Фразеологизмдер
|
Туюндурган мааниси
|
Жазуу, оозеки кепте колдонулушу
|
1.
|
2.
|
3.
|
Айтканың келсин!
|
Бирөөнү жакшы каалоосуна, тилегине ыраазы болуп, жооп катары айтылат.
|
-Айтканыңар келсин, Кагылайындар! Акыры көрөр күн, ичээр суубуз бар экен. (Саатов)
|
Ак жолуң ачылсын!
В.:Жолуң ачылсын
|
Ишиң оңолсун, сапарың ийгиликтүү болсун, көздөгөн максатыңа жеткин деген сыяктуу алкоо, ак тилегин билдирүү, бата берүү
|
-Ак жолуң ачылсын! Сапарың байсалдуу болсун, Курман Карасартов. (Бейшеналиев)
В.: «Жолуң ачылсын, чырагым!» деп чал бата берди. (БСМ)
|
Ак жоолугуң башыңан түшпөсүн!
В.:Ак элечегиң башыңан түшпөсүн!
|
«Абийирдүү, ырыс- кешиктүү бол», «алганың менен тең кары» деген мааниде келиндерге берилүүчү бата, алкоо
|
«Кем болбо, балам! Ак жоолугуң башыңан түшпөй, бактылуу бол!» – дешип катындар чуулдап алкашты. (Жантөшев)
В.: Ак элечегиң башыңан түшпөсүн, балам, өмүрлүү бол! (БСМ)
|
Алдыңа кетейин!
|
Жакшы көрүү, эркелетүү, жалынып-жалбаруу маанисинде (көбүнчө балдарга карата)
|
-Өх! Садагаң, Сардарым, алдыңа кетейин! Мен сенин алдыңа кетейин. (Тойбаев)
|
Андай болсун!
|
Куттуктоого жооп иретинде ыраазычылыгын билдирүүдө колдонулат.
|
-Иш илгери болсун!
– Андай болсун, эже! (Осмоналиев)
|
Арбак колдосун!
|
Кандайдыр бир кыйынчылыктан чыгууга ата-бабанын касиети, сыйкыр күчү жардам берсин деген сыяктуу каалоо, тилөө маанисинде колдонулат.
|
-Ата-бабаңдын арбагы колдосун!
|
Аркаңды мал бассын, алдыңды бала бассын
|
Көбүнчө келиндерге карата «бактылуу бол», «бала-бакыралуу бол», «этең-жеңиң жайылсын» деген мааниде айтылган алкоо
|
- Кыз журту башка илгертен: эми өз журтуңа барасың, кудай аркаңды мал басып, алдыңды бала басып, өз алдыңча болосуң, кагылайын. (Касымбеков)
|
Арты кайырлуу болсун!
|
Көбүнчө каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө, туугандарына мындан кийин жамандык болбосун, түпкүлүгү түз болсун деген мааниде көңүл айтуу, кайрат айтуу, көңүлүн жубатуу иретинде колдонулат.
|
-Кантем. Арты кайырлуу болсун, мындан өзгө көңүл төтөгү барбы? – деди. (Касымбеков)
|
Артын берсин!
|
Кандайдыр бир жамандык иш, өлүм болгон учурда мындан кийин жакшылык болсун, жамандык болбосун деп тилек кылып, кайрат айтуу, көңүл айтуу маанисинде колдонулат.
|
-Артын берсин! Көп капа болбогула. (БСМ)
|
Ат байгелүү болсун!
|
Ат чабышта ат ээсине, же ошол тарапта болгон кишилерге «жеңиштүү болгула» деген мааниде айтылуучу тилек.
|
«Ат байгелүү болсун! Жакшы чаптырып кел»,-Байзакты күйөрмандары узатышты.
|
Бай болгур!
|
1.Жетиштүү бол, мал-мүлктүү бол деген мааниде бирөөгө айтылган каалоо-тилек.
2.Бирөөгө нааразы болгондо, нааразылыгын билдиргенде колдонулат.
|
1. -Бай болгур, тиги нерсени мага көрсөтүп койчу!
2.-Бай болгур, бир аз сабыр этип, сөз угузчу, жарылдабай!
|
Бакыт жылоолосун!
|
Дөөлөтүң артсын, жакшылыкка жет, ырыстуу-таалайлуу бол деген мааниде
|
-Ылайым бакыт жылоолосун, учуң узарсын! (Бейшеналиев)
|
Балакетиңди алайын!
В.:Мээнетиңди алайын!
|
Бирөөгө (көбүнчө балага, өзүнөн кичүүлөргө) жалынып-жалбаруу, жакшы көрүү маанисинде колдонулат.
|
-Балакетиңди алайын, туура кылыпсың ошону! (Жусупов).
В.: -Мээнетиңди алайындар! Чоңойдуңарбы? Бөбөктөрүңөр чоңоюп жатабы? – дешип Сурма менен Кадыр неберелерин өбүшүп, …озуп келген машинага түшүп, шаар ичине карай жүрүп калышты.
(Жантөшев)
|
Бар бол!
|
Салам айткан кишиге карата алик алуу иретинде колдонулат.
|
«Бар бол, садагаң!»,- деди Баалкан. (Жантөшев)
|
Башына бак конуу!
В.: Башына куш конуу!
Башына кут конуу!
|
Иши оңолуу, мансабы, мартабасы, зоболосу көтөрүлүү
|
-Башыңа бак консун, ырыс этегиңден жалгасын! (Сыдыкбеков)
В.: Бактыбектин башына куш конуп, болуп-толуп турган кези. (БСМ)
|
Бейиши болгур!
|
Өлгөн адамды эскерүүдө, ал жөнүндө кеп кылганда аны урматтоо, сыйлоо маанисинде колдонулат.
|
Атам бейиши болгур, тирүү кезинде ушул жайлоону жайлачы экен. (БСМ)
|
Бешик бооң бек болсун!
|
Жаңы төрөлгөн баланын ата-энесин куттуктоо, балага жакшы тилегин айтуу маанисинде колдонулат.
|
-Бир Карел эмес, биз дагы балалуу болдук. Баарыңардын «бешик бооңор бек болсун»! (Ашымбаев)
|
Болбосоң коё кал
|
Абдан мыкты, укмуштуудай, адам таң каларлык деген сыяктуу мааниде
|
-Адис болбосоңор коё калгыла, алеки саатта кулунду торпокко айландырып жиберген сыйкырчы турбайсыңарбы. (Борбуев)
|
Боосу бек болсун!
|
Өмүрлүү, бактылуу болсун, өмүрү узун болсун, көп жашасын сыяктуу алкоо, тилек кылуу маанисинде колдонулат.
|
-Эми ушуларынын боосу бек болсун! (Бейшеналиев)
|
Бөйрөгүмдү чабайын!
|
Көбүнчө балдарга, өзүнөн кичүүлөргө карата жалынуу, жалбаруу маанисинде колдонулат.
|
«Сербейген көлөкөм, бөйрөгүмдү чабайын, турагой» деп жалбарган эне кызынын маңдайында отурат. (БСМ)
|
Жакшы жатып жай туруңуз!
|
Уйкуңуз тынч болсун, тынч уктаңыз деген сыяктуу каалоо маанисинде колдонулат.
|
«Түшүндүңбү? Коркпо! Жакшы жатып жай тур!», - деп чыгып кетти. (Саатов)
|
Жаным курман!
|
Көбүнчө балдарга карата жалынып-жалбаруу, мээримдүү мамиле жасоо маанисинде колдонулат.
|
-Оозуңан секет болоюн, ушул кепти жеткирген оозуңан! Жаным курман! (Медетов)
|
Жанымды чабайын!
|
Жакшы көрүү, жалынып-жалбаруу маанисинде колдонулат.
|
«Жанымды чабайын! Оозуңдан, колуңдан…»,-деп абышка өөп жыттагылап, небересинин бети-башынан чоло жер калтырбады. (Бейшеналиев)
|
Жаткан жери жайлуу болсун!
|
Өлгөн адамды эскерип, ага карата жакшы ниетин билдирүү маанисинде колдонулат.
|
-Музооке… Жаткан жери жайлуу болсун! Өңгөлөр унутулар. Музоокенин даңазасы унутулбас. (Бейшеналиев)
|
Жол болсун!
|
1. «Кайдан?», «кандай жумуш менен?» деген мааниде суроо, кайрылуу иретинде;
2. «Бул кылганың кандай?», «Эмне үчүн?», «Бул эмне дегениң?» ж.б. мааниде бирөөнүн кебине, кылык-жоругуна, жасаган иштерине карата суроо салуу, таң калуу иретинде колдонулат.
|
1.-Акунжансыңбы? Жол болсун, үкөм? (Байтемиров)
2. «Күйөө балаңыз менен кызыңызга ынтымак-ырыс каалап, өзүңүз ичпей койгонуңузга жол болсун!», -деп Көкөтөй кысынган чалдын айласын түгөттү. (Айтматов)
|
Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун!
В.:Жолуң шыдыр болсун!
|
Жолго чыккан, жол тартып бараткан адамга карата жолуң жакшы болсун, жолдо эч кырсыкка учурабай барып кел деген мааниде жакшы тилек кылуу, бата берүү иретинде колдонулат.
|
«Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун, балам!» -деп карыя адам бата берди. (БСМ)
В.:-Сааданбек, эми жакшылап айда, алдыңа кетейин! Жолуң шыдыр болсун! (Жусупов)
|
Иш илгери!
В.:Иш илгери болсун!
|
Иш илгерилесин, ишиңер ийгиликтүү болсун (иштеп жаткандарга, иш үстүндөгүлөргө каалоо, тилек катары айтылат).
|
-Иш илгери балдар, эмне кылып жатасыңар? (Турусбеков).
В.: «Иш илгери болсун!», – деди Күмүш. «Андай болсун, эже!», - дешти иштеп жаткандар. (Осмоналиев)
|
Кадырың жан болсун!
|
Эч кандай кам санабагын, ордунда болот, сөзсүз болууга тийиш деген мааниде колдонулат.
|
- Сенин кадырың жан болсун, көп эле кабатыр боло бербе. (Абдукаимов)
|
Көзүң жамандыкты көрбөсүн!
|
Өзү көргөн, өзү үстүнөн чыккан кандайдыр бир жагымсыз, укмуш окуяны баяндоо анын адамга терс таасир этишин, жек көргөндүгүн, өкүнгөндүгүн билдирүүдө колдонулат.
|
Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Жер бир заматта айлан-көчөк болуп кеткенсиди. (Жусупов)
|
Көзүңдү кара!
|
«Абайла», «байка», «этиет бол» деген мааниде колдонулат.
|
«Сен бала, көзүңдү кара, өзүң комсомол болуп туруп, кой өлтүрүшүң уят», -деп күпүлдөдү да, кайра жүрүп кетти. (Жантөшев)
|
Көч байсалдуу болсун!
|
«Баруучу жайыңарга аман-эсен жеткиле» деп, көчүп бара жаткандарга айтылуучу каалоо, жакшы тилек.
|
«О, жеңелер, көч байсалдуу болсун!», –деди Дайыр. (Жантөшев)
|
Көшөгөң көгөрсүн!
|
«Бак-таалайлуу бол, бактылуу жаша, өмүрлүү бол» деген мааниде жаштарга карата айтылуучу алкоо, каалоо, тилек.
|
«Ырахмат кызым! Көшөгөң көгөрсүн!», – деп кемпир үнүн каргылдантты. (Байтемиров)
|
Кудай алкагыр!
|
Бирөөгө нааразылыгын, жаман көргөнүн билдирүүдө, жактырбоо, жемелөө маанисинде наалат катары колдонулат.
|
-О, Кудай алкагыр, мынча эмне жоголдуң? (БСМ)
|
Кудай жалгасын!
В.:Теңир жалгасын!
|
Көбүнчө бирөөгө ыраазы болуу, же келиндерди алкоо маанисинде колдонулат.
|
-Өмүрүң узун болсун! Кудай жалгасын! Сооп иш кылдың, ишиң оңолсун! (Медетов).
В.:-А-а, айланайын балам. Сага чоң рахмат! Сени теңир жалгасын! Эми биз кайталы, келе колуңду бер, азаматым! (БСМ)
|
Кудай кут кылсын!
В.:Кут кылсын!
Кут болсун!
|
«Буюрсун», «болгону жакшы болуптур» деген мааниде бирөөнү куттуктоо, ага тилек кылуу, каалоо иретинде айтылат.
|
-Алдыңа кетейиндерим! Айта берсе биздин жомок түгөнөбү… Эми силердин ушунуңарды кудай кут кылсын! (Өмүрбаев)
В.: Курманбекке кут кылсын, Канышай жалгыз баламды. («Курманбек»).
«Сыйлыгыңар кут болсун!» деп, отургандар бизди куттуктап кетишти (БСМ)
|
Кудайга шүгүр!
В.:Кудая шүгүр!
|
Ыраазы болуу, алымсынуу, болгонуна каниет кылуу маанисинде колдонулат.
|
Кудайга шүгүр, турмушубуз анча деле жаман эмес,балдар бутуна туруп калды. (БСМ)
В.: Кудая шүгүр, баш көтөрүп калдык. (БСМ)
|
Кыдыр даарысын!
В.:Кыдыр жылоолосун!
|
Бактылуу, иши оңунан чыккан, иши илгерилеп турган
|
Бийликте кыдыр даарыган, периштелер көз салган адамдар турарын даңктады. (Осмоналиев).
В.: -Көрсө сенин өнөрүң кыдыр жылоологон өнөр турбайбы! (Осмоналиев)
|
Миң мертебе тобо!
В.:Миң мертебе ыраазы!
|
Абдан ыраазы, аябай ыраазы болуу маанисинде айтылат.
|
Аны биздин ырыскыбызга жаратканына миң мертебе тобо! (Медетов)
В.: Ушундай бүлөөгө туш болгонуңа миң мертебе ыраазы болосуң. (Медетов)
|
Мээнетиңди алайын!
В.:Мээнет кетейин!
Мейнетиңди алайын!
|
Айланайын деген сыяктуу жалынуу маанисинде колдонулат.
|
…Жылдызкан, чарчаган жоксуңбу, ыя? Үлүрөйгөн мээнетиңди алайын! (Байтемиров)
В.: Мээнет кетейин, эмне болду сага? (БСМ)
Мейнетиңерди алайындарым! – деп өзүнчө кобурады. (БСМ)
|
Оозуңа май!
|
Кандайдыр бир кепти жакшылык, же жакшы кабар жөнүндө билгизген кишиге карата сүйүнүү, толкундануу менен алкоо маанисинде колдонулат.
|
«Оозуңа май, айланайын, оозуңа май! Кана, окуп жиберчи!», – деп Сотур сүйүнгөнүнөн эмне кылаарын билбей турду. (Абдукаимов)
|
Оозуңан секет болоюн!
|
Алкоо, ыраазылыгын билдирүү маанисинде колдонулуучу алкыш
|
-Оозуңан секет болоюн, ушул кепти жеткирген оозуңан! (Медетов).
|
Оозуңда бардыр!
|
Кимдир бирөөнүн айткан кебине карата сенин айтканыңдай болуп калаар, айтканың туура чыгып калаар деп үмүт кылуу, ыраазы болуу маанисинде колдонулат.
|
-Балким, агаң келип калар, оозуңда бардыр,айланайын. (БСМ)
|
Оозуңдан айланайын!
|
Алкоо, жалынуу маанисин туюндурат.
|
-Оозуңдан айланайын! Атаганат, жериң болсо, ушинтип жокчулуктун корун тартат белек. (Саатов)
|
Ортоңор толсун!
|
Кандайдыр бир адамдар тобуна карата ынтымагыңар,биримдигиңер ашсын деген мааниде колдонулат.
|
«Ортоңор толсун!» деп айтып, шыңга бойлуу, ак саргыл жигит келип учурашты. (Акматов)
|
Өлкөнүң өссүн!
В.:Өркөнүң өссүн!
|
Көбүнчө жаштарга карата зоболоң көтөрүлсүн, бактылуу бол деген мааниде берилүүчү бата, алкыш
|
-Өлкөнүң өссүн, чырагым!
В.:Ырахмат, балам, өркөнүң өссүн! (Медетов)
|
Өлсөм сөөгүм ыраазы
|
Абдан ыраазы болгондук маанисинде колдонулат.
|
-Айкөлүм, сизге тирүүлүктө өзүм, өлсөм сөөгүм ыраазы. (Бейшеналиев)
|
Өмүрлүү бол!
|
Көп жаша деген мааниде берилүүчү бата, алкоо
|
«Өлкөнүң өссүн, өмүрлүү бол, айланайын!»,-деди кемпир. (БСМ)
|
Өмүрүң узун болсун!
|
Көп жаша деген маанини туюндурган алкоо кеп
|
-Өмүрүң узун болсун! Кудай жалгасын! Сооп иш кылдың,ишиң оңолсун!... (Медетов)
|
Өмүр берсин!
|
Өмүрүң узун болсун, көп жаша деген мааниде көбүнчө алкоо иретинде
|
-Өмүр берсин, айланайын!
|
Өпкөмдү чабайын!
|
Көбүнчө балдарга карата жалынуу иретинде колдонулат.
|
-Ак жолтоюм, садага кетейиним, өпкөмдү чабайыным! (Абакиров)
|
Өркөнүң өссүн!
|
Көбүнчө жаштарга карата зоболоң көтөрүлсүн, бактылуу бол деген мааниде берилүүчү бата, алкыш
|
-Ырахмат, балам, өркөнүң өссүн! (Медетов)
|
Садага болоюн!
В.:Садагаң кетейин!
Секет болоюн!
Секет кетейин!
|
Баласын, же өзүнөн кичүүлөрдү эркелетүү, жалынып-жалбаруу, жакшы көрүү маанисинде колдонулат
|
-Мен садага болоюн! Жалжылдаган көзүңдөн (БСМ)
В.: «Садагаң кетейин десе!», – деп, Калмурат Алымкулга карады. (Абдукаримов)
«Секет болоюн, өз үйдөгүдөй көрүп тартынбай иче бер», - дейт эне чоочун кызга. (БСМ).
«Секет кетейин, бара гой»,- деп баласын жумшады. (БСМ)
|
Сенин таманыңа кирген тикен менин чечекейиме кирсин
|
«Сен тартаар азапты мен тартайын, сага келген кырсык, балээ мага келсин» деген мааниде оорунун айыгып кетиши, же бирөөнүн дайынсыз жоголушуна карата колдонулат.
|
«Курган ата менен эне сенин таманыңа кирген тикен биздин чечекейибизге кирсин», - деп кызга үйрүлүп түшөт. (Бөлөкбаев)
|
Согум чүйгүн болсун!
|
«Союлган мал семиз болсун, эт берекелүү болсун» деген сыяктуу каалоо маанисинде айтылат.
|
Кадырдын «Согум чүйгүн болсун!» деген сөзүнө ичеги – карын арытып жаткан Мария чүйрүң – чүйрүң этип, «жегилик кылсын» деп, тамашалай жооп берди (БСМ)
|
Сөөгүм ыраазы!
|
Абдан ыраазы экендигин билдирүү маанисинде колдонулат.
|
-Сөөгүм ыраазы силерге! (БСМ)
|
Тараза таппагыр!
|
«Жакшылык көрбөгүр, ишиң оңунан чыкпагыр» деген сыяктуу каргап-шилөө маанисинде колдонулат
|
-Тараза таппагырдын көз жазгырып кеткенин кара! (БСМ)
|
Топурагы торко болсун!
|
Өлгөн адамды көмгөндө, аны эскергенде жаткан жери жайлуу болсун деген мааниде кайрат айтуу, жакшы тилегин билдирүү максатында айтылат.
|
«Ах, кайран абышка… Топурагың торко болсун эми. Айла канча!» деген сөздөр жаады. (БСМ)
|
Учугуң узарсын!
|
Ишиң оңолсун, өркөнүң өссүн, жакшылыкка жет деген сыяктуу алкоо маанисинде колдонулат.
|
-А, ыракмат! Учугуңар узарып, ылайым тилегиңерге жеткиле, балдар! (Медетов)
|
Ыйманы жолдош болсун!
|
«Аркы дүйнөдөн жай тапсын, жаткан жери жайлуу болсун!» деген сыяктуу өлгөн адамга карата жакшы ниетин билгизүү, жакшы тилек каалоо маанисинде колдонулат.
|
«Ыйманы жолдош болсун!» деп өзүнчө дагы бир нерселерди күбүрөп, бата кылды Мурат карыя. (Медетов)
|