2) бажылык коштоо үчүн жыйымдар.
239-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн жыйымдар
1. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн жыйымдар төмөнкүдөй учурларда төлөнөт:
а) тандалып алынган бажы режимине ылайык товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштурууну жүргүзүүдө;
б) бажы жол-жоболорун орун алган жери жана/же бажы органдары иштегенден башка убакта жасаганда;
в) ушул Кодекстин 57-главасына ылайык бажы органдары алдынала чечим кабыл алганда.
2. Товар катары декларациялануучу товарларды, транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн товарлардын жана транспорттук каражаттардын бажы наркынын 0,15 пайызы өлчөмүндө бажы жыйымдарынан алынат, бирок мында алардын өлчөмү бажы органдарынын аталган операцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жасоого кеткен чыгымдардын болжолдуу наркынан ашпашы керек. Ушул статьянын 1-пунктунун б) пунктчасында көрсөтүлгөн иштерди аткарууда бажы жыйымдары эки эселенген өлчөмдө алынат.
3. Товарларды жана транспорттук каражаттарды декларациялоодо бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн жыйымдар төмөнкүдөй учурларда төлөнбөйт:
акысыз жардам (көмөк) көрсөтүү максатында бажы чегарасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда;
нумизаттык максаттарга пайдалануудан тышкары акциздик маркаларды жана валюталарды бажы жагынан жол-жоболоштурууда;
мамлекеттин пайдасына бажы режиминен баш тартуу билдирилгенде;
аталган уюмдар экспонатка коюу максатында өздөрүнүн фондунда туруктуу сактоодо турган же убактылуу ташып келген маданий дөөлөттөрдү алып өтүү учурунда мамлекеттик жана муниципалдык музейлер, архивдер, китепканалар жана башка мамлекеттик же муниципалдык уюмдар бажы чегарасы аркылуу алып өтүүчү маданий дөөлөттөр жагынан убактылуу ташып келүүнүн жана реэкспорттун же убактылуу ташып чыгуунун же реимпорттун бажы режимин билдиргенде;
ушул Кодекстин 30-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү трварларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда;
товарларды оозеки же конклюденттик формада декларациялоодо;
товарларга өзүнчө декларацияны бербестен аларды декларациялоодо;
Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган башка учурларда.
Алдынала чечим кабыл алуу үчүн жыйым 500 сом өлчөмүндө алынат. Алдынала чечим кабыл алууга негиз болгон товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда алдынала чечим кабыл алуу үчүн жыйымдын төлөнгөн суммасы кошуп эсептелүүгө тийиш.
(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
240-статья. Бажылык коштоо үчүн жыйымдар
1. Бажы контролдугу астында болгон товарларды алып өтүүчү ар бир транспорттук каражаттын бажылык коштоо үчүн бажы жыйымдары товарларды жана транспорттук каражаттарды коштоп жүргөн ар бир толук же толук эмес саат үчүн бир эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө алынат.
(КР 2007-жылдын 26-мартындагы N 39, 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
34-Глава
Бажы төлөмдөрүн төлөө тартиби жана
мөөнөттөрү
241-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүлөр
1. Декларанттар жана ушул Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөгө тийиш болгон башка жактар бажы төлөмдөрүн төлөөчүлөр болуп саналышат.
2. Кандай жак болбосун бажы төлөмдөрүн төлөөчүлөрдүн пайдасына бажылык төлөмдөрдү төлөөгө укуктуу.
242-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөттөрү
1. Бажы төлөмдөрү бажы декларациясы берилгенге чейин же аны берүү менен бир эле убакта, анын ичинде бажы режими өзгөргөндө төлөнөт, буга ушул Кодекстин 292-статьясында аныкталган учурлар кирбейт.
Түтүк өткөргүч транспорту, электр берүү линиялары боюнча өткөрүлүүчү товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү болуп мындай товарларды өткөргөн кийинки айдын календардык айынын акыркы числосу саналат.
2. Декларация алдынала берилген учурларда бажы төлөмдөрү товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинген жердеги бажы органына товарлар көрсөтүлгөн күндөн тартып же, эгерде товарларды декларациялоо алар келген жерде жүргүзүлбөсө ички бажы транзити аяктаган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.
3. Товарларды ташып чыгууда бажы төлөмдөрү, эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе бажы декларациясы берилген күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.
4. Бажы режими өзгөргөндө бажы төлөмдөрү өзгөрүлгөн бажы режиминин иш аракеттерин аяктоо үчүн ушул Кодексте белгилеген күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.
5. Шарттуу чыгарылып берилген товарлар бажы жеңилдиктери берилген максаттарга эмес башка максаттарда пайдаланылганда үстөк акыны эсептөө максатында (260-статья) бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтү ошол жак тарабынан товарларды пайдалануунун жана тескөөнүн чектөөлөрү бузулган биринчи күн эсептелет. Эгерде мындай күндү аныктоого мүмкүн болбосо, бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтү катары бажы органы мындай товарларга бажы декларациясын алган күн эсептелет.
6. Бажы жагынан жол-жоболоштуруунун талаптары жана шарттары бузулуп, ал ушул Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн милдеттүүлүгүнө алып келсе, үстөк акыны эсептөө максатында бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү катары мындай укук бузуулар жасалган күн эсептелет. Эгерде мындай күндү аныктоого мүмкүн болбосо бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү катары тийиштүү бажы иш аракеттери башталган күн эсептелет.
243-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө тартиби жана формасы
1. Бажы төлөмдөрү ушул максатта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында белгиленген тартипте ачылган бажы органдарынын кассасына же эсебине төлөнөт, буга ушул Кодекстин 206-статьясынын 4-пунктунда каралган учурлар кирбейт.
2. Бажы төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен төлөнөт.
3. Бажы төлөмдөрү накталай эмес тартипте, төлөм тапшырмаларын эсептешүү формасында накталай акча менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиттик карталарды пайдалануу менен төлөнүшү мүмкүн.
4. Төлөөчүнүн талабы боюнча бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөнүн жазуу жүзүндөгү тастыктоосун берүүгө милдеттүү.
244-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу
Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет төмөнкүдөй учурларда аткарылды деп эсептелет:
1) банктагы төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын алган учурдан тартып;
2) бажы органынын кассасына накталай акча түшкөн учурдан тартып;
3) бажы төлөмдөрүнүн эсебине ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү эсептелген учурдан тартып, ал эми эгерде мындай кошуп эсептөө төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлсө бажы органдары тарабынан - кошуп эсептөө жөнүндө арыз кабыл алынган учурдан тартып;
4) бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине депозитти кошуп эсептеген учурдан тартып, ал эми эгерде мындай кошуп эсептөө төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлсө - бажы органы кошуп эсептөө жөнүндө тескемени алган учурдан тартып;
5) бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине банктык кепилдикке же камсыздандыруу келишимине ылайык банк, башка кредиттик уюм же камсыздандыруу уюму, ошондой эле кепилдик келишимине ылайык төлөөчү төлөгөн акча каражаттары кошулган учурдан тартып;
6) эгерде көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасынын өлчөмү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздын суммасынан кем болбосо, ага карата бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлар, же күрөө буюму болбосо төлөөчүнүн башка мүлкү өндүрүп алынган учурдан тартып.
(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35-Глава
Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүнүн өзгөрүшү
245-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүнүн өзгөрүшүнүн жалпы
шарттары
1. Ушул Кодекстин 246-статьясында белгиленген негиздер болгондо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн арызы боюнча бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртө алат.
2. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүү кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө түрүндө жүргүзүлөт.
3. Кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө бажы төлөмдөрүнүн бир же бир нече түрлөрү боюнча, ошондой эле төлөнүүгө тийиш болгон бүткүл сумма болбосо анын бир бөлүгүнөн берилиши мүмкүн.
4. Кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө ушул Кодекстин 36-главасында каралган тартипте бажы төлөмдөрү камсыз кылынган шартта берилет. Кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөтүү жөнүндө чечим бул тууралу арыз берилген күндөн тартып 15 күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.
5. Кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөөгө эки айга чейинки мөөнөт берилет.
246-статья. Кийинкиге калтыруунун же бөлүп-бөлүп төлөтүүнүн
негиздери
Бажы төлөмдөрүн төлөөнү кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө бажы төлөмдөрүн төлөөчүгө төмөнкүдөй негиздердин жок дегенде бири болгон учурда берилет:
1) бул жакка жаратылыш кырсыгынын, технологиялык кыйроонун же күч жетпес тоскоолдуктардын дагы башка жагдайларынын кесепетинен чыгым келтиргенде;
2) бул жакка мамлекеттик бюджеттен каржылоону же бул жак аткарган мамлекеттик акы төлөөнү создуктурганда;
3) эгерде бажы чегарасы аркылуу алып өтүүчү товарлар тез бузулуучу товар болуп саналса;
4) жак өкмөттөр аралык жөнөтүүлөрдү жүзөгө ашырганда.
247-статья. Кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөтүүнү
берүүнү жокко чыгарган жагдайлар
1. Эгерде кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөөнү көздөгөн жакка карата:
1) Кыргыз Республикасынын салык же бажы мыйзамдарын бузууга байланыштуу кылмыш белгиси боюнча жазык же администрациялык иш козголгон болсо;
2) банкроттук жол-жобосу козголгон болсо, мындай жактарга бажы төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү берилбейт.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөөнү берүү жөнүндө чечим чыгарылышы мүмкүн эмес, ал эми чыгарылган чечим алып салынууга тийиш, бул жөнүндө кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөөнү алуу тууралу арыз берген жак үч жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарланат.
248-статья. Кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө үчүн пайыздар
Бажы төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөөдө, ошондой эле ушул Кодекстин IV бөлүмүндө каралган башка учурларда кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө мезгилине карата колдонулган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасына таянуу менен бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздын суммасына кошуп эсептөөдө пайыз кармалып алынат.
249-статья. Кийинкиге калтыргандык же бөлүп-бөлүп төлөгөндүк үчүн
пайыздарды төлөө мөөнөтү
1. Пайыздар бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздардын суммасын төлөгөнгө чейин же аны төлөө менен бир убакта, бирок кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен төлөнөт.
2. Пайыздарды төлөө, өндүрүп алуу жана кайра кайтаруу бажы төлөмдөрүн төлөө, өндүрүп алуу жана кайра кайтаруу жагынан ушул Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
36-Глава
Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу
250-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун жалпы шарттары
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу төмөнкүдөй учурларда камсыз кылынат:
1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө берилгенде;
2) товарларды шарттуу чыгарганда;
3) чет өлкөлүк товарларды ташуу жана (же) сактоо;
4) бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр жагынан жумуштарды ишке ашыруу;
5) ушул Кодексте каралган башка учурларда.
2. Эгерде төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, туумдун жана пайыздардын суммасы 20 миң сомдон кем эмести түзсө, ошондой эле бажы органы өзүнө алынган милдеттенмелери аткарылат деп болжолдоого олуттуу негиздер бар болсо, бажы төлөмдөрүн төлөө камсыз кылынбайт.
3. Эгерде бир эле жак белгилүү бир мөөнөттө бир нече бажы жол-жоболорун жүргүзсө, бажы органы бардык ушундай жол-жоболорду жүргүзүү (башкы камсыз кылуу) үчүн бажы төлөмдөрүн камсыз кылууну кабыл алууга милдеттүү. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы органдары бир нече бажы органдарында бажы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн бажы төлөмдөрүн төлөөнү башкы камсыз кылууну кабыл алуунун шарттарын аныктайт.
Бажы төлөмдөрүн төлөөнү аларды төлөө үчүн жооптуу жак, же бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жактын пайдасы үчүн кандай болбосун башка жак камсыз кылат.
251-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун өлчөмү
1. Бажы төлөмдөрүн камсыз кылуунун өлчөмү экспорттун бажылык режимине ылайык товарларды эркин жүгүртүү же аларды ташып чыгуу үчүн чыгарууда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, пайыздардын жана (же) туумдун суммаларына таянуу менен бажы органы тарабынан аныкталат.
2. Эгерде бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууда бажы төлөмдөрү бажы органына товарлардын мүнөзү, алардын аталышы, саны, аны чыгарган өлкө жана бажы наркы жөнүндө так маалыматтар берилбегендигинен улам төлөнүүгө тийиш болгон сумманы так аныктоо мүмкүн болбосо, эгерде бажы органдарынын алган милдеттенмелерин камсыз кылуу аткарылбаса, камсыз кылуу өлчөмү бажы төлөмдөрүнүн төлөнүүгө тийиш болгон алда канча мүмкүн болгон суммасына таянуу менен аныкталат.
3. Эгерде милдеттерди аткарбай коюу ушул Кодекске ылайык бажы алымдарын, салыктарын төлөө зарылчылыгына алып келсе, бажы органына бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу өлчөмүндөгү сумма, ал эми ушул Кодексте каралган учурларда - көрсөтүлгөн суммадан эсептелген туумдар же пайыздар төлөнөт. Ушундай төлөө күнүнөн тартып бир жылдын ичинде товарлар жөнүндө так маалыматтар аныкталганда ушул бөлүмгө ылайык бажы алымдарынын, салыктарынын ашыкча төлөнгөн суммасы кайра кайтарылат, же кем алынган сумма өндүрүлөт.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында белгиленген талаптарды эске алуу менен товарлардын айрым категориялары жагынан бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун белгиленген өлчөмүн белгилөөгө укуктуу.
252-статья. Бажы контролдугу астында турган товарлар жагынан
ишкердикти жүзөгө ашырган жактардын бажы
органдарына карата милдеттерди аткарышын камсыз кылуу
1. Бажы брокери, убактылуу мүнөздөгү кампанын ээси, бажы кампасынын ээси жана бажы ташуучусу катары иш аракетти жүзөгө ашыруу бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу менен шартталат.
2. Иштин мындай түрлөрүн жүзөгө ашыруудагы бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 10 миң өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.
(КР 2007-жылдын 26-мартындагы N 39, 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
253-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу ыкмалары
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө төмөнкүдөй ыкмалар менен камсыз кылат:
1) товарлардын жана башка мүлктүн күрөөсү менен;
2) банктык кепилдик менен;
3) бажы органынын эсебине акча каражаттарын салуу (депозит) менен;
4) кепилдик менен;
5) камсыздандыруу келишими менен.
2. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз Кылуу ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кандай ыкма менен болбосун жүргүзүлөт, ушундай ыкма ишенимдүү бажы органы тарабынан таанылган.
3. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган ыкмалардан тышкары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмдөрүн төлөөнү ошондой эле камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыкмалар менен камсыз кылынышы мүмкүн болгон учурларды белгилейт.
(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
254-статья. Товарлардын жана башка мүлктүн күрөөсү
1. Күрөөнүн жүйөөсү катары Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү товарлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык күрөөнүн жүйөсү болушу мүмкүн болгон мүлк күрөөнүн предмети боло алат.
2. Күрөө бажы органы менен күрөө коюучунун ортосундагы келишим менен толтурулат. Бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жак же ар кандай башка жак күрөө коюучу болушу мүмкүн.
3. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттерди бажы органдарынын алдында аткарбай койгондо бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздын суммасы бажы органдары тарабынан күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен республикалык бюджетке которулат.
4. Эгерде бажы контролдугу астында болгон жана бажы органдары тарабынан берилген товарлар күрөөнүн жүйөсү болуп саналса, ошол товарлардын эсебинен бажы органдарынын талаптарын канааттандыруу ушул Кодекстин XII бөлүмүндө каралган тартипте сотко кайрылбастан жүзөгө ашырылат. Башка күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында белгилеген тартипте айландырылат.
255-статья. Банк кепилдиги
1. Бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизилген банктар, кредиттик уюмдар же камсыздандыруу уюмдары берген банк кепилдиктери алынат.
2. Банктарды, башка кредиттик уюмдарды жана камсыздандыруу уюмдарын, Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизүү тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен белгиленет.
Берилген кепилдиктердин шарттары сакталбаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдары башкача бузулганда банктар, башка кредиттик уюмдар жана камсыздандыруу уюмдары Реестрден чыгарылып салынышы мүмкүн.
3. Банк кепилдиктерин берүү, банк кепилдиги боюнча талаптарды сунуш кылуу, кепилдик милдеттенмелерди аткарышына жана банктык кепилдиктердин токтотулгандыгына байланыштуу ченемдик укуктук мамилелерге Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жоболору колдонулат.
256-статья. Бажы органынын эсебине акча каражаттарын салуу
(депозит)
1. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары бажы органынын эсебине же кассасына акча каражаттарын салуу (депозит) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө жүргүзүлөт.
2. Депозиттин суммасына пайыздар эсептелбейт.
3. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылбаган учурда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, туумдун жана пайыздардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине депозиттик суммасынан чегерилет.
4. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылганда төлөнгөн акча каражаттары ушул Кодекстин 267-статьясына ылайык же төлөөчүнүн каалоосу боюнча кайра кайтарылууга, бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн пайдаланылууга, келечектеги бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине же бажы органдарынын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча бажы төлөмүн камсыз кылууга берилүүгө тийиш.
5. Бажы органынын эсебине же кассасына акча каражаттарын салган жактын депозитине салынгандыгын тастыктап, депозиттик сертификат берилет, аны пайдалануунун формасы жана тартиби ушул Кодекстин 269-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасы менен аныкталат.
257-статья. Кепилдик
1. Кепилдик бажы органы менен кепилдик берүүчүнүн ортосунда келишим түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулат.
2. Бажы брокерлери, убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери, ошондой эле башка жактар кепилдик берүүчү боло алышат.
258-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары
камсыздандыруу келишимин колдонуу
1. Ушул Кодексте белгиленген айрым учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу катары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзүлгөн камсыздандыруу келишими колдонулушу мүмкүн.
2. Ыйгарым укук берген мамлекеттик орган бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу максатында Камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизилген камсыздандыруу уюму менен түзүлгөн камсыздандыруу келишимдерин кабыл алат. Камсыздандыруу уюмдарын Реестрге киргизүүнүн, Реестрден чыгаруунун тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.
37-Глава
Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу
259-статья. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуунун жалпы
эрежелери
1. Бажы төлөмдөрү белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн учурда бажы органдары ушул главада аныкталган тартипте бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алат.
2. Мажбурлап өндүрүп алуу бажы төлөмдөрүн төлөөгө жооптуу жактардан ушул Кодекстин 221-статьясына ылайык, же төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүн төлөтүү ушул Кодекстин 262-статьясына ылайык сот тартибинде жүргүзүлөт.
3. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чаралар колдонулганга чейин бажы органы аларды төлөө үчүн жооптуу жакка бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө (261-статья) талап коет.
4. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт:
эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап (261-статья) аларды төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн тартып же ушул Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөгө жактын милдеттерин пайда кылган окуя болгон күндөн тартып үч жылдын ичинде коюлбаса;
эгерде бир бажы декларациясында көрсөтүлгөн товарлар же бир алуучунун дарегине бир эле убакта бир эле жиберүүчү тарабынан жиберилген товарлар жагынан бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн суммаларынын өлчөмү 3500 сомдон аз болсо.
260-статья. Туум
1. Бажы төлөмдөрү белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндө (убактысы өтүп кеткенде) туум төлөнөт.
Ушул статьянын 2-4-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрүн төлөө убактысы өтүп кетишинин ар бир календардык күнү үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттер аткарылган күн боюнча же кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөөнү берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндү кошкондо төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынан 0,09 пайыз туум эсептелет.
2. Кепилдик берүүчүгө же грантка бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап коюулганда кепилдик берүү же банк гаранты менен камсыздалган милдеттенмелердин мөөнөтү өткөн күндөн кийинки күндөн үч айдан ашырбастан туум эсептелет.
3. Бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жакка аларды төлөө жөнүндө талап коюлганда туум талап коюлган күндү кошуу менен ошол күндөн тартып эсептелет. Бажы төлөмдөрү талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөнбөгөн учурда туум ушул статьянын 1-пунктуна ылайык эсептелет.
4. Товарлар убактылуу сактоодо болгон учурда (9-глава) бажы декларациясын берүү мөөнөтү бузулганда убактылуу сактоо мезгили үчүн туум эсептелбейт жана төлөнбөйт.
5. Туум бажы төлөмдөрүн төлөө менен бир убакта же мындай суммалар төлөнгөндөн кийин, бирок бир айдан кечиктирилбестен төлөнөт.
6. Бажы төлөмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген туумдун жалпы суммасы бажы төлөмдөрү боюнча негизги карыздын өлчөмүнүн 100 пайызынан ашпашы керек.
7. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөнүп берүү жөнүндө арыз берүү кем алуунун суммасына туумду эсептөөнү токтотпойт.
8. Туумду төлөө, өндүрүп алуу жана кайра кайтаруу бажы төлөмдөрүн төлөөгө, өндүрүп алууга жана кайра кайтарууга колдонулгандай ушул Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
261-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап бажы төлөмдөрүнүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммасы тууралу, ошондой эле бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн же кошумча эсептелинген суммасын, туумду жана (же) пайыздарды бул талапта белгиленген мөөнөттө төлөө милдети жөнүндө төлөөчүгө бажы органы жөнөткөн жазуу жүзүндөгү билдирмени жиберет.
2. Талапта бажы төлөмдөрүнүн төлөнүүгө тийиш болгон суммасы, талап коюлган учурга карата эсептелген туумдун, өлчөмү, ушул Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтү талапты аткаруунун мөөнөтү жөнүндө, ошондой эле бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу жана төлөөчү талашы аткарбаганда колдонула турган аларды өндүрүп алууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралу жана талап коюунун негиздери жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Талаптын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен белгиленет. Талап, эгерде ал тийиштүү түрдө жол-жоболоштурулган жана ушул статьянын 5-пунктунда белгиленген тартипте тапшырылган учурда гана күчүнө кирет.
Достарыңызбен бөлісу: |