Казакбай Абдышев Ыр дүйнө



бет14/16
Дата04.07.2016
өлшемі1.47 Mb.
#177386
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   16

ОРОЗАЛИЕВ КЫДЫРМАГА

(60 жашта)
Бир кезекте политехке бир кирдик,

Бирге окуп, бирге ойноп, бир жүрдүк.

Анан эле билинбестен жылт коюп,

Арабыздан «качканыңды» бир билдик.


Жашоо сырын жаш кезиңден билгенсиң,

Сырттан окуп, кызматтарда жүргөнсүң.

Кара нанга жүргөн кезде биз жетпей,

Костюм-шымдын жаңыларын кийгенсиң.


Аңдап билдиң мансап, кызмат кадырын,

Аттап өттүң тепкичтердин ар кырын.

Баарыбыздан боюң жапыз болсо да,

Бармак басым өйдө турат акылың.


Акылдуунун шарттуу кыска болмогу,

Анткен менен бийик турат ойлору.

Ленин да, Сталин да, Гитлер да,

Тең болушкан сени менен бойлору.


Өткөндөрдү унутпоого тийишпиз,

Өтөсүнө чыгып өзүң бир иштин.

Ата-журтка эмгек өтөп, сен болдуң

Арабыздан «автошоссдор» министр.


«Однокашник» экениңди билгиздиң,

Опол тоодой жардамыңды тийгиздиң.

Ара жолдо жүрчү элек жөө басып,

Алкындырып ак «Волганы» мингиздиң.


Аялзаттан сен Жаңылды тапкансың,

Абдан билги «саяпкерди» тандапсың.

А эгерде Жаңыл аяш болбосо,

Ат жарышта такыр артта калмаксың.


1998-жыл
(Бул ыр Кыдырма Орозалиевдин курбу-курдаштары Токтокан Бекташева, Жолдошбек Үсөкеев, Төлөмүш Мусабаев, Шайлообек Мурзалиев, Эркинбек Курманбаев,

Эркин Мергенов, Жолдош Өскөнбаев, Дүйшөмбү Жүнүшбеков, Наамат Орунтаевдердин суроолору менен жазылды).

ОРОЗАЛИЕВ КЫДЫРМАГА

(60 жашта)
Ана-мына дегиче,

Алтымыш жашка келдиңиз.

Алдыда өткөн өмүрдө,

Аянбай кызмат бердиңиз.

Ачуу-таттуу турмушту,

Ажыратып көрдүңүз.

Алынып чоң кызматтан,

Ага деле көндүңүз.

Акыйкат деген бар экен,

Акыры аны жеңдиңиз.

Кыдырма агай, угуп тур,

Каалоо айтсак энди биз:


Ардактуу болсун алтымыш,

Аман болсун калкыбыз.

Алкышын алып жамааттын,

Артыла берсин баркыңыз.

«Эр ортону элүү» дейт,

Эч макул эмес, каршыбыз.

Эгерде сизге карасак,

Эр ортону–алтымыш.


Эмки калган өмүрдө,

Эгерим такыр жаңылба.

Касиеттүү Кыдырлар,

Катарлаш жүрсүн жаныңда.

Эч кайрылбайт жаштыгың,

Эскире бергин, жаңырба.

Кыйындык түшүп башыңа,

Кырсыктарга кабылба.

Ар дайым болуп олжолуу,

Алдыңдан чыксын табылга.

Чоң рахмат айтабыз,

Катарга кошкон өзүңдү,

Кадырлуу эже Жаңылга!
Ардактуу агай эсен жүр,

Аман болсун алганың.

Аман болсун балдарың.

Амандык болсо болгону,

Аласың таап калганын.
1998-жыл
(Бул ыр Кыдырма Орозалиев жетекчилик кылган мунайзат мекемесинин кызматкерлеринин суроосу менен жазылды).

ӨМҮРАЛИЕВА АРЗЫКАНГА
“Арзыкан” жүрдү ырдалып,

Алайдан чыккан сулуу деп.

Арзыкан балдыз жөнүндө,

Айтылат башка улуу кеп.


Балдыздын жүзүн ачалык,

Байкалбайт анда каталык.

Айбулактай туптунук,

Андагы болгон тазалык.


Кылганы дайым жакшылык,

Кыргызга эмгек арттырып.

Ар кимге жардам бермекке,

Ал турат өзүн шаштырып.


Арзыкан—көлдүк балдызым,

Арзыткан жыттуу жалбызым.

Токтолуп турбай тартынып,

Тоо суусундай шар кызым.


Ажарлуу аял жамалын,

Арзыкандан табамын.

Уучуң толуп бакытка,

Узара берсин кадамың.


3.08.2010

РАИМКУЛОВ МАМБЕТСАДЫККА

(50 жашта)
Далайларды билебиз,

Дартынын баары арамдык.

Отурса да, турса да,

Ойлогону жамандык.

Бир тыйын чыкпай жанынан,

Бир билгени сараңдык.

Алсам-жутсам деп жүрүп,

Алардан кеткен адамдык.


Мактабайм менин чоңум деп,

Макем өзү башка адам.

Ак көңүл, жумшак мүнөздүү,

Айрымасы башкадан.

Жаныңды алам десең да,

Жамандыкка баспаган.

Эмгегин берип адилет,

Эл үчүн жанын таштаган.


Өтөсүнө чыгардың,

Өкмөттүн берген кызматын.

Олтурабыз белгилеп,

Орто жаштын урматын.

Көрүп турам дагы эле,

Макемден,

Керилген жигит турпатын.
Айтарым, Маке, көп жаша,

Күтүмдүү болсун алганың,

Күйүмдүү болсун балдарың.

Алтын баш аман турганда,

Табасың өзүң калганын.
Элүүгө элүү кошулсун,

Кылымга жашың созулсун.

Ал мезгил келет оо кийин.
Кылымдын тоюн тойлойлу,

Кана эмесе, оомийин!


16.01.1987
(Бул ыр , таластык иним, маркум Балтабай Осмоновдун суроосу менен жазылды).

РАПИЯГА

(50 жашта)
Желдей сызып, мезгил деген дирилдей,

Жетип келди элүү жашың билинбей.

Кабак-кашың, баскан-турган жүрүшүң,

Кадимки эле жаш селкинин түрүндөй.


Жигиттерден таластыкты тандадың,

Жибербестен «казыгын» бек кармадың.

Төп келишкен жылдыздары маңдайда,

Төрөлүштү татынакай балдарың.


Өсүп жатат оокат-турмуш, мал-жаның,

Өсүп жатат Нурбек, Айзат, Айжаның.

Өлбөй бирге өзүң менен Шайдылда,

Өтөй бергин өмүрүңдүн калганын.


Шайдылда иним аппак сакал чал болсун,

Шаасы кетпей күч-кубаты бар болсун.

Өмүр сүрүп, бир кылымга тетелеп,

Өзүңө окшош түбөлүктүү жар болсун.


Алкап жүрсүн асмандагы кудайым,

Аң-сезимге жолобосун муңайым.

Бапыраган бейкут өмүр сүргүлө,

Балдарыңдын көп-көп көрүп убайын.



2002-жыл
(Бул ыр «Кыргызполиграфкомбинат» акционердик коомунун жааматынын өтүнүчү менен жазылды).
РАХМАТУЛИН РИНАТ

УБАЛИЕВИЧКЕ

(70 жашта)

Адам деген өмүр сүрбөйт түбөлүк,

Акырындап ичер сууң түгөнүп.

Адамдардын жашоо шарты ушундай,

Алмашылат бири келип, бири өлүп.
Тирүүңдө бөлөнсөң да алтынга,

Жүрө албасаң бирок адам баркында,

«Күйпүл күчүк» өткөрдү деп өмүрүн,

Күбүр-шыбыр сөздөр калат артыңда.


Жанталашпай көр оокатка, байлыкка,

Жашап келдиң өкмөт берген айлыкка.

Жагып келди досуңа да, касыңа,

Жайбаракат токтоолугуң айрыкча.


Ачууланып башкаларды сөкпөдүң,

Айлаң кетип, көздөн жашың төкпөдүң.

Ашказандын үчтөн экиси алынып,

Ажал тооруп турса дагы чөкпөдүң.


Өтүп кетти жарым кылым токтолбой,

Отурасың бир орунда козголбой.

Элүү жылда канча «томдор» жазылды,

Иш күнүңдүн бир мүнөтү бош болбой.


Желдей сызган мезгилге ким тең келет?—

Жетимиш да кирип келди желкелеп.

Жашың узап кыйырына кылымдын,

Жашай бергин кемпириңе эркелеп.


Туугандарым, аман-эсен жүрөлүк,

Туура жүрүп, таттуу өмүр сүрөлүк.

Ринаттын берекелүү тоюнда,

Ичип-жейлик, ырдап-чордоп, күлөлүк.


27.11.2004
(Бул ыр автошоссежолдор министрлигинде бир топ жыл бирге иштешкен, кесиби жол курулуш инженери Ринат Рахматулинге арналып жазылып, тоюнда окуп бердим).

ТОКТОМАМБЕТОВ САДАТБЕККЕ

(60 жашта)
Жакшы жүргөн аты өчпөй сакталат,

Өрнөк болуп кийинкиге даңкталат.

Эң бир жакшы адамдардан эле деп,

Эл ичинде Садатбектей ат калат.


Өр таянып, мүдүрүлбөй баса бер,

Жыргал турмуш барактарын ача бер.

Жеңекебиз Жамийланы ээрчитип,

Жетимишти, сексен жашты аша бер.


Бир жаралдың, экинчи ирет туулба,

Узак өмүр берсин сендей уулга.

Жашап өткөн даңктуу жолуң, эмгегиң,

Үлгү болот келе турган муунга.


Ашык эт жок зыңкыйган тик боюңда,

Арамдык жок, жамандык жок оюңда.

Майга малып отуралы мурутту,

Мааракеңде—бир кылымдык тоюңда.


2004-жыл
(Бул ыр бир тааныш жигиттин суроосу менен жазылды).

ТОКУБАЕВ БЕКТУРСУН АБДИЕВИЧКЕ

(70 жашта)
Ден-соолукта адамдардын бактысы,

Дарыгерде ден-соолуктун ачкычы.

Тандап алдың дарыгерлик кесипти,

Дарыгерлер-адам өмүр сакчысы.


Уул, кызды төрөп берди жарыңыз,

Урматтайбыз биз силерди баарыбыз.

Эркин эжем экөөңөр бөлүнбөй,

Эсендикте бирге жүрүп карыңыз.


Элиңизге албан эмгек бердиңиз,

Эчен-эчен кыйындыкты жеңдиңиз.

Жеткендер бар, жетпеген бар бул жашка,

Жеңил басып, жетимишке келдиңиз.


Жашоо улап жүзгө чейин барыңыз,

Жаш жигиттей демдүү болсун алыңыз.

Сөзүңдөн да, акыл-эстен айныбай,

Сөөлөттүү да, дөөлөттүү да карыңыз.


Сергек басып жүрө берсин карааның.

Серпип ташта бир кылымдын барагын.

Ой да ичип, мас бололу ошондо,

Бир кылымдык тоюңуздун арагын!



19.02.2006
(Бул ыр бүт өмүрүн автотранспорт тармагына арнаган кесиптеш курбум, транспорт кызматына эмгеги сиңген ишмер таластын кулуну Кубатбек Күйүковдун суроосу менен жазылды).

УБЫШЕВ ЖУМАКАДЫРГА

(60 жашта)
Антип-минтип көздү ачып жумгуча,

Алтымышка келип калган экенсиз.


Орду толбойт жаш чагыңыз, ошону

Оюңузга алып койду бекенсиз?


Өмүрлөрдүн кертип улам четинен,

Мезгилге биз бералбайбыз туруштук.

Бирге иштедик, өкмөт иши ушундай,

Бир табышсак, бирде кайра уруштук.


Карыдым деп кабылбагын кейишке,

Жол салгандар чыгат экен бейишке.

Наркы дүйнө кучагына өткөндө,

Нан-туз менен тосуп алат периште.


Алдан тайбай, бакыбаттуу жүрө бер,

Алтымыш жаш бөксөртпөсүн күчүңдү.

Кучак жайып, тосуп алсын алдыңдан,

Өмүрүңдүн чакырымы—жүзүнчү.


1992-жыл

УБЫШЕВ ЖУМАКАДЫРГА

(70 жашта)
Желдей сызып, жылдар артка чубалды,

Жетимиш жаш жетип келди желкелеп.

Деген менен башка турмуш уланды,

«Дедушка» деп неберелер эркелеп.


Карап көрсөм астыртатан кылтыйып,

Карылыкка багынгандай түрүң жок.

Көрүнүшүң жаш жигиттей зыңкыйып,

Көздөрүңдө али турат күйүп чок.


Акылыңа, билимиңе баа берем,

Абдан күчтүү эске тутуу жөндөмүң.

Өз баркыңды алып жүрдүң баа менен,

Өзгөлөрдүн көзүн карап көрбөдүң.


Сестенишип турушчу эле далайлар,

Сенин жүзүң карай албай тик багып.

Тапшырманы аткарбаган жалкоонун,

Таманына турчу элең мык кагып.


Иш бергенде мындан дагы жооптуу,

Иштемексиң сыгып майын чыгарып.

Неге сени көтөрбөдү, жоопту

Өз байкеңден—Турдакундан1 угалык.


Жеген тамак бойго сиңип аш болсун,

Жетимиш жаш бөксөртпөсүн күчүңдү.

Көңүл отуң баштагыдай жаш болсун,

Бырыш басса баса берсин жүзүңдү.


2002-жыл
УЛАНГА
(Маркум досум Аскарбек Айтназаровдун 10 жашка чыккан уулуна арналып жазылып,

тоюнда окулган ыр)

Кеп салам балам, кулак сал,

Кечээги өткөн атаңдын,

Кейиштүү бала чагынан.

Тигиши күндө ыдырап,

Тирилик көрбөй жарыган.

Үстүндө таар чапаны,

Үзүктөлүп сөгүлгөн.

Бакал батек чокойдон,

Баш бармагы көрүнгөн.


Атаң сендей чагында,

Ар кандай ишке жараган.

Жайында терсе тезекти,

Кышыксын алган караган.


Кышкысын койдун кезегин,

Кыйыктанбай кайтарган.

Каалаганын аткарып,

Карылардан бата алган.

Кийинчерээк көчөгө,

Кирпич куюп там салган.


Ал кезекте эмине,

Тамак кайда, нан кайда?

Каадалуу оокат ичпесең,

Каруу кайда, ал кайда?


Бирде тойсо жармага,

Бирде ачка өзөрүп.

Аягына чыккан ишинин,

Антсе да болбой көшөрүп.


Сар карды кечип жыңайлак,

Сабакка келчү жүгүрүп.

Кирпигин какпай жолдо да,

Китепке көзү үңүлүп.


Казандай башы калдайып,

Кайрымакка илээр эти жок.

Илмейген арык бала эле.

Каатчылык турса да,

Кабыргасы кайышпай,

Кабагы ачык жан эле.


Түйшүгүн айтсам атаңдын,

Түгөнбөгөн поэма.

Томсортуп койбой бул элди,

Токтотоюн кой эми.


Кыйналган учур алыстап,

Атаңдын,

Кырктан ашкан кезеги.

Үч баланын атасы,

Илмейген бала кечээги.

Башыңа түштү мына эми,

Балам,

Балалыктын кезеги.


Бактылуу бала чагыңды,

Баарыбыз көрүп турабыз.

Ал жөнүндө айтпайын,

Тост көтөрткөн ар кимден,

Толуктап дагы угаарбыз…
Эми,

Каалаганым мына бул,

Кана балам, угуп тур.

Сыласа көңүл ачылган,

Сыбызгы жүргөн желдей бол.

Баарын чыдап көтөргөн,

Балбан болсоң жердей бол.

Пейилиңдин кеңдиги,

Чалкып жаткан көлдөй бол.

Жан сергитип жыргаткан,

Жайкысын салкын төрдөй бол.

Өрдөн аккан жулунуп,

Өткүр болсоң селдей бол.

Жарабай эле калганда,

Жарпын жазган элинин,

«Жаман акын» мендей бол!


27.06.1980
УРМАНАЕВ СУЛТАНГА

(50 жашта)
Эр ортону деп койот,

Элүү жашка келдиңиз.

Эли үчүн кыргыздын,

Эмгекти абдан бердиңиз.


Өткөн өмүр ичинде,

Өйдө-ылдый турмуш көрдүңүз.

Баштан кечкен турмуштун,

Бардыгына көндүңүз.


Балыкчынын шаарында,

Бараандуу база салдыңыз.

Автотранспорт ишинде,

Ардактуу наам алдыңыз.


Депутат кылып шайлашты,

Көрсөтүп сизге ишеним.

Эми бутка салдыңыз,

МЧСтин «кишенин».


Аман-эсен жүрүңүз,

Аман болсун үйүңүз.

Кабакты ачып кез-кезде,

Анча-мынча күлүңүз.


1998-жыл
(Бул ыр кооптуу жагдай (МЧС) министрлигинин кызматкерлеринин өтүнүчү менен жазылды).
ҮМӨТАЛИЕВ АМАНГА

(50 жашта)
Чейрек кылым таанышпыз,

Жумакем, Аман жана мен.

Биринен бирин кем көрбөйм,

Экөө бирдей–мага тең.


Бир сындырым нан болсо,

Тең бөлүшүп жеп жүрдүк.

Жойпулануу ойдо жок,

Жолдоштукка бек жүрдүк.

Өзүм ачка калсам да,

Ушул тойсун деп жүрдүк.

Жашырганда эмине,

Кез-кезинде олтуруп,

Келин-кыздан кеп кылдык.
Атың айтып тургандай,

Аман досум, аман бол.

Суук көзгө урунбай,

«Жаман болсоң жаман» бол.

Айтарым дагы кайталап,

Аман бол досум, аман бол.


Мен билгенден Амандын,

Дилинде жок арамы.

Далилдеп айтып турбайбы,

Далдайган сырткы карааны.

Оозуна алып сүйлөбөйт,

Ойду, тоону, талааны.

Башыңды кесем десең да,

Башкага жаппайт жалааны.

Апылдатып турсам деп,

Ачылган эмес арааны.

Кадырлайт баарын бир тегиз,

Карыны, катын-баланы.

Көңүлүнө көп туйбайт,

Көр оокат баскан санааны.

Эки сөз менен айтканда,

Элдин сүйгөн адамы.

Аманга тилек кылалы,

Жүз жаш деген маараны.

Кошулсаңар ошого,

Колдогуну алалы.


1990-жыл
(Жумашалы Калыков, Аман Үмөталиев жана мен Казакбай Абдышев автошоссежолдор министрлигинин аппаратында үчөөбүз тең бир топ жыл бөлүм башчылар болуп иштеп турганбыз. Жолдошчулугубуз ошол бойдон уланып келатат).

ШАРШЕНБАЕВА УУЛЖАНГА
Урмат, сыйга бөлөнгөн,

Умай эне Уулжан.

Ыңаалап алгач колунан,

Ымыркайлар туулган.


Энеден чыккан баланы,

Эң алгач кармап көргөн сен.

“Аман жүр, узак жаша” деп,

Алгачкы бата берген сен.


Көлдүн кызы Уулжан,

Көгүчкөн сындуу балдызым.

Эмгегиң менен ала бер,

Энелердин алкышын.


Уул, кыз көп-көп төрөлсүн,

Умай эне колуңдан.

Кылымга жашың созулсун,

Кырсыктар чыкпай жолуңдан.


13.07.2010

ЭКЕШЕВ ҮСӨНГӨ

(аза күтүү ыры)
Жаш чагыңдан чыйрак өскөн бала элең,

Жабык жүрбөй, ачык мүнөз шар элең.

Сезе билген жашоо-турмуш аң-дөңүн,

Сен Үсөке, бир кишиче бар элең.

Аялыңдын этегине жашынбай,

Ак эмгегиң элге берген жан элең.


Үлгү болор ишин артта калтырган,

Үсөке сен, алкыш алдың калкыңдан.

Антип-минтип көздү ачып-жумгуча,

Ажал кууп жетип келди артыңдан.

Башкалардан бат кеткениң болбосо,

Бала-чакаң өсүп жатат артыңдан.


Адам аттуу жашабастыр түбүлүк,

Адам деген бир туулат бир өлүп.

Алла Таалам арнап берген өмүрдү,

Акыйкаттуу, адилеттүү сүрөлүк.

Үлгү болор ишин айтып жаштарга,

Үсөкемди эске сактап жүрөлүк.


Эгерде эле ажал чындап киришсе,

Эми тийбейт эмчи-домчу, доктордун.

Кайгы салып калкың менен бүлөңө,

Кайран Үсөн, арабыздан жок болдуң.

Үстүңө үйүп топурагын мүрзөнүн,

Үсөн досум, түбөлүккө кош болгун!


9.05.2002


БАЛДАРГА БАЗАРЛЫК


АЙГҮЛ МЕНЕН АПАСЫ
Айгүл менен апасы,

Басып келди кассага.

–Бир белет бер, –деп сурады,

Сараңдык кылып акчага.


Анда кассир сурады:

–Бул кызыңыз канчада?

–Бешке чыкты жаңыдан,

Беребиз аны бакчага.

Анда Айгүл чепилдеп,

Түзөдү апа «катасын»:

–Апа, мени Нургүлгө,

Алмаштырып жатасың.


Нургүл быйыл беш жашта,

Мен болсом чыктым жетиге.

–Апей кокуй, эмне дейт,

Жара чыккыр эсиме.


Айгүл эмес Нургүлү,

Көрүнгөн тура көзүмө…

Белет саткыч ишенди,

Апанын калп сөзүнө.



ДАРИЯ КЫЗЫБЫЗГА
Туш келиптир ушул күн,

Тушооң кескен жатабыз.

Атаң менен апаңдын,

Арнаган сага батабыз:


–Калкыбыз болуп бейкутта,

Карының сенин ачпасын.

Көйгөйлүү заман туш келип,

Көзүңдөн жашың акпасын.


Бактылуу жүрүп өткөргүн,

Балалыктын заманын.

Ушудан ары чалынбай,

Уланып кетсин кадамың.


Биринчи эле класстан,

Билимдин түшкүн артынан.

Жаңылба, биздин тукумдун,

Жакшы окуган салтынан.


Арышың улам алыстап,

Алдында жүргүн катардын.

Эмгегиң туура бааланып,

«Эл кызы» болуп аталгын.


Тамтуң баскан кадамың,

Такшала берсин жайлабай.

Толук болсун өмүрүң,

Толкундап аккан дайрадай.


Буйрусун кызым, өзүңө,

Бүгүнкү берген ак бата.

Алдыда келер өмүр жол,

Ар дайым болсун таптаза.


25.06.2006
Чоң атаң Казакбай,

чоң апаң Керимкан
Бишкек шаары
(Бул ыр үчүнчү уулубуз Сардардын кызы Дариянын эки жашка чыкканына байланыштуу жазылды. Келинибиз Асель көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Медетбек Керимкуловдун кызы).

МАГА ДЕЛЕ “МАШИНЕ”
Айылда бар карындашым,

Алты жашка чыгып калган.

Иним болсо төрөлүптүр,

Эки жылча кийин андан.


Студентмин, барып калсам,

Мени көздөй алар шашат.

«Эмне апкелдиң бизге?» дешип,

Этек-жеңди тарткылашат.


Быйыл жайда барганымда,

Куурчак алдым бирине.

Ылайыктуу эмеспи деп,

«Машина» алдым иниме.


Анча ыраазы боло бербей,

Карындашым мындай деди:

–Албайсыңбы мага деле,

Алдагындай машинени.


Жооп бердим: – Ойнойт кыздар,

Бала кылып куурчак менен.

Айдагандай машинени,

Иниңе окшоп бала белең?


– Ооба сага, баягында,

Чоң шаардан өзүм көргөм.

Бир эжеке лөгкөбайды,

Зуулдатып айдап жүргөн.



МАШИНА «КУЛАП»
Беш жашар уулум китепти,

Отурган болчу барактап.

Кыйкырып калды бир кезде,

Көздөрү анын алактап:


–Ата, ата, карасаң,

Машина ала салыптыр.

Төрт дөңгөлөк көк карап,

Төңкөрүлүп калыптыр.


Назарым салып карасам,

Кабагын салып отуру.

–Эмне болду экен?–дейт,–

Ичиндеги шопуру.


«Эмне болуп кетти?» деп,

Басып бардым жанына.

Мурутумдан мен күлдүм,

Түшүнүп иштин жайына.


Көрсө Айдар китепти,

Тетири кармап алыптыр.

Дөңгөлөктөр көк карап,

«Төңкөрүлүп» калыптыр.



НЕБЕРЕМ САНЖАР АЛТЫДА
«Америкалык» неберем,

Санжар кетти алтыга.

Тилек айтуу улуунун,

Илгертен калган салты да.


Санжарым, жаның бек болсун,

Сага айткан жакшы кеп болсун.

Жашап өткөн өмүрүң—

Бир кылым деген чек болсун.

Турмушка бышып такшалып,

Болоттой болуп тапталып.

Билимдүү болуп жетилгин,

Биз жүргөнгө мактанып.


Акылын уккун атаңдын,

Ак сүтүн акта апаңдын.

Абдыштан калган тукум деп,

Алдында жүргүн катардын.


Жашооң жакшы болсун деп,

Жакшы тилек айтайын.

Жакалашып тытышып,

Жаныңда жүрсүн Жантайың.


Ата-энең Айдар, Сарина,

Ынтымактуу жүрүшсүн,

Ырахат өмүр сүрүшсүн.

Кабактарын бүркөбөй,

Каткырып куунак күлүшсүн.
Чоң атаң менен чоң апаң,

Кол жайып берет батасын.

Кылым жашап узакка,

Кызыктарга батасың.



2.03.2007

АКШ, Мэрилен штаты, Коламбия шаары.
Ортончу уулубуз Айдардын келинчеги Сарина белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин кызы.

ОЙНОБОЙ КАЛАТ ЭКЕМИН
Жумабекке энеси:

–Жуулган көйнөк кий,– десе,

Кежирленип болбоду:

–Кийбеймин мейли кирдесе.

Кирдеттиң деп бир күндө,

Келгенде үйгө, тилдесең.

Ойнобой калат экемин,

Эски эле көйнөк кийбесем.



ЭМИ ЫЙЛАТПАЙМ
Күндө Нурлан ыйлатат,

Чоңдугун салып Айдарды.

Ыгы жок жерден чыгарат,

Ызы-чуу, уруш, жаңдалды.


Оюнчугун Айдардын,

Жулуп алат колунан.

Чырылдап ыйлап ал жөнөйт,

Тамтаңдап жетпей соңунан.


Оюнчукту алпарып,

Коюп койот секиге.

Айдар жетпейт тырмышып,

Анткени араң экиде.


Аяп койсо Айдарды,

Ич тардык кылат анда да.

Нукуп койот көрсөтпөй,

Айдар жалгыз калганда.


Кайсы бир күнү Айдарды,

Кетишти алып айылга.

Күнүлөшпөй Нурландын,

Көңүлү азыр жайында…
Апасынын жанына,

Муңайым басып ал барды.

–Эртерээк эле келбейби,

Сагынып калдым Айдарды.


–Ыйлата берет экенсиң,

Кичинекей немени.

Андан көрө айылга,

Биротоло берели.


–Экинчи ага тийбестен,

Ээрчитип аны ойнотом.

Ыйлап калса мен аны,

Оюнчук берип сооротом.




ӨНӨРЛҮҮ БАЛА

(жомок)
Илгерки өткөн заманда,

Болуптур кемпир карыган.

Бир небере бар анда,

Он бешке чыккан жаңыдан.


Кемпир айтты бир күнү,

Балага мындай акылын:

–Жок экенин эсиңе ал,

Менден башка жакының.


Карабайт азыр жетимге,

Кор кылбасын бирөөлөр.

Көзүмдүн тирүү кезинде,

Үйрөнүп кал бир өнөр.


Кырына чыгып сексендин,

Карыган энең өлөр чак.

Мен болсом эптеп жашаармын,

Бир жактан издеп өнөр тап.


Макул болду небере,

Бул сөзүнө эненин.

–Эртең жолго чыгам да,

Өнөрдү таап келемин.


Көтөрүп жонго азыкты,

Байланып бутка чарыкты.

Белгисиз жакка жол тартты,

Калтырып үйгө карыпты.


Тогуз күн бою жол жүрдү,

Онунчу күнү кечинде,

Чарчаган бала олтурду,

Бир айылдын четинде.


Ачка болуп курсагы,

Азыраак өзөк жалгады.

Түбүнө түштү баштыктын,

Каткан нандын калганы.


Ыргып туруп ордунан,

Үмүттүү кадам шилтеди.

Кезикти бир чал жолунан,

Жупуну анын кийгени.


–Ассалоому алейкукум,

–Алейкума ассалам.

Жолоочусуң байкасам,

Жүрөсүң кайдан, айт балам?


Бала өзүнүн максатын,

Баяндады карыга.

–Өнөрдү бирок таппадым,

Баратам издеп дагы да.


–Толуп жаткан өнөр бар,

Үйрөнмөксүң кандайын?

Деп айтканда кары чал,

Түшүндүрдү ал-жайын.


–Алдыдагы көрөр күн,

Жакшыраак жашоо айласы.

Турмушта ошол өнөрдүн,

Тийсе болду пайдасы.


–Менде бар балам, бир өнөр,

Чынында кымбат алтындан.

Көңүлүң болсо үйрөнөр,

Ээрчип жүргүн артымдан.


Айылдан четте тигилген,

Бир боз үйгө келишти.

«Ачка болдуң сен» дешип,

Балага тамак беришти.


Мындай деди карыя,

Сылап күмүш сакалын:

–Үйрөтөмүн мен сага,

Кыргыздын лакап-макалын.


Оюна кетти баланын:

«Ушунун эмне кереги.

Билгенде аны бирөөлөр,

Бир чымчым талкан береби?»


–Кабатыр болбой кала бер,

Кагылайын сен балам.

Атаңдан өнөр ала көр,

Айтканыма көн балам.


Маанайы бир аз пас боло,

Макулдугун билдирди.

Ордуна келип жүрөгү,

Ошондо чалга тил кирди.


–Толук мында бир жыл бол,

Топ жарган чечен болосуң.

Далайдын оозун ачтырып,

Даанышман атка коносуң…


Макал менен лакаптын,

Жаңысын айтчу күндө эле.

Андан башка сүйлөчү,

Кызыктуу жомок, аңгеме.


Сөз талашкан жыйынга,

Ээрчитип барчу ар дайым.

–Көңүлүң бургун кыйынга,

Ошонун сөзүн аңдагын.


Макал менен лакаптын,

Калтырбай бирин жаттады.

Даанышман айткан кептерди,

Дилинде бекем сактады…


* * *
Кош айтышып чал менен,

Кайтты бала үйүнө.

Жарым жолдон ал көрдү,

Жардашкан элди үйүлө.


Сурады четте тургандан:

–Эмне болгон жыйын?–деп.

–Хан чогултуп жатыптыр,

Айтканда эмне, кыйын кеп.


Калкты бирден киргизип,

Хан, ханша сурайт дейт.

Туура жооп бербесең,

Ийинден баштар кулайт дейт.


Эки-үч адам кирди эле,

Өлүгү чыкты кайрадан.

Эми даап кире албайт,

Топ жыйындан бир да адам.


Ошондо бала чыкты да:

–Мен киремин,–деп калды.

Санаасы бир аз сабыркап,

Сарайды көздөй бет алды.


Бир жакта хан олтурат,

Сол колунда жаш бала.

Оң колунда кылыч бар,

Өтчүдөй чапса ташка да.


Сол колуна кыз кармап,

Ханшасы бир жагында.

Өткүр кылыч жаркылдайт,

Оң колунда анын да.

Хан сүйлөдү:–Кана айтчы,–

Менин уулум жакшыбы?

Ханша анда чаңырды:

–Менин кызым жакшыбы?


Бала дароо түшүндү,

Бир балаага каларын.

Бирин айтса жакшы деп,

Бири башты аларын.


Баягы кары үйрөткөн,

Бир макал түштү эсине.

Ойлонуп көпкө турбастан,

Ошону айтты тезинен:


«Ар кимдики өзүнө,

Ай көрүнөт көзүнө» –

Таң калышты тигилер,

Таап айткан сөзүнө.


Хандын да, ханшанын да,

Каары эми жумшарып.

Өзгөрө түштү мурдагы,

Өңдөрү турган кумсарып.


Өнөрлүү бала экен деп,

Өлүмгө аны кыйбады.

Акылдуу бала экен деп,

Алтын берип сыйлады.


Эки ооз сөз менен,

Эчендер калды өлүмдөн.

Алтынын элге таратты,

Айлансын деп көңүлдөн…


Ошол бала бир кезде,

Чоң акылман болуптур.

Далайдын оозун ачырып,

Даанышман атка конуптур.




ПОЭМАЛАР





Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   16




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет