, жогоруда белгиленген теманын айланасында талкуу уюштурулду. Илимий-практикалык конференциядагы талкууда тарых жана улуттук идеология, улуттук тарых деген эмне, ал "башка" тарыхтан эмнеси менен айырмаланат?, тарых жана улуттук эстутум, бїгїнкї кыргыз тарыхынын ийгилиги жана кемчиликтери, билим берїї системасындагы тарыхты окутуу проблемалары, адис тарыхчы - окумуштуулар жана тарых изилдєєчїлєр, тарых илиминин єнїгїшїндєгї проблемалар: каражат, идеология, мамлекеттик системанын же окумуштуулардын кайдыгерлигиби?,тарых илиминдеги жаны ачылыштар, табылгалар, маалыматтар жана сунуштар сыяктуу орчундуу ойлор ортого коюлуп, жыйынтыгында тарых маселесине мамлекеттик маани берїїнїн зарылчылыгы жєнїндє элге жана єкїлдєргє кайрылуу кабыл алынды.



2009-жыл, февраль

Мамлекеттик архив агенттигинин жетекчилигинин уюштуруусундагы экинчи илимий практикалык конференция "Тарых жана санжыра" деген аталышта болду. Илимий-практикалык конференцияга философия илиминин доктору К.Исаев, КУИАнын тарых институтунун директорунун орун басары, тарых илиминин доктору А.Жуманалиев, археолог А.Абетеков, Кувейт университетинин ректору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор А.Ормушев, КРнын мамлекеттик архив агенттигинин директору, жазуучу Ч.Абыкеев, коомдук ишмер, тарых иликтєєчї Д.Сарыгулов, "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору, тарых илимдеринин кандидаты К.Молдокасымов, санжырачы С. Сооронкулов, тарыхчы, жазуучу Б.Турал, тарыхчы Э.Турганбаев, саясат таануучу Н. Жолдошев, тарых иликтєєчї Ч. Буяр жана башка санжыра менен тарыхтын байланышынан баалуулук издеген адистер катышып, кыргыз жана кыргыз насилдїї элдердин санжыралары, мурасталып калган кол жазмалардагы материалдар канчалык деўгээлде илимий булак боло ала тургандыгы жєнїндє талкуу болду.


Саамалык саптар

Салтанаттуу кабыл алуулар



Кыргыз Республикасынын таанымал инсандары - калемгерлер, кєркєм єнєр ээлери, дасыккан мамлекеттик ишмерлер, илимпоздор жана єлкєбїздїн аброюн кєтєрїп, атак-даўкын чыгаргандардын жеке докуметтерин келечек заманга калтыруу їчїн мамлекеттик сактоого єткєрїп алуу архив агенттигин негизги милдети. Бул саамалыкты колго алган архив кызматкерлери жакында эле эки баатырдын баалуу мурастарын єз колдорунан мамлекеттик сактоого єткєрїп алышты.

Алар тууралуу тємєндє маалымдалат.

Сооронбай Жусуевдин мурасы

Жусуев Сооронбай 1925-жылы 15-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жaр кыштагында жарык дїйнєгє келген.

"Советтик Кыргызстан" (кийин "Ала-Тоо") журналына Сооронбайдын тырмак алды тунгуч ыры ("Алга, кыргыз жоокерим") 1943-жылы жарык кєргєн.

Ошентип, алыскы Алай-Куу єрєєнїнєн чыккан жаш калемгер, тїпкїрдєн єсїп чыккан бай теректей бой тїзєп, кыргыз поэзиясынын кєк чалкар асманында жарык нур чачкан шоола сымал айтылуу акынга айланды. Биз Сооронбай Жусуевдин чыгармачылык бейнесинен бир шингил їзїндї таштап, анын бїткїл ємїрїн єрдєгєн эмгекчилдигине, кєксєгєн максатына жетїїдєгї кашкєй єжєрлїгїнє, єзїнїн акыл-эс туюмунан туйлап чыккан ыр саптарын жазуудагы тактыгына, кылдаттыгына, кала берсе сейрек кездешїїчї чарбакер мїнєзїнє таў бербей кое албайбыз. Мунун єзї ата канынан келе жаткан табигый сыр белгинин накай чындыгы десек болот. Сооронбай акындын атасы-Жусу єз заманынын сабаттуу инсаны-молдо болгон.

Сооронбай Жусуев кыргыз поэзиясында Аалы Токомбаевден кийинки ыр менен роман жазган калемгер. Анын башкы каарманы-Курманжан датка - Чыгыштын тарыхында бийик деўгээлге кєтєрїлгєн айымдардын атактуу єкїлї. Роман - акындын чыгармачылыгындагы зор бийиктик болуу менен кыргыз поэзиясынын айдыўын арбытып, кеўейтти. Жетимиштен ашык ырларына обон чыгарылып, кыргыз элинин аяк-башына кеўири тараган.

Сооронбай Жусуев єтє кылдат жана бай тажрыйбага ээ котормочу. Анын калеминен Пушкин, Шекспир, Лермонтов, О.Хаям, Шевченко, К.Кулиев, Абай, Мактымкули, Исаакян, Маяковский, Есенин, Тычина, Гамзатовдун чыгармалары которулуп кыргыз окурмандарынын сїймєнчїгї болуп калган.

Сооронбай Жусуев тунгуч сыйлыгын майданда, Панфилов дивизиясында жоокерлик милдетти аркалап жїргєн учурда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгы менен 1944-жылдын 14-ноябрында "Кїжїрмєндїгї їчїн" медалын алган.

Андан аркы ар тїрдїї сыйлыктарын санап отуруунун кажети жок. Ал 2007-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Сооронбай Жусуевге улуттук маданияттын кенчине, кыргыз элинин руханий баалуулугун єнїктїрїїдєгї кєрїнїктїї салымы, чыгармачылык жана коомдук ишмердиги, їчїн эў жогорку даражадагы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жана "Ак шумкар" єзгєчє белгиси менен сыйланган.

Биздин баамда, мамлекеттик сактоого єткєрїлгєн документтери С.Жусуевдин бай архивинин бир бєлїгї гана болуп саналат. Архивге берилген документтердин ээси алгач єзї єтє дыкаттык менен карап чыккан, иргеген, тартипке келтирген. Бардык кол жазмаларын сомолодон (черновик) кєчїрїп жазып чыккан. Кыскасы, єз документтерин єтє кылдаттык менен сактаган. Бул єзгєчє єзїнє багытталган каттарды кїтє билїї маданиятынан байкалат. 238 каттын ар бирин окуп чыгып, анын баарына жооп жолдоп, сырткы конвертине чейин сактаган.

Жеке фонду тунгуч барактан, мазмундан, баш сєздєн, №1 тизимден турат.

 "Эч ким эстен чыккан жок, эч нерсе унут калган жок"

Дайыр Асановду аздектєє

Борбордук мамлекеттик архивде Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор, Улуу Ата Мекендик согуштун майдангери, СССР журналисттер Союзунун мїчєсї, коомдук ишмер Дайыр Асановдун жеке фондусундагы документтерин мамлекеттик сактоого кабыл алуу азем-салтанаты Мамлекеттик архив агенттигинин жыйын залында болуп єттї.

КРнын маданият жана маалымат министирлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин директору, жазуучу, коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев кириш сєз менен аземди ачып, Дайыр Асанов жєнїндє кыскача баяндады.

Дайыр Асанов єз сєзїндє согуш жылдарын эскерїї менен мындай оор учурда єз тагдырына туш келген окуяга єтє сыпайы мамиле жасап, Ата мекенди коргоо єтє ыйык парз экенине токтолду:

- Андай алааматты эч кимге ыраа кєрбєйм. Менин, менин курбу-курдаштарыма, замандаштарыма туура келген оор жылдар эч кимдин башына туш келбесин. Силер узак ємїр єтєп бактылуу жашагыла.

Бишкек шаардык Ардагерлер кеўешинин тєрагасынын орунбасары Э.Тойгонбаев, Баатырдын жубайы Ж.К.Асанова чыгып сїйлєп, Д. Асановдун адамгерчилик, адистик, инсандык бийик сапаттарына токтолушту.

Баатырдын мурасы Улуттук архив фондунун энчисине тийип, калкыбыздын кенчине кошулду.
Карыларга камкордук

Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат Министрлигине караштуу мамлекеттик архив агенттигинин Директорлор кеўеши Кыргыз Республикасынын Архив кызматынын ардагерлер уюмун тїзїї чечимин кабыл алышып, атайын Жобо иштелип чыккан. Карыларга, эмгек ардагерлерине сый урмат кєрсєтїїгє арналган бул иш чаранын негизинде Борбордук

архивдин кинофото-фоно документтерди сактоо дирекциясында, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ыссык-Кєл областтык архивдеринде аксакалдар уюмдары тїзїлдї. Жободо кєрсєтїлгєндєй, Кыргыз Республикасынын архив кызматынын ардагерлер уюму (АКАУ)-єз эрки менен бириккен, мамлекеттик органдарга жана саясий партияларга кєз карандысыз иш жїргїзє турган Кыргыз Республикасынын архив тармагында кызмат єтєп эс алууга чыккан ардагерлердин бирикмеси. АКАУ- уюмдун мїчєлєрїнїн бай тажрыйбасын пайдаланып, архив тармагынын єнїгїшїнє салым кошууну, ардагерлердин турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга кам кєрїїнї кєздєйт. Жобонун маани-маўызына кызыккандар архивдин єздїк сайтынан толук таанышса болот.
Становление архивного дела

Статья первой заведующей Центрархивом А.А.Струковой в газете "Советская Киргизия" "Внимание архивам" - к организации Центрархива Кирг.АССР

Архивные документы показывают прошлое в подлинном его виде, неприкрашенном и неискаженном никакими истолкованиями и тенденциями.

При обследовании архивов Киргизии отмечается много отрицательных, подчас совершенно недопустимых фактов.

Так, старых архивов или не имеется вовсе(они уничтожены), или они находятся в хаотическом состоянии.

Часто учреждение не знает, а главное не желает знать, где находятся архивные документы того учреждения, из которого оно возникло, путем ли реорганизации, изменения названия или других каких-либо обстоятельств. На предложение привести архив в должный порядок, часто можно слышать со стороны некоторых учреждений и организаций, что у них "на это нет средств", и к чему он (архив)? Все равно он никому не нужен и не интересен".

Такой взгляд в корне неправилен, так как иногда самый незначительный на первый взгляд документ может иметь огромное значение для тех или иных учреждений или отдельных лиц, работа которых связана с изучением исторических данных прошлого.

Изучение истории государства, отдельного народа, его быта, классовой борьбы, экономического развития, развития культуры, наконец дача справок по вопросом личного характера - все это требует наличия упорядоченных архивных документов.

Основной задачей Центрархива Кирг. АССР, выдвинутой соответствующими декретами центра является не только взятие на учет, концентрация в одном месте всех архивных документов, но также образование на местах, в связи с празднованием десятилетия архивов Октябрской революции и Красной Армии.

Для этого всем учреждениям и организациям Киргизии необходимо в срочном порядке привести в порядок и сдать в центрархив все архивные дела за 1917-1921 годы, сдать дела за дореволюционные годы, сдать все газеты, листовки, плакаты и.т.д., опубликованные за послереволюционное время.

Поставить в известность Центрархив о имеющихся где-либо "бесхозных" архивах (в каком бы виде они не были).
"Советская Киргизия",

1927г., №116. 9-июня.
Бул катты биз кайсы тилде, кандай жазылса ошондой бердик. Биринчиден, кат Архив тармагы жаўы тїзїлє баштаган жылдары 1927-жылы анын алгачкы жетекчиси тарабынан жазылган. Экинчиден, андагы кєтєрїлгєн маселелердин кєбї кїнї бїгїнкїдєй актуалдуу бойдон калууда. Бул кат дал ушунусу менен баалуу. Калган жыйынтыкты окурмандар єздєрї чыгарар деп ойлойбуз.
«Алтын китеп» конкурсу

Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигине караштуу мамлекеттик архив агенттигинин директорунун 2008 -жылдын 15-августундагы № 62/1 буйругу менен Архив мекемесинин "Алтын китеп" конкурсунун Жобосу бекитилген. Бул Жобону ишке ашыруу максатында облустук жана райондук архивдерде 2009-жылдын Нооруз майрамында "Алтын китеп" конкурсу єткєрїлдї. Борбордук, облусттук, Ош жана Бишкек шаардык мамлекеттик архивдеринин "Алтын китеп" боюнча жарышынын жыйынтыгы Директорлор кеўеши тарабынан Кыргыз Республикасынын архивисттер кїнїнє карата 2009-жылдын 30-августунда чыгарылат.


Жетекчинин трибунасы
Б.О.Самаева,

Кыргыз Республикасынын

Борбордук мамлекеттик

архивинин директору
ТАРЫХЧЫ - АРХИВЧИЛЕРДИ

ДАЯРДООНУН ТАШПИШИ


Їч миўинчи жылдын єзїнє мїнєздїї белгилери бештен белгилїї боло баштады. Дїйнє индустриалдык маўыздан маалыматтык коомго баш койду. Єндїрїштїн башкы фактору болгон капитал маалымат менен эриш-аркак жашай баштады. Социалдык маалыматтар мамлекеттик жана тармактык архив документтеринде чогултулуп жатат.

Архив мекемелеринин иш їзїрї Улуттук архив фондуну сапаттуу калыптандыруу менен ченелет. Ал болсо тїзїлїп жаткан документтердин сапатына жана иштетилишине келип такалат. Ушул жерде эл менен мамлекеттин даректїї мурастары менен ага тиешелїї эс - тутум жана тарыхчы-архивчилер менен документ таануучуларды даярдоо, алардын кесиптик насили, мамлекеттик, ошондой эле мекемелерди атайын даярдыгы бар кадрлар менен камсыздоо маселесиндеги жарыш сызыкты жїргїзсє болот. Сїрєттєп айтсам, бул архивчилердин эки канаты, ал биздин учурда ушунчалык олуттуу маселеге айланганын айтуунун кажети жок.

Мисалы, бїгїнкї кїндє Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде эмгектенген 36 адамдын, 10у тарых боюнча адис. Алардын ичинен бирєє гана єз учурунда Москвадагы Тарых - архив институтунан билим алып бїтїргєн. Айтмакчы, совет заманында архивчилер дал ошол институтта гана даярдалчу. Биздин республикадагы архивчилерибиз єндїрїштєн ажыратылып, ажыратылбай жогорку айтылган институттан билим алышчу. Анда узак жана кыска мєєнєттїї курстар да боло турган. Кесипкєйлїктєр да жогорулатылчу. Азыр ал институт Россия Мамлекеттик Гуманитардык университеттин тутумуна кошулуп, баягы эле ишин улантып жатат. Кыргызстандан ага барып билим алуу кыйын болуп калганы айтпаса да тїшїнїктїї. Ошол эле учурда Москвадагы Евразика чегинде иштеген Бїткїл россиялык документациянын илим изилдєє институту Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын макулдашуусу боюнча архивчилердин кесипкєйлїгїн жогорулатуу курстарын уюштурат. Мындай практика КМШ єлкєлєрї боюнча бар. Каржы маселесинин тартыштыгы биздин архивчилердин ага кеўири катышуусун чектеп отурат.

Биздин єлкєдє дипломдуу тарыхчы-архивчилерди даярдоо маселеси 1990- жылдардын этегинде кєтєрїлїп, ага база катары Карасаев атындагы БМУ (БГУ) болжолдонгон. Мында профессор Т.А.Шаймергенованын салымы зор болгон. Бул кесипкєй архивчилерди даярдоонун башаты болгон . Азыр БГУда журналистика жана маалымат тармактар факультетинде социалдык маалымат жана документ жїргїзїї кафедрасында, бюджет жана келишим негизинде тарыхчы-архивчилер адистиги ачылган.

Университет менен ал кездеги Кыргыз Республикасынын билим берїї, илим жана маданият министирлигинин тутумуна кирген архив иштери боюнча Департаменти (азыр Мамлекеттик архив агенттиги) ортосунда тїзїлгєн келишимде (июнь 2000-ж.) архив иштеринин адистерин даярдоонун жїрїшїндє дарстарды окутууда, семинарларды, кеўеш берїїлєрдї уюштурууда, студенттерди практикадан єткєрїїдє борбордук архив кызматкерлерин тартуу каралган. Ошондой эле практикадан єтїїдє, республикалык, облустук, райондук мамлекеттик архивдерди пайдалануу, практикалык сабактарды жана семинарларды єтїїдє аларды аралаштыруу каралган. Келишим алкагында Ч.А.Абыкеев, К.М.Ємїралиева, Б.О.Самаева, Е.А.Романова, К.К.Бекбоева - архив адистери катары дарс окушуп, атайын адистиктин практикалык семинар сабактарын єтїшєт. Алар "Архив таанууга киришїї", "Архив ишинин теориясы менен практикасы", "Архив таануу", "Булактаануу", "Мамлекеттик жана мекемелик архивдер", "Мамлекеттик эмес архивдер" жана башка сабактарды окутушуп, дарс жана семинардык сабактарды єтїїдє, программага ылайык россиядан чыгарылган окуулуктарды, усулдук колдонмолорду, "Отечественные архивы", "Вестник архивиста" журналдарын жана Кыргызстандын архив мыйзамдарын, кыргыз архивчилери иштеп чыккан усулдук базаларды пайдаланышат.

Болочок архивчилерди даярдоо ишиндеги практикалык сабактар архивде єткєрїлєт. Бул сабакты иш менен айкалыштырууда, архив кызматкерлерин катыштырууга, айтылып жїргєндєй єндїрїшкє тартууга чоў таасир берет. Борбордук мамлекеттик архивде жыл сайын студенттердин єндїрїштїк практикасы єткєрїлєт. Практикага дасыккан архивчилер жетекчилик жїргїзїшєт. Мында архив технологиясын їйрєтїїдє архивдин єндїрїштїк кызыкчылыгы эске алынып, студенттер жыйнактар їчїн документтерди топтоону єз алдынча жїргїзїшєт, документтердин баалуулулугун калыс баалоого, документтерди илимий - техникалык иштетїїгє, социалдык-укуктук суроо-талаптары аткарууга сактоочтордо документтерди чаўдан арылтууга жана башка иштерге тартылат.

Жогорку билимдїї архивчилерди даярдоодо кєйгєй тарыхчы-архивчилерди кєбєйтїїгє келип такалат. Мына ушунун єзїн документ таануу адистигине да багыттасак болот. Башкарууну документтик камсыздоодо жетик адистердин жоктугу ишти кєп жагынан аксатып жатпайбы. Аны даярдоодо азыркы талапка шайкеш адис - документ таануу єрнєгїн тїзїї зарылдыгы бар. Бїткїл дїйнє боюнча бул иш кєўїлдїн борборунда боло баштады, маалыматташтыруу тармагындагы маалыматтык технология менен илимий-техникалык жетишкендиктин таасири астында башкаруу ишинде кесипкєйлїк ишкердик чєйрє катары аракеттенип жатат. Биздин баардыгыбыздын алдыбызда жакын арада документтер менен иш кагаздарды автоматташтыруу милдети турат. Бїгїнкї кїндє Башкарууну Документтик Камсыздандыруу (БДК) тармагында автоматташтыруу тажрыйбабыз такыр жок. Ошондон улам БДК тармак чєйрєсїндє кадрларды даярдоо, алардын кесипкєйлїгїн жогорулатуу кєйгєйї келип чыгууда. Бул їчїн БДК, мекемелердин жалпы бєлїмдєрїнїн кызматкерлерин окуп їйрєтїїчї дайыма иштєєчї курстарды ачуу керек. Электрондук документтердин чен-єлчємдєрї їчїн мыйзамдык базасын иштеп чыгуу зарылдыгы бар. Бїгїн бул биз їчїн єтє зарыл болуп саналат. Мисалы, БГУ жыл сайын 10-15 жетик адистерди даярдап чыгарса да, ал мамлекеттик архивдер эмес, министирликтер, мекемелер їчїн єтє эле аз кєрсєткїч болот. Мамлекеттик кызматта да анын керектелїїсї єсїїдє. Мекеме, уюм, ишканаларда менчигине карабастан башкарууну документтик камсыздоого маалыматтын накай єзї катары, аны иштетип, тїзїїдє жетилген кадрлар керектелїїсї кїн сайын артып барат. Демек, биздин адистерди даярдоо жїйєлїї себептерден улам олуттуу, керек болсо мамлекеттик маселеге айланууда. Себеби, азыркы учурда документтердин айлануусу билим берїїнїн чен-єлчємїнє дал келе турган адистерди даярдоо зарылдыгын талап кылууда. Башта документ таануу адистиги калайык калктын кєўїлїнє жеткирилбей келсе, азыр єтє зарыл кесипке айланды. Бїгїнкї документ таануучу жана архивчи архив аталыштарын гана билбей, укуктук маселелерге буйдалбай мыйзамдуулукту, компьютерде иштєє ыкмаларын мыкты билїїсї керек.

Мына ушунун єзї "Документтаануу" адистигин ачууну талап кылат. Баса, БГУда тарыхчы-архивчилердин сырттан окуу бєлїмїн ачуу зарылдыгы бышып жетти.

Кесиптик жагынан жетик архивчилерди даярдоонун алгачкы сабактары БГУнун профессордук - окутуучулары жана мамлекеттик архив агенттигинин кызматкерлеринин биргелешкен кїч - аракеттери їзїр береринен эч кандай шек туудурбайт, кантсе да БГУдан билим алгандар архивдик тармакка келишип тандап алган жолунун тууралыгын далилдеп бермекчи.
Кат куржундан

Тереў урматтуу Тєлєгєн Касымбекович!

Кылымдардын кыйыр мейкинин бойлогон кыргыз элинин кєркєм єнєрїн кїзгїдєй чагылдырган элдик ооз эки чыгармачылыктын пайдубалында тїпкїлїктїї калктын

каада-салты, адеп-ахлахы, ыйман-ызааты, кала берсе тарых санжырасы калыптанганы кадимкидей эле кєрїнїш.

Журтчулугубуздун бактысына илим-билимге кеўири мїмкїнчїлїк берилген Совет заманында анын кєрїнїктїї инсандары чыгармачылыктын єр жолунда орошон ийгиликтерди жаратышкан. Алардын калеминен жаралып, китеп болуп басылып чыккандары элибиздин мухиттей тереў рухий дїйнєсїн байыткан жана мындан ары да байытып, эгерим азайбаган асыл мурас-кенчибизге айлана бермекчи. Тагдырдын буйругу менен Сиз урматтуу Тєлєгєн Касымбекович ошол инсандардын кєч баштоочуларынын катарында турасыз. Келкел заманда, келечек муундар їчїн Сиздин ар бир сєзїўїз табериктей табылгыс болуп калат. Мына ушуларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Борбордук Мамлекеттик архиви Сизге єздїк фондуўузду ачуу сунушу менен кайрылып, китептеринизди, кол жазмаларынызды, айтор єзїўїзгє байланышкан ар тараптуу маселелерди камтыган иш кагаздарды мамлекеттик сактоого єткєрїп берїїўїздї суранамын.



Урматтоо менен,

КР маданият жана маалымат министрлигине караштуу

Мамлекеттик архив агенттигинин директору Ч.Абыкеев

Улукбектин санжырасы



Улукбек 1394-жылы 22-мартта Самаркандда тєрєлїп, 15 жашында Самарканддын башкаруучусу болуп дайындалган. 1447-жылы Тимуриддердин династиясынын башчысы болгон. 1449-жылы 27-октябрда ордо чагымы менен уулунун колунан шейит кеткен. Дїйнє илим ааламында эў кєрїнїктїї астроном, математик, агартуучу катары єз орду бар.

Мырза Улукбек "Тєрт улус тарыхы"

(30-31-беттердеги маалыматтардын котормосу)
Нух пайгамбардын балдары

Хам уктап жаткан атасынын авраты (уяттуу жери) ачылып калганын кєрїп каткырып кїлїп жиберет. Анын бул кылыгына Сам ыўгайсызданып, атасынын авратын (уяттуу жерин) жаап, кечирим сураш їчїн ынтылат. Ал эми Яфас Хамдын бей адеп кылыгына ачууланып, ага атырылат. Хам да тим калбай Яфаска кол кєтєргєндє экєєнїн ызы-чуусунан атасы азирети Нух пайгамбар ойгонуп кетип караса Хам менен Яфас кармашып, Яфас їстємєндєп жатыптыр. Самдан алардын жаўжалы эмнеден чыкканын сураганда уялып жооп бере албайт. Балдарынын жаўжалы кантип чыкканын сураштырып билген Нух пайгамбар Самга : " Алла таала Сенин перзенттериўди илимдїї, такыба жана олуяларга айлантсын!", Хамга: "Жараткан сенин тукумдарыўан караларды жаратсын", ал эми Яфаска: "Кудай Сенин жана перзенттериўдин адамдык бийик сапатыўарды арттырып, ардактуу, кадырлуу абийир берип, тукумуўду єзїўїн жолуўу жолдогондордон кылсын." деп бата кылат.

Тарых айдыўында кєпчїлїгї жогорудагы накылдын таасирин жоготуунун аракетин жасоого тырышып, Хам тууралуу кылынган дубаны башкача тїшїндїрїїгє аракет жасашат: Болсо болгондур. Ар кандай тагдырда бул їч ага ини ар бири єз тиричилигин жасашып, атасынын дубасынан жана жараткан насип эткен ырыскыларын издеп їчкє бєлїнїп кетишкен.

Азирети Нух пайгамбар буудай ыраў, єзгєчє мээримдїї, шадылуу, кєзї бакыракай, кабагы бийик, карылуу, айрым учурларда ашкере каардуу жана ачуулуу болгон.

Топон башталаардан хижратка чейин 3984-жыл єткєн дешет.(1)

Хамдын "Жахоннама" маалыматында Абурайхан жана анын шакирттеринин тактагандыгына караганда Топон башталган жумадан хижраттын бейшембисине чейин 3725 жыл 348 кїн єткєнї эсептелген.(2)

Аловиддин ибн аш-Шотир Димошкий єзїнїн "Китоби нузхатун-назир" деген эмгегинде Топондун башталышын бейшемби кїн деп белгилеген. Топон башталган бейшембиден хижраттын бейшембисине чейин 3725 жыл 350 кїн. Бул жылдардын кїндєрї 13 лак ( жїз миў) 59975 кїн болот.(3)

Убакыт учкан куштай. Бир катар аалымдардын жазганына караганда Адам алейхиссаламдын жерге тїшкєнїнєн Нух пайгамбардын Топон суусуна чейин 2242 жыл єткєн деп айтылат. (4)

"Жохонноро" китебинин ээсинин жазганына караганда бул аралык 2200 жыл.(5)

Айрымдар Заххакты ушул доордо жашап єткєн дешет.(6) Бул туура эместир. Эмнеге дегенде ишенимдїї тарых китептеринде Заххакты Мархасп ибн Тоз ибн Арам ибн Сам ибн Нух алейхиссаламдын уулу деп жазган. Заххок Нух алейхиссаламдын кылымына жакын деген маалымат талаштуу маселе. Себеби, Нух алейхиссалам бул ааламдан єткєндє ал кишиден їч уулдан башка тукум калган эмес.


Тїшїндїрмє

1. Топон суу башталаардан бїгїнкї кїнгє чейин тактап эсептегенде 3984+1428=5412 жыл болот экен.

2. "Жаханнама" эмгегинин єзєгїндє турган жыл санак боюнча алганда азыркы кїнгє чейин 3725,348кїн+1428= 5153 жыл 348 кїнгє туура келет.

3. "Китоби нузхатун-назир" деген эмгектеги тактоо боюнча топон башталгандан хижраттын бейшембисине чейин 1миллион 359миў 975 кїн эсеби чыкты. Ал эми топондон бїгїнкїгє чейинки жалпы 3725,350+1428= 5153 жыл 350 кїн жыл арымы такталаар.

4. Айрым аалымдардын белгилєєсїндє Адам атадан бїгїнкїгє чейин 5412+2242=7654 жыл болоору божомолдонот.

5. "Жохонноро" эмгегинде жазылган кабар боюнча 5412+2200=7612 жыл болгондой.

6. Е.М. Мелетинскийдин жетекчилигинде "Советская энциклопедия" басмасынан 1990-жылы чыгарылган "Мифологиялык сєздїктїн" 672-бетинде " Заххак--Иран мифологиясында учураган Иран падышаларынан такты тартып алып, падышаларды єлтїргєн чет жердик душмандардын падышасы."-деп берилет.

Котормочудан: Жогорудагы Улукбек мырзанын эмгеги балким кыргыз окурмандарына тааныш эместир. Биз, ошондуктан мїмкїнчїлїктїн жетишинче єзїбїз зарыл деп эсептеген санжыра башатынан бир їзїм маалыматты маанисин бузбай назарыўыздарга сунуштоону туура кєрдїк. Кудай буйруса, тарых айдыўында мыкты бийлик эгеси эле эмес аалым, акын, агартуучу, тарыхчы катары аты калган Мухаммед Тарагай Улукбектин жетекчилигинде жазылган "Тєрт улус тарыхы" аттуу эмгектин орчундуу жерлерин мындан ары сунуштап турабыз. Адам атадан бїгїнкї кїнгє чейинки жыл санактарын Улукбектин астроном жана математик катары так эсебин алып, алабармандыкка жол бербестигине ишенгенибиз їчїн коштук. Бул аракеттер учурда талаш-тартышты жаратып жаткан башатка ишенимдїї далилдер менен кароого ачкыч болуп берээр.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет