Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет23/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   19   20   21   22   23   24   25   26   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Өпкөдөгү газдардын алмашышы. Дем алгандагы жана дем 
чыгаргандагы абада газдар бирдей эмес. Дем алгандагы абада 
21% кычкылтек, 78% ке жакын азот, болжол менен 0, 03 % кө-
мүр кычкыл газы, анча-мынча суу буусу жана инерттүү газдар 
бар. Дем чыгарганда абанын проценти өзгөрүлөт. Анда кычкыл-
тек 16% ке жакын болот. Көмүр кычкыл газынын көлөмү 4% ке 
чейин көбөйөт. Суунун буусу да көбөйөт. Азот менен инерттүү 
газдар дем чыгаргандагы жана дем алгандагы абада бирдей өл-
чөмдө калат. 
Дем алгандагы жана дем чыгаргандагы абада кычкылтек ме-
нен көмүр кычкыл газынын ар башка өлчөмдө болушу өпкөнүн 
капчаларындагы (исиркектеги газдардын) алмашуулары менен 
түшүндүрүлөт. 
Ткандардагы газ алмашуу –өпкөгө келген веналык кандар ар-
терия менен алмашып кычкылтекке бай, көмүр кычкыл газына 
жарды келет. Артериялык кандар ткандарга келгенде кычкылда-
нуу процессинин таасири астында кычкылтектерди кабыл алып, 
көмүр кычкыл газы пайда болот. Ткандарда кычкылтектин басы-
мы нөлгө барабар болуп, көмүр кычкыл газынын басымы 60 мм 
сымап түтүгүнүн бийиктигине жеткенде, басымдардын айырма-
ларына жараша, көмүр кычкыл газы ткандан канга өтөт. Мына 
ошентип органдардын ткандарындагы артериялык кандар вена-
лык кандарга айланат. 


- 53 -
Дем алуу системасы 
1-мурун көңдөйү; 2-ооз көңдөйү; 3-алкым; 4-коко; 
5-гекиртек; 6-колко; 7-өпкө.


- 54 -
БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМАСЫ
1. Сийдик бөлүп чыгаруу системасы.
Бөйрөктүн түзүлүшү.
2. Тер бөлүп чыгаруу
3. Балада тердөөнүн өзгөчөлүктөрү
Бөйрөктөр
–оң жана сол болуп эки бөйрөктөн туруп, белдин 
булчуңдарынын чуңкурунда жайгашкан. Негизги кызматы сий-
дикти иштеп чыгарат.
Б
өйрөктөрдүн өңү кара-кочкул келип, ХII бел омуртка менен I 
бел омуртканын тушунда жатат. Сырткы формасы буурчакка 
окшош келип, анын жогорку, төмөнкү учу, сырткы, ички кыры, 
алдыңкы жана арткы жактарын ажыратууга болот. Арткы жагы 
булчуңдарда жаткандыктан жалпак, алдыңкы жагы бош эркин 
жатып, томпогураак келет. Бөйрөк сырт жагынан өңү боз келген 
чел кабык менен капталган. Бөйрөктүн ички кыры жагында кан 
тамырлар жана сийдик түтүктөрү өтө турган тешик бар. Эгерде 
бөйрөктү жалпагынан кесип караганда анын сырткы жана ички 
заттан тургандыгын көрүүгө болот. Анын ички киртилдек заты 
пирамидага окшош келет да, анын негизи бөйрөктүн сырткы бө-
лүгүн карап, чокусу үрпүчө сыяктуу келип, бөйрөктүн чөйчөк-
чөлөрүн карап жатат. Мындай үрпүчөлөр 7-12 ге чейин жетет. 
Бул быдырлар аркылуу бөйрөктөн иштелип чыккан сийдик бөй-
рөктүн чөйчөкчөлөрүнө куят. Анын ичиндеги чөйчөкчөлөрү өз 
ара кошулуп отуруп бөйрөктүн күлтүгүн түзөт. Мына ушул күл-
түктөн сийдик түтүгү башталат. Бөйрөктөн сийдик төмөндөгүчө 
болуп пайда болот. 
Бөйрөктүн кыртыш бөлүгүнүн калыңдыгы 4 мм. Бул бөлүктө 
Боумен – Шумлянский деп аталган чыпка сыяктанган капсула 
бар. Мына ошол капсуланын ичине таралган артериялык капи-
лярдык кандар чыпкаланып өтүп чыккандан кийинки суюктук-
тарды биринчилик заара деп айтабыз. Себеби андагы заттардын 
түрлөрү кандагы плазманын түрлөрүнө окшош. Капсуладан 
чыпкаланып өткөн биринчилик заара ийрилген сийдик түтүк-
төрү аркылуу бөйрөктүн киртилдек затына келет. Бул жерде 
бөйрөктүн клеткаларына керектүү болгон органикалык заттар 


- 55 -
кайрадан бөйрөктүн клеткаларына сиңирилип, керексиз бол-
гон заттар сийдик түтүктөрү аркылуу агып отуруп, бөйрөктүн 
чөйчөкчөлөрүнө келип куят. Мына ошол чөйчөкчөлөргө келген 
сийдик акыркы сыртка чыгуучу сийдик деп аталат. Бөйрөк бир 
суткада орто эсеп менен 1500 мл ге чейинки сийдикти иштеп 
чыгарып турат. 
Сийдик – өңү ачык сары, тунук суюктук. Анын 95%и суудан, 
5% сиңирилбей калган минералдык туздардан турат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   19   20   21   22   23   24   25   26   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет