Качкыналы Сыдыгалиев, 2010. Бардык укуктар корголгон



бет3/7
Дата27.06.2016
өлшемі0.49 Mb.
#161667
1   2   3   4   5   6   7

КУДАЙЧЫ
Мен көр оокат менен Ош базарына барсам, эл көп өткөн жерде адатагыдай эле жети-сегиз адам кудайы сурап отурушуптур. Бул биздин капиталистик доорунда көнүмүш болуп калган. Эч буйдалбай өтөбердим. Бир аз картошка, бир кило эт алып кайра келатып жайдын саратынында эркектин спорттук курткасын кийип, башына тытылган калың жоолук салынып, чачы кайчы менен тарбылала кылып алынган төрт-беш жаштагы баланы кучактап бир кемпир четте кудайы сурап отуруптур. Өңү негедир жылуу учурайт. Чөнтөктөн бир сом алып бечерага берип коёюн деп кайрылып калдым. Улам ага жакындаган сайын кадамым өзүнөн өзү жайлап, бутум шилтенбей калды. Эптеп маңдайына токтоп, тааныдым. «Саламатсызбы, эже?» – дедим. Ал саламымды алик албай кунары кеткен көзү менен мени кайдыгер бир тиктеп тим болду. Адашып атамбы же кулагы катуубу деп күмөн санап үнүмдү бийик чыгарып сурадым:

– Сиз Салый эжесизби?

Кемпир бу сапар башын көтөрүп, алаканы менен күндөн көзүн калкаалап менин жүзүмө тигиле тиктеп алды да:

– Ооба, менмин. Салыймын. Сен кимсиң? – деди.

Анын каргылданган үнүндө ызага баткандык, корунгандык сөзилип турду. Көпкө тиктешине караганда көзү да начар көргөнү байкалат.

– Мени тааныбай жатасызбы жарыктык, мен Бусурманкул эмесминби.

– Кайсы Бусурманкул?

– Билесизби айылдагы Ташболотту, мен ошонун баласы болом.

– А, алиги арабакеч Ташболотбу? Билем. Согушка атам менен бирге кетип келбей калбадыбы, кайран киши. Аны кантип унутайын. Бул каран калган шаарга келип кийинкилерди тааныбай да, билбей да калбадымбы…

Армандуу дүйнө. «Аргымакты арыганда, эрди карыганда көр», – деп бекер айтпаптыр.

Салый эже ким эле? Учурунда кер маралдай керилген, айтар сөздөн эринген, жылдызы жанган, жигиттердин сугун арттырган айылдагы аялдардын сулуунун сулуусу эмес беле…

Салый эже өзүбүздүн айылдык кыз болчу. Мен бала кезде бойго жетип, он беш-он алтыга келип калган. Шыңга бойлуу, мүчөсү келишкен, аппак жүзүнө бакыракай көзү жарашкан, киши менен сүйлөшкөндө күлүп жадырап жайнап нур чачып турчу. Ченеп тигилген чыт көйнөгүнөн бели кындай, бети айдай болуп «мени көрдүңбү?» дегенсип кыз баланын жетилип калган денеси гүлдүү көйнөктү тиреп, сүрөттөй тартылып көздүн жоосун алчу. «Адамды жакын кылган акылдан эмес мүнөздөн» деп анын жумшак мүнөзү эркек, аялдардын баарына жакчу. «Мектептеги агай, эжелер да муну жакшы көрөт» деп эл кеп кылып калар эле. Салый эже он сегизге жашы жетпесе да оозго илинип, көзгө көрүнүп, куда түшө тургандар четтен чыгып калганда «Багы жокко, дагы жок» болуп согуш чыгып кетти. Жашы туура келген кишилер, күчкө толгон жигиттер армияга жапырт аттанышты. Алардын артынан жашы жеткендер убай-чубай кетебашташты. Тылдагы жумуш чал-кемпирлерге, аялдарга, мадра баш бизге окшогон балдарга калды. Бейиш жашообуз тозокко айланды. Согуш батышта өрт болуп кан төгүлүп жатса, биз тылда күндүр-түндүр тынбай иштеп жаттык. Кыйналганды, ачка болгонду айтпа…Эл кирпиктен тартса жыгылгандай болуп чарчаса да кабагым, кашым дечү эмес. «Согуштагы атабыз үчүн, агабыз үчүн, балдарыбыз үчүн, совет эли үчүн иштешибиз керек, жоокерлерди тамак, кийим менен камсыз кылышыбыз керек» деген ураандын астында тыным албай иштейберчүбүз. Салый эже курактагылар соко айдап, чалгы чаап, кары кишилерге кол, бут болуп сугатка жардамдашып эгин сугарып, кулак байлочу. Жумуштун оорун аткарышчу. Анын апасы курактуулар бир же эки гектер кызылча алып багышчу. Биз жазда буудайдын отоо чөбүн отоп, күздө эл менен бирге орок оруп, машак терчүүбүз. Кырманда күндөп-түндөп малаташ тарткан атка минип эгин бастырчубуз. Ачка кылжыйып чөп тырмап, чөмөлө салганды айтпа…

Күз айы болчу. Иш оор. Кол күч жетпейт. Кызылча казылып аткан. Аялдар күндүз күрөктөп кызылча казып бир жерге үймөктөп, кечте беш-алтыдан чогулуп чырактын жарыгы менен кызылча аарчып, бириникин бүтүрүп, анан экинчисине өтүп турушчу. Караңгыда биргелешип иштөөнүн негизги максаты чогуу отуруп эрмектешип иштөө экен. Мен аны кийин түшүндүм. Айдын жетиси-сегизи болуп жер жарык болбосо да күүгүм көлөкө эле. Мен апамды ээрчип, Салый эже «кой, эс ал. Эртең жумушка барасың» дегенге болбой ал да апасына жардам берип келип калды. Темир уста жазап берген оор бычак менен кызылча аарчып отурабыз. Мен үргүлөй баштадым. Апам жарыктык:

– Салый садагасы, сен кызылча аарчыганыңды кой, бизге демге дем кошуп ырдап бер, – деп калды. Аялдар колдоп кетти. Салый эже кызылча аарчыганын токтотпой ырдап кирди. Үнү бийик, уккулуктуу, укмуштай мукамдуу экен.



Ай тийген тоолор беш кабат,

Алтын куйрук жез канат.

Жекеле жаштык бизде эмес,

Атадан калган салтанат.

Күн тийген тоолор беш кабат,

Күмүш куйрук жез канат.

Бүгүнкү жаштык бизде эмес,

Илгертен калган салтанат.

Молотуп колхоз баш жакта,

Ойноп күлгүн жаш чакта.

Ойнобо деги күлбө деп,

Жазылган бекен устапта.

– деп махабат ырын созолонтту. Аялдар коштоп, сүрөп «Бали! Бакылуу бол! Атаң аскерден аман келсин! Соктур!» – деп өчүп бараткан отко куурай таштагансып, күнү иштеп чарчап, ага да болбой түнкүсүн каржалган аялдар жандана түштү. Анан ошол мезгилде эл оозунан түшпөгөн, жүрөгүн эскен ырга өттү. Аталардын, агалардын армияга кетенин, кан кечип согушканын, сүйгөн жигиттер ал жакта, сүйгөн кыздары бул жакта зарыгып күтөкөнүн. Душман жеңилип, фашистердин талкаланышын тилеген ыр биринин артынан бири төгүлүп жатты. Менин уйкум ачылып кетти. Бир маалда карасам колдорундагы асма чыракты жылдыздай жылтылдатып айлана-чөйрөдөгү аялдар келе баштады. Бир аздан соң эл толуп кетти. Согуш жөнүндөгү ырды ырдаганда бышактаган үн, мурдунун суусун шор тарткан ыйдын ызасы угулат. Мен анда экинчи класста окусам да ал ыйга анчалык маани бербепмин. Бул ый эмес эле жүрөктөн агып чыккан кан экенин түшүнбөпмүн. Башка түшкөндө гана билип жүрөм. Салый эженин атасы мурун каза болгон. Менин атамдан кийин кара кагаз келип, эл чогулуп «Атаң согушта душман менен салгылашып баатырлык менен каза болду» деп угузганда гана армандуу ырдын азаптуу сырын ошондо билип жүрөм.

Салый эже атадан жалгыз эле, эл көргөн кордукту көрүп жетим болуп кала берди. Кырк төртүнчү жылдын сентябрь айынан баштап мугалимдердин жогунан РАЙОНО аны баштапкы класска мугалим кылып коду. Бирден төртүнчү класска чейин сабак берет. Эртең менен түшкө чейин мектепте иштеп, түштөн кийин колхоздун ишине кол кабыш кылат. Энесинин кызылчасынан чыкпайт. Мен да андан окуп калдым. Согуш аяктап калган жылы Мукай деген жигит аскерден келип калды. Бечаранын колуна, көкүрөгүнө осколка тийиптир. Зымпыйып майып болгонун билгизчүү эмес. Ал келери менен башкарма биргадка жардамчы кылып дайындап койду. Аңгыча каран калган кандуу согуш жеңиш менен аяктап Мукай Салый эжеге үйлөндү. «Жарашыктуу жуп болушту», – деп апамдын айтканы эсимде. Салый эже бирнече жыл төрөбөй жүрүп кийин боюна бүтүп калды. Апам жарыктык өз келининин боюна бүткөндөй кубанганын айтпа. Эл да кубанып калышты. Айлыбызда жетинчи класска чейин мектеп болгондуктан мен башка мектептен окууга аргасыз болуп, башка айылга барып жатып окудум. Онду бүтүп институттка кирдим. Сыртта жүрүп айылдан алыстап, анда-санда барганда жаңылыктарды укпасам айыл менен анчалык катташым жок. Периштедей болгон, эмгекчил, эрки күчтүү ошол Салый эженин бомж кейпин көрүп туруп зээним кейиди. Суроо берүүгө оозум батпай:

– Эже, жүрүңүз, чайханага кирип тамактаналы, – дедим.

Тамактын атын укканда бала жалт карап оозуна толо калган шилекейин ирмеп жутуп алды. Чагымда ачка окшойт. Чайханага кирип бирден лагман жеп, тандыр нан менен чай ичтик. Балага кокакола алып бердим. Курсак тоюп көңүл жайланганда:

– Салый эже, бул абалга кайдан капталдыңыз? Кудайы сураганча айылда отурганыңыз оң болбойт беле? – деп жүрөктү өйүгөн суроону узаттым.

Салый эже ичкен ашы өзөгүнө түшүп кеттиби же менин суроом өзөгүнө өрт таштадыбы ким билсин бир аз үн катпай, анан терең улутунуп алды да:

– Ээй, иним, – деди кейиген кейпин жазбай, – ээси эки кылайын десе, кудай бир кылыптыр дейт. Анын сыңарындай менин чоң тилегим бар эле, бирок аным ишке ашпай калды. Сенин эсиңде барбы, жокбу билбейм сен окууга кеткен жылы менин алты айлык боюмда бар болчу. Аман эсен көз жарып эркек төрөп алдым. Атын Жеңишбек койдук. Кубанып чагынча той өткөздүк. Жеңишбек жети айга толуп калганда атасы кан түкүрө баштады. Докдурга барып рентгентке түшсө өпкөсүндөгү осколко козголуп, өпкөсү сезгенип калыптыр. Кийин өпкөсү ириңдеп кетиптир деп айтышты. Дарылап айыктыра албады. Өлүп тынды, алтыным. Бир жыл аза күтүп, оорукчал апамдын колуна кайра келдим. Апам ооруга туруштук бералбай жыл өтпөй ал да каза болду. Ушинтип атам салдырган заңгыраган чоң үйдө уулум экөөбүз калдык. Ырмайып-чырмайып уулумду чоңойттум. Ал коларага жарап, үйлөнүп айылда иштеп калганда «Горбачовтун кара баскан кайра куруусу» башталды. Кайра куруу заманынын таасиринде кыргыздар эгемендүүлүкө ээ болуп, Кудай бетин көрсөтпө «Өзүбүзчө мамлекет болдук» деп дуулдап кубанып, өзү билип, өтүгүн төргө илип калышты. Сен өзүң жакшы билесиң демократиянын таасири менен мамлекет башына мурун өндүрүштө иштеп көрбөгөн, пахта менен кызылчанын эмне экенин билбеген окумуштууну преизидент кылып шайлап алышты. Ал кылымга жакын кашыктап чогулткан эл байлыгын чөмүчтөп чачып таламанга салды. Алдуусу жулуп алып, амалдуусу алдап алып, карапайым калк кашайып куржалак калышты. Эл мүлкү таланып, завод, фабрика токтоп, колхоз, совхоз жоюлуп иш жок, эл тенте башташты. Чыйрактары чет мамлекетке барып жалданып иштеп, айылдык эл агып шаарга киришти. Ошондо уулум айылдагы үйдү сатып шаарга барабыз деп калды. «Ээй, кулунум, кулактуу болобуз деп мүйүзүбүздөн айрылып калбайлы. Бул замандын түрү жаман. Көнгөн жерибизде жашаганыбыз оң го» десем болгонжок. Үйдү, колдогу бирин экин малды сатып Бишкектен үй алдык. Балам майда соода кылып жүрүп чоң бизнеске өтүп кетти. Турмуш оңолуп, курсак тойду. Жакшы жашап турганда үйдү күрөгө коюп чоң акча алып Россиядан тавар апкелгени кетти. Ошобойдон кайрылган жок, каралдым. Кабарын да билалбадык. Аялын артынан издетип жиберсем, уулумду бандиттер өлтүрүп кеткенин кат менен угузду. Өзү ошол жердеги тажик жигитке күйөөгө чыгып ошо бойдон кайрылган жок. Бир күнү кридитке акча берген банк милиция менен келип бизди үйдөн кууп чыкты. Талаада калдык. Ушул неберем экөөбүз квартирада жашап турдук. Чекесинен колдогу үй оокатты сатып түгөтүк. Акча жок квартираны бошотуп берүүгө аргасыз болдук.

– Эми кайда жашайсыз?

– Чала тааныш бир аял боору ооруп терезе, меши жок кичинекей кампасын бошотуп берген. Ошондо жашайбыз.

– Оокат кандай?

– Көрүп турбайсыңбы… Амалым түгөнүп, айлам кеткенде бетти тултуйтуп, аппак бетти карайтып айласыз кудайы сурап отурам. «Кирейин десем жер катуу, өлөйүн десем жан таттуу» болуп турган учуру. Акыры башка бир өлүм деп өлүп да алат элем, бирок неберемди кантем? Көкүрөктө жан турганда небереме каралашайын. Көзүм өтсө өз күнүн өзү көрөр, балким энеси келип калар, эмне болсо да кудайдын бир айтканы бардыр…

– Айылга барбайсызбы?

– А, иним айылдагы элдин баары кыйналып, уйунун сүтүн, тоогунун жумуркасын балдарына бербей сатып жан багып аткан эл мени батырабы? Батырбайт. Анын үстүнө эримдин ал жерде бир да тууганы жок. Мен кимге батам?..

Салый эженин арыз муңун укканда жүрөгүм сыздап чыкты. Көңүл көтөрөр, жан эритер сөз таппай калдым. Кастарлаган падышабыз иштин көзүн көрө билбегендиктен жалпы элди кедей кылып, итке мингизип коюп качып кетти. Кыз, келиндер жокчулуктун айынан денесин сатканы жанды кейитип, намыска тийет. Айла канча, колдон коко тыйын жардам болбогон соң какшап айтып, каңырыгың түтөп тим болосуң. Кыргыздын кылымдап жаралган боорукер салты топон сууга аккансып жоюлуп баратат. Башка улуттун жаман жагын алып коркутмай, тономой, алдамай, өлтүрмөй, ата-энесине карабай кетиш күндөн күнгө көбөйүүдө. Байга кедей көзкор. Капитализм закону ушул экен. Алдуусу жашамай, алсызы тебеленип, тепселип жок болмой. Мен политех институтун бүткөм. Инжинермин. Азыр иш жок сантехник болуп иштейм. Тапканым чай, нанга эптеп жетет. Кээде эти бар тамак жеп калабыз.

«Эже, барына насыр, жогуна кайыр» дейт эмеспи, капа болбой муну алыңыз деп сатып алган продуктамды кемпирге карматтым. Эртеден бери чыйралып, чымырканып отурган Салый эженин көз жашы жамгырдай агып кетти.

– Берекем, – деди Салый эже ээ-жаа бербеген көз жашына эрк берип, – ырахмат кагылайын. Ылайым эле жамандык көрбө. Балдарыңдын убайын көр. Өмүрлүү бол алтыным, – деп алкады.

Мен дарегин алып, колдон келген жардамымды берүүгө ниеттенип жолго түштүм.

Кайра базарга кирип эки кило картошка алып үйгө кайттым…

АЯЗ АТА
Жайлобай демалыш күнү Бишкектин чыгыш автовокзалына келсе демейдегидей эл көп. Маршурутка дегендер толтура. Казкатар тизилип турушат. Машина айдоочулар кайтарапка барарын айтып, кыйкырып, айрымдары мигафон аркылуу кабарлап жатышыптыр. Ирети менен тизилген маршуруткаларды аралап тааныш бирөөнү жолуктура албады. Четте, майда дүкөнчөнүн жанындагы аялдан жүз элүү грамм самапалдан жутуп алды да кайра тартты. Тыяк-быякты караса илгерки автобуз дегендин дайны жок. Кайра куруу заманы келип, социализм жоюлганда рейистик автобуздар аны менен кошо жоюлган. Азыр капитализм доору үстөмдүк кылып Социализм мезгилинде кашыктап чогулткан дүнүйөнү талап, имараттарды менчиктештирип бузуп, талкалап жаткан учуру. Башка автовокзалда Алмата, Каракол тарапка барган автобуздар болбосо жакын арага жүрөн автобуз эчак эле алдым-жуттум адамдардын колуна өтүп башка жакка сатылып кеткен. Азыр элдин ишенгени маршуратка менен өзүмдүк такси. Кымбат болсо да экөөнүн бирөөнө түшөсүң. Түшпөскө айла жок. Арактан арткан акчасын ич чөнтөгүнө бекем катып бери бурула бергенде:

– Токмок. Токмокко ким барат. Үч орун калды. Отургула. Азыр жөнөйбүз. Тез отурсаңар тез кетебиз, – деп шофер машинасынын тепкичине туруп жарыялап атыптыр. Жайлобай ошол маршуруткага кирип, сол тараптагы үчүнчү орунтуктан, терезенин түбүнөн орун алды. Арадан аз убакыт өтпөй бош орунтуктар толуп, маршурутка ордунан жылып жөнөдү. Чоң жолго чыгып бирдей темпте машина зуулдап кетип баратты. Эртең мененки ачкарынга ичкен ичкилик Жайлобайдын ооруган башын басаңдатып, денеси жылып, көзү сыррта. Терезеден түрлүү түстөгү, арбашкача катар салынган үйлөр көзгө урунат. Машина ылдамдык алган сайын матору бир калыпта дуулдап, тал-теректер, зым карагайлар биринен сала бири артта калып жатты. Жайлобай атасынын ооруп төшөктө жатканын угуп айылга баратат. Катарда отурган киши менен капары жок, өзү менен өзү. Жүрөктү өйүгөн ой, түгөнбөгөн санаа тебелейт. Аялы Зыйнагүл эсине түшөт. Аны эркелетип Зыйнаш дечү. Былтыр, акыркы сапар ушундай маршурутканын, так ушул үчүнчү орунтугуна экөө катар отуруп шатыра шатман менен айылга атасыныкына барышкан. Эми миң көргөндүн бири жок болуп жалгыз баратат. Эх, армандуу дүйнө, элди бай, жарды деп экиге бөлүп, алсызды алдууга карактаган, калыссыз заман болбодубу. Зыйнаш музукалдык техникомду бүтүп, өзү унверситетти аяктаганда баш кошушкан. Алар окуп жүргөндө таанышкан. Зыйнаш сулуунун сулуусу эле. Кудай Таала ага бойду да, өңдү да, үндү да, жарокер жакшы мүнөздү да андан аяган эмес. Ага ашык болгон жигиттер көп болчу. Жүгүргөн албайт, буюрган алат демекчи Зыйнаш Жайлобайга буйруптур. Жайлобай да бою менен ою келишкен, сымбаттуу, ч ымыр, акылдуу, тамашакөй. Үйлөнгөн күнү «алакачты» кылып, кол кармашып жоро-жолдошу менен айылдагы үйгө кирип барганда ата-энесинин кубанганын айтпа. Атасы өмүр бою совхоздо чабан болуп иштеп, район боюнча алдыңкылардан болуп турганда призиденттин указы менен элүү бешинде пенсияга чыккан. Колхоз, совхоз тараса да малдуу. Бардар. Жайлоодо мал менен алек болуп жүргөндө, жайдын чилдесинде ушул уулу төрөлгөн. Жайлоодо төрөлдү деп атын Жайлобай коюп, ат чаптырып, улак тарттырып, балбан күрөнтүрүп дүркүрөтө той берген. Ошол алты кыздан кийин атасынын атын сактап, тукумун улаган уулу ушул. Шарт боюнча Зыйнаштын ата-энесинин астынан өтүп келгенден кийин бактын арасына тактайдан узун-узун үстөл жазатып, электр жарыгын тарттырып, лампочканы жылдыздай жайнатып таштап, күндүзгү жумуш бүткөндөн кийин, июль айынын салкын кечинде айылды бүт чакырып той өткөзгөн. Ошондогу жердештеринин көңүлдүү отурушу эстен кетпейт. Ичкиликтин таасириби же атасынын атайын жумуш күнүн аяктатып бак ичине конок кабыл алганданбы эл шаңдуу отурушту. Сармерден башталып ырдабаган киши калган жок. Бирин бири кысташып, бирин бири сүрөшүп отуруп сексенге чыккан чалды, таяк таянган кемпирди да ырдатышкан. Бир оокумда күйөө жолдош болуп барган Эстебес досу:

– Агайын туугандар, – деп ордунан туруп үн катты. Бал челектеги аарыдай бирине бири сөз бербей дуулдаган эл чоочун жигиттин сөзүнө кулак түрүп тып басылганда ал сөзүн улап, – сиздердин Жайлобай уулуңуздар жөнөкөй келин алып келген жок, ал атактуу ырчы келин алып келди. «Келинди келгенде көр» деген кеп бар эмеспи, келиндин илгеркидей себи болбосо да мукамдуу үнү бар. Ушул ырчы клиниңерди ырдатып көрсөңүздөр жакшы болгон турат.

Зыйнаш музукалдык техникомдо окуп жүргөндө эле филармониянын концертине катышып, ырдап эл оозуна алынып, көзгө түшүп бираз такшалып калган эле. Аяшынын артыкча мактап жибергенине кызарып уяла түштү. Кызып алган элге Эстебестин сунушу жагып:

– Туура! Ак сөз! Ырдасын! – деп айылдаш жоро-жолдоштору, улуу, кичүү дебей кол чаап колдоп кетишти. Элдин сыйына кубанып үстөлдүн башында бактыга батып отурган Зыйнаш «эмне кылам?» дегенсип Жайлобайга жалжылдай тиктеди эле ал:

– Уялба Зыйнаш. Ырда. Ырыңды эл уксун. Ушул айылдын ак сакал, көк сакалы баш болуп сенин урматыңа келип отурушат. Ырда! Тартынба! – деди.

Жайлобай туруп барып үйдөн комузун алып чыккыча Эстебес отургучту сахнадагыдай обочо, көрүнүктүү жерге коюп даярдап койду. Зыйнаш алгач залкар күүлөрдү чертпесе да обонуу күүлөрдөн чертип элдин кол чабуусуна татыктуу болду. Анын негизги өнөрү ыр. Ал коңур үндүү, кулакка жагымдуу, сезимге сиңимдүү кандайдыр элди өзүнө тарткан, айтып түшүндүрө алгыз музыкалдуу тубаса үнү бар эле. Ал ырдаганда жүзүнөн сүйкүмдүү күлкү төгүлүп, карегинен кадимкидей нур чачырап турчу. Баарынан да анын бакырайган карат көзү ырдаганда да, сүйлөгөндө да күлүңдөп маектешкен адамын өзүнө магиниттей тартып алган өзгөчө касиети бар болчу. Ал ырдаганда аял, эркек дебей кирпик какпай суктанып тиктеп турушар эле. Бул сапар Зыйнаш эргүү менен ырдады. Алгач комузду отуруп черткен менен ырдаганда туруп туруп ырдады. Комуздун коштоосу менен мукамдуу үнү бийик чыгып түнкү айыл жерин жаңыртты. Жердеги эркек танаалар эмес, ачык асман астында, жымыңдаган жылдыздар жалт-жулт этип алыстан атайы тамшанып тиктеп тургансыды. Жагымдуу шаңдуу маанайды коштоп Ала-Тоонун аймагынан ашыгып түшкөн түнкү сыдырым салкын жел да Зыйнашты коштоп, ак тилек, ак бата менен салынган ак жоолугунун булуң бучкагын желпилдетип демине дем кошуп, беттен сылап сергитти. Келинди аппак жүзү асманда ай жок болсо да жылдыздай жымыңдап жайнаган электр жарыгына чагылышып толгон айдын турпатын элестетип жиберди. Зинаш аянбай ырдады. Анан калса репертуары көп экен. Бирине бири окшобогон ырлар биринин артынан бири куюлуп турду. Эртеден бери мен кыйынмын деген айылдык ырчы келин-кыздардын ыры Зыйнаштын ырынан кийин шоона эшпей калды. Улуу-кичүү дебей кол чаап бир айткан ырын суранып кайра-кайра ырдатышты. Зыйнаш да жетишкен ийгиликке элөөрүп, жоргосунан танбай, тартынбай ырдап берди. Июль айынын кыска түнү кантип өтүп кеткенин эл сезген жок. Таң кулан өөк тартып агарганда гана эл аргасыз тарашты. Ох, чиркин! Эл астына артистерге окшоп жазанып кийинбесе да ошондогу Зинаштын турган турпаты, сулуулугу элди суктандырды. Укмуш эле болчу. Эл тарап кеткенден кайын энеси:

– Кел балам, – деди шашкалактап, – эл деген эл. Элдин арасында жаман көздүүлөр да, жакшы көздүүлөр да бар. Ушу сага элдин көзү тийип кетпесе эле болду. Отур, – деди.

Зыйнаш сыңар тизелеп отурганда чыныдагы сууну башынан айлантып: «Көзү жаманга барсын. Пейли бузулганга барсын. Көрөлбаганга барсын. Жаман ойлууга барсын. Кытмыр бойлууга барсын. Сугу түшкөнгө барсын. Сага көз тийбесин, балам», – деп чыныдагы сууга түкүртүп жерге төгүп, чыныны киши баспаган жерге көмкөрүп койду.

Айт болот, айттын эртеси да болот деп той да бүттү. Келин-кыздар чачылган-чучулганды чогултуп, идиш аякты тазалашты. Бактын көлөкөсүндө жаткан Жакып кемпирин чакырды:

– Ай, байбиче бери келчи.

Чарчаган кемпири каалгый басып чалынын жанына отурду.

– Билесиңби, байбиче, – деди Жакып табышмак сөз баштап, – мен оюмдан кайттым.

– Ии, ботом ал эмне ой?

– Мен сага айтып жүрдүм элего, – деди Жакып, – уулубуз келин алса чогуу жашайбыз деп. Мен ойлогондой болчу көрүнбөйт.

– Эмне болуп?

– Келиниң ырчынын окуусун бүтүптүр. Артис турбайбы. Жакшы ырдайт экен. Ага ылайык бул жерде иш жок. Анын үстүнө уулуңдан чекесин чыгарып сурасам ал айыл жерине тургусу жок. Аялына карап атат го, шумпай…

– Ушул алдым-жуттум оор заманда, кымбатчылык кыйын мезгилде үстүндө үйү жок болсо шаарда кантип жашашат. Заман оңолгончо, эл тоюнганча айылда эле болуп турганы жакшы эмеспи. Шаарга кийин да барса болот да…

– Биз айткан менен алар болбойт. Андан көрөкчө үй сатып берели.

– Кайсы акчаңа?

– Акча бар. Мал деген сатсаң акча болот.

– Өзүбүзчү?

– Өзүбүзкө да жетет. Саап ичерге бир уй, минерге бир бээ, он чакты кой калса болду. Кур эмеспис. Кыздар бар. Элдүү түлкү ачка өлбөйт дейт эмеспи, кемпир. Балдар кыйналбасын.

Ата-энеси сүйлөшүп, колундагы малын сатып, жетпегенин карыстап алып шаардын микро районунан бир бөлмөлүү үй алып беришкен. Экөө ээн-эркин ошондо жашап калышкан. Андагы кубаныч артыкча кубаныч эле. Бир бөлмөлүү үй хан сарайындай сезилчү. Жайлобай мектепте мугалим болуп балдарга тарыхтан сабак берип, Зыйнаш филармонияда иштеп азыноолак акча табышчу. Ал айлык да убагында тийчү эмес. Айрым учурда мугалимдерге айлыктын ордуна ун, самын, калаберсе кайдагы бут кийим беришчү. Турмуш оор болчу. Антсе да эки жаштын сүйүүсү өчпөй, келечектеги жакшылыктан үмүтү үзүлбөй жашап кыздуу болушту. Кызы алты ай болгондо тайенесине жеткирип берип Зыйнаш ишке чыкты. Ал күндүз репитицияда болуп, кечте концерт берет. Филармониянын артистери топко бөлүнүшүп концерт бергендиктен Зыйнаш баарына катышат. Жайлобай кечте дайыма аялынын канцертине барат. Концертмэйистер алгач начар дегендерди чыгарып ырдатып, бара-бара жакшыларына өтөт. Эң жакшы дегени артында калат. Зыйнаш да артында чыгат. Ал жазанып, улут киймин, үкүлүү тебетейин кийип чыкканда анын сымбаттуулугу, сулуулугу ошол жердеги аялдардын шаабайын түшүрүп, «мен да ушундай сулуу болсом» деген ойго жетелетет. Анын ырдаганы, артистик манерасы көргөн элди суктандырбай койбойт. Ал ырдап бүткөндө дүркүрөгөн кол чабуулар залды жаңыртып көпкө басылбайт. Ошончо элдин ичинен эт жүрөгү эзилген эркек табылбай койбойт. Сөзсүз бирөө чыгып гүл десте берет. Жакеңе бир жагынан аялынын угуучулардын жогорку бааласына, сыйына кубанса, бир жагынан кысканат. Концерт бүткөндөн кийин экөө ээрчишип, маршураткага түшүп үйгө келишет. Күндө барып жүрүп Жайлобай артистер менен аралашып, таанышып кетти. Колунда бардар машинасы менен келип кетишет. Бир күнү Зулпукар деген жигит:

– Кошуна. Зыйнаш экөөңөр шашпасаңар биз менен эле бирге келбейсиңерби. Маршуруткага берген акчаны чогултуп жумасына бир жолу мени кафеге алпарып турасаң болду, – деп тамашалап калды.

Акыйкатта Зулпукар кошуна эле. Катар микрорайондо турчу. Аялы экөө филармонияга чогуу келип концерт берип, чогуу кетишчү. Ушул күндөн баштап Жайлобай анда-санда концертке барганы болбосо аялын тозуп барбай калды. Эртеңки сабакка даярданып, канспекти жазыш үчүн шарт түзүлүп жеңилдик боло түштү. Бирок аялынын кежирлиги көбөйө баштады. «Башка артистер сахнага чыкканда ар күнү, арбир номерде ар башкача кийинип чыгышат. Ошолордун арасында жетим улактай жүдөгөн мен эле», – деп кулактын кужурун алчу болду. Бир сапар эри:

– Алтыным, эл бир ставкада иштесе мен биржарым ставкада иштейм. Андан артык эмне кылам? Уурулук кылып, эл тонойунбу? – деди.

– Сени бандит бол деген эчким жок. Элдин көбү мугалимдикти таштап башка иш кылып жүрүшөт, сен да ошентсең эмне болмок!

– Эмне кыл дейсиң?

– Соода кыл. Элге кошулуп Россияга барып табар апкелип сат.

– Эмне, челночный бизнес кыл дейсиңби?

– Ошент. Мугалимдин айлыгы менен эчкачан жарыбайбыз.

Зыйнаштын айтканы да ырас. Жайлобай менен бирге иштеген айрым мугалимдер эбак эле ишин таштап Ош, Дордой базарына өтүп кетишкен. Көпчүлүгү базардан орун алып, такай отуруп чайкоочулук кылса, айрымдары майда сатыктан паар таап оңолуп кантейинер сатып алып, чоң бизнеске башоту менен кирип кетишкен. Ал да аларды көрүп ойго батып, соодоны эмнеден баштарды билбей жүргөн. Аялынын айтканы түрткү болуп Жакең мугалимдикти таштап соодага өтүп кетти. Алгачкы учурда тааныштардан карыс акча алып поезд менен Москвага барып табар апкелип алуучуларга оптом «чогуу» өткөрүп берип турду. Алуучулар «баланча-түкүнчө апкел» деп заказ беришет. Ал заказды аткарып, андан башка өтүмдүү табарларды апкелет. Сооданын сорпосун таткандан кийин иш дагы оңолуп, оокаттары жакшы болуп калды. Карыздан кутулуп, кийим-кечек кийип, кемпир чалга жардамдашып оңоло түшүштү. Ичара жүк ташыганга эски москвич машина сатып алышты. Жайлобек жумалап сыртта жүрүп келгенче келинчегин сагынып кечинде жол карап күтүп калат. Ал анда-санда эрте келбесе дайыма кеч келет. Ал жокто тамак жазап, үстөлдүн үстүн жайнатып коюга аракеттенет. Көпчүлүк учурда атайылап жазаган тамакты ичмек түгүл карап да койбойт.

– Алтыным, тамактан ичсең боло. Сени келет деп сонун, даамду тамак жазап койдум, – десе:

– Филармонияда бирөөнүн туулган күнү болду же бирөөлөр банкет уюштурду деп коёт. Төшөкө жатканда «чарчадым» деп тескери карап кетчү болду.

Бир бөлмөлүү квартиранын терезеси көчө тарапта. Чоң көчө жарык. Машинанын келгени, кеткени көрүнүп турат. Айрым күнү кеч киргенде, аялы кечиккенде чыракты өчүрүп жатып алат. Уктайын десе уйкусу качкан мезгилде «катыным качан келет» деп көчөнү карап телмирип турган учурлар көп болот. Бир сапар майке турсичен болуп, караңгы үйдөн терезеден жарык көчөнү карап отурса мерседес машина келип үйдүн тушуна токтоду. Рульда отурган эркек айланып келип машинасынын эшигин ачканда аялы ак маралдай керилип машинадан чыкты. Экөө кучакташып, өбүшүп, эзилип жатып араң коштошушту. Жайлобай ичинен сызып кысканып отурганда коңгуроо бирөө кууп келаткансып демейдегиден ашыкча узак шыңгыражы. Эри жарык күйгүзүп тозуп алды. Аялы кызуу экен. Ал эринин суроосуна эчтеке болбогондой «филармонияда банкет болуп кеч тарадык. Машина жок такси жалдап келдим» деди оозу, мурду кыйшайбай. Жакең билмексен болуп үн каткан жок. Эртеси да, аркы күндөрү да кечээки көргөн окуя кайталай берди. Өзүмдүк эмес өкмөттүн машинасы экени номеринен байкалып турат. Катуу айтып, аялынын көңүлүн калтырганга батынбады. Бир сапар эртең менен ашканада бетмаңдай тамактанып отурганда сурап калды:

– Алтыным, сени дайыма бир машина жеткизип келет, ал ким?

– Ким болмок эле, бирге иштешкен тааныштар, – деп бурк этти аялы.

– Сени жеткирип келген киши президенттин кароолчусундай дайыма машинанын эшигин ачып, сен чыкканда кучактап, өөп, анан сен подьезге кирип кеткенче карап турат. Ал эмне сенин кароолчуңбу?

Аялы мындай сөздү күтпөгөнбү же дайыма эрине жини келип жогорку тепкичине жеткенби, ким билсин, оозундагы чайнаган нанын токтотуп, заарлу тиктегенде көзүнөн от чачырап кеткенсиди.

– Өпсө эмне экен, – деди өмүрүндө эрине каршы сүйлөбөгөн Зыйнаш, – элдин баары эле сен дейсиңби, аял сыйлаганды билбеген, өмүрү жарыбаган…

– Байкап сүйлө, Зыйнаш. Кесир кылган жарабайт, – деди Жайлобай, – элчилеп эки кабат особнаягыбыз болбосо да үстүбүстө үйүбүз, кийиерге киймибиз, ичерге ашыбыз бар. Жетишет.

– Жетишет, жетишет! Качан болсо жетишет. Кудайчы эмесбиз дейсиң. Элди кара. Элдей жашабайсыңбы кыйын болсоң! Алар өздөрү да жыргап, аялын да жыргатып жатат. Алардын үй күчүк болуп үйдөн чыкпаган аялдарынын кийингенин көрсөң арыңдан өлөсүң.

Жайлобай жарын ачулуу тиктеп сөз таппай калды. Ачкөздүгүнө, дүнүйөкорлугуна таң калып:

– Анда ошол байларга, мансаптууларга тийип албайсыңбы! – деди.

Зыйнагүлдүн пейили эчак эле бузулган. Эрине кетем деп оозу батып айталбай, эринен чырды, урушууну, ушул кекээр сөздү күтүп жүргөн. Ал дароо эле:

– Тийем эле. Сага окшогон жарыбаган менен өмүр бою кыйналып жашаганча, бай жашаган менен аз күн болсо да жашаганым оң, – деп булкунуп ордунан туруп кетти.

Алтыным деп алчактаткан аялынын жыландын ышкырыгындай сөзүн укканда Жайлобайдын жети өмүрү жерге кире түштү. Сөз да ушуну менен бүтүп, чай да ичилбей калды. Мезгили жетип Жайлобай Россияга таварга барып кайра келсе үй адатынча бек. Үстөлдүн үстүндө кат жатат. Алып окуса: «Мен сага окшогон сыйлабаган, жарыбаган эркек менен жашай албайм. Кош. Эшигиңе жаңы кулпу салып ал!» – деп жазыптыр.

Мына сага сүйүү. Мына сага капитализм. Байларга бар заман, кедейлерге тар заман деген ушу. Жайлобай эмне кыларын билбей томсоруп отуруп калды. Көтөрүп келген товарын көрүнгөн жерге ыргытып Россиядан алакелген арагын ачып «грузовой» стаканга толтура куюп жутуп жиберип досу Эстебеске телофон чалды. Ал тез эле келип калды. Учурашкандан кийин Зыйнагүлдүн жарым бет баракка жазган катын астына таштап койду. Ал катты кайра-кайра окуп досунун сумсайган өңүнө жаны кейип тиктеп турду да:

– Калк айтса калп айтпайт деген чын экенго, – деди Эстебес, – мен муну тааныштардан уккам. Зыйнаш өзүнөн тогуз жаш улуу бай депутатка тийип кетиптир дешкен. Мен ишенген эмесмин. Үйүңө телефон чалсам күндүз да, кечте да эчким жооп бербейт. Анык-даныгын билейин деп аяшка жолуга албадым…

— Аяш деп айтпа аны, Эстеке, – деди Жайлобай ачулу, – ага окшогон шермендени аяш деп айтыш оозуңдан айлансын. Аяш дегенге ал татыктуу эмес. Эми ал сага аяш болбойт. Ал биздин ак сүйүүбүздү арам дүнүйөгө алмашты. Мен Зыйнаш деп, ошол эл катары кийинип ичинсин деп, ишимди таштап, дипломумду сандыкка салып коюп соодага өткөм. Ал аны түшүнгөн жок. Ал үчүн адистигимди, өзүмдү садага чапканымды билген жок. Кем акыл сүйүп эрге тийген жок, ошол депутат иттин тапкан арам дүнүйөсүнө кызыгып, мени таштап, кызымдан ажыратып ошого тийди. Уктуңбу Эстеке! Көрө жатармын ошол шерменденин жыргап кеткенин… Кел андан көрөкчө арак ичебиз.

– Жаныңды жеген Зыйнагүл, – деди Эстебес катты колуна алып, – «жаңы кулпу салып ал» деп табышмактаткан туртайбы. Жаңы кулпу салып ал дегени жаңы катын алып ал дегени эмеспи. Шашпа сага беш көкүл кыз алып берем…

Ачууну ачуу басат кылып экөө арак ичишти. Жайлобай тартынбай ичип, досун да зордоп ичирди. Экөө үч бөтөлкөнү бошотуп коюшту. Өмүрүндө мас болбогон Жакең мас болуп калды. Аны жалгыз таштай албай Эстебес да ал үйгө түнөөгө аргасыз болду.

Жайлобайга аялынын чанып таштап кеткени катуу тийди. Жалгыздык басынтып, стрес найзасын такап, ызалык токуп минип алды. Эркектик намыс муунтуп соода бизнестигин унутуп койду. Качан көрсөң кызуу жүргөнүн көрөсүң. Бир сапар Эстебес «Мерседес» машинаны айдап келип:

– Жаке, жаман көрбө, – деди аста сүйлөп, – мен сага белек апкелдим.

– Эмне белек?

– Мобул мерседести минип жүрсүн деп, баарлык документи менен Зыйнаш сага берип жиберди.

– Эмне? – Жайлобайдын бозоргон өңү огобетер кубарып чыкты, – Зыйнаш мага белек кылып берип жиберди дейсиңби? Тамашалаган жоксуңбу?!

– Тамаша эмес. Зыйнаш акыйкатта бай адамга турмушка чыгыптыр. Сенин астыңда күнөөсүн сезип ушул машинаны берип жиберди. Ал мен аркылуу сенден кечирим сурады.

– Чын эле Зыйнагүл берип жибердиби ыя? Чын эле кечирим сурадыбы ыя? Тамашалаган жоксуңбу, Эстеке? Чыныңды айт.

– Чын.

Жайлобай жолдун жээгинде жаткан ташты алып мерседестин маңдайкы айнегин койгулап кирди. Үч кабат кылып бек жазалган айнек таш менен урганда чачырап сынбай тийген жери бытчыты чыкпай оюлуп, майышып жатты. Айнекти урган сайын: «акмак, шерменде, мени мерседес берип сатып алайын деген экен да. Мен ага окшогон жеңил баа эмесмин. Мага андай шерменденин машинасынын кереги жок. Өзүмдүн шалдыраган жаман москвичим өзүмө жетет» деп долуланды. Ал албуутанып шайтандын азгырыгына кирип сөзгө келбей калды. Эстебес капшыра кучактап: «Макул, албасаң алба. Минбесең минбе. Мен өзүнө апарып берем. Койгун. Эл карап турат. Уят!» – деп жатып араң токтотту.



– Алпар! Азыр жеткирип бер! Мен андан машин алгандай кудайчы эмесмин. Айтып кой, экинчи менин атымды атабасын. Менин көзүмө түшпөсүн. Шарты келген жерден жолукса эрин да, өзүн да өлтүрөм. Ушуну төкпөй-чачпай айтып кой.

Эстебес досун тынчытыш үчүн маңдайкы айнеги жок машинаны үйүнө айдап барып гаражка киргизип катып койду. Жайлобай жадырап жайнаган мүнөзүнөн ажырап, жакын жолдошторунан алыстап түнт болуп кетти. Мас болуп көчөдө жыгылып калбаса да көпчүлүк учурда кызуу, дөөдүрөп мас. Эстебес «эсиңе кел, ичкениңди токтот. Эси жок катынга эрегишпе» деп нечен айтты. Макул деп коюп, аялынын чанып кетип калышы эсине түшкөндө ичи өрттөнүп чыгат. Ал ичкиликти ичкенде гана басылат. Ичкилик ичпесе уктай да албайт.

Түгөнбөгөн толгон токой санаадан суурулуп чыкканча маршурудка Токмоктун автовокзалына келип токтогондо, айылда бирге окуган Билал классташы кезигип калды. Экөө кучакташып көрүшүп, алжайды сүйлөшкөндөн кийин ал сурап калды:

– Ой, Жаке, уккан кулакта жазык жок. Эл сени аялы менен ажырашты дейт чынбы?

– Чын.

– Аны сен кетирдиңби же сени ал кетирдиби? – деп Билал тамаша кылып ажыкыстанганда Жайлобайдын жаак эттери тартылып, кашы жыйрыла түштү.



– Ал өзү кеттиби же мен кетирдимби сага айырмасы кайсы? Ыркыбыз келишпегендиктен ажырашып тындык.

– Өткөндөгү нике тоюңарда классташтар чогуу отуруп калдык, – деди Билал, – ошондо оңбогон Оторбай: «Жакемдин катыны сулуу, ачык, жакшы ырдаган аял экен. Артистер элдин алдына ырдап көп чыгат. Сүйүү, күйүү ырын ырдап айыл-айылга да конуп калууга артистерде шарт бар. Узун этекке уйгак жабышса, сулуу аялга сөз жабышат. Бул сазык сөз үйбүлөнүн арасын алыстатат. Бир де. Адамдын шайтаны адам, ал эми аялдын шайтаны эркек дейт, бул эки де. Сулуу аял сулуулугуна менменсип, дердейишип, мактаган сайын ырысын көтөрө албай тез бузулат. Муну үч де. Акылы кем аял акчалуу, мансаптуу эркек көз кысса ээрчип кетип калат. Бул да Жакеңди чанып башка бирөөнү ээрчип кетиши мүмкүн деген» Ошол классташыңдын айтканы туура чыгыптыр.

Билал оюн чынга салып Жайлобайдын жарасын чукуп салды. Какарттанган жарасы канап чыкты. Бирок аны билгизбеске аракет кылып ичинен сызып, жолдошунун сөзүнө теригип бурулуп басып кетти. Сөзү жолдошуна жакпай калганын сезип, Билал артынан жетип колтуктан алып:

– Жаке, көптөн бери көрүшө элекбиз, жүздөшкөнүбүз үчүн автобуз келгенче жүздөн ичели, – деди.

Жолдошунун сөзүнө Жайлобай тырчыса да «жүздөшөлү» деген сөзү оңоп кетти.

– Эмне силерде автобуз жүрөбү?

– Баякы сааты менен жүргөн автобуз кайда. Бир эски кичинекей автобуз эки маал жүрөт. Кээде бузулуп чыкпай калат. Экөө «буткага» ээрчишип жөнөдү. Бир бөтөлкө арак алып стаканга куйганда Билал:

— Илгери «катын кетсе камчы сап» дешчү экен. Көрсө, камчынын сабы эмес өзүн алмаштыруу арзан экен. Азыр болсо катын андан да арзан, «пулуң болсо кулуңмун» демекчи акчаң болсо кыздын кыркын кыдырата тургузуп коюп тандап аласың. Баш аман болсо баары табылат. Ушул тост биздин жолдошчулугубуз үчүн, ден соолук үчүн, токчулук үчүн, тынччылык үчүн алалы, – деди.

Алып жиберишти. Бөтөлкөдөгүнү түгөтүштү. Эптеп-септеп айыла жетип, дарбазаны ачып тамтаңдап кирип келатканда, чачы саксайып, үстү, башы топурак болуп, көйнөгү тытылган уулун көрүп энеси чочуп кетти:

– Оо, кокуй! Эмне болду каралдым? Бирөө менен мушташтыңбы?

– Мушташкан жокмун, – деди Жайлообай доодурап сүйлөп, – автобуздан түшөм деп жыгылып кеттим. Атам кандай?

– Жакшы. Алдакы кейпиңди көрсө атаң капа болот го. Ооруп аткан жүрөгү огобетер ооруйт го. Атаңдын үстүнө кирбей эле койчу, балам, – деп энеси чырылдады.

– Мен мас эмесмин. Жолдоштор менен бир аз ичип койдум. Кечирип кой, апа.

Жайлобай айтканды укпай тамтаңдап үйгө киргенде төшөктө жаткан атасы уулун ачуулу тиктеп, айткан саламын алик алган жок. Кучактап өбөөрдө түртүп жиберди эле Жайлобай кулап түштү.

– Алып кет алдакы акмакты. Алпарып жаткыр. Эс алсын. Эртең менен сүйлөшөбүз, – деди Жакып кемпирине.

Апасы уулун араңдан-зорго апарып керебетке жаткызды. Эртеси кузгун заарда туруп, калтырап-титиреп жүргөн уулун апасы көрүп атасына көрсөтпөй жарым стакан арак куюп берип:

– Каралдым, кечээ сенин мас болгонуң көрүп атаңдын жүрөгүнүн ооруганы күчөп таң атканча кыйналып чыкты. Сен алдакы ичкен арак сиңгенче сыртта ары-берип басып жүрүп, душка түшүп чакырганда чайга кел. Атаңды тарынтпа. Кечирим сура, – деди.

Самоор кайнаганда апасы уулун чакырды. Сүткө тийген мышыктай болуп Жайлобай үйгө, атасынын үстүнө араң кирди. Ал тегерек үстөлдүн жээгине отуруп бир чыны чай ичти. Атасын астыртан тиктеп:

– Атаке, кечириңиз, кечээ жолдоштор менен ичип мас болуп калыпмын…

Жакып туруп, чепкенин желбегей жамынып уулунун маңдайына отуруп:

– Балам, – деди энтиге сүйлөп, – шартты көрүп турасың. Шаарды билбейм, заман өзгөрүп, колхоз, совхоз тарагандан бери элдин пейли бузулду. Совхоздун трактир, машина, комбайынын колунан келгендер талап алып, аны алар сатып жиберип же эскирген техниканы иштете албай жок болуп кетти. Мал да талоонго түшүп бөлүндү болду. Баякы өзүң көргөн стандарт мал сарайларды бузуп, кирпичинен өйдө талап кетишти. Унаа жок, унаа болсо күйүүчү май жок. Жер айдалбай калды. Эл ачка болуп айла кеткенде колдогу малын сатып жан багышууда. Уйлуулар сүтүн өзү ичпей, бир тууганынын небересине бир кашык бербей сатып ун, талкан алышат. Тооктулар тоогунун жумурткасын балдарынан катып чогултуп базарга сатышат. Кыскасын айтканда эл итке минген кедей болушту. Сен аялың менен ажырашып иштебей калгандан бери калган малды сатып сага берип, өзүбүз оокат кылып аягына чыктык. Колдо тирүү жандыктан бир эшек, бир ит калды. Итибизге илгеркидей жугунду артпай арыктап өлөтурган болду. Мен ооруп ишке жарабай төшөктө жатам. Төрүмдөн көрүм жакын. Алты кыздын кенжеси, ишенген уулум сен элең, сен да ичип, кемпир экөөбүздүн пенсиябызды аңдып темселеп калдың. Мен ары карап көрдө жок, бери карап элде жок болуп турган учурум. Өлсөм кыздар бар, эл бар көмүлбөй калбайм. Көмүлөм. Бирок мен өлгөндө сен талаалап ичип жүрүп өлгөнүмдү укпай, тушумда туруп өксүп ыйлабай, топурак салалбай каласыңбы деп корком. Балким бул суранышым акыркы болор, сенден бир нерсе сурайын макул дейсиңби, балам?

Жайлобай башын салаңдатып, жер тиктеп, жети өмүрү жерге кирип отуруп укту. Атасынын сураарын айтпаса да сезип турат. Андай суроону бир нече жолу уккан. Мурун урушуп, тилдеп туруп айтчу. Ал анткен сайын өчөшкөндөй аракты арбыта иччүү. Бу сапар атасы айылдагы абалды, өз жагдайын айтканда көзүнөн аккан жаш карылыктан, оорунунун азабынан бырышкан бетинен ылдый агып кетти.

– Эмне айтарыңды билем, ата. Ичпе дейсиң. Адам бол дейсиң. Мен эми ичпейм, ата. Аракты оозума албайм. Аракеч атанганым, акмак болгонум, жетишет. Силерди мен бакпай, мени силер багып оорулу кылганым жетишет. Эми ичпейм. Ишенип коюңуз, ата, – деп туруп барып атасынын мойнунан кучактап, жаш аккан бетинен өөп кечирим сурады.

– Ошет, балам, – деди атасы көздөн аккан жашын алаканы менен сүртүп, – битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба дейт. Ошол көтү бокту аялга өчөшүп ар намысты жоготкон жарабайт. Шаардагы үйүңдү батирге берип кел мында. Иштейсиң. Үйлөнөсүң. Биздин көзүбүз өткөндөн кийин эмне кылсаң өзүң бил.

– Макул, ата. Бирок бираз бизнес жазап акча таап келейин.

– Азыркы учурда «көр казган менен баш жазган сооп» деп ичкендер макал чыгарып алышыптыр. Бул да замандын макалы. Туура. Кыздарың апкелген арагың болсо апкел, кемпир, акыркы жолу башын жазып алсын.

Байбичеси жарым бөтөлкө аракты үстөлдүн үстүн стаканы менен апкелди эле уулу:

Ичпейм деп азыр айттым элего, ичпейм. Алып кет арагыңды, апа.

Кемпири чалына таң калган көзү менен карап тим болгондо:

– Өзүң бил, балам. Келечек, жашоо сеники. Ичпесең ичпе, – деди атасы.

Сайдагы суу ташкындап киргенде нугунан оонагандай Жайлобайдын турмушу жаңы нукка оонаганын ал сезген жок. Сыртка чыгып короо жайды шыпырып тазалап, былтыр коюп кеткен машинасын караса акумулятору отуруп жүрбөй калыптыр. Аны мастерсойго апарып зарядтап машинасын жүргүздү. Айылда бир күн айдап, өлгөндөргө куран окутуп, көңүл айтты. Эртеси таксабайт этип акча таап, атасын ойбоюна койбой машинага салып алып ооруканага жаткызып дарылады. Атасы жакшы болуп чыгарып келгенден кийин шаарга кетти. Кечкурун Эстебес досунукуна барып, болгон окуяны айтып:

– Айран сураган челегин жашырбайт деген кеп бар. Мен «челночтук бизнес» кылайын деп сенден карыз акча сурап келдим, – деди.

Эстебес күлдү. Досун астыртадан карап:

– Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба деген макалды уктуң беле? – деди.

– Уккам, эмне экен?

– Кеп ошондо, Жаке. Сен кеткен аялыңа өчөшүп берген машинасын талкалап «алпарып бер!» деп уруштуң беле?

– Урушкам.

Мен жогорку айткан макалды ойлоп, эси жок катынгага, ачуусу келген досума эрегишпейин деп, кийин кереги тийип калаар деп машинаны апкелип катып койгом. Мезгил ооруну да, тарынчты да дарылап айыктырат эмеспи. Сенин тарынчың, ызаң бүттү. Ойлонор мезгил келди. Мен сага ачыгын айтайын. Мен ошол машинаны оңдотуп жакында эле базарга алып чыгып саткам. Берсем ичип коёбу деп акчасын катып койгом. Эми ошол акчаны алып жакшылап пайдалан, – деп ордунан туруп барып каткан жеринен таңгак долларды алып келип астына койду.

– Мына ошол машинанын акчасы. Бул машина эмес доллар.

Таңгак долларды көргөндө Жайлобайдын таңыркаган жүзүнө күлкү ойноп чыкты.

– Рахмат, Эсеке, достун жакшысы бир жамандыкта, бир жакшылыкта билинет деген ырас экен. Сенин көп жакшылыгыңды көрдүм. Көп ирет жардам бердиң, көп ирет акча бердиң. Акыры акылдуулук кылып кыйналып турганда сактап доллар берип отурасың. Мен бул жакшылыгыңды эки дүйнөдө да унутпайм.

Жайлобай досу менен жай отуруп, жакшы сүйлөшүп, үйүнө барып жатты. Эскирип калган аялынын элеси айланып келип жүрөгүн эсти. Намыстантты.

Эртеси Дордой базарына барып жакшы жерден бир кантеинер сатып алып арендага берип, өзү «челночный бизмес» кылмак болду.

Жайлобай эртең менен эрте туруп бешинчи кабаттын балконуна чыкканда таң жаңы сүрүлүп, күндүн шооласы Ала-Тоонун ак кар, көк муздуу бийик чокуларына тийип калыптыр. Чалкыган асман мейкиндигинин аркай жеринде токумдай булуттар токтоп турганы болбосо асман ачык, булутту бууракандатып айдай турган шамал да жок. Түндө жатып тынч уктаганданбы же аба ырайынын жаркыраган таасириби Жайлобайдын көңүлү көтөрүлүп, маанайы жарк дей түштү. Айлана тыптынч. Баягы бирин бири кубалап күркүрөгөн машиналар жок. Көчөнүн боюндагы бактардан чымчыктардын учуп конгону, сайраганы угулат. «Кудай кааласа жолум шыдыр, жолдошум Кыдыр болот экен», – деп ойлоп койду. Мындай ой мурун үч уктаса да түшүнө кирчүү эмес, бүгүн негедир Азирети Кыдырдын атын оозуна сала берди. Таңкы таза абада дене тарбия жазап, душка түштү. Шашпай тамактанып, документтерин алып сыртка чыкканда күн шашкеден жогору болуп калыптыр.

Кечээки пландашканы боюнча темир жол автовокзалына жөнөдү. Келсе эл көп. Кассада аркандай чубалжыган очред. Ал да тургандардын арты болуп туруп калды, бирок бирпаста анын артына көптөгөн адамдар тизилишти. Баары чет өлкөлөргө барчулар. Бир оокумда шыңга бойлуу, ак саргыл кыз келип, бирөөнү издегенсип дөөмөт күткөндөргө көз чаптырып чыгып ишенимдүү басып келип учурашып:

— Саламатсызбы, байке. Белет алганы очредте турасызбы? – деп сурап калды.

– Ооба, – Жайлобай келген кыздын келишимдүү келбетине, күлүңдөгөн тааныш карагат көзүнө таң кала тиктеди. Кайдан көргөнүн эстей албай койду.

– Эмне байке, мени тааныбай турасызбы? Мен Ташбайдын кызы Нургүл эмесминби. Сиз үйлөнгөндө мен он биринчи класста окучумун. Үйлөнүү үлпөтүңөрдө жардам берип, тызылдап чуркап кызмат кылып, ырдабадым беле.

– Токто, токто сен көчөнүн башындагы Ташбай мураптын кызысыңбы?

– Ооба.


– Бул жерде эмне кылып жүрөсүң?

– Москвага белет алайын дедим эле. Дөөмөт күтсөм бүгүн жетчүдөй эмесмин.

– Кел анда, менин астыма кыпчылып туруп кал. Арттагылар сураса, чыр кылса мурун келип дөөмөткө турган деп коёюн.

Кыз акырын, сыгыла жигиттин астына туруп калды. Анын чымыр денеси денесине тийип, жука көйнөктөн өткөн биоэнергия, жагымдуу атыр жыты Жайлобайды мас кылып жиберди. Эңгиреген башы эми эстеди. Бактын ичиндеги үйлөнүү тойдо эжелери менен кошо ушул кыз конокторго тамак ташып, чай куюп, ырдаганы эсине түштү. Үнү да, ыры да элге жаккан. Баарын унутса да созолонткон сонун обону эсинде калыптыр. Андагы арыкчырай, анчалык көзгө көрүнбөгөн кыз эми толуп, ажары гүлдөй ачылып, көркүнө чыгыптыр. Анын далысына түшкөн кыркма кундуз чачы келишкен келбетине жарашып көздүн жоосун алат. Алды-артындагылар кыргыз тилин билбеген соң айылды, ата-энени эстеп, алжайды сурашып калды. Нургүл орто мектепти айылдан бүтүп, шаарга келип медициналык мектепке кириптир. Диплом алып медсестар болуп иштеп жүрүп шаардык жигитке турмушка чыгып, багы ачылбай бат эле ажырашып кетиптир. Алган айлыгы квартира акысына, ичкен ашына жетпген соң ишин таштап соодага өтүптүр. Өзүнө окшоп «челночный» бизнес кылат экен. Нургүл кыз эмес бир базардан өткөн келин экен. Жайлобай келиндин келбетине суктанып, кыпча белине кызыга карап «атка бергиз кунан бар, кызга бергиз жубан» бар деген макал эсине түштү.

– Мен Москвага барганда дайыма самолет менен барып, жүк менен кайра келатканда поезд менен келчүмүн. Бул сапар акчадан азыраак кысылып поезд менен барууга туура келди. Тагдырга тарынчым жок, анткени айылдаш агамды таап алганыма кубанычтуумун, байке, – деп жарокерленди.

Анын кулака жагымдуу үнү, жалын чачкан көз карашы, карт бойдоктун жүрөгүндөгү музду эритип жиберди. Аны менен сүйлөшүп көзүн тиктеп, сөзүн уккусу келди.

– Жалгыз чет мамлекетке барып соодо кылгандан коркпойсуңбу?

– Корком, байке, корком. Корккондо эмне кылам. Атам, апам картаң. Менден башка каралашар кишиси жок. Айласыз эркектин ишин аткарып жүрөм. Жан талашып жан баккан жалгыз эле мен дейсизби, азыр аялдар оокат деп чамынып калбадыбы. Көрүп жүрөсүз го, базарда соода кылып жүргөн ким? Аялдар. Көчөдө үшүп, тоңуп тамеки, чемичке сатып отурган ким? Аялдар. Башка абийирсиз ишке барып жаткан ким? Аялдар. Ушунун баары жокчулуктун айынан эмеспи, байке. Кор болуп бирөөнүн колун караганча тобокелге салып жашаган оң. Тобокел болбой соода да болбойт эмеспи. Чынбы, байке?

– Чын. Тобокел баатырдын иши. Бирок сыртка чыкканда жардамдашар, коргоп алар кишиң барбы?

– Жок, байке. Бул заманда ишенимдүү киши табылчудай эмес…

– Мен сага жардамдашып, ууру-бөрүдөн коргосом макул болосуңбу?

Нургүл каткырып күлдү. Анын ачык күлкүсү, ишенип, ишенбеген жарокер көз карашы жүрөктөн өтүп жүлүнүнө барып токтогонсуду Зыйнаш менен ажырашкандан кийин аялдан көңүлү калып, баардык эле аял затын жек көрүү менен карап, ишенбечилүк менен мамле кылчу. Бул сапар Нургүлдүн ачык мүнөзү, алгылыктуу сөзү өзөгүн өрттөп жиберди. Шар сөзүнөн, ачык мүнөзүнөн чыйрактыгы сезилип турду.

Адам сүйлөшүп, ат кишенешип таанышат болуп экөө кассага жеткенче сүйлөшүп таанышып, Жайлобай келинди сүйүп калды. Поездка белетти алгандан кийин:

– Байке, – деди Нургүл сумкасынан калемсап алып, – Россияга барып келгенче кампанион болуп калдык окшойт, айып этпесеңиз телефонуңузду айтып койсоңуз жазып алайын.

– Айып көрбөйм, жазып ал, бирок мындан кийин атыман айтып, сиз дебей сен деп жүрчү.

– Ээ, байке сен деп сүйлөшсөк өтө эле жакын болуп кетебиз го?. .

Келиндин күлкүсүнө жооп кылып Жайлобай күлө тиктеп турду да:

– Сага жакын боло албай, жете албай албай турбаймынбы, – деди.

Экөө жагымдуу маанайда коштошуп тарашты. Жайлобай бир мүшөк ун, кумшекр, май, чайды машинасына жүктөп айылга жеткирип берди. Ата-энесинин кубанганын айтпа, уулу жакшылык жакка тез бурулганын көргөн көзүнө ишенишпей таң калышты. Акчаны кайдан алдың, кимден алдың деп сурашкан жок. Жаңы жарашыктуу кийим кийип, мас болбой машинаны айдап жүрөгүнө уулунун оңолгонуна күнөм санашкан жок. Ата-энесине бизнес кылып жүргөнүн түшүндүрүп шаарга келди.

Дүйшөмбү күнү эртең мененки сегизде телефон шаңгырап калды. Алакойсо Нургүл:

– Саламатсызбы Жайлобай Жакыпович! Уйкуңду бузуп койгон жокмунбу?– деген жагымдуу үнү угулду. Мурун телефон менен сүйлөшпөсө да Нургүлдүн үнүн жазбай тааныды.

– Нургүлсүңбү?

– Мен, Жаке. Бүгүн саат экиде поезд жөнөйт эмеспи, унутуп калбасын деп телофон чалдым. Анын үстүнө жолго чыкканда даярданганга менин керегим тийип калабы, ошону сурайын дедим эле.

– Телефон чалып эскерткениңе рахмат. Унуткан жокмун. Саат бирде вокзаллан жолугушалы.

– Макул Жаке, сенин келишиңди чыдамкайсыздык менен күтөм.

– Сагынып калдыңбы?

– Сынап сурайсың да, Жаке, мени кайтарган, мага жардам берген, мага ашык болгон кишини кантип сагынбайм. Сагынам да…

Сөз бүтүп Нургүл телефонду ордуна койду. Жайлобай колунда түүт-түүт деп үзүлүп калган телефондун түтүгүнөн дагы да сөз чыга тургансып аны биртопко тиктеп турду да ал да акырын ордуна койду. Нургүл беш-алты жаш кичүү. Чыйрак. Күндөлүк турмуш, саясат боюнча кенен түшүнүгү бар экен.

Экөө маңдай-тескей астыңкы полкадан орун алышты. Нургүл медицина жагын кандай билерин ким билсин, соода жагын жакшы билет экен. Кайсы тавар өтүмдүү, кайсы табар канча пайда алып келерин айтып түшүндүрдү. Поезд токтогон жерде экөө чогуу чыгып бекеттертен керектүүлөрүн алып келишет. Күндүз каридорго, тамбурга чыгып сыртагы жаратылышка, секунтк көзгө илешкен элге, үй жайга көз салып сүйлөшүшөт.

Канчалык сүйлөшүп сырдашкан сайын Жайлобайдын Нургүлгө ишеними, сүйүүсү артты. Ал биринчи көргөндө эле сүйүп калган, бирок «сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет» болуп, артын ойлоп кылчактаган. Нургүл ажырашкан аялы жөнүндө тиртоп билет экен. Анын айтуусуна караганда Зыйнаш ак үйдөгүлөрдүн да бир нечесин алмаштырыптыр. Москвага жакын калганда :

– Нукун, сен өзүң жөнүндө баарын айтып бердиң, эмне үчүн менин ким экенимди сурабайсың же менин тагдырым сага баарыбирби? – деп калды.

– Кечирипкой Жаке, – деди Нургүл күлүп, – сенин ким экениңди мен жакшы билем. Аялы менен ажырашып ичип кетти, кийин ичкилигин токтотту деп элден уккам. Калк айтса калп айтпайт эмеспи.

– Буларды кайдан уктуң?

– Айылдаштардан уккам. Ачыгын айтсам тарынбассың. «Кайран бала катынын мансабы бийик бай адамга тарттырып жиберип, сулуу аялынын азабын тартып, ызасына чыдабай ичип жүрөт. Акылдуу, алтын бала эле» деп кейиген кемпирлерден уккам.

– Мен сени сүйүп жетине албай жатса, сен менин айрылган теридей ала-була болгон таржымалымды угуп мени жек көрүп аткан турбайсыңбы.

– Ээ, Жаке, – деп жылмайды Нургүл, – «айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле» деген лакап кеп бар эмеспи. Айтпайт элем, айтууга аргасыз болуп турам. Мен сени үйлөнүү үлпөт тойуңда ырдаганда сен ордуңан туруп алаканың ысыганча узакка кол чапкансың. Анда сен мынданда сулуу, мындан да сымбаттуу элең. Ошондо мен сага ашык болуп калгам. Ал жаштыгым, мастыгым, макоолугум да, болбосо башы бар адам үйлөнүү тойдо ошол обу жок ойду кайдан ойлосун. Мен сени менен ушинтип бир вагондо бетмаңдай отуруп сүйлөшөм деген оюма да келген эмес. Тагдырдын жолу көп, адам деген ушинтип кайчылашкан тар жолдон кездешет тура.

– Азырчы? Азыр мени сүйөсүңбү? Же андагы күнөөсүз сүйүүңдүн оту алдакачан өчүп калдыбы?. .

– Жашырган менен не, Жаке. Андагы жаштык кыял кыбыладан соккон шамалдай бир келип жок болуп кетпедиби. Азыр келечекте оор турмушту башыман өткөргөн, тоонун муздак агын суусун бир сапар кечип өткөн, бир эрден чыгып токтолгон аял катары ойлойм. Бактыма, баркыма жеткен жакшы адамга жар болсом деп кудайдан тилейм. Сүйүүдөн калгандай карып кете элекминго, Жаке? Сен кандай ойлойсуң?

– Мен сага түшүнөм. Сен да мага түшүнөсүң. Экөөбүз тең жылаңайлак бутту какшатып суу кечкендерденбиз. Мен сени мага жар бол, түбөлүк бирге жашайлы десем ага сен кандай жооп айтар элең?

– Эч буйдалбай макул деп айтар элем, Жаке. Качан ушул сөздү айтат деп күтүп жүрбөймүнбү.

– Кийин бармагыңды тиштеп калбайсыңбы?

– Жаке, сен бул суроону мага бербей эле өзүңө берип жатканыңды сезип турам. Менден кам санаба. Жашырып не, сен мени бүгүн сүйүп турасаң, мен сени жанакы айткандай илгери эле кыз кезимде сүйгөм. Азыр да сүйөм. Айткан сөзүңдү угуп, адамкерчилигиңди көрүп огобетер сүйүп калдым.

«Эр чегишпей билишпейт» болуп, экөө сокур сүйүүгө берилбей, эмоцияга алдырбай ачык сүйлөшүп келечекте кол кармашып бирге болуп, өмүрдү бирге сүрүүгө макулдашты. Сүйүүнүн канаты бүтүп, куштай учуп чуркап тааныш дүкөндөрдөн, складттан тавар алышып, кайра тартканда кымбатына карабай купелүү вагандон орун алышты. Эки кишилик купе вагон алардын тилеген тилеги, келечек бактысы эле. Проводник-контролер текшерип кеткенден кийин кучакташып сүйүүнүн астанасын аттап бейишине киришти. Сыртта эмне болуп атканы менен иши жок. Тамакты жетерлик камдап алышып сыртка да чыгышпады. Күндүр-түндүр поездин дөңгөлөгүнүн дүкүлдөгөн тактысын тыңшап коюп кучактарын жазбай кетип баратышты. Маал-маалы менен дөңгөлөктүн дүкүлдөгөнүн, тепловоздун кыйкырганын да укпай калышат «Сүйүү жандын жыргалы» деп бекер айтпаса керек, үч сутка кандай өткөнүн билбей, уйкулары канбай, сүйүүгө мас болуп Бишкек вокзалына келип түшүштү.

Тагдыр ушинтип экөөнү ар тараптан айдап келип кошуп, тааныштырып, сүйүштүрүп башын коштуруп койду. Той кылып машакаттабай эле Жайлобайдын жалгыз бөлмөлү квартирасында жашап калышты. Табылбай жүргөн бакты ынтымактуу үй бүлөнү ээрчип алды. Экөө бирдей соода кылган соң, киреше суудай агып кирип жатты. Жайлобай эски шалдыраган машинасын сатып, анын ордуна импорттук «Аудо» машина статып алып минип жүрдү. Колдору бошой калганда тамак аш алып айылдагы ата-энелерине жеткирип, жардамын үзбөй берип турушту. Нургүл «кийбейм» десе да болбой «адамдын көркү чүпөрөк, сен кийишиң керек. Сен башка аялдан кем болбошуң керек» деп эң баалу, эң кымбат, жарашыктуу кийимдерди аялына издеп таап келип кийгизди. Өзү да кийинди. Бир күнү Нургүл экөө колтукташып драм театрга барышты. Залга кирип баратып кирген элге жолтоо болуп Жайлобек жолдун ортосуна каккан казыктай болуп токтоп калды. Нургүл караса эринин кызарган өңү кубарып, залда отурган Зыйнагүлдү көрүп, жаак эттери тартылып ачууга алдырып туруптур. Бир балээ болуп кетпегей эле деп коркуп кетти. Капыстан Зыйнагүл да тирмийип тиктеген Жайлобайды көрө коюп:

– Тур ай, тур! Кеттик! – деди эрине.

– Эмне болду? Каяка барабыз? – деп эри тарткынчыктады эле…

– Бас! Бас! Анан айтам, – деп Зыйнагүл эрин колунан дегдеңдетип жетелеп чыгып кетишти. Ошол бойдон кайрылган жок. Жайлобай да спектаклде көзү болгон менен ою башка жакта чабыттап жүрдү. Таштап кеткен аялын көрүп аз жерден кол салган жок. Бир чети Зыйнагүл эри менен качып кутулуп, экинчи жагынан Назгүл сезе коюп чап калтуктан алып токтотуп калды. Бир кезде «сүйгөн аял, сүйгөн эрин чанып таштап кетет деген эмне ?» деп үйүндө жалгыз ичип отуруп жазган ыры эсине түштү. Бул ырды эртеси да окуп, кийин да окуп жат болуп калган. Дарегин билип почто аркылуу жиберип жиберейин деп ойлогон. Бирок үйүнүн дарегин билбей күйүп жазган ыры өрттөнүп жок болгон. Ошол ыры эсине түштү:

Билемин аял түзөт үй бүлөдө уюткуну,

Эркек издейт сөзүнө, убадага туруктууну.

Ырчы, ырыскер аял алам деп жаш чагымда,

Алдатып алдырыпмын колдогу ырыскыны.

Эске түшөт биз өткөргөн чексиз майрам,

Жүрүпмүн эч түшүнбөй кылып сайран.

Мугалимдик ишим таштап жалаң сен деп,

Жаш кезекте экенмин мен, жеткен айбан.
Зыйнаш сага жагамын деп суука тоңбодумбу,

Орустардын вокзалына нечен ирет конбодумбу.

Афирис артис аялымды көрсөтмөгө коюп коюп,

Акыры мансаптууга тарттырып акмак болбодумбу.

Тилегим антсе дагы жакшылыктан үзүлбөдү,

Жанга батты көөдөнгө ызалык тизилгени.

Жүрөктү тартуу кылып, өпкөмдү чапсам дагы,

Сага окшогон акылсыз аял ак сүйүүмө түшүнбөдү.

Үй бүлөнү түбөлүк деп мен курбадымбы,

Мен сага кошоматтап дайыма турбадымбы.

Артис кылып ырдатып элге кол чаптырып,

Өпкөсү жок аялдан акыры мен жыргадымбы?

Унутуп урматталган ууз сүйүү жыргалыңды,

Баалабай, барктабай ажырашап тынбадыңбы.

Дүнүйөгө сатылып, ошол сага бак берчүдөй,

Артыкча аш жеп, кийим кийип жыргадыңбы?

Окуурсуң ушул ырды аз гана көңүл салып,

Эске түшөр өткөн өмүр жүрөк жарып.

Ийне жеген итке окшоп жүргөндүрсүң,

Жыргайм деп ак чач эрге тийип алып.

Убакыт өтүп улгайганда түшүнөөрсүң,

Түйшүкө батып түнөрүп үшкүрөөрсүң.

Аман болсоң алпештеген мени эстеп,

Акмактыгың акыры бир билерсиң.

Дагыда тарынч, ачуу жазылган биртоп ырлары бар эле аларды эстей албай койду. Эринин эзилип кыйналып отурганын Назгүл сезип үн катпады. Карттанган жарасын чукуп ырбатып аламбы деп чочулады. Маршураткага түшпөй такси менен эрин алып келип жатып калышты. Көңүлүн көтөрүүгө аракеттенди. Эртеси эртең менен ойгонгондо эринин ачыла элек кабак кашын көрүп:

– Алтыным, чарчап калгансыңго, ысык чай иччи, – деп Назгүл даярдап койгон чайын сунду. Жайлобай капысынан кеткен катынын көрүп кыжырланып биртопко санааркап жүрдү. Бара-бара баары унутулуп жашоо өз нугунда улана берди. Аялынын боюна бүтүп уулду болушту. Бизге эрмек болсун деп атын «Эрмек» коюшту. Бир бөлмөлүү квартираны сатып, эки бөлмөлүү квартира алышып, эвро ремент жазатып кирип алышты. Кайда болсо бирге, кайда болсо чогуу. Алардын адамкерчилиги, ынтымагы тааныштардын ортосунда абройун көтөрдү. Уулу экиге толуп, балабакчага барып, экөө бизнесин өнүктүрүп жатканда күтүлбөгөн жерден кырсыкка капталды. Каш карайып калганда айылдан келатып он төрт-он беш жаштагы бала капыстан чуркап чыгып машинага урунуп каза тапты. Баланын ата-энеси, биртууган агасы ич күйдүлүк менен Жайлобайды тепкилеп киргенде коңшу-колоңдору, келген эл сактап калышты. ГАИшниктер келип, акт түзүштү. Сот болуп алты жылга кезилип кетти. Жайлобай алгачкы учурда түрмөнүн шартына көнө албай кыйналды. Андагы жаткандар бирин бири жеп жиберчүдөй аңдыган, алсызына алдуусу үстөмдүк кылган, бир камерда бир киши кожоюн болуп баарын башкарат экен. Камерадагы кожоюндун айтканы айткан, дегени деген. Эчким каяша айтпайт. Каяша айткандар ошол жерден тепки жеп бир заматта эшек курту күбүлүп түшөт.

Түрмөнүн шартына бираз көнгөндөн кийин үйгө кат жазды. Катында аманчылыгын билдирип:



– Алтыным, – деп өтүндү Жайлобай аялына, – мен сенден көптен көп суранарым Эрмекке мени эч качан түрмөдө отурат деп айтпа. Эси кире баштаганда атаң кантракт менен германияга иштегени кеткен. Терт-беш жылда келип калат деп түшүндүр. Түрмөнүн шарты боюнча жакшы жүрсөң убактысы келгенде үй бүлөсү менен бир сутка чогуу болгонго руксат берет экен. Ошондо сен Эрмекти алып келем деп ойлобо. Менден кабар барганда баланы айылга жеткирип коюп өзүң кел, алтыным. Менин акыркы сүрөтүмдү чоңойтуп бөлмөгө илип кой. Эрмек көрүп атам ушул экен деп көзү каныксын. Ишенсин. «Пайгамбар барына насыр, жогуна кайыр» деп болгонго ыраазы бололу. Ал жакта силер аман болгула, бул жактан мен аман болоюн. Сарыгып отуруп сары түздөгү сагыныч ыр жаздым эле окуп кой, – деп төмөнкү ырын катка тиркеп койду.

Болбосом да атым чыккан акын ырчы,

Айтайын арманымды Нургүлүм угуп турчу.

Айтпасам жүрөгүм өрттөнүп күйүп барат,

Алтыным азыноолак ырыма көңүл бурчу.

Тагдыр бизди вокзалга айдап келип,

Тааныштырды экөөбүздү кылып шерик.

Жараткан ак сүйүүнү насип этип,

Жуп кылып кошуп койду бакты берип.

Темир жол кош сызыктай жатып катар,

Биз үчүн ак жол болду бакты чачар.

Келечектин камын көрүп эч капарсыз,

Москвага эл менен тарттык сапар.

Сүйүүдөй тирүүлүктө бейиш барбы,

Сүйүүсүз бай болсо да адам жарды.

Эсиңдедир алтыным ошол мезгил,

Вагондо алгач сүйүү оттой жанды.

Ак сүйүүбүз айланып бизден кетпей,

Убакыттын тез учканын эч бир сезбей.

Жараткан жакшылыгын дагы аябай,

Уулду болдук, алтыным, бир жыл өтпөй.

Кырсык болду күтпөгөн айла барбы,

Жүрөктө так, көңүлдө кайгы калды.

Түрмө деген тозок экен несин айтам,

Алты жылга ажыратты сүйгөн жарды.

Мен көргөндү каалабайм эч бир жанга,

«Лихачтык» кылганым жок ишен мага.

Актыгым чын, жазыксыз азап тарттым,

Сот кессе түрмөгө жатпаска жоктур арга.

Акыйкатта ат көтөргүз менин күнөөм,

Бир кишини өлтүрдүм мен аны билем.

А бирок капталдан чыгып өзү урунса да,

Мен өзүмдү актай албай жашап жүрөм.

Элге эч жамандык кылбадым жүзүм жарык,

Ушул ырды жазып жатам дүйнөм тарып.

Акмын десем ишенбейт сот, милийса,

Ак туруп ушинтип болдум байкуш, карып.

Каш кабактын ортосунда кырсык деген,

Кырсыкка капталгандар менчилеп азап жеген.

Актыгымды тергөөчү, сот билбесе айлам канча,

Акыры жардам берет Алла Таала менин эгем.

Калысы жок турмуштан бүттүм такыр тажап,

Көнүмүшкө айланды күндөгү көргөн азап.

Түрмөдө эсептеп шашкан менен күндөр өтпөйт,

Убакыт келген кезде эл катары алам азат.

Түрмөнүн түшүнбөгөн ичинде сырлары көп,

Ойлобо сырттагыдай алты жыл тез өтөтго деп.

Убакыт шашкан сайын атайын алга жылбайт,

Кайгырып, капаланып отурасың убайым жеп.

Жайлобай деген атымды атам өзү энчилеген,

Адам жоктур ак жерден азап тартып-менчилеген.

Өз атым өзгөрүлүп баарлыгы мени «Жора» дешет,

Ушинтип жашап келем түрмөнүн шарты менен.

Жаргон сөздү үйрөнүп, сый сөздү унуткамын,

Сүйүүнүн аты-жөнүн унутуп куруткамын.

Тур десе туруп, жат десе жатып, малча басып,

Эркимден эчак эле ажыраган шордуу жанмын.

Кудай деп келме айтам ар кечте жатканымда,

Уйкуга алаксыймын кеч кирип күн батканында.

Эртең менен ойгонуп кубанычка шерик болом,

«Оо Кудай!» деп кубанам агарып таң атканында.

Түрмөдө отургандын өңдөрү сары жездей,

Саргайып жатам мен да элчилеп аба жетпей.

Сагынып садагасы уулумду, сүйүүңдү эстеп,

Кыйналам санаадан самсалаган күндөр өтпөй.

Күн чыгат, кайра батат белгилүү жолу жалгыз,

Түрмөдө жакшы, жаман адамдар деле сансыз,

Аралашып ар түрлүү адам менен жүрсөм дагы,

Аркачан оюм сенде, алтыным жашоом жалгыз.

Мен түрмөдө жатамын билесиң амалым жок,

Көңүлүмдү көтөргөн бир дагы адамым жок.

А бирок алтыным жаратканга ыраазымын,

Сен барсың, Эрмегим бар көңүлүм дайыма ток.

Билемин кайда болсо болоттой кайрат керек,

Кайрат да келечекке ишенсең ошондо өзү келет,

Алтыным канчалык азап кайгы тартсам дагы,

Сенин гана элесиң мага чексиз кайрат берет.

Билемин жалгызсырап түйшөлүп жатканыңды,

Убай тартып уулуңду кыйналып бакканыңды.

Алыс жүрүп жакынсың, уктасам түштөн көрөм,

Сагындым жай айындай тердеткен аптабыңды.

Арадан ай айланып, жыл оонап күн өтөберди. Жайлообай түрмөчүлөрдүн ишенимине кирип, Зоонанын ичинде кирпич жазаган цехте иштеп анча-мынча акча тапты. Ал акчадан тамекиликке колуна берип калганын аркимдин эсептик кассасына салып түрмөдөн бошоп чыкканда берет экен. Жайлобай үчүн ээн эркин иштеш жакшы болду. Кечке иштеп, чарчап, кечинде тынч уктайт. Күндүн өткөнү билинбейт. «Эмгекчил кул чарчабайт» болуп таскагын жазбай иштеп жүргөнчө беш жыл өтүп кетти. Жаңы жылдын алдында түрмөнүн начальниги чакыртып, канвой айдап келди. Начальник мурункудай суз болбой жакшы маанай менен кабыл алды. Ордунан туруп келип:

– Жаке, биринчиден келаткан жаңы жылың менен, экинчиден түрмөдөн бошонушуң менен куттуктайм, – деди колун кармап.

«Чыныбы, тамашасыбы», – деген ой менен Жайлобайдын оозу ачылды да калды. Тамагы кургап, тили күрмөөгө келбей турганда:

– Жаке сен эмне ишенбей турасыңбы? Бошондуң. Амниссия болуп, жакшы иштегендерди, оңолууга ою барларды бошоттук.

— Чынбы, гражданин начальник? – деди Жайлобай, – тамаша кылган жоксуңбу?

– Тамаша эмес, Жаке. Чындык. Бүгүн документтериңди даярдап жатат, буюрса эртең үйүңө кетесиң. Даярдан. Сага айтып коёрум түрмө деген түрмө. Түрмөдө өзүң көрүп тургандай темирдей тартип керек. Ансыз акылынан айныгандар, баш кесерлер баш ийбейт. Экөөбүз жашташ болсок да түрмөнүн шарты менен катуу айтсам, тилим тийсе кечир.

– Рахмат гражданин начальник, жакшы кабарыңа. Сен мага жамандык кылмак түгүл бир сапар да сен деп катуу айткан жоксуң. Ыраазымын, – деди Жайлобай толкунданып.

Жайлобай ал түнү кубангандан уктай албай чыкты. «Үйгө кабар кылсамбы же капыл-күпүл эле кирип барсамбы?» – деп ойлоп башы катты. Акыры сюрприз кылууну чечти. Эртеси, отузунчу декабрь күнү, жаңы жылдын астында бошонуп кечке жуук түз эле досу Эстебестикине барды. Кучакташып көрүшүп, аманчылыкты сурашып, чайга отургандан кийин:

– Эсеке, – деди Жайлобай, – мен үй бүлөмө жаңы жылда сюрприз кылайын деп турам.

– Ой, Жаке жаңы жылдын астында мөөнөтүңдөн мурун бошонуп келишиң биз үчүн, үй бүлөң үчүн өзү эле сюрприз эмеспи. Мындан ашкан сюрприз болобу?

– Болот, Эсеке, болот. Болгондо да сонун болот. Мен чыдап бүгүн силердикине коноюн. Эртең отуз биринде үйгө аяз ата болуп барайын. Жаңы жылды чогуу тозолу. Сен Нургүлгө жаңы жылда мен аяз атаны жалдап апарам деп эскертип кой.

– Макул Жаке, бул оюң жакшы. Мага да жагат. Нургул менен Эрмекти күтпөгөн жерден кубандыралы. Мен азыр эле сенин көзүңчө телефон чалам, – деди Эстебес.

Түрмөдөн кийин кенен жатып, кенен уктайын деп ойлоду Жайлобай, бирок уктай алган жок. Үргүлөп баратканда эле эшикти ачып аялы уулун ээрчитип кирип келаткансыйт. Сюрприз кылып мен барганда мени өз кишим дешпей аяз ата катары кабыл алат да, айланайындарым деп ойлойт. Аялы менен зоонадан бир нече ирет жолугушуп атайын бөлүнгөн бөлмөгө түнөп да чыгышкан. Арбир келген сайын жаңылап уулунун эки сүрөтүн апкелет. Бир сүрөтү төшүнө чейинкиси, экинчисин уулунун бою менен толук түшкөн сүрөтү. Сүрөттөн анын күн санап бою өзүп, чоңоюп келатканы байкалат. Ал сүрөттөр жанында. Жүрөгүнүн тушуна катат. Күндө бир маал алып карап коёт. Баякы булбулдай сайган кичине кездеги тилин укпаганы гана болбосо уулу менен сыртынан тааныш. Бирок өзүнүн кийинки сүрөтүн уулу көрө элек. Нургүл суранса: «ушул кейпим менен түшкөн сүрөттү уулуңа кантип көрсөтөсүң. Германияга кантракты менен иштегени кетпей эле түрмөгө түшкөн» деп бала болсо да ойлобойбу деп болбой койгон.

Жайлобай эртең менен эрте турду. Балконго чыгып караса айлана жымжырт. Көчөдөгү неон лампочкасынын күйгөнү болбосо элдин уйкуда экенин далилдеп терезеден күйгөн жарык жок. Асман түнөрүп, казан каптай көмкөрүлүп ай да, жылдыз да көрүнбөйт. Кар жаап жатат. Кардын калың жааганы неон лампочканын тушунан жакшы көрүнөт. Сырттагы жаратылыштын жагымдуу шартын көргөндө чыдап отура албады. Кийинип акырын жылып сыртка чыкты. Эл баса элек көчөдө ары-бери басып жүрдү. Нымдашкан абадан дем алган сайын көңүлү көтөрүлүп «Алтыным Нургүл, секетим Эрмек менин жаныңарда жүргөнүмдү билбей силер да элге окшоп бейкапар уктап жаткан чыгарсыңар. Эрмек го эчнерсени түшүнбөйт, Нургүл кантти экен? Мени ойлоду бекен? Ойлосо «байкушум жаңы жылды түрмөдө отуруп тозот деп ойлогондур» деп ой жүгүртөт. Көпкө басты. Таңдын жарыгы, күндүн шооласы калың жааган карды жарып өтүп жерге жарык бергенде үйгө кирди.

– Ээ, дос, кайда жүрөсүң? Сени катынына качып кеттиги го деп ойлодук эле. Кел, отур. Сени күтө берип Күлсүндүн чайы да муздап калды.

– Кайда качмак элем, – деди Жайлобай күлүп, – көчөдө жүрдүм. Сырт сонун. Жылуу. Кар жаздын карындай лапылдап жаап атат.

– Түндө эки дос эсилишип отуруп арбын ичип койдуңар, башыңарды жазгыла, – деп Күлсүн ачылбаган бөтөлкөнү үстөлдүн үстүнө койду эле.

– Кечирип кой аяш, – деди Жайлобай, – көп жылдан бери көрбөгөн уулума жыттанбай барайын. Чайын да, пайын да ошол жерден ичели. Эстекем мен үчүн ичсин, мен Эстекем үчүн закуска кылып эт жейин. Мындай кыргыздын тамактарын жебегенге канча болду. Ушуга шүгүр, ушуга тобо кылайын.

– Ээ, Жаке, сен ичпесең мен да ичпейм. Мен кузкун заардан арак ичип алкоголик болуп калды дейсиңби. Ал алып жибер!

– Мейли ичпече ичпесин. Кыстаба, – деп Күлсүн арага түштү. Андан көрөкчө Арзымат артис тууганыңдын үйүнө бар. Тура электе ордунан басып калбасаң ал бүгүн карматпайт. Кадыр-баркыңды салып, аяз ата болуп биздикине кийип келчүү кийимин алып кел.

– Ой, байбиче акылдуу баштан акылдуу сөз чыгат деп бекеринен айтпаптыр. Мунуң жакшы акыл болду. Аяз атанын киймин кайдан табам, прокатта болсо ошол жерден табамго деп ойлоп баш катырып жаттым эле. Ырас болбодубу, – деп Эстебес кубанып калды.

Тамактанып бүткөндөн кийин:

– Эми Эстеке сен барып Күлсүн айткан аяз атанын кийимди апкелгенче мен базарды, дүкөндү аралап үйдөгүлөргө жаңы жылдык белек-бечек алайын, – деди.

– Акчаң барбы? Канча акча керек? – деди Эстебес.

– Ээй, Эстеке, – деди Жайлобай, – мен эмне түрмөдө бекер жатып, бекер тамак ичти дейсиңби. Жалколонбой жакшы иштеп акча таптым. Акчам бар. Көптөн бери көрбөгөнгө шаарыңар өзгөрүп калыптыр. Дүкөн, кафе деген чет мамлекеттегидей жайнап кетиптир. Андан көрөкчө кандай, кайда барсам оң. Ошону айт. Нургүл менен кездешпей турган жерди айт. Аны менен кездешсем оюбуз орундалбай калат.

Жайлобай досу айткан чоң базарга барып шашпай келинчегине, уулуна белек алып, рюкзакка салып аркалап көтөрүп алды. Кудай жалгап ошол кумурскадай кыжылдаган элден бир да тааныш маңдайлашып жолуккан жок. Бир жолдошу аялы менен келатканын алыстан көрүп бурулуп кетти.

Жайлобай кечтин киришин күттү. Анан калса саат жылбайт, убакыт өтпөйт.

Саат тогузга жакындаганда кийине баштады. Ак менен этеги жээктелген кызыл баркут чапан, кыры ак, куйруктуу кызыл баш кийим кийгизип, кашына аппак кашты чаптап, сакал мурутту тагып, эки бетин кызыл чоктой кылып кызартып майлап койгондо аны кошунасы, жолдошу эмес койнунда жаткан аялы тааныбас болуп калды.

Күткөн убакыт да келди. Сааттын жебеси он бирди көрсөткөндө үйдүн коңгуроосун басканда ичтен үн чыкты:

– Бул ким?

– Мен Эстебес, Күлсүн, аяз ата.

Эшикти ачканда аялы менен уулунун катар карап турганын көрүп аз жерден Жайлобай боюн таштап жиберген жок. Каридорго киргенде Эстебес менен Күлсүн куттукташып, кучакташып, өбүшүп көрүшкөндөн кийин:

– Келаткан жаңы жылыңар менен куттуктайм. Жаңы жыл сизге, уулуңузга жаңы бакты, жашы таалай, жаңы кубаныч, жакшы маанай апкелсин. Тилеген тилегиңерге, ойлогон оюңарга, койгон максатыңарга жеткиле. Оору, кырсык силерден кайкып өтүп, дениңер сак, өмүрүңөр узун болсун! – оомийин деп аяз ата алакан жайды. Баары бата кылышты. Аяз атанын кебете-кепширине Нургүл көңүл буруп тиктеп калды. Кызыл беттүү, нур жүздүү аяз атанын күлүңдөгөн көзү негедир жылуу сезилди. Күлүңдөгөн көздүн баары эле окшош эмеспи, бирок аяз атанын көзүнөн кандайдыр тааныштык сезилип турду. Аяз атанын артыкча тиктеп, күлүп карашын «эмне келген киши күлбөй, тиктебей коймок беле» деп ошого жоруп койду.

– Айтканыңыз келсин аяз ата. Келиңиздер, кириңиздер, төргө өтүңүздөр, – деп Нургүл жол көрсөттү.

Эстебес менен Күлсүн чечинип апкелгенин үй ээсине беришти. Аяз ата калдая басып, ууру кишиге окшоп туштарапты айланта карап уулуна кайрылды:

– Ай жигит сенин атың ким?

– Эрмек.

– А, түзүк. Апаң менен атаң эрмек болсун деп атыңды Эрмек койгон экен. Жакшы.

– Атаң кайда?

– Атам алыста. Апам атамды алыс чет мамлекетте иштеп жүрөт деп айтты.

– Кат келеби?

– Жок.

Эстебес аяз ата келет дегенге Нургул менен Эрмек ёлканын мыктысын апкелип, сонун кооздоп жазашыптыр. Жаңы жылдын ырын ырдап, кол кармашып ёлканы айланып бийлешти. Эстебес менен Күлсүн сыр алдырбай алар да бийлеп шаңдуу. Аяз ата рюкзагын жонунан түшүрбөй Нургүл менен Эркиндин колун кармап тердесе да болбой бийлеп жүрүп. элди кубандырып ырдап кирди:



Жаңы жылда Эрмек мырза,

Түштү сага назарым.

Күн чыгыштан сага келдим,

Алыс менин сапарым.

Апаңа да, сага дагы,

Куттук айтып жатамын.

Угуп, билип алгыла,

Түгөнбөйт менин казалым.

Бул жаңы жыл, жаңыча,

Акыйкаттын жылы болсун.

Кедейлердин чөнтөгүнө,

Боолап-боолоп пулу толсун.

Атаң келип Эрмек мырза,

Башыңа бакты көнсүн.

Ушакчылар уйпалансын,

Сакал, муруту куйкалансын.

Жалганчылар жарыбасын,

Иши оңолуп арыбасын.

Зөөкүрлөр тартсын зордукту,

Өздөрү көрсүн кордукту.

Калыссыздар жок болсун,

Элдин карды ток болсун.

Тилегиңди кудай берсин,

Нургүл быйыл эриң келсин.

Куржунду ачып көрөйүн,

Белегимди берейин.

Аяз ата жонундагы артынганын түшүрүп: эми балдарым силерге алып келген белегим бар эле ошону берип коюга руксат эткиле деп рюкзактан алып аялына ак жоолук, пакеттеги печений, шокаладтарын карматты. Уулуна автомат мылтыкты, батерия менен жүргөн машинаны берип бетинен өпкөндө жылас болгон сагыныч сактанса да, кайрат кылса да болбой жанар тоо болуп жарылып, көзүнөн жашы төгүлүп кетти. Токтото алган жок. Аны көргөн Эстебес менен Күлсүн да көзжашы кылып мурундарын шор тартып калышты. Нургүл таң калып:

– Ээ, аяз ата эмне ыйлап атасыз? – деди.

– Менин да ушундай уулум бар эле, эл кыдырып, жер кыдырып жүргүп көптөн бери көрө элекмин, ошол уулум эсиме түшүп, сагынып, көз жашы кылып жиберипмин. Кечиресиз, – деп коньяк, аракты алып Эстебеске берип, Күлсүнгө да жоолук, шампан винону карматты.

– Эми туугандар, мени күткөн эл бар кетейин, – деди.

Нургүлгө аяз атанын көзү гана тааныш эмес, үнү да тааныш сезилди. Эрмектин бетинен өөп көзүн көлдөткөнү өтө шектүү болду.

– Ой, аяз ата, сен ушул аяз ата эмес эле Жакемсиң го, – деди.

– Адашкан жоксуңбу, балам?

– Адашкан жокмун. Сен менин алтынымсың. Алчы сакалыңды, – деп Нургүл умтулганда Жайлобай чыдаган жок. Бетиндеги сакал-мурутту сыйрып таштап аялын кыза кучактап өпкүлөп:

– Менмин алтыным, менмин. Аяз атанын киймин кийип келсем да таанып койдуң. Унутпапсың. Тааныганыңа ырахмат.

Таң калган баласын Нургүл бир жагына кучактап, эрин экинчи жагына кучактап алмак-салмак өпкүлөп «Эркинтайым мына сенин атаң, аяз ата болуп жаңы жылдын астында күтүлбөгөн бакты болуп келген тура. Көрдүңбү атаң ушул, каралдым» Мындан ары атаң менен чогуу болобуз. Бул жаңы жыл жакшылыктын жылы болду биз үчүн, – деп Нургүл ыйлап да атат, сүйлөп да атат.

Кубанычтын ыйы басылып, аккан жаш кургаганда, жаңы жылды куттуктап жакшы тост айтылды. Хрустал бокал тийишкенде жылажындай үн салып кулакка жагымдуу угулду…





Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет