- 50 -
Кекиртек-багыты боюнча коконун уландысы болуп саналат.
Ал VI моюн омуркасынын тушунан башталат да төмөн карай ба-
гытталып, IV-V арка омурткалардын тушуна келген оң жана сол
болуп эки колкого (бронхаларга), бөлүнөт. Кекиртектин узунду-
гу 8 ден 12 см ге чейин жетет. Кекиртек 16-20 га чейинки шакек
сыяктанган кемирчектерден турат. Бул кемирчектер алдыңкы та-
рабынан өз ара шакек түрүндөгү байламталар аркылуу биригиш-
кен. Кекиртектин ич жагы жука чел кабыктар менен капталган.
Кекиртектин шакек түрүндөгү кемирчектери бири –бири менен
туташып кекиртек көңдөйүн түзөт. Бул көңдөй аркылуу өпкөдөн
баруучу жана өпкөдөн чыгуучу абалар эркин өтүп турат.
Жогоруда айтылгандай колколор кекиртектин уландысы бо-
луп эсептелет. Оң колко оң жакка кыскарып келип, өпкөгө кир-
генде жогорку, ортоңку, төмөнкү болуп үчкө бөлүнөт. Себеби оң
өпкө үч бөлүктөн турат. Сол колко ичке узунураак келип сол өп-
көгө киргенде жогорку, төмөнкү болуп экиге бөлүнөт. Анткени,
сол өпкө эки бөлүктөн, ал эми өпкөгө
кирген колколор шакек
сыяктуу кемирчектерден турат. Өпкөлөрдүн ичине кирген кол-
колордун ар бири, экиден бөлүнүп олтуруп, өпкөлөргө тарап,
эң акырында өпкөнүн клеткаларына келгенде көп сандаган дем
алуучу капчаларды түзөт. Мына ошол капчалардын исиркекте-
ринин бетинен кандагы көмүр кычкыл газдары капчаларга өтүп,
дем алуучу капчалардагы кычкылтектер канга өтүп, дем чыгар-
ган учурда көмүр кычкыл газы сыртка чыгат. Ал эми канга кел-
ген кычкылтектер кан тамыр аркылуу клеткаларга, ткандарга,
органдарга тарайт.
Өпкөнүн түзүлүшү – өпкө көөдөндүн ичинде жатат. Жаш бал-
дардын өпкөлөрүнүн өңү кызгымтыл келет. Ал эми чоң адам-
дардын өпкөлөрүнүн өңү көгүш келет. Себеби: жашоо турмушта
адам баласы чаңдарды жутат, тамеки тартат. Ошол өпкөгө кир-
ген чаңдар, тамекинин ышы өпкөнүн өңүн көгүш кылып коёт.
Өпкөнүн сырткы түрү конуска
окшош болгондуктан алардын
негизи боор этти карап, чокусу биринчи кабыргадан 3-4 см жо-
гору чыгып турат. Өпкө оң, сол болуп экиге бөлүнгөн. Оң өпкө
өзүнүн жылгалары аркылуу жогорку, ортоңку, төмөнкү болуп үч
бөлүктөн турат. Ал эми сол өпкө болсо жогорку жана төмөнкү
эки бөлүккө бөлүнөт. Ар бир өпкөнүн кабырганы, боор этти,
ортоңку, керегени (средостениени) карап жаткан жактары бар.
- 51 -
Өпкөнүн бул жактары бири- бирине келгенде алдыңкы, арткы,
төмөнкү кырларды пайда кылат. Анын негизги аткарган кызмат-
тары дем алган жана дем чыгарган учурда
кычкылтек менен кө-
мүр кычкыл газын алмаштырып турат. Мындайча айтканда өп-
көдөн аба алмашат.
Плевра деп, эки өпкөнүн бардык тарабын каптап турган ту-
нук чел кабыкты айтабыз. Анын сырткы чел кабыгы кабырга-
лардын өпкөнү карап жаткан жактарын каптап тургандыктан
ал сырткы (париеталдык) баракча деп аталат. Бул баракча өпкө-
лөргө келгенде, өпкөнү сырт жагынан каптагандыктан аны ички
(висцералдык) баракча деп айтабыз. Ушул сырткы жана ички
баракчалардын ортосунда боштук бар. Ал плевранын көңдөйү
болот. Бул көңдөйдө өңү тунук илешчээк келген суюктук бар.
Ал суюктукту өпкөнүн
ички баракчасы иштеп чыгып, өпкөнү
сыртынан майлап, аны жылтырак кылып турат. Ушул суюктук-
тун таасири астында өпкөлөр дем алганда эркин кеңейип, дем
чыгарганда кичирейет. Эгерде плевранын көңдөйүнө аба же кан
токтолуп калса тийиштүү ооруга алып келет. Ар бир плеврада
өпкөлөр сыяктуу эле кабырга, боор эт жана ортоңку кереге (сре-
достения) деп аталуучу жактары бар.
Ортоңку кереге (средостения) деп, эки органдын ортосунда
жайланышкан органдар айтылат. Ортоңку кереге артынан арка
омурткалар, алдынан төш сөөгү, оң жана сол тарабынан плевра
капчалары, төмөн жагынан боор эт менен чектелген. Ортоңку
керегеде (средостение) жүрөк, жүрөктөн чыгуучу жоон кан та-
мырлар, жаш балдарда богок бези, аорта менен кызыл өңгөчтүн
көөдөн бөлүктөрү жатат.
Дем алуу механизми (кыймылдары) –
дем алуу жана дем
чыгаруу өз ара ритмалык кайталанып алмашуунун негизинде,
аркылуу абанын өтүшүн, өпкө өз учурунда желдетүүнү камсыз
кылат. Дем алуу менен дем чыгаруунун механизмин сүйрү мээ-
де жаткан дем алуу борбору башкарат. Дем алдыруучу борбор-
дон чыккан нервдердин инпульстары кабыргалардын сырткы
булчуңдарына жана
боор эттин булчуңдарына келип, аларды
жыйрылтат. Бул учурда кабыргалар керилет, боор эттин булчуң-
дары кабырга булчуңдарынын жыйрылышынын эсебинен дээр-
лик түзөлө түшөт. Көөдөндүн көлөмү кеңейет. Өпкөлөр көөдөн
менен кошо кенейип дем алынат. Андан кийин кабыргалардын
- 52 -
сырткы булчуңдары менен боор эттин булчуңдары бошоңдойт.
Көөдөндүн көлөмү кичирейет, кабыргалардын ички булчуңдары
жыйрылат, өпкөлөр сыгылып, басым көбөйөт, мына ошол учур-
да дем чыгат. Адам баласы тынчтанып турганда бир мүнөттө
16дан 20га чейин дем алуу кыймылдарын жасашат. Балдардыкы
бир нече жогору болот. Тынч туруп дем алганда чоң кишинин
өпкөсүнө 500 мл дей аба кирет. Ошончо көлөмдөгү аба тынч ту-
руп дем алганда дем алуу органдарынан чыгат. Абдан терең дем
алып, демин чыгарганда абанын эң чоң көлөмү 3500 мл ге чейин
жетет. Ушул көлөмдүү өпкөнүн тиричилик көлөмү деп аталат.
Аялдардыкы 2700 мл, эркектердики 3500 мл, спортсмендердики
7500 мл ге чейин жетет.
Достарыңызбен бөлісу: