Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет21/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Энергиянын алмашуусу. Энергия организмдин күндөлүк 
жашоо турмушунда негизги орунду ээлейт. Энергия органи-
калык татаал кошулмалардын: белоктордун, углеводдордун, 
майлардын диссимиляциялык процесстеринен бөлүнүп чыгат. 
Пайда болгон энергиялар ошол заматта эле сарп кылынып ту-
рат. Энергия өзгөчө кол эмгегин аткарган учурда, ички секреция 
бездердин жана нерв системалардын таасири астында көбөйүп 
турат. Белок, углевод жана май заттары энергиянын негизги бу-
лагы болуп эсептелет. Маселен: 1грамм май кычкылданганда 9, 
3 ккал. жылуулук бөлүнүп чыгат. Ал эми 1, 0 грамм углеводдон, 
ошондой эле 1, 0 грамм белоктон 4, 1 ккал энергия бөлүнөт. Бул 
органикалык кычкылдануудан бөлүнүп чыккан жылуулуктар 
электр жана механикалык энергияга айланат. Электр энергиясы 
нерв тамырларынын импульстары аркылуу ар түрдүү сезим-
дерди таратат. Механикалык энергия скелеттин, жүрөктүн жана 
боор эт булчуңдарынын жыйрылышын камсыз кылат. Энергия-
нын бардык түрлөрү акыры жүрүп отуруп жылуулук энергия-
сына өтөт. Жылуулуктун айрым-жартылайы дененин температу-
расын бир калыпта сактайт, анын ашыгын дем чыгарган учурда 
буу катарында сыртка бөлүнүп чыгат. Адамдын организми тынч-
танып, денесин бошотуп, 18-20°С жылуулукта эс алып жаткан 
учурда болжол менен бир суткада 1700 ккал энергия сарп кылы-
нат. Аны негизги алмашуу энергиясы деп аталат. Бул энергиялар 
организмдин күнүмдүк жумуштарына, дененин жылуулугуна 
жумшалат. Негизги алмашуу энергиянын көлөмү чоң адамдарда 
1000-2000 ккал, ал эми аялдарда 1000-1700 ккал, чейин жетет. 
Жаш балдарда чоң адамдарга караганда көптүк кылат. 
4. Витаминдер – белок, углевод, майлар, суулар жана мине-
ралдык туздар сыяктуу эле ткандардагы ферменттердин эң ке-
ректүү бөлүгүнүн бири болуп эсептелип, зат алмашуу процес-
син ылдамдаткыч заттардын биринен болуп эсептелет. Витамин 
деген сөз латын сөзүнөн алынып, «жашоо» дегенди түшүндүрөт. 
Витаминдердин түрлөрү көп болгондуктан аларды А, В, С, Д, Е, 
К жана башка чоң латын тамгалары менен белгиленет. Витамин-


- 47 -
дер кош бойлуу аялдар үчүн, балдардын ар түрдүү кол эмгек-
терди аткаруусунда, өтө ысык же суук температурада иштеген 
адамдар же кээ бир оорулар үчүн мааниси өтөт чоң. Эгерде ви-
таминдер көп убакытка чейин организмде жок болуп калса же аз 
болсо адам баласы ооруга дуушар болушу ыктымал. Маселен: 
организмде «С»витамини жетишпесе цинга, «Д»витамини же-
тишпесе итий, В
1
витамини - бери-бери, «А» витамини жетиш-
песе тоок сокур оорусу (күүгүмдө тооктун көзү көрбөй калат) 
пайда болот. Бардык витаминдер химиялык составдары боюнча 
сууга эрүүчү жана майга эрүүчү витаминдер болуп жалпысынан 
экиге бөлүнөт. 
Сууда эрүүчү витаминдерге «В» жана «С» витаминдер кирет. 
Майга эрүүчү витаминдерге А, Д, К витаминдери кирет. 
С витамини- организмге көбүнчө мөмө, жашылча жемиштер 
менен кабыл алынат. С витамини шповникте, карагатта, лимон-
до, памидор, капуста, пиязда көп болот. Организмде С витамини 
жетишпесе адам баласы шалдырап, бат чарчап, жүрөктүн жуму-
шу, организмдин каршы туруусу начарлап, сөөктөр өспөй, тиш-
тин мүлктөрү (эттери) канап, тиш түшө баштайт. Ушул белги-
лердин бардыгы цинга оорусуна таандык болот. 
В
1
витамини күрүчтүн кабыгында, пивонун ачыткысында, 
боордо, жаңгакта, буурчакта, жумуртканын агында кездешет. В
1
витамини жетишпесе бери бери оорусу пайда болот. 
В
2
витамини углеводдордун алмашууларына катышат. В
2
ви-
тамини боордо, бөйрөктө, ачыткыларда кара буудайдан жасал-
ган нандарда жана мөмө жемиштерде болот. Бул витамин же-
тишпесе ооздун ээриндери жарылат, тил кызарат, тери кургап, 
чачтар түшө баштайт. 
РР витамини (никотин кислотасы) бул витамин ферменттер-
дин составына кирип, кычкылдануу процесстерди ылдамдатат. 
Никотин кислотасы ачыткыларда, жаңы жашылчаларда, этте, 
сүттө, жумурткада, капуста, памидордо көп болот. Эгерде бул 
витамин жетишпесе пеллагра деген оору пайда болот. 
В витамин кызыл кан клеткалардын (эритроциттердин) бат 
жетилишине таасирин тийгизет жана белоктордун синтездели-
шине жардам берет. Бул витамин көбүнчө бодо малдардын жана 
жөжө тооктордун боорунда болот. 
А витамини- өзгөчө адамдын боюнун өсүшүнө таасирин тий-


- 48 -
гизет. Бул витамин балыктын майында боордо, сүт, майда жу-
муртканын агында көп кездешет. А витамин жетишпесе тооктун 
сокур оорусу (күүгүмдө тооктун көзү көрбөй калат) деген дартка 
алып келет. 
Д витамини бул витамин уйдун, балыктын майында, жумурт-
канын агында кездешет. Жаш балдарда Д витамини жетишпесе 
сөөктөрдөгү кальций, фосфор туздарынын алмашуулары бузу-
луп, сөөктөр жумшап ийилип, тиштердин чыгышы кечигип
итий оорусуна алып келет. 
К витамини кандын уюшуна таасир этет. К витамини капус-
тада, сабизде, салаттарда бар. Бул витамин жетишпесе кандын 
уюшу төмөндөп, тиштин мүлктөрүнөн (этинен) кандын агышы 
ыктымал. 
Е витамини көбүнчө өсүмдүктөрдүн көгүндө, пахтада, күн ка-
рамада, жүгөрүдө көп кездешет. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет