Качкыналы Сыдыгалиев, 2010. Бардык укуктар корголгон



бет4/7
Дата27.06.2016
өлшемі0.49 Mb.
#161667
1   2   3   4   5   6   7
ЫЙМАНСЫЗ АЯЛ
Шаардагы милициянын начальнигинин эшиги тырс-тырс кагылып, капитан шыңга бойлуу сулууча келген отуз беш-отуз жети жаштагы аялды алып кирди. Аны көргөндө полковник жырткычты көргөнсүп сумсая тиктеп ордунан турду.

– Келиңиз! Отуруңуз! – деп орун көрсөттү. Бул аял милициянын издөөсүндө болчу. Таппай жүрүшкөн. Эми өзү келиптир.

Аял полковник көрсөткөн орунтука отурду. Кийим-кечеси кубатобөл, үстү-башына карабай жүдөсө да анын аялдык назиктиги сакталып, бетинде бетмайы, эрдинде эндиги өчпөптүр. Ыза менен ачууга алдырганы суз көз карашынан байкалат.

Бул аялды иликтөө мындан жыйырма күн мурун башталган. Тоо этегиндеги айылдын огородтунунун башында, бош жаткан таштак жерге ар ким таштандыны төгө берип толуп кеткен. Ошол таштандыны кимдир бирөө өрттөп жибериптир. Эртең менен огоротуна жакын жерде өрттү көрүп, үйдүн ээси шлангы менен суу чачып өчүрүп, чала күйгөн кишинин өлүгүн көрүп шашылыш милицияга кабарлап телофон чалган. Барып өлүктү өлтүргөн канкордун изин таап артына түшүшкөн. Мына-мына кармай турган болгондо жазгырып таптырбай койгон аял ушул.

— Келипсиз! Сүйлөңүз! Өзүңүз ким болосуз? – деген милициянын суроосуна аял тайгылбай, зиркилдеп жооп айтты.

– Мен киши өлтүргүчмүн. Силер издеп таппай жүргөн Өктөмкан деген мен болом. Күнөөмдү мойнума алып алдыңарга өзүм келдим.

– Эмне үчүн качып жүрдүңүз?

– Корктум. Анан анча-мынча чарба иштер болуп…

Өктөмкандын өңүнөн, сөзүнөн ал үчүн жарык турмуш аяктап, кыямат кайым болуп, жашоосу бүтүп, эми ага баары бир болгону сезилип турду. Полковник бул аялдын ким экенин, эмне болуп иштегени жөнүндө маалымат алган, билчү. Ал түгүл анын сүрөтү да колунда эле.

Өктөмкан үйлүү жайлуу, үч баланын энеси болчу. Күйөөсү заводдо жумушчу болуп иштеп, өзү финансы техникомду бүтүрүп катардагы бухгалтер болуп иштеп жүргөн. Советтер Союзу чилдей тарап, элибиз эгемендүү болуп дуулап жатканда завод, фабирика иштебей, эл жумушсуз калган. Эл менен катар эрди катын да бекерпоздун тизмесине кошулган. Өктөмкан тилдүү аял эле. Союз учурундагы жакшы заман аяктап капитализм доору киргенде колу оозуна жетпей, этеги тизесине жетпей, тамак тартыш болуп, кээде өпчап оокат кылып, өзөк жалгап жаткан күндөр болгон. Эри эч жерден иш таппаган соң Жаш Гвардия бульварында иш издеп тургандардын катарына кошулду. Көрүнгөнгө жалданып акча таап келет. Көпчүлүк учурда жалданганга киши да табылбай калат. Курукол үйүнө кайтканда, аялы анын абалына түшүнгөндүн ордуна ажылдап, кажылдап: «сен бир бөлкө нан таап келалбаган соң эркек эмес эшексиң, итсиң. Эркекмин деп телпекти кийип телпейип жүргөнчө асынып өлүп калсаңчы» деп каргап, сөгүп кирет. Балдары кайышып ачка отурганда Койбагар «кулда кулак жок» болуп култуюп унчукпайт. Каатчылык каарына алган сайын Өктөмкандын өкүмдүгү өөрчүп баратты…

Койбагар кой оозунан чөп албаган жоош. Иштерман эле. Социализм учурда заводто кара жумуш иштеп квартал сайын сыйлык алып, барктуу болчу. Ардак тактада сүрөтү илинип турчу. Эми ким? Эми Койбагар кул. Жалданып барган жеринде эри да, аялы да, баласы да башкарат. «Жаман иштеп койдуң», – деген шылтоо менен бир нече ирет иш акысын төлөбөй айдап чыккан күндөрү болгон. Укугун коргоп айтыша албай жетим балача жалтак. Сырттагы абалы бул болсо, үйдөгү абалы андан жаман. Үйгө барганда аялы аркырап, ыркырап чагып алчу жыландай окторулуп сөгүп турат. Элге кошулуп бир аз ичип барса анда Койбагарда күн жок, кээде үйүнө киргизбей да коёт. Опосуз оор турмушта, кыйналгандык, кысталгандык, кайгынын таманына тепселгендик Койбагарды ичкиликти күндө ичүүгө аргасыз кылды. Ичип кызып же мас болуп калганда көргөн азап бир аз унутулуп калат. Ошол ичкен күнү үйгө барбайт. Автовокзалда же темир жол вокзалына барып түнөйт. «какаганга муштаган» болуп сырттан дагы, үйдөн дагы жакшылык көрбөй каржалган Койбагардын жашоосу нагыз тирүүнүн тозогуна айланды. Ачка болгондо айласыз таштанды төккөн жердеги иттерди кубалап оозго илинген бирнеме таап жеп өзөк жалгайт. Кайра эле Жаш Гвардияга барат. Мурун кийми бүтүн салабаттуу кезинде кардар арбын эле, эми аз. Кудай жалгаган күнү жүдөгөн тайлактай болгон байкушка кардар чыкса чыгат. Чыкпаса жок. Колуна тыйын түшпөгөн күнү ажыдардай аялынын заар тили, эрине кылган мамлеси жүрөгүнүн үшүн алып үйгө барбай талаада түнөйт. Кийинки учурда иш да жок болду. Аялы итче ажылдап тынчтык бербеген соң акыры дайынсыз жоголду да калды. «Эрдин баркы өлгөндө билинет» деп эри жоголгондо анын баркын кер ооз аялы түшүнө баштады. Эси кирип калган балдары да тынчын алат. Көчөдө иш издеп эри менен чогуу тургандардан сураштырса «бир карды салаңдаган киши казакстанга кул кылып алып кетти дешет», бирок ал кишинин ким экенин, балким чын эле жарынын жанында жашоодон кечип кул болуп кеткенин так, анык даныгын толук билишпейт… Эринен ажырагандан кийин, ишенер кишиси калбагандан соң Өктөмкан өзүнчө жашоого аргасыз болду. Өктөмкан түнөрүп жер тиктеп отурганда телефондун жаагы басылбай шаңгырады. Полковник телефондун түтүгүн алып кулагына такады.

– Алло, угуп атам. Эмне кабар бар?

– Аялды өлтүргөн аял маршуруткага түшүп эртең менен шаар тарапка кетти деп уктум.

– Кабатыр болбо, ал өзү келди. Менде отурат. Издөөнү токтоткула, – деп полковник трубканы коюп койду.

Полковник чоочун кишиден телефон аркылуу кабар алган күнү, экспертти, тергөө кызматкерлерин өзү баштап барган. Үйүлгөн таштандылардын теңинен көбү өрттөнүп өчүрүлүптүр. Түтөгөн таштандынын арасында күйгөн кишинин өлүгү жатат. Эркек же аял экени билинбейт. Тырмоо менен оодара тартса бели бел, буту бут болуп бөлүнүп кетти. Судмедэксперттин айтуусу боюнча аял экени аныкталды. Ошол жердеги кошуна-колоңдордон сурап иликтөөнүн негизинде Өктөмкан мурунку күнү беш жашар уулу менен шаардан эски таанышыныкына жеңил машина менен келиптир. Анын кошунасынан «мусор төгүп алайын» деп кол арабасын сурап алып, жыйырма мүнөттөн кийин алган арабаны кайра апкелип берип, шашпай чай ичип, ырахматын айтып кетиптир. Таштанды ошондо эле түтөй баштаган. Ага эчким көңүл бөлгөн эмес. «Бактыга жараша» өлгөн аялдын бети күйбөй аман калыптыр. Милиционерлер сураштырып «издөө» жариялаткан эжесин таап моргто жаткан өлүктү көрсөткөндө сиңдисин тааныды. Ал элүү төрт жаштагы Нурбүбү экен.

Тергөөчүлөр Өктөмкандын өлтүргөнүнө шектенип шаардагы үйүнө барып, аны суракка алып, тинтип, күмөндүү эч нерсе таппаган соң кетип калышкан. Өктөмкан милиционерлер кетер менен ал мектептеги кызын алып, балдары менен чогуу белгигисиз тарапка качып жок болгон. Милиционерлер артынан издеп таппай калышкан. «Өз айлына кетип калдыбы», – деген ой менен райондук милицияга телефон чалып туулган жеринен издетишкен. Барбаптыр. Эч жерден таппай коюшкан.

– Айтыңызчы, – деди полковник жер тиктеп отурган аялга тигиле карап, – Нурбүбүнү өлтүргөнүңүз чынбы?

– Чын.


– Эмне үчүн өлтүрдүңүз?

– Эмне үчүн, эмне үчүн?! дейт тура…Эмне, аны өчүм бардан, жыргагандан өлтүрдү дейсиңби, жокчулуктун айынан өлтүрдүм. Кайра куруу заманында алдым-жуттумдар байып, бизге окшогон карапайым калк жылан чакпай, жылкы теппей, согуш болбой ачка отурушат. Элдин камын ойлогон кайсы жетекчи бар? Жок! Бар болсо айтчы, мен барып бутуна жыгылайын! Айтчы!..

Өктөмкандын жини кайнап, тили чыгып, оозунан ак ит кирип, көк ит чыгып жатты. Полковник кагып силкпей, унчукпай көр жемени чыдап укту. Албуут аялдын деми чыгып, сууй түшкөндө графинден стаканга суу куюп сунду.

– Эже, ачууга алдырбаңыз. Күнөөңүздү мойнуңузга алып өз эркиңиз менен келген соң жай отуруп жакшы сүйлөшөлү. Өз эркиңиз менен келгениңизди сот сөзсүз эсепке алат.

Сиз бул адамдын оюна келбеген мыкаачылыкка бекеринен барбан чыгаарсыз… Ага чоң себеп бардыр, ошону айта отурсаңыз.

Өктөмкан жоошуй түштү. Оозунан көк түтүн буркурап өрттөнгөн жанын стакан муздак суу өчүргөн шекилденди. Жаш аккан көзүн жоолугунун учу менен сүртүп:

– Айтып берейин, – деди улутунуп, – эрим ичип кетти. Акыры таштап дайны жок жоголуп кеткенден кийин үйүмдү күрөөгө коюп банктан акча алдым. Аны иштетпей а кылып, бу кылып жоготуп койдум. Банктын процентин төлөөрдө бир тыйыным да калган жок. Бирөөдөн акча карыз алып төлөп, анын карызын башка бирөөдөн алып жаап турдум. Бергендер бекер бербейт экен, процентке берет экен. Ушинтип карызым башыман ашып-ташып кетти. Кридитке берген банк алганымды төлөбөсөм үйдү алатурган болду. Акыркы жолу эски таанышым, Нурбүбү эжеден үч миң доллар карыз алдым. Ошол доллар менен карзымдан кутулуп, Нурбүбү эжеден бир аз акча кошумча алып туруп үйүмдү ошого таштап кетейин деп ойлодум. Бирок… бирок… мени шайтан азгырды. Баарлык балээ баламдын дискага жазып алган чет элдик жаман киносунан чыкты. Ал кино бирөөдөн карыз акча алып, карыз берген кишини алдап өлтүрүп оңой эле кутулуп кеткен афирис жөнүндө көрсөтүптүр. Мен да ошол кинону кайра-кайра көрүп жаман башыма жаман ой пайда болду. Нурбүбү эжени үйүмө чакырып тамактанып отурган жеринен даярдап койгон таяк менен байкатпай башка чаап өлтүрдүм. Мүшөкө батымдуу болсун деп жиликтеп кескиледим. Мага окшогон макоо алпарып БЧК суусуна таштабай, машина жалдап, бир кезде көргөн таштандыга таштап, үстүнө эки бөтүлкө бензин чачып өрттөп жибердим. Тааныш аял, тачка берген кемпир келгенимди айтып коёру акылыма келбептир. Макоомун да…

– Эже, биз издегенде таптырбай кайда жүрдүңүз?

– Кайда жүрмөк элем, маңыроо малдай ушул тегеректе эле жүрдүм. Силер изиме түшкөндө жаңылтып аркайсы үйгө бир күндөн түнөп качып жүрдүм. Балдарым болбогондо мен мурун эле келмекмин. Ошол качып жүргөндө жыты туугандарга, жердештерге «Мен командировкого кетип атам, убактысынча карап тургула» деп балдарымды бирден таштап, дайындадым». Качып жүрүп тажадым. Нурбүбүнүн арбагы уктатпады. Асынып өлөйүн деп ойлодум. Балдарымды ойлоп өлө албадым.

Тирүү турсам, түрмөдө жатсам да балдарыма караан болормун, чоңойгондо, эси киргенде жокчулуктан ушул акмактыкка, мыкаачылыкка барганымды түшүнөөр деп ойлоп айласыз силерге келдим. Эми түрмөгө камасаңар да, атсаңар да өзүңөр билгиле. Мага баары бир. Жашоо кызык эмес. Мен өлгөн кишимин. Мен ыймансызмын. Мен кыйналганда жардам берген, боорукер, адамкерчиликтүү эжемди өлтүргөнгө өзүмдү адамдын акмагы деп сезем. Мен… мен… бетбак өзүмдү гана шерменде кылбай, «апаң киши өлтүргүч болчу» дедирип балдарымдын да бетин карайттым, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылдым. Мага сооп, аё жок…

Коңгуроонун кнопкасын басканда капитан кирип Өктөмкандын колуна кишен салып алып жөнөдү. Сыртта күтүп турган беш-алты киши толкуй түштү.

Пейлиңен тапкыр, пейлиңден таптың го шүмшүк, – деди Койбагардын эжеси чаңырып, – капыр пейлиң башынан жаман болчу. Алтындай жоош эриңди барыктабай, сыйлабай, жолдоштору менен, туугандары менен катташтырбай акыры түбүнө жеттиң. Пейлиңдин жамандыгынан, ыйманыңдын жоктугунан киши өлтүргүч болдуң. Эмне, элдин баары эле жыргап жатыптырбы, алар деле сендей жашап жатышат. Пейли жакшы адамдын оюна киши өлтүрмөк түгүл, уурулук да келбейт. Чала сага… Түрмөдө чирип өл! Койбагарга окшоп дайынсыз жоголуп кет, ыймансыз!

Нурбүбүнүн бир тууган иниси ачууга алдырып атып барып алкымдан аларда кол салдырбай коштоп, коргоп келаткан милиционерлер сактап калышты. Өктөмкан башын көтөрө албай, элдин бетин карай албай шөлпөйүп милициянын айдоосунда кетип баратты…

СҮРӨТҮҢ АЙ, СҮРӨТҮҢ…
Илгери-илгери мен бала чакта атам кой багып, чабан болуп кыштыр-жайдыр боз үйдө жашар элек. Суук түшкөндө боз үйгө от жагып, тамакты үйгө бышырчу. Кечте малды жайлап коюп, ортого үч буттуу тулгага кара казанды асып, астына койдун көңүн калап жакканда казандагы эт тез эле кайнап чыкчу. Тамактангандан кийин, тулганы сыртка чыгарып, көңдүн чогун очоктун ортосуна чогултуп койгондо жан жыргаткан жылуулук өкүм сүрчү. Бирок астыбыз жылыса да, артыбыздан шамал уруп тон жамынууга аргасыз кылчу. Очоктогу чок өчкөнчө жатчу эмесбиз, чабалакейдей тизилип колду отко кактап коюп отурар элек. Кышта күн кыска, түн узун. Эрмегибиз эле жомок.

– Кана Маке, балдарга жомок айтып берчи, – деп атам жардамчы койчусуна кайрылчу.

Макеш элүү чамасындагы чокчо сакалчан киши. Укмуштай жомокчу. Айткан жомогу бирине бири окшобойт. Кээде сыйкырлуу, коркунучтуу жомоктору түшкө кирчү. Бир сапар:

– Илгери-илгери хандын жалгыз кызы болгон экен, – деп жомогун баштап калды, – ага хан, бектер келип куда түшсө «кыз мен атам жактырганга барбайм, өзүм жактырганга барам» дептир. Ал үчүн өзүнүн сүрөтүн тарттырып тогуз жолдун тоомуна: «кимдеким менин үч табышмагымды тапса ошого турмушка чыгам» деп жаздырып илдирип коюптур. Акыйкатта кыздын сүрөтү адам суктанарлык сулуу экен. Ошондо бир кедей дыйкандын баласы сүрөттү көрүп кызга ашык болуп калыптыр. Издеп бармак болуп даярданып жатканда атасы:

– Ээ, балам, анын табышмагын аттуу-баштуу хандын, бектин, байлардын балдары таппаган соң сен тапмак белең. Анын үстүнө сен ашык болгон кыз чыны менен сүрөтүнө окшойбу же окшобойбу белгисиз. Сүрөтчүлөр сулуу эмес кызды сулуу кылып тартып коюшу мүмкүн. Жашсың, барба, – десе баласы болбой ошол сулуу кызды издеп кеткен экен…

Анын сыңарындай сүрөттү көрүп мен да бир кызга ашык болуп калдым. Айтып берейин. Политтех институтту бүтүп сыртта иштеп жүргөм. Бойдокмун. Облустун борборунда газет көп. Көпчүлүк эл саясат жөнүндө окушат. Мен ыр жандуумун. Ыр чыккан газет болсо кымбатына карабай сатып алам. Анда ар башка авторлордун ырлары бар. Ошонун ичинен бир сулуу кыздын ыры мага жагып калды. Жаштыгын, сулуулугун айтпа тим эле бышкан алчадай мөлтүрөйт. Ар башка газетте ар башкача отуруп түшкөн сүрөтү чыгат. Кандай позада түшсө да бакырайган көзү, кырдач мурду, жылмайган жылуу маанайы жүрөктү туйлатып жиберет. Кою кирпигинин астында карагат көзү сени кайда барсаң да күлмсүрөп ээрчий тиктеп турат. Акын кыздын ыры да укмуш. Негизинен махабат жөнүндө жазат. Аны окуганда ырынын арбир сабы, сөзү кыздын жүрөгүнөн сыгылып чыкканы байкалып турат. Бир ырын окусаң махабаттын атын угуп, өзүнө түшүнбөгөн, торуна чалынбаган түрү сезилсе, башка ырын окуганда махабатты башынан өткөргөн, кумарына канган, дагы аны чексиз самаган тажырыйбалу аялдын оюна ортоктош болосуң. «Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет», – деп кайсы гана ыры болбосун жүрөктү туйлаткан өзүнчө бир керемет. Кызыгып окуйсуң. Анын ырын кайталап окуган сайын, сүрөтүнө кадалып тиктей берем. Ал махабат ырын жүрөгүңө эмес, жүлүнүңө жеткире жазганы көңүлүмө толуп, жүрөгүмдөн орун алып, ашыктык отун арбытып таштайт. Анын сүрөттөгү жалындуу көз карашы мени арбап оюман кетпей койду. Кокус ошол акын кыздын ыры газетке чыгып, мен учурунда алалбай калсам, издеп жүрүп, сурап жүрүп табам. Мен анын ырынан да сүрөтүн көрүүгө ашыгам. Сүрөтү колума тийгенде жинди кишиге окшоп: «Аман эсен жүрөсүңбү, алтыным?» – деп кобурап да жиберем.

Күздүн күнү иштин шарты менен Бишкекке жөнөп калдым. Не болсо да ашык болгон акын кызды табайын деп ойлодум. Балким боюбуз, оюбуз туура келип калгысы бардыр деп үмүттөнөм. Борбор шаарда дүкөнчөдө аты арбашка газет деген толтура экен. Алган, окуган киши жок. Мурду менен дем алып, буту менен баскандардын баары газет чыгарат окшойт. Газеттин аты канча болсо ошончо редакция бар. Айылдан келгендерге газеттин чыккан жерин табыш кыйын. Анан калса шаардыктар редакциянын кайда экенин билмек түгүл бирин бири тааныбаган калк болушат экен. Акыры сураштырып издеген кыздын дарегин билдим. Бир редакцияга барып:

– Назгүл Жумагулова ушул жерде иштейби? – деп сурасам:

– Иштейт. Экинчи кабатта, он экинчи бөлмөдө отурат, – деди дежур киши.

Аштан, тойдон калгансып ашыгып чыгып бардым. Эшикти кагып кирсем үч аял кагаз жазып отурушуптур. Жапырт мени карап калышты. Салам айтып мен да аларды карап, мөлтүрөгөн акын кызды көзүм менен чабыттап издедим. Көңүлдөгү кыз көзгө урунбай буйдала түштүм.

– Сизге ким керек? – деди төрдө отурган аял.

– Мага Назгүл Жумагулова керек эле?

– Ал мен. Эмне ишиңиз бар эле? – деди ортодо отурган аял.

Көргөн көзүмө ишенгеним жок. Менин маңдайымда бышкан алчадай мөлтүрөгөн кыз эмес эле элүү беш чамасындагы, кучактаса кучак жетпеген балкайган толук аял олтурат. Көзү, мурду гана окшобосо калганы такыр башка. Жамалы жаштыктан алыстап, чачы буурул болуп калыптыр. Жакшы үмүт менен келген жаным катаарга көз таппай, сүйлөөргө сөз таппай шашып калдым. Башка сөз оозума келбей:

– Сиз сүрөтүңүзгө окшобойсуз го? – дептирмин.

– Кайдагы сүрөт?

– Гезитдеги сүрөт. Сиз ыр жазганда сүрөтүңүз кошо чыгат го. Мен сизди мончоктой кыз эле бойдон деп ойлогом…

Назгүл ачык аял экен, шаңкылдап күлдү.

– А, кокуй, ал жыйырма жаштагы сүрөтүм. Махабат ырын жазганда ошол сүрөттү берип коём. Сен мени жапжаш деп ойлогонсуз го? – деди.

– Ооба, – дедим калтарый сүйлөп, – сиз жөнүндө мен башкача ойлогом. Кош, саламат болуңуздар, – деп кепке-сөзгө келбей шаша чыгып кеттим. «Бакылдаган текени суу кечкенде көрөсүң» дегендей эле болду. Демейде сөзмөр жаным отургандарды жооткотуп, жоошутуп чыгып кетпей башка чапкан торпоктой тарс бурулуп кеткениме өзүмдү өзүм жемеге алдым.

Мен томсоруп сыртка чыксам көчөдөн жолдошум жолугуп калды. Учурашкандан кийин «Ээ, Бейшен дос, кайдан?» – деп сурап калды. Мен болгон окуяны айтсам каткырып күлүп:

– Ал аялды мен билем, – деди Капар, – жердешбиз. Мурунку эринен бир кызы, кийинки эринен эки уулу бар. Неберелүү. Жазгыч аялдардын баары ошондой. Карыганын жашырышып жаш чактагы сүрөтүн газет, китеп бетине чаптап коюшат. Аны билбейсиңби, кемпай…

Мен сөз катпадым. Тарынган балача томсоруп жолго түштүм. Жылас болгон жылдыздуу сүрөт көздү боёп осол кылганына бушайман болуп, брусчатка төшөгөн шаардын көчөсүн аралап кетип баратып төмөнкү ыр оюмда ойноп туруп алды:

Сүрөтүңдү акын эже көргөнүмдө,

Чок таштады ашык кылып жүрөгүмө.

Ат чабымдай алыс болуп жашыбыз,

Жетпей калдым кантейин тилегиме.

Өмүр өтөт жаштыктын сүрөөнүндө,

Нан бышчуу экен жаш чагыңда илебиңе.

Канчалык сүйүүнү дембедем жазсаң дагы,

Кеч күз кирип калыптыр, катыгүн иреңиңе.

– деп кыңкылдап ырдап коюп, селдей аккан эл менен ишим жок өзүм менен өзүм болуп кетип бараттым…



КҮН ТИЙГЕН ЖЕРДИН КҮКҮГҮ
Май майрамдын астында тартипти, элдин тынчтыгын сакташ үчүн милицияда чоң даярдык жүрүп жатты. Арбир кызматчынын даражасына, ишине жараша кайда иштерин, кайда турарын тактап график түзүлдү. Майрам күнү мамлекеттик автоинспекциянын (МАИ) кызматкерлери үчүн өтө жоопту күн. Капитализм доору киргенде, машина да туштараптан күргүштөп кирди. Артүрлүү маркадагы чет элдик машина көп. Эл бирин бири көрүп тапкан акчасын машинага салып, жеңил машина деген жайкы чымындай жайнап кетти. Шаардын кайсы жерине барбагын машина деген толтура. Шаардын эски көчөсү тарлык кылып анын кезилишкен жеринде такай «тыгын». Шар кете албайсың. Самаган жериңе мурункудай заматта жете албайсың. Ал эми айылга барчу кан жолдо машина убай-чубай үзүлбөйт. Ар түрлүү түстөгү машиналар биринин артынан бири куштай зыпылдап өтүп турат. Машинанын маркасына, кымбатына жараша ээси ким экенин билүүгө болот. Машина көбөйгөн сайын МАИнин кызматкерлеринин иши да көп, табылгасы да жаман эмес. Жаңы айдагандар, кубөлүктү сатып алгандар толтура. Жаштар рульга отурганда коркпой-үркпөй машинаны куштай учурушат. Астында кетип бараткан машинанын артында жүргүзү келбей сөзсүз кууп өткөндү эрдик көрүшөт.

Биринчи май күнү, эл майрамдап жатканда майор Бектурсун Койбагаров менен сержант Зарылбек Тойбеков милициалык формасын тазалап, үтүктөп кийинишип, тапанчасын жамбашына байланып кан жолго чыгышты. Түндө дежурит эткен МАИнин кызматкерлерин жаңы келген экөө эртең мененки саат сегизде алмашышты.

– Ишиңер ийгиликтүү болсун, жолдош майор. Жолдо авто кырсык болбосун. Эл аман, журт аман болсун. Силерге, элге тынчтык каалайм, – деп капитан честь берип коштошуп үйүнө кетти.

Май айы жаратылыштын жакшы учуру. Кайда бурулбагын, кайда барбагын айлана тукабадай жапжашыл. Чөптөр өсүп, гүлдөр ачылып аба атыр жыттанат. Бактагы жаңы жалбырактар сөйкөдөй салаңдап бутагына жарашып, көлөкө таштап, көздүн жоосун алат. Кыш бою үйдөн чыкпаган эл улуу, кичүү дебей сыртта болгусу келет. Колунда мансабы, астында машинасы барлар демалыш, майрам күндөрү шаарда калгылары жок. Тамак ашын көтөрүнүп, ичкилигин алып шаардын сыртына жөнөшөт. Көк майданда чоңдор карта чабышып, балдар кубалашып, топ ойноп жыргашат. Жаркыраган күн денеге жагымдуу таасирин тийгизип, таза аба өмүрдү узартууга аралжы болот.

Жаздын жадыраган жазгы күнүндө токумдай булуту жок шаңкайган көк асманды сержант ырхаттануу менен карап алып:

– Шаардын чаң уюлгуган, машинанын газы жыттанган жерине бизди постуга койбогону жакшы болду ээ Бектурсун байке? – деди.

– Иш учурунда мен сага Бектурсун байке эмесмин, майормун! Түшүндүңбү?!

– Кечиресиз жолдош майор, жаңылып кетипмин.

– «Дружба-дружба, служба-служба» – дейт орус туугандар. Көзүңдү ачып жүр. Бул жер өзү эле келген жок, мени сыйлап, урматтап ушул постко коюшту. Шаардан чыгып кенен кесире дем алалы деп полковниктен суранып алдым, – деп майор компоюп койду.

— Майрам астындагы чогулушта сиздин ишиңизди полковник баалап, аябай мактады го, байке?

– Дагы эле «байкеге» кирдиңби! Иш учурунда байке дегенди унут! Жакшы иштесең сени да баалайт, сени да сыйлайт, – деди майор, – анын үстүнө началниктердин астында элпек болуш керек. Биз устав боюнча даражасы жогоруларга «Хоп. Макул. Аткарам. Жок. » деп кыска айтууга милдеттүүбүз, бирок хоп-макулду кургак айтпай майлап туруш керек. Антпесе майы жок эскирген арабанын дөңгөлөгүндөй начальниктер тез эле кыйчылдап калат.

– Ал «майды» айлыктан сатып бересизби? – деди сержант билсе да билмексенге салып.

– Ой макоо, – деди майор күлүп, – башың жаш да. Сен мага жардамчы болгон соң жашырбай айтып берейин, билип ал. Май майрамда полковник бизди бул чоң трассага бекер койду дейсиңби? Бекер койгон жок. Штрафтан түшкөн акчанын теңин полковникке, теңин даражабызга жараша экөөбүз бөлүп алабыз. Түшүндүңбү?

– Түшүндүм, жолдош майор. Начальник да алганын жогоркулар менен бөлүшөт го?…

– Ай балакай, көп билсең тез карыйсың. Ал начальник алган акчасын эмне кыларын билбейм. Тур көп сүйлөбөй иште!

Зарылбек онбиринчи классты ийгиликтүү аяктагандан кийин шофердун окуусун окуп автобазада жаңы эле иштеп жүргөн. Таанышы аркылуу МАИге орношконуна бир айдын жүзү болду. Милициянын иши менен таанышып, үйрөнүп жүрөт. Электир жарыгы үзгүлтүккө учурап, көчөдөгү светофор өчүп, МАИнин кызматкерлери жетишпей калганда нечен ирет кезилиш жолдо туруп машинанын өтүшүн жөнгө салган. Аны жакшы билет. Бирок автоинспектордун акичүкүсүн анчалык түшүнө бербейт…

Сержант алабула таягын колуна алып жолго чыкты. Көп эле машина өтүп жатты. Ошолордун ичинен бирөөнү гана токтотуп «шефке» апкелди. Майор шофердон штрафты алып кетиргенден кийин:

– Жарым саат жолдо туруп токтотконуң бир эле машина болдубу? – деди.

– Баары эле жакшы, тынч, – деди сержант, – түз отуруп, жай айдап өтүп жатышты. Эрежени бузбаган соң токтоткон жокмун.

– Сен экөөбүз мындай иштесек начальник бизди эртең эле иштен кубалайт. Кубаланбас үчүн көбүрөөк штраф салышыбыз керек. Штраф салыш үчүн көбүрөөк тототушуң керек.

– Эрежени бузбасадабы?

– Эрежени бузбаган шофер жок. Бири ичпей айдайт, бири ичип айдайт, бири катуу айдайт. Көпчүлүгү курду байланбайт, жалкоолор учурунда «осмотрдан» өтпөйт, машинасын жуубайт. Машина уурдап документи жоктор да кездешет. Айта берсе буга окшогон эреже бузгандар толтура. Сенин милдетиң келаткан машинаны токтотуп, тачкасын ары-бери караган болуп айдоочусун мага апкел, калганын өзүм бүтүрөм. Билдиңби?

– Билдим.

– Билсең, жөнө! Көзүңдү ачып, жакшылап иште!

Буйрук денен буйрук. Зарылбек жолго чыкты. Майор айткандай саал эрежени бускандарды да, бузбагандарды да токтотуп майорго жеткирип турду. Ал шылтоо таап акчасын шыпырып жатты. Кезекте шашып катуу айдап келаткан «АУДИ» машинасын токтотуп, шоферду майорго алпарды эле ал кеп сөзгө келбей:

– Келе, машинанын техпаспортун, өзүңдүн кубөлүгүңдү! – деди.

– Күбөлүк, техпаспорт машинанын ичинде, байке, – деди айдоочу кебелбей, – Ишенебериңиз. Күбөлүк бар. Убара кылып, апкелдирип эмне кыласыз. Мен тирүү астыңызда турам го.

– Апкел дегенден кийин калжырабай апкел! – деди майор олурая тиктеп, – аны эмне кыларды өзүм билем. Балким документтериң жазалма чыгар… Машина бирөөнүкү чыгаар.

– Ачууланбаңыз, байке, анчалык ачууңуз келгендей күнөөм жок? Ачыгын айтыңыз. Штраф төлөткүңүз келсе төлөп берейин.

– Эмне күнөөм бар дейт тура… Ичип алып неге катуу айдадың? Зуулдап келатып бирөөнү койгузуп, тепсетип кетсең эмне болмок!…

– Мен ичкилик эмес бозо да ичпейм. Ишенбесеңеиз алкогольду аныктоочу түтүгүңүздү апкелиңиз, үйлөп берейин. Ага ишенбесеңиз байкеме телефон чалыңыз, ал чындыкты айтып берет сизге. Мына визиткасы.

Койбагардын жини келип, эриндери титиреп чыкты. Сунган визитканы албай сурады:

– Байкең ким?

– Жогорку кеңеште депутат. Ал ушул МАИ жагын тейлейт. Балким таанырсыз?

– Фамилиясы ким??

– Нурматов Абимуталип.

Майор визитканы алып шашпай окуп чыкты да, күтүлбөгөн жерден бүркөлгөн кабагы жарк деп ачылып, ууртуна арамза болсо да жылмаю пайда болуп:

– Аа, Нурматовбу? Тааныйм. Бар, барагой. Экинчи катуу айдаба. Акеңе менден салам айтыңыз.

Айдоочу коштошпой, рахмат да айтпай басып кетти. Майор жаш жигиттин артынан ээрчий тиктеп «бирөөнүн даражасына жамынган жулик» деп ичинен сөгүп тим болду…

Зарылбек алабула таягын алып сүр көрсөтүп жолдо турду. Майрамдыкыбы же МАИден эл коркпой калганбы ким билсин айтор ичип алып айдагандар көп экен. Бир нече айдоочуну ичкиликтин барын аныктоочу түтүктү үйлөтүп аныкталгандан кийин алардын шорун шорподой кайнатып айыпты арбын төлөттү. Бирок да «балык башынан сасыйт» болуп чоң кызматта иштегендер келгенде, тааныбагандары күбөлүгүн көрсөтүп штраф төлөшкөн жок. Чоңдордун ким экенин билгенде майор жалпактап, айтаарга сөз таппай калат. Ошол учурда сержантка сурдана тиктеп: «Башы жок акмак десе, ушул аксакалды тааныбайсыңбы? Баарын катар токтотпой байкап эреже бузгандарды токтотпойсуңбу, көзүңө ак түшкүр десе!» – деп жардамчысын жемеге алат. Эл кеткенден кийин: «иним, элдин көзүнчө какус-кукус кылганга капаланба. Антпесе болбойт. Чиновниктер токтотконду жаман көрөт. Кечирим сурап көңүлүн көтөрүп койбосоң чоңубузга телефон чалып ит кылышат. Түшүндүңбү? Бул деген политика, балакай».

Күн бешимден ооп калган ченде жолдун тыягына бир чыгып, быягына бир чыгып кара «мерседес» келатты. Рульда мас адам отурганы алыстан эле байкалды.

– Сержант, токтот тиги келаткан машинаны! Шоферу мас же наркотик тартып алган көрүнөт, – деп буйрук берди майор.

Сержант машинанын астын тозуп алабула таягын жаңсап, чырылдатып узакка ышкырды эле машина биртоп жерге өтүп барып токтоду. Шофердун келишин күтүп экөө тең туруп калышты. Ана келет жок, мына келет жок.

– Ай сержант, барчы тигиге, кандай неме машинадан чыкпаган! – деп майор бурк этти.

– Куп болот, – деп сержант чуркап жөнөдү. Барса шофер бир бөтөлкө пивонун бөтөлкөсүн бошотуп, экинчи бөтөлкө пивонун теңине чейин ичип, колунан түшүрүп уктап калыптыр. Жулкулдатып, силкилдетип ойгото албай койду.

– Жолдош майор, – деди сержант шаша чуркап келип, – тиги машина айдаган өлгөндөй мас. Рульду кучактап уктап калыптыр.

– Эмне дейт? – деп майор ачуулана ордунан турду, – уктаганга чейин ичкен кандай акмак! Калп айткан жоксуңбу?..

– Ишенбесеңиз барып көрүңүз.

Майор каалгый басып келди. Акыйкатта айдоочу катынын кучактагансып рульду бек кучактап, ууртунан шилекейи агып уктап жатыптыр. Кийген кийми кымбат баалу. Үстүндө боз кастюм, ак көйнөк, кызыл галустук, бутунда тумшугу ичке жаңы модалуу ак туфлий. Майор ачуусуна чыдабай ары-бери жулкулдатты эле ойгонгон жок. Кулагына чырылдатып ышкырса да ойгонбоду.

– Бул акмак өлгөндөй мас тура, ал машинанын ачкычын, чөнтөгүн аңтарып шопурлук күбөлүгүн апкел. Бул «иттин» ким экенин билели.

Сержант чөнтөктөрүн аңтарып күбөлүгүн таппады. Ички сол чөнтөгүндө жети миң сом акча, оң чөнтөгүндө беш жүз доллар бар экен.

– Бул жеткен жулик көрүнөт, – деди майор жерге чыйт түкүрүп, – балким бизнесте иштеген неме чыгар… Адал иштесе мынча акчаны майрамда чөнтөгүнө салып мас болуп жүрмөк беле…

– Эмне кылабыз?

– Кайда качмак эле, тим кой уктай берсин, соолукканда сүйлөшөбүз. Ошондо катып койгон правасын таптырабыз. Азыр машинанын номерин чыгар. Көзүн ачканда машинасын айдап барып милицианын айып салуучу жерине койгузабаз. Ичип алып айдаганды көзүнө көрсөтөм. Атасын таанытам бул акмактын. Мына ушундайлар жол кырсыгын көбөйтүп жатпайбы. Мына ушундайлар өзү өлүп же бирөөнүн убал сообуна калып жатпайбы…

Сержант начальнигин ээрчип баратып:

– Жолдош майор, – деп сержант оюн ортого салды, – мас болгон жигиттин бизнес кылаар түрү жок, өтө эле жаш экен. Ушу менден да кичүү көрүнөт.

– Анан ким деп ойлойсуң?

– Бул чоң кызматкердин уулу же жок дегенде эле чоң байдын баласы…

– Ой балакай, ушу сен чын айтасың, – деп сурданган майордун өңү өзгөрө түштү, – машинасын штрафный плошадка жеткирип коюп «жыландын» куйругун басып албайлы. Азырынча машинаны жайына коюп иликтеп көрөлү, кандай дейсиң, балакай?

– Мен да ушундай ойлойм, жолдош майор, – деди сержант, – ары-бери өткөндөрдөн сураштырып көрөлү, балким тааныгандар чыгып калаар…

– Туура айтасың, балакай!

Бир сааттын ичинде биртоп машинаны токтотуп сураштырды. Эчким тааныбады. Батыш тараптагы узун теректин башына күн илинип калган чакта интелегент айдоочуну токтотуп сурады эле ал уктап жаткан жигитти биртопко тиктеп туруп:

– Өңү негедир тааныш. Бир жолдошум ушул жигит кафеге бир кыз менен кирип баратканда сыртынан губернатардын баласы деп көрсөттү эле. Менимче ошол губернатордун уулу болуш керек, – деди.

Маселе огобетер чиелеленип кезек күтүп токтоп турган айдоочуга майор колун жаңсап:

– Ай жигит, сержант экөөңөр мобул уктап жаткан айдоочуну пункттун ичине киргизип тапчанга жаткызып койгула. Машинанын ичинде жатса ооруп калат, – деп буйрук берди. Мас айдоочуну жакшылап жаткырып эл кеткенден кийин сержант таң кала сурады:

– Жолдош майор, муну солойтуп мында неге жаткырдыңыз. Кеч кирип калбадыбы, өзүбүз кезектешип эс албайт белек.

– Кеп бар, балакай, – деди майор күлүп, – азыр атасына телефон чалабыз. Ал келип калса машинада камалып жатканы болбойт, уят.

– Телефонун билесизби?

– Анын телефонун буту менен басып, мурду менен дем алгандар бүт билет. Азыр сураштырып табабыз.

Айткандай эле майор чөнтөк телофону аркылуу дежур милициядан дарегин сурап билип губернатордун үйүнө телефон чалды. Бираздан кийин коңур, жай сүйлөгөн үн угулду.

– Алло! Мен угуп атам.

– Жунуш агайсызбы?

– Мен. Ким сүйлөп атат?

– Ме-мен милициянын майору Бектурсун Койбагаров, – деп майор сүрдөгөндөн кекечтене түштү, – сиздин уулуңуз ичип алып машина айдап келатканынан тототтук элек. Машинаны айдаар алы жок. Бирөөнү жиберип алып кетпейсизби.

– Эмне дейт!? – деди губернатор ачуулу, – кайдагы уул? Менин уулум, кыздарым, күйөө балдарым баарлыгы үйдө майрамдап отурушат. Бирөөгө алмаштырып, бирөөлөргө Жумагуловтун баласы мас болуп машина айдап жүрөт деп айткан чыгаарсың. Ал шар эле жогор жакка айткандыр. Азыр, немедлинно ошол айткан жериңе телофон чалып «туура эмес айтылыптыр» деп эскертип койгун. Калганын эртең териштиребиз. Деги сен кайсы жерден телофон чалып атасың?

Майор губернаторго араң жооп айтып орунтука шалпайып отуруп калды. Колундагы телефон баарына күнөөлү болгонсуп аны кайра-кайра жаман көзү менен тиктеп чөнтөгүнө катып:

– Өлдүк, – деди муун-жүүнү бошоп, – бул мас «ит» анын баласы эмес экен. Азыр эле полковникке сөзсүз телефон чалат. Караптур сөзсүз чалат. Бул ишти жөн койбойт.

Айткандай эле чөнтөк телефону зыңылдап калды. Соткасын алып, анын бетинен полковниктин телефон чалганын көрүп майордун өңү кумсарып ордунан атып турду.

– Угуп атам, жолдош полковник.

– Эмне болду? Эмне үчүн губернаторго телефон чалдың? Андай эки губернатордун баласын кармасаң, кыйын болсоң, алгач мага чалбайсыңбы. Уставты, аралыкты сактаганды унутуп калдыңбы? Эртең бул жөнүндө мага түшүнүк жазып бересиң. Түшүндүңбү?!

– Түшүндүм жолдош полковник. Күнөөлүмүн жолдош полковник. Башка кайталанбайт жолд….

Полковниктин телофону майордун сөзүн аягына чейин укпай шарт үзүлдү. Начальниктен жеме уккандан кийин майордун ачуусу келип:

– Алып чык, тиги «итти»! Сыртка алпарып ташта. Муздак жерде тез эс алат! Жакшылап кара богажнигин, балким атылчу курал же наркотик болуп жүрбөсүн! – деди.

Сержант айдоочунун жардамы менен масты сыртка алып чыгып көк чөптүн үстүнө жаткырды. Ачкычы менен багажнигин ачса кара портфел чыкты. Ичинде паспорту, машина айдоочунун күбөлүгү бар экен.

– А, кокуй жолдош майор, бул шаардагы райондук милицианын началнигинин баласы турбайбы. Мына паспорту. Мына күбөлүгү. Өзү да ойгонуп калды окшойт…

Майор документти бир сыйра үңүлүп карап чыгып, ойлуу ары-бери басып, тантырап сүйлөгөн жигиттен дарегин тактап сурап алып:

– Жолдош сержант, бул жигитти машинасына отургузуп үйүнө жеткир. Машинасын, уулун атасынын колуна колмокол тапшыр. Мына доллары, мына акчасы. Жөнө!

Сержант чала ойгонуп шылкылдаган айдоочуну машинанын арткы орургучусуна жаткызып алып шаарды көздөй мерседести айдап, учкан куштай сызып жөнөдү…




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет