Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет50/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   46   47   48   49   50   51   52   53   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Рефлектордук жаанын түзүлүшү – рефлектордук жаа эки, 
көпчүлүк учурда үч нейрондон турат. Эки нейрондон турган 
рефлектордук жаада кабыл алынган нервдер желиктирүүчү (воз-
буждения), сезүүчү нервдер аркылуу кабыл алы нып, борбордук 
нерв системасына келип, си напстар аркылуу кыймылга келти-
рүүчү нервдерге өтүп, кайра булчуңдарга же бездерге келип бү-
төт. Нерв системасы аткарган кызматтарына жараша үч элемент-
тен турат. 
1. Рецептор – кабыл алуучу сезгич нейрондор, жумушчу ор-
гандардан башталат да, борбордогу нерв клеткаларына келип 
бүтөт. 
2. Өткөргүч нейрон. Бул нейрон борбордук мээде жайланы-
шып, сездиргич нервдер аркылуу келген сезимдерди кыймылгa 
келтирүүчү нервдерге өткөрүп турат. 
3. Борбордон чыгуучу нейрондор. Алар да борбордук мээ де 
жайланышып, өткөргүч нейрондордон келген сезимдерди ка был 
алып, мээден чыгып кайра жумушчу органдарга, булчуңдарга же 
бездерге келип бүтүп, кабыл алынган сезимдерге жооп кайтарат. 
Маселен, булчуңдар болсо жыйрылат, бездердин ички маңызы-
нын (зилдеринин) көп бөлүнүп чыгышына көмөкчү болот. Орга-
низмдеги рецепторлор сезимдерди үч тараптан кабыл алышат. 
1. Сырттан кабыл алуучу рецепторлор (экстрорецепторлор) – 
айлана – чөйрөнүн денеге таасир эткен сезимдерин кабыл алат. 
Аларга: жылуулукту, сууктукту, ооруну, жытты, даамды сезүүчү, 
көрүүчү, угуучу сезимдер кирет. 
2. Ич тараптан кабыл алуучу сезимдер (интрорецепторлор). 
Бул рецепторлор сезимдерди ички органдардан жана кан тамыр-
лардан кабыл алат. 


- 120 -
Проприорецепторлор – сезимдерди таяныч – кыймыл аракет-
терди аткаруучу органдардан (булчуңдардан, муундардан, тара-
мыштардан) кабыл алат. 
Адамдын нерв системасы организмдин негизги эки бөлүгү-
нө жараша: соматикалык (грекче «сома» – «дене» дегенди тү-
шүндүрөт) жана вегетативдүү (автоно миялык) нерв системалар 
болуп экиге бөлүнөт. Соматикалык нерв системага жүлүн мзэ 
менен баш мээ кирет. Бул мээлерден чыккан алардын перифе-
риялык нервдери сөөктүн, тилдин, коконун, кулкундун булчуң-
дарына тарап, аларды кыймыл-аракетке келтирип турат. Вегета-
тивдүү (автономиялык) нерв системасы болсо, аткарган кызматы 
боюнча өз ара симпатикалык жана парасимпатикалык нервдерге 
бөлүнүп, ички органдарга, карын, ичегилердеги жумшак бул-
чуңдарга, ички секрет бездерине, жүрөктүн булчуңдарына кан 
тамырларга тарап, өз таасирлерин тийгизип турат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   46   47   48   49   50   51   52   53   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет