Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет20/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   16   17   18   19   20   21   22   23   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

- 45 -
Углеводдордун алмашуусу. Углеводдор жөнөкөй жана та-
таал болуп экиге бөлүнөт. Тамак заттарында көбүнчө татаал уг-
леводдордун түрлөрү болгон полисахариддерге жана дисахарид-
дер кездешет. Дисахариддерге сүттүн, кызылчанын жана трос-
никтин канттары кирет. Тамак сиңирүүчү органдарга келгенде 
углеводдор эрип глюкозага, фруктозага жана галоктозага чейин 
ажырап, ичегилерде сиңирилип андан канга өтөт. Организмге уг-
леводдор нандын, акталган таруунун, арпанын, күрүчтүн жана 
жашылча жемиштердин составдары менен кабыл алынат. Боор-
до, булчуңдарда жана нерв клеткаларында глюкоза гликогенге 
чейин синтезделип, боордо канттын запасы катарында сакталып 
турат. Организмде гликогендин запасы 350 граммга чейин же-
тет. Углеводдор мээнин булчуңдарынын клеткалары үчүн энер-
гиянын булагы болуп эсептелет. Углеводдор эң акырында көмүр 
кычкыл газы жана сууга чейин ажырайт. 
Майлардын алмашуусу. Майлар татаал органикалык зат-
тардан турат. майларга өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 
майлары кирет. Май глицерин жана май кислоталарынан турат. 
Май организмде куруучу материалдарынын түрлөрүнө кирип, 
энергиянын булагы болуп эсептелет. Май жылуулукту начар өт-
көргөндүктөн, дененин температурасын бир калыпта сактоого 
көмөкчү болот. 
Майлар көбүнчө теринин астында сакталып, жалпы салмак-
тын 10-3 % тин түзөт. 1, 0 грамм майдан 9, 3 килокаллория энер-
гия бөлүнүп чыгат. Ал эми 1, 0 грамм углеводдон же 1, 0 грамм 
белоктон 4, 1 килокаллория энергия бөлүнүп чыгат. Организмде 
майлардын алмашуулары нерв системаларынын жана ички сек-
реция бездеринин жардамы аркасында жүрөт. 
Суунун жана минералдык туздардын алмашуусу. Суу ор-
ганизмде эң орчундуу орунду ээлеп, дененин 2\3 бөлүгүн түзөт. 
Суу организмге тамактын аралашмалары жана таза түрүндө да 
кабыл алынат, ичке жана жоон ичегилирде сиңип клеткалардын, 
ткандардын составына кирет. Суу суткасына орто эсеп менен 2, 
0-2, 5 литрге чейин кабыл алынып бөйрөк, тери, өпкө аркылуу 
сыртка бөлүнүп чыгат. Минералдык туздар дагы клеткалардын, 
ткандардын составына кирип, ар түрдүү химиялык процесстер-
ди жүргүзөт. Мисалы: кальций жана фосфор туздары сөөктүн 
клеткаларынын составына кирип аларды коагуляциялайт. Темир 


- 46 -
гемоглобиндин составына кирип кычкылтекти ташып жүрөт. 
Йод, күкүрт, цинк туздары уйку безинин аралашмаларына кирет. 
Минералдык туздар организмден сийдик, тер жана заң аркылуу 
сыртка бөлүнүп чыгат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   16   17   18   19   20   21   22   23   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет