Качкыналы Сыдыгалиев, 2010. Бардык укуктар корголгон



бет7/7
Дата27.06.2016
өлшемі0.49 Mb.
#161667
1   2   3   4   5   6   7

– Жапаш, келинчегиңдин ичи ооруп калыптыр. Боюнан козголуп калса керек. Райондук аял доктурга апарып көрсөт. Врачтар жатып дарылансын десе калтырып кел. Ооруканага жатып калса эртең мененки автобуз менен өзүм барам, – деди.

Жапар карбаластап шашып калды. Барып башкы инжинердин УАЗ жеңил машинасын айдап келип келинчегин отургузуп райондук ооруканага алып жөнөдү. Бираз узай бергенде машинасынын астыңкы дөңгөлөгүнүн жели чыгып токтоого аргасыз болду. Жолдун боюндагы жапайы чыккан алчанын түбүнө токтоп дөңгөлөктү чыгарып которуп атканда кара баскан катын жөнүндө чыр кайра башталды. Жазгүл Гүлжамал экөө колтукташып баратканын өз көзү менен көргөнүн айтканда:

– Сен туура көргөнсүң. Ал мени нефти базага барып келели дегенде мен болбой койгом. Ал менин ойбоюма койбой колтуктап алып башкы инжинерге апарган. Колтуктаса эмне экен, анын колоңсосу жугуп калыптырбы? – деди Жапар.

Көп күндөн бери кызганычтан нерви бузулуп, буралган пружинадай чыңалып турган нерви жанар тоодой жарылып кетти. «Сага мен керек эмес, башка катын керек экен. Мына сага!» – деп жерде жаткан мантировкону алып эңкейип иштап аткан эрин чыкыйга чапты эле Жапар тырп жыгылды. Турат десе турган жок. Аңгыча келаткан машинага кол көтөрүп түштү да кетти. Түз эле ооруканага барды. Аял доктуру көрүп «боюңдагы балаң козголуп калыптыр, төрөт үйүнө тынч кыймылдабай жат. Дарылап баланы сактап калууга аракеттенели. Дары жардам бербесе айла канча аборт жазоого туура келет» деди.

Жазгүл төрөт үйүнө жатып калды. Өзү менен өзү алек. «Жапар эмне болду? Ал эмне үчүн келбейт? Тарындыбы? Же башы ооруп туралбай калдыбы?» – деп ойлой берет.

Жапар ошобойдон турган жок. Мантировка менен чапканда эле жантазилим болуптур. Тааныш шофер көрүп калып үйүнө кабар айтышты. Көмөөр күнү аялын издеп табышса жатынынан кан кетип жаңы эле операционныйга алып кирип кетишиптир. Кыйналып жаткан аялга айтпай ата-энеси, тууган-туушкандары ыйлап-сыктап Жапарды көөмп тынышты. Аборт жазаткандын эртеси милициянын майору палатага кирип келгенде Жазгүлдүн жүрөгү жамандыкты сезип сумсайды. Майор жашырып-жаппай эринин өлгөнүн айтып суракка алганда Жазгүлдүн өңү кубарып, денеси калтырап чыкты. Сүйлөйүн деди эле сүйлөй албай койду. Көпкө ыйлап басылып:

– Жапардын машинасынын балону жарылып жолдо токтоп калганда мен ичим ооруп чыдабай башка машинага түшүп кеткем. Мен барда ал сопсоо болчу, – деп өрдөгүн учуруп койду. Милиция да ага ишенип башка версияны изилдей баштады.

Жазгүл үйүнө чыгып келгенде жакындары чогулуп күтүп калышыптыр. Өз апасын, кайын энесинин мойнун кучактап катуу ыйлады. Абысындары кайгыруунун белгиси кылып башына кара жоолук салып бурчка отургузуп коюшту. Кабагы ачылбай, көзү элди карай албай жер тиктеп отурду. Тамакты жарытып ичкен жок. Эринин ата-энеси дагы анын кайгысына кошулуп, аны көргөн сайын көзүнөн жаш кылгырып капага чөмүлүштү. Келин отурган калыбынан жазган жок. Даарат ушатканы сыртка чыгып келгени болбосо отурганы отурган. Кеч киргенде керебетиңе жат десе да жатпайт, ошол бурчта жатып, ошол бурчта отурат. «Өлгөн менен кошо өлмөк беле, баары өтөт, баары унутулат, мезгил өзү дарылайт» – кыркынан кийин тургузабыз дешет жакындары. Бирок мезгил өткөн сайын Жазгүлдүн ахвалы төмөндөй берди. Ага айланасында эмне болуп жатат, ким келип атат аны менен иши жок. Бирөө менен сүйлөшпөйт. Эшикке да чыкпайт. Тамак берсе ичет, бербесе ачка отура берет. Эчнерсеге көңүл бурбай сумсайды да калды. Суроого кыска гана арсар жооп берет. Ал үчүн ааламга туман түшүп, айлана боппоз болуп сезилет. Элдеген эл. Элде ар түрлүү сөз чыгат. Билгендер мунун баарын «бечера эрин артыкча катуу сүйчү эмес беле, ошонун таасири» деп сөз кылышса, башкалары «буга жин оору тийген бакшыга окутуш керек» дешет. Арадан ай өтүп кетти. Жакшы болбогон соң бакшыга окутушту. Бакшы күпүлдөп окуп камчы менен далыга чапкыласа да маскадай каткан өңү эч өзгөрбөдү. Сураган суроого жооп кайырбай местейип отура берди. Бакшы бир жума жатып окуду. Акыры «менин күчүм келбейт экен, башкага окуткула, табыпка көрсөткүлө» – деп кетип калды. Бир табып «бул келиндин өз ата-энесинин үйүнө барганы түзүк. Ооруга өз үйү, өлөң төшөгү жардам берет» деп кеңеш айтты. Өлгөн эринин кырк күндүгүн өткөрүп Жазгүлдү өз үйүнө алпарышты. Башындагы кара жоолукту алалы десе алдырган жок. Өзүп өнгөн үйүнөн да жардам болбоду. Ата-энесинин, бир туугандарынын жылуу мамлеси, аракети таасир бербеди. Жетелеп барып жуундурбаса бетин да жуубайт. Зордоп ичирбесе тамак да ичпейт. Өзү менен өзү болуп, өзүн өзү жектейт. Бир күнү Жазгүл:

– Апа, Жапар кайда? Эмне үчүн ал келбейт? – деп сурады.

Кызынын сүйлөп калганына кубанган эне:

– Каралдым, Жапар өлгөн. Ал жок. Аны бирөө өлтүрүп кеткен, – деди.

– Ал өлгөн жок, тирүү, – деди Жазгүл, – анын тирүүлүгүн мен билем.

– Балам, сен ишенгин. Эриң эчак эле өлгөн. Айылдагылардын баары чогулуп аны көөмп келгенбиз. Ишенбесең жүр көрүстөнүн көрсөтөйүн, – деди энеси.

Жазгүл адатынча үн каткан жок. Берген тамагын да ичкен жок. Энеси көр оокат менен алек болуп жүргөндө Жазгүл үйдөн чыгып баягы машина токтогон жалгыз түп жапайы алчанын жанына келди. Кетпей көпкө отурду. Кызынын ордунда жоктугун билишип аны жабыла издешти. Акыры алчанын түбүндө көңүлү баякыдан көтөрүңкү отурган кызын көрүп энеси кубанып кетти.

– Эй, балам, айтып кетсең боло, сени издебеген жерибиз калган жок. Бул жерде эмне отурасың? – деди.

– Мен Жапашты издеп келбедимби. Ал ушул жерде экен. Экөөбүз сүйлөштүк. «Мен тирүүмүн бирок «кайып» болуп кеттим. Мен сага гана көрүнөм, башкаларга көрүүнүгө акым жок» дебедиби. Ал азыр эле силер келгенде жок болуп кетпедиби, – деди.

– Балам, өлгөн киши келчү беле, келбейт. Жүр үйгө кеттик! – деп жетелеп алып кетишти. Жазгүл эртеси дагы эри өлгөн жерге келди. Билип калган энеси тез эле аны таап алганда:

– Мына айтса ишенбейсиңер, – деди Жазгүл апасына, – Жапар тирүү. Сен эмне үчүн мени таштап кеттиң деп сурап жатпайбы. Силер келгенде дагы кетип калды. Эми эртең келет. Эртең да ушул жерден жолугабыз.

– Ал кайсы убакта келем деди?

– Ал өзү каалаган убакта келет.

– Кайда кетти?

– Аны айткан жок. Мен эмки келгенде мени ким башка чапканды айтасың деген.

– Ким аны башка чапканын билесиңби?

– Билем.

– Ким чапкан?

– Мен чапкам. Ал эңкейип иштеп жатканда артынан келип темир менен чапкам.

– Оо кокуй, оозуңду жап, – деди апасы чоочуп, – антип айтканыңды милиция укса чын көрүп, сени түрмөгө апарып камап таштайт.

– Башка чапканым чын. Аны жашырбайм. Камаса камасын. Мен ансыз да жашагым келбейт. Жашабайм.

Жазгүлдү эртеси да алчанын түбүнөн тапты. Анын дөөрүп сүйлөгөнүнө көнүп калган энеси сурады:

– Жапар бүгүн келдиби?

– Келди, – деди Жазгүл, – Жапаш жаныма келип сүйлөшөт да кол алышып учурашпайт. Сен чындыкты айтпай мен кудай астында уят болуп кыйналып жүрөм. Сен чындыкты айтышың керек дейт.

Жазгүл кийинки учурда эрин үйдөн да, сырттан да көрүп сүйлөшүп жатканын ата-энеси эмес эл да көрүштү. Башка айылдан атагы чыккан бакшыны чакырып алып окуттушту. Ал да жардам берген жок. Доктурга баргандан жаа бою качат. Өзүнчө сүйлөп, каалаган жакка басып кетип, тамакты да жарытып ичпей арыктап кетти. Кийимди да жөндөп кийбейт, ийнине эмне илинсе кийип алып басып кетет. Арыктап, бети бырышып, жаш болсо да карыган сезилет. Мурун соо кезинде көргөндөр Жазгүлдү тааныбай калышты. Айласыз зордоп жиндиканага апарып жаткызышты. Орто жаш тажыйбалуу врач дарылап жүрдү. Арадан жыйырма күн өткөндөн кийин энеси барып:

– Доктур, ачыгын айтчы. Деги адам болуп арабызга кошулабы? – деп сурады

– Кызыңар башынан ооруган, – деп түшүндүрдү врач, – алгачкы учурда эрин башка аялдан кызгануу пайда болгон. Силердин айтууңарга караганда анын кызганычы ашыкча оорулу кызганыч болчу. Эркекби, аялбы жарын жандын баары эле кызганат, бирок кызгангандын да чеги бар. Эгер адам алколик болбой жарын эбегейсиз, ченден чыгара кызганган эркекке да, аялга да этият болуш керек. Балким ал силердин келиниңердикиндей оорулу кызганч болушу мүмкүн. Ошол учурда психиатирге кайрылсаңар дурус болмок. Кийин оор күнөө кылганы анык. Эрин кызганч менен башка чаап өлтүргөнү чын. Ошол кокусунан оор күнөө кылгандын негизинде оорусу күчөп кеткен. Баарына өзүңүз күбө болдуңуз. Көзүңүз менен көрдүңүз. Алгачкы учурда апатия болуп сүйлөбөсө, кийин апатия депрессияга өткөн. Акыркы мезгилде кызыңардын өлгөн эрин тирүү кейпинде көргөнү да чын, сүйлөшкөнү да чын. Муну галлюцинация дейт. Бул психический оору. Өтө өтүштүрүп апкелгенсиздер. Дарылайбыз. Таза айыкпаса да жакшы болуп үйгө чыгат. Кайып болгон эрин көрүп, сүйлөшөөрү мүмкүн, бирок бирөөгө залалы жок. Сиздер тараптан такай көз салып, учуру менен психдиспансерге апкелип дары алып үйдөн же ооруканага жаткырыпдарылап турасыздар.

– Кызым эримди өлтүргөнүмдү милицияга өзүм айтам деп жатпайбы, Айтса алпарып камап таштайт го?. .

– Кызыңыз күнөөсүн милицияга айтат. Айтса оорусу да жеңилдеп калышы да ыктымал, бирок кызыңызды түрмөгө камабайт, анткени аны оор кылмышко оору түрткүнчүк болду. Биз аларга «оорулу» деп справка беребиз. Камабайт.



Жазгүлдүн ата-энеси келип ахвалын билип, тамак киргизип турушту. Асык менен Канымгүл баласын келини өзү өтүргөнүн тактап уккандан же ишенерин билбей, же ишенбесин билбей, «кызганчак оору кыргынга салат» деген сөздү эстеп дендароо болушуп, кайгыга чөмүлүп тим болушту.

© Качкыналы Сыдыгалиев, 2010. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет