Качкыналы Сыдыгалиев, 2010. Бардык укуктар корголгон



бет6/7
Дата27.06.2016
өлшемі0.49 Mb.
#161667
1   2   3   4   5   6   7

ШАШЫЛЫШ КАТ
Бүгүн сот түшкү тамактануудан кийин, саат экиде башталды. Сот залында анча көп эмес үркөрдөй кишилер отурушту. Күнөкөрдүн үстөлүндө эки жаш бала, жанында адвокат аял. Колунда автоматы бар милиционер алардын артында зыкыйып кайтарып турат. Чачын кызыл-күрөң кылып боёгон сулууча соттун секратары бейкапар компьютердеги карта оюн менен алек. Прокурордун жанында кырк беш жаш чамасында, жаак чачтарын ак аралаган машинасын уурдаткан киши отурат. Анын кийген киймине, өзүн салабаттуу алып отурганына караганда интелегент экени байкалат. Зал тымтырс. Бир оокумда :

– Сот келатат, ордуңуздан туруңуздар! – деген секратарь кыздын үнү өктөм чыкты. Эл жапырт турушту. Арткы эшиктен чачы кардай агарган, орто бойлуу, жашы алтымышка такап калган сот кирди. Ал залда отургандарга көз жүгүртүп алды да «отуруңуздар» деп өзү да отуруп:

– Секратарь, баяндаңыз? – деди.

– Чакыргандардын баарлыгы келди. Күнөөлүнүн энеси ооруканага жатып калгандыктан келалбай калды. Справкасы бар. Келгендер сыртта күтүп отурушат, – деп секратарь баяндады.

– Бүгүн Зарлык Муратбековтун, Марат Аттокуровтун машинаны уурдаган иши каралат. Ишти мен Саргалдаков Туратбек карайт. Прокурор майор Бектемиров Болот, адвокат Сансызбайева Нургүл, секратарь Мира Абдыласова, – деп тааныштырып соттун ишин ачык деп жариялап, алгачкы сөз прокорго берди.

Прокурор кырк жаш чамасындагы жигит экен. Ал «Зарлык менен Мараттын гражданин Тажыбаев Зулпукордын «мерседес» машинасын уурдап, качып баратып келаткан машина менен бетме бет кагылышып уурдалган машинанын да, кагышкан машинанын да алдыңкы жагын талкалап чоң зыянга апкелген. Териштиргенде күнөөлү уурдаганын мойнуна алган», – деп бүтүрү.

Сот машинасын уурдаткан кишиге кайрылды:

– Жолдош Тажибаев машинаңызды кандай уурдатканыңыз жөнүндө айтыңыз. Зулпукор ордунан туруп, кыска кылып кырктырган мурутун сылап алды да:

– Аялым жакында эле каза болгон. Анын кыркын өткөрүп жатканбыз. Машинаны айдап келип үйдүн жанына койгом. Шашып үйгө кирип кайра чыксам машина жок. Ары карап, бери карап таппай калдым. Анан милицияга телефон чалып билгиздим. Бул иш түштө болгон, бешим ченде «машинаң табылды» деп милициядан кабар келди. Айткан жерге барсам сүзүшкөн эки машина тең талкаланып, алдакы отурган эки жубарымбек колго түшүптүр. Болгону ушул.

Уурдаган балдар, алардын ата-энеси мурун сизге тааныш беле?

– Жок тааныбайм. Көргөн да эмесмин.

– Отуруңуз.

Сот күнөөлүнү тургузуп:

– Күнөөлү фамилияңызды, жашыңызды, жашаган жериңизди айтыңыз, – деди.

Биринчи четтеги бала жооп айтты:

– Мен Муратбеков Зарлык. Бирмиң тогуз жүз токсон экинчи жылы туулгам. Чүй району, Бирлик айлында учотто турам.

– Иштейсизби же окуйсузбу?

– Быйыл жаңы эле келгем шаарга. Финансы тухникомунан окуйм. Биринчи курс.

Кезеги менен Аттокуров Марат да туулган жылын, шаарда турарын, финансы техникомунун биринчи курсунда окурун айтып берди.

Прокурор суроо узатты:

– Машинаны эмне үчүн уурдадыңар? Ким уурда деди? Кайда апармаксыңар? Кимге сатмаксыңар?

Зарлык ордунан туруп жооп берди:

– Биз машинаны уурдаган жокбуз, жөн эле «кататса» этели деп ойногону айдаганбыз.

– Ачкычты кайдан алдыңар?

– Биз сабактан тарап келатсак жолдун жээгинде машина туруптур. Ачкычы ордунда сайылуу экен.

– Ким биринчи айдайлык деп айтты?

– Мен.

– Ким рульга отуруп айдады?



– Мен.

– Айдоого акылуу деген күбөлүгүң барбы?

– Жок.

– Анан кантип айдадың ? Правасы жок бирөөнүн машинасы эмес өз машинасын айдоого руксат берилбейт.



– Мен күбөлүгү жок эле айылда трактир, машина айдап үйрөнүп алгам, – деп Зарлык башын кашып алды да, – прокорор байке, сизден суранарым Маратты бошотуп жиберсеңиздер. Мында эч күнөө жок. Баарын баштаган да мен, машинаны айдаган да мен, машинаны талкалаган да мен. Марат жөн эле жанымда отурду.

Баланын такылдап жөндүү сүйлөгөнү, күнөөнү жалгыз мойнуна алганы прокурорду да, уурдаткан машинанын ээсин да, сотту да кайдыгер калтырган жок.

– Сен жалгыз соттолуп кетемби деп коркпойсуңбу?

– Корком прокурор бейке, корком. Корккондо да абдан корком. Ак киши мени менен кошо кесилип кеткенден корком. Менин коркуткан бир нерсе бар, ошондон абдан корком, прокорор байке.

– Ал эмне?

– Мен ууру болбосом да ууру деп кесилип кеткенден корком. Ууру деп кесилсем эртең элдин бетин кантип карайм. Бетиме жабылган көө өмүр бою кетпейт да, ууру деген атым өчпөйт да, мына ошондон корком.

Канчалык каарлу болсо да баланын чыйрактыгына ыраазы болуп прокордун жүзүнө жылмаю пайда болду. Антсе да ал ичинен : «такылдаган оңбогур, такылдаганына караганда уурдаган машинаны саталы дешкен да…» – деп ойлоп отурду.

Машинаны уурдаткан киши унверситетте студенттерге сабак берет. Турмушунда көп эле соттолгон кишини көргөн. Алар сот алдында маанайы түшүп шалпайып отурганын көрчү. Бу баланын жолдошун коргоп сүйлөгөнү, коркпогону, абийирин сактоого аракет кылганы таң калтырып мугалимдик сезимин козгоп кетти.

– Кимди бошотот, кимди камайт ал соттун иши, – деп прокурор түшүндүрүп күнөкөрлүүлөрдүн экөөнө алмак-салмак көптөгөн суроолор берди. Көргөндөрдү чакырып уурдаганын аныктады. Адвакат балдардын жаштыгын, ойноок экенин эске салып жеңилдик сурап, актоого араке кылды. Прокорор акыркы айыптоочу сөзүн сүйлөп жатканда эшикти кайтарып, күбөлөрдү чакырып турган милиционер Зулпукорго чапталган конверт апкелип берди. Караса «СРОЧНО!! Зулпукор Тажибаевке!» берилсин деп жазылыптыр. Прокорор күнөөлөп сүйлөгөн акыркы сөзүн угууга ынтызар болгон киши конвертти ачкысы келбеди, бирок шашылыш кат деген сөз үстөмдүк кылып көңүлүн тынчытпады. Конвертти ачып караса жаш чагында Зина менен чогуу түшкөн сүрөт. Зинанын колунда күлүп турган наристе. Барактын бетине: «Зукеш, күнөөлү бала сенин уулуң, билбей түрмөгө кестирип жибербе. Сени урматтаган Зина» деп үч ооз сөз жазыптыр. Зуулпукор катты окуп алып санаасы санга бөлүндү. Эки баланы кайра-кайра тиктеп өз баласы ким экенин билбей өңдөн түздөн тайып отуруп калды.

Бул окуя көп жыл мурун болгон. Жаш чакта «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторияга эсалганы барып калган. Ал убак июль айы, көлдүн болуп турган учуру эле. Бир күн эс алгандан кийин башка үстөлгө акындар айткандай кара каш, кара көз, кырдач мурун, кыпча бел сулуу келин келип отуруп калды. Анын жүрүш турушу, жагымдуу күлкүсү, мээримдүү көз карашы Зулпукорго жагып ашык болуп, ашкананы тейлеген тааныш медсестра менен сүйлөшүп келген келинди үстөлүнө котортуп алды. Жанакы жаркылдаган жароокер келин эми карегинен нур чачып, жүрөктү жылытып маңдайында отурду. Жакшы, жагымдуу кишилер менен курортто бир үстөлдө отуруп тамактануу бактынын бир бутагы. Жеген тамагың аш болуп, көңүлүң шат болот. Зулпукор келинди сүйүп, артынан көлөкөдөй ээрчип бирге жүрдү. Пляшка да бирге барып, сууга да чогуу түшүп, кумга да катар жатып оонашты. Зулпукордун каз таман бутун көрүп таңыркаса да Зина сыпайылык кылып унчукпады. Зулпукор канчалык жагынып аракет кылса да Зина боюн салбады, антсе да өзүнөн алыстатпады. Суроону көп берет. Аялдарга көнүмүш суроо катары «аялың барбы? Балдарың барбы?» деп сурады. Зулпукар жашырган жок «аялым бар, балам жок» деп чынын айтты.

– Эмне үчүн балаң жок?

– Аялым төрөбөйт. Бала төрөгөндү каалабайт. Бала төрөп фигурасын бузгусу келбейт, – деп Зулпукор тамаша чынга салып ачыгын айтты. Зина Зулпукордун карегине кадала тиктеп:

– Эмне үчүн төрөбөйт? Ага ким күнөөлү? Сизби же аялыңызбы? – деп суроону кырынан койду.

– Зина сен жаралуу жерди чукуп суроо бердиң, – деп Зулпкор улутунуп көл үстүндө кайкып учуп жүргөн кош ак чардакка тигиле карап, – аялым акыйкатта төрөбөйт. Бул жердин доктуруна, Москванын доктуруна текшерилсек аялымдын төралбасы аныкталды. Ошентин беш жыл бирге жашасак да баланын үнүн укпай келатам.

– Бала багып албайсыңарбы?

– Жок Зина, өз каныңдан тукум болбогон соң, өзгө баланы каалабадым. Аялым багып алалы дегенден мен макул болбой койдум. Прокурчо мени такып сурай бербей эми өзүң жөнүндө айтчы, өзүңдүн канча балаң бар?

– Менин да балам жок, – деди Зина муңайып, – эрим активтүү эркек болгон менен тукум бергенге жараксыз. Сенин тагдырың менен менин тагдырым үндөш болуп кетти, бирок карама каршы экен. Сен жактан аялың жараксыз, мен жактан эрим жараксыз экен, – деп күлдү.

Зинаны Зулпукордун жакын жекжаатары көп кызыктырды. «Чоң атаң, өз атаң канчага чыкты эле? Тууган-туушкандарыңда жин оору жок беле? Кандай оорулар менен ооруду эле?» – деген суроолорду биринин артынан бирин берди. Зинанын такып сураганын Зулпукор анчалык эрен-төрөн көрбөй болгонун болгондой айтты. Курортко барганда аял-эркек биринчи күнү тааныш, экинчи күнү сырдаш, үчүнчү күнү муңдаш деп айтат эмеспи. Ошол сыяктуу экөө ынак болуп кетишти. Зулпукордун алгачкы кучактаганда турганда:

– Зукен, аялдык кылып актанып, мактанып жатат деп ойлобо. Мен эримди сүйөм, ушул күнгө чейин эримдин төшөгүн бирөөгө тепсеткен эмесмин. Мен да сени келгенде жактырып сүйүп калгам. Медсестра «баланчачы үстөлдө орун бошоду ошого барып отур» – дегенде кубанганым айтпа. Абдан кубандым. Мен эми чынымды айтайын Кудай тилегимди берсе сенден тукум алып үйгө кайтайын деп ойлоп турам. Сенин ата тегиңди такып сураганым да ушул. Тукумуң таза экен, – деген Зина. Мына ушундан кийин эрди катындай никесиз жашап жүрүшкөн. Кетээрде Зина «этек кирим убагында келбей калды, кудай кубандырган турат окшойт» – деп оюн чындан тамашалаган. Бир жыл өткөндөн кийин күз айында Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы аялдын эстелиги турган көк майданда жолугушуп: «Зукен, бала сенин эле копияң болуп калды. Карачы бутун, сенин бутуңа окшоп каз таман болуп калыптар», – деп бутун көрсөткөн. Анысы чын Зулпукордун бармактары тубаса каз таман болуп туулган. Бармактарынын ортосунда тубаса пайда болгон жаргакча бармактарды жабыштырып турат. Баланыкы да ошондой экен. Ошондо баланы көтөрүп туруп чогуу сүрөткө түшүшкөн. Ошол сүрөт конверттин ичинде экен.

Зулпукор санаага бастырып отурганда прокурор баланын жаштыгын көңүлгө алып үч жылга балдар калониясына жиберүүнү сурады. Сот күнөөлөгөнгө кайрылып:

– Жолдош Тажыбаев чечим чыгардын астында акыркы айтар сөзүңүздү айтыңыз, – деди.

Зулпукор эртеден бери соттолуп аткан баланын фамилиясын, атын бир нече жолу укса да энесинин атын уккан эмес. Ошону аныкташ үчүн ордунан туруп балдарды биртопко тиктеп токтоп калды. Өңүнүн өзгөрүп кеткенин байкаган сот:

– Кечиресиз, эмне бир жериңиз ооруп турабы? Суудан ичиңизчи, – деди.

– Ооруп турат, – деди Зулпукор аста сүйлөп, – жүрөгүм сыздап, денем да, дилим да ооруп турат. Муратбековко суроо берүүгө руксат этиңиз.

– Сура.

– Зарлык, балам, айтчы апаңдын аты ким?

– Зина.

Зулпукор издегенин тапкандай өңү кубанычтуу өзгөрө түштү.

– Атаң барбы?

– Жок. Беш жыл мурун апам менен ажырашып, жаш аялга үйлөнүп, аялынын төркүнү тарапка көчүп кеткен.

– Урматтуу сот, – деди Зулпукор биртоп үн катпай буулугуп туруп, – балдар күнөөлү. Ага шек жок. Балдар балалык кылып машинаны айдап барып кокустукка учураганы аныкталды. Балдар бешиктен бели чыкпай жатып түрмөгө түшсө оңолбойт. Мен балдардын күнөөсүн кечтим. Балдарда доом жок. Сизден суранарым урматтуу сот балдарды актап ушул жерден бошотуп жибериңиз.

Залда отурган эл шатырата кол чаап жиберишти. Сот күнөөлөгөндүн талабын орундатып балдарды бошотту. Соттун бошоткон чечими чыккандан кийин элдин артында Зулпукор чыкты. Качан чыгат деп сагалап күтүп турган Зина келип Зулпукордун колун кармап:

– Рахмат, – деди Зина жалооруй тиктеп, жаш чайыган карегин сүртүүгө чамасы келбей, – сен мени да, уулумду да бактылуу кылдың. Өзүң да бактылуу бол, Зукеш.

Зулпукор Зинанын аппак, жибектей жумшак колу колуна тийгенде жүрөгү туйлап бүткөн бою чымырап кетти. «Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт», – дегендей арадан канча жыл өтсө да Зина ошондой эле экен. Аз өзгөрүптүр. Зулпукор Зина менен коштошуп жатып өзү берген канверттин бетине чөнтөк телефонунун номерин жазып Зинанын колуна карматып:

– Зина, алтыным, сүрөттү уулуңа көрсөтүп түшүндүр. Жашырба. Ачыгын айт. Анан ушул телефонго чал. Сүйлөшөбүз. Мен да бойдокмун, – деп сырлуу сөз айтып сот залынан чыгып кетти. Зина ошол күнү телофон чалып, кездешип аркы-беркини сүйлөшүп анын «эмне үчүн сот учурунда келген жоксуң?» деген суроосуна:

– Алтыным, сенин зээниңди кейитпейин, балким «баласын тарбия бералбаган ушундай да педегог болобу» деп ойлоп кыжырың келбесин деп чочуладым, – деп түшүндүрдү. Зулпукор эртеси кечке уулу экөөнү конокко чакырды.

Зарлыкты күтүүсүз жерден соттун бошоткону таң калтырды. Жана эле ачууланып, күнөөлөп отурган машинанын ээсинин тез өзгөрүп тескерсинче жактап сүйлөп калганына түшүнбөй сыртка чыкса апасы күтүп туруптур. Кучакташып көрүшүп үйгө келгенде апасы сүрөттү көрсөтүп чындыкты айтты. Кечте ээрчишип Зулпукордукуна келишти. Ал жалгыз үч бөлмөлү үйдө турат экен. Такмактанып чайлашкандан кийин:

– Закинтай сен капкандан бошонуп чыкканга кубанып атасыңбы? – деп Зулпукор баланы сөзгө тартты.

– Кубанбагандачы… Мен кесилип кетем го деп ойлогом.

– Кандайча бошоп калганыңды апаң айткандыр?

– Айтты, бирок өзүм ишенсем да жүрөгүм такыр эле ишенбей турат.

– Ишен балам, ишен, – деди Зулпукар жылмайып, – тагдыр бизди талаадан кошкон. Бирок аягы ушундай болуп аяктарын ким билиптир. Мына бүгүн мен уулумду, сен канынан жаралаган өз атаңды таап отурасың. Айып көрбөсөң бутуңду чеччи, мен да чечейин.

Экөө тең байпактарын чечишти. Экөөнүн тең буту тубаса каз таман болуп окшош экен.

– Көрдүңбү, балам, – деди Зулпукор таңыркап тиктеп турган баланын жүзүнө карап, – менин атам да каз таман болчу, мен да каз таман болуп төрөлдүм. Сен да каз таман болуп төрөлдүң. Бул кудай адашпасын деп биздин тукумубузга атайын эн салып койгон. Эми бирибизди бирибиз тана албайбыз. Эгерде тукум кууган, кудай жараткан белгиге ишенбесең, дилиңде калп деген ой өкүм сүрүп туруп алса ДНКга текшертели. Макулсуңбу?

– Мен баарына макулмун, – деди Зарлык кызарып татарып, – апам айткан соң, бутубуз окшоп калган соң мен ишенүүгө аргасыз болдум. Атам экениңизге ишенем.

– Сен каршы болбосоң бул үйдө келип жаша. Жатаканаңды ташта. Апаң да ишин өткөрүп мында келет. Апаң экөөбүз түбөлүк бирге жашайлы деп чечтик.

Зулпукор шампанды бокалдарга толтуруп куюп:

– Тагдыр бизди бөлсө да акыры ушинтип кошулуп отурабыз. Келгиле көп жыл өткөндөн кийин жараткан ата-баланы табыштырганы үчүн, келечек үчүн, кудай берген биздин бактыбыз үчүн алып жиберели, – деп тост көтөрттү…




КАЙЫП БОЛГОН КҮЙӨӨ, КЕЧИРИЛГИЗ КҮНӨӨ
Жашоонун жазылбаган закону, көрүнбөгөн түйшүгү көп эмеспи. Жапар менен Жазгүл мектепте окуп жүргөндө эле бирин бири сүйүшүп, кат алышып, кат беришип жүрүшкөн. Экөөнүн көңүлү жакын экенин, бирин бири жакшы көрөрүн баланын да, кыздын да энеси билишет. Балдары онунчу калассты аяктап калганда Жапардын апасы:

– Я, Асыке, сен балаң жөнүндө ойлойсуңбу, деги? – деп Канымгүл сөз баштап калды.

– Ии, эмне болуптур? – деп Асык байбичесине таң кала карады.

– Мына Жапар онунчу классты бүтүп атат. Анан аскерге кетет. Ал келгенче сүйлөшүп жүргөн кызы күйөөгө чыгып же аны бирөө алакачып кетпейби. Ал келгенче эки жакты каратып кылчактатпай сүйлөшкөн кызынын кулагына сөйкө салып «баш байлады» кылып койбойлубу.

– Сүйлөшкөн кызы бар бекен?

– Бар. Сен деле билесиң. Тиги Ысмайыл бажаңдын кызы Жазгүл. Ал кыз сулуу десең сулуу, жарокер десең жарокер. Кызга окшоп кылыктанбай шаңкылдап ачык. Мында келип калганда элчилеп карап отурбай идиш-аякты жууп, үйдү шыпырып жардамдашып жиберет. Шайдоотугун айтпа, тың. Келин болуп келсе бизди жыргатат. Өз өлтүрбөйт, жат жалгабайт эмеспи. Ата-энеси да сыр билги, тектүү жакшы кишилер. Апасы Айсалкынды тартса кызы жакшы адам болот.

– Уулуң го, онунчуну бүткөндөн кийин окубайм, шопур болуп иштеп силерди багам дейт, а сүйлөшкөн кызы кантет экен? Балким институттка барар. Анан ал жерден билимдүү бирөөнү таап алат да куйругун түйүп шарт коёт…

– Апасы айтты, ал кыз деле окубайт экен. Экөө макулдашып алган окшойт.

– Анда сөз башка …

Ошол жылы Жапардын ата-энеси эски салт боюнча баарлык шаан-шөкөтү менен барып кыздын кулагына алтын сөйкө салышты. Айсалкын менен Канымгүл таластык болгон соң экөөнүн эри бирин бири бажа дешет.

Эки үй бүлө башынан жакшы. Ынтымактуу. Алыш-бериштери мыкты. Балдары да келип, кетип турушат. Асык менен Канымгүл да катнашыбыз калыңдансын, жолдошубуздун сырдана кызын колдон чыгарбайлы деп кол куушуруп куда болуп келип атканы да ошондон.

Жапардын апасы келечек келининин кулагына сөйкө салып:

– Силерге ынтымак, ысык сүйүү каалайм, бактылуу болгула, балам. Жапашың аскерге кеткенде аны жоктотпой үйгө келип тур, – деп бетинен өптү.

Жазгүлдүн апасы бир чети жакын жолдоштору куда түшкөнүнө кубанып, бир чети кыз баланын башы байланганына жүрөгү сыздап кызын кучактап:

– Алтыным, жаркыным, сөйкө салыш ата салты. Бул кубаныч. Бул арбир адамдын тилеген тилеги. Силер тилеген тилегиңерге жеттиңер. Ата-энеңер силерге макулдугун берди. Сенин кулагыңа сөйкө салынды деген, сенин башыңа ноктоо катылды деген кеп. Жапарың аскерден келгенде сени жетелеп алып кетет. Анын ага акысы бар. Эми сен башка үй бүлөгө таандык, энчилеп койгон адымы болуп калдың. Баскан турганыңа досуң да, касың да көз салат. Мурункудай ой келди басып, ой келди ойноор мезгиден өттүң, балам. Эми бизди, келечек жарыңды, анын ата-энесин сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылбай жакшы жүр, кызым-деп Айсалкын ыйлап жиберди.

– Шолоктоп жаман жорукту баштабачы, – деди Канымгүл, – кызыңды биз азыр алып кеткен жокбуз. Үйүң ордунда, кызың колуңда. Андан көрөкчө той алды кылып кудаң менен кудагыйыңа сыйыңды көрсөт.

Жакшылыктагы ый тып басылып дасторкон жайылды. Жадырап-жайнап отурушуп эки жашка ден соолук, узак өмүр, ысык сүйүү тилеп тост айтышты. Жапар аскерден келери менен той болорун макулдашып, эки куда кетерде кучакташып төш тийгизип тарашты. Жапар онунчу классты аяктап аттестат алгандан кийин шаарга барып шофёрдун курсун бүтүрүп келип совхоздо иштеп жүрүп кийинки жылы аскерге кетти. Жазгүл экөө кат алышып, кат жазышып турушту. Айрым күндөрү Жазгүлгө келечек жарынан бир күндө экиден кат келгенде эки жаштын сүйүүсүнө почточу да, эл да таң калышты.

Кыш биринчи тоого келип, анан ылдыйлап талаага түшсө, жаз биринчи талаага келип тоого шаша чыгат эмеспи. Күркүрөгөн күздүн аяктап баратканына кабар бергенсип улуу тоого кар калыңдап жаап, талаада мезгил-мезгили менен күзгү жамгыр нөшөрлөп турганда Жапар аскерден келип калды. Эки куда күпүңдөшүп тойдун камын көрүп калышты. Жапар менен Жазгүл райондук ЗАГСга барып никелик күбөлүгүн апкелген күнү Жапардын ата-энеси чоң той өткөздү. Айылдаштар келип тойлоп, жаштар ырдап, бийлеп, той майрамга айланып үч күнгө уланды. Ошондогу ойноп күлгөн күн эки жаштын гана эмес айылдаштардын да эсинде калды.

Асык менен Канымгүл келиндүү болуп, колу узарып, түйшүгү азайып бактыга батып турган учуру. Уул, келининин ойноп күлгөнү алардын кубанычы. Жазгүл эртең менен эрте туруп, эрине тамак берип жумушка узатат. Уйду саап, сүтүн сипараторго тартып анан уйду табынга кошот. Үйдөгү көр оокатттын бүтпөгөн убаракерчилиги менен жаны тынбайт. Колу бошой калганда улам сыртка чыгып эри келчү жолду карап бир аз турат да кайра үйгө кирет. Жапардан жумушка кеткенде гана ажыырашпаса ал келгенде экөө эч ажырашпайт. Эгиз козудай ээрчишип жүргөндөрү жүргөн. Тамакты да чогуу бышырып, дааратканага да чогуу барышат. Эри жумуштан келгенде кеминде аны бир ай көрбөй калгансып кайын атасынан, кайын энесинин карап турганынан жазгандай жаш балача мойнуна асылат. «Кайда болдуң, ким менен болдуң? Кайсы аялдар менен иштештиң?» – деп такып сураган адаты бар. Ага эри талыкпай жооп берет. Жашырбайт. Ансе да эринин айткандарына анча ишбей айылдагы аялдардан, келиндерден, кыздардан эри жөнүндө сураштырып танабын тартып турат. Жүк ташуучу машинасынын кабинасына ким түшкөнүнөн өйдө билет.

– Сенин машинеңе бир сулуу келин көп түшөт экен, аны кайда апарасың? Деги ал өзү ким? – деп Жазгүл бир күнү сурап калды.

– Ким болмок эле, баягы биз менен бирге окуган Гүлжамал. Бензозаправшик. Машина, трактирге күйүүчү май куят. Башка машина жок болуп калганда начальнигибиздин айтуусу боюнча кээде аны кабинага отургузуп алып нефте базага апарып келем.

– Күйөөсү менен ажырашып кетти деп уктум эле, чынбы?

– Чын. Эмне экен?

– Эч нерсе эмес, – деди Жазгүл тырчыйып, – сен жүк тартпай эле катын тартып калган турбайсыңбы. Тарта бер ага окшогон бойдок катындарды, ал чогуу окуп жүргөндө эле сени жакшы көрчү. Сен да аны жакшы көрчүсүң. Тилегиңерге жетипсиңер, – деп тултуңдап үйгө кирип кетти. Мына ушундан кийин үйдөгү тынчтык бууга айланган сууга окшоп акырындык менен жоголду. Жазгүл эринин машинасине аял түштү дегенди укса эле ал түнү эрин жемелеп уктатпайт. Уруш, талаш.

Экөөнүн чатагы канчалык жашырса да ата-эненин көз кырында калган жок. Көрүп, билип жүрүштү. Ана токтойт, мына токтойт деп күтүштү. Токтомок түгүл эки жаштын чыры ачыкка чыга баштады.

– Ээ, байбиче, уул, келиниңе эмне болду? Жылкы теппей, жылан чакпай, баш кошкондоруна бир жыл өтпөй жатып неге булар чырдашат? – деп Асык сурап калды.

– Ээй, чал. Булардын чатагын сурап не кыласың. Булардын чатагы баягы эле сүйүү, ичи тарлык, кызганчтык. Келин балабыздын ичине кара таруу айланбай эрин көрүнгөн катындардан обу жок кызгана берет экен. «Балам ашыкча кызганчак болбо. Иш деген иш. Иште, тышта эриң эл менен жүрөт, аялдар менен сүйлөшөт, тамашалышат. Андай-андайларды оюңа ала бербе. Анын үстүнө көздөн башкасы баары душман. Силердин ынтымакта жашаганыңарды көрө албайгандар көп. Ушакчыны укпа, тилине кирбе десем»: «мен уулуңду сүйөм, аны башка аялга ыраа көрбөйм» дейт тастаңдап.

– Күнөө керкисинде да, кемтигинде да дейт эмеспи, балким уулуң бузулуп, жаштык кылып машинасынын маторунуна окшоп күркүрөп жүргөндүр ?. .

– Асытыртан сураштырдым. Калк айтса калп айтпайт эмеспи. Уулуңда күнөө жок, чал.

Бир күнү таң атпай Сайнагүл деген келин келип эшиктин коңгуроосун басты. Ансызда ишке даярданып жаткан Жапар эшик ачканда, артынан аялы кошо чыкты.

– Ай, Жапаш, директордун өзүнөн урксат алдым. Беш мүшөк буудай бар эле ошону тегирменге эртерээк жеткирип бер, – деп калды.

– Акысын бересиңби? – деди Жапар тамашалап.

– Акысын бугалтерге төлөп квитанция жаздырып алдым. Сен акы дооласаң сага да берем. Акысына эмне аласың?

– Акысына төө да сурабайм, бээ да сурабайм.

– Анан эмне сурайсың?

– Анан айтам, – деп Жапар күлүп тим болду.

Муну угуп турган Жазгүл ас жерден кобра жылаандай атылып барып аялга бир тийген жок. Сайнагүл шофёрдун аялынын ачуусун сездиби ким билсин «мен сени үйдөн күтөм» – деп бурулуп жолуна түштү. Келин кеткенден кийин «сен ушуну менен ойношсуң. Тегирменди шылтоо кылып сени атайы чакырып келди Бар, барып ошону алып ал», – деп эрин жакалап жажылдап кирди. Кайын энеси келининин карышкан колун жакадан араң бошоткондо көйнөгүнүн жакасы айрылып келиндин колуна кетти.

Жапардын заманасы куурулуп, ээн эркин боло албай, жүрүш-турушу тарып калды. Аялы барда башка аялга карап күлмөк түгүл, сүйлөп да койбойт. Ага да карабай айрым учурда «сенин көз карашың жаман, баланча катын менен ымдаштың» – деп чыр салчу болду. Күндөн күнгө аялынын кызганы артып, эринин артынан өзү аңдып калды. Бир нече ирет кыз, келиндер менен тамашалашып турганын көрүп эри үйгө келгенде чыр чыгарып, киймин тытып, тырмагын этине батырган күндөр болду. Жапар эркектик намыс менен кыйналганын, кысталганын билгизбеске аракет кылат, бирок ата-энеси билишет. Бир сапар:

– Байбиче, келин эң эле ээ-жаа бербеген долу экен. Оорулу болуп жүрбөсүн, Тиги нервти караган доктурларга көрсөтсөңчү, – деди Асык.

– Келиндин үч айлык боюнда бар, балким ошонун таасири болбосун. Врачтар бала бойго бүткөндө аялдын денесинде көп өзгөрүүлөр болот деп айтып жүрүшөт го…

Келининин боюнда болгон жакшылык кабарды угуп Асык да тим болду. Бирок карыя уулун аяп жүрөгү сыздайт. Айла канча чыдайт. Оңолуп кетер деп ойлойт. Кызынын кылыгы жөнүндө Жазгүлдүн энеси да билет. Энелик кебин ал да кызына нечен ирет айткан.

Бир сапар Жазгүл эртең менен уйду табунга кошуп үйгө келатса гараждын жанында Жапар, Гүлжамал, Сайнагүл үчөө каткырып күлүп тамашалашып турушуптур. Аны көргөндө «булар эмне кылаар экен?» – деп Жазгүл жоон теректин далдоосуна жашынып аңдып калды. Бир оокумда Гүлжамал Жапарды кынала колтуктап күчкө салып жетелеп кетти. Аны көргөндө Жазгүлдүн күйбөгөн жери күл болуп дикилдеп үйүнө келди. Ачуусу келгенденби же өзү элеби ким билсин табарсыгынын тушу ооруп, ичин басып үч бүктөлүп отуруп калды. Кайын энеси келининин ичи ооруп калганын көрүп бала чуркатып уулун таптырып келип:



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет